
Дөөлөтбек Нусупов
Изилдөөчү: Саламатсызбы! Биринчи өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, иштеген жериңиз жөнүндө айтып, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
Дөөлөтбек Нусупов: Мен Дөөлөтбек Нусупов, азыр пенсионермин, эч жерде иштебейм.
Изилдөөчү: Сиз 1985-1990 жылдарда ким элеңиз? Кайсы кесип менен аркалагансыз? Кайда турчу элеңиз? Шаарда элеңизби?
Дөөлөтбек Нусупов: Мен 1977-жылы окууну бүтүп келгенден кийин эле шаарга келгем. Анан 10 айлык телемеханиктин окуусун окуп, 1978-жылы армияга кеттим. Армиядан келгенден кийин кайра шаарга келип, Чатыр-Көл кинотеатрында 1985-жылга чейин телемеханик болуп иштедим 1985- жылдан баштап соода жана тейлөө тармагына иштеп кеттим.
Изилдөөчү: Кайсыл жактан келдиңиз?
Дөөлөтбек Нусупов: Мен өзүм Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош- Дөбө айылынан келдим.
Изилдөөчү: Сиз 1985-1990-жылдарда болуп жаткан демократиялык кыймылдар жөнүндө билчү белеңиз? Кантип аралашып калдыңыз? Аралашып калганыңызга эмне себеп болду?
Дөөлөтбек Нусупов: 1985-89-жылга чейин Кайра куруу, Айкындык деп башталды. Бирок биз жакта ал жай жүрдү. Гезиттер деле ошол кезде Манас жөнүндө талкуу кылып, кыргыздын тарыхы боюнча китептер чыгып, Ала-Тоо журналы өзгөчө материалдарды берип, гезиттер ошону жазып жатышкан. Бирок коомдук уюмдар андай жетишкен жок. 1989-жылы жазында жер басып алып, кыргыз жаштары көтөрүлүп, ошондон баштап Ашар козголушу деп көтөрүлүштү. Ашар козголушу ошондо башталып, андан кийин биздин республиканы ага чейин Кыргызстанды белгисиз республика деп жазып атышкан. Демократия башка жакта түптөлүп жатса, булар унчукпай эле жатат депчи. 1989-жылы Ашар козголуш чыгып ошондон кийин бизди кыймылдар башталды. Ашар козголушунан кийин Асаба кыймылы болду анан Атуулдук демилге болду жана башка Жаштар Жамааты чыкты. Ошолор биригип отуруп 1990-жылы КДК “Кыргызстан Демократиялык Кыймылы” деп түзүлдү. Ошону менен 1990-жылы 26-майда биринчи курултай өттү. Биринчи курултайда 5 адам “Бир эле киши башкарган болбойт, Демократиялык жол болсун” – деп 5 төрага шайланды: Казак Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, биздин Асабадан Кадыр Маматкасымов, Оштон Дөлөн Дыйканов деген. Беш адам болду. Андан кийин эле 26-майдан сегиз күндөн кийин 1990-жылы 4-июнда Ош окуясы болуп кетти. Ого бетер кыймылдар күчөп ошондон башталды.
Изилдөөчү: Эң башкы сиз өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Өзүңүздүн тажрыйбаңыз, кантип ушул кыймылга кошулуп калдыңыз? Мисалы үчүн КДКга, Асабага анткени көп жылдан бери Асаба партиясында активдүү катышуучусу болуп жүрдүңуз. Анын артынан чоң жыйындарга барып жүрөт экенсиз анан кантип ошол КДК же демократия кыймылга аралашып калдыңыз?
Дөөлөтбек Нусупов: Ошол 1990-жылы Көк-Жар жаңы конушундагы биринчи Ашар козголушу басканда Ак Өргө, Көлмө, 110 кварталдарды басып, ошолордон пайда болду, Арча Бешик анан Көк Жарды алып калышты, анан ошол жакка мен дагы жер алайын деп барып аралашып калдым. Бирок ошол жакка аралашканымда январдын этегинде февралдын башында аянтта митинг болду. Митинг болгондо мурунку Ашар козголушунда болсо социалдык маселелер көтөрүлүп атса, ушул митингте эми саясий маселелер көтөрүлө баштады. Эмне болгон саясий маселелер: Биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүн каалаган, өзүбүзчө президенттик жаңы демократиялык жолго түшө турган ушундай саясий маселе көтөрүлүп жатты. Анан ошондо мен дагы биринчи 1989-жылы элди көп угуп эле жүрдүм. Менин досум барып жүрдү, ошондон угуп жүрдүм, бирок анчалык маани берген эмесмин. Анан жанагы саясий маселелер көтөрүлө баштаганда мен өзүм саясатка жакынмынбы, айтор, мен дагы аралаша баштадым. Жүрүп, Көк- Жардагы жер алып жаткандарга кошулуп калып анан ого бетер аралашып калдым. Андан кийин КДКга барып, ошол жакта КДКда жүрүп калдым. КДКда октябрда Улан Дүйшөналиев деген бала бар эле, ошо айтып калды: “Дөөлөт, жүрбөйсүңбү мен сени бир жакка алып барам” – деп. Барсак Асаба партиясынын Асаба кыймылын Асаба улуттук кайра жаралуу партиясын түзөбүз деп чогулуш өткөрүп отурган экен. Ошол жакка барып Асабага аралашып калдым.
Изилдөөчү: Асаба кыймылы менен Асаба партиясынын ортосундагы айырмачылыктары кандай? Башында бул кыймыл болчу, э?
Дөөлөтбек Нусупов: Ооба, башында мен кыймыл болгондо катышкан жокмун, бирок анда Асаба кыймыл болуп турганда академиядагы академиктердин көбү эле келген экен: Талгарбеков, Эркебаев, Каптагаев, Райхан Төлөгөнов, Байсамаков Мелис келип катышып, биз менен чогуу жүргөн экен. Кийин анан партия болуп бөлүнгөндө алар келген жок, биз партия болуп бөлүнүп калдык. Базарбаев Чапырашты төрага кылдык. Ошондо аралашып калдым. Ошондон бери азыркыга чейин партиянын мүчөсүмүн.
Изилдөөчү: Ошондо кыймылдар жалаң социалдык маселелерди гана көтөрдү, э? Партия болгондо саясий маселелерди көтөрө баштады. Айырмасы ушубу?
Дөөлөтбек Нусупов: Ооба, экөө ушундай болуп калды. Биринчи Ашарда социалдык үй алып берүү жөнүндө маселелер көтөрүлдү анан саясий жагына ооп, Асаба саясий жагына кетти.
Изилдөөчү: Ошондо, бүт кыймылдар биринчи социалдык маселелерден башталыптыр. Мисалы, жер маселеси көтөрүлдү дейсиз, Көк-Жар конушуна барып жүргөндө өзүңүздүн досуңуз менен жер маселеси жөнүндө кандай көйгөйлөрдү таптыңыз? Кандай маселе талкууланып атты, мисалы үчүн Сыдыкбеков жөнүндө айтып жатасыз ошолорду айтып берсеңиз? Досуңуздан баштасаңыз жакшы болмок.
Дөөлөтбек Нусупов: 1989-жылы стеклозаводдун аркасында өзүмдүн бир кичинекей үйүм бар болчу. Документтери жок болчу, мындай эле Кузнечная Крепосттогудай салынган үй эле. Ошол жакта үч бөлмөлүү кичинекей времянка сыякту үйүм бар болчу. Досумду батиринен кетирип жиберишиптир. Анан меникине келип жашап, жер алам деп Ак-Өргөдө жүрдү. Келип мага ушундай болуп атат, укмуш болуп атат деп айтып берип жүрдү. Башка кишилерден дагы угуп жүрдүм, бирок өзүм аралашкан жокмун. Анан митингтен кийин гана аралашып баштадык. Митинг бүткөндөн кийин барып жүрсөм, бирөөлөр келип алып, элдер тарабай жүрсө аларга келип алып жүргүлө сүйлөшөлү, мынтели, тигинтели деп эле ошондой кылып атыптыр. Анан баягы митингчилерди коргоп кеттим да, “Эмне силер буларды коркутуп атасыңар, куугунтуп атасыңар?” – десем, көрсө комсомолдун балдары экен. Ал кезде комсомол отделдин комитетинин биринчи секретары Тынчтык Табалдиев болчу, ошондо иштеген балдар экен. Келип алып өздөрүнө чакырып атыптыр. Бир жолу кетип баратып Эркин деген балага жолугуп калдым, баягы күнү сен сүйлөп аттың беле, сен колдоп аттың беле мени дейт, ооба десем ушинтип жолугушуп калдык, бизге келбейсиңби барып сүйлөшөлү ошого деп. Досумбек деген бала болчу, Турат Дүйшеев, Эркин менен төртөбүз бардык. Эркин кичине баягы радикалдуу сүйлөгөнгө аны четтетип салышты. Көрсө, элдерди чыкпай эле койсун деген сыяктуу кылып бизди даярдашыптыр. Бизди телевидениеге алып барып сүйлөтөбүз деп, Жумагуловду жаныбызга коюп бизге суроолорду бердирип. Апас Жумагулов совет министров болчуда. Суроолорду бер деди, ошондо катуу сөздөр айтылды. Бизди элди чыкпай эле койсун дегендей кылып айттырып, мына чечип атабыз дегендей жасаган экенда. Биз саясатты анда түшүнбөйбүз да. Бирок ошентсе да катуу сөз болду, анын барын чыгарган жок. Ошол кезде ЭВМдин директору Глушич дагы кыргыздарга карата катуу айткан экен, катуу сындоо болуп, ошондой көз караштарга катуу чабуул коюлду. Ошентип эле саясатка аралашып калдым. КДКнын кишилери, Эшимканов Асаба гезитинин башчысы биз менен аралашып, кабар алып жүрүп анан КДК жүрүп калды. Катташып калдык. Эми ага чейин бизди Көк-Жар берилбейт деп бир топ эле кысты, бирок эл болбой эле туруп алды. Анан беришти. Биринчиден, башка жактарды беришти да, Көк-Жарды бергиси келген эмес анткени көп кабаттуу үй салабыз, бул жакка мындай кылабыз, тигиндей кылабыз деди. Бирок биз болбой туруп алдык. Айласынан беришти.
Изилдөөчү: Ошондо Көк-Жарга барып элдер жерди берсин деп митинг кылдыбы ушул? Же жөн эле барып басып алып жерди бөлүп алыштыбы?
Дөөлөтбек Нусупов: Жок. Ал жерге барып Жумагулов биз менен келип жолукканда митинг кылдык. Же болбосо штаб бар болчу, барып алып эле кезекке туруп алып, баягы жердин пландарын түзүп, канча үй берилет, кошуна болуп жашасын деп жетиден кишини бир короо кылып схемасын түзүп, ушинтип бөлүштүрүп алдык.
Изилдөөчү: Штаб деп атасыз, ал кайсы штаб жөнүндө айтып атасыз?
Дөөлөтбек Нусупов: Ошол жерде боз үй тигип алып эле Жалил Анаркулов деген башчысы экен, кийин биздин партиянын активисти болуп жүрдү. Өзү философ, мугалим болуп иштептир Физкультурный Институтта, ошол биздин жетекчибиз болуп жүрдү.
Изилдөөчү: Ошондо Асаба кыймылынын штабыбы?
Дөөлөтбек Нусупов: Жок. Көк-Жар коомунун штабы.
Изилдөөчү: Көк-Жар коому деген кыймыл болдубу?
Дөөлөтбек Нусупов: Көк-Жар коом деген. Анткени жерди басып алган жерлерди өзүнүн жерлерин коом кылып айлантып алышты. Ошолордун бары биригип келип Ашар болуп жатпайбы.
Изилдөөчү: Ошондо жалаң жаштар беле кыймылда?
Дөөлөтбек Нусупов: Ооба. Кыймылдагылардын баары жаштар болчу, себеби мисалы, мен ошол кезде отуздарда болсом, могу отуз жетилерде, менден жети жаш улуу. Ошондой эле болчуда кыркка чейинкилер болчу, жыйырма бештен кыркка чейинки студенттер.
Изилдөөчү: Эмне үчүн ошол кезде жер маселеси курч коюлган?
Дөөлөтбек Нусупов: Жер маселесин боюнча негизи кыргыздарга үй берилген эмес да. Жумушка орношойун десең каттоо керек болгон, жакшы жумушка орношо алчу эмессиң, болгон завод-фабрикаларга киргизчү. Алар болсо жатакана берип койчу, болду, үй-бүлөлүлөргө шарт түзүлгөн эмес. Бул боюнча Түгөлбай Сыдыкбековдун ЦКга төрт жолу жазган каты бар, ошол катында маселени көтөргөн. Ал кезде распашонка эле үйлөр салынган да. Ошол распашонка үйдөн 64 квартира бүтсө, ошонун үч төртөө эле кыргызга тиет, калганын бүт башка жактан келгендер алат, башка улуттар алат. Кыргыздар өз жеринде ушундай болуп атат, ошол маселени чечиш керек деп жазса, ал кишини укканына карабай кайра ал кишини куугунтукташкан. Жанагы Көк Асаба китебин жазса, аны чыгарбай, улутчул дешип, ушундай ыдык көргөзүшкөн. 15 жылдан кийин ошону балдар иш жүзүндө ашырып атат, анткени көйгөй жүрүп отуруп жарылуу болгон. Эмне дегенде кыргыздар да айтып атпаймынбы Бишкекке келгенге шарт түзүлгөн эмес, жакшы жумушка орношо алган эмес, үй ала алган эмес, каттоосу жок болгон, ооруканага көрүнө алчу эмес. Чын эми жок болгондон кийин доктурлар деле карачу эмес. Ушундай көптөгөн социалдык дагы, экономикалык жагынан дагы кыйынчылыктар болгон эле.
Изилдөөчү: Ошондо кыргыз жаштары кай жерде жашачу эле?
Дөөлөтбек Нусупов: Бүт батирде жашачу.
Изилдөөчү: Каяктагы батирлерде?
Дөөлөтбек Нусупов: Бул жердеги жергиликтүү элдер барда, орустардын, уйгурлардын башка элдердин батирлеринде жашашчу.
Изилдөөчү: Ошол учурдагы сиздин эсиңизде калган, сиз катышкан же уккан эң чоң кыймылдар, окуялар жөнүндө айтып берсеңиз?.
Дөөлөтбек Нусупов: Андан кийин 1991-жылы Ашар 1916-жылкы Үркүн темасын көтөрүшү, ошонун 75 жылдыгы болот экен ошого жөө баспайлыбы депчи. Анан Асаба колдоп, ошентип 13 күн Асылбаштан башталды, Бишкекке келип 13 күн жөө басып Караколго барып, Балыкчыга барганда үчкө бөлүнүп кеттик. Бир тарабы Асаба түндүк жагы менен кеттик, Ашар түштүк жагы менен кетти, Топчубек Тургуналиев башында болгон бир тарап Нарынга кетишти. Ошентип 13 күндөн кийин Караколдо жолугуп ошол жерден чоң митинг өткөрүп жолдон дагы бир топ ар кандай окуялар болду. Биз баратканда ачык эле айтып жатышты. Элдерге барып, элдер аябай колдоп келди, өзгөчө Күрмөнтүдө бизди катуу тосуп алды. Элдер аябай көп чогулуптур, ошол жерге келип Күрмөнтүдө боз үйлөрдү тигишип аябай жакшы даярданышкан экен, жакшы тосуп алышты.
Изилдөөчү: Жүрүштүн негизги максаты эмне эле?
Дөөлөтбек Нусупов: Биздин Үркүн жөнүндө айтылчы эмес да. Анан ошол Үркүн жөнүндө айтып, ата-бабаларды эскерип, куран окутуп, Караколго чейин алар баскан жолу, изи менен биз дагы басып келдик. Кийин 2005-жылы Асаба мурун ошол айтылып жүргөн угуп жүрчүбүз да, Беделде сөөктөр эмгиче жатат экен деп, анан ошол Беделге бардык. Экспедиция Асабадан 10 кишиден турган жана КТРКдан журналистер, оператор болуп барып көрүп келдик. Барсак чын эле Беделде бар экен сөөктөр кабырап жердин үстүндө эле жатыптыр, эмнеге дегенде таштак экен да, сөөк топонун арасында болсо чирип кетмек жок болуп кетмек, таштын үстүндө болгон үчүн сөөктөр какырап эле жаткан экен ошол эле боюнча. Анан ошону көрүп, телевидениеге тартып анан биз барганда куран окутуп жатышкан экен чек арачылар. Чек арачыларга барып жаттык, ошондо алар бизге: “Түндө эшикке чыкпагыла, ачар балта аркаңардан ээрчип алат, түндө оңтоп ыйлагандар угулат, бирок коркпогула” — деп айтты. Көрсө, баягы куран окутулбай арбактарды көз ачыктар эмес, солдаттар дагы көрүп, сезип, билишет экен да. Анан барып ошол жерден өзүбүз куран окутуп, антып-мынтип кетип келгенден кийин бийлике кайрылдык. Ушундай сөөктөрдүн жатканын тартып келип, сыналгыдан көргөздүрдүк, КТРК көргөздү. Комиссия түзүлүп 2006-жылы 90 жылдыгын өткөзөбүз деп указ чыкты, комиссия түзүлдү, бирок ошол боюнча эч нерсе болгон жок. 2006-жылы жазында Кыял Молдогасанов мага чалып калды, мен революциядан кийин Ак үйдө иштеп калгам ушундай бир бала менде иштеген, бала сага жолугам деп атат идеясы бар экен угуп көрбөйсүңбү деп. Анан макул болдум, келди Шеримбектин айыбы экен радиодо диктор болуп иштеген анан келип радио марафон өткөрбөйлүбү үркүндү өткөрүү боюнча жакшы болот анда, экөөбүз ошол жерден сүйлөшүп жумушту бөлүшүп алдык. Ал болсо бүт радио марафонду өткөрө турганды мойнуна алды, кококторду чакырып, кандай кылышты менин мойнума алдым. Ошентип, радио марафон өтүп андан кийин комиссия иштеп биздин ишибизди көрөлү деп. Андан кийин эбептен себеп болуп эле ошол менен 90 жылдыкка бир жумага барып, эмне дегенде Беделден башка Ай Өгузтө бар деп көп эле айтып атышты.
Изилдөөчү: Үркүндү эскерүү боюнча кийинки окуялар экенда, азыр кайра 1985-90-жылдагы окуяларга келсек, кыймылды чагылдырган бир гезит, журналдар чыктыбы, самиздаттар болдубу ошол кезде? Сиз ошол маалыматтарды гезиттерден окуп аткан учурларыңыз болдубу?
Дөөлөтбек Нусупов: Ал кезде эми “Бишкек Шамы” деген гезит чыкты.
Ошолор анча мынча берип аттыда. “Кыргызстан Маданияты” жакшы макалаларды берип, улуттук Манас жөнүндө, биздин баягы аттуу баштуу кишилер жөнүндө бере башташты. “Ала-Тоо” журналы чыгарып жатты ошолордон окуп аттык, башка болгон жок. Бирок эң негизгиси Кыргыз Маданияты көбүрөөк роль ойноду, ошол гезит көбүрөөк чыгарып жатты.
Изилдөөчү: Кимдер жазчу эле эсиңизде барбы? Эмне жөнүндө жазчу эле?
Дөөлөтбек Нусупов: Ал кезде Түгөлбай Сыдыкбеков Аалы Токомбаевди Манаска асылды деп катуу талкуу болуп, ошондой тирешүүлөр болуп катуу болгон. Ошондой эле болчу. Москвада атын унутуп атам кыргыздардын жаштары өздөрүнүн гезититн чыгарган экен. Ленинградда “Ак Кеме” деген коом уюштуруп алган экен, кийин КДКнын Курултайына биринчи болуп дагы келип катышкан.
Изилдөөчү: Кыргызстандагы кыймылдардан башка Борбордук Азиядагы өлкөлөрдө болуп аткан кыймылдар менен байланыш болдубу? Алар бири бириңерди эмне болуп атканын, кандай өзгөрүү болуп атканын билдиңерби?
Дөөлөтбек Нусупов: Мен ал кезде көп саясатка катышкан эмеспин. Бирок ошол кезде Прибалтикага барып келишкендер бар экен. Жыпар Жекшеевдер барып, баары көрүп келишкен экен. Өзбекстандын эркиндик деген Булат Осмонов деген катуу чыгышкан булар. Кийин мен Желтоксон 1986-жылы Колбинге казактар каршы чыкпадыбы. Анан 1991-жылы 5 жылдыгы болуп чакырып, Асабадан 5 жылдык тоюна мен барып келдим. Ошондо Орто Азия боюнча чоң кийин чакырыгы бар экен, Орто Азия эмес Түрк элдери боюнча ошондо Кумыктар, Гагаустар Кавказдагы биздин тугандарыбыз биринчи көрдүм. Ошондо Өзбекстан менен кошулат булар. Биз башында чыкканда силер унчукпай эле жаттыңар эле бирок силер кыйын экенсиңер ишиңерди актадыңар, чыкканыңарды актадыңар, максатыңарга жеттиңер Акаевди алып келип демократиялык коом куруп алдыңар деп айтты.
Изилдөөчү: Желтоксон 5 жылдык мааракеси деп атпайсызбы, 5 жылдыгын белгилеп атканда Кыргызстандан дагы ким барды сиз менен. Ошолордун аттарын атап кетсеңиз?
Дөөлөтбек Нусупов: Башка барган деле жок.
Изилдөөчү: Кыргызстандан.
Респондент: Желотоксондун лидери түрмөгө жатып чыккан болчу, Касен болчу беле, ошол биздин балдар менен байланышта экен. Ошол чакырыптыр балдарды. Мен дагы баргам.
Изилдөөчү: Кыргызстандан жалгыз сиз эл баргансызбы?
Дөөлөтбек Нусупов: Жок. Барсам бир келин жүрүптүр. Башка бирөөлөр менен барыптыр, кандайча барганын билбейм.
Изилдөөчү: Аты-жөнү эсиңизде жок?
Дөөлөтбек Нусупов: Аты эсимде жок. Барып ошону көрдүм, а башка чакыргында мен дагы бардым.
Изилдөөчү: Эмне маселелер талкууланды 5 жылдыгында?
Дөөлөтбек Нусупов: 5 жылдыгында митинг болду. Назарбаев чыгып сүйлөп, өзү сүйлөп бүтүп, бирок Желтоксандын балдары бербей койду сөздү. Алар катуу да, бербей. Өздөрү сүйлөп, сүйлөп кетип калышты. Тиги балдар чыгып алып сүйлөштү Желтоксан окуясы боюнча ошону көтөрүштү. Мага сөз беришти конок келиптир деп. Мен сүйлөдүм, ошону менен мындай эле бүттү. Барсак бир жерде Түрк элдеринин жыйыны бар экен. Анан жанагы кыз каяктан барганын билбейм, эмне болгонун билбейм ошол мени чакырып барбагын деп ошол жака киргиздирди.
Изилдөөчү: Аты эси эсиңизде жок э?
Дөөлөтбек Нусупов: Аты эси эсимде жок. Жүргүн могул жака деп ошону менен таанышып калып анан, кийин алып барып мени жыйын болуп атат, киргиздирип мени. Анан эмне болгон кыз саясаттан кийин көргөн жокмун кийин. Ал кандайча барып калганын, ал кыздан башка Кыргызстандык көргөн жокмун же мүмкүн катышкан жокпуз. Бар болгондур дагы. Жанагы кыз менен кана байланышып…
Изилдөөчү: Ошол Желтоксондун 5 жылдыгында кандай бир Түрк элдеринин ортосундагы демократиялык кыймылдардын ортосундагы байланышты түзгөнгө аракеттер болдубу? Мисалы үчүн сиз айтып жатасыз Өзбекстандан барды, биз жөнүндө айтты, кийин ушул байланыштар уландыбы?
Дөөлөтбек Нусупов: Жок, алар Желтоксонго барышкан жок. Жанагы уюштурган кызды айтып жатпаймынбы, башка бийлик уюштурганбы же кимиси уюштурганын билбейт экенмин. Мен ошол кыз алып баргандан кийин сүйлөшүп анан Кыргызстандан келди деп мени тааныштырса анан Өзбекстандык айтып атпайбы силер кыйын экенсиңер, биз кыйын болуп чыгып жүргөндө дайыныңар жок эле аз эле убакыттын ичинде максатыңарга жеттиңер депчи.
Изилдөөчү: Ошондон кийин сиз Асабага өттүңүз, бул деген кийин партия болду. Асаба партиясы жөнүндө айтып берсеңиз. Кимдер бар эле, эмне иш аткарчу эле. Сиз ошол жерде кандай роль аткарчу элеңиз?
Дөөлөтбек Нусупов: Мен эми Асаба партиясынан кийин Орг Кеңештин мүчөсү болуп жүрдүм. Орг Кеңеш, Төрага парламент сыяктуу болуп. Орг Кеңеш партиянын, Кеңештин чечимдерин кабыл алчу. Ошондо иштеп жүрдүм. Активист болуп жүрдүм. Биз Асабанын астынан 1992-жылы “Кожоюн” деген уюм ачтык. Эмне үчүн Кожоюн анткен себеби, менчиктештире баштаганда кайра Кыргыздар ала албай калат деп Кыргызстандагы кыргыздарга алганга менчиктешитиргенге ошол үмүт барып алганга. Анан барганда ал жерде приватташуу боюнча жеке менчик алса болот же коллектив алсаң болот анан организациялардын баарын ошондой эрикпей алып туруп кыдырып дүкөндөрдү өзгөчө соода жагындагылар болчуда. Дүкөндөгүлөр барып алып эгерде коллективи көп кыргыздар болсо анда колллективди силер алгыла. Эгер коллективде башка улуттар көп болсо анда бир кыргыз болсо кел сага берели деп ошондой көп иштер жасагам. Бишкекте, Чүйдө анан Ошто, Көлдө. Ошол 1992-жылы “Улуттук Ишкерлерди Колдоо” деп чыккан, Акаев жаңы чыгарып Ишкерлерди Колдоо деп түзгөн. Ошондо биздин балдар иштешип, кыргыздарга көбүрөөк негизи улуттук кыргыздарга бериле турган болчу анан кийин улуттук дегенди алып салды.
Изилдөөчү: Ошол “Кожоюн” дегендин иштери боюнча айтып берсеңиз кайсы иш каналарды, кайсы нерселерди менчиктештирди, кимдер алды?
Дөөлөтбек Нусупов: Ал жерде көбүнчөсү дүкөндөр болчу.
Изилдөөчү: Эсиңизде барбы кайсы дүкөндөр? Айтып атпайсызбы мисалы үчүн Бишкекте, Ошто, Караколдо, э?
Дөөлөтбек Нусупов: Бизде эми жанагы Абдрахманов дегенге чиркөөнүн маңдайындагы алтынчы дүкөндү алып бердик. Андан башка төртүнчү “Айдын Көл” деген дүкөндү Өмүрбек деген балага алып бердик.
Изилдөөчү: Ким эле фамилиясы?
Дөөлөтбек Нусупов: Өмүрбектинби? Аны билбей калдым. Анын үстүндө көбүнчөсү иштете албай калдыда. Иштете албай көп эле шык болбогондон кийин алганы менен иштетиши керек экенда. Көбүнчөсү иштете албай жабылып калды.
Изилдөөчү: Көбүнчөсү дүкөндөр, чоң ишканалар алынган жокпу?
Дөөлөтбек Нусупов: Жок. Башында тейлөө кызматтары эле болчу.
Изилдөөчү: Анан ошолордун баары эле мындай ийгиликсиз эле болдубу, иштете албай калып кетиштиби? Өнүктүрүп кеткендер болдубу арасында?
Дөөлөтбек Нусупов: Өнүктүрүп кеткендерден эми аны ошол комиссияда отурган эки балабыз бар болчу. Ошолор көп иштешти алар менен. Биз эми саясат менен жүрдүк көбүрөөк. Жакында чыгарабыз го, ошондой документтерди топтоп атабыз кимдерге алып бергенибизди, кайсылар алганын ошол боюнча.
Изилдөөчү: Анда бул деген жанагы менчиктештирүү саясаты жүрдүго ошого параллелдүү жүргөн элдин өзүнүн ичинен чыккан нерсе беле? Мисалы, мамлекет менчиктештирген, чиновниктер менчиктештирип алдыго көбүнчө.
Дөөлөтбек Нусупов: Ооба. Чиновниктердин көбүнчөсү, жанагы элдер түшүнгөн жокта. Алып алсам анан акчасын төлөй албай калам, кесилип кетем, алынып кетем деп эле жада калса насыя албай коюшту ал кезде, анда башкача эле ой жүгүртүү, азыр мындай эмес. Анан мурун иштетип көрбөсө тобокелчиликке баргандан да коркуп, азыр болсо коркпой эле колунан келбеса дагы барып эле уруп-чаап жүрүшүп атпайбы.
Изилдөөчү: Кожоюн канча убакытка чейин иштеди? Тез эле токтоттубу ишин.
Дөөлөтбек Нусупов: Тез эле токтоп калды. Анткен себеби бир эки жылдай эле. Тергөө кызматынын башында ошондой болчу. Анан биз жанагы купон менен чыгарып купонду чоңдор сатып алып беркилерди бекер алып алышпадыбы, бекер болуп калбадыбы. Мен деле түшүнгөн жокмун эмнеге купондун кереги бар экенин. Ошону менен колдонгондор колдонуп кетти.
Изилдөөчү: Сиз дагы айтып атпайсызбы мисалы үчүн биз митингге чыкканда кандай бир кысымдар болчу же кандай бир алдап-салдап башка жакка бурганга аракет кылышчу деп. Анан ошол кысымдар жөнүндө айтып берсеңиз, кандай кысымдар болчу, кайсы тараптан болчу? Мисалы үчүн бийлик тараптан колдоо деги эле болгон жокпу?
Дөөлөтбек Нусупов: Бийлик тарап ал кезде Москвага баш ийчү да. Москвадан коркуп эле булар айласыз эле кысымга алышчу. Анан көп эле болду кысымдар. Анан ошо касы чыгып кетти, ошо касы чыгып кеткенде элдин баары угуп алып элдин баары базарды барып талкалап ийишиптир кээ бир жерин. Элдер топтолуп Бишкекте аянтта үч күн жүрдүк. Рязаньдан десантниктерди алып келди, айтышты булар деген кан көрүп калган немелер, бары бир булар мынтет, тигинтет деп тарап кеткиле дешти, бирок биз болбой койдук. Биз кетпей койдук. Бирок ошондо өкмөт КДК чыгып Ош окуясын кылды деп КДКны жапты. КДК уюшулганына сегиз эле күн болсо, кантип уюштуруп ийет. Коменданттык саат киргизди, саат 21:00 баштап комендаттык саат болот кеткиле деди. Кетпей койдук. Масалиевти чык десек чыкпай койду. Анан кийин Кулов чыкты, комендант болчу ошол убакытта, чыгып анан орусча сүйлөдү эле элдин баары кыйкырып сүйлөттүрбөй койду. Топчубек Тургуналиев ошондо авторитети күчтүү болчу, ал киши чыкты дагы анда күнөө жок коом аны ошентип тарбиялап койгон, сөзүн угалы деп айтты. Анан ошентип кийин колдоп чыгып сүйлөп, кыргызчаны үйрөнөм тигинтем мынтем деп тарап кетиренге аракет кылды. Кетти. Үч күндөн кийин жообун беребиз деди саат тогуз болуп калды, коменданттык саатты он экиге чейин жылдырышты. Он экиге чейин үйгө жетип алгыла эч ким тийбейт деп анан ондордо тарап кеттик. Үч күндөн кийин келсек көрсө бизди алдап коюптур. Элдер чогула баштады, тиги чоңдорду бизге айттырып балдарга айткыла чогулбасын митинг кабина саатта чогулса булар колдой кетебиз деп атат мындай кылабыз тигиндей кылабыз деп. Макул деп анан барып алып элдерге айтсак жок Тургуналиев келген сайын аны укмай сайын кетпейбиз деп туруп алышты. Ошентип митингди болтурбай койду. Анан комендант сааты бир түшкө чейин неме кылбадыбы булар, күзүндө 20-октябрда саясий партиянын курултайы болду. Ошондо партия деп жарыялап, партия кылдык. 24-октябрда президенттик шайлоо башталды, мурун Масалиев макул болбой жаткан, макул болуп президенттикти киргизип, Жогорку Кеңеште президентти шайлаганга макул болду. 24-октябрда ачкачылыкка чыктык комендант саат убагында. Эң биринчи көбүнчө эле кийин эме кылып атышпайбы төрт эле адам чыккан ал жерге. Үчөө Асаба партиясынан.
Изилдөөчү: Кимдер эле?
Дөөлөтбек Нусупов: Биринчи Базарбай. Ал Ак Үйдүн астында отурду саат ондо келип. Экинчи Нарынбек Исабеков. Ал Ала-Тоо кинотеатрдын астында турду. Талай Абылкасымов ЦУМдун астында турду. Төртүнчү бизге кошулуп Тынчтык Чоро Тегин болчу, Филармонияда турду. Башында төртөө гана болгон. Алар он экиге чейин тийбей койгондон кийин албай койдуда, он экиден кийин эл кошула баштады. Көп болуп кетти. Өзум ачкачылык кармай алган жокмун бирок ачкачылык кармагандарды биз тейлеп жүрдүк. Өзүбүз ошол жерге жатып. Алар болсо тигил неменин ичинде жатышат, биз болсо көчөдөгү скамейкага жатып кайтарып. Анан бир жолу түнү орус кишилер келди, кызуу экен төрт бешөө келип анан ачка болуп атасыңар арак ичип албайсыңарбы тигиндей мындай деп сунуштап, биз андай болбойт провокация кылбагыла деп акырын кетирип ийдик. Провокация менен келиштиби же чындыгы менен келиштиби кызуу болуп алып билбейбиз. Ошентип кайтарып жүрдүк. Ошол анан чыксам Нарынбек Исабеков Ала-Тоо кинотеатрдын алдында турганда анан бир маалда киши келип алып кепилдеп атат. Анда мен саясатчыларды таныбаймында сен кимсиң, сен эмне эметип атасың мен депутатмын, депутат болсоңуз тияктан көтөрбөйсүзбү, балдар ошентип эме кылып атыптыр, могундай могундай көйгөй болгон үчүн биз чыгып атабызда ошону ошол жактан көтөрбөйсүзбү эмне ачкалык кармап атканды эметип атасызда деп. Унчукпай карап кетип калды. Көрсө Жаныш Журсунбек экен, ошондо жаңы эле Биринчи Май районун акими болгон, көрсө анын территориясында болуп атса күпүлдөп көнүп калганда.
Изилдөөчү: Негизи ошол бүгүн ушунча жыл өткөндөн кийин ошол кезди карасаңыз, сиз кандай бир демократиялык кыймылдардын башталышы ошол жылдары башталган кыймылдар бир максаттарына жетти же эгемендүүлүктүн биринчи кадамдары болду деп айта аласызбы? Же жөн эле көйгөйлөрдү утурумдук жер, тил жана башка көйгөйлөрдү көтөрүп ошону менен эле бүтүштү дейсизби?
Дөөлөтбек Нусупов: Жок. Биз ошол кездеги эң чоң максаттар негизи ишке ашты.
Изилдөөчү: Кайсылар?
Дөөлөтбек Нусупов: Биз ошол кезде өзүбүздүн эгемендүүлуктү алсак дегенбиз. ГКЧП чыгып ошонуну негизинде эгемендик алып калдык. БУУга мүчө бололу дегенбиз, мүчө болдук. Президенттик башкаруу болсун дегенбиз, анын баары болду. Шайлоо мурда болсо СССР убагында депутаттарды бийлик кимди көргөзсө ошону шайлачуда анан каалагандары катышсын деген, ошонун бары эле болду. Бирок ошонун бары болгону менен элге кызмат кылган системаны кура алган жокпуз. Ар кандай баш аламандык болуп.
Изилдөөчү: Эмне үчүн курулбай калды? Эмне себептен?
Дөөлөтбек Нусупов: Койгон максатка жеткенден кийин эле 1993-жылы КДК максат аткарылгандан кийин эме болуп калды. Биздин партия болсо өзүбүздүн улуттук кайра жаралуу партия болгону менен улутка кызмат кылабыз деп жанадагыдай саясатка аралашып мындай бийлике барып алып бийлик аркылуу жүргүзөбүз деген эме жок эле. Өзүбүздүн чын дилибиз менен эле жүрдүк. Бизде ошол кезде Асабаны бейбаш деп ойлочу, эмнеге дегенде Волна деген ресторан бар эле ошондо дракондун сүрөтүн тартып коюшуптур, анан биздин балдар Көлгө кетип баратып айтып кетишиптир могуну алгыла депчи биз эки күндөн кийин өтөбүз, эки күнгө чейин алып койгула деп айтып коюп кетсе, кайра келе атса албай коюптур. Айнектен жасалган экен талкалап салышкан. Талкалап салып анан биздин төрагабызды сурап жүрүштү, кийин кое беришти. Анан мен дагы ошондо милицияга чыккам, чакырып алып айтты биз негизи партиянын өзүбүздүн чогулушубузда сүйлөшүп жүргөнбүз жанагы ЦУМдун маңдайында сааттын астында бар эмеспи ошол жерде Цинзянь деп туруп эме кылып койгон кытайдын немесин тартылган, Цинзянь деп жазылган карта ачышкан. Ошону барып эметебиз деп сүйлөшкөнбүз. Ал сенин идеяң турбайбы, ооба. Сен эмнеге ошентесиң дейт анан айттым Цинзянь деген түндүк кытай деген сөз, биздин жерибизде алар өзүнүн жери деп элестетип атышат ошол үчүн биз каршы болгонбуз деп. Ошол айтып аткан ойлорубуз бул жерде болбой Волнада болуп калдыда. Ошондон кийин эле алар эметилбей калды.
Изилдөөчү: Рахмат чоң! Анда токтотолу.