
Гүлзада Абдалиева
ГҮЛЗАТ: Гүлзада эже биринчи өзүңүз азыр кимсиз, эмне иш менен алектенесиз, андан кийин эле 1985-1990-жылдардагы кайсы жакта окугансыз, кайсы факультетте окугансыз, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.
АБДАЛИЕВА: Мен Абдалиева Гүлзада, И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде эмгектенем. Тарых илимдеринин кандидаты, доцентмин. Ал эми окууга 1986-жылы тапшырдым. Ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетине тапшырып, 1991-жылы аяктадым.
Биздин студенттик күндөрүбүз ошол кезде Кыргызстандагы саясий жактан бурулушка туш келди. Ошол кезде университеттин тарых факультетинин студенттери активдүү болчу, анткени башка окуу жайларына караганда бизде Кыргызстандын тарыхы кеңири окутулчу. Ал эми башка факультеттерде СССРдин же КПССтин тарыхы гана окутулчу. Анан ушу мен ойлойм, бүгүнкү күндө биздин университеттин бир айырмачылыгы, биринчиден Кыргызстандын тарыхы, маданияты кеңири окутулгандыктан, экинчиден ошол мезгилдеги бурулуш, анткени коом өзү ошол жактан түрткү берип, мыйзам ченемдуу нерсе катары СССРдин таралышына жакын калса керек деп ойлойм. Анан эмнегедир биздин тарых факультетинин жана филология факультетинин студенттерин театрда, жаңы спектакль же болбосо жазуучу менен, мамлекеттик ишмерлер же маданий ишмерлер менен жолугушууга дайыма алып барышчу. Ошентип жүрүп эле коомдук иштерге тартылып, коомдо болуп жаткан нерселерге кайыркүн боло албай, сөзсүз түрдө ошол мезгилдин нугуна аралашып, коомдо кыймылдарга активдүү катышуучулар болуп калдык деп эсептейм. Биздин окуган күндөрүбүз кайра куруу мезгилине туш келди. Биздин студенттер ошол мезгилдеги Прибалтикада болуп жаткан окуялырды кандай билип турду? Мисалы эркек студенттер, алар 2-курсту окуп анан армияга барышчу. Алар армиядан келип калышты да. Прибалтикада, Украинада, Россияда кызмат өтөштү. Ошол жактагы окуяларды алар бизге жеткизишти. Ошентип бизге алардын дагы таасири тийди бир жагынан, экинчиден, бизди окуткан магалимдер сөзсүз түрдө тажрыйба менен бөлүшүп, Украинада, Прибалтикада болуп жаткан окуяларды боюнча маалымат алып жаттык. Мисалы, Тынчтыкбек Чоротегин агайыбызды айтсак болот. Ал коомдук иштерге өтө активдүү катышкан. Бизге ушундай окутуучулар сабак бергенине абдан сыймыктанабыз.
Андан кийин биз маалыматтарды кайсы тараптан алдык дегенде, сөзсүз түрдө тарых факультетинин студенттери катары биз Кыргыз драма театрына ар бир коюлуп жактан спектаклдын ачылышына барчубуз. Ошол кезде бизге таасир эткен спектакль «Кара кыз» болду. Ал спектакль башкача форматта болду. Негизинен биз театрды көрүп эле тарап кетчибүз. Эмнегедин ошол «Кара кыздын» эсимде калганы, биз оюн бүткөндөн кийин талкууга өттүк. Казат Акматов, Төлөгөн Касымбеков, Камбаралы Бопуловдор катышып, талкуу жаралды. Спектакль Фрунзеде жашап туруп жери жок, орустун кичинекей квартирасында жашаган, кызы дагы индвалид бир үй-бүлөнүн тагдыры жөнүндө . Бул ошол «Кара кыздын» тагдыры. Аны көрүп, бизге ушундай таасирлендик деп ойлойм.
Төлөгөн Касымбековдун кызы Бегимжан Касымбекова дагы биздин группада окучу. Ошол себептен Төлөгөн Касымбеков менен дагы жолугушуулар көбүрөөк боло турган эле. Ал Кыргызстандын тарыхы жөнүндө, өзүнүн тарыхый чыгармалары жөнүндө бизге көп айтып берчү.
Бизге таасир берген дагы бир нерсени айткым келет. Академия науктан бизге академик Плоских келип спецкурс окуду. Бирок ошол Плоских биз билбеген Кыргызстан тарыхында жазылбаган нерселерди, мисалы Курманжан Датка жөнүндө 1986-1987-жылдары окуяларды айтып берчү. Биз абдан таң калчубуз. Ушундай улуу инсан болгондугу жөнүндө бир дагы китептер же кошумча адабияттан андай маалымат таба алчу эмеспиз. Мына ушинтип, ар тараптуу маалымат алып олтуруп, активдүү катышпасак дагы биз коомдук иштердин толкунунда болдук.
Дагы бир айта турчу нерсе, филология жана тарых факультетинин студенттери тыгыз байланышта болчубуз. Бирок ошол кезде юридикалык факультет менен лекцияны бир укчубуз. Философия өңдүү предметтерге бирге кирчүбиз, бирок юридикалык факультеттер тартылган жок. Биз филология факультети менен бирге лекцияларда чогуу болгон жокпуз, бирок маданий ишкер, жазуучулар менен жолугушууларга көбүрөөк чогуу барчубуз. Филология факультетинин студенттери тарых факультетинин жатаканасына көбүрөөк келчү эле. Сабак бүткөн соң экзамендерге сөзсүз түрдө чогуу даярданчубуз. Даярдануу процессинде кандай, эмне маалымат болуп жатат деп бөлүшчү экенбиз. Ошентип, 22-октябрда жанагындай ачкачылык жарыяганын билдик.
ГҮЛЗАТ: Кайсы жылы?
АБДАЛИЕВА: 90-жылы ачкачылык жарыяланды, бирок ага чейин процесстер болуп турду да. 89-жылы Ашар коому башталды, Ашар коомунун жыйналыштарына биз студенттер чогуу барчубуз. Менин эсимде калганы 89-жылы биз азыр иштеп жаткан И.Арабаев университети Маяковский атындагы кыз-келиндер институту болчу. Бизге силер дагы барып айткыла, ушундай студенттер менен жолугушууларды уюштуруш керек дегенде, биз дагы активдүү болуп, институтка барып коомдогу нерселер, тил маселеси көтөрүлдү, жер меселеси көтөрүлгөндүгүн кыздарга жеткизир аттык. Ал жерден бизге эч убакта залдарды берген эмес, бизге жатакананын залына кантип уруксаат берип кантип койду билбейм, окуу залына жыйналыш өттү. Жыйналыш өткөндө бизди милиционерлер ит менен келип тараткан. Ошол жерге негизинен кыздар эле барганбыз. Баргандардын ичинде Жыпар Жекшеев, акын Барчынбек Бугубаев бар болчу.
Барчынбек Болгонбаев тарых факультетине келип дагы ырларын окуп берчү. Анын ырлары жалан тил, жаштар маселесин көтөргөн, коомдогу окуяларды чыгылдырган ырлар эле. Ырларды окуп жатканда кыз-келиндердин бирөө айтканбы, айтор, бизди куушуп, биз жатаканадан качып чыктык. Бир эле эшик бар эле, кантип качып чыкканыбызды деле билбейм. Ал жерде жалаң кыздар, эркектерди жатаканага киргизбейт. Эстесем ошол жерде Жыпар Жекшеев менен Болгонбаев бар экен. Ошентип качып чыгып анан үйгө кеткенбиз. Мына ушундай окуяларга көп эле туш болгонбуз.
Бизге абдан эле көп каршылык көрсөтүшкөн, айрыкча окуган жерден, факультеттин деканатында иштегендер барбагыла, жатаканада чогулуп, талкуу кылбагыла деп. Мен жатаканада жашаган жокмун, бирок жатаканага тез-тез барып турчумун. Анткени бейформал талкуулар ошол жерде болуп турчу, биз аларга сөзсүз түрдө катышчубуз. Бир жолу барсак жатакананы бекитип коюптур, чыкпагыла деп. Мен үйгө кетишим керек, үйдөгүлөр мени издейт десем, «жок, силерди чыгарбагыла деди, ачкыч менде жок, кандай чыксанар ошондой кеткиле, кетпесеңер ушул жакка жатасыңар» деди. Балдарга мен кетишим керек десем, ачкачылык жарыялаган жерде митинг болуп, жаштар колдоп турду да, алар аянтка кетип бара жатышыптыр. Анан алар биз дорожка менен эле түшүп жатабыз дешти. 2-этаждан дорожкаларды туташтырып ошол жерден түштүк. Андан ары үйгө эмес митингге барып катыштым. Атам андай нерселерге катышпа, азыр коом олку-солку болуп турат деп айтчу. Ошону «Времядан» көрсөтүптүр. Аны атам телевизордон коруптур. 2-3 күндөн кийин шаарга келип андай жерлерге барбагыла деп айтты. Макул деп атамды узатып коюп кайра эле аянтка барып катышып жүрдүм.
ГҮЛЗАТ: Сиздерде, деги эле 86-91-жылдарда окуп жаткан студенттерде кыймылдарга катышууга эмне максат болду, эмне түрткү берди? Максаттары же миссиялары бар беле?
АБДАЛИЕВА: Негизи эле тил маселеси деп ойлойм да. Анткени биз орус группада окучубуз. Мен өзүм кыргыз мектепти бүткөм, анан келгенде эле орус группада окуу мен учун абдан кыйын болгон. Бизди ошол кезде кыргыз группага бөлүп баштады. Кыргыз группа болгону менен китептер бардыгы орус тилдүү болчу. Биздин активдүү мугалимдерибиз китептерди кыргызчага которуп баштады. Биз да маанилүү деген китептерди кыргыз тилине которо баштадык. Мына ошонун башында биздин мугалим тарых илимдеринин доктору Асан Сулайманович туруп, биз китептерди которуп баштаганбыз.
Андан кийинки маселе, биздин тарых факультетинде бизден улуу муундагылар дагы окучу. Анткени алардын көбү үй-бүлөлүү болчу. Ошол кезде тарых факультетине өтүү дагы оор эле, армиядан келип окууга өтө албай жүрүштү. Ошол биз менен окуган улуу курсташтарыбызды эмдигиче атынан айтпай байке дейбиз. Мына ошолор балдары менен квартирада жашашчу. Экинчи маселеси болуп ошол жер маселеси дагы коюлган деп ойлойм. Андан кийн тарых факультети болгондуктан сөзсүз түрдө мамлекеттик идеология деген эмне, эгемендүүлүк жөнүндөгү теорияларды дагы окучубуз. Ошон учун тарых факультеттеринин студенттери тартылды го дейм. Андай кийин бизге эң таасир бергени Желтоксан окуясы бизди абдан ойготкон. Казак бизге жакын болгондуктан бизде ошол кезде казактар да окучу. Өзбекстандык кыргыздар келип окушчу.
Кийин Ош окуясы, 1989-жылы биздин балдар митингге катышып, Ошко чейин барабыз дешкен. Ушул окуялар бизге түздөн-түз таасир берди деп айта алам.
Гүлзат: Ошол учурдагы университеттеги кыймылдар бири-бири менен кантип байланышып турган? Же болбосо сиз кайсы бир уюмдун ичинде болсоңуз, азыркыдай байланыш каражаттары жок ошол кездеги уюмдун мүчөлөрү кантип байланышып турушкан?
АБДАЛИЕВА: Студенттер арасында байланышка Жыпар Жекшеев, Барчынбек Бугубаев өтө таасирин тийгиздиби деп ойлойм. Филология факультетинде окуган Кубат Чекиров дагы бар эле. Алар менен биз байланышчубуз, андан кийин алардын дагы биздин тарых факультетинде активисттер Алмаз Кулматов, Чекировдор менен байланыштары бар эле. Алар аркылуу биз, биз аркылуу Маяковский кыз-келиндер институтундагыларга жайылчубу деп ойлойм. Ушул биздин филология, тарых анан Маяковский атындагы кыз-келиндер институту байланышта болчу. Башка факультеттер кандай байланышчу мен айта албайм.
Жыпар Жекшеевдер ар бир окуу жайга барып өзүлөрүнүн жолугушууларын уюштурчу, ошол жерде ырларды окучу. Азыр мисалы байланыш соцтармактарда болуп жатпайбы, анда жатаканалар эң негизги ролду ойногон. Ар кайсы жатаканада ар биринин досу бар, ошентип эле тарачу. Жатаканада бейформал түрдө талкуулар өтчү.
ГҮЛЗАТ: Ошол жолугушууларда эмнелер талкууланчы?
АБДАЛИЕВА: Ошол жолугушууларда биз Ч.Айтматовдун чыгармаларын айтчубуз. Андан кийин тил маселесине келип эле эмне үчүн биз ушундай жашап туруп, эмне үчүн жерибиз жок, эмне үчүн батирде жашайбыз, эмне үчүн бизге кыргыз тилинде сабактар окулбайт, ушул эле маселелерди сүйлөшчүбүз. Анан сөзсүз түрдө бир чыгарманы талкуулачыбыз. Борбордук университеттерден окуп келген балдар, аскерден кайтып келген балдар борбордо болуп жаткан окуяларды айтып берип, ушундай маселелерди талкуулачу экенбиз. Мисалы менин эсимде калган бир талкууда биз «Акбаранын көз жашын» талкууладык. Ошондо тил маселеси, ошол карышкырдын көзү көк экен, биз орусташып, русификация болуп, кыргыз тили азайып, жада калса ошол кыргыз баланы алып кетип бараткан көк бөрү болуп атканын талкуулаганыбыз эсимде калган. 3-4 саат бир чыгарманы эле талкуулачубыз.
ГҮЛЗАТ: 1985-1991-жылкы окуялардын эң эле эсиңизде калганы менен бөлүшүп берсеңиз.
АБДАЛИЕВА: Менин эсимде калганы, мен жатаканада жашаган жокмун. Мен Москва/Карпинка көчөлөрүнүн кесилишиндеги эски барачный типтеги үйлөрдө жашадым. Бир короонун ичинде 7-8 үй-бүлө жашадык. Мен байкемдердин үйүндө туруп, ошондо эле жер маселесинин кыйын экендигин байкагам. Байкем 3 баласы болуп, ал жердеги татар, уйгур, көп улуттар менен чогуу жашадык. Абдан кыйналдык. Эч кандай шарт жок.
Ал эми жаныбызда эле заңгыраган үйлөр, көп кабаттуу үйлөрдө жалаң эле орус улутундагылар жашачу. Биз таштанды төккөнү барганда, суубуз жок болуп көчөдөгү колонкадан кышында суу алалы деп барганда абдан кыйналчыбыз. Сууга барсак көп кабаттуу үйдөгүлөр бизди шылдындап өтөөр эле. Мага абдан таасир эткени, эмне үчүн байкем инженер, жеңем Фрунзе музейинде иштеп, экөө тең интелегент, үй ала алышпаганы болду. Канча жылдан бери кезекте туруп бирок үй ала алышкан эмес. Жаш үй-бүлө болсо эмне үчүн мамлекет буларды колдобойт деп таң калчумун. Тиги жердегилер болсо бизди кыйналып, суусу жок жашайсыңар деп шылдыңдап кетишет эле. Шаарда турганыбыз менен ушундай жашайт элек.
Анан 1989-жылы Ош окуясы болгондо байкемдин мурун чогуу окуган курсташы биздин үйгө келип жатып, түнү менен кыйкырып чыкты. Анткени ал Ош окуясын өз көзү менен көргөнгө түндө уктап жатып кыйкырат эле, ошолорду айтып берет. Ал дагы мени таң калдырган, себеби ал дагы жер меселесинен чыкты да.
Биз ачкачылык тууралуу гезиттерден окуп калчубуз, анан таң калдырганы, университеттен чыгып үйгө кетип бара жатсак эле аялдамада Тынчтык агай ак нерсе байланып алып өзү эле олтуруптур. Биринчи ачкачылыкты ошо филармониянын аялдамасынан баштаптыр көрсө. Барсак такыр эле сүйлөбөй олтуруптур. Анан эле менин курсташым Динар айтып калды агай ачкачылык жарыялаптыр деп. Кайсы бир убактан кийин алар аянтка барышып, ошол жерден элдер кошулуп, ак нерселерди байланып алышып отурушту. Бизге аябай таасир калтырган, бизде ушундай болот турбайбы деп калдык. Аларга суу таашып атышты.
ГҮЛЗАТ: Ачкачылык жарыялагандар кандай талаптарды коюшту?
АБДАЛИЕВА: Ошол кезде Масалиев эмес беле, аны түшүрүү, ордуна башка адамды шайлоо сыяктуу көп талаптарды коюп чыгышты. Барып ак үйдүн тепкичтерине олтурушту. Ошол жерге боз үйлөр тигилип, транспаранттар коюлду. Ошол эле тил, жер маселеси көтөрүлдү. Эң негизгиси Масалиевди алмаштыруу маселеси коюлду. Ошентип Масалиев ордунан алынып, Аскар Акаев Президент болуп шайланганда биздин курсташыбыздын баласы төрөлүп, абдан сүйүнүп, жатаканада аябай майрамдап, атын Аскар коюшкан. Биз эгемендүүлүк алдык, жеңишке жеттик деп ушундай бир кубанып, жатаканада майрамдап калганбыз.
ГҮЛЗАТ: Ачкачылык жарыялагандар, ушундай уюмдардын мүчөлөрү силерге келип лекция окуганда көз карандысыздык жөнүндө айтылчу беле же социалдык, экономикалык, улуттук талаптар гана айтылганбы? Көз карандысыздык деген теманы биринчи болуп көтөрүп чыккандар кимдер болду?
АБДАЛИЕВА: Ал кезде Прибалтика өлкөлөрү чыгып баштады, ошондо тил маселеси менен чогуу көтөрүлдү. Анткени биз дагы эгемендик алышыбыз керек, СССРдин курамынан чыгышыбыз керек деген маселе ошол кезде эле көтөрүлгөн. Анткени бул маселелер 88-89-жылдары эле эл арасында акырындап көтөрүлө баштаган. Акарындан жаштарды тартыш керек болуп, аң-сезимди ойготуш керек болчу. Камбаралы Бобуловдун, акын-жазуучулардын жолугушууларынын учурунда сөзсүз түрдө тил маселеси менен эгемендик маселеси көтөрүлгөн.
ГҮЛЗАТ: Ошол кыймылдарга катышкан студенттер аймактардан келген студенттер беле же чоң Фрунзе, чаканыраак Токмок, Пржевальский сыяктуу шаарлардан келген студенттер дагы ушул кыймылдарга катышышканбы?
АБДАЛИЕВА: Менин билишимче, чөйрөм ошондой болгондонбу, айылдан келген студенттер аябай активдүү катышышкан. Биз менен чогуу окуган шаардык студенттердин митингдерге баргандарын мен азыр эстей дагы албайм. Митингден келип андан аркы иш аракеттер жөнүндө талкуулар болчу экен. Ошондо шаардыктардын катышканын эстей албайм. Жатаканада негизинен айылдан келгендер жашайт да.
ГҮЛЗАТ: Митингдерге активдүү катышкан студенттерге ректорат же КГБ тарабынан көрсөтүлгөн кысымдар болсо ошол тууралуу айтып берсеңиз.
АБДАЛИЕВА: Ал кезде КГБ тарабынан деле кысым көрсөтүлгөн жок, балким алар иштешкендир, бирок биз аларды көргөн жокпуз. Бизге негизинен деканат тарабынан кысым болду. Биздин группадан көбү кызыл диплом менен бүтүрмөк, анан эмнегедир сүйлөшүлгөнбү деп ойлойм. Мамлекеттик экзаменди жакшы тапшырышып диплом жактаганда эле бардыгы 4 деген баа алышты. Ошондо бизге абдан эле кысым көрсөтүлдү. Группанын старостасы партиянын курамында болчу, ал митингдерге деле барчу эмес. Ага эмнеге группдагылардын митингдерге баруусуна жол бердиң деп айтылса керек, аны айтышкан деле жок.
ГҮЛЗАТ: Сизге дагы залакасы тийип калдыбы?
АБДАЛИЕВА: Ооба, мен дагы 4 алдым. Кийин декан эмне үчүн барасыңар деп айтты. Бирок башка факультеттерден дагы катышып, масса болуп, бардыгын окуудан чыгарып, такыр эле сабакка киргизбей, андай кыла алган жок. 1-2 киши болсо ошентишмектир, бирок биз көп болдук да. Биздин курста эле 200 бала бар болчу. Алардын 100 катышышкан, аларды окуудан четтей ала албайт болчу. Кийин эгемендик алгандан кийин деле чогуу иштешип калганда айтып жүрүштү, булар митингге катышып, ачарчылык жарыялап жүргөн, булардан башка нерселерди деле күтсө болот деген көз караштар менен карагандар болду.
ГУЛЗАТ: Сиз окууну эгемендүүлүктү алгандай кийин бүттүңүзбү?
АБДАЛИЕВА: Ооба ,1991-жылы бүттүм.
ГУЛЗАТ: Эгемендүүлүктү студенттер кандай кабыл алышты? Университеттеги атмосфера кандай болду?
АБДАЛИЕВА: Студенттер абдан кубануу менен кабыл алганбыз. Ал эмес Аскар Акаев президент болгондо биз көп нерсени күткөнбүз. Биз эгемендик алдык, эми өнүгөбүз, ушундай өлкөдө жашайбыз деп абдан сүйүнүп, бири бирибизди куттуктаганбыз.
ГҮЛЗАТ: Чон ыракмат Гүлзада эже, өзүңүздүн эскерүү же комментарийлериңиз болсо кошумчалап кетсеңиз.
АБДАЛИЕВА: Ошол бир толкунда жүрдүк. Кийинчирээк убакыт өткөндөн кийин ошол студенттердин ичинде, лекцияларда, митингдерде катышып жүргөндөрдүн арасынан студенттер органдарга, КГБга маалымат берип турушчу экен. Аны кийин, 5 жыл мурун эле уктум ушундай болгон деп. Мени ушул нерсе таң калтырды, бир курста окуп жүргөндөрдүн ичинде ушундайлар бар экени мени абдан капалантты. Анткени жаштык сезим менен биз мыйзамсыз эч нерсе деле кылган жокпуз. Бирок ошондой болсо деле ушундай адамдардын бар экенине мени ушул убакка чейин таң калтырат, абдан капаландырат.