
Иманалиев Каныбек
Изилдөөчү: Биринчи өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
Респондент: Мен Каныбек Иманалиев, журналист, экинчи кесибим — политолог. Саясат таануу илимдеринин докторумун. 30 жыл мамлекеттик кызматта жүрдүм. Ончакты китептин авторумун, үч тилде китептерим чыккан.
Изилдөөчү: 1985-1990-жылдары ким элеңиз, эмне иш кылчу элеңиз?
Респондент: Биз ошондо биринчи курсту бүтүп, аскерге кетип, 89-жылы келгенде, бул жакта коомдук кыймылдар башталып калыптыр. Ал кезде журналистика менен тарых факультети кыймылдаткыч күч болду. К.Акматов, Жекшеев, Чоң Аюлар “Ашар” кыймылын түздү, кийин КДК болду. Чогулуштарына барып, анан балдарды үгүттөш кыйын болчу. Бизге Улуттук Университетке КГБнын жетекчиси Асанкулов жатаканага келип чогулуш өткөн, студенттер силер катышпагыла саясий иштерге деп. Анан студенттер коркуп калыптыр. Анан биз эки нерсеге бардык. Ошондо Фрунзеде квартиранттар аябай көп эле да. Негизинен үй көйгөйү элдин башын кошту. Азыркы “Хаят”, “Кыргызстан” гостиницасы болчу, ошол жакка барып турсаң, квартирасы барлар, орустар келип ээрчитип кетчү. Азыркыдай реклама жок. Бактын түбү болчу, ошол жактан кул жетелегендей жетелеп кетчү. Анан бардык студенттер жатаканага батпайт, квартирант кыргыздар аябай көп. Квартира таап алсаң эң бактылуу болчусуң. Окууга барасың, анан кечке турасың, балдары барларды алчу эмес. Ошондой күндөрдө кыймылдын жетекчилери келип, үгүттөгүлө деди. Анда, мисалы үчүн: кулактандыруу десек бир бала эмес, бир нече бала жазчубуз, почерктен таанып калбасын деп. Бизге Ракыя эже келчү. Ошондо студенттерди чыгаруу үчүн минтип жаздык: “Мына баарыбыз квартирантпыз, жерибиз жок, өзүбүзгө жер жок болуп атса, ошондо дуу кеткен, Армяндарга жер берет экен, жер титирөөдөн үйсүз калгандарга”, деп, ал каңшаарбы же чынбы билбейбиз, бирок ошол элдин намысын козгоду окшойт. Анан чогулуп баштадык. Момбеков келип ырдайт, Дуйшеев ырын окуйт, ошентип апыл-тапыл студенттер келе баштады. Анан бир куну үч немеге катыштык , бири Бишкектин күн чыгышында, бири азыркы Ак-Өргөдө. Эң биринчи митинг борбордук аянтта болду. Чыналиев — горком болчу, 89дун күзү болчу. Досбаев Аман курсташыбыз ачты, бир кезде дубинка менен кууду, баарыбыз качтык. Эртеси кайра чогултуш кыйын, бирок студенттердин кызычкчылыгы бар экен жер алганга, анан биринчи жер Маевка, Ак-Өргө. Анан бөлүп атабыз, анан Түгөлбай Сыдыкбеков туу болуп берди бизге, ага бирөө тийишмек беле дедик. Анан Жумагулов келди, Масалиев келген жок. Биз мүмкүнчүлүктөрдү караштарып атабыз деди. Лидерлер жок бул жер биздики деди. Эгин экчи жер бири Көк Жар, бири Ак-Өргө. Азыр бөлүп, эгин жыйналганда үй салабыз дедик. Ошентип эле тез эле Ошто чатак чыгып кетти. Дагы студенттер чогулдук, студ делегация чогулдук. Баарыңар бара албайсыңар деп, элдин абалын көрүп келсин деп, ошондо А.Жапаров политехте комитеттин секратары экен. Ал жетектеп, барып келип, тынчытышты. Ошентип кан төгүлгөн жок, мурда хаос болуп жүргөн кыймылдар системно биригишти, ичинде жаштар кыймылы, тил боюнча, жер боюнча бар. 1989-ж әә сентябрь болуш керек тил боюнча мыйзам кабыл алынды. Дүйнөдө улуттук аң сезимди көтөрө турган бул тарых, тил жана жер, ушул учөө бир көтөрүлдү. Тил мыйзам кабыл алынганда аябай майрамдадык. Бизде ФилФактан журналисттер, тарыхчылар көп катышты. Негизи коомдун таасири болуш керек, Жогорку Кеңештин сессиясы ачык өтө баштады, аны угабыз, эртеси талкуулайбыз. Эсте калганы ушулар.
Изилдөөчү: Ашар,КДКга мүчө болдуңузбу?
Респондент: Ашарга мүчө болдум, жер алдым, документин берди,кийин үй алганда уялдым, жерди кайра бердим.
Изилдөөчү: Активдүү катыштыңызбы ал кыймылдын иштерине, ролуңуз кандай болду?
Респондент: Ал кезде “Асабада” иштеп калып, ошол жерде чагылдырдым аларды. Биринчи штабга Ленин районунун акимиатынан подвалдан офис берди. Мамлекет кызматташа баштады, радикалдык иштерди жасабасын деп. Ошол жакта жолугушуп, лидерлер шайланды. Ал лидерлер кийин жаңы конуштардын айыл өкмөтү болуп калды.
Изилдөөчү: Дагы кайсы маслелер көтөрүлдү?
Респондент: Тил маслеси. Биз дагы Момбековду жана Дуйшеевди туурап, филологияда ыр жазгандар топтолуп ыр окуйбуз: тил ,улут жөнүндө. Мед институт, Женпед, Сельхого, Торговый техникумга барып ыр окуйбуз, патриоттук духтагы. Анан ошондо Б.Сутенованын “Пресс бар” деген передачасы болчу, ошого баарыбыз барчубуз, жаштар тартылчу. Токтогул-Тыныстановада “Нооруз” деген кафе болчу.
Ошол кезде Аттокуров деген агай “Желтоксон” боюнча сурашса, туура да, казактар көтөрүлөт да, деп койсо, бир орус студенттин атасы КГБда экен, аларга жетип агайды камаган. Ал агай санжыраны, тарыхты окутчу. Ошондон ооруп эрте каза болгон.
Изилдөөчү: Эгемендикти алганга кыймылдардын ролу кандай болду?
Респондент: Биринчи прибалтикадан келди, анан Питерде окугандар Кошалиев дагы, Шералы Назаркулов кайтыш болуп кетти. ошонун салымы чоң. Алар неформальный уюмдарды түзүп, кийин формальныйга айланып, ар жерлерде филиалдарды ачып, чоң кыймылга айланды. Эл колдоп, биринчи митингдер башталды ,биринчи президент шайланды, Тургуналиевди президенттикке көрсөтүштү.
Изилдөөчү: Кыймылдардын ишин ЖМКлар чагылдырдыбы?
Респондент: Биринчи “Асаба”, кийин “Кыргыз Руху” жакшы эле чагылдырды. Эл жаңы нерсени окугусу келет да. Анан “Азаттык”, мамлекеттиктер кээде эле.
Изилдөөчү: Кайсы журналисттер активдүү болду?
Респондент: Ракыя эже, Болот Таштаналиев, Азыркы Кыргыз Туусунун редактору.
Изилдөөчү: Кыймылдардын басылмалары бар беле? Маалыматты кантип таратышчу?
Респондент: Гезиттер аркылуу. Жолугушуулар болчу, кээде Ала тоодон көрсөтчү бир аз. Негизи лидерлер молодцы баарын так бөлүштүрүп, тартипти сактап , ызы-чуу болчу эмес.
Изилдөөчү: Кысымдар болчу беле?
Респондент: Ош окуясында түн ичинде МВД жолдон салып кетип, бирок беседа кылып эле коё берген. Жатаканадан түнү чыгарчу эмес. Факультетте чогулуш болгон, жатаканада мугалимдер дежурить этип калган.
Изилдөөчү: Ал кыймылга азыркы жана мурдагы көз карашыңыз?
Респондент: Мен ишенгем. Көп улуу кишилер менен ошол жактан таанышкам. Эгембердиев, Ракыя эже, Чоң Аюу, Куловду, К.Акматов, Жекшеевдер менен, Сыдыкбековду ошол жактан көргөм. Ал кезде романтик экенбиз, Кыргызстан бат эле оңолуп, өнүгүп кетет деп ишенгенбиз. 30 жыл өмүр кетти, көп күрөштүк, максималист экенбиз, кээде мүдүрүлдүк, 35жыл өтүп кетиптир. Мени саясатка ошол кыймылдар менен журналистика алып келди.