Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Исабек Алдозов

Исабек Алдозов

активист

А: Исабек агай, биздин изилдөө 85-91-жылдардагы коомдук кыймылдардын ишмердиги жөнүндө болмокчу. Бул изилдөө “Эсимде” долбоорунун алкагында болууда. Менин атым Азамат, илимдер академиясынын тарых институтунун илимий кызматкери болом. Өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз жана 85-91-жылдары эмне менен алектенчүсүз?

И: Алгач 1-2 ооз сөз айтып коёюн. Жалган сүйлөбөйм жана жалган сүйлөгөндү жаман көрөм. Кечээ, Советалы айтса, “Стоит, не стоит?” деп ойлондум. Анан жаштыгымы эстеп, балким, менин сөздөрүм тарыхта калат деп келдим. Атым Исабек Алдосов, 53-жылы туулгам. Текебаев экөөбүз бир айылдан болобуз. 90-жылы Базар-Коргондо КДК маданият үйүнүн артындагы библиотекада бир будкада уюшулган. Заман ошондой эле. Биринчи секретарлар, партиялык чиновниктер күчтүү болчу. Базар-Коргондо КДКнын биринчи чогулуштары башталган. Мага чейин КДКда үч тең төрага болгон. Кыргыз ушундай мен кыйын дей берет экенбиз. Бир райондо болуп, үчөө бири бирине батышпады. Анан Базар-Коргондо КДКнын мүчөлөрү көбөйүп, “Бир төрага болушу керек “ деп мени шайлашты. Партияга тең келип, коркпой үркпөй чыккан кишилер аз эле ал маалда. ЖКда депутат болгон аким Дөөлөтбек Кулубаевич менен кармашып отуруп, акыры экөөбүз кол беришип, ал “Исабек баатыр, сен менин кабылдамама келгенде очередге турба, сразу кир. Мен сени любой жерден кабыл алам” деди. Ал киши менен 3 жарым жыл иштештик, ал киши азыр да бар. 

А: 85-91-жылдарда Кыргызстанда, сиздин районуңузда болгон, сизге таасир берген окуялар жөнүндө айтып бере аласызбы?

И: Мен Дыйкан Ордонун төрагасы болгом. Дыйкандардын суроолору боюнча жер өлчөгөн саржан менен эски керзовый өтүк кийип, Нивага минип, менчикке өтөм дегендин баарына колхоздун жерин бөлүп бергем. Кыргыз ушундай бир нерсени баштаса дароо баштап салат. 9-10 сотыхтан жер бөлүп бердим, андан көп болгон жок, себеби, Түштүктө эл жыш жайгашкан. Бул 90-жылга чейин болгон аракеттер эле. 

А: Бул жеке менчикке өтүү эмнеден башталып кетти?

И: Западдагылар “Жеке менчикке өтсөңөр силерге акча беребиз” деп, бул ошодон башталып кеткен. Талгарбеков Базар-Коргонго келгенде ага суроолорду жаадырып, анан ошонун сөзү менен колхозду бөлүп кирбедимби. Бир кызык жери, аким Берикбаев мени чакырып “Эки өзбек колхозду бөлбөй эле койчу” дейт. Мен “Неге? Бөлүнөм десе бөлөм” дедим. Ал” Айланайын, Базар-Коргондун картасынан каалаган жериңи сөөмөй менен бас, ошол 10-20 гектар жерди сага на вечное пользование бөлүп, баарын бүтүрүп берейин” дейт. Жок дегенде ошол эки колхоздон бир нерсе жеп турайын деген да. Аябай кыйын киши эле бирок. Сылтып баскан, любой киши менен тил табышкан адам эле. Мен ага “Пожарный” деп ат коюп койгом. Каерде өрт чыкса, ошону барып басчу. 

А: 85-91-жылдары Базар-Коргондо ошондой каршылык болуп аттыбы жер бөлүүгө?

И: Покой жок эле, дыйкандар үйүмө чейин келип жүрүштү. Начальник, зам акимдер “Тигинтип ием, минтип ием” деп атышты. Бирок, мен сынган жокмун. Кийин биз Ошко бардык. Ал убакта Баткен, Жалал-Абад облустары жок эле. Ошто Бекмамат Осмонов деген КДКны уюштурган танка, демократ киши бар эле. Каза болуп калган. Анын иниси Айтмамат менин классташым эле. Ал “Бекмамат аками бекер эле Москвага алып барган экем” деп жүргөн. Бишкектеги, Базар-Коргондогу врачтардын указаниеси менен кеткен да. Ошол жактан тынчыткыла деген указание болгон экен. Бул дагы ушундай имиш имиш. Айтмамат “Москвага алып барбай эле, Анжиянга клиникага алып барбапмын” деп ыйлаган да. Ошол Бекмамат Осмоновдун күчүн кара, КДКга чогулгандарга 5-6 ватманга “Жалал-Абадга Бекмамат Осмонов коюлсун” деп кол койдурулуп, ал Акаевге жетип, анан Осмонов Жалал-Абадга келди. 

А: 90-жылы?

И: Ооба, 90-жылы. Азамат, мен 71деги чалмын, көп числолор эсимде жок, эстегеними айтып атам.

А: Ии, ооба, эстегениңизди айтыңыз.

И: Ошондой жылдар өткөн. 

А: Ошол убактагы белгилүү активисттер, кийин депутат болгон Өмүрбек Текебаевди жакшы тааныйт экенсиз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?

И: Өмүрбек өзүнүкүн бербеген өжөр жигит да. Азыр Германияда жүрөт. Келген сайын чайлашабыз. 8-класс окуучуларын пахтага чыгарбай койгон, “Менин балдарым экзамен тапшырат” деп. Ал убакта пахтага чыкпаган “Как враг народа” болчу. Өзүнүн классында сабак берип отуруп алган. Өзүнүкүн бербеген көк да. Ошентип дүң болгон. Биринчи Жогорку Кеңешке шайлоого аттанганда эле Өмүрбек талапкерлигин Базар-Коргондон койгон. 11 адам койсо керек эле Базар-Коргондон. Өмүрбекке против Айкөкүл Мырзакаримов, башка чоңдор Өмүрбекти сындырабыз дешти. Биринчи турда Өмүрбек 76.13% баарын жыгып түштү. Сүйлөгөндө сүйлөйт да ал.

А: Текебаевди эмне себептен колдошту?

И: Баары “Партия, партия” деп эл ошого көнгөн экен да. Анан бир жигит чыгып, “Мунун баары туура эмес” деген да. Агитацияны кантип кылууну деле билбейбиз. Сары москвичибиз бар эле. Аны дөңсөө жерден жүргүзчүбүз. Тегиз жерге туруп калса, уялып, эл кеткиче күтүп, анан түртүп от алдырабыз аны. Ал машинада ЖКга талапкер Текебаев отурат, хехе…

А: Ошол убакта кандай маселелер көтөрүлчү эле?

И: Анчалык маселелер деле эсимде жок. Текебаев коммунисттик партиянын кемчиликтерин аябай окуп, даярданып жүргөн экен да. Бул баланын бир нерсе окубай сүйлөгөнүнө таң калам да. Кандай суроо бербесин, сразу жооп берет. 76% ашкан Текебаевге ооздору ачылып калды. Акча чачкандары канча. Ошол убакта эле Өмүрбек политически подкованный экен эле.

А: Шайлоо кандай өткөн?

И: Азыркы шайлоого караганда таза өткөн. Ал убакта элдин кыйтырчылыгы жок эле. Биз ар бир участокко экиден адам койгонбуз, түнү күнү караган да. 

А: Ал адамдарды кантип топтодуңар эле?

И: 2 айдын ичинде биз жигиттердин баарын КДКга өткөрүп алдык да. Мен өтөм деп келишкен баары?

А: Текебаев КДКнын атынан чыккан экен да?

И: Ооба.

А: Текебаев кандай иштечү эле шайлоодо? Офис, ресурс, акча керек да?

И: Жол кире тапсак, биз бай элек. Депутаттыкка талапкер Текебаев бензинге зорго акча таап атты. Элестет, жылаңач баатырлар болчук. Текебаев “Кеттик дегенде артыңда 10 адам болушу керек. Ар бир КДКчы 10 адам ээрчитсе Кыргызстанды вдоль поперек алып коёбуз “ дечү. Балдар 1-2 күн мурун участкаларга барып, элдин баарына айтчу. Машинабыздын үстүнө громкоговоритель коюп, жаңылык киргизгенбиз, Өмүрбек физик болчу да. Громкоговоритель менен мен сүйлөчүмүн, үнүм жакшы эле. Өмүрбектин бардык, президенттик шайлоосунда да сүйлөдүм. 

А: 90-жылдары КДКнын мүчөлөрү Үркүндү эскерип, жөө жүрүш кылган экен. Ошого сиз да катышкан экенсиз. Ошол тууралуу эсиңизде калгандарын айтып берсеңиз?

И: Бутубуз жооруп, чечип алып, жылаңайлак басканым эсимде. Эл дагы “КДКчылар келатат” кой союп тоскондору эсимде. Ошол “Өмүр көчү” деген көчтө белге жеткенде Топчуке бизди токтотту. Ошончо узак жолго бардык. Жаш экенбиз, эч ким “Чарчадым” деген жок. Барып сөөктөрдү чогултуп, таш менен көмдүк. Топурак дагы жок экен. Элдер кетип баратып, ачкадан эле өлүп кулай беришкен экен. Адамдын сөөгү экен жөн эле, эркек аялы билинбейт. Аны көрсөң жүрөгүң ооруйт да.

А: Ошондо группада кандай сезимдер болду?

И: Бир нерсени айтып коёюн. Ошол убактагы кыргыздардын жүрөгү өтө таза болгон экен да, азыркыдай эмес. Айтканга оңой болгону менен, барып келүү өтө кыйын да. 

А: Мамлекет, күч органдары кандай кабыл алды?

И: Эч ким эч нерсе деген жок. Алдыдагы ораторлор партияны тим эле шыбап кетишкен да, “Ушундай ушундай болгон” деп. Кайра кайтканда 2 машина болуп кайттык. Быстровкадан өткөндө, Боомго киргенде эстеликтер бар. Ошолор “Өмүр көчүнө” арналган бюсттар. Ошол жерге жазуусун коюп коюшту.

А: КДКнын ичинде 90-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндө сөз болчу беле?

И: Ошол убакта КДКны райкомдо дагы сыйлап калышкан. “Партия уже болбой калды” деген сөздөрүн угуп жүргөм да. Өмүрбек ошондо Ата-Мекен партиясын түздү. КДКнын баары партияларга бөлүнүп кетти. Мен Көлгө кеттим. КДК жоюлуп калып кетти, Дыйкан Ордо калып кетти. Жалал-Абадда 5 адам: Өмүрбек, Жамал деген аял, анын күйөөсү ж.б. бар эле. Өмүрбек өз машинасы менен эл аралап кетет, эч жөн жүрбөйт. Биз жатып алып, устав жазабыз. Өмүрбек кеч келип, биздин жазгандарды оңдойт. Ошентип, Ата-Мекен партиясынын уставы 1 жумада жазылып, Өмүрбек Бишкекке кетип, тез эле партия неметип, бирок съездибиз 32 адам менен өткөн. Ошентип, Ата-Мекенге баарыбыз өтүп кеттик. Ошончо жылдан бери Ата-Мекенде жүрөбүз да. Кээде ойлойм да, ушунча жылдан бери канчасы келип, канчасы кетти атаңын көрү. Костяктар калдык, Өмүрбек чакырса келишет.