
Исмаилов Койчу
Изилдөөчү: Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?
Исмаилов Койчу: Мен Исмаилов Койчу, Нарын облусунда туулгам жана Ат-Башыда, Ак-Моюнда өстүм. Мениң балалыгым жана жаштыгым тоолуу аймакта өттү. Ат-Башыда чоң окуяларга күбө болдум жана бул окуялар менин элдин турмушуна жана саясий жараяндарга болгон кызыгуумду арттырды. Биздин айылда 1930-жылдары Кытайга качып кеткендер көп эле, тээ кулакка тартуу саясаты учурунда эле. Кийин кээ үй бүлөлөр Ат-Башыда кайтып келишкен экен. Биз бала кезде ошол жөнүгдө көп укчубуз, ошондо эле мен ойлончумун, эмнеге биз өз жерибизде кор болобуз деп. 1990-жылдан бери Бишкекте жаңы конуштардын биринде жашайм. Алибетте келерим менен жер ала алган жокмун. Ал убакта Советтик доор аяктап, эл арасында жаңы ойлор, өзгөрүүлөргө умтулуу башталып жаткан учур эле. Элдин укуктарын коргоо жана демократиялык жараяндарга катышуу менин турмуштук жолум болуп калды.
1985-1991-жылдар аралыгында негизинен айыл чарба тармагында иштечүмүн, бирок ошол эле убакта коомдук иштерге активдүү катыша баштадым. Бул мезгил Советтик доордун акыркы жылдары болуп, көп адамдар жаңычыл идеяларды колдоп, саясий өзгөрүүлөргө үмүт арткан убак эле. Бишкекке көчүп келгенибизден кийин жаңы конуштардагы турмуш шарттарды жакшыртуу үчүн коомдук иштерге баш-отум менен кирип кеттим.
Изилдөөчү: Ушул жылдары кайсыл коомдук/демократиялык кыймылдарга/уюмдарга мүчө болдуңуз жана кантип кошулдуңуз эле?
Исмаилов Койчу: Ал жылдары мен Бишкектеги жаңы конуштардагы жашоочулар менен биргеликте элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн түзүлгөн ар кандай коомдук кыймылдарга кошулдум. Мени ошол жылдары «Ашар» деп аталган демократиялык кыймылга кошулуума негизинен элдин муктаждыктары, социалдык теңсиздик жана экономикалык маселелер түрткү болду. Бул уюм жаңы конуштардагы тургундар үчүн жер алуу, турак жай маселелерин чечүү жана улуттук көйгөйлөрдү көтөрүүгө арналган. Бишкекке көчүп келгенде кыргыздар арасында үй-жайсыз жүргөндөр көп болчу, жер алуу жана жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу маселеси курч турчу. «Ашар» кыймылы ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн аракеттенип, мен бул уюмдун жыйындарына активдүү катышып жүрдүм. Мага бул кыймылдарга кошулууга түрткү болгон негизги себеп — жерсиздик жана прописка маселелери болчу. Кыргыздар өз жеринде эле жашай албай, шаарда жашоо укуктарынан ажырап калган учурлар көп эле. Кийинирээк деле көп адамдар жаңы конуштарда жашап, бирок расмий прописка ала алышкан жок, бул болсо аларды социалдык кызматтардан жана укуктардан ажыратты. Бул көйгөйлөр көптөгөн үй-бүлөлөрдүн турмушун татаалдаштырды. Мени ушул көйгөйлөрдү чечүү жана элдин үнүн бийликке жеткирүү эң чоң максатым болчу.
Ошондой эле, улуттук маселе да абдан маанилүү болчу. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары расмий колдонулбай, анын ролу күндөн-күнгө азайып бара жатты. Бул кыргыздардын улуттук иденттүүлүгүн жана маданиятын сактап калуу үчүн чоң көйгөй эле. Мына ушул эки маселе — жерсиздик жана улуттук тил маселеси — менин коомдук иштерге катышуума чоң түрткү берди. Анткенибиз айыл жеринде өстүк, кыргыз тилинде сүйлөйбүз, ал эми Бишкекте кыргыз тили абалы өтө начар эле. Жаштар кыргызча сүйлөгөндөн уялып калган.Оусча билбесен жакрыаак жумушка дагы алышчу эмес. Анан мен ойлончу элем, эмне үчүн кыргыз жеринде туруп мынчалык корунабыз деп. Акыркы жылдары эле кыргыз тилинин абройу өсүп калды, а мурун эгемен алсак деле тилибизди жейрип жүрдукко.
Изилдөөчү: Сиздин бул кыймыл/уюм/платформа ичинде ролуңуз кандай эле?
Исмаилов Койчу: Мен негизинен уюштуруучу жана маалымат таратуучу болчумун. Жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, бийликке жеткирүүгө аракет кылдым. Кээде нааразылык акцияларын уюштурууда да жардам бердим. Мен, чындыкты айтканда, башка мүчөлөрдөй активдүү боло албадым, бирок ар кандай иш-чараларды колдоп, кээде уюштурууга жардам берип жүрдүм. «Ашар» уюмунун ичинде болсо, нааразылык акцияларын уюштурууда жана элди бириктирүүдө маанилүү роль ойнодук. Биздин кыймылдын башкы максаттары социалдык теңдикке жетүү, кыргыздарга турак жай алуу укуктарын камсыз кылуу жана улуттук маданиятты, тилди коргоо болчу. Жерсиздик жана прописка маселелери эң чоң көйгөйлөр эле. Көптөгөн адамдар Бишкектин четине келип, жаңы конуштарга жайгашып, бирок расмий түрдө катталуу укуктарынан ажырап калышты. Бул болсо аларды социалдык кызматтардан, медициналык жардамдан жана балдарын мектепке жөнөтүү укуктарынан ажыратты. Мындан тышкары, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ролу да экинчи орунга чыгып калган. Биз кыргыз тилинин колдонулушун жайылтуу жана аны мамлекеттик деңгээлде коргоо боюнча да аракеттерди көрдүк.
Изилдөөчү: Сиздин кыймыл/уюм/платформа 1985-1991-жылдары кандай окуяларга активдүү катышкан, кандай иш-чараларды, аракеттерди уюштурган (мисалы: митинг, бойкот, жөө жүрүш)? Сиздин оюңузча абдан маанилүү болгондоруна кененирээк токтоло аласызбы?
Исмаилов Койчу: Биз бир нече чоң нааразылык акцияларын, митингдерди жана жөө жүрүштөрдү уюштурдук. Өзгөчө маанилүү окуялардын бири — жаңы конуштардагы жерсиздик маселеси боюнча өткөн митингдер болду. Бул митингдерде жаңы жерлерди мыйзамдаштыруу жана расмий прописка алуу укугу талап кылынган. Ошондой эле кыргыз тилинин улуттук тил катары коргоого алынышы боюнча да иш-чаралар болду. Биздин кыймыл көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жашоонун жакшырышына чоң салым кошту.
Изилдөөчү: Кыймылдын ички уюмдашуусу кандай эле? (Уюмдун мүчөлөрүнүн иденттүүлүгү кандай эле? Жаңы мүчөлөрдү, ресурстарды кандай жолдор менен мобилизациялоо ишке ашырылчу?)
Исмаилов Койчу: «Ашар» кыймылынын ички түзүмү жөнөкөй эле. Көпчүлүк элдик демилге менен келген мүчөлөр болчу. Жаңы мүчөлөр көбүнчө ооздон оозго сүйлөшүү жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү талкууларына катышуу аркылуу кошулушчу. Ресурстарды чогултууда ар ким өз колундагы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулап, өз каражатын бөлүп жүрдү. Эл арасында ишеним чоң эле, ошондуктан жаңы мүчөлөр ыктыярдуу түрдө кошулуп турушту.
Изилдөөчү: Кыймыл/уюм/платформа коомго кандайдыр бир билдирүүнү кантип жеткирчү эле?
Исмаилов Койчу: Биздин билдирүүлөр негизинен түздөн-түз эл менен жолугушуулар аркылуу жеткирилчү. Эл чогулган жерлерде жыйындар өткөрүлүп, маселелер боюнча пикир алмашуу болчу. Андан тышкары, гезиттерге макалалар жазып, радиодон чыгып, бул маселелерди талкууга чыгарганбыз. Проблемалардын масштабын коомчулукка жеткирүү үчүн ар кандай каналдарды колдонууга аракет кылдык.
Изилдөөчү: Кыймыл/уюм/платформа Кыргызстандын ичиндеги же СССРдин башка өлкөлөрүндөгү демократиялык кыймылдар менен байланышы бар беле?
Исмаилов Койчу: Ооба, биз СССРдин башка республикаларындагы демократиялык кыймылдар менен байланыш түзүп, тажрыйба алмашып турчубуз. Бул байланыштар эл аралык деңгээлдеги кыймылдардын таасири менен биздин өлкөдөгү демократиялык жараяндарды активдештирүүгө жардам берди. Мисалы, Казакстандагы бир кыймылы менен байланышта болдук, ал эми өзбек активисттери менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Кыймылдын мүчөлөрү көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушту. Мамлекеттик бийликтер башында бул кыймылдарга ишенбестик менен карап, кээде тоскоолдук жаратышты. Милиция жана башка мамлекеттик органдар митингдерди жана жөө жүрүштөрдү көзөмөлдөп, кээде катышуучуларды кармоо аракеттери да болгон. Бирок элдин талабы күчөп, маселе мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлгөндө гана бийлик тараптан жооптор келе баштады.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алуудагы негизги себептердин бири — элдин көп жылдар бою топтолгон нааразычылыгы жана улуттук кайра жаралуу идеясы болду. Совет бийлигинин адилетсиздиктери, экономикалык жана социалдык көйгөйлөр элдин нааразычылыгын күчөттү. Эл өз тагдырын өзү аныктоого умтулду жана улуттук иденттүүлүгүн сактоо үчүн чоң күрөш жүргүздү. Демократиялык кыймылдар жана активисттер бул процесске чоң салым кошту.