
Эмил Каптагаев
КАПТАГАЕВ: Көп маселелерде окумуштуулар өз ойлорун ачык айта алчу. Ошондон уламбы, академияда өзгөчө атмосфера бар эле. 87-жылы комитет комсомолдун мүчөсү болчубуз, секретарь Акматалиев Алмаз эле. Ошол кезде жаштар биригип, ушул маселелерди талкуулап, бейформал бир түзүм пайда болуп калды. Түзүмгө сырттан дагы адамдар келе башташты. Мелис Эшимканов, Бермет Маликова өңдүү журналисттер да биздин катарга кошулду. Ошол топ 87-жылдан баштап «Ашардын», «Асаба» партиясынын, ДДКнын түзүлүшүндө рол ойноп, ошол топ уютку болуп жүрдү. Мына ушундай кырдаалда 87-жылы саясатка аралашып калдык.
Дагы бир чоң түрткү эмне болду? 85-жылкы чоң «перестройка», «гласность», айкындык саясаты деп чыгышты. Ал эми ошол эле «перестройка», айкындык саясаты биздин Кыргызстанда такыр эле ишке ашпай дымып туруп калды. Башка республикаларда бизди «неизвестная республика» деп, жымжырт дей башташты. Мына ошол нерсе бизге, жаштарга саясатка аралашканга түрткү берди. 87-жылы советтер союзунда биринчи жолу жергиликтүү кеңештерге альтернативдүү шайлоолор өтө баштады. Мурда болсо партия аныктап койгон сетка менен шайланчу, бул округга бул депутат болот деп. Ошондо эркин шайлоого мүмкүнчүлүк бергенде баарыбыз ар кайсы жерге коюп, Ленин районуна Акматалиев депутат болуп шайланды.
«Неизвестная республика» дегенге ардандык. Бул бизге абдан катуу тийчү. «Алардан эмнебиз кем» деп. Аларда болгон көйгөй бизде деле бар, аларда чечилбей аткан маселе бизде деле чечиле элек, бирдей эле. Тил маселеси, социалдык, экономикалык, саясий маселелер окшош эле. Ошол эле маселелерди алар Москвада союздук деңгээлде көтөрүп атат, а биз эмне үчүн көтөрбөйбүз.
Жаштык дем бар да, 87-жылдын аягында биринчи жолу, республикалык жетекчиликти компартиянын саясаты, айкындуулук, перестройка, Горбачёвдун саясаты биздин өлкөдө жүрбөй жатат деп күнөөлөп, Масалиевди кетсин деген талапты биз койдук да. Ошол көп резонанс жаратты. Анткени андай нерсе эч жерде ачык айтыла элек болчу. Андай болсо Масалиев кетсин деп академиянын жаштары биринчи айтканбыз. Ошо менен 87, 88, 89 — жылдар бою саясий процесстер улам өрчүп баратты.
ГҮЛЗАТ: Ошол жылдары 30дан ашык ар түрдүү уюмдар, кыймылдар болуптур. Сиз кайсы кыймыл же уюмдун мүчөсү болдуңуз? Силердин уюмдун башкы максаты, талаптары эмне эле?
КАПТАГАЕВ: Биз негизинен бейформал, катталбаган уюм элек. Сырттагылар бизди «академиялык топ» деп коюшчу. Негизги лидерлери Райкан Төлөгөнов, Алмаз Акматалиев философия институтунда илимий кандидаттар. Ошол академиялык топтун ичинде жүрүп 89-жылы жер басып алуулар башталганда, жер басып алуу кыймылына аралашып, Ашар коомун түзгөнгө тикелей туруп, уюштурганбыз. Ашар коомунун 1-уюштуруу курултайын өткөрүп, төрага болуп мен шайлангам. Ашардын төрагасы болуп Усупов Жумагазы шайланды. Мен ага уюштуруу иштери боюнча орун басар болдум. 89-90-жылдары негизинен Ашардын иштери менен отуруп калдык. 90-жылы Асаба партиясы түптөлө баштады. 1990-жылдын 25-майында Кыргызстан Демократиялык Кыймылы негизделди. Ошолордун баарында академиялык топ уюштуруу иштеринде жигердүү катышып, көпчүлүк учурда демилгечи болуп жүрдү.
ГҮЛЗАТ: Ашар уюмунан кийин биринчи жер басып алуулар болуп жатат да. Жаңы конуштар кантип пайда болуп калган?
КАПТАГАЕВ: Жок, жаңы конуштар кийин пайда болду. Ак-Өргө, Маевка, Көлмө жайгашкан жерлерге байланыштуу Ашар коому негизделген. Кийин улам башка жерлер кошулуп отуруп жаңы конуштар абдан көбөйүп кетти да. Эң көп жаңы конуштар 2005-жылы революция болгондон кийин пайда болду. 2005-жылкы революциянын шарданы менен шаарга абдан көп киши агылып келип, ошонун баарына жер берилип, жаңы конуштар пайда болгон.
ГҮЛЗАТ: Ашар жөнүндө кененирээк айтып бересизби. Анын пайда болушунун себеби эмнеде эле?
КАПТАГАЕВ: Биринчи эле ушу турак жайдан башталган. Улуу муундагы ар бир Бишкекте жашаган адамдан сурасаңар бардыгынын жашоо шарты бирдей эле. Бардыгынын үйү жок, ар кимдин тоокканадай болгон кепелеринде батирде жашап жүрүп үйгө ээ болгон. Эски муундун бардыгы эле бир кичине бөлмөдөн турган үйдө тыгылышып жашаган. Ошол кезде Бишкекте кезекке туруп үй алыш үчүн же жумушка орношуу үчүн борбордо, жакынкы райондордо каттодо «пропискада» туруш керек болчу. Ал эми айылдан келгендерде андай каттоо жок. Демек уй алуу, жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Жаштар шаарга келип окуусун бүтүп кала берет да. Ошолор көбөйүп отуруп, критикалык масса чоңойгондо бардыгынын үйү жок, уй алуу мүмкунчүлүгү дагы жок, келечекте перспектива дагы жок болчу. Ошондон улам 89-жылы стихиялык түрдө башталып кетти.
10-микрорайондун үстүндөгү, азыркы Кара-Жыгач турган жердеги бошуураак жер тилкелерин басып алып «ушу жерге үй салабыз, бизге бергиле» дешкен. Маевка жак, Бах көчөсүнүн жогору жагы дагы ошондой болуп кетти. Биздин академиялык топтун аралашканы, буга чейин Тбилисиде, Вильнуста атайын провокация кылып туруп тынчтык митингге чыккандарды куралдуу басуу, куралдуу таркатуу орун алган. Ушул жерден дагы провокация болуп күч колдонулуп кетпеши үчүн алдын алуу үчүн ар бир басып алган жерлерге бөлүшүп, элдин арасында провокация болтурбоо аракетин көрдүк. Бара-бара топ-топ болуп уюшуп жүрүп элдик фронт түзүү пикири бар эле.
Коммунисттик партияга альтернативдүү саясий кыймыл түзүүнүн үстүндө иштеп жатканбыз. Ушул максат менен Прибалтикага байланышка чыкканбыз. Ал жакка биздин Райкан Төлөгөнов, Кубан Исмаилов баш болуп барып келишкен. Алардын идеясы, идеологиясы бизге ылайык болуп, бизде дагы алардыкындай кыймыл болсо деп калганбыз.
Ушул үйсүз болгон социалдык база чоюң кыймылга негиз болот деген ой-пикир жаралып, ошонун үстүнөн иштей баштадык. Бул идеяларды ишке ашыруучу уюмга айлантууну ойлоп отурдук. Бул оңойго турган жок, себеби ар кандай ойлор болду. Бизге жер, үй эле керек, саясатыңардын кереги жок, саясатыңарды озунор кылгыла деген сөздөр, талаш-тартыштар болду. Бирок уюм түзүү оюу уламдан алам бышып, күндө жолугушуу, күндө митинг, күндө талаш-тартыш болуп, аягында бир коом болуп, өз укугубузду коргой ала турган, үй куруучулардын укуктарын, алардын мүдөлөрүн чече турган, алдыга жылдыра турган коом, уюм керек дегенге келдик. Уюм уюштуруу ишинин үстүнөн иштедик. Аты боюнча ар кандай ойлор болду. Ашар деп ошондо мен сунуш кылдым. Илимдер арадемиясында мен комсомол секратары болуп калгам, жергиликтүү кенештин депутаты болчумун, ошондо уставын жаздык. Ошол жерде долбоорлор жазылып, сунуштар айтылып, оңдолуп кайра жазылып жүрүп отуруп анан 89-жылы июндун 15тери болсо керек, уюштуруу курултайы болуп, Ашар коому түптөлдү.
Ашар коому Кыргызстанда каттоодон өткөн биринчи коомдук уюм. Ал каттоодон өткөнү өзүнчө бир чоң эпопея. Анткени каттоо шарты жок болчу. Азыркыдай коммерциялык эмес коомдук уюмдарды каттоо мыйзамы да жок болчу. Бирок ошол Ленин райондук аткаруу комитетинде Ашар коому каттодон өтүп, биринчи өзүнүн мөөрү, банктык эсеби бар уюм бул – Ашар.
ГҮЛЗАТ: Ошол учурдагы уюмдар, кыймылдардын бири менен байланыш механизми кандай эле? Сиз айткан Балтика өлкөлөрү, Украина менен байланыш механизмдери бар беле?
КАПТАГАЕВ: Механизм жок болчу. Азыркыдай тегерек үстөл өткөрүү ж.б. сыктуу негизинен жок болчу. Жеке байланыштардын негизинде болуп жатат. Ошол кезде эң жигердүү уюмдардын бири жаш тарыхчылардын ассоциациясы, Тынчтыкбек Чоротегин жетекчилик кылып уюшулган. Андан кийин Мемориал ж.б. уюмдар пайда болду да.
Ошол бейформал уюдардын башын бириктирип, механизм түзөбүз деген ой менен биз 89-жылы август айынын башында академиялык топтун демилгеси менен Москвада, Ленинградда, Россиянын башка шаарларында, Кыргызстандын Ош, Каракол, ал кезде Пржевальский шаарларында, Бишкектеги ошол кезде пайда болуп калган студенттик уюмдардын лидерлерин чогултканбыз. Ошол студенттик кыймылдын адамдарын чогултуп, 30дай киши Ошко барганбыз. Ошто бейформал уюмдардын максаттарын түшүндүрүү максаты менен Ошко барганбыз. Өзгөндө, Кара-Сууда, Совет району (азыркы Кара-Кулжа), Арсланбапка чейин барып, элге жолугуп, бир топ жолугушууларды өткөрдүк. Бейформал уюмдардын максаты бул элге жамандык, кыянаттык кылуу эмес, республиканын өнүгүшүнө, элдин келечекке карай умтулуу, жаштардын максаты ушу деген ойду айтып чыкканбыз. Буга себеп болуп анын астында эле биздин Борбордук Комитеттин лидери Абсамат Масалиев ушу бейформал уюмдар азыркы сөз менен айтканда «эл бузарлар» деген сөздөрдү айта баштады. Биз ошону элге жеткизип 89-жылы чоң акция кылганбыз. Негизин айтканда прецеденти жок окуя болчу. Биз өзүбүз бейформалдуу уюмдарды чогултканбыз. Кызыгы ошол акцияны уюштуруу чыгымын толугу менен биздин комсомолдун борбордук комитети төлөп берген, б.а. партиянын акчасы да.
Ошкого барганда Аликбек Жекшенкулов комсомолдун биринчи катчысы эле, ал бизди тосуп алып, бизге татынакай чоң автобус берди. Ошол автобус менен кыдырганбыз. Барган жерлерде мейманкана, жаткан жерлер, кафе, лагерлердин баарын комсомол аркылуу уюштурганбыз. Анткени ал кезде биздин академиялык топтун лидерлери болгон Акматалиев, комсомолдун борбордук комитетинде иштеп калган Мелис Эшимканов бар эле. Ашыралиев Бакыт деген биздин топтун мүчөсү комсомолдук зоналдык мектептин директору болуп калган. Мен академиянын комсомолунун биринчи катчысы болуп калгам. Комсомолдун лидерлери болуп калып, биз комсомолдун желеги асты болгондой болуп, бейформал уюмдар менен элге чыгып, партиянын көз карашы туура эмес, биз эл бузаарлар эмеспиз, тескеринче элдин келечегин ойлогон жаштарбыз деген сөздөрдү айтып чыкканбыз.
Кызыгы элдер талаада иштеп жатса деле топурап барабыз, 10-15 киши чогулуп калат. Анан аларга сөзүбүздү айтабыз, анан бир чакан концерт бере коёбуз. Ошол концертте азыр 1-радионун жетекчиси болуп жүргөн Таалайкүл Сыдыкбекова, кыйын ырдаган студентка эле, чыгып ырдайт. Бир кыяк, комуз черткен балдар Жалал-Абаддан кошулуп калган. Менин эсимдегиси Өзгөн шаарында маданият үйүнө эл батпай калган. Ошол жерде 3-4 саат элге болуп жаткан саясат, айкындык, перестройка саясаты тууралуу тууралуу түшүндүрмө бердик. Башка жактарда кандай жүрүп жатат, бизде эмне үчүн жылбай жатат, бейформалдуу уюмдардын максаты эмне деп, аягында биздин студенттер ырдап концерт берип анан тараганыбыз эсимде. Ошол кездеги буркан-шаркан болуп кайнап жаткан замандын агымында болуп калдык.
ГҮЛЗАТ: Азыр финансы маселесин айтып кетпедиңиздерби, дегеле, уюмдардын баары каражатты кайсы жактан алчу эле? Журналисттер, самиздаттын редакторлору, уюмдун ичиндеги каражат маселеси кандай эле?
КАПТАГАЕВ: Баарын айта албайм эми. Биз бир чоң акцияны комсомолдун акчасына жасаганбыз. Ал эми Ашардын ичинде болсо взнос системасын киргизгенбиз. Ар бир мүчөсү 10 сом болсо керек эле, взнос төлөйт. Ошол взностордон Ашар коому жашачу. Эл абдан көп болчу, взностордон тышкары чогулган акчага өзүбүз машина сатып алганбыз. Ошол машинаны Жекшеевдин атына каттатып, кийин бир окуяда ошол машинаны Жекшеев өзүнө алып алган деп иш козголуп, бирок ал жерден жактап чыкканбыз. Ашарга кысым катары далай нерсе болду да. Ошол негизинен каражат взностор анан балким кайсы бирөөлөрдөн спонсорлук жардам болгон. Чоң деле спонсор жок болчу. Кээ бирөө келип жакшы иш кылып атасынар деп 5-10 сомдон таштап кеткен учурлар болчу.
ГҮЛЗАТ: Ошол учурда сиз академияда эмгектенсеңиз, президенти же институттун директору кандай кабыл алды?
КАПТАГАЕВ: Негизи академияда демократиялык дух бар болчу, башкача маанай болчу. Биринчи будуң-чаң башталып, ал кезде КГБ, ар кандай кызматтардын кысымы болуп жатканда мен комитет комсомолдун катчысы элем. Академиянын вице-президенти академик Турар Койчиев чакырып калды. Чынын айтканда ал киши кескинирээк айтып «болбойт, же окумуштуу болуш керек, же бейформал уюмдарга лидерлик кылып, аларды жигердентип жүргөн туура эмес» дегендей ойлорду айтты. Ал кезде Аскар Акаевич академиянын президенти болчу. Ал Москвада сессияда жүргөн. СССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган да. Бир аз күндөн кийин ал киши келип калып, Аскар Акаевич чакырып жатат деп айтышты. Мен барсам “эмне болуп жатат?” деп сурады. Менимче айтышкан окшойт, Турат Койчиев деле мени жөн чакырган жок да. Компартиядан же КГБдан атайын запискалар болгон болуш керек, мына силердин кызматкер жаштарды жигердентип түрткүлөп жүрөт деп. Толук түшүндүрүп бердим, кандай максатты көздөп жүргөнүн айтып. Аскар Акаевич каршы болгон жок, ал киши туура түшүндү. Мен тескери нерсе көрө алган жокмун, тескерисинче жаштар жигердүү болуп өз укуктарын, маселелерин айтып чыгыш керек деп колдоду.
Ал киши өзү Москвада Сахаров баштаган депутаттык топтун мүчөсү болчу. Ал абдан радикалдуу ойду айтып, партиянын негизги саясатын колдоп, бирок жер жерлердеги партиянын бөлүмдөрүндөгү кысымдарга каршы болуп, демократиялык нукта радикалдуу ойлор айтылган топ болчу. Бут советтер союзун ойготуп жаткан ошол Сахаров жетектеген СССР Жогорку Кеңешиндеги депутаттык топ эле. Ошо жактагы маанай таасир эттиби мага каршы чыккан жок. Бир гана нерсе Ашардын документтерин мага берип койчу деди. Андай кийин алып барып бердим. Бул маселе боюнча Аскар Акаевич менен жолукканда сүйлөшкөн дагы жокпуз.
Мага каршы академиянын жетекчилигинен эч кандай кысым болгон жок. Тескеринче ошол кездеги институттун директору Абдыганы Эркебаев ачык эле колдоп, көп маселелер боюнча өзүнүн оюн айтып, кээде биздин жыйындарга да келип калчу. Ошол кездеги улуу окумуштуулар, анын ичинде Салижан Жигитов көп келчү. А түгүл Асаба партиясын уюштураарда академиялык комитет комсомолдун чечими менен «Кыргыздар жана кыргыз тарыхы» деген дискуссиялык клуб уюштурганбыз. Ошол клубдун жыйындарына Ашарда жүргөн завод, фабрикалардын жумушчу балдарын көп чакырчыбыз. Кичинекей зал толтура болчу. Салижан Жигитов 3-4 жолу доклад ирээтинде сөз сүйлөдү. Бул сөздөрдүн негизгиси эле кыргыздардын маданияты, тарыхы жөнүндө, келечеги жөнүндө болду.
Негизинен жигерденте турган, улутчулдук ойду ойгото турган сөздөр, талкуу-талаштын баары ошол нукта жүруп жатты да. Мына ошондо жумушчу жаштардын көздөрү күйүп, энергия алышып, «биз улуттун кайра жаралуу партия түзүшүбүз керек» деген идея ошол жерден бышып жетилип, ошол дискуссиялык клубдун ичинен чыккан. Кийин Асаба партиясынын уюштуруу тобу түзүлүп калды да. Мындай алганда академиялык жетекчилик ошол кездеги бейформал кыймылга, Ашар кыймылына же андан кийинки КДКнын түзүлүш идеясына негизинен колдоо көрсөткөн.
ГҮЛЗАТ: Ошол убактагы коомдук лидерлер жөнүндө айтып бересизби? Коомдук лидерлерден, жазуучулардан кимдер колдоп кимдер каршы болгон?
КАПТАГАЕВ: Тикелей каршы чыккандарды мен чынын айтканда, билбейм. Мисалы, коммунисттик партияга альтернативдүү улуттук кайра жаралуу партияларды түзүүгө каршылаш атаандаштар чыккан жок. Болбойт деп кескин айткандар болгон жок. А түгүл, кайсы бир деңгээлде ошо кездеги компартиянын идеология боюнча катчысы Медеткан Шеримкулович менен деле конструктивдүү негизде жолугушчубуз. Ал киши кайсы бир деңгээлде колдоо көрсөткөндөй эле болду. Анткени биздин академиялык топтун лидерлеринен 4-5 кишини ал киши менен айына 1-2, кээде 5-6 жолу кабинетине чакырып, шашпай олтуруп сүйлөшчүбүз, талашчыбыз, дискуссия болчу.
Партиянын саясатынын Кыргызстанда аткарылып жатканын, аткарылбай жатканын аябай катуу талкуу кылчубуз. Партиянын ролу боюнча аябай чоң маселе туруп калган. СССРдин конституциясында компартиянын жетектөөчү ролу жөнүндө берене бар болчу. Биздин коомдо компартия жетектөөчү ролго ээ деп атайын жазылган, 6-берене болуш керек эле, бар болчу. Ошол беренени алып салуу деген дискуссия союз боюнча аябай катуу болуп жаткан. Акыры барып алынды.
Ошонун тегерегинде биз Медеткан Шеримкулович менен дагы көп жолу дискуссия, кабинетинде отуруп мини дебаттарды өткөдүк. Балдар силердики туура эмес деп деле столду муштап, силерди каматам деген жок ал киши. Кандайдыр бир деңгээлде жумшак түрдө өзүнүн акылын, кеңешин айтып жатты. Көп маселелер боюнча биз макул болгон жокпуз. Бирок акыры келип бир маселе боюнча биздин оюубуз туура чыкты. Анткени биздин айткан оюубуз келип эле коомдо компартия жалгыз болбошу керек, көп партиялуулук болуш керек дегенди айтчубуз да. Жок, балдар, туура эмес түшүнүп жатасыңар, бул партиялык жетекчилик кандай болгон күндө дагы коомдо болуш керек деген ойду ал киши айтчу. А биздин ой пикирибиз негизи эле партиянын саясатына аргументация болчу да. Мисалы үчүн, плюрализм Горбачёвдун саясатынын өзөгүн түзчү. Биз айтабыз, плюрализм бир партиянын ичинде болбойт, партиянын бир эле саясаты бар, коомдо плюрализм болуш үчүн. Демек башка ойду алып жүрүүчү саясий кыймыл, топ дагы болуш керек. Партиянын ичинде плюрализм жок, ал жакта демократиялык централизм принциби деп койчубуз.
Негизинен бизди жазуучулар бут эле колдоп жатышты. Чыңгыз Айтматов менен жолуккан жокпуз, бирок Бексултан Жакиев, Казат Акматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбековдордун бардыгы менен эле жолугуп жаттык. Негизинен алганда, алар партиянын оюн айтып, кескин силердики туура эмес деген жок. Тескерисинче КДК түзүлөт дегенде Казат Акматовду өкүл катары жазуучулардан барат деп өзүлөрү аныктаган. Ошондой эле киномотографисттер союзунан, Төлөмүш Океев баш болгон, Сүймөнкул Чокморов, Мар Байжиевдер менен жолуктук. Салижан Жигитов дагы барса керек эле. Ал жерде деле кескин каршы эмес, тескерисинче бараткан жолубуз, максатыбыз, оюбуз бир экендигин сүйлөшкөнбүз. Мындай айтканда коом ошол кезде демократиялык маанайга, багытка, кыймылга негизинен ооп калган.
ГҮЛЗАТ: Ушул жакта мындай суроо бар болчу да, 1986-1991-жылдарда кыймылдарда демократияны каалап, көп партиялуулукту каалап, бирок ошол эле учурда СССРдин ичнде калууну каалашчу беле?
КАПТАГАЕВ: Жок, СССРден чыгып кетебиз деген эч кимдин оюнда жок болчу, чынын айтканда. Мен эч кимден «биз СССРден чыгабыз, өзүнчө болобуз» деген ойду уккан эмесмин. А түгүл 90 же 91-жылы беле, СССРде калыш керекпи же чыгабызбы деген элдик референдум болду да. Менимче 91-жылы болду, как раз кулаган жылы болду да. Мартта референдум болгондо элдин дээрлик 90% СССР калсын деп добуш беришкен. Бизде эле эмес, бардык союздук республикаларда болгон. Анткени СССР деген килейген мамлекет урап түшөт деген эч кимдин оюна да, түшүнө да кирген эмес. СССР дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет деп баарыбыздын мээбизде мыктай кагылып турчу да.
ГҮЛЗАТ: Ал эми ушул кыймылдардын СССРдин ыдырашындагы ролу жөнүндө айтып бересизби?
КАПТАГАЕВ: СССР ыдырашында тикелей ролу жок. Биз өзүбүздүн маселени айтып, чечип жүрдүк да. СССР бизден көз каранды эмес, өзүнүн ички, объективдүү себептеринен улам кулап калды да, чынын айтканда. СССР эмнеден кулады деген ал өзүнчө маселе. Балким ушулардын баары шынаа болуп кагыла берди, а бирок негизин алганда, СССРди кулатабыз деген коомдук пикир, коомдук агым жок болчу.
ГҮЛЗАТ: Акыркы суроо: ошол убактагы кыймылдардын эң башкы лозунгдары, эң башкы талаптары.
КАПТАГАЕВ: Эң башкы лозунг, эң башкы талап бул — улуттук кайра жаралуу болчу, улуттук тил, маданият. Жана ошондой эле кыргыз улутундагылардын социалдык, турмуш-тиричилик маселелеринин чечилиши. Негизинен маселенин баары ушунун тегерегинде болчу.
ГУЛЗАТ: Сиздин оюңузча Кыргызстандын эгемендик алуусунда бул кыймылдар канчалык роль ойноду?
КАПТАГАЕВ: Ролу чоң. Анткени ошол кездеги республиканын жетекчилигине асты жактан эң кучтуу тирөөч дагы, түрткүнчү
к болуп турган дагы ошол кыймылдар болчу да. Мисалы үчүн копмартия өзүнүн оюн ачык айткан жок, дымыган боюнча эле калды да. Башка эмне бар эле, профсоюздар эмдигиче эле дымып жатып, өзү менен өзү жок болду. Комсомол партиянын астында өз алдынча оюу жок, партиянын жаштар канаты сыяктуу эле уюм. Мындай өз оюн, пикирин ачык гана айтпастан, алдыга жылдырып түртүп жаткан бейформал уюмдар, ошолордун негизинде тузулгон КДК болду.
Бул Ракыя эжеңер, ошол кезде Ашар уюшулуп жаткан кезде КырТАг (Кыргыз Телеграф Агентствосу) деген компартиянын маалыматынын чордону болгон жерде иштечу. Ашарда ал кезде компьютер, ксерекс деген азыркыдай мүмкүнчүлүк жок эле. Пишущий машина, эң кыйыны механикалык машина эле, электрический машина жок. Ошондой шартта кыргыз тилин мамлекеттик тил кылабыз деп ошол 89-жылдын август айында биз кол чогултканбыз.
Ошондо барбаган, баспаган жер калган эмес. Республиканы түрмө-түр кыдырганбыз. Ким каякка кетип жатса ошолорду листовка ала кет деп, кошуна, ата-энелерине кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп кол койдур деп таратчубуз. Бир 500 миңдей кол чогултсак керек эле. Ошондо КырТАгда чоң ротатор множитель аппарат бар эле, бөлмөнүн жарымын ээлеген. Ошондон кол коюлган листовкаларды, кайрылууларды Ракыя эжеңер көбөйтүп, ошону алып келип биз активдерге таркатып берип жүрдүк. Көрсө аны КГБ оной эле эсептеп чыгып коёт экен да, кай жактан, кайсы аппарат менен чыгарды дегендерди. Аны көбөйтүп анан Ракыя эжеңерди кармап, жумуштан кеткен. Ошол кездин баатыр эжелериңердин бири мына Ракыя эжеңер.
Ал кездеги тарых аябай кенен. Ошону бир реалдуу, объективдүү кылып жазып коелу деп сүйлөшүп жүрөбүз.
ГҮЛЗАТ: Ашар темасы боюнча дагы бир суроо. Биринчи жолу Ашар Үркүн темасына кайра кайрылып жатпайбы, Өмүр көчү… Андан сырткары мемориал, репрессия курмандыктарын ошол жылдары биринчи жолу карап жатышат, диссиденттер ошол жылдары каралып жатат. Бул темаларга кантип келип калдыныздар эле?
КАПТАГАЕВ: Ашардын чогулушуна келип жаткан эл, активдин баары ар ким ошол ойду, мына Ракыя биринчи келгенде кыргыз маданиятын көтөрүү, кыргыз маданиятында изи бар, аты өчүп калган инсандардын атын көтөрүп чыгуу деген пикирлер болду.
Биринчи келгенде Таттыбүбү Турсунбаева жана башкалардын баары айтылбай калды. Ошонун баарын өзубүздүн улуттук руханий байлык катары көтөрүп чыгабыз деп жалындүү сүйлөгөн. Ар бир келген киши, бири энергетика, бири архитектура, бири башка, ар бири улуттук кайра жаралуунун бир идеясын көтөрүп келе жаткан.
Ошол идеялардын ичинде мени да толгоп жүргөн Үркүн маселеси болчу. Кичинекей кезден угуп чоңойдук да бул үркүн маселесин. Чоң ата, чоң энемдер үркүндүн түздөн-түз катышуучулары. Айтып берсе тим эле жүрөгүн түшкүдөй аңгемелер. Ошондон улам үркүн ортодогу орчундуу темалардын бири болуп калган.
Ортодо көп маселе бар болчу, мен азыркыга чейин мындай бир ойлонуп, кап деген тема бул архитектура темасы. Кандай чоң конкурс уюштуруп, жаңы кыргыз конуштарды жасайбыз деген ойлор бар болчу. Ошондой улуттук стилдеги конуштар болуш керек эле. Чоң конкурстар өткөрүлүп, чоң архитектуралык, генералдык пландар түзүлгөн. Анан тилекке каршы турмуш алмашып кетип, ошонун баары жөн эле калып калды. Азыр жаңы конуш десең бир баткак баскан, кыргыздын артта калган айылын элестетесиң.
Ал кезде биздин элесибизде архитектуралык проекттерде татынакай айылдарды курабыз деген ниет болчу. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болду. Жаңы конуштар аябай көбөйүп, мамлекеттин дагы, элдин дагы алы жетпей,өзүнөн-өзү «самотек» болуп, өз агымы менен кетти. Азыр эми кичинеден ирээттелип келе жатат.