
Эмилбаева Мейликан
Изилдөөчү: Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
Респондент: Саламатсыздарбы, урматтуу замандаштар. Мен Эмилбаева Мейликан Тукеевна, азыркы учурда Бишкек шаарында жашайм. Мен 1980-1985-жылдары Айыл чарба институтун Өзбекстандан бүткөм. 1985-1986-жылдардан баштап Ошто илим изилдөө уюму болгон, «Наука» деген өндүрүштүк бирикмеде илимий кызматкер болуп иштеп жүрдүм. Анан 1989-жылдан баштап Кыргызстанда саясий кырдаал, саясий көз караштар өзгөрүп, коомдогу ар түрдүү аракеттер башталды. Бул процесс Горбачёв бийликке келгенден кийин кайра куруу системасы, кайра куруу идеологиясы башталгандан тартып жалпы эле Союздук Республикаларда саясий кырдаал жана саясий тенденциялар өзгөрө баштады. Эркин сүйлөө, өз оюн ачык билдирүү, анан ошол эле учурда улуттук аң-сезимдин калыптанышы күч алды.
Бул маселеге көбүнчө Прибалтика өлкөлөрү чоң салым кошту. Анткени ошол учурда Союздун курамындагы 15 Республикалардын айрымдары эне тилин унутуп бараткан эле. Мисалы, алардын ичинде биз, кыргыздар, биринчи кезекте турчубуз. Ошого байланыштуу институтта окуп жүргөндө, мектептин акыркы класстарында да мен ойлочумун. Мен Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөм. Райондук жыйындарда кыргыздар толук катышкан чогулуштарды орус тилинде алып барган учурларды көрүп таң калчумун: «Кимге орусча сүйлөп жатышат? Биз Кыргыз Республикасында эмеспизби?» деп. Мага мындай суроолордун жаралышына мектепте саясатка абдан кызыкканым себеп болду.
Дүйнөлүк аренада кайсы мамлекетти президент башкарат, кайсы мамлекетте парламент бийликте экенин жакшы билчүмүн. Анткени бала кезимден көп китеп окугам. Ошондой эле, атам да саясий жактан аябай кабардар болчу. Ошол учурда жалпы Союз боюнча «Правда», «Известие» деген гезиттер чыкчу. Ошол гезиттер ар дайым биздин үйдө болчу. Атам дайыма аларды окуп, өзүнүн ойлорун айтып, кээде орустардын шовинисттик көз караштарын, алардын айрым позицияларын сындап, «Бул орустар кыргызды жок кылат акыры» деп айтчу. Балким, ошол сөздөр бала кезде аң-сезимиме сиңип калгандыр.
Биздин райондо Коммунисттик партияга өтүү үчүн талапкер саясий билимге ээ болушу керек эле. Дүйнөлүк саясат боюнча маалыматы бар болушу зарыл болчу. Ошондуктан менин атам абдан грамоталуу киши болгондуктан, андан келип кеңеш алып, үйрөнүп кетип, анан жаштар партияга өтүп жүргөн учурлар болгон. Алар сүйлөшүп жатканда, мен жаш кыз, ошол сөздөрдү көп уккандыктан, мамлекеттин ичинде болуп жаткан окуялар жана Советтер Союзу деген система тууралуу ар кандай саясий кырдаалдар аң-сезимиме сиңип калган экен.
Ошентип, мектепти бүтүрүп, кийин Өзбекстанда окуп калдым. Оштон тапшырып, борбордук жогорку окуу жайда окууга мүмкүндүк алдым. Бирок ал жерде окуу өзбек тилинде жүргүзүлчү. «Эмне үчүн?» деген суроо туулду. Борбордук жогорку окуу жай деп эсептелгени менен, башка өлкөлөрдөн келген башка улуттун өкүлдөрүнө өз тилинде эмес, өзбек тилинде окууга туура келгени таң калычтуу болду. Ошондо алар: «Өзбекстанга келгенден кийин, кааласаң да, каалабасаң да өзбек тилинде окууга милдеттүүсүң. Бул жакта окугуң келбесе, орусча окуй турган же өз мамлекетиңе арыз жазып кетүүгө болот» деп жооп беришти.
Мен 2-курска келгенде, Ботаника кафедрасынын жетекчиси мага: «Сен МГУга (Москва мамлекеттик университетине) кат жазып көрбөйсүңбү?» деп кеңеш берди. Ошентип, мен МГУга кат жаздым. Анда: «Мени ошол жакка кабыл аласыңарбы? Скрябин атындагы Айыл чарба академиясында окугум келет. Мен отличникмин, бардык талаптарды аткарганга даярмын» деп кайрылгам. Бир айга жетпей жооп келди: «Бизде орун жок. Эгер кааласаңыз, Киевде орун болушу мүмкүн. Ошол жакка барсаңыз болот» дешти. Бирок мен Москвада окугум келгендиктен, Киевге кат жазган жокмун.
Өзбекстанда окуп жүргөндө менин бала кездеги «Эмне үчүн?» деген суроолорум дагы бир жолу тастыкталды. Демек, эгерде эл эркин болсо, өзүнүн оюн эркин айта ала турган болсо, өзүнүн туруктуу позициясы болсо, элди жетектеп аткан жетекчилердин, Өзбекстандагыдай болуп жашаса болмок экен. Өзбекстандагыдай эле өзбек жаштарын улуттук аң-сезимге, улуттук идеологиясына, улуттук өзгөчөлүктөрүнө сиңирип тарбияласа болот экен. Бирок бизде Кыргызстанда андай эмес экен, катуу пикир пайда болуп калды.
Ошентип, ал жакты бүтүрүп келгенден кийин Ошто айыл чарбасы боюнча илим изилдөө, пахтачылык боюнча илим изилдөө борбору бар эле, ошол жерде илимий кызматкер болуп иштеп калдым. Иштеп жүргөндө эле, 89-жылы Казакстанда Желтоксан болуп, ошол окуядагы биздин Кыргызстандагы жаштардын, элдердин аң-сезиминде коомдо бир өзгөрүүлөр, ой жүгүртүү башкача болуп, совет бийлигине, айрыкча орустарга болгон кыжырдануу пайда болду.
Эми ал жакта Желтоксан чыкканы жана коммунисттик партиянын биринчи секретары Колбин деген орус кишинин келип калганы көп нерсеге түрткү болду окшойт казактарга. Ошол учурда ошондой пикир бар эле да, ошондой окуялар, андан сырткары дагы көптөгөн социалдык проблемалар бар эле. Мисалы, биздин Кыргызстанда Бишкек шаарын бүт эле орустар ээлеп алган болчу, ал эми Ош шаарын өзбектер ээлеп алган. Эң негизги борборлорду, шаардын борбордук жерлерин, жакшы жерлерди бүт эле башка калктар ээлейт эле.
Тилекке каршы, Кыргыз Республикасы деген аты менен кыргыздар ар дайым экинчи сорттогу эл катары сезилет эле. Мүмкүн башкалар башкача сезип жүрүшкөндүр, бирок мен ар дайым өзүмдүн кыргыз экениме көп учурда өкүнүп, өксүйт элем ошол учурда. Эмне үчүн мен ошондой чечкинсиз калктын өкүлү болуп калдым? Эмне үчүн мен ушундай коркок, кошоматчы, жасакер, жалтак коз, өзүнүн оюн туруктуу коргой албаган калктын өкүлү болуп калдым? Кыргыз ушунчалык байкуш эл беле? Эмне себептен ушундай даражага жетти? деген суроолор мени жаш кезимен көп ойго салчу.
Айрыкча Бишкекке келип, 1979-жылы абитуриент болуп келгенде, троллейбуска чыксак, кыргызча сүйлөсөң, орустар жаман көрүп карап, «Эмне үчүн өз тилинде сүйлөп жатат?» деп мыскылдап, жаман көздөрү менен карашчу. Ошол убакта гастрономдор көп болчу, кирип «Нан берип кой» деп сурасак, бизди тейлебей коюшчу. Билсек-билбесек деле орусча сүйлөп, продукт алып кетчүбүз. Менин бир классташым бар болчу, ал такыр орусча сүйлөй албайт эле. Ал айтып жатпайбы, «Мен ошол жерден халва алгым келди, бирок айта албай, ала албай чыгып кеттим» деп.
Эгерде орусча сүйлөбөсөң, ал жерде иштегендер, көпчүлүгү орус аялдар, тейлебей коюшчу. Кыргыздар деле орусча сүйлөшчү, бирок андан да жардам болбойт эле. Жөнөкөй бир көрүнүш. Чындап келгенде, ушундай кырдаалдар кичинеден топтолуп отуруп, элдин ичинде кандайдыр бир кыжырлануу, жек көрүү, өзүнүн улуттук аң-сезимине болгон өксөө пайда болот экен да. Бул, мисалы, бир күндө же бир жылда, же он жылда эмес, жылдап Союз жаралгандан бери уланып келген маселе экен. Кыргыз улутунун аты эле бар болгону менен көпчүлүк учурда бийлик системасында бүт эле Москва чечим кабыл алып, Москванын кызыкчылыгын, Москванын буйругун аткарып келген.
Бирок мен тагдырдын тамашасы менен Өзбекстандан кийин Киевде да окуп калдым, анан «повышение», анан «целевая аспирантура» деген багытта билим алдым. Киевге барып да аябай таң калдым. Ал жакта дагы өзбектер, украиндер өздөрүнүн тилинде жазышат экен. Кээ бир лекцияларды украин тилинде окушчу.
Эмне себептен ушунчалык даражада мен ойлонуп жүргөн ойлорум, өксүк жерлерим, кыргызга болгон таарынычым, кыргыз элимдин жөнөкөйлүгү, карапайымдыгы, көз карандылыгы эстелип, өксүк жактарым андан бетер курчуду да.
Изилдөөчү: Биз сизди билебиз да, Түштүк жактагы КДК кыймылынын эң активдүү мүчөлөрүнүн бири болчусуз. Азыр ошол тажрыйбаңыз жөнүндө айтып кетсеңиз. Сиз кайсы жылы ошол КДК кыймылына кошулуп калдыңыз? Анан ошол КДКда негизги ролуңуз кандай эле? Эмне кызмат аткарчу элеңиз? Ошол жөнүндө айтып кетсеңиз.
Респондент: Абдан жакшы. КДК өзү Бишкекте 1989-жылдары уюшулду, анан 1990-жылы Ошто уюшулду. КДКнын биринчи конференциясы өттү. Биринчи конференциясы 1990-жылы, жөн эле Топчубек Тургуналиев барып, ошол жактагы жаштарды чогултуп жыйын өткөрүп, кызыккан адамдарды Төлөн Дыйканбаев деген бар болчу Ошто, ошол кишилер менен чогулуп, жыйналып жатканын угуп жүрдүм. Эсимде, ошол 1990-жылдары Бишкектеги КДКнын борбордук бөлүмүнө кат жазгамын. «Биз дагы КДКны колдойбуз, КДКга кантип мүчө болсо болот?» — деп кат жазган болчумун, бирок мен ал катка жооп алган жокмун. 1990-жылы тааныштар аркылуу же гезит аркылуу бекен, кайдан уктук билбейм, Топчубек Тургуналиевдер келгенде жыйынга келип катышып, ошол жерден анан 1991-жылы февраль айында Кыргызстанда, Ош шаарында КДКнын биринчи конференциясы болду. Уюштуруу, анан кийин иш алып баруу деп чоң конференция болуп, чоң актовый залда 500дөй адам катышты. Ал жерде бүт органдын адамдары, баары келишти. Ошондо мага идеология боюнча, мен чогулуштарда сүйлөп жүргөнүмө карап: «Сен ошол идеологияны алып барганга дараметиң жетет окшойт, идеология жөнүндө доклад жазып кел», — деп дайындашты конференция өткөрөөрдүн алдында.
Идеология боюнча доклад жазып келдим. Менин докладым жарым сааттай созулду. Эсимде, залдын ичи жымжырт укту да, эң аягында Алыкул Осмоновдун «Сен ооруба, ата-журт, мен ооруюн» деген ырын окуп бердим. Бүтөөрү менен элдер аябай кол чаап жиберишти. Менден мурда сүйлөп жаткандар болгон, бирок алар сүйлөп жатканда элдин ичинде отургандар бири-бири менен сүйлөшүп, анчалык көңүл бурушпай атышкан. Эсимде калганы ошол, эч ким менин сөзүмдү бөлгөн жок. Жазып келген болчумун, ошол жазып келген 10 барактан ашык докладды окуп бердим. Элдер ушунчалык жымжырт болуп угуп, анан аябай кол чаап жиберишти.
Ошондо, бир-эки айдан кийин ошол убакта КГБ деп койчу, ошол КГБда иштеген бир тааныштардын кудасы аркылуу мен угуп калдым. «Биз КДКны шарлатандар, кечээ эле Коммунисттик партиянын тепкисин жеген, анча-мынча бийликтен шыпырылгандар, же болбосо эч жерде иштебеген жалкоолор, элдин кадыр-баркына ээ болбогондор, көчөдө жүргөн, эч кандай баркы жок адамдар кирип алган» деген көз караштар бар эле да. Коммунисттик партия көбүнчө ошол учурда КДКны сындайт эле. «Жакшы адамдар кирген жок, партиядан жапа чеккендер, өздөрүнүн туура эмес жүрүм-туруму менен ошондой чөйрөдөгү адамдар кирип алды, өздөрүнүн амбициясын чыгарайын деген ой менен кирди» деген көз карашта болушчу.
Ошол менин докладымды уккандан кийин айтышыптыр: «КДКнын ичинде билимдүү жаштар да бар экен, өз оюн ачык айта ала турган, өз оюн негиздеп, далилдей ала турган жаштар да бар экен» деп. Сени учетко алыптыр деген. 1991-жылы докладдан кийин Коммунисттик партиянын кара тизмесине кириптирмин, азыркыга чейин эле бар деп айтышат. Ошондон баштап анан активдүү кыймыл-аракет башталды. Тез-тез жыйындарды өткөрүп, аралашып баштадым.
Изилдөөчү: Сиз доклад жасадым деп жатпайсызбы, докладыңызда кандай маселелерди көтөрдүңүз?
Респондент: Ал докладда ошол мен айткан нерселер бар. Эмне себептен жаштар, бүгүнкү эл ушул абдан социалдык системаны колго алган, кадр саясаты күчтүү, өтө күчтүү дүйнөлүк система болуп жаткан Коммунисттик партия башкарып жаткан өлкөлөрдө элдин социалдык деңгээли ушунчалык төмөн? Теңсиздик, ошол учурда эле коррупция деген сыяктуу маселелер ошол кезде да бар эле да.
Мисалы үчүн, партия 5 жылдык пландарды койчу. 5 жылдык пландарда мынча адамды иш менен камсыз кылабыз, мынча адамды квартира, үй менен камсыз кылабыз, ден соолугу мындай болушу керек деген маселелер каралчу. Бирок биздин кыргыз жаштары, кыргыз үй-бүлөлөрү көбүнчө сыртта калып, жылдап 5–10 балалуу болгонго чейин Бишкекте жалаң орустардын үйлөрүндө квартирада турушса, Ошто жалаң өзбектердин үйүндө квартирада жашаган кыргыз жаштарынын көйгөйү абдан чоң болчу да.
Жер маселеси, үй салуу маселеси кыргыздар үчүн өтө оор болчу. Ошол жылдары, мисалы, 1980–1990-жылдары бүт айыл жериндеги жаштардын баары жогорку окуу жайларын бүтүрүп келип, көбүнчө Бишкекте же Ошто иштешчү. Жогорку билимдүүлөр көп болчу. Бирок ошол жогорку билимдүүлөрдүн дээрлик 80–90% жаштардын үйү жок болчу. Бишкекте жер маселеси курч болгондуктан, «Ашар» коомунун түзүлгөнү эң орчундуу орунда турчу. Мен ушул маселелерди көтөрдүм, ушуларды коштум.
Эмне себептен кыргыз мамлекетинде туруп кыргыз жаштары «за бортом» калып калды? Кыргыз мамлекети эмне үчүн кыргыздарга камкордук кыла албаса, анда кыргыз мамлекети деп аталуунун кереги бар беле? Биз качанкыга чейин Коммунисттик партиянын же болбосо орустардын диктатордугунун астында, орустардын чечимине көз каранды болуп жашайбыз? Биз өз эркибизди качан айта алабыз? Качан?
Эгерде Коммунисттик партиянын позициясы, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын позициясы кыргыз жаштарына багытталган болсо, кыргыз элинин социалдык жакшы жашоосуна камкордук көрө турган болсо, мынчалык элдин арасында нааразычылык пайда болбойт эле. Жана ушундай уюмдар да түзүлмөк эмес. Биз өз эгемен өлкөбүздө өгөй баладайбыз деп, ушул маселелер козголгон болчу да.
Изилдөөчү: Негизи сиз ошол эң маанилүү позицияны ээлеген киши болчусуз да ошол КДКда?
Респондент: Ооба.
Изилдөөчү: Сиздер борбордогу КДК менен байланыштарыңыз кандай эле? Алар менен чогуу кандай иштерди алып бардыңыздар? Сиздин эсиңизде калган эң чоң окуяны айтып бере аласызбы?
Респондент: Бишкектеги КДКнын жетекчилери Топчубек Тургуналиев менен биз ар дайым байланышта болчубуз. Жыпар Жекшеев менен да жакшы байланышта болчубуз. Алар бат-баттан келип, Ошто жыйындарды өткөрүп турушчу. Ошол жылдары, 1991-жылы, Сыдыков деген депутаттыкка коюлган Ош шаарынан.
Изилдөөчү: Үсөн Сыдыковбу?
Респондент: Үсөн Сыдыков. Ошондо Топчубек Тургуналиев да койгон да. Ошондо биз аябай катуу күрөшкөнбүз, элди аябай үгүттөп, элдерге «жаңы заман келди, жаңы бийлик келди» деп түшүндүргөнбүз.
Эми, 1991-жылы эгемендик келгенден кийин, ага чейин, 1991-жылы Бишкекте КДКнын экинчи конференциясы болуп калды. Ошол экинчи конференцияда КДКнын ичинде саясий партиялар түзүлүшү керек болчу. Анткени КДК деген кыймыл да – коомдук кыймыл. Мунун саясий статусу так эмес, туруктуу уставы, туруктуу позициясы болуш керек болчу. Ал эми кыймылга ар кандай адам убактылуу кирип-чыгып кеткенге укуктуу болчу. Ошондуктан, КДКнын ичинен бир нече саясий партиялар өсүп чыкты.
«Асаба» партиясы, «Эркин Кыргызстан» партиясы жана «Ата Мекен» партиясы түзүлдү. Ошентип, биринчи жолу 1991-жылы КДКнын экинчи съездинде, конференциясында, «Эркин Кыргызстан» түзүлдү. Ошол «Эркин Кыргызстан» партиясына жаштар арасынан чыккан лидер, жаш депутат Өмүрбек Текебаев төрага болуп шайланды. Ошондо жаштардын көбү Өмүрбек Текебаевге өтүп кетти. Баарыбыз ошол «Эркин Кыргызстан» партиясына кирдик.
Ошол учурда Коммунисттик партия ар бир лидердин аркасынан сары изине чөп салып, иликтеп, аңдып турчу. Ар бир жыйыныбызды кайда өткөзгөнүбүздү бүт көзөмөлдөп турушчу.
Менин эсимде, Ош облусунда Юстициянын төрайымы Айтматова бар болчу, азыр генерал Айтматова. 1991-жылы мени кабыл алуусуна чакырган.
Үйдө апам бар эле. Мен анда турмушка чыгып, эки кызым бар болчу. Анан апам «Ий, жөн жүрбөйсүң да, жөн эле койсоң болмок, каяктагы иштерге аралашып жүрөсүң» деп аябай бушайман болуп: «Жөн барба, эми сени камап койбосун! Үч жашар кызыңды жетелеп алчы» деди эле. Ошол кызымды жетелеп барганым эсимде.
Эми ал кезде саясатка аралашуу коркунучтуу болчу да. Мен саясатта 20 жыл өмүрүмдү өткөрдүм.
Изилдөөчү: Ошол жөнүндө айтып бербейсизби? Эмне жөнүндө сүйлөштүңүз?
Респондент: Мен 20 жыл өмүрүмдү саясатка бердим, бирок Кудайга шүгүр, өзүм аябай билимдүү экенмин деп ойлойм. Эч качан мени камашкан эмес. Бирок менин айланамда жүргөндөрдүн баарын камашчу, алып кетишчү.
Сүйлөгөн сөзүмдү билген үчүн, эч кандай мыйзам чегинен чыкпаган үчүн болуш керек.
Кызымды жетелеп барып, Юстицияга кирдим. Ал кезде Юстиция органына чакырылганы элдер аябай коркчу. Тем более, мындай учурларда этият болчубуз.
Кызым үч жашта болгондуктан, бала бакча жок үчүн жетелеп келдим, дедим.
Ал болсо:
— Эмне үчүн сен КДКга кирдиң? Эмне үчүн ушул саясий партияларга кирип, ошолордун арасында жүрөсүң? — деди.
Мен Өзбекстанда окуганымды, ал жактагы жаштардын улуттук аң-сезими кыргыз жаштарына салыштырмалуу жогору жана эркин экенин байкаганымды айттым. Алар өздөрүнүн жогорку окуу жайларында окууну өзбек тилинде жүргүзөт. Биздин Кыргызстанда эмне үчүн ошондой эмес? Өз өлкөбүздө өз элибиз эмне үчүн орус тилинде окуйт? Ушундай суроолорду талкууладык.
Ии деп угуп отурду да, дагы бир нече суроолорду сурады: «Бул ким? Тиги ким?» Бирөөлөрдү сурады. Анан алар жөнүндө да билгенимди айттым: «Таныйм, ошол жакта, өзүнүн иш-жөндөмүн билбейм» — деп. Ошентип, «Макул» деп чыгарып жиберди. Мен аябай таң калдым, ойлогом жаман бир нерсе кылат, жок, ал эже жөн эле угуп, «Бар, бара бер. Этият бол. Сага неге кереги бар ушундай иштерге аралашып? Балдарың кичинекей экен, жөн эле койсоң болот» деген кеңеш берди. Анан чыгып кеттим. Кийин андай көп «кызыл килемдерге» чакырылдым, бирок ошол эжеден мен чыккандан кийин түшүндүм да: демек, мен туура эле жолдомун. Менин кылып жаткан ишим жамандыкка түртө турган же болбосо жаман болуш үчүн, же болбосо жаман максат эмес экенин түшүндүм. Менин апам айтты: «Бүгүн барып эжеңе убада бер, экинчи мындай ишке аралашпайм деп келгин» — деди. Барып келгенден кийин сурап жатпайбы: «Эмне болду?» — деп. «Эч нерсе болгон жок, жөн эле сурады, таанышайын деп жөн эле чакырыптыр» — дедим. Ии деп, алар да коркпой калды. Антти-минтти десем, «экинчи барба, жөн отур» деши мүмкүн эле да.
Изилдөөчү: Бирок сиз айттыңыз да, сиз менен жүргөндөр көбү эле камалды деп. Ушундай кысымдар да болгон. Ошол тегерегиңиздер жөнүндө айтып бербейсизби? Кандай себептерден кысымга түшүп калышты? Кимдер камалды? Эмне үчүн камалды? Сиз өзүңүз ушул камалып жаткандарын угуп, коркуп, мындай кеткенчилик деген сыяктуу бир нерселер болдубу?
Респондент: Мен башынан айтпадымбы, кичинемден эле баягы саясий маалыматы бар болгон үчүн. Анан мүнөзүм дагы кыздарга окшоп унчукпай калбаган, эркин сүйлөп, оюмдагыны бетке айтып чоңойдум да. Ошол мүнөзүм таасир болсо керек саясатка аралашып жүргөнгө. Ошондуктан менин айлана-чөйрөмдө жүргөндөр тууралуу айтып жатпаймынбы, 1991-жылы «Эркин Кыргызстан» партиясы болду. Анан кийин эле «Эркин Кыргызстан» партиясынын 1992-жылдын ноябрь айында 2-съезди болду. Ошол съездде биз экиге бөлүнүп кеттик: «Ата Мекен» партиясы, «Эркин Кыргызстан» партиясы болуп. «Эркин Кыргызстан» партиясына Топчубек Тургуналиев жетекчи болуп калды, «Ата Мекен» партиясына Камила Кененбаева деген аял жетекчи болуп калды. Ал эже азыркы Арабаев институтунда (мурда Жеңпед деп коюшчу) философия кафедрасын жетектеген, кандидат наук эже болчу. Грамотный, саясий жактан күчтүү, Ленинграддан бүткөн эже болчу. Ошол эже менен бирге биз бир партияда чогуу иштешип калдык. Партияда жүргөн учурда, кийин 1994-жылы ал эжени Акаев «азыркы чыгып келе жаткан жаш саясий партиялардын лидерлерин жумушка алабыз» деп, биринчи жолу ошол Камиля Кененбаеваны президенттик аппаратка бир кызматка алып кетишкен. Ошондон кийин, 1994-жылы болсо керек, Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясына төрага болуп калган. Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясын өмүр бою эле оппозициялык багытта кармады, бийликтин ар дайым кемчиликтерин, туура эмес жактарын айтып, ошонун шарапаты менен өмүр бою депутат болуп жүрбөдүбү ал киши.
Ошол партиянын 1992-жылдын ноябрь айында бул жакта жыйыны өттү. Ошол эле 1992-жылдын ноябрдын аяк жагында биз Ошто партиянын чакан жыйынын жасап, мен «Ата Мекен» партиясынын Түштүк региону боюнча төрайымы болуп калдым. Ошондон баштап мен оппозициянын Ош облусунда №1 оппозиционер болуп калдым. Шаардык, облустук жыйындарда коомдук уюмдар, саясий партиялар деген жыйындарга чакырылып, ошол жерде өзүмдүн сөзүмдү сүйлөп жүрдүм дайым. Ошол эле учурда башка дагы партиялардын өкүлчүлүктөрү пайда болуп баштады. Башында нормальный эле жүрдүк. Кийинчерээк Акаевдин бийлиги аябай коррупциялашып, жер маселеси боюнча, Кумтөр маселеси боюнча көп туура эмес чечимдерди кабыл алганда эл арасында нааразычылык күч алды. Ошол учурда «Ата Мекен» партиясы да негизги ролду ойной баштады. Ошол багытта көп акцияларын өткөрдү. Анан Өмүрбек Текебаев менен ошол учурда Куловдун мамилеси бар беле… Кыскасы, Куловду камап койгондо биздин балдар «Ата Мекен» партиясынан «Куловдон колуңду тарт, түрмөдөн бошот!» деген лозунг менен Ош шаарындагы Ош районуна барып, ошол жерде биздин «Ата Мекен» партиясынын балдары турушту. Мен төрайым катары кабар алып, лозунгдарды аларга берип койуп кетсем, тургула деп тургузуп койуп, башка жумуш менен кетсем, элдер көрүп ары-бери өтүп атышкан. Ал жер үч көчө жол, эң транспорт көп өткөн жер. Ошонун ортосунда азыр Каныкейдин эстелиги деп коёт, ошол жерде турушкан. Коомчулукка көп авация жаратты. Тез эле милициядан, 10-бөлүмдөн болсо керек эле, ошолор келип кармап алып кетиптир. Ал убакта телефон жок, колго көтөрүп жүргөн. Анан мага милициядан чалышты окшойт. «Сиз ким болосуз? Келиңиз», – деп. Анан мен барсам, КГБнын подвалына түшүрүшүптүр ал балдарды.
Мени милицияга чакырышты, «Сенин балдарың ошол жакта турушат» – деди. Биздин позициябыз, биздин саясий партиянын уставында бар бул нерсе. Биз коомдо болуп жаткан кээ бир саясий кырдаалдарга өз көз карашыбызды айтып турууга укуктуубуз. Биздин мыйзам да жол берет, биздин Конституцияда деле бар, – деп алар менен тартышып, анан «чыгарып койгула» деп ошол жерден Бишкекке чалдым окшойт. Ошондон кийин балдарды кое беришти.
Андан кийин эсимде, Бакиевдин учурунда болду экинчи бир окуя. Текебаевди Польшада «матрешка» менен кармап алышпадыбы. Ошол учурда интернет сайттар пайда болуп, 24.kg деген күчтүү иштеп баштаган мезгил. Ошондо дагы төрт-бешибиз «Текебаевден колуңду тарт! Бул – Жаныш Бакиевдин атайын уюштурган акциясы! Бул – Текебаевди каралоо жана жок кылуу максатында болуп жатат! №1 оппозицияны жок кылуу аракети жүрүп жатат!» деген багыттагы «Текебаевден колуңду тарт» деп лозунг көтөрүп турдук Лениндин жана Ак үйдүн алдында. Оштогу журналисттер келип, бизден интервью алып кетишти. Бизди эч ким келип камайбыз, же башка жакка алып барабыз деген жок. Бирок ошол учурда биз менен турган балдарды, мугалим болуп иштегендерди, декандары чакырып: «Жөн эле жүрбөйсүңбү же иштен кеткиң келип жатабы?» – деп сурашкан. Анткени мектеп мугалимдери, жогорку окуу жайлардын баары эле бийликти колдошчу да. Алар өз кызматтарынан корккон үчүн сыртынан бизди карап, айтышат эле.
Эсимде, мен саясий партияда 20 жылдай жетекчилик кылып иштегенимде, ошол СНБдан, юстициядан, соттордон, милициялардан отставкага чыгып кеткендер – азыр бийликте эмес адамдар айтышчу: «Силер бар болгула! Силер бар үчүн бийлик да ушунча сакталып турат. Силер болбосоңор, Кудай билет, булар эмне кылып жиберет. Силерге ыраазычылык, азаматсыңар!» – деп. Мен ойлочумун: адамдар ошол нерсени ичинде каалабаса деле, жеке өзүнүн коркоктугунан, өз позициясын ачык айта албаган тартынчаактыгынан улам унчукпай жүрүшөт. Өмүр бою орустардын диктатурасында жашап, ошолордон артык боло албай, бизде репрессиянын 1937-жылдагы үрөй учурган коркунучу генетикабызда сакталып калган. Бул дагы деле элге таасир этет экен да. Репрессия Кыргызстанда өтө катуу болгон экен. Бир эле 1937-1938-жылдары эмес, андан кийин деле – 1950-1960-жылдары да болгон. Разаковго карата мамиле – ошонун далили. Демек, биздин элди бийлик аябай чүнчүтүптүр.
Мен ошондон ойлочумун да, 20 жылдай саясатта жүрсөм, интеллигенция, чыгармачыл чөйрө – баары билимдүү, баары ой жүгүртө алышат. Жашоодогу саясий система кандай өнүгүп, өсүп жатканын, ким туура, ким туура эмес экенин көрүп турат. Бирок айта албагандыгы, башын колтугуна катып алып, сын айта бергенди гана билиши, а чындап келгенде, көкүрөгүн керип, ачыкка чыга албаганы мени өкүндүрчү. Бизде ушунчалык билимдүүлөр көп болчу, интеллигенция, бирок алардын туруктуу позициясы жок, эркин ой жүгүртүүсү жок экендиги мени өкүндүрчү.
Изилдөөчү: Ушуга байланыштуу сизге суроо. Бизде ошол демократиялык кыймылдар кайра куруу менен улай эле башталыптыр да. Анан көп эмгек жумшаптыр активисттер. Бирок ошол эле учурда сырттан мындай көз караш бар экен: «Эгемендик бизге даяр эле болуп түшүп калган, бул үчүн анчалык аракет кылынган жок. Элдин аң-сезиминде эгемендик деген ой деле жок болчу» – деген пикирлер бар. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?
Респондент: Бул көз караштар туура эмес, анткени азыркы жаштар же азыркы элдин көз карашында мүмкүн ошентип айтылып жаткандыр. Ошол учурда элдин көпчүлүгү эле аябай таң калат эле. Мисалы, биздин жүргөнүбүздү, акцияларды, чогулуштарды өткөрүп, биз ошол 1990-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстанда канча президенттик шайлоо, канча айылдык советтерге шайлоо, айылдык советтерге шайлоо, жогорку кеңештерге болгон шайлоолордун баарына активдүү катышып жүрдүк. Мисалы, комиссияларымызды шайлоо комиссиясына киргизебиз, ошол эле учурда өзүбүздүн кандидаттарыбызды коёбуз депутаттыкка кандидат болуп. Ошол учурда элдер менен тынымсыз байланышып, бир күндө бир нече жолу жыйындарды өткөрүп сүйлөшкөн күндөрүбүз көп болгон да. Мен ойлойм, мисалы, жөн эле келип калды десе, билбейм. Мен өзүмдүн жеке көз карашымды, жеке өзүмдүн ошол учурда абалымды айта турган болсом, мен аябай окунучту элем да. Эгемендик келгенде 1991-жылы август айында 3 Республиканың өзүнчө чогулуп алып мамлекеттен жөндөн-жөн эле бизди бошсунар деп коюп, үчөө биригип альянс түзүп алганын көргөндөн кийин Кыргызстандагы кыймылда жүргөндөр дагы, бийликте жүргөндөр дагы өздөрүн талаада калгандай сезишти. Ошол учурдан пайдаланып биз, мисалы, демократиянын шаңынан жаңы баштап, ошол кыймылда саясий партияда жүргөн адамдар абдан кубандык. Эгемендик келди деп калпагыбызды саманга ыргытып, жер-жерлерде ушундай сонун эйфория болду, биз эркин мамлекет болдук деп абдан кубандык, чындап орустардын бийлигинен кутулдук, Кудай буйурса. Өмүр бою кыргыз элинин көз жашы, кыргыз элинин чынчылыгы, оксуп психологиясы Кудай буйурса эркиндикке алып келди деп абдан сүйүнгөнбуз. Ошол 1991-жылдан 1995-жылга чейин Акаевдин бийлигинде көптөгөн жакшы иштер башталды. Мисалы, сомдун өзгөрүшү, тилибиздин чыңдалышы, мамлекеттик тилде сүйлөө башталды жер-жерлерде жыйындарда, ошол учурларда балдардын көбү кыргыз мектепке бере башташты, кыргыз мектептер ачылып баштады Бишкекте, Ошто дегендей. Кыргыз жаштарына жер берүү маселелери көтөрүлүп баштады, ошол кезде Кумтор маселеси башталган, кыскасы 1995-жылга чейин жаштар абдан кубанып, абдан жакшы жүргөн, аябай сүйүнгөнбуз, өтө көп жыйындарга барып, өтө көп адамдардын духун көтөрүп көп аракет кылдык, мындайча айтканда ошол жылдары деги эле ошол саясий эгемендик келгенден бери биздин өмүрүбүз суудай эле акты десем болот. Жапжаш энергичный, бардык билимибиз бар, бардык жагынан жеткиликтүү көз карашыбыз бар, бирок тилекке каршы, бизге окшогондорду бийлик өзүнүн бийлигине аралаштырбады, кошподу. Болгону эң эле биринчи мүмкүнчүлүк депутат болуу эле, мүмкүнчүлүк бар эле, ал дагы эл кандай шайлайт. Эл деле мындай баары бир бийликтен коркот экен, этияттанып, элдин саясий аң сезими бары бир алдынкы ой жүгүртгөн жаштардай эмес экен. Алар бийликтин укуругу күчтүүлүгү боюнча көп кемчиликтерди жашырып жүргөн экен. Мен ойлойт элем да, эл баарын билет, жөн гана ушул шарт болбогон үчүн коркоок, тынч, өзүнө ыңгайлуу позицияда жашай берет деп ойлочу элем, тилекке каршы, эгемендик келгенден баштап биздин элибиздин жүзү ачыкка чыга баштады. Коммунистик партиянын орустардын диктатурасынан коркуп жашаган үчүн баары эле тартиптүү, баары эле ыймандуу, ынсаптуу, билимдүү көрүнчү эле да. Айыл жерлеринде мисалы үчүн 2000-жылдардан кийин барсак, көпчүлүк жаштардын билим деңгээли аябай төмөн. Президенттик шайлоого койгондо 30 миң добуш топтош керек эле да, жер-жерлерден, ар бир райондо, ар бир айылдан алыш керек деген талаптары бар болчу, ошон үчүн адамдар өзү кол коюп, өзү жазып бериш керек эле да, ошондо кол топтогондо фамилия, атын жаза албаган жаштарды көрүп, мен аябай таң калгамын. Ошондой эл анан кантип эле баардык нерсени эстеп калат эле. Ошол багытта өздөрүнүн ой жүгүртүүсү ошол деңгээлде болгондуктан демократиялык кыймыл бекер келип калды, эч ким ойлобогон эле, кокустан келип калып эле кыргыздар эркин болуп калды деген сөз бул жалган сөз, анткени ошонун башында жүрбөсөң, мисалы үчүн ошол демократиялык кыймылдын башында жүргөндөр, ошол башкы саясий партиялар өтө чоң роль ойнодук. 1995-жылдан 2010-жылга чейин аябай эле чоң күрөштөр жүрдү, канчалаган катуу күрөштөр чыкты, коррупциянын катуу күч алышы, шайлоо системасы бутундой акча менен алмашылып калышы, урналар жөн эле, именна шайлоо болуп жатканда саат 8-де свет өчөт, анан урналар алмашат экен. Эмнеси таң калтырган президенттик шайлоодо жана жогорку кеңештик шайлоодо ар дайым көзөмөлчү болбосо, кышта суук мезгилде өтөт го, ошол учурларда свет өчкөндө саат 8-де өчөт. Бул атайын жасалган нерсе да. Бул «случайность» деп айтат. Кыскасы, биздин эгемендик жөн эле келип калды дегенге мен таптакыр кошулбайм, анткени ошол казанда кайнап, ошол саясий идеологиялык күчтө жүрбөгөн адамдар ошентип айтышы мүмкүн. Мен жеке өзүмдүн жөн теримден сеземин, кандай сонун өмүрүмдү өткөрдүм, бирок эч нерсеге жетишпедим. Менин окунганым ошол болду. Биздин элибиз ушунчалык коррупцияланган бийликке, ушунчалык мыйзамды сактабаган сот системасына, ушунчалык элдин көзү көрбөсө, аркамды бору жесин деген саясат менен жашап калган коогойду көрүп, анан бүгүнкү акыбалымыз ошон үчүн бир нече революция кылып атканда, бирок жыйынтыгы дагы деле жакшы болбой келе жаткандыгы өкүндүрүүчү.
Изилдөөчү: Ошол Оштогу демократиялык кыймылдагы эң активдуу жургөн кишилердин аттарын атап кетесизби, сиз менен кошо иштешип кыймылды алдыга жылдырган.
Респондент: 1991-жылы февраль айында КДК нын биринчи конференциясы болгондо ага тор агалар шайланды, тор агалары болуп биринчи Толон Дыйканбаев деген Республиканский КДК нын тортагасы эле Ошто жашагандыгы учун Ошко тор ага кылдык. Гулара Алыбаева деген эжеке бар эле ошол эжекени кошуп тен тор ага кылып шайлаганбыз. Ошол Гулара Алыбаевнанын айланасында биз коп иштештик. Дыйканбаев коп аралашпайт эле ал мен Республикалык тор агамын деп бир аз озун сыртта кармайт эле. Гулара Алыбаева жакшы иштеди, ошол учурда шаарда коптогон ишканалардын ичинде дагы улуттук маселелер которулуп баштады. Бийликке ким келиш керек, эгемендуу болгондон кийин Кыргыздар бийликке келиш керек деп. Эсимде ДОЗ деген ишкана бар эле, жыгачты кайра иштете турган завод ошол заводдо ото чон интртга болуп, мурунку жетекчиси озубек болгон анан ал жерде жаш Россиядан бутуп келген жаш инжинер кыргыз жигиттер коп жылдан бери иштеп бийликке жетпей алардын билими туура келбесе да жетекчиликте жургонун коруп ошол жерде чон коллективдин ичинде чон интрига болуп атканда Республикадан Турсунбек Акун ошол нерсени КДК уюумунун атынан барып, ошол жерде ревизия жургузуп, директорду алмаштырып, кыргыз жигитти шайлап, ошол жерде коптогон жанагындай бийлик болуштурудо, жер болуштуруудо, квартира болуштуруудо коптогон кемчиликтер бар экен. Кыргыздарга карата башкача коз караштагы мамлелер бар экен ошолордун баарын ордуна койом деп Турсунбек Акун аябай коп кызмат кылган ошондо барып. Республикалык КДК дан барып жардам берген. Бизге окшогон жаштар Гулара Алыбаева менен чогу иштешип, тан калыштуусу биздин Ош шаарындагы ак уй деп койсок болот да азыр мэрия болуп калды ошонун 1-этажынан 2 болмолуу сонун чоон каала беришкен. Биз офис кылып КДК
ошол жерде открганбыз.
Изилдөөчү: КДК офиси бар беле ?
Областык
Респондент: Областык, Обком партиянын зданиясында сол крылосунда азыр Ош шаарынын мэриясы отурат ошонун биринчи этажында 2 болмолуу сонун офис беришкен бизге.
Изилдөөчү: Ошол кайсы жыл болуп атат ?
Респондент : 1992-жылы болуп атат.
Изилдөөчү: Эгемендуулукту алгандан кийинби ?
Респондент : Ооба эгемендуулук алгандан кийини.
Изилдөөчү: Ошол эгемендуулукко чейин деле кыймылдар башталганда партиянын жергиликтуу кызматкерлери тымызын колдоп турган дейт, ушундай болду беле ? Сиз байкадынызбы ?
Респондент : Ооба, менин эсимде мурда башкача болсо кийин ошол именна обкомдо отурган адамдар эле Батыраалы Сыдыков ошондо обком эле а Усен Сыдыков ошондо оппозиция болуп калган экен. Усен Сыдыков кандайдыр бир даражада саясий уюмдарды КДК нын жаштарын колдогон позтцияда болуп жургон. Курманалиев деген айыл чарбасын жетектеген киши бар болчу, ошол киши дагы мен мурда наукада иштегем ал киши директор болчу, кийин обком партияга барып калган да ошол жакта иштеп аткаеда мен аркалуу КДК нын лидерлерине анча мынча суйлошот эле.
Силерде эмне иш болуп атат ? Кандай иш алып барып атасынар ?Бизде мындай болуп бара атат бул жакка да озунордун мнениянарды айтпайсынарбы, ушуну озгортсок болот эле деп, оздорунун сунуштарын айтат эле. Бирок аны тигилер укбасын оз алдыбызча эле суйлоштук деп тушунгуло, эч кимге айтпагыла дегендей кылып суйлошот эле. Анан шаардык мериядан Гулара Алыбаева жакшы суйлошот эле Женбеков президент болуп кетти го ошол кишининибир тууган агасы ошол киши ошондо шаардык кенештин тор агасы бекен жээ Коммунистик партиянын 2- секретары бекен, маанилуу кызматта эле. Ошол Гулара Алыбаева менен кооп маселелерди суйлошуп, кээ бир шаарда квартирасы жок адамдарга квартира алып бергенге чоон жардамы тийген. Гулара эже биз болуп барып уй булоолук шарты ото начар кооп балалуу уй булоолорго ошол убакта Коммунистик партиянын курулуп аткан уйлору бар экен ошндон квартира алып бергенге мумкунчулук болгон. Анан жер алууга мумкунчулук болгон. Жер алууга Кыргыздарды кезектерге койууга чон шарт тузулгон. КДК ошондой иштерди жасаганбыз.
Изилдөөчү: Бишкекте жер маселеси эн негизги маселе болуп, шаар кыймылы пайда болгондо “ашарчылар” оздору жаштардын баарынын тизмесин тузуп, анан жаны конуштар пайда болбодубу Бишкекте. Ошто да ошондой нерселер болдубу ?
Респондент: 1990-жылкы окуя баарынын эле эсинде болсо керек, Кыргыз, Озубек урушу болбодубу.Ошол уруш дагы коп жаштарды аябай ойготууга анан агрециясы пайда болууга бийликке карата агрециясы пайда болууга ошол себепкер болгон. Ошон учун да 1992,1993-жылдары Кыргыз жаштарынын жер алууга квартира алууга шанстары болду, коп эмес бирок алышты ошол учурда, ошол жагынан жардам болду. Шаардын ичинен болбосо да шаардын чекелеринен жер алышты. алганга жардам тийди. Анан кызмат алганга жардам тийип жатты завод, фабрикаларда.
Изилдөөчү: Акыркы суроо силерге. Миасл :кыймылдатууда дайыма эркек киши коп катышат, аял киши сейрек катышат. Анан сиз озунуздун тажрыбаныз жонундо эске алып айтсаныз Ошто КДК кыймылына жаштар арасында кыздар, кыз келиндер,аялдар коп эле болдубу?
Респондент: салыштырмалуу ошто деле коп эле болду мисалы торайым Гулара Алыбаева болду. Мен идеология секторун жетектейт элем, андан сырткары Замира деген кыз бар болчу Таластык Гулара Алыбаеванын жардамчысы. Андан сырткары: интервю алсанар керек азыр Бишкекте жашайт Бубуайша деген кызыбыз бар эле ал дагы Ошто КДКда башында чогу болгонбуз кийин андан кийин Бишкеке баса берди окшойт же Росияга кетти окшойт. Ошондой кыздар болгон. Мастура деген кыз бар болчу, ал кыз калып кетти. Карасуулук болчу. Ушул кыздар активдуу болду. Ошто торайымыбыз аял киш болгон учунбу кыздар активду болчубуз. Бишкекте деле бар, Бирок Бишкекте эркектер коп болчу.
Изилдөөчү: А силердин озунордун басылманар болчубу? Гезит же баракча чыгарган.
Респондент : 91жылы же 90жылы “Майдан” деген гезит чыккан. “Майдан” ошол КДКнын негизги информационный борбору эле. Ошол “Майдан” ото коп адамга аң сезимин ойготконго жардам берген. Жана демократиялык кыймыл келгенде ошол гезиттер аркылуу коп маалыматтарды угуп.
Андан кийин “Асаба” айрыкча Мелис Эшимкановдун гезити коптогон адамдарды чындап ойготкон. Бейбечаралар гезити деген, партиясы дегенди тузгондо андан бетер куч алышкан ошол партиянын мучолору жуз мин деп кеткен. Копчулук саясый партиялар эки миң уч миң болсо, Ошол Бейбечаралар партиясыныкы жуз миң ден ашып кеткен. Себеби жер жерде,үйү жок, иши жок ар кандай жагдайда социалдык, инвалид, орукчан адамдардын чойросундо адамдар баары Бейбечаралар партиясына кирген эсимде. Демек биздин элдин мүнөөзүн карапайым элдин муктаждыгын социалдык проблемаларын чече турган бир кыймылбы же партия чыкса элдер жапа тырмак ошого жабышып калат экен. Демек жашоодо социалдык проблема негизги ролду ойнойт экен. Ошол бийлик канча жолу алмашты, канча революция болду. Ошолордун жыйынтыгы келип жер жердеги адамдардын социалдык пролемалары экономикалык проблемалары туура чечип, туура жолго койулса эле, мынчалык коп саясий кырдалдар коп болбосо керек эле дейм. Тилеке каршы, биздин бийлике келген жетекчиликтин копчулугу деле ошол саясый даярдыгынын жоктугунан бийлике келгенде мурункулардын жолун жолдоп эле, ошол жол менен кете берет экен. Мисалы мен ойлойм, бала тарбиялоо чон проблема болуп жатпайбы. Корсо биз ата эне мектебин отпой туруп, балалуу болот экен биз. Ошол учун бала мене эне атанын ортосунда чон конфликт же туура эмес тарбиянын кесепети келечектеги бийлике келген адам менен карапайым элдин ортосундагы мамиле куду ошондой болуп калыптанат экен. Бирин- бир тушунбой, бийлике келгенден кийин ал бийлөө эмес , кызмат кылуу деген элге. Тилеке каршы, биздин кыргызбайлар аны башкача кабылдайт экен. Ошонун кесепети биздеги корупциянын онүккөнү, криминалдык чөйрөнүн бийлике аралашканы, бул аңсезимдин жанагы бийлике баруунун идеологиянын анан бийлике баруу ото жоопкерчиликтүү нерсе. Мисалы соттор. Соттор адамдын тагдырын чечет, сен туурасынбы же туура эмессинби сени, ак же кара деп чыгат. Камагандан кийин элдер камаганга чейин бул таза жакшы дейсин. Камалгандан кийин ошол жакшы деп жаткан киши, күнөөсү болсо камалат дейбиз, ошол бир демеси бар деп. Демек эмнеге ошондой болуп жатат мыйзамдын иштебегени жоопкерчиликтин жоктугу, бийлике келсе эле “беш күндүгүно жорго мин” дегендей мамиле жасагандыгы, биздин кадр саясатындагы өтө чон кемчилик бар экендигин байкадым. Биз азыр деле мамлекеттик бийлике барыш үчүн даярдай турган мектеп, иниститут жок экен. Тааныш, билиши, же акчасы менен эле. Эсимде 99жылы Ош шаардык кенешке депутаттыка өзум койуп калдым, ошондо биз менен 35 жашка келип калган жигит кандидатуурасын койгон. Чогулушка барып сөз берсе, чыгып суйлоп жатпайбы. Эмнеге депутаттыка койуп жатасынар десе. Мен эми жашым жетти, акча топтодум ошол учун депутаттыка коеюун деп чечтим. Максаты жашы жеткен үчүн эле койуш керек экен. Элдин атынан депутат болом деген адам эмнени сүйлөш керек эле? Мен бул бул көйгөйлор мага тынчтык бербейт, элдин кызматына жарайын деп, ошончо жашап элиме кызмат кылуу учун, билим алдым, тажрыйба топтодум, ошону элимдин жыргалчылыгына жумшайын деген позицияны айта албайт. Биздин бугунку күндөгү депутаттыка койгондор деп кийин эле гезиттерден журналдардан ошол кандидатты сындап чыгарган. Кыскасы биздеги кадр саясатынын жоктугу, анан бийлике келген адамдардын жоопкерсиздиги, анан коркпогондугу бийлике келгендер эки урукту колго алдык дегендей маамиле кылгандыгы, элебизди копко чейин дагы өксүтот окшойт деп жатам. Ошол жылдардан эң негизги байкаганым, билим системасында өтө коп көгөйлөр бар экен, анткени билимдүү адам гана көп нерсени кабылдап туура пикирин айта алышы мүмкүн. Ал эми билимсиздик адамды ар кандай көйгөйгө салат экен, чөнтөгү толгондон кийин билимим барбы, татыктуумунбу, татыктуу эмесминби, ал акча кайдан келди, аны менен иши жок. “Мен жогорку кенеште отурушум керек же президент болушум керек же министр болушум керек” дешет. Бүгүнкү күндо эң негизги көйгөй билим системасында деп айткым келет, эгерде чындап бүгүнкү бийлик элдин турмуш денгелин же болбосо көз карашын, турмуш денгелин, аң сезимин идеологиясын, психалогиясын өзгөртөм чындап эле ушул элди жакшы өнүгүүгө алып барам дей турган болсо, биринчи билим системасына көнүл буруш керек. Билим системасы аябай начар абалда экен. Азыр ушул университетердин ишине анча -мынча аралашып калып, мен байкап жатам, ушунчалык билим системасында окуутунун программасы баягы эски союз маалында калып калган программалар дагы эле көпчүлугү иштейт экен. А бугун 21кылым, талап таптакыр башкача, жаштар билим алууга өтө ынтызаар, бирок ошол учурда да эле, келген жаштадын көпчүлүгү мектепте өтө тайкы билим менен келет. Азыркы киргизип жаткан система алар дагы европанын системасы болонская система, кыргыз жаштардын билим алуусун талкалоо, аң сезимин такыр башка жака буруу деп түшүнуп калдым, анткени ал жерде окуп ал көп нерсени түшүнбөй кала турган даражада билим алышат экен.