Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Эсенбай Нурушев

Эсенбай Нурушев

Журналист

Изилдөөчү: Биринчи агай өзүңүздү кыскача тааныштырып койсоңуз? Анан мен суроолорго өтө берем.

Эсенбай Нурушев: Мен өзүмдү эми кантип тааныштырсам, мен орто мектепти бүткөндөн кийин райондук гезитте иштеп калдым. Ага чейин ыр-пыр, андай-мындай, тияк-бияка чыгып калгандан кийин, райондук гезитке ырларымды алып бара койсом: 10 – классты бүтүрө электе ай ырдан башка башка нерсе жазасыңбы, — дейт. Анан “Кыргызстан пионеринде” макалаларым чыгып жүрчү эле 6 ай болду десем, анда “сен бизге келип иштегин” – деди. Окууну бүткөндөн кийин ошентип райондук гезитте иштеп калдым. Райондук гезиттен армияга кеттим.

Изилдөөчү: Ноокенгеби?

Эсенбай Нурушев: Ооба. Ноокен районунда, Ноокен айылы деп айтылат бизде. Армиядан келгенден кийин, бир жылдай, дагы райондук гезитте иштеп калып, анан университетке биринчи журналистика бөлүмү ачылды, ошого келип, кирдим.

Изилдөөчү: Биринчи студенттерден экенсизда э?

Эсенбай Нурушев: Ооба ошондой.

Изилдөөчү: Кайсы жылдары?

Эсенбай Нурушев: 1974-жыл экен.

Изилдөөчү: Мен төрөлгөн жыл экен.

Эсенбай Нурушев: Өзү ошо кичине жашыбыз өтүп кеткенде келдик армиядан, анан ошол университетте 4-курста окуп жатканда, “Ленинчил Жаш” деген гезит бар эле. Ошондо Калыбай Жусупович Осмоналиев деген редактор бар эле, ошол чакырып кызматка алды. “Ушул жерде иштей бер, 5-курста окуу деле болбойт”-, деп, анан ошол жерде иштеп калдым. Жарым жыл өткөндөн кийин, жаңы жылда “Совет Кыргызстан” деген гезитке, ал кезде партиялык гезит болчу, кийин ошолор чакырышты. “Сен коммунист экенсиң, бизге келип иште, андай-мындай”-, депчи, анан ошол жакта иштеп калдым. Негизинен, бул эми демократиялык кыймылдар башталганда, мен ошондо болгом.

Изилдөөчү: 85-95 жылдары ошол жерде иштеп аттыңыз да?

Эсенбай Нурушев: Ошол жерде иштегем. Мен 1991-жылга чейин иштедим ал жерде. Адегенде жөнөкөй кызматкер болдум, бөлүм башчы болдум, анан редактордун орун басары болуп иштедим. Андай-мындай нерселерди ошол жерден көрдүм.

Изилдөөчү: Күбө болдуңуз да.

Эсенбай Нурушев: Ооба. Ошол Горбачевтун “Кайра куруусу” башталганда эле бул жерде кичине козголуштар башталды да, себеби анын жөнү бар эле. Кыргыз балдар, кыргыздар деги эле шаарда үй — жай алыш өтө кыйын болчу. Анан ошого байланыштуу жанагы жеңилдик, жанагы эркиндик жарыяланганда биринчи эле ошолор баштады. Ашарчылар, Ашар коому түзүлдү. Ашар коомунун негизги эле максаты ошо жанагы шаарда жүрүп, иштеп жүргөн балдарга жер алып берүү. Квартирант болуп жүргөн балдарга жер алып , үйлүү жайлуу болобуз деген ниетте топтолду. Ошондой абалда жүргөн балдар абдан көп экен, дароо эле күчтүү уюмга айланып кетти. Анан эми муну басыш керек эледа. Ал кезде компартия өзүнчө бар эле жана күчүндө турган. Ар кандай иш кылып, бирок күчү жетпей калды. Кээ биринин көзү жетпей калдыбы, эртен, бүрсүгүнү кандай болуп кетээрин ошондо көп эле айта башташты. Советтер Союзу кулап калат, бөлүнөт, ыдырайт анан ар бири ошондой өзүнчө мамлекет болуп кетет деп. Атыгүл эмисарлар келе баштаган. “Могундай болсо мындай биригебиз, түрк тилдүүлөр биригебиз”-, деген сыяктуу, анын ичинде татар, башкирлерди кошуп.

Изилдөөчү: Бул Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдөн келиштиби?

Эсенбай Нурушев: Ооба. Бирден келгенби ошондой. Себеби алар билип калган экен жакын өлкө ошо Советтер Союзу бүтүн бойдон калбайт деп. Алар эми жакын турган Москвадагы жанагы эмнелерге.

Изилдөөчү: Борбордук бийликте дагы өкүлдөрү көп болгон да.

Эсенбай Нурушев: Ооба. Ошондон башталды негизи, эми албетте, алардын программаларында көп каталыктар бар эле.

Изилдөөчү: Анда коомдук, эркин өз алдынча кыймылдар жок эледа.

Эсенбай Нурушев: Жок. Туура жол айтса кабыл албай, “силер партократсыңар, эски Ленинди колдой бересиңер”-, деген сыяктуу сөздөр айтылчу. Маселен, алардын идеясы мындайда: Кыргызстан жүн(койдун жүнү), эт, алтын (Макмалдын алтыны) берет. Анан эгерде ушуларды эле бербей койсок, Ноокаттын тамекисин кошуп, өзүбүз кенен жашап калабыз деп айтышчу да. Ай, ал сенин тиги чыгарып жаткан жүнүң дүйнөлүк рынокто “катироваться” этпейт, аны эч ким карабайт. Ошол жака дүйнөлүк рынокко чыга турган жүн өстүрүш үчүн койлорду өстүрүш керек бул жерде.  Бирок андай кой жок, сеники кычкыл жанакыл эмне деп койотко жүндүн…

Изилдөөчү: Жогорку сортубу?

Эсенбай Нурушев: Кылчык жүн. Ошондой койлор болчу да негизи бизде. Жанакы мыкты кете турган койлор аз болуп калып, аны Австралиядан сатып келишип Советтер Союзу учурунда ошону жолго кое албай коюшкан. Анан ошол ушу менен жашап кетебиз.

Изилдөөчү: А ошондо биздин Кыргызстандын жергиликтүү басылмалары жазып аттыбы ошол жөнүндө? Коомдук кыймылдар жөнүндө.

Эсенбай Нурушев: Күндө жаздырып жаттыда, жогорудан атайын эмне келет деп.

Изилдөөчү: Тапшырма?

Эсенбай Нурушев: ЦКдан дайындалган атайын материалдар келет. Ошол кыймылдардын башында турган адамдар жөнүндө, кишилер жөнүндө бул андай, бул мындай деп. Эми ошолордун көбү чыкты, бирок көбү чыкпай эле калды. Анан мына биздин Советтик Кыргызстанга, Жыпар Жекшеев баштаган ошо “Ашарчылар” пикетке барган.

Изилдөөчү: Кайсы жылы ошондо?

Эсенбай Нурушев: Ошол эсимен чыгып калды кайсыл жыл экени.

Изилдөөчү: Ошол жылдын аралары.

Эсенбай Нурушев: Ошода. Жаңы башталган.

Изилдөөчү: Кандай талаптарды койду эле?

Эсенбай Нурушев: Ошондо бизде бир фелетон чыккан “Ашарчылар” жөнүндө. Ал көрсө ЦКнын тапшырмасы менен жазылган экен. КГБ берген маалымат боюнча байланыштырып чыгарган макала болчу. Ошондо туура эмес деп, кийин тиги жазган автор кызматтан кетсин деген талап коюп ошол жерге барышкан. Болбосо “эмеңерди” талкалайбыз деп.

Изилдөөчү: Негизи кысым болчу беле ошол уюмдарга ошол кезде? Кысым болдубу?

Эсенбай Нурушев: Эми кысым көрсөтөбуз деди, бирок айтып жатпаймынбы алы жетпей калды. Катуураак “эметсе” баягы үлпүлдөп, үлбүрөп турган отту кайра журт эттирип жандырып алмак. Ошол үчүн акырын-акырын кылабыз деп, бирок көзөмөлдөй албай калды. Тизгинди колдон чыгарып ийишти.

Изилдөөчү: Бирок ошондо бийликтин диалогу болуп турдубу алар менен же?

Эсенбай Нурушев: Болуп турду анча-мынча. Бирок, адегенде кандай десем, мындай карама каршылык кийин компартия кулагандан кийин болду. Баары демократ болуп кетти.

Изилдөөчү: Ошол жер маселеси, экономикалык социалдык коомдук маселеден башка кайсы маселелерди көтөрүшчү эле?

Эсенбай Нурушев: Көп нерсе болчу. Маселе адам укугу барго, ошону адам укугу кереги жок “биринчи кезекте улуттун укугу” анан адам укугу дешчү.

Изилдөөчү: Бул кайсынысы Ашарбы же КДКбы?

Эсенбай Нурушев: Жок. Бул  Чапырашты Базарбай дегендин бир кыймылы бар эле. Чапырашты өзү Токтогулдан болчу. Атын унутуп калдым. Улуттук партия эле, ошол ошондой лозунгтарды көтөргөн. Башка тиги маселелерди айтпаганда дагы ошолордун ичинде улуттун маселесин, улуттун көйгөйүн биринчи орунга чыгарышкан. Анан борбордук гезиттерге чейин Москвада чыккан гезиттерге да улутчулдар ушундай кыймыл кылып жатышат деп жазышкан.

Изилдөөчү: Өзүлөрүнүн басылмалары бар беле ошондо кыймылдардын?

Эсенбай Нурушев: Өздөрүндө басылмалар кийин пайда болду.

Изилдөөчү: Баракчалары чыккан экен э?

Эсенбай Нурушев: Баракчалары бар болчу. Бирок алар анча таасирдүү эмес, бирок кийин КГБнын жана  мен билген боюнча Асанкуловтун демилгеси менен уюштурулган. Аны жанагы Аман Токтогулов редактор болгон Ашар деген гезит беле же…, көп нерсе унутулуп калып жатат эстен чыгып. Анда Аман Токтогулович иштегенде көп балдар иштеген. Мына Кубат Чекиров деген да бар.

Изилдөөчү: Кубат Чекиров иштегенби ошол жакта?

Эсенбай Нурушев: Иштеген. Ошол жакшы билет. Кубат Чекиров жакшы билет ал гезиттин атын. Азыркы  Минобразование барго, ошонун маңдайында илгери пельменный бар эле.

Изилдөөчү: Биз дагы көрүп калдык.

Эсенбай Нурушев: Ошо. Ошонун бир кабатынан ошол жерде атайын бөлмө бөлүп беришип. Атайын Аман Токтогулов тигил эмнеде болчу, Аман байке КГБда идеалогия бөлүмүндө башчы болчу. Ошону атайын алып келип, ошол гезитти чыгарып, ошол бойдон кетишти күүлдөп, дуулдап. Анан кийин баары демократ болуп кетпедиби.

Изилдөөчү: Партиялар көп чыкты ошол маалда.

Эсенбай Нурушев: Партиялар көп чыкты. Турсунбай Бакир уулу менен Топчубек Тургуналиевтер уюштурган партия бар болчу. Анан алар экиге бөлүндү. Иши кылып акырындап-акырындап КДК пайда болду. КДК жаш партия эмес коомдук кыймыл катары пайда болду. Анан кийин бара-бара булар партия болуп, кийин көбү Жогорку Кеңешке шайланды. Анын ичинде бул Жыпар Жекшеев депутат болуп жүрдү.

Изилдөөчү: Ошол кыймылдар биздин эгемендик алышыбызга канчалык таасир берди деп ойлойсуз?

Эсенбай Нурушев: Менимче булар эми айтат биз алып бердик эгемендикти деп. Менимче булардын кыймылынын таасири аз болду. Мунун бардыгы жанагы  Союздук келишим кол коюлбай калды, тарап кетти. Анан жанагы 3 славян Республикасы бөлүнүп жарыялагандан кийин, автоматтык түрдө кеттик. Эми биринчи толкун биз элек, демократияны кыргызга биз алып келгенбиз, эгемендикти биз алып келгенбиз деп айтып жүрүшөт. Бирок мен мындайга кошула албайм. Себеп, процесс ошол жакка кетип калган. Кетип атканда эртеби, кечпи, баарибир, каалайсың-каалабайсың, Советтер Союзунда эч ким калбайт. Каяка барасың? Анан ошол үчүн Жогорку Кеңеште депутаттар талап кылышкан: элдин баары ушундай декларация кабыл алып жатышат биз эмне үчүн кабыл албайбыз десе ошондо айтышты азыр эрте, бирок эртең кеч болуп калат деген сөз жүрбөйбү деп. Декабрда декларация кабыл алынды. Кийинки жылы 31-августта расмий түрдө Жогорку Кеңеш өзү Кыргызстандын көз карандысыздыгын жарыялады. Эми бул жерде ар кандай чайкоочулуктар бар: “биз минтик, биз антик”. Кийин Акаевти дагы көп кысматтап жүрүшпөдүбү, биз айткан кишини коюшуң керек кызматка, биз айтканды аткарышың керек депчи.

Менин жеке көз карашымда баягы баш аламан аласапыр заманда, ким эмне экенин жакшы түшүнбөй аңдай албай калды. Демократия деген ушул экен десе эле, баары “адыраңдап” “делбетап” болуп, рынок деген келет экен деп. Ал эмне деген система? Кандай болот? Ошону кыргызга баарынан мурда кантип өзүнүн көз карандысыздыгын, экономикалык бакубатчылыгын сактап калыш керек деген маселе көлдөлөңдөн турган. Ошол Союздан ураганда, мен ошондо Советтик Кыргызстанда иштечүмүн. Бир күнү телефон чалып калды Жигитов: “ай жанагы магнитофон барго чоң (Советтик мезгилде бир чоң магнитофон бар болчу), ошону алып келбейсиңби, жанагы сөздөрүбүздү айта бербей элге дагы чыгаралы”-, деп. Анан мен ошондо бир магнитофон көтөрүп алып Илимдер академиясына баргам. Ал жерде ушинтип бир чайник чайды куюп алып, анан агай сүйлөп бергенда кандай болуш керек экенин.

Изилдөөчү: Эмнелерди сүйлөп берди ошондо?

Эсенбай Нурушев: Ошондо мындай деди: “Жаңы заман келип жатат биз кантебиз. Кыргыз деген соода сатыкка жок, рынок деген болсо “биттин ичегисине суу куйган” шылуундар болуш керек. Коңшу колоңдорго андай-мындайга алдырбаш керек, жедирбеш керек. Ошонун бардыгын биз эгемендик алгандан кийин, өзүнчө мамлекет болгондон кийин, бизге ар кандай аферисттер келет, алдайт. Алар бир самса алса ошону беш сом, он сом кылып алып кете турган дүйнөлүк масштабтагы шылуундар келет, ошондон этият болушубуз керек. Анан илим-билим чөйрөсү кандай болот? Бардыгы башкача каралат эми. Мурдагы тарыхын кайра карап чыгыш керек. Анан бул Советтик деп туруп, көп нерсени бизге туура эмес түшүндүргөн, туура эмес багыттаган. Ошолорду кантип оңдоп түздөп алабыз?”.  Эң башкысы ошол рыноктун маселесин айткан. Рынок дегенди көбү билбейт, кыргыз анан кандай кылат, кантип жашайт. Баарына менчик деген жетеби, кандай болот деп. Батышта бул канча кылым калыптанып калган бекем түзүлгөн инфраструктура, институт. Аны эч ким өзгөртө албайт, буза албайт, а бизде мунун баары эмне болот деген сыяктуу. Кыргыз өмүрүндө базарга отурганды намыс көргөн, анан кандай болот деп. Ошо рынокко элди кантип үйрөтүш керек? Үйрөткөндө да, абдан маданияттуу, туура жол менен үйрөтүш керек. Антпесе, жапайы рынок келет деген бизге. Ошол киши айткан жапайы рынок келгенде эмне болот? Бири-бирин көрө албайт. Биринин буюмун, мүлкүн тартып бири-биринен алганга аракет кылат, ошондо кыргыз эмне болот? Регионализм деген маселе бар. Ошентип анан чабышып, чачташып ушинтип бөлүнүп…,  ошолордун баарын айткан ошол интерьвюсунда.

Изилдөөчү: Чыктыбы интервью?

Эсенбай Нурушев: Чыккан. Бир бет болуп чыккан.

Изилдөөчү: Каякка чыкты эле?

Эсенбай Нурушев: Советтик Кыргызстан.

Изилдөөчү: Ошол сиздин гезитке чыккан коомдук кыймылдар же алардын  лидерлери жөнүндө макала, эсиңизде жокпу азыр конкреттүү түрдө?

Эсенбай Нурушев: Эсимде жок. Бирок ошол Жыпар Жекшеев жөнүндө чыкса керек эле. Ал кезде КГБнын даярдап берген: каерде окуган, кантип окуган, кантип эмне болгон деп ошолорду. Мен жаңылбасам ошо өзү сүрөтчү болгон экен. Сүрөтчүлөрдүн бул жакта училищеси бар эмеспи Бишкекте, ошону бүткөн экен деген сыяктуу. Ошондойлор эсимде калыптыр Жыпар Жекшеев жөнүндө жазган. Башкалар жөнүндө жазганы эсимде жок айтып койойун, аны эстеш кыйын азыр.

Изилдөөчү: Башка басылмаларда эсиңизде жокпу? Башка гезит журналдарда?

Эсенбай Нурушев: Ал кезде Совет өкмөтү бар эле. Компартия күчүндө турган: баарын эле жаздырган, жаздырышкан. Булар негизинен туура эмес. “Улутчулдар”  дегенге чейин барышты. Ошол.

Изилдөөчү: Андан бери көп жыл өттү да. Ал тарыхтын бир бүктөмү болуп калды. Анан ошол учурдагы аларга болгон көз карашыңыз анан азыркы болгон көз карашыңыздын айырмасы барбы?

Эсенбай Нурушев: Ошондо жанагы Эрик Фром деген болгон “Эркиндиктен качуу” деген. Ошону мисал кылып, ошондо мен макала жазгам. Бул эркиндик деген оңой нерсе эмес. Анын ичиндеги жанагы Маркстан, Гегельден келтирип. Гегельде айтып жатпайбы эркиндик деген 4 дубалдын ичинде отуруп думугуп  кеткендей болду окшойт, дубалды бузгусу келип калат адамдар деп. Гегель “фанатизм свободы” деген, эркиндик фанатизми кандай болот деп. “Эркиндик жакшы ал керек баарына, бирок аны дагы акыл-эс менен карабаса, ал өзүнө карама-каршы күчкө айланып кетет жана кайра эркиндикти жок кылып койот”-, деп айткан. Ошол Эрик Фромго, Маркска, Гегельге шилтеме кылып жазгам. Башка көп деле нерсе жазган эмесмин чындыгында. Анан менин көз карашым ушундай болду. Ал балдар менен да жакшы мамиледе болчумун. Атыгул жер бөлүшкөндө мага жер бөлүп берген. “Байке келиңиз ушул жерге казык кагып койуңуз ушу сиздики болуп калат”-, деп. Мен баа бербегендиктенби же кичинелик кылдымбы, иши кылып барбай калдымда көпкө чейин. Могу Эркин Шер Ниязов деген болгон: кадимки эле Болот анан бул Садык Шер Ниязов ошолордун эң улуусу Эркин Шер Ниязов болгон, ошол менен жакшы болчумун. Ошол бир күнү өзү келип, мен бул жерден жер көрүп атам байке, жүрүңуз мен сизге жер алып берейин деп, Аламүдүн базары барго, ал жер чоң конуш болуп калды, ошол жерден жер бөлүп берген. Булар менен мамилем жакшы эле болчу. Бир топ балдарын дагы таанычумун. Жанагы биз менен эле чогуу окуган…

Изилдөөчү: Нарын Айып?

Эсенбай Нурушев: Жок. Чогуу жүргөн кийин, азыр деле жүрөт. Карачы эстен чыгып кетти. Ошолор менен кадимкидей эле чай-пай ичишип, андай-мындай болуп арасында жүргөм. Менин көз карашым ушундай болгон. Мага мындай аяк-биякты карап окуп келгенге туура келди, себеби биз билбесек башка өлкөлөрдү. Ошондо эң биринчи нерсе бул эркиндиктин жаман жагы да, жакшы жагы да бар экен. Ошону кантип айкалыштырыш керек, кантип ортосун кармаш керек, ошол бизге кыйын болду. Мен көбүнө айткам, эркиндик деген чоң маданият. Ал келе элек. Ошондон бери келатат силер укугуңарды эле айтасыңар жоопкерчиликти сезбейсиңер деп. Азыркыга чейин айтат бийликтегилер, бирок биринчи кезекте бийлик өзү жоопкерчилигин сезиш керек. Азыркыга чейин ошо компартия бийликтегилер элди, массаны пропаганда менен кантип алдаса азыр деле ошол уланып келе жатат. Иш жүзүндө башкача болуш керек. Баягы илгерки философтор айткан эмеспи: “мен илимди жек көрөм, сындагың келет, сөккүң келет, мазактагың келет, кордогуң келет, бирок бир гана алдагым келбейт”-, дейт. Келген бийлик элди алдай баштаганда анын арты жакшылык менен бүтпөйт. Революциялар болду бизде, ошонун баары ошондон — алдамчылыктан чыкты. Элдин турмушу башка, реалдуу турмуш башка, алар башканы айтып баарын аралаштырышты. Эң негизгиси мен ошону кармангам анан силердин программаңар такыр болбойт байкелер. Кыргыздын кылчык жүн менен багып койом дейсиңерби? Утопия. Кылчык жүнүңөрдү эч ким албайт. Ноокаттын тамекисин талаасын кошкула, балекетти кошкула ал “катироваться” этилбейт дүйнөлүк рынокто. Ал үчүн өзгөчө сорттогу тамекилер керек. Ошон үчүн кичине экономикалык жактан биринчи раскладка болуш керек жакшы ойлонууга.

Изилдөөчү: Анан эмне дешчү эле?

Эсенбай Нурушев: Аларга баарибир да. Сиз туура эмес айтасыз дешти. Бирок бир топ жылдан кийин ошол арасында жүргөн балдардан бирөө айтат, коңушу жашачук ошол кезде активдүү катышып жүргөн балдардан. Ошол айтпадыбы, ой байке ошондо туура айткан экенсиз деп. Анан айттым: Кантип ошондо өзүңөр деле ойлонбойсуңарбы, элементарно жөнөкөй эле нерсе болчу да, көрүнүп турат, бүт барын талап атат.

Изилдөөчү: Приватизация.

Эсенбай Нурушев: Приватизация кийин башталды, ал өзүнчө чоң жомок. Бирок ошол кезде эле эл баягы Павловтун реформасы андай мындай деп, Советтер Союз учурунда, ошондо отургузуп койду да элди. Ошондо кыйнала баштады эл. Колунда бар нерсени сатып, сатпаса болбойт экен деген заманга келди. Иши кылып ары кетти бери кетти, ары чайпалып бери чайпалып, жаман кыйналды эл.

Изилдөөчү: Негизи эле ошол кезде коомдук пикир түзүүгө жанагы тил мыйзамы кабыл алынып жатат. Ошол коомдук кыймылдардын бир ролу болдубу? Мисалы.

Эсенбай Нурушев: Эми мындайда. Тил мыйзамы жогору жактагыларга, өздөрүнө жетип калган болчу ал маселе. Ушуну кабыл албасак болбойт экен деп. Ошондо коомдук уюмдар дагы катышса керек, талап кылса керек. Бирок бул идеяны жогоркулар колдогон. Шеримкулов идеология боюнча секретарь болчу беле ошондо. Жумагулов, Сааданбеков пропаганда бөлүмүнүн башчысы болчу. Ошолор колдогон. Анан кийин бул 1989-жылы кабыл алынды, ага чейин даярдалып турду. Мына Абдыганы Эркебаев ошондо тил адабият институтунун директору болсо керек. Ошону даярдоого активдүү катыштык, өзүнүн кабинетинде отуруп алып жазгам. 1988-жылдары башталдыбы жанагы Горбачевтун “Кайра Куруусунан” кийин эле өзгөчө Прибалтикалыктардын мисалы өрнөгү көп дем берди да, өзүбүз кандай болуш керек деген. Негизинен ошол кезде жүргөн Прибалтикадагы процесстер көп таасирин тийгизди, ачыгын айтканда коомдук маанайга, коомдук пикирге, жалпы ошол кезде көз караштарга, жалпы коомго ошолордун өрнөгү көбүрөк таасир тийгизди. Анан бул жерде  ушундай бир журт эткен, атырылып чыккан, туура жол көрсөткөн рационалдуу бир күчтөр болгон жок. Негизинен бул тууранды баш аламан болсо болот, болбосо жок деп, ар нерсени кармалай берген, ар нерсени жасай берген ошондой учур болду. Мен айтып жатпаймынбы аласа коюп аман бол деп, бири төөнү айтса, бири бээни айтып, иши кылып коом аябай чайпалды, эмне кылаарын билбей. Ошол анан айткан учурунда кичине бирдеме тапкандай болуп, чукул, бирок туура жол таба албай коюшту. Анын баары анан жанагындай революцияларга алып келди. Менимче ошол революцияларда ошол коомдун немелеринде да коомдук жанагы кыймылдар негизги күч болуп берди.

Изилдөөчү: Кийинки революцияларда делеби?

Эсенбай Нурушев: Ошолор. Бизде партиялар деп койбодубу.

Изилдөөчү: Ооба.

Эсенбай Нурушев: Партиялар — бул иш жүзүндө классикалык партиялар эмес. Иш жүзүндө ошол эле коомдук уюмдар. Жөн гана өзгөртүп өздөрүн саясий партия деп оформить этип алыштыда. Ошол кыйкырып-сыйкырып, бардык жерде эле ошол мурдагы КДКчылар жүрбөдүбү Топчубек Тургуналиев баш болуп Акаев кетсин, түкүнчө кетсин деп. Ошолор — негизги күч ушулар болду.