
Кадыралы Конкобаев
Изилдөөчү: Саламатсызбы Кадыралы агай. Биздин 85-91-жылдардагы Кыргызстандагы коомдук демократиялык кыймылдар жөнүндө изилдөөбүзгө катышууга макулдук бергениңизге чоң рахмат. Алгач өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз жана 85-91-жылдары эмне менен алектенчүсүз?
Кадыралы Конкобаев: Мен Бишкекте 70-жылдын январынан баштап Илимдер академиясында тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп, 83-жылы Москвадан кандидаттык диссертациямды коргоп, 85-жылы улуу илимий кызматкер болдум. 86-жылы СССРдин юракадемиясынын Миклухо Маклай атындагы этнографиялык институту менен экинчи бүткүл союздук түрк аномастикасы боюнча 166 киши катышкан конференцияны уюштурдум ушул жерде. СССРде аномастика илимин негиздеген Никонов деген мыкты, аксакал бар эле. Аны менен Москвада иштешип калгам. Бул жакка келгенден кийин ошол конференцияны өткөрдүк. Ошондон баштап Кыргызстанда аномастика (энчилүү аттарды изилдөө) жөнгө коюла баштады. Конференциядан кийин Москва бизге сунуш кылып, V бүткүл союздук түркологиялык конференциясын уюштуруу маселелери каралды. Москвадагы академиянын коомдук илимдер бөлүмүнө караштуу советтик түркологдор комитети бар эле. Ошол комитетте V бүткүл союздук түркология конференциясын Фрунзе шаарында өткөрүү маселеси каралып, 86-жылы Москвада орг комитет түзүлүп, анын төрагасы СССР илимдер академиясынын академиги Андрей Николаевич Кононов, орун басары член корреспондент, Москвадагы тил таануу институтунун түрк жана монгол тилдери бөлүмүнүн башчысы профессор … , бизден Орзубай эже экөө орун басар, мен болсо уюштуруу комитетинин генералдык катчысы болдум. 1.5 жыл бою ошол конференцияны уюштуруу менен алек болдум. Москвага командировкага барып маселелерди чечип, алар менен жакшы мамиледе болчубуз. I конференция 1926-жылы Бакуда “Түркологдор курултайы” деген ат менен өткөн, 115 киши, алардын арасында биздин Тыныстановдор да катышкан. Кийин, 30-жылдары ал 115 кишинин баары репрессияда атылып кеткен.
Изилдөөчү: Бакуга баргандыгы негизги себеп болгон деп айта алабызбы?
Кадыралы Конкобаев: Эң чоң себептердин бири болгон. Экинчи конференция 76-жылы Алматыда, үчүнчүсү Ташкентте 80-жылы өттү. Биз дагы катышып, Рашидов өзү да келген. Төртүнчүсүн Фрунзеде өткөрүү кабыл алынып, аны мен уюштуруп, 1988-жылы 553 киши катышкан. Аябай чоң масштабда эл аралык болсун деп, бирок, Москва уруксат бербей, бүткүл союздук болгон. Анча-мынча чет элдиктер жашыруун катышкан. Ошол конференцияда Айтматов, Акаевдин катышуусунда Манас эпосун изилдөө боюнча симпозиум да өткөн. Мен архивдеги жазмаларымды карасам, Айтматовдун сөзү жазылып калыптыр. Убагы келгенде жарыялап коюш керек. Ошентип, «Түркология-88» деп тезистер чыгып, Фрунзе шаарында бир дүңгүрөдү. Ошол 88-жылдагы конференцияга Будапешт университетинен Иштман Коңгур Мандоки деген профессор катышкан. Аялы казак болчу. Алматыга визасыз келип, Олжас Сулейменовдун машинасы менен Фрунзеге келип, менин үйүмдө жаткан, гостиницага жатса болбойт. Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов ж.б. кишилер менен таанышкан. Ал өз киши болуп калды, биз аны Коңур ака деп. Ал мажарлашып кеткен кыпчактардын тукуму болчу. Академик, кыпчак Жюль Немек аттуу түркологдун акыркы окуучусу эле. Иштман Коңгур казакчаны казактан мыкты, өзбекчени өзбектен мыкты билчү. Менде кыргызча каттары бар, бир ката таппайсың. Кыргызчаны Венгриянын Корсак шаарындагы советтик аскерлердин арасындагы эки кыргыздан үйрөнгөн экен. Айтматовдун, Сыдыкбековдун чыгармаларын окугам дечү, адабий тилде сүйлөчү. Ал убакта “орусча билбеген экинчи сорттогу адам, кызмат ордунан көтөрүлө албайт” деген түшүнүктөр көп эле да. Ал киши кыргыз-казактын намысына аябай тийген. “Силер деген эң байыркы маданиятты жараткан элсиңер го. Эмне үчүн өз тилиңерде сүйлөбөйсүңөр?” деп кыргыздардын намысына тийген.
Изилдөөчү: Кеч совет мезгилинде кыргыз тилдин абалы кандай эле?
Кадыралы Конкобаев: Орус тилин билбесең кызматтан көтөрүлө албайт элең. Айылдан келип, биз орусча билчү эмеспиз. Фрунзеде бизге баары орусчадай сезилчү. Тилди чөйрөдө колдоносуң, чөйрө болбосо тил колдонулбайт. Бирок, СССРдин бир жакшы жери, биздин улуттук көп нерселерибизди жакшы сактап калган экен. Тарых, маданият, фольклорго байланышкан көп нерселер топтолуп калган экен. Ошолор бизге азыркы күнгө чейин руханий азык болуп жатат. А мына 33 жылдын ичинде кыргызды изилдөө жагынан артта калдык. Идеологиялык кысымдан дагы эле арыла албай келатабыз. Азыр деле “1924-жылы 7-октябрда Эркин-Тоо гезитинде биринчи макала чыккан” деп, биринчи жазуу ошондо болгон деп атпайбы. Бул тарыхый чындыкка туура келбейт. Аны биз кийин түшүндүк. Мисалы, Орхон Енисей жазма эстеликтеринде 400гө жакын жазма эстеликтер бар. Бардыгы кыргыз каганатынын мамлекеттүүлүгүнүн доорунда жазылган.
Изилдөөчү: Кыргыздардын жазма адабияты совет мезгилине чейин эле болгондугу тууралуу ой качан пайда болду?
Кадыралы Конкобаев: 77-жылы Москвага стажировкага кеттим, 79-жылга чейин жүрдүм. Менин жетекчим Маскаков Николай Александрович деген болгон. Тенышев, Бертагаев, Санжиев, Реформатский, Северитян сыяктуу чоң окумуштуулардын чөйрөсүндө жүрүп калдым. Мен таң калчумун, окуйсуң-окуйсуң, чындык менен илимий теория дал келбеген учурлар көп эле да. Бир жолу институтта жыйында “Кыргыз тили мамлекеттик болуш керек” десем, мени тепкилеп кетишкен да. “Нени былжырап атасың?” дегенсип…
Изилдөөчү: Кайсы жылдары?
Кадыралы Конкобаев: 84-жылдары болсо керек.
Изилдөөчү: 89-жылы кыргыз тили мамлекеттик тил болгону жөнүндө айтып берсеңиз?
К: Горбачевдун убагында перестройка болбодубу. Дикая демократия болуп, элдин баары оозуна келгенди сүйлөй баштады, мурдагыдай контроль жок. Мен 88-жылы 2 жыл тынбай катуу иштегенден кийин чарчап калдым, баса албай, мээ иштебей. Мени кайра Москвага стажировкага жиберишти. Диссертация жазып, дагы 2 жылдай жүрдүм. 89-жылы октябрда Иштман Коңгур Мандоки мени үй-бүлөм менен Будапештке чакырды. Будапештте бир айдай жүрдүк. Мажарстандын көп жерин көргөздү. Бир күнү Азаттык радиосунун кыргыз бөлүмүндөгүлөр менен сүйлөштүрдү мени. Азаттык радиосунун Азаттык болушунда Төлөмүш Жакы уулунун эмгеги чоң. Азамат Алтай башында эле бир аз иштеп, кийин Нью-Йоркко кетип калган. Төлөмүш Жакы уулу өзү кыргызча сүйлөп, кыргызча жазып иштеген. Барсам, ал киши мени “Оо уулум келдиңби? Сүйлө, Кыргызстандагы жаңылыктардан” деп тосуп алды. Аялы Мария жеңе крым татары экен, кыргызча таза сүйлөйт. Экөө иштеген экен. 1929-жылы кыргыздардан 12 үй-бүлө Тажикстандын Курган-Төбө деген жерине сүргүнгө айдалган экен, Мухаммед Рахим деген кыргыз дамылла кишинин башчылыгында айдалышкан. Алар 34-жылга чейин малдарын туюк союп, терилерин чогултуп, бучкактап байлап, бир күнү түндө НКВДнын аскерлери уктап жатканда териден жасалган салга 12 үй-бүлө, анча-мынча мал-жандыктары менен жайгашып, 6 километр сүзүп, Амударыянын наркы жээгинен, Афганистандан чыгышыптыр. Афгандын чек ара кайтарган черүүлөрүнөн качып, көрбөгөн азапты көрүп, 1952-жылга чейин Түркияда Аднан Медрес деген президент болгонго чейин Афганистанда жашашып, кыргыздар турган Козу-Баглан деген шаарында жашашып, анан ошол Аднан Медрес 1952-жылы 12 үй-бүлөнү Түркияга көчүрүп барган. Ошол үй-бүлөлөрдүн Түркияда төрөлгөн Аким Өзгөн, Мамбетиса Арал, Мамашарип деген балдарын Азаттык радиосуна Төлөмүш аксакал алып барып, алар иштеп калышкан. Ошолор менен мен байланышып, Будапештке 4 жигит келди. Эрте менен кайра кетебиз дешкенинен, түнү бою сүйлөшүп чыктык. Ал жигиттердин бири Мамбетиса Арал “эркин тоолук” деген ат менен радиого сүйлөгөн. Тимур Кожо уулу деген өзбек жигит бар эле, өзбек радиосунда иштеп, кийин Америкада Мичиган университетинде профессор болуп иштеп кеткен. Азыр Америка, Германия, Түркияда жашайт. 18-22-жылдары Бухара республикасы деген демократиялык мамлекет болгон, аны СССР жок кылган. Тимур ошол республиканын премьер-министринин баласы эле. Хасан Оролтай деген казак жигит, түркмөн редакциясынан Хайрулла деген жигит келип, 4өө менен таң аткыча сүйлөшүп отурдук.
Изилдөөчү: Сиздерди табыштырган Мандоки эле да?
Кадыралы Конкобаев: Ооба, ошол байланыштырган. Алар келип, таң аткыча менден интервью алышып, мен ошентип Азаттык радиосунун Кыргызстандагы бейрасмий корреспонденти болуп калдым. 89-жылы Будапештте жүргөнүмдө менден баары интервью алып кетишти, перестройка, гласность деп калганбыз да. 90-жылы мен келип, Бишкекте тил жана адабият институнда Аномастика жана Прикладдык лингвистика деген жаңы бөлүм ачылып, университетти жаңы бүткөн жаш жигиттер менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча чогуу иштеп калдык. Ошентип жүрүп, Азаттык радиосуна 91-жылдын мартынп чейин жумасына бир канча саат берүүлөрдү берип жүрдүм.
Изилдөөчү: Диктофонго жаздырып жөнөтчү белеңиз?
Кадыралы Конкобаев: Аким Өзгөн, иниси Харун Өзгөн, Мамашарип, Мамбетиса Арал мага таңкы саат 4тө телефон чалып, жаздырып алышчу. Кээде 1 саат сүйлөчүмүн.
Изилдөөчү: Кандай материалдарды даярдайт элеңер?
К: Кыргызстанда перестройка, кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын айтып берчүмүн. Жалаң жакшы нерселерди айтчумун, бир дагы негатив айткан жокмун. Материалдарды гезиттен, адамдар менен сүйлөшүп топточумун. 90-жылы Турдакун Усубалиевден интервью алам деп 2-3 күн жүрдүм. Ал киши такыр макул болбойт. 24 жыл падыша болгон кишини азыркы Улуттук китепканада шалдыраган 2 столу бар кабинетке отургузуп коюшуптур. Аны эптеп көндүрүп, эл билиши керек деп интервью алдым. Менде азыр тарыхый окуялар жөнүндө Турдакун Усубалиев өзү сүйлөгөн 90 минуттук 2 кассета бар, аларды эч жакка жарыялаган жокмун. Радиого эле 3-4 передача кетти. Батыштыктарга Кыргызстан тууралуу жалаң гана позитив маалымат бергенге аракет кылдым. Менин артыман дайыма биздин 3 тамганын кишилери аңдып жүрчү.
Изилдөөчү: Алардын сизге мамилеси кандай эле?
Кадыралы Конкобаев: Аттарын айтпай эле коёюн, азыр да көздөрү тирүү. Учурашып жүрөбүз. Ала-Тоо гостиницасынын жанында темир жол вокзалында, Филармониянын маңдайында квартираларда сурак кылышчу. Бир күнү үйүмө келип, аялымын жүрөгү түшүп калды. “Нени берип атасың?” деп менден сурашат, “Угуп атпайсыңарбы” дейм.
Изилдөөчү: Радиодо иштеп калганыңызды качан билишти?
Кадыралы Конкобаев: Келгенде эле. Кадыралы Коңкобаев эмес, Кадыр Чоротегин деген псевдоним менен чыкчумун. Ошентип, Усубалиев аксакал мага 3-4 жолу интервью берди. Көп кызык нерселер бар эле. Азыр 1 жыл министр болгондор кандай коррупция кылганын көрүп атпайбызбы. Ал 24 жыл таза иштеген экен. Көп айткандары эсимде бар. Мени кийин Совет түркология комитетинде Түркиянын президенти Тургут Озалдын тапшырмасы менен Намук Кемаз аттуу министри “СССР тарайт, темир дарбазанын артындагылар менен байланыш керек, ошого шарт түзүү керек. Биз алардын тилин билбей калдык. Ошондуктан, эң биринчи түрк тилдеринин салыштырмалуу сөздүгүн даярдаш керек” деп Ахмед Эржоласын деген мыкты профессорду дайындашты, 90-жылдын аягы болчу. Өзбекстандан 1 жигит, Казакстандан 1 казак, 2 уйгур жигит, татарлардан, Азербайжандан… ошентип 8 кишини чакырып, 91-жылы 4-апрелде Түркияга бардык. 8 ай иштеп, 7.5 миң сөз камтылган 2 томдук китеп чыгардык. Ичинде 1 сөз 10 түрк тилинде жана орус тилинде жазылып, индекс, грамматикасы да берилген. Китеп 92-жылы чыгып, 93-жылы Түркиядагы эң мыкты китеп деген сыйлык алды. Түркиядагы Түрк тил корумунун мүчө корреспонденти болдук. 91-жылы 18-19-августта Москвада путч болуп, 3 күн иштебей калдык. Тигилер “Силер коркпогула, силерди киргизбесе Түркиянын жарандыгын беребиз, үй-бүлөңөрдү алып келебиз” дешти. 3 күн уктабай, шалпыйып өлгөнү калдык. Ата Журт, үй-бүлө деген ыйык нерсе да. Кыргызстанда көп нерселер өзгөрө баштады. Мен өзүм көргөн нерселерди айтайын. Бизде өзү кан-жанына чейин окумуштуу болгон бир канча эле киши бар негизи. Ошолордун бири Садыбакас Өмүрзаков деген географ агай эле. Ал кыргыз географиялык коомунун төрагасы эле. Мен аномастика коомунун төрагасы болчумун. Бир күнү ал мени чакырды. “Фрунзенин атын Бишкек баатырдын атына өзгөртөлү. Кыргызды кырган Фрунзенин атын алып жүрөбүзбү? Сен ошо өзгөртүүгө негиздеме жаз” деди. Кыскача, 1 барак негиздеме жаздым. Садыбакас агай карап чыгып, “Жарабайт” деди. Атты өзгөртүү идеямы аныкы болчу, агай негиздемени өзү жазып, Ак үйдөгү чоңдордун баарына жиберип, ызы-чуу болуп жатып калды. 1 жылдын ичинде Фрунзе Бишкек болуп өзгөртүлдү. Көптөрү кабыл албай койду. Азыркыга чейин “Мен жасаганмын” дегендер көп, а бирок, негизги күч Садыбакас агайдыкы болчу. Өмүрзаков агай каны-жаны мырза, бек, нукура окумуштуу киши болчу. Кытай маалыматтарындагы Кыргызстандын географиясы жөнүндөгү докторлук диссертациясын саясий себептер менен корготпой койгон. Жакында улуу китебин чыгарды. Агай менен мен аябай жакын болчумун. Ал КССРдин физико-географиялык атласын жасаган киши. Жанагы, чоң, килейген боз китеп. Менин материалдарымын негизинде жазылган “Топонимия Кыргызстана” деген бети бар. Ал ошондой улуу киши болчу. Анча-мынча эскерилип калат, бирок, көп эскерилбейт. Чындап эскерилчү кишилердин бири ошол. Бир чокуга аты берилди ж.б. Бирок, окумуштуу катары ал кишинин орду толгус да. Тилчилерден Болот Юнусалиев, геологдордон Муса Адышев, Бегималы Жамгырчинов, ректор-кызматкер Салмоорбек Табышалиев, ал киши менен да эчен сырдашкам. Ошентип, перестройкадан кийин КДК деген түзүлдү. Мен аларга көп барчу эмесмин. Ал жылдары Москвада болуп калдым. Москвадагы жаштар менен уюмдашып, укмуш иштерди жасаганбыз. Өкүлчүлүккө чогулуп, Апас Жумагулов, Аскар Акаев, Төлөмүш Океевдерди чакырып, талкуу уюштуруп, Бакыт Орунбеков, Нарын Айыптар “Майдан” деген гезит чыгарышчу. Москвада жүргөн балдар аябай тың эле да, ынтымагыбыз жакшы болчу.
Изилдөөчү: Талкуулар эмне жөнүндө болчу?
Кадыралы Конкобаев: Илимди өнүктүрүү, маданиятты сактоо, мекенчилдик маселелерине көп токтолуп, талаш-тартыштар болду… Ошол, булардын баарын айта берсең аябай узун, дагы убакыт болгондо айтып берермин.
Изилдөөчү: Чоң рахмат, агай! Аябай жакшы маалыматтарды айтып бердиңиз.