
Кадыр Кошалиев
Изилдөөчү: Өзүңүз ошол кезде ким элеңиз? Жашыңыз канчада эле? Студент белеңиз, иштейт белеңиз? 1985-1990 жылдары сиз ким элеңиз?
Респондент: Мен Кадыр Кошалиев. Ал учурда НПО дебей неформальная организация орусчасы, кыргызчасы неформал уюмдары деп коёт эле, анан эң алгачкы ошол неформал уюмдардын бири менин тагдырым менен түздөн-түз байланышы мындай болгон. 1985 жылы мен Улуттук Университетинин Филфакта журналистикасын окучумун, анан студенттик өзүн-өзү башкаруу деген маселе чыккан ошол мезгилде. Анан биринчи Кыргызстанда Филология Факультетинде ошол демилгени баштамак болдук. Дүйнөдөгу окуяларды кичине изилдедик, дегеле биринчи ушул Орто Азия өлкөлөрүнөн Ашхабадда, Түркменистанда уже башталып калган экен, аяка чейин барып келгенбиз. Дуйнөнү изилдеп изилдеп көрүп туруп анан саясат ошондой жүрдү Большой Ученый Совет дегенге студенттерден дагы киргизебиз деген саясат жүрүп калды. Ошол мезгилде деканат дагы айтып калды мейли студенттик самоуправление өзүн өзү башкаруу ошону өзүңөр ойлонуп азыркы дүйнөлүк тажрыйбаны карап көрүп, биз колдойбуз, демилгеңерди алып чыга берсеңер болот деп, ошондо декан Сансызбай Иманалиев деген жакшы көлдүк киши болчу. Анын орун басары замдеканы Искандер Исамидинов деген андай демилгени колдогон киши эле, анан кыскасы макулдук алып, анан 7 киши студенттик декан деген кызматка альтернатива болуп кадимкидей шайлоо жүргөн 360-400төй студенттер. Эми ал жерде ачык таза шайлоо болгон. Мындайча ачык айтканда сатып алуу же тиги бу эмес. Ошондо мен 7 кишинин ичинен эң көп добуш алып студенттик декан болгом.
Менде бул 1985 жыл. Андан кийин Университеттин жанагы чоң Ученый Советтине мүчө болуп калдым. Мен көп маселени чечкенге добушум өтө баштады: декандарды бекиткенге, завкафедра бул чоң должность экен. Билим берүү министри Жаныбек Шаршеналиев деген киши болушу керек эле ошол киши, ректор болсо Үсөн Асанович. Анан бир окуя эсимде тиги министр келип калды, анан ректор отурат биягымда, биягымда министр отурат ошолор менен президиумда отуруп калдым алар менен чоң жыйында. Бүгүн биринчи жолу айтып жатам булар жөнүндө. Анан студенттик самоуправление кыскасы укукту бергенден кийин декан менен сүйлөштүм, эми мынча болгондон кийин иш кылалы, бул жерде даже сүйлөмдү туура эмес жаза албаган, эптеп эле чоңдордун звоногу менен кирип калган, эптеп окууга келбеген дагы студенттер бар болчу. Давай эки үч студентти таасир этиш үчүн мен рапорт жазайын, сиз отчисление кылыңыз, бир- экөөнү, антпесе болбойт, кантип болсун таасир дагы болбойт деп биринчи декан менен сүйлөшүп алдым, анан ошондойдон үчөөнү, анан менин рапортум менен үчөөнү киргиздик, ошондо экөөнү айдап жиберди окудан. Менин рапортум менен таасир күчөй баштады. Кее бир мугалимдер бир саатын өтүп коюп, экинчи саатын койо бергендерин билчимин да, анан ошондойлорду кармап алдым бир- эки жолу. Мугалимдер менден чочулап калды. Таасир күчөп бир топ иштерди жүргүзүп жатабыз, анан давай өзүмдүн идеялаш балдарым менен сүйлөштүм дагы “Замандаш” деген клуб түзөлү дедик. Ушул эң алгачкы неформал уюму бул 1985 жылы мүмкүн “Ашардан мурда” болушу мүмкүн. Замандаш деген студенческий клуб түзөлү, эркин баарлашуу кылалы деп анан Бектурсун Алымкулов деген агай, анда көп агайлар бар эле, Сарыгулов деген агайыбыз бар эле, иши кылып бизге жаккан, бизди колдоп берет деген 5-6 мугалимди чакырдык дагы, анан баягы Замандаш клубунун учредительный жыйыны мындайча айтканда общежитиеде өткөрүп атабыз. Анан 5-6оону чакырсак үч мугалим барды. Үчөөнүн экөөсү бизди колдоду. Эми окуу менен демилгени кошо баштап өзүңөр аракет кылып, клуб түзүп аракет кылып атканыңар жакшы. Биринчиден окуну жакшы окугула тиги- бу деп негизи экөө колдоду да фамилиясын айтпай эле койойун, бирөөсү кайра бизди сындады. Мындай тамашалап айтканда, бок мурундар эмне кыласынар, биринчиден окубайсыңарбы, бул жака окуганы келгенден кийин башка ишти коюп окугула деди бирөөсү. Кыскасы үч мугалимдин экөсү колдогону бизге жетиштүү болду. Бирөөсү сын сөз менен айтты бирок ошол жетиштүү болду. Көпчүлүгү 80 процент колдоп алды. Анан ошону менен Замандаш клубу кадырэсе студенттердин ой жүгүртүүсүндөгү, бир эркин ой жүгүртүү, эркин талкуу, ошонун мектеби болуп бере алды. Биз кийин мугалимдерди чыкырбай эле өзубүз деле кээ бир маселелерди сүйлөшө берчибиз ал жерде. Кее бир маселерди бышырып туруп, кайра идеяларды алып чыгып кетчүбүз. Майрамдык иш чараларды, жанагы спорттук, маданият, эс алуу жана башка общежитие жана ичиндеги тазалык, тартип тиги- буга байланыш иштерди өзүбүз ичинде, мугалимдер жок эле кээ бир нерселерди өзүбүз чечип алчы болдук. Кееде ошол клубтун тегерегиндеги же мындай айтайын дегеним ошондой Замандаш клубу ошол мезгилдеги Кыргызстандагы эң алгачкы неформал уюмдардын бири болгон экен деп азыр ойлойм. Бирок аны биз публикага чыккан жок, ошол эле окуу жайдын Факультеттин ичинде болгонуна карабастан бул бир кандайдыр бир болгон ошол мезгилдин штрихтери да, ошону айта алат элем. Андан кийин дагы күчөй баштагандан кийин мен дагы жасай берсе болот турбайбы дедим дагы, булактын башын өзүн тазалаш керек могу кабыл алып атканда башталат турбайбы бардыгы. Ошондуктан кабыл алуу комиссиясына студенттерден киргизиш керек деп баштадым, мен көрсө ошол жерде аша баштаган экенмин менин өзүмдүн полномичиямды. Анан мага каршылык пайда болду бул жерден. Азыр ойлосом жакшы ой менен кылгам, бирок ал жерден сен аяка эмнеге кийлигишесин деп ачык айта албаса дагы мага карата тоскоолдук башталды сездим да. Аяка мен киргизе албай койдум студенттерди.
Изилдөөчү: Ошондо канчанчы курс элеңиз?
Үчүнчү курс болчумун. Студенттерди кыскасы киргизе албай койдум. Биринчи жолу менин демилгем өтпөй калды. Карасам администрация, деканат колдобогондон кийин менин бийлигим бийлике окшобой калды байкасам. Бир убакыттан кийин Искендер агай тамашалап чындап эй Кадыр сен өсө турган жигитсиң ай, мен төртүнчү курс болуп калдым. Бир жыл иштеп төрткө өттүм. Анан үчүнчү курста обычно которчу центральный ВУЗга деп, анан мен төрткө өтүп калдым. Оюмда жок жерден анан Искендер агай мага сунуштады Ленинграддан орун берип атат, барып окуп келбейсиңби барып. Пайдасы тийет, сонун шарт, тиги бу деди. Анан бир жагын ойлосом жакшы ою албетте, мага жакшы эле болгон, экинчи жагы менден культурно кутулуш керек болгон окшойт азыр ойлосомчу. Себеби күчөп бараткан болчумун да. Андан кийин мен кеткенден кийин менден кийин Орозалы Карасартов болуптур, алар бир аз иштегенден кийин эле аларды өчүрүп салыптыр. Кийин карасам өнүкпөй калыптыр.
Изилдөөчү: Ошондо канча жыл иштеди Замандаш?
Респондент: Бир жарым жыл иштедим. Мен бул жерде бир жарым жыл студдекан болуп иштедим, анан Замандаш деле мен кеткенден кийин демилгелер ошол боюнча секин секин өчүптүр да, карасам. Көрсө адамга деле байланыштуу болот экен көп нерсечи ,анан улантып кетишкен жок а биз тигил жака которулуп кеттик.
Изилдөөчү: Ошондо кайсы факультетке которду сизди? Кайсы Университет? Кайсы Факультет?
Респондент: Ленинградский Мамлекеттик Университети деп эми азыр Санкт Петербург болуп калдыда ЛГУ Ленинградский Государственный Университет факультет Журналистики жана отделение Телевидениесине которулуп кеттим. Анан барып алып бияктан тапшырып окугандар менен аяктагы окууну таныштырсам алар аябай күлдү, мен төрттү бутүп бардым да. Негизи сен бардык предметтин барын бүтүрүп коюпсун го сен бияка саякаттап келдиңби? Эмнеге төрткө отурсаң диплом жазмай эле калыптыр да деп. Разницасы аз эле. Зачем дедим дагы үчкө отургузуп койду, өзүм макул болдум. Бир эки жыл жүрөйүн дедим. Ошону менен эки жыл 87-88, 88-89 жылдары кыскасы эки жыл болдум аякта. Анан ошол жактагы иштер башталды. Ошол жерде жүрүп дагы жөн жүрбөй жанагы “Ак Кеме” бизге чейин деле ал жерде ошо туруктуу жашаган кыргыздар уюму болгон экен.
Изилдөөчү: Ал дагы “Ак Кеме” экенби?
Респондент: “Ак Кеме” ошолордон калганбы эсимден чыгып атат, анан Мелис Сарыпбеков деген агайды бул жерде бар ал киши. Ошол киши бар экен мурдагылардан. Ал мени давай кел деди. Сен иштейт экенсиң деди. Анын үйү бар экен ал жерде Ленинградда туруктуу жашаган кыргыз экен. Бир жерде саат оңдойт экен. Саат оңдогон мастерскоюнда кеч курун бош да, ал жер анан мен ошол жерге жатып калып вообще эле ошо кишинин үйүндө жашап калдым бир топ мезгилде. Баягы бирге жүрүп бирге туруп дегендей. Ошол жагынан Мелис байкеге
Изилдөөчү: Общежитие берген э сизге?
Респондент: Общежитие бар болчу, бирок берки жака келип ал киши менен Ак Кеменин ишин кылып жүрүп, жеңемдин чайын ичип. Мен ушул интервью аркылуу ошол кишилерге рахмат айтып коюшум керек. Журналды чогуу чыгарганбыз, ал киши катышкан бир төрт, беш санын чыгарып. Мага чейин деле “Көпүр”ө деп чыккан окшойт, анан биз ошону бузбай эле “Көпүрө” деп уланттык. Кээде бар нерсени бузбай улантканды тура көрөм өзүм. Бизде бир оору бар го, бир жаңы жетекчи келсе мурдагысын баарын жокко чыгарат, нөлдөн баштай берет ошо туура эмес. Жакшы иш болсо аны улаш керек деп ойлом мен.
Изилдөөчү: Кийин Ак Кеме кылдыңызбы?
Респондент: Жок. “Көпүрө” деген журнал. “Көпүрө” деген бул журнал болчу. Ошол журналдын кырктай барагы бар болчу. Ички мазмуну ошол жана силер айткандай эгемендик, кыргыз өзүнчө эгемендик өлкө болуш керек деген маселелерди жазганбыз ачык эле. Ошонун ички духу ошондой болчу. Көбүн нерсе мамлекеттүүлүк, эгемендүүлүк жөнүндө сөздөр ошол жерде жазылганда. Журналдын ички мазмуну, духу ошондой болчу. Андан кийин көпкө уланган жок, эки жыл тез эле өтүп кетти. Ак Кеме деген уюм жакшы эле иштеди. Москвада “Акыйкат” деген уюм Бакыт Орунбековтор менен биз байланышта болуп турдук. Москвага көп немелер барат эле бийликтегилер, тигилер, булар. Анан бизге чала койот эле, мына баланча келе жатат, түкүнчө келе жатат, жолугушуу иштерди уюштуруп атабыз деп, заматта электричка менен жетип келип калчубуз түнү менен. Анан карасак эле уюштурсак зал толот, бизге кыйынчылык жок болчу уюштуруп койчубуз Москвада деле. Бир жолу чоң жолугушуда премьер министр Жумагулов келе жатат дегенде аябай катуу даярданалы дедик. Бул эми экинчи лицо да өлкөдө. Чынгыз Айтматов баса ошол киши менен чогуу келди окшойт бир эле жолу. Аягында Айтматов келди. Бул өтө чоң жолугушуу болду. Немеден Калининградтан Мадумаров дагы ошондо келип атпайбы. Ошондо танышкам биринчи.
Изилдөөчү: Кайсыл жерден таныштынар?
Респондент: Москвада кайсы бир жерде өткөн аны Бакыттар билет эсимден чыгып калды. Анан бир убакытта жолугушуу башталып Апас Жумагулов орусча сөз баштганда эле залдагылар чуу көтөрүлдү, ээ биз кыргыздар отурабыз бул жерде, Апас Жумагулов кыргызча эле сүйлөңүз деди. Баштаганда эле токтотушту. Бечара тердеп, бышып кыргызча акцент менен бир нерсе болуп атып, аябай жүдөп какап атып сүйлөп анан бүтүрдү окшойт. Суроолорду жаадырып берип атабыз, эмне суроо калган жок тил жөнүндө, маданият жөнүндө, идеялогия жөнүндө, эгемендик жөнүндө, экономика жөнүндө, жабык тема болгон жок. Эмне курч тема болсо ошонун баары эле көтөрүлгөн. Ал эми киши бир жагынан опытный саясатчы болчу, бирок тилден ошол учурда жакшы сүйлөй алчы эмес экен. Кийин жакшы эле сүйлөп жүрдү го. Анан кийин ошонун алдында Чынгыз Айтматов менен ошонун уландысы болуп калдыбы ал кечигип келип калды. Ал жөнүндө ошо, дагы кыскасы мага эсимде калган жолугушунун бири ошо. Себеби биринчиден көзмө — көз Айтматовду биринчи ошондо көрдүм. Жумагуловту дагы учурашып, көрүп чоң деңгээлдеги суроо- жооптор мамлекеттик деңгээлдеги суроо- жооптор болдуда. Жалаң эле студенттер эмес, ошол Москвадагы докторантурада жүргөндөр, кандидаттыгын жактап жүргөндөр Москвада азбы, көпбү ал убакытта аз болчу кыргыз интеллигенциясы ошол жакта калгандар. Сексен процент студенттер түзсөк, жыйырма процент ошол туруктуу жашап калган кыргыздардан интеллигенция бар болчу. Алар кызык жери биз менен бир позицияда болуп атышты. Эч сезилген жок жанадагыдай возростной айрымачылык,биз кандай духта болсок алар дагы ошондой духта болду: тил болобу, маданият болобу, эгемендик болобу, эмне маселе болсо. Керек болсо алар дагы туруп алып эчтекеден коркпой эле тарсылдатып айтчу немени айтып. Азыр карап турсаң интеллигенция жалкып калганбы билбейм, азыр андай деле эмес. Ошол жолугушуу мисалы жасалма эмес, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, келечеги үчүн болгонун болгондой арай көзү чарай. жакшы талкуу болуп, анан ошондон кийин биздин эмебиз ачылып кеттиби, дагы жанагындай дем, дух пайда болдубу, биз ан сайын күчөдүк. Кыргызстан деген эгемендүү өлкө болуш керек, мен ошондо эле айттым өзүнчө империя курган, өзүнчө мамлекет болгон ушундай эл болгонбуз. Эмне үчүн биз, Прибалтика ошондо алдыраак бараткан. Алар бизге бир топ бизге жол салып берип койгон болчу. Артынын Борбордук Азиядан биринчиден кыргыздар катуурак күрөштүк. Өзбек, казак булар бизге караганда күрөшү анча деле сезилген жок, биздики сезилди кыргыздыкы. Ошол үчүн сыймыктанып айта алабыз, керек болсо могу жакынкы казактарга, өзбектерге тасир эттик ошол мезгилде. Бир эле окуя кайсы жылдары билбейм, а жок мен Ленинградка кете электе жанагы Желтоксон. Алма Атада жанагы кан төгүлүп кетпедиби, ошондо мен студдекан болчумун, андан кийин биз перерывка чыгып нары жакта туруп эме кылсак эле, түнү ошондой болуптур антиптир, мынтиптир деп таза сөз болуп атат. Менин сөзүм студдекан, уже более расмий да сразу влияние кетет, анан бир убакытта ошондон бир жыл өтпөй эле Кызыл Ордого строй отрядка казак туугандарга барып келген болчумун. Кичине кичине казак чалыштырып сүйлөп тамашалап калчубуз. Эй бир баурларга көмөктөшүп барбайлыбы деп казак чалыштырып сүйлөп бири- бирибизге тамаша кылып мындай. Бирок тамаша болгону менен сөз кетип атат барып келбейлиби, мундай болуптур, кан төгүлүптүр, колдойлу казак тугандарды деген сөз жана перерывка чыкканда кадыресе мындай болуп кетти. Улам күчөп кетти да. Анан мен аларды койгула дебей кайра ичинде студдекан болсом дагы барбайлыбы, антпейлиби, мынтпейлиби деп ичинде болуптурмун көрсө. А мен кайдан билем ага чейин СНБ дегенин билбейм, мен биринчи эч жолуга элекмин алар менен. Бир убакытта андан кийин кечке маал эртеси үч тамга менен жолугушуу биринчи башталды, ошондо ага чейин жолуккан эмесмин алар службалар менен. Анан сиз ошондой болсоңуз сиздин сөзүңүз башка студенттерге закон, барып келели десеңиз, жөнөйт анан студдекан айтып атса. Анан кийин ай окудан айдалып кетпеңиз, тигиндей мындай серьезно бурчка такап калды. Ата энеңерди чакырабыз деп.
Изилдөөчү: Ким айтты аны?
Респондент: СНБ балдары да.
Изилдөөчү: Сиздин сүйлөгөнүңүздү кайдан угуп калды?
Респондент: Ошол эле биздин арабызда адамдар болот экен да алардын бирөөсу жеткирип, аны кийин билдик айтпай эле коелу биздин ичибизден кийин эки адамы чыкты. Ал полковнике чейин жетти. Азыр кийин тамашалап баягы сүйлөшкөндө, сен жеткирчи белең деп, ошол ичибизде эле жүргөн экен, аны фамилияларын айтпай эле коеюн. Бирок кадимкидей эле бизди беш -алтообузду окудан айдай турган болуп калды, көрсө чын эле серьезно болгон экен окуя. Анан дагы ал жакта күчөп адам өлгөнгө чейин барып, мен барган жокмун, кыргыз жаштары бир топ жерге чейин барган. Анан мен ошол толкунга катышып калдым баралы, уюштуруш керек, жардам бериш керек деген сөздү барып айттым да мен. Ошону изилдеп туруп Шаканов бул жерде элчи болуп тубады беле, ошондо ошо окуяда кыргыз студенттер ошенткен экен, Узунагачка чейин барган экен, колдоо көрсөтүшкөн экен деп, кимден уккан билбейм изилдеп мага грамота берген баса Шакановчу. Менин үйүмдө турат комнатада. Шаханов кол койгон грамотам бар. Бирок мен Бишкектен чыккан жокмун. Бишкекте болсом дагы солидарность көрсөттүм, ошол үчүн берсе керек грамотаны. Анан кайра Ленинградка кетели . Ленинградта мен эки жыл болдум. Ак Кеме көп эле иштерди жасады чындап эле. Бизде маданий иш чаралар тигил- бул ал жерден көп окуу жайлардан. Мисалы үчүн эмне бар экен театральный, маданий бир кыргыздар окуйт экен көбүнчө. Азыр белгилүү артистер болуп калышты, ошолор бар болчу. Сүрөтчүлүк жагында окугандар, айыл чарба жагында окугандар мен эми кээ бирөөсүн унутуп калдым анан чогулуп алып ырдайт элек кыскасы студенттик мезгил Ленинградтагысы меники эки жыл тез эле өтүп кетти. Шаар дагы кооз шаар экен убактым кенен болду. Музейлердин баарын көрүп чыктым. Беймарал болду кыскасы. Анан жанагы раматылык Мелис Эшимканов барган окуясын кичине толуктап койойун. Ал барып биздин ошол Ак Кеменин жасап аткан иши угулуп калдыда бияка чейин. Ал деген неформальный организацияда союз сыяктуу эле да, тем более “Кел Кел”,” Акыйкат”, “Ак Кеме” үчөө биригип алып бул Кыргызстандагы немелерди тынч койбойбуз да, бул жактагы бийликтегилерди. Анан Масалиев барды бирде баса, Масалиев менен жолугушканда э балдар революция жөнүндө тынч жүргүлө , болбоду беле эмне кыласыңар дагы революцияны. Ошол революция жөнүндө дагы сөз болуп кеттида. Анан келип туруп бул жака Тынычбек Табалдиев ЦК Комсомолдун биринчи секретары болчу, эми аякта жалаң жаштар экен сен иштебейсиңби, биз мунтип жүрө беребизби ошолорго жаштар деп анан бияка келип ага замечание кылган экен. Бир убакытта ЦК Комсомолдон экөө СНБдан бирөө барды мага Ленинградка бул дагы окуя да. ЦК Комсомолдун эки баласы, СНБ нын бир баласы. Бирок ошолор аябай азамат, айрыкча СНБдан барган адам белгилүү киши болду, мен айтпай эле койойун айтып койсок деле болот жанагы өтүп кеттиго Эркинбек Бирдекеев деген , Таджикистанда элчи болду, аягында фамилиясын унутуп коюп атам Эркинбек бирдемке. Ошолор биз менен Ленинградка барып жата конушуп менин общежитиемда мени менен кошо жатышты. Гостиницага барбайсыңарбы, силердин командировочныйыңар бар го десем ,жок бир күнү жатып кетебиз деди. Жанагы неме жок болчу жанымдагы Моңгол балдар, анан местаң деле бош турбайбы деп. Мени менен көрсө түнү бою сүйлөштүк да, анан каяка бармак эле, үчкө чейин мени менен сүйлөшсөң, төрттө кетип калмак беле. Жаткан деле жок кыңкайып кыңкайып эле, бирок сөз кызыктуу болдубу алар үчүн. Алар минтип айтты мага: “Э силер Кырызстанга керексиңер, силердин белиңер катый элек. Силер азыр мынтип атып кийин белиңерди сындырып, кемирчек белиңер али. Азыр силер билим алгыла. Үйрөнгүлө мейли. Саясатчылар менен саясий жагынан тажрыйба алгыла, бирок силер эмне кыласыңар азыр биринчи оку жакшы”. Кеңешти туура берген алар. Бул ишиңерди токтотпогула, макул. Эгемендик, тигил бул дегениңерди, а бирок зачем силерге революция жасап, митинг кылып бөтөн жерде жүрөсүңөр, еще дагы бир нерсе кылсаңар силерди камап салат. Туура айтып жатышат да мындай алса. Силерде мындай убеждение, могул жердеги идеяңарды биз жокко чыгара албайбыз, ал бары бир чыга берет мындай формат периодически. Бирок, силер күрөшкөндүн тактикасын өзгөрткүлө деди. Азыр силер биринчи билим алгыла, тажрыйба алгыла анан күрөшкөнгө жетет убактыңар о алдыдагы өмүрүңөр. Ушуну туура айтышты ошолор. Мага бир замечание айтып токтот деген жок кыскасы. Ишиңди токтот, муну токтот үйүңө кат жазабыз Бишкектегидей, ата энеңе айтабыз деп колуңа кишен салабыз деген жок. Алардын менден айырмасы 5-6 жаш айырмасы бар экенда азыр көрсөм бир поколение 5-6 жаш айырма, примерно. Ошон үчүн дагы биз аябай жакын сүйлөштүк. Мен аларга тамашалап айттым, эй кыргыз койлордун эти бүт Ленинградка келет, азыр алып келип кыргызча эт салып коеоюун, ошол бышкыча сүйлөшсөк сөзүбүз дагы бышат деп, эт арзан деп эт салып койдум. Чынында эт бышты, жедик ал бүткүчөктү сөз түгөнгөн жок. Дегеле көп сөз сүйлөндү да. Бирок мазмуну азыр ойлосом токтоткула, силер эмне кылып атасыңар деп колго чапкан жок , а беркилер кээде могу бийликтегилердин кесе чаба берип аткандары биерде дагы ошентип аткан. Ал жака барган үч адамга мен ыразымын да. Бир дагы кой Кадыр ай башкаңды токтот биз атайы келдик, эми экинчи ушинтсең, анда мындай болот деген сөздү уккан жокмун. Мени күлдүрүп кайра көңүлүмдү көтөрүп кайра бир туугандай эле жакшы мамиле кылып, анан мени бирок аягында ордума коюп кетишти алар. Баягындай эме кылбай калдым, секирип чыкпай калдым көп. Чын эле мен эмне кылам, андан көрө дипломду албаймынбы, шашапай эле барганда деле иш көп. Чындап эле андан кийин ишим кудай бергендей көп болду. Ошондо тиги адамдар туура кеңеш бериптир. Негизи бурулду ишим. Дипломду жаздым, защита кылып анан тиги бугу. Көбү окуу жагына бурдум чындап эле. Тигилер тасир этти мага. Совсем тыйып салган жок, мен өзүм деле тыйылган жокмун, бирок кандайдыр бир тасири болду жакшы жагынан болду. Ошол Ленинградтагы окуялардан
Изилдөөчү: Жанагы Ак Кеме уюм болуп жатат э ошондо? Ак Кеме деген дагы гезит чыкканда э?
Респондент: Жок. Менчи ошол Ак Кеме деген мурдагылар чыгарган убагында мен учурумда Ак Кеме деген чыккан эмес “Көпүрө” деген журнал чыккан.
Изилдөөчү: Сиз дагы ошого жазгансыз макалаларды.
Респондент: “Көпүрөгө” жазгам.
Изилдөөчү: Сиздин эсиңизде барбы эмне деген темага макалаларды жазганыңыз? Эмне маселерди көтөргөнүңүз?
Респондент: Көбүнчө эле ошол учурдун негизги темасы эгемендик болчу. Ошол анан тарых, тил.
Изилдөөчү: Эгемендик деп чыкчыңар беле ошол убакытта? Же жөн эле
Респондент: Республика болчуда СССР курамында, 90 жылы августа чыгып жатпайбы 91 жылы чыктыбы. Эгемендик 91 жылбы же.
Изилдөөчү: 91 жыл.
Респондент: Биз болсо 88 жылы көтөрүп жатабыз маселени.
Изилдөөчү: Эгемендиктиби?
Респондент: Ии. Мамлекте болуш керек. Өзүнчө эркин суверендүү мамлекет болуш керек. Кыргыз тили мамлекеттик тил болуш керек. Азыр дагы ошол күн тартибинде турат. Биз бул маселени ошондо көтөргөнбүз. Кыргыз өзүнчө өлкө болуш керек. Мамлекеттик тил кыргыз тили болуш керек дегенди постоянно көтөрдүк ошол жылдары.
Изилдөөчү: Биз алган интервьюда көп эле айтып ататда, анда биз тил маселесин көтөрчүбүз, эгемендүүлүк жөнүндө сөз болчу эмес деп.
Респондент: Жок. Эгемендик болгон үчүн биз тиги Мелис Эшимканов экөбүз Народный Фронттун могундай кагаздарын көтөрүп жүргөн жокпуз да. Алар эгемендик үчүн күрөшүп жатпайбы Саюдис Народный Фронт деген бир эле максатты койгон Прибалтика өлкөлөрү СССРдан чыгабыз, биз өзүнчө өлкө болобуз деген ошолор биринчи баштады. Биз ошол мезгилде алар менен барып тажрыйба топтоп келип, анан бул жактан КДКга өтсөк болот азыр. Мелистер бул жака келе берди анан 26 май 89жылы бекен же 90 жылбы бул жерде 26 майда тактап койсоңор 89 же 90 жылда, 89 болушу мүмкүн КДК түзүлгөн. Кыргыз Драм Театрында толук эл катышты. Мен Ленинградтан Ак Кеменин өкүлү болуп келдим, делегат болуп мындайча айтканда Курултайда. Мага сөз беришти. Масалиевтин должносту көп экенда Кыргыз ССР нин коммунистик партиясынын төрагасы, анан жанагы Жогорку Кеңештин дагы төрагасы экен ошол мезгилде эки должностто. Кийин анан Койчуга бердиго Акматовко ошондой. Анан ошону атайын сарказм менен окугам “Урматтуу Абсамат Масалиевич көрдүңүзбү сиздин кызмат ордуңузту аташ үчүн эле беш мүнөт кетип атат дегендей” баштадым. Ушунчалык должность ушунчалык бийлик колуңузда туруп эмне үчүн борбор шарында бир эле кыргыз мектеп болушу керек? Эмне үчүн кыргыз тили ушундай абалда болушу керек? Эмне үчүн кыргыз эли өзүнүн эгемендиги үчүн тиги Прибалтика өлкөлөрдөй болуп күрөшпөйт? Эмнеге үчүн өзүнчө өлкө болбойбуз? Ошол жерден эле айттым трибунада. Масалиев азамат киши экен коммунистер азыркыдай куугунтуктаган эмес азыркылар камап жүрөт мына. Мен ошол сөзүм үчүн чыккандан кийин эле беседа кылса болот эле да, катуу эле айткам ошол жерде ошол трибунадан элечи. Эме кылган жок. Кийин Абсамат Масалиевичке жолугуп бир бөлүгүм үчүн сүйлөгөн сөзүмдүн бир бөлүгү үчүн тирүүсүндө кечирим сурап калдым. Себеби кудайым алдында турүүсүндө сурап калганым жакшы болгон экен. Мен ошол учурда бир аз ашыкча кетип калыптырмын, анан Апсамат Масалиевичтен кийин интервью алгандачы өзүм. Анан эмне болду деди ,анда жаш элең деди,депутат болчу ал киши раматылык. Жаш элең, курч элең, айтса айтыпсың да мен аны эсимде деле жок дегенсип койду. Бирок ошого карабай кечирим сурадым. Эмне үчүн деди? Биринчиден мен ошол мезгилдеги саясий кырдалды жакшы түшүнгөн эмес экенмин, маселенин баарын Москва чеччү экен. Анан калса сизди ошентип жазгам акылдашып, кеңешели деп жүрө бересизби, качан элдин мамлекеттин тагдырын чечесиз деп сүйлөгөнмүн мен. Аяка зависимый экенин мен билбеймин да. Ошолордун баарын айтып мен сизди ашыкча сындаптырмын дедим. Бир бөлүгү туура жана эгемендик болуш керек, тигил бул тил өзүнүн ордуна келиш керек. Анан болбой эле сизди катурак ашыкча айтып коюптурмун деп мени кечирип коюңуз дедим. Анан күлүп, күлүп эле койду. Кечиргени ошо го эми. Тирүүсүндө кечирим сурап койдум. Себеби чынында ашыкча сүйлөптүрмүн. Муну деле кийин жашым өйдөлөгөндө түшүндүм. Так ошол жыйындан кийин ал жыйынга чейин бир окуяны айтып береин мындай последовательность болуш үчүн. Жанагы Мелис бияка кагаз пагазын жүктөп алып келгенден кийин , мен почему -то бир иштерим менен келип калдым көп өтпөй эле. Келсем бул жерде аябай кайнап атыптыр Бишкек. Ошол коммунистик доор менен жаңы жанагы сөз эркиндиги эмне эле ал убакыттагы кайра жаралуу, кайра куруу тиги бу деген ушундай мода болуп аткан мезгил болчу. Келсем бир жыйын өткөрмөк болуп калышты, тиги жаш интеллигенция мындайча айтканда. Азыркы Лениничил Жаш деген гезит бар эмеспи ошонун жанында жогорку комсомолдук мектеп деген бар болчу ВПШ ошол жерде өтүп калды. Анан комсомол комитетинде иштеген жанагы борбордук комсомолдо иштегендер, жанагы көбү идеясы боюнча биз жака өтө баштады ошол мезгилде. Эми идея нормальный идея болчу кыргыз өзүнчө өлкө болуш керек деген. Анан негизи коммунистик партияда кичине шататься этип калган мезгил эле. Комсомол дагы ошентип калган болчу. Алардын ичинде дагы бизди колдогондор чыга баштады. Ошол Бакыт Ашыралиевти тапсаңар болот. Ошол жигит ошол учурда жакшы роль ойноду Бакыт Ашыралиев деген азыр кайда билбейм ошо. Ошол шарт түзүп берди.
Изилдөөчү: Ким эле кесиби?
Респондент: ЦК Комсомолдо иштеген жигит болчу. Менден эки үч жаш чоңго. Такыр көрбөйм ошону бирок эмгегин айтамын да. Өзү ошол системада иштеп атып, биз менен жол табып сүйлөшүп ошол идеяны продвигать эткенге жардам берип атат. Жанагы кабинеттерин берип атат. Эмне деген риск. Азыр бирдемке сурасам, кой ананайын жумуштан айдайт дейт. Ошондой адамдар ичинен чыкты. Где то кырктын тегерегиндеги жаш интеллигенция менен жаш студенттер, картаң студенттер, жаш интеллигенттер деген тамаша сөз бар эле. Анан көрсө ошолордун жыйыны болгон экен, анын ичинде жаш интеллигенттер болчу Касманбетов, Алмаз Акматалиев, Талгарбеков, Райкан Төлөгөнов дагы ушундай, кыскасы, Мелистер. Биз болсо 25-27 лердебиз студентбиз да. Анан Сабыр Муканбетов дагы ошондо бар экен көрсө, Таалай Ылайтегин, ошлор бар экенда. Бир убакытта жыйынга бары топтолуп калды дагы, алып барганга киши жок, модератор жок мындайча айтканда. Бирө жарымы бардыгы эле жарайт бирок даай албайт да. Баштаса мүмкүн бары бир жоопту жыйын болуп жатат да, система алмаша турган, чоң сөздөр сүйлөнө турган, жаңы уюм түзүлгөнү атат да. Ядро түзүлүп атат. Анан Мелис дагы мындай шапшак реакциясы жакшы эле. Мелис айтты го биринчи Алмаз Акматалиевти, дагы бирөлөрдү айтты окшойт эй Кадырды сүйлөп сүйлөп кетип калат Ленинградка, давай ошо колунан келет, ошону алып барып берип койсун деп, сүйлөшө коюп туруп бары мага ыйгарып атпайбы. Мен студентмин 5 курстамын. Бул жакта интеллигенциясы бар, тигиси бар, бир топ кишилер бар да. Анан мейли деп, жыйынды жакшы опыт болуп калган экен көрсө. Ошол жыйынды мен алып барып калдым. Бул жыйын ойлонсом өтө бир чоң иштин башындагы исторический жыйын экенда.
Изилдөөчү: Аты кандай эле ошол жыйындын?
Респондент: Аты жок эле. Ал барып КДКны түзүп атпайбы. КДКны түзүү процесиндеги алгачкы уюштуруу жыйыны болуп атпайбы. Ай бул жыйын эгер убагында болбосо кийинкиси дагы болбойт да, последовательно болбойтта туурабы? Анан көрсө кийин түшүндүм, көрсө жанагы КДКны түзүүгө эң алгачкы кадам болгон экен, ошол жыйын. Аны Сабыр Муканбетов деген айтып атат ошол жыйынды Кадыр алып барган болчу деп. Менин эсимден чыгып кеткен нерсени, жакын арада ошонун озунан уктум. Чын эле мен ага маани бербептирмин. Көрсө ал чындап эле тарыхый жыйын экен 30-40 влиятельный адам. Баары азыркы күндөгү бүт кыргыздар тааныгын адамдар. Менин оюмча Текебаев дагы болсо керек эле. Анан эсимде бары жок да.
Изилдөөчү: 90 жылы болуп атабы?
Респондент: Жок. Бул 89 болушу мүмкүн. Сиз КДКны түзүүнүн алдын караңызчы бир эки ай алдыда. КДК 89 жылы майда түзүлүптүрбү же 90 жылы майда түзүлүптүрбү ошону эле карасаңыз, ошондо эле чыгат. Анда КДК түзүлгөн жыл кайсы жыл болсо ошондон бир эки ай мурда болгон окуя бул. Болордун алды. Где то февральдар болушу мүмкүн. Тигил майда өтүп атпайбы КДК жыйыны. Даже мүмкүн март, апрель. Алдында келип КДКга карата даярдык алды болуп атат мындайча айтканда. Анан жыйын бүттү. Ага чейин мен жөн жүрбөй ортомун азыркы тил менен айтканда ортомун. Эл менен сүйлөшүп калгам Казат Акматов менен Чолпонбек Базарбаев бийчи алар менен. Төлөмүш Океев менен Текебаевтер. Булар орто кырк, элүү кишилер болчу алар. Анан алар менен жаштар али бириге элек. Бирок булардын оюу менен биздин оюбуз бир болчу. Анан могу жыйын бүткөндөн кийин Казак Акматов менен ага чейин байланышым бар эле. Ал жазуучулар союзунун төрага орун басары экен. Анан чыккандан кийин эле Казак агайга кирдим дагы болгон окуянын баарын айтып туруп, данныйларды берип эки муунду байланыштырганга ролум барда ошол жерде. Мен өзүм Кошалиев деген фамилиям көрсө кошуу экен да меники. Курултай дагы ошондой өттү. Миссиям ошондой экен өзү кошуш экен. Кошуу атанын дагы функциясы ошого жакын. Ат дагы жөн коюлбайт экен, фамилия дагы жөн коюлбайт экен. Анан ошол кошкон функциям болгон экен. Анан Казат Акматовго подробно маалыматымды бердим дагы өтө маанилүү маанилүү балдардын телефонуна чейин бердим. Ал киши алар менен шарт байланышты дагы бияктагы тиши чыгып калган, уже белгилүү болуп калган орто муун адамдары менен жаштар чак кошулуп кетти идеялаштар. Болду андан кийин ядро түзүлдү. Аягы КДКны түзүүгө алып барды ошол процесс. Анан Тургуналиевтер кошулду кийин. Карап турсам Жыпар Жекшеев, Чоң Аюлар ошондо эле ичинде болчу. “Ашар” деген иттей кайнап аткан мезгили болчу. Ошондо бечара аябай ыразы боломда Түгөлбай Сыдыкбековго. Себеби жерди бериш керекпи, бербеш керекпи ошол маселе болуп жатпадыбы үй салганга. Масалиев болсо Москваны карайт, аныкы деле тушүнсө болот. Москва чеччү да. Ошондо көрсө интеллигенция аксакалдар, аксакалдык сөзүн айтыш керек экен да, керек болсо бийлик башындагы адамдар деле элден анча- мынча таяныч болбосо чече албайт экен да. Мен аны кийин түшүндүм. Даже канчалык бийлигиң болсо дагы сени төмөнтөн таяп турган идеялар болбосо, эл колдоп турбаса анда ал административным путем чече албайт экен. Анан ошондо мен Түгөлбай Сыдыкбеков менен ошол учурдагы нукура аксакалдык функциясын аткарды. Азыр кийин ойлосом ошого окшогон немени Дооронбек Садырбаев аткарды. Азыр ошондой аксакалды көрбөй атам. Биз деле аксакал болуп калдык ко. Туруп берчү аксакалдар аз болуп атат керек учурда башканы койбой эле бүт бир. Мындай болдуда бул жакта Москва турат, Коммунистик партия турат. бүтүндөй таразанын бир жагынан, бир жагында Түгөлбай Сыдыкбеков турат. Ушундай функияны аткарып колу мындай титиреп паркинсон орусу менен ооручу эмес беле, мынтип туруп сүйлөп турганы эсимде. Мазмуну мындай: “Ата бабасынын борбор шаарында Фрунзеде түпкүлүктүү элдин өкүлдөрү өздөрү өгөйлөнүп калгандыгын, өзү өксүп- бул калыс эмес, адилетсиздик. Өзүнүн ата бабасынын жерине ээ болбогондон кийин эмне деген кордук ” деп. Вообще катуу сүйлөдү. Ошону менен тараза бир жагына ооду. Ушул үлгү боло турган аксакалдыкты ошондо көрсөттү. Керек болсо канчалык абыройу болсо дагы Чынгыз Айтматов, өзү аксакалдык весин Түгөлбай Сыдыкбековтой көрсөтө алган жок. Калыстык үчүн айтыш керек да. Ал кээде коньюнктурага кирип кетчү. Мисалы, Ош окуясы болуп жатканда бияктан барбастан, Ташкент жактан келип туруп ,анан эми “өзбектер деген көп, тоодон түшүп алып эле ушинтип эле омуролой бересиңерби, койгула” деп кыргыздарды кайра басмырлаганда, кайра эл эмне деген реакция кылды. Сиз биздин сөздү сүйлөйт деп күтсөк, эмне деп атасыз деп каккан Ошто. Анан ошого окшогон наоборот бир эки немесинен кийин анан Чынгыз Төрөкулович ошондон кийин ойлонду окшойт. Кийин оңолду, көп жерде ошол сабак болду. Эл прямо эле кагып салбадыбы. Эй эмне деп атасыңар деп элечи. Андай учурда Түгөлбай Сыдыкбековко окшоп эл деле мындай бала сыяктуу болуп калат экен да бир мезгилде. Ошого мындай бир аксакал огожо болуп бериш керек экен, мамы болуп бериш керек экен, ишеним болуп бериш керек экен. Ошого жарай турган аксакал жок болсо, эл кыйналып калат экен. Дагы ошол жерден Түгөлбай Сыдыкбеков акскал ролун атайын өзүм деле жазайын деп жүрөм ошол учурда. Анан так ошондой фунцияны кийин Дооронбай Садырбаев Узөнгү Куш кетип жатканда, дагы бир ошондой кыргыздын татаал мезгилинде Дооронбай Садырбаев жасады да. Калган учурда азыр мына кыйын эле болуп атат азыр деле могу Шеримкуловтор чыгып тарс- тарс айтсо болмок, анчалык деңээлде болбой атат. Баягында туу боюнча айтканы жакты мага.
Изилдөөчү: Ал чечимге таасир эте калбай калды бирок.
Респондент: Бирок айтты. Өзүм колун кыстым аксакал молодец айтыңыз депчи. Менин колуман келишинче айттым. Эй курултайга барып талкуулап анан чечели дедим. Курултайга барганда элиң бурулуп кетпедиби тарс этип. Президент сурангандан кийин элди дагы мындай дейм президент ушунчалык суранбаш керек эле да. Ошончо сурангандан кийин эл дагы айкөлдүк кылды да эми. Хан башы менен суранып атса тигини, анан колдоп койолу деп.
Изилдөөчү: Ошондо курултай чечүүчү болуп калдыда э?
Респондент: Ии. Курултай дагы колдогон болуп калбадыбы өзгөртүш дегенди. А элдин 90 проценти каршы чыгып жаткан. Мен аябай капа болдум ичимен. Мен ойлогом курултай хотя бы отпор берет деп. Жарабай койду ошондо бир немеге. Ошол жерден бир аксакал дагы чыгып айтса болот эле ага дагы бирөсү анан жаштардан бирө чыгып айттыго: “ Ай эл эмне деди эле кече каршы сүйлөп бүгүн колдоп атасыңар бет барбы деп” жаш жигит. Бары бир айтты. Бир кыргыз айттыда улуусу кичүүсү бирөсү айтты. Бары бир кыргыз ошондой эл да айтат, баари бир.
Изилдөөчү: Агай ошол кездеги медиага келгенде мындай экен да ушул кыймылдар бир четинен сиз айткандай студенттери деле текшерип, анан катуу болбосо деле өздөрүнө тартып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүптүр да, бирок мындай ачык каршылыктар болуп, окуудан айдалып жазалангандар учурлар болдубу же болгон жокпу?
Респондент: Ошого чейин жеткизип бутту салаңдатып коюп токтотуп коюшуп атты да. Жок, айдап салганга чейин жеткен жок. Бирок мындай катуу кысып, анан үйгө чейин айттырып, ата энебизге чейин айттырып тыйган кыскасы.
Изилдөөчү: Мен таң калганым Караколдо айдалды деп айтып атышат 20 студент.
Респондент: Бир экөө айдалса айдалды. Айдалышы дагы мүмкүн. Менде азыр маалымат жок, бирок ошондой кырдаалдар түзүлү атты. Айдалышы мүмкүн. Бизде Филфакта ушул саясий мотив менен айдалган болгон жок. Эскертүү болуп, ата энелерибизге чейин жетип кабар, анан жөн жүргүлө же болбосо отчислениеге кетесиңер дп анан токтоткон.
Изилдөөчү: Анан дагы бир эме да, бул кезде жанагы партия тарап деле мындай кескин каршы чыккан эмес дейт. Ошол КГБнын ичинде деле колдогон учурлар болгон дейт. Ошондо эл өзү даяр болуп калган беле?
Респондент: Идеялык күрөш болду да бул жерде. Мисалы бийлик талаш үчүн болгон жок, ал жерде идея күрөш болду. Ошон үчүн эменини ичинде керек болсо, бийликтин ичинде дагы, интеллигенциянын ичинде дагы, жаштардын ичинде дагы максат тилеги бир адамдар башын бириктире алды. КДК деп ошол жакка бирикти. Бирок КДК жөнүндө ойумду айтайынчы. Биринчиден ошол мезгилде эң биринчилерден болуп ошол Орто Азияда Борбор Азияда өзүнчө коммунистик партияга альтернатива күчтүү алып чыга алган алып чыга алган кыргыз болду. Прибалтикадан кийин эле Кыргызстан болду. Анан анын башына ошол Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеевтер келди да. Азыр менин анализим боюнча алар коммунистик түзүлүштү кыйратууга салым кошуп бирок ошонун ордуна кайсыл жол менен кетебиз, кандай өлкө курабыз, идеалогиясы кандай болот. Анын базиси, настройкасы кандай болот. Мотивация бере албай коюшту. Кемчилиги ошол болду. Мен деле ошол мезгилде жаш элем ал учурда. Бирок мен бир топ жылдардан кийин мен ошону түшүндүм анан Элдик Курултай кыймылын түзүп. Кыргыз Жолу деген коом тузүп мен күрөштүм да.
Изилдөөчү: “Кыргыз Жолу” дейсизби?
Респондент: Ооба. Мен азыр “Кыргыз Жолун” жетектейм. Азыр курултайды тапшырдым. Кыргыз Жолу Руханий Коом Алмагүл жакшы билет. Ошол акыркы 10-15 жылда эмне иш кылдың десе мен бир сүйлөм менен журналистика боюнча ЭЛТР каналды түптөп жанагы Ош 3000 базасында ЭЛТР деп атын мен койгом. Бул деле маалыматка кирет да между прочим. Ошол маалымат коопсуздугу түштүктү Өзбекстан телевидениеси басып кетти деп маселе болгондуктан Мадумаров экөөбүз бияка Бакиевке кат жазып отуруп, анан ошол экинчи каналга айландыруу статусун көтөрүп ошону бүгүнкү күнү кыргыз эли пайдаланып атпайбы. Кадыр эсе канал болуп калды ЭЛТР. Ошондо 2005-2008 директор болуп иштедим 2005-2008.
Изилдөөчү: Ошондо кайсыл жылдары түзүлүп калды?
Респондент: 2005-2008 жылы директор болуп иштедим, а түзүлгөнү 2005 түзүлдү ЭЛТР. Областык студияны экинчи республикалык каналга айландырдым. Эми Кыргыз Жолу мен өмүр жолумду мисалы үчүн 40 жыл эмгек жолумдун 50 проценти туптура жарымы журналистикага арналып, жарымы коомдук ишке арналыптыр дейминда карасам 50 на 50 болуптур. Мен коомдук ишке күнүгө жумушка баргандай барып жүрдүм. Себеби бир күч алып жүрдү мени, такыр жылдырбай койду, бияка дагы тияка дагы мындай.
Изилдөөчү: 85-90 жыл Кыргызстан башка республикаларга караганда алдыда баратат туурабы? КДК деле эмне үчүн көп жылдан бери граница чечилбей калган?
Респондент: Негизги айтам деп баратып башка жака кирип кеткен турбаймынбы. Ошол Кыргыз Жолу, Элдик Курултай деген кыймылдарды, коомдорду түзүп ошого бир жыйырма жыл убакыт кетип атпайбы. Кээ бирөлөрү эмгиче айтатта эмне кылдың, эмне таптың деген суроолор болот да. Бул өзү килограмдап, сантиметрлеп өлчөй турган иш эмес да чоң өзүнчө. Анан мындай айтат элем Акаев бизди сурабай эле 90 жылы ачык либералдык демократиялык коом дегенге салып берген бизди. Ошо менен азыр деле келе жатабыз чынын айтыш керек да. Мен ошол Акаевтен жакында интервью алганда баягында мен анын өзүнөн сурадым ошол улуттук иденттүүлүк сиз окумуштуусуз, ошондо улуттук иденттүүлүктүн жолуна салсаңыз болбойт беле. Эмне үчүн еврейдин жолуна салдыңыз десем, ошонум туура эмес экен деп мойнуна алды. Көрдүңбү өзүнө айттым жолукканда. Эмне кылдың дегенде мен айтат элем 20 жылдык өмүрүмдө мен кыргызды адашып ачык либералдык коом деген жанагы “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүм төргө илем” деген жолдон улуттук иденттүүлүк жолуна, өзүнүн жолуна кайтарууга салым коштум деп айта алат элем. Мындай в целом кыска айтканда ошондой. Жалгыз эле жасадым деп айта албайм, но көптөгөн адамдар, процесстер, ошонун ичинде мен кыргыздын өзүнүн жолуна салууга салымым коштум. Адашуу жолдон өзүнүн жолуна салууга, ал жол али толук түшө элек.
Изилдөөчү: Ал эмне?
Респондент: Түшө элек али өзүнүн жолуна. Ошол жака бурулдук. Азыр мына чыгып алып күнүгө нарк эле нарк деп сайрап калбадыбы Касманбетов. Ошону элестетсең Алмагүл билет. Биз 16,17,18 жылдары жанагы маданият, тарых жылы деп чыкчы эле го указдар ошондо 9 боз үйдү тигип алып Чырпыктыга барып, мен апенди экем азыр ойлосом. Анан 40 күн ошол жерден нарктуулука миң насаат деген семинар практикум деп койот экен өткөрдүк.
Изилдөөчү: 40 күн?
Респондент: 40 күн тогуз боз үй тигип алып.
Изилдөөчү: Эмнени өткөрдүңөр?
Респондент: Азыр айтып берем сен катышып калдың э ошондо. Ошол биздин эле демилге менен болуп атат Кыргыз Жолунун. Анан жакын эле жүргөн досторум аттарын айтпай эле койойун Кадыр мээң ордундабы? Бул деген оор жумушта, муну мамлекет жасай турган иш. Эмнени мойнуңа алып алгансың өзүңө, дегендер дагы болдуда. Чын эле ошондой иш да, элестетсиңер 9 боз үйдү тигип анан лекторлорду даярдап, анан жакшы эмебизди ошол учурда Тугөлбай Казаков министр болуп калып маданият министри.
Изилдөөчү: Кайсы жылы?
Респондент: 16, 17 жылдары. Анан ошол кишиге кирип идеялардын барын айтсак түшүндү да карабайсыңбы. Э Кадыр бул целый университет жасай турган чын эле мамлекет жасай турган иш экен. Биз 150 миң сом эле сурап киргенбиз, көп сурасак бербей койобу деп 300 миң бербедиби. Себеби ал түшүнүп атпайбы, мынагындайча жумуш экенин. Сиз эми бербей койобу деп боло турган сумманы сурап атабыз деп калганын спонсорлор менен эптейбиз деп. Биягын деле эптеп жатыпсыңар, биягы деле жасаган ишиңерге деле мамлекет силерге орден берсе болот. Эмне деген жумуштар деп, анан ансыз деле бул жасап аткан иш мени жетектеп аткан министрдин иши азыр министерство биздин деле ишти жасап атыпсыңар, “Нарктуулука миң насаат” аталышы дагы. Азыр мунагы эме сайрап атпайбы Касманбетов ошону биз ошондо эле жасаганбыз. Аты айтып турбайбы “Нарктуулука миң насаат”. Анан бир жакшы жери биздин проектибизди Чолпон Алиевна жанагы Баямандын аялы вице болчу. Ошол виза коюп колдоп берип, абийир болду да. Анан бизге райондон, областан мектептин директорлеру, библиотеканы башкаргандар, айыл өкмөттүн социалдык маселесин тейлегендер, райадминистрация социалдык маселени заведующий отделдери келе баштады. Биз ошолорду окуттук. Эмне деген жумуш бул аны деле бир күч жасатты. Өзумдү мындай кылып эле жүргөнмүн деп койом, азыр кичине койо берди. Себеби муну жасабасам бир логический жерге чейин жеткизбесе, койо бербейт экен.
Изилдөөчү: Эмне кылдыңар ал проекте?
Респондент: Көп киши эме кылдык жанагы Темирбек Токтогазиевтер доклад окуп атты, Баяс Турар, эме деген бар Абдувалы Тегин ким эле жанагы
Изилдөөчү: Абдусалиевби?
Респондент: Жок. Абдусалиев барган жок. Улуттук банкта зам болуп иштеген Сүйөркул Абдувалы Тегин деген ошол. Ошонун доклады эң кызыктуу болуп атты.
Изилдөөчү: Ким дедиңиз Сүйөркул Абдувалы Тегин?
Респондент: Сүйөркул Абдувалы Тегин.
Изилдөөчү: Ким өзү негизи?
Респондент: Өзү банкир экономист экен, бирок ал темага духовность руханият маселесине аруулук темасы боюнча аябай сонун доклад ошлордун ичинен көбү жактырышты. Мен өзүм доклад окуп аттым.
Изилдөөчү: Кайсы темаларды окудуңуз?
Респондент: Меники ошол кыргыз элинин коом түзүү, эл башкаруу тажрыйбасы, жанагы беш институт жөнүндө, үй бүлө, аксакалдык, уруулар, элдик курултай ушул институттардын орду жөнүндө болуп атты меники. Азыр деле үй бүлө маселеси турат. Кыскасы азыркы айтып аткандын деңгээлинде системный маселени көтөргөн экенбиз, ошондо 2016-2017 жылдары. Анан эми мындай экенда биз көзгө көрүнбөгөн проект иштейт окшойт ааламда. Ошондо үрөөн сепкендей болуп, биз из салып коютурбузда, азыр кетип атат надан ары. Аны көп деле коом биринчи белгилүү эле чөйрө билди. Мындай публикага жеткире алган жокпуз да, бизде мамлекеттик машина ыгына жараша колдонду бирок өтө эле жакшы колдогон жокта. Түгөлбай байке колдоп берди, конечно. Госсекретарь болсо азыр колунда бийлик бар болуп дүңкүлдөтүп атат, анда бизде андай бийлик жок эле. Бирок все равно бул деле эптей албай жатат го эмнегедир.
Изилдөөчү: Жеке өзүнүн атынан сүйлөй баштады.
Респондент: Ии. Азыр эффект жакшы болбой жатат. Эл уже жадай баштады жомок айтып жатат деп. Айткандан кийин аны жасатыш керек да. Биздики жакшы жери мындай болуп атат. Мунагы областык, райондук айыл өкмөткө чейин идеология, ошол тараптагы должностной адамдар келип атпайбы. Анан аягында биз анкета түзүп койдук да, ушул окуу семинардын сизге эмнеси жакты, эмнеси жаккан жок бир 5-6 суроо, мен аны өзүм түзүп, аны анкета кылып коюп. Кетерде толтуруп коюп анан карап турдум да. Карап атсам ошондо айтып атпайбы бизде детсадда, мектепте, жогорку оку жайда дагы окутпаган нерселерди ушул жерден келип уктук дешти. Чын эле ошондой. Анан дагы кандай кызык нерселер бар ошол жерде. Муну мамлекетттик деңгээлде улантыш керек, мамлекетке эми уланды. Анда биз ошондо эле айтканбыз уланып келе жатат. Мен жана сөзүмдө айттымго эмне иш кылдың 20 жылда дегенде, кыргызды өз жолуна салганга салымымды коштум дебедимби, в целом ошода. Ошонун бири штрих Чырпыктыдагы окуя. Тогуз боз үйдө аплалар бар бечара биз менен 15 киши постоянно иштеди. Апалар Умай эненин рольдору, эненин орду жөнүндө сабак өтүшөт апалар. Жанагы ардак апалар бечара жүрбөдүбү ошондо. Менден 15 жаш улуу кишилер жүрүштү 40 күн бою.
Изилдөөчү: Оба. Сиз айтып атпайсызбы бурганга аракет кылдым анан буруу бул узун процесс. Анан сиз кийин өзүңүз жасабасаңыз деле башкаларга сунуштар, семинарлар түрүндө кылбадыңызбы?
Респондент: Семинар түрүндө Кыргызстан бир кыдырып чыктык андан кийин. Барган жерлерде бизди акимдер, айыл өкмөттөр эл топтоп берип.
Изилдөөчү: Ошол эле тема менен э?
Респондент: Ушул эле тема менен жакшы кабыл алышты. Биз үрөн сепкен экенбиз да, азыр ойлосом. Анан ошон үчүн оңойурак кабыл алып жатышат да. Бир топ иш кылган экенмин. Ошол акимдер, айыл өкмөттөр эл менен эле кошо отурду бизди укчу.
Изилдөөчү: Ошондо кимдин бийлиги учуру болуп калды? Бакиевби же Атамбаеби?
Респондент: Жээнбеков учурунда болуп калды. Анан эмеде башталган бул окуя Атамбаевтин учурунда башталган, ооба Атамбаев, Жээнбеков учурунда.
Изилдөөчү: Буларга чейин жеткен жокпу?
Респондент: Бул кийин анан Курултай менен көп убактым кетти меникичи. Курултай деле ошол эле маселе кыргыз элинин салттуу эл башкаруу институттары жанагы 5 институттун бири Курултай. Ошолордун барын алып келгенден кийин эле, менимче баары өзүнүн жолуна түшүп баштайт, үй бүлө, ак сакалдык, уруулар, бийлер, элдик курултай бешө. Мына кырк уруу барго ушунун дагы башында ордунан козгогондордун бири мен болдум. Кыргыз Эл Биримдиги деген ушу да. Ушул уюмдун түзүлүшүнө анан эң алгачкы жетекчилеринин биримин. Кырк уруу барго Кыргыз Элинин Биримдиги деген. Азыр ойлосом бардык жерде менин ордум бар жерге алып барыптыр да, анан кээ бир жерден сразу алып кеткен Кырк Урууда эки жыл убакытым кетти.
Изилдөөчү: Сиз ошол негиздөчүсү болуп жатасызбы?
Респондент: Бул бири десеңер болот негиздөчүлөрдүн бири.
Изилдөөчү: Ким бул жетекчиси?
Респондент: Азыр уже жаштар башкалар келди. Башында ичинде мен, Дастан Сарыгулов, Алманбет Матибраимов, Нур Абдрахманов окшогон аксакалдар болгон. Эң жашы мен болчумун, Чолпонбек Абыкеев, Аяз Тураров ошолор. Кеңеш Айтикеев.
Изилдөөчү: Ошолор уланып жатат да, э?
Респондент: Азыр жаш башка команда иштеп атат. Бирок алар жакшы, өткөндө мени атайын чакырышып, ээ башында болгон экенсиңер муну эмне максат менен түзгөнсүңөр кеңешиңерди айткылачы деди балдар.
Курултай деле ошондой болду. Бирок мындай экенда бир окуя аябай эсимде калып калган. Бир 38-40 жашка чыгардын алдында мындай болдуда “Э давай бир кыргызды өз жолуна салбаса болбойт муногу батыштын жолу туура эмес кетип атабыз деген жолго убежденно келдик дагы”. Анан Чолпонбек Абыкеев, Аяздарга окшогон менден бир жаш бир аз улуу кичүү беш алты адам сүйлөштүкта мындайча айтканда. Давай эмне кылалы, биринчи экинчи үчүнчү кадам эмне кылабыз деп сүйлөшүп кичине бизге туруп бере турган бир эки аксакал табалы кармана жүрөлү деп. Фамилиясын айтпай эле койойун анан геройлорго бардык анда тирүү болчу көбү батырларга. Анан алар менен таза сүйлөшүп Эй силер эми бу жерге барып бизге караан болуп бергиле эми. Отуруп берип, сүйлөгөн жерде кеп кошуп, аксакалдык кылып, жилик алып, тамашалап иши кылып жүрүп бергиле башыбызга караан болуп. Анан ошондой иштерди кылалы деп сүйлөштүк. Анан биринчи эле повороттон биринчи эле иш чарадан отказ болду да. Эй балам башым оруп жатат, сен билесиң согушка катышып келгем тигиндей- мындай, иши кылып барып эле катышып берүүдөн чалтайлап туруп алышты. Анан мен өзүмө сөз бердим Эй Кошалиев сен дагы бир мезгилде анча мынча эл тааныган, анча мынча сөз уккан мезгилге келгенде артыңан келе жаткан жаштарга туруп бер. Просо өзүмө тапшырма бердим анан ошол тапшырманы аткардым.
Изилдөөчү: Азыр президенттин кеңешчисизби?
Респондент: Жок. Бүт тапшырып атам азыр жумуштардын барын.
Изилдөөчү: Тапшырдыңызбы?
Респондент: Мыктыбек Абдылдаевке тапшырдым. Эми Чолпонбек Абыкеев кеңешчи.
Изилдөөчү: Дагы бир кеңешчиси?
Респондент: Жок. Мен кандай десем биринчи экинчи жылдары телефонго чейин эле байланыш бар болчу, акыркы жылдары жок. Бир жылдай связь жок.
Изилдөөчү: Агай ошондочу 98-90 жылдагы эң активдүү басылмаларды, анан журналистерди атап кетсеңиз? Ошол учурда салым кошкон, ошол кездеги эгемендүүлүтүн жаралышына, идеянын жаралышына, алдыга жылышына тасир эткен журналистер кимдер болгон ?
Респондент: Аман Токтогулов деген раматылык өзү СНБда иштесе дагы акын, эркин ой жүгүрткөн жакшы киши болчу Түгөлбай Казаковтун агасы. Ошол киши ошол СНБнын ичинде туруп редкий случай да бизди колдоп, анан ошол гезиттин башкы редактору болуп.
Изилдөөчү: Кайсы гезитте?
Респондент: “Майдан” деген. “Майда”н деген бул кыргызча чыккан мындай гезит формасындагы биринчи опозиционный деп айтканга дагы болбойт, мындай идеялогиясы такыр башка.
Изилдөөчү: Биринчи эркин гезит э?
Респондент: Биринчи эркин гезит сыяктуу полноценный деп эсептейм. Биздин жанагы “Көпүрө”, “Мүрөк” дегендер алар любопытство менен чыккан, чыгып кайра жоголуп кеткен немелер. Анан орусча гезиттерден “Республика”. Мелис Эшимканов менен Чолпонбек Абыкеевтин гезити көпкө чейин немени кармады да.
Изилдөөчү: Абыкеевтин кайсы гезити?
Респондент: “Аалам” деген. Аалам 100 миң деген тиражка чейин чыгып атты.
Изилдөөчү: Канча?
Респондент: 100 миң. Аалам тиражы бир мезгилде көп эле. Аалам менен чогу иштешип аттык, кийинки жылдары. 2001ден -2005 чейин Аалам гезитинде эркин гезит болчуда почти сотрудниктей эле иштедим. Идеяларды жазып ошол жерден. Кыргыз Көчү кайда барат деп жанадагыдай тегерек стол алып барчымун Масалиев, Усубалиевти чакырып алып гезитке. Ошол эле маселелер мен гезитте ошо совместительство иштеп калдым Чолпонбек Абыкеев ушул жерден кичине айлык алып ал эми сен и так эле чуркап жүрүп иштейт экенсиң деп анан ошол жерден кичине айлык берип эки үч ишти бир кылчымын гезиттин ишин кылып жана коомдун ишин кыла берчүмүн. Сени менен ошол мезгилдерде танышып калдык э?
Изилдөөчү: Архивтен
Респондент: Ошо андан кийинерек.
Изилдөөчү: Ошол Аалам, Республика Мелис Эшимкановтун гезити дагычы?
Респондент: “Агым”, “Асаба” деген гезиттерда дагы көп эле гезиттер чыкты. Эрк деген партянын гезити чыгып атты, “Ата Журт” деген чыкты Азимжан Ибраимов главный редактор болчу. Кийин эркин гезиттер региондордо чыгып аткандар болду. Ата Журт деген гезит канча чыкканын билбейм. “Айдай” деген гезит эменики Кенжебек чыгарып жүрдү Кенжебек Арыкбаев.
Изилдөөчү: ошол журналистерден кимди атайсыз?
Респондент: Оу наржактагы 2000 жылкыга чейин болсо Мелистерго, Мелис, Замира Сыдыкова. Нарын Айып ошол мезгилде аякта журүп иши кылып көп жазып жүрдү. Анан эме көп жазып жүрдү Турсунбай Бакир уулу.
Изилдөөчү: Ал көп жаздыбы?
Респондент: Республика кезинде ал жалаң орусча жазат эле. Тыбай жазчу. Башы бул. Макала жазып жүрүп саясатка келди Турсунбай Бакир уулу орусча Республикага жазат болчу. Дагы ким. Алгачкы эмелерден Пирамида телевидениелерден эркин маалымат каражаты бул дагы. Мурда жалаң эле мамлекеттики болчуда. Пирамида чыкты. Азыр деле барбы Пирамида?
Изилдөөчү: Пирамида ошондой журналистер ким болду?
Респондент: Пирамидада Адыл Бийназаров деген киши жетектеди. Бир мезгилде вобще Пирамида опозициянын рух борборуна айланып кетип анан чочулап мамлекет алып коюшту окшойт. Телевидение деген чоң күчта шарт дегенде бирде проблема жаратканда Пирамида анан алып койгон мамлекет. Кийин 5 канал дагы ошондой болду. Иши кылып телевиденияларды бүт мамлекет басып алган. Азыр Пирамида дагы ошол жакта, 5 канал дагы ошол жакта. Мамлекет контролдоп калды барысын. Частный кийинки чыккандардын азусу жок. Азыр анда калса телевидение модадан чыгып кеттиби билбейм көп өтүп кетишти.
Изилдөөчү: Көбү мамлекетке өтүп кетишти э көбү?
Респондент: Ооба.
Изилдөөчү: Сиз өзүңүздүн жазгандарыңыздын ичинен эң чоң кыймылдар тасир эткен деп кайсы макалаңызды эсептейсиз? Кандайдыр бир чоң резонанс жараткан же болбосо адабий идеяга ?
Респондент: Ошолордун барын чогултуп 2005-2007 жылы чыкты “Аруулук ааламды сактайт” деген китебим чыккан.
Изилдөөчү: Китеп, э?
Респондент: Менде жок. Таппай жүрсөм бирөнү Таластан табып алып келдим. Менде жок үйдө. Өздөрүмдө жок анан Таластан бирөдө жүргөн экен алып алдым. Алып келе бери кел мага деп.
Изилдөөчү: Ошонун барын чогулткансызбы?
Респондент: Аруулук ааламды сактайт деген китепти жазып жүргөн ойлорумду китепке чогултуп туруп анан барактап бир көрүп койсоңор болот эгерде. Ошол жерде как раз ошол мен айтып аткан кыргыз элинин дүйнө таанытканы, кадаа салты, философиясы, тили иши кылып эмне баалулуктары болсо, ошол Манасы, кайып дүйнөсү, касиети бары мындай 2007 чыккан китеп 300 барак.Ошондо оюмду жазуу түрүндөгүсү ошол жерде анан көп гезиттерде интервью, макала тигиндей мындайлар чыгып жүрөт. Интервью форматында көп кетти меники. Ошондо деле негизги ички леймотив ушул эле кетип атты. Мен сизге бир кийинки жолукканда ошол 5-6 гезит берип калышым мүмкүн. Ар кайсыл жылы берген.
Изилдөөчү: Видеого чакырганда э?
Респондент: Интервью берген гезиттерден берип коюшум мүмкүн. Анан өзүм жанагы Курултайды кыймылды жетектеп турганда “Мезгил” деген гезит бар эле ошону жазып койсоңор болот.Бул дагы частный гезит. Жетекчиси Назаркул Жоошбаев.
Изилдөөчү: Бул кайсы жылдары?
Респондент: Бул 2005-2014 жылдарын ортосунда Курултай идеясы менен жүргөн учурда мен 5 жолу спец номер чыгардым. Башынан аягына чейин Курултайдын темасы болчу 8 барак. Ошондо менин бир эки спец номеримди алып келем сизге “Мезги”л деген гезит. Үйдө бар экен. Өткөндө чукулап отуруп архивтин кереги жогун эме кылсам, бир тонна болуп кетиптир. Тазалагандан кийин деле дагы эле көп кагаз.
Изилдөөчү: “Мүрөктүн” статьялары сакталганы барбы?
Респондент: Мен сактап койсом болмок экен, каяктан билем. Ошол мезгилде такыр ойлобоптурмун. “Көпүрөдөн” бирө жүрдү эле кийин жоголуп кетти. ”Көпүрө” деген журнал.
40-50 барак менен бир 5 саны чыкса керек көп болсо.
Изилдөөчү: 5 эле санбы?
Ленинградан чыгарганбыз.
Изилдөөчү: Самиздат э?
Респондент: Самиздат. Кадымкидей эле мындай жасалып, сыртын кооздойбуз, анан мындай эле бекитип эле себеби ал учурда идеяны таратыш, инокомыслие болчуда. Элдердин бары мындай болчу да могу жол менен кетип аткан коммунизмге барабыз деген, а биз э жок эй могу жол менен кетебиз дегенбиз да.
Изилдөөчү: Ошол 88 жылдары э?
Респондент: 88-90 жылдары. Анан мен 90 жылдан бери биерде кошуп койсоңор болот 90 жылдан 97 жылга чейин КТРде иштедим. Ошону кошуп койсоңор. 90-97 жылы КТРде “Замана” студиясын жетектедим. “Ала Тоодо” иштедим иши кылып КТРде иштедим. Анан 97-2000 жылы Жалал Абад область телевидениенин төрагасы болдум, жетектедим. Анан менин тагдырымдагы бурулуш баягы улуттук жолдогу өзүмдүн ичимде бышып калган болчу, ошол Жалал Абад телевидениесин жетектеп турганда эки көрсөтүүнү өзүм ачтым анын бири “Көкө Теңир” деген, бири “Аруулука миң насаат” деген. Мен жанагы “Нарктуулука миң насаат” дегенди ошондон алганмында. Китебимдин аты дагы “Аруулук ааламды сактайт” болуп атпайбы. Мен ошо Жалал Абад телевидениесинде иштеп турганда мен эки көрсөтүнү өзүм ачып, өзүм баштагам как раз улуттук жолдун башаты көрсө аты Көкө Теңир болчу, бир эсе как раз улуттук маселелер.
Как раз ошол мамлекеттик сектордо иштеп атам мен. Алгачкы жетекчилик ишим менин Жалал Абад обласынын телевидениесинин төрагасы где-то 34 жашымда барып төрага болдум. 34-37 жашымда ошол жакта болдум. Анан ошол учурда ушул эки көрсөтүүнү өзүм дагы алып барчумун. Анан Сарыгуловтун китептерин окуп калдым Жалал Абадта жүрүп. Кантип бул жака түшүп келе жатканымды элестетсиңер, ошол жака көз карашым бурулуп аткан учурда улам ар кайсы Кыргызстанда эмне болуп атат, эмнени жазып атат деп байкоо салып жүрсөм эле Сарыгулов китепчелерин чыгара баштады. Анан ошол кишиге жолугайын ойлору мага жакын экен деп анан издеп, чалып бир эки брошюрадай китептерин окугандан кийин табып, чалсам таныштык телефондон. Кандай жолугабыз Дастан Исламович, сиз каяктасыз дедим. Мен анда “Кабар” агентствосуна кетип калгам, завотдел болуп. Кабинетиңиз каяката, мен өзүм барам деп эле сумкасын көтөрүп алып келип калды. Ошол күндөн баштап ошо киши менен иштешип калдык. Ушул маанилүү жер. Себеби ал киши ушул жол менен келе жаткан анан адамды жол бириктирет, элди жол бириктирет деген чын Кофуцийдин сөзү бар да. Элди дагы адамды дагы жол бириктирет. Ошол жол багыт экөбүздү кошту дагы, анан ал киши менен азыркыга чейин мамилем бар. Ал “Теңир ордо” деген фонд түздү, мен исполнительный директор болдум. Могу азыркы айтып аткан идеяладын бардыгын турмушка ашыруу үчүн экөбүз көпкө иштедик. Кыргызстанды 10 жолу кыдырдык. Экөбүздүн жолубуз мындай урушпай, талашпай бир мезгилде 10 жыл иштегенден кийин мен “БАТА” деген “Бишкек Адам Таануу Ааламканасы” деген 4 сөздүн баштапкы тамгалары БАТА болот да. БАТА деген руханий коом түзүп туруп Чолпонбек Абыкеев менен анан биротолу руханий иш менен улуттук ишти аралаш алып кеттим. Бул 2001-2005 жылдары а 2005-2008 чейин уже ЭЛТР директор болдум. Анан 2008 баштап кайра “Кырк Урууга” кирдим жанагы акыркы. Кайра улуттук маселеге кирдим дагы “Курултай”, “Кырк Уруу”, “Кыргыз Жолу” болуп арачолодо президенттик апаратта жарым жыл иштеп калдым, Отунбаева менен президетский апаратта иштедим. Ал жерден өзүмдүн арызым менен кеттим.
Изилдөөчү: Канча иштедиңиз?
Респондент: Аз эле иштедим 3 ай эле, өзүмдүн арызым менен кеттим.
Изилдөөчү: Туура келбедиби?
Респондент: Жок. Ал жерге Курултайды ишке ашырабыз деп чакырдыда. Жанагы ошол эле тема боюнча чакырышты. Анан ишти башташты булар.Баштагандан кийин бир аз жылгандан кийин бул убактылуу өкмөт 14 киши жарымынан көбү Курултайды эмне кыласыңар, бул башыбызга балее болот деп айнытып Отунбаеваны. Каршы туруп 14 кишинин көпчүлүгү буга идейный против болуп, мен аны билип атамда мага айтпаганы менен анан блок коюлуп калды дагы жылбай калды. Анан Эмиль Каптагаев эмне кыласың, айлык алып эле жүрө берчи өзүң деп, эми мен жөн жүрө албайм. Жөн эле айлык алып кантип жүрөм, кеттим деп арызды жаздым. Жазсам кол койбойт. Эй мен кеттим, мен бул жерге жөн эле келген эмесмин айлык алганы эле, мен идея менен келгем бул жерге. Аябай таң калып калды Эмиль Каптагаев. Эй жөн эле жүрүп айлык ала бер десем, сен кызык экенсиң ай. Жини келип кетти бир убакытта. Мынтип айтты Эй Кадыр Курултай эле дейсиң, ар бир улуттун курултайы деп чурултайга айландырабыз керек болсо, ушинтип жини келди. Ан сайын мен турдум дагы болду деп. Экөбүздөн башка эч ким уккан жок ал сөздү. Бирок мага сөзү катуу тийди да. Анан жок мен иштебейм, кеттим дедим. Настаивать этип кетип калбадымбы. Карасам мен жаштык кылып, налаживать этип секин иштеп, аларды көндүрүп эме кылсам болмок, бул 2011 жылда. Курултай целый 10 жылдан кийин ишке ашып атпайбы. Андан кийин 10 жыл темселедик да. Мүмкүн ошолор менен тилин тапсам эртереек бүтөт эле.
Изилдөөчү: Ошолорго 2010 же 2011 келип атасызбы? Алар менен иштешкени.
Респондент: 2011 жылдын башыго. 3 ай эле иштедим апаратта. Анан ошо идея жагынан, көз караш жагынан тура келбей эле өзүм эле кетип калдымда. Отунбаева молодец аракет кылды.
Изилдөөчү: Анын өзү менен иштешпедиңизби? Каптагаев менен иштештиңизби?
Изилдөөчү: Өзү менен иштешип аттым. Ал бир эле жылга президент болуп калбадыбы. А бу идея чоң идеяда аны ишке ашырууга анын убактысы, биягын карады тиягын карады жетише калбай турган болуп, анан ичинен убактылуу өкмөт бул идея боюнча экиге бөлүнүп кетти. Каршылар болуп калды.
Ошол идеядан алыс кеткен жокмун да постоянно жанагы армияда минимальныйдай болуп турдум да. Жанагы эгерде биз менен кыймылда жүргөндөрдүн кеси келип кетип, докторлука жазганы кетип калып бизден кетип калып, келип кеткен көп киши болду. Бирок мен кетип калсам тиги от өчүп калмак да.
Изилдөөчү: Негизги оюңуз кандай, ошол эмне үчүн КДК биринчи эркин кыймыл болду. Бирок азыркы саясатта чоң жаңылануу ишке ашыра алды деп ойлойсузбу?
Респондент: Ал ошол учурдагы эски системаны демонтаж кылганга салым кошту дагы жаңы багытка үндөп кете алган жок.
Изилдөөчү: Эмне себептен?
Респондент: Азыр деле ошол кемчилдикти азыр ошол такыр башка колотко кирип кеткен. Жол тереңдеп кеттида. Целый бир эки поколение кетип калды. Жанагы адам укугу деген вирус кирип кетти. Элдин менталитети такыр башка жака бурулуп кетти дагы. Кайра эле дердеңбай сенин жолуң биякта деп кайра бурушка оңой болбой ататта. Менин өмүрүм ошого арналып калды. Эгерде жанагы 91-92 жылдардагы твердый эле еврейлерди алалы. Аз эле убакыттын ичинде жок мамлекетти куруп, тамгаларын ордуна алып келип, тилин ордуна алып келип. Азыр 4-5 тармак боюнча дүйнөдө биринчи орунда экен. Медицинадан, айыл чарбадан айланайын суу жок жерден капельный орошение менен сугарып атып, согуш куралдары чыгаруу боюнча, илим маселеси боюнча. Алар кантип жетишти. Өзүнун улуттук иденттүулүк, өзүнүн еврейдик жолу. Же болбосо 2 миллиард Кытай. Булар дагы башканы турабай эле түбүндө ата бабанын өздөрүнүн конфуцианство, даосизм деген философиясы менен эле анан дүйнөдөн керектүү илимий техникалык жетишкендиктерди ошолорду кыл келдирип пайдаланып эле кетип атат өнүгүп. Жапондор тем более өз жолдорунан тайган жок ошол иденттүүлүгүн кармады. Даже керек болсо Европа мамлекеттери деле Немисиң деле, Англичан деле ошолор эски деп король институтун жоюп салган жокта мисалы. Биз болсо Курултайды көтөрсөк эле, бул эски анан байыркыга үндөп атасыңар, а эмне үчүн Англичандар король институтун эски деп жоюп салган жок, же болбосо Япондор император институтун жоюп салган жок. Биз болсо бирдемке болсо эле жок мындай крест койобуз, анан жаңыны издеп жөнөйбүз. Мейли жаңыны алып кел илимий техникалык өсүшкө, мындай кыргыздын өзүнүн бир табиятына төп келген баалуулуктарды алып келип, ага мен деле каршы эмесмин. Бирок совершенный идеологиясы түпкү маани — мазмуну кыргыздын табиятына каршы болгон жолго салганда менталитет өлөт. Биз ошону кылып алдык 20 жыл 30 жыл ошондой жака кеттик дагы, мына азыр балдар мектепте мугалимдерди тоготпойт. Демек биз ошол Кыргыз Жолу деген коом түзгөнүбүз ошо. Ушуларды ушул турушунда сактап калып анан аны заманбап өнүктүрүп. Эл өзүнүн жолу менен өнүгүш керек деген идеядан улам түзүлгөн Кыргыз Жолу. Мен азыр деле ошол коомду жетектейм.
Изилдөөчү: Жанагы 5 институтту атап койосузбу?
Респондент: Үй бүлө, ак сакалдык, бийлер.
Бийлер. Азыр айтп берем. Бийлер азыр деле жоголгон жок. Айылдарда өздөрү шайлап алган бийлер бар. Жамандык жакшылыктарда той пойлордо ошолор деле бийлейт азыр деле. Айыл өкмөтүнүн чатагы жок ошолор билет. Ошол институт деле өлгөн жок. Бийлер.
Изилдөөчү: Үй бүлө, ак сакалдык, бийлер анан?
Респондент: Уруулар. 40 уруу анан Элдик Курултай. Ушуну ордуна алып келгенде мындай. Бул 5 институт сөөкта, сөөк. Ал эми идеалогия жанагы кадаа салт, философия, тил бул каны менен эти. Вот бул экөө бап келгенде адам басып жүргөндөй процесс жүрөт. Азыр 5 институттун ордуна коймойун эт жабышпайтта эмнеге жабышат эле. Эт өзүнчө басып жүрө албайтта. Кан жүгүрбөйт. Ошо ошолорду коюп алып туруп кыймылдатпай эле азыр впустую ворота жок жерге эле футбол топ тебип атат.
Изилдөөчү: Рахмат маегинизге!