Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Кубан Таабалдиев

Кубан Таабалдиев

журналист

Изилдөөчү: Сиз 85-90 жылдары ким элеңиз, эмне иш кылчусуз?

Респондент:  88-жылдан баштап Мосвананын МГУ нун аспирантурасында иштеп калдым. Ошондон баштап Малымат каражаттары менен түз кызматташып калдым. Кыргызстандын Орто Азия боюнча «Независимая Газета» дегенде кабарчысы маалымат чогултуу боюнча. Өзүмө маанилүү окуя, защитил кандидатскую по другой специальности не по политологии, а кандидат физико-математических наук.

Изилдөөчү: Ак-Кемени Кошалиев чыгарган ээ?

Респондент: Биринчи “Мүрөк” чыккан. Петербургтагы Мелис Саматбеков болуп ошолор баштаган. Мен жанында жүргөн жокмун, но я знал. Кандай кысымдар болгон, жарымын Кыргызстанга, жарымын Петербургга тараткан. Кыргыздар коп болчу да. Бакыт Орунбеков, Чекиров студент кези, алар 4-5 курста. Мен ал кезде аспирантурада, мени как раз «Независимая газетага” сунуш кылган ошо экөө  болчу. Аларга сунуш кылыптыр да Кыргызстандыкы болгондон кийин кыргыздарды коёлу деп. Алар жакшынакай уюштуруп «Независимая газета» киши  керек болчу да, анан мага келип айтышты. Ага чейин Бишкектен кызыккандар көп болчу. Ошо жаны өзгөрүлүүлөр болгондо Чыңгыз Айтматов,  Абсамат Масалиев көп өзгөрүүлөр болуп аткан да, как раз 88-89 жылдары. Баары гезиттерге чыгып аткан да, ошондо менден да сурашып, мен  макалаларымды  чыгаргам. Макала как раз Москвада жүргөндө 90-91 жылдары развал Союза, анан бияка келгенде 19-20-21 август болуп калды. Ошондо менин макалаларымдын чыккан кези экен да. Казат Акматов телеканалдын чоңу болчу да, ошондо алар көрсөтчү макалаларын. Азаттыктын балдары Чоротегин , ошолор менен площадда көп кызыктуу немелер болчу, азыр эстеп отургандай менин убактым жок. Эстегенимди айтып берейин 40 минуттун ичинде.

Изилдөөчү: Негизи кайсы газеталарда көбүнчө чагылдырылган ошо кезде?

Респондент: Эсте калгандагысы «Неизвестная Республика» деген макала 88-89-жылдары гезитке чыгып кеткен ошо кезде. Ал брошюра болуп Кыргызстанга алып келишкен.

Ал кезде Кыргызстанда эң эле биринчиси «Майдан» болгон да 90-жылдары болсо керек. А биякка келген гезиттин көбүнчөсү Москвадан келчү, даже Казахстандан эмес. Алар орусча келчү.  “Неизвестная Республика» деген резонасная макала бар го чоң, көлөмдүү. Кыргызстан жөнүндө детально жазган. Детально переворот, ал кезде автор активист экен Ислам туралуу, Кыргызстан туралуу айтып бергени боюнча маалыматты жазган экен. Кыргызстанды башка өлкөлөр менен салыштырмалуу абдан тынч жаткан экен, эч бир кыймыл аракети жок деп, намыска тие турган макала экен да. Ошондон кийин Москвада кыргыздар окуган Нарын байкеге окшогондор, Мелис Саматбековго окшогондор, биринчи Москвадан чыгаралы деп башташты. Ак-Кеме, андан кийин 90-жылы  «Майданды» Бакыт Орунбековтор бияка келгенде чыгарышты. Вот Кыргызстандын эң биринчи гезити ушу гезит. «Майданга» мамлекет каршы эмне болгон жок,   себеби КДК нын  маалымат жактан колдой турган гезити жок, өзүбүздүкүн түзүшүбүз керек деп туруп …Кыдыралиев, Казат Акматовдор, ошолор колдоо кылышты да. Кандай кылганын өздөрү билиштиби, же башка жактан алып келиштиби.  Бакыт Орунбековду жетекчи кылалы деп киргизишти.

Изилдөөчү:  «Майдан» качан иштей баштады.

Респондент: 91-жылга чейин чыккандары эсимде. Мен 90-91 Москвада жүргөндө чыгып аткан, 92 де деле келгенде чыгып аткан, а 93 эсимде жок чыкпай калган окшойт. Демократтардын бийликке келгендин көрсөткүчү, Акаевди колдогондор көбөйүп кетти да. «Майдан» жакшы алып кете албай калды окшойт кийин. Ал кезде Независимая гезиттерден «Майдан» гана эмес толгон токой гезиттер бар болчу. Эн эле биз макала чыгарып жаткан азыркы «Кут Билим «болчу. Азыркы Кут Билим эмес,  ал кезде “Учительская” болчу. Бизди, журналисттерди Бурул Сарыгулованы, Бакыт Орунбековду дагы кимди  өзүнчө эле презентацияга/делегацияга чакырып алып, ошо маалымат каражаттарда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат, өзүңөрдүн көз карашынар кандай деп, маалыматынар барбы деп талкуу болуп аткан где то Аскар Акаев келе электе го  88-жыл го. Андан да күчтүү чыгып аткан «Ленинчил жаш», «Асабасы», калган гезиттердин баары өзгөрүүгө муктаж болуп аткан. Мисалы үчүн «Слово Кыргызстана» күчтүү болуп аткан. Ал кезде Москвада окуп аткандар ошо «Слово Кыргызстанга» көбүрөөк чыгарса керек да.  Жакшы макалалар чыгып атты. Мисалы үчүн: … аспиранттарым бар 2-3 курсту бутуп Усубалиевтер ал чоң макала болчу 2 полоса. Андан кийин биякка келип эле ошол макаланы алып «Слово Кыргызстанга» чыгарганга аракет кылышчу. Велеван көзү өтүп бир топ ылдыйлап, көргөндө айтты, мен ушуну азыркы заманга Усубалиев ал кезде авторитет болчу да, бирок ал кезде Масалиев эле. Бирок ал кезде Масалиевтин опытында  табиятына каршы чыга албай, башка макалалар болсо чыгарайын деп чыгарбай койдум. Усубалиевге аябай мактоолор болуп каршы чыккан бир туугандары. Ошолордун күчтүсу ошо болгон окшойт да. Өздөрүнө зыян келтирбесин деп чыгарбай койгон. «Кыргыз Туусу» аябай жакшы гезит болгон. 

Изилдөөчү: Кыргыз Туусу ушуларды чагылдырдыбы?

Респондент: «Кыргыз Туусу» чагылдырганга аракет кылды. Редакторлор кичине мындай кыргыздардын арасында жүргөндүктөн, ар кайсыны көрүп аракет кылышты да. Бирок баары бир бийликтегилерге зыяны тийбестен реалдуу турмушту көрсөткөнгө, негизи тенденция ошо жакка бараткан да.

Изилдөөчү: А «Республика» кийин болдубу?

Респондент «Республика 90-91-жылы чыгарылды го дейм. Ал кезде ошо бийликке келгенде менде бир макала бар Республика гезитинде. Нарын Айып кирди, Мамбеталиев ошо жактан баштаган. Алар аябай күчтүү кетишти да даже «Майданга» караганда. Орусча болгондуктан көбүрөөк популярный болду да. Андан кийин «Дело Номер» чыга баштады, турмушка байланыштуу болсо дагы, 1-2- полосасы саясатка байланыштырып жаза баштады, бирок окурмандары көп болчу.

Изилдөөчү: «Кыргыз Рухучу» кандай?

Респондент: «Кыргыз Руху» 90-жылдары Султан Раев баштаган. Бирок Кыргыз Руху «Майданга» теңелгенге аракет кылды, бирок тандоо көбүрөөк болуп калды да. «Кыргыз Руху» өздөрүнө жакыныраак болуп калды алар менен иштешкендер, кызыккандар да. «Кыргыз Руху» независимая болгонуу менен күчтүү болуп оппозициялык платформага кете албай калды. Аты ширилип бир таанымал болгону менен «Майданга «жете албай калды. Бирок «Аалам» ийгиликтүү болду. Күчтүү эле гезиттер, эсептеше эле турган «Майдан» деле,  «Кыргыз Руху» күчтүүрөөк,  «Аалам» даже «Кыргыз Рухунан» кийин иштеп кетти. Дагы кайсы гезиттер?

Изилдөөчү: Кыргыз маданиятычы?

Респондент: Кыргыздардын ичиндеги интеллигенциянын гезити, «Кыргыз Маданияты» жакшы иштерди кылды, ал кезде жакшы ойлорду сунуш кылган. Атты ошолор жазайт, жакшы сунуш айтканда биз кесиптешпиз. Кийин 89-жылдардан кийин 90-жылдары «Кыргыз Маданияты» күчтүү жазуучулардыкы, мисалы үчүн казактардыкы көбүрөөк таасир этти. Журналисттердин көпчүлүгү ошо жакка чыгып атат да. Анын элдин арасындагы авторитети бийик болгон, бирок интелигенттерге жогорку билимдүүлөргө арналган гезит болуп калат да. Элдерге көбүрөөк «Дело Номерге» окшогондор, кылмыш иштерин изилдеген, андан кийин бир топ элдерди бир топ кармап калгандай макалаларды чыгарат да. Мисалы үчүн, качан чыкканы эсимде жок. «Супер Инфо» деген гезит чыгып кеткен, саны көп, Кыргызстанга белгисиз маалыматтардын баарын камтыйт, башка тармактардан алып. Алар 90-жылдардан кийин чыгарышты, 93 төн кийин чыгарды го дейм. Ал эми 90-жылдары «Кыргыз Маданияты», «Учительская», «Мугалимдер гезити».

Изилдөөчү: “Бишкек Шамы” дегенчи?

Респондент: “Бишкек Шамы” кийин чыкты. «Эркин Тоо» 93-жылдары чыга баштады. Анын кыргызча варианты кылып Мелис … чыгара баштады 90-жылдардан кийин.

Изилдөөчү: Сиз ошо кездерди чагылдырган макалаларыңыз кайсылар? Кайсы көйгөйлөрдү көбүрөөк чагылдырдыңыз?

Респондент: Менин максатым Кыргызстанды ошо Россиядагы таасир этчү маселелер. Кыргызстанда көрүнүктүү маселелер көп болгондуктан

Изилдөөчү: Мисалы үчүн, жанагы чыкпады беле Ашар башталганда, Ашардын макаласын ар гезит чыгарганга аракет кылган, Кыргыз Руху, Ааламдагы, Кут Билимде деле чыга баштады, Кыргыз Туусуна да чыгарган себеби кыргыздын жаштары 89-жылдан баштап жерлерди өздөрүнө мыйзамсыз алып салабыз дегендер көп болгон. Экинчиси көбүрөөк пайда болуп атканда ошондо тартырткан экен. Мисалы үчүн Турсун Акун алардын арасында, Бакыт Орунбеков  дагы макалаларды чыгарган. Кыргызстандагы көйгөйлөрү кирген макалалары аябай эле көбүрөөк болуп популярный боло баштады. 

Изилдөөчү: Тил маселеси көтөрүлүптүр ээ?

Респондент: Тил маселеси эң эле чоң маселесин алып кетти жанагы Казат Акматовдун кол койгон чоң бир суроосу ошо болчу да. Кыргыз тили ушу Кыргызстанда өнүгө башташы. Ал эми бийликтегилер маселени улутчулукка алып келип салган да. Күчтүү мамлекеттик гезиттерге чыгарганда аябай кылдат болгон. А независимая гезиттерге чыгарганда мисалы «Республикага» чыгарганда, орусча жазган куугунтуктаган. Замира Сыдыкова канча бийликтен эме болгон, ал кийинки 90-91-жылда. Ал эми 90 жылда тил маселеси көтөрүлгөндө жумшак да, ушундай болсо жакшы болмок эле кыргыз тилин унутуп аябай зарлык болуп атат деп. Мисалы үчүн башка мамлекеттерде Узбекистанда бизге караганда көбүрөөк өнүгүп атат, биз да ушундай болушубуз керек деген сунуштар. Алар жумшак айткандыктан тигилерге аябай катуу тийген жок. Көңүл бура турган немеси ошо 90-жылдардын аягында 91 — жылдардан баштап Акаев кичине бийлике көнө баштагандан кийин көңүл бура турган маселелер көп экен деп бийликке келе турган маселесинде жанылануу процесстери кирген да. Мисалы үчүн өзүнүн кишилерин алып келе турганын аракет кылды да, бирок алар болбой тургандыгы боюнча макалалар чыккан.

Изилдөөчү: Ал киши Россия тараптан тандалып атабы?

Респондент: Жоок. Эми ал кезде Акаевдин келишин эстеп көрсөк Айтматов сунуш кылды да. Биякты баары  карап көрүп ал кезде президентти жалпы эл шайлаган эмес да, парламент шайлачу да. Ошондо Айтматовду сунуш кылса, ал жок мен иштей албайм менден жашыраак, демократ деди. Ал кезде Акаев да өзүнө команда топтоп,  жакындар арасында көз сала баштаган. А, бирок, эки эсе чоң жолтоо болду да. Алар кайсылар, биринчи, Компартияга кете элек болчу,  91, августта тараткан үчтөн бир бөлүгүн. Экинчиси, ошол кезде КГБ азыркы ГКНБ , ошол эки күч биригип алган да өзүнө керектүү иштерди жолтоо кылып көп нерселерди өткөрбөй койгон да. Мисалы үчүн, аларга тиешеси жок багыттарга мисалы, тышкы саясаттарды өзүнө алып алган да, өзүнүн кишилерин коюп Москвада өткөн да.  90 — жылы Министр болду абдан жаш кезинде 34-35 жашында, андан кийин, өзүнүн аспиранттары деп атпаймыебы, бир топ өзүнүн шакирттерин жакшы орунга койду да. Анан Академияда иштеп жүргөндө академиянын арасындагы башы иштегендер көбүрөөк болгон да, ошолорду өзүнө тарта баштады. Эркебаев бар ал кезде, дагы Карабаев дегендер, Бакыт Абдырисаев, Таалайбек бар эле. Андан кийин туштуктон бирөөнү алып келебиз деп туруп Осмонакун Ибраимов болду. Бул эми 91-92 -жылдары болду. Ага чейин үч аябай эң күчтүү каршылык көрсөтүп турган, ар бир кадровое назначениеге, КГБ жетекчиси болуп көп нерселерди алдыга жылдырганга каршы болгон. Андан кийин ал кезде төраганын жетекчиси болуп …

Изилдөөчү: Аман Токтогулов болчу  ээ ал кезде? Анан кетип калды? Анан «Майдан гезитте» дагы редактор болгон турбайбы ээ, ал өткөрүп бериптир да, мурда КГБ да эле?

Респондент: «Майдандабы»? Аман Токтогулов КГБ да иштеп жүргөндө эле көз карашы башка экенин көрсөтүп алар менен жакшы болуп калган да. Анан Ашар эмес, КДК нын активистери, аларга сунуш кылдыбы же өзүлөрүбү иштей баштайлык, гезит чыгаралык дегенде Аман Токтогулов а жанагы жаш балдар Бакыт Орунбековду алып келген, ал жетекчиси эмес экинчи, орун басары  болчу.  Анан Аман Токтогулов жетекчиси катары иштегени менен главный редакторлук милдет аткара албаган, маалымат каражатында иштебеген,  ошого Бакыт Орунбеков келген. Кандай болуп кеткенин бильбейм, жалпысынан алганда Аман Токтогуловдун салымы күчтүү болду.  Тез эле өтүп кетпедиби, болбосо ал бир топ иштерди жасап бермек.

Изилдөөчү: Азыр ошо көп убакыт өттү. Азыркы мезгилден караганда ошол кыймылдар жөнүндө пикириңиз  өзгөрдүбү? Ошол кезде пикириңиз кандай эле, азыр кандай?

Респондент: Ал кезде ички энергия алдыга жылабыз деген  ынтызарлык чоң болчу, азыр өчүп калды анын баары. Азыр эми бийлик эмне болсо дагы элдин арасында бизге тийбесин деген көз караш үстөмдүк кылып атпайбы. Ал кезде эч ким калчу эмес, жаңы болчу баары, бирдеме болсо элдин баары чогула калчу.  91-жылдары президентти шайлап атканда Топчубек Тургуналиев мен да президент болом деп элдерди митинге чакырып атып көп нерсени кылганга аракет кылды да. Инерция боюнча бул да бийликтин күчү, канчалык эл арасында наразычылык көп болсо ошончолук каршылык көп болот. Ошонун баары тирешүүгө алып келди. Азыр андай тирешүүлөр болбой калды окшойт.  Элдин аңсезими да, кызыгуусу да башка болуп калды.

Изилдөөчү: Аябай каршылык күчтүү башталып, жетекчилер келип маселелер чечилип калчу да ээ?

Респондент: Ооба, мисалы үчүн КДКнын арасында бийликке келгендердин саны аз эле болду.  Мамлекеттин президентине 14 мамлекеттик кеңешчи болуп барган. Ошолордун бири КДК ны түзгөн основной Казат Акматов болду. Андан кийин көтөрүлгөн Топчике болду, ректорлукка чейин көтөрүлдү. 

Изилдөөчү: Жок, бирок саясий ишмердик жактан?

Респондент: Ошо саясаттын айынан, саястаттан алысыраак тургунун деп башка жакка дайындап коюшту.  Жыпар Жекшеев болду, бирок ал бийликке жакын болгон жок, ал алыстап кетти маданиятка, ал кийин болду. Ошол кезде жок, аларды жакын жолоткон жок. Мисалы үчүн Акаев аларды колдобосо дагы, Акаевге таасир этчүү күчтөрдүн баштарын айландырып коюшту. Болбосо Акаевтин бир топ кишилерди өзүнө  тарканга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал кезде дагы элдин арасында түшүнүк азыркыдан башкараак болчу да. Бийликке келгендер жакшы мнениясы менен келген ишке ашырайын деп, бирок бийликке баргандан кийин ал жерде баш аламандык, хаос болуп ошондо башталды революционный механизмдин баары. Мурдагы коммунисттердин ордуна жаңы кишилер келип, бийликке кандай деп өзүнө көөбүрөөк тартабыз дегендер, ошондо Акаев башкара албай калды. Акаевдин үй бүлөсү да киришпедиби 2005- жылы революция болуп кетти. Эгерде иреттүү тандап , керектүү кишилерди иштетип, талап кылгандарга аракет кылса анда жакшы кишилер чыкмак. Мисалы үчүн Жумабек Ибраимов абдан таза киши болчу, бийликке чейин көтөрүлдү, андан кийин Эрмек Бешимов көтөрүлмөк, анан сразу эле Акмат Капаров  примьер-министр болду. Ал көп деле иштеген жок, жарым жылдай эле иштеди. Ошого окшогондорду кетиргени аракет кылып атты, но инерциалдуу масса күчтүү болгондуктан туруштук бере албай калды. Акаев жаштарды колдогонго аракет кылган, көп нерсени ошо кездеги талаптарды. Ал Москвада көп жүрүп калды да 86-жылдан Горбачев келгенден баштап эле Москвада иштеп калды. Бизге караганда саясат ал жакта кайнап аткан да. 15 республиканын өзгөчө Прибалтикадан келген депутаттары аябай катуу сүйлөшүп, кызыгууларын айтып, алардын басымы күчтүү болуп кетти да жакшы эле,  Тилекке каршы, 91- жылдан кийин эле баары башка болуп кетти, Прибалтика өзүнчө болуп кетти. 91- жылдан кийин бияка кетип калдым, Москвадан кайнап аткан шорпо эмес, боз үйдө кайнап аткан шорпого келип калдым. Натыйжада маалымат канча жазса дагы терс кабыл алат да.

Изилдөөчү: Бул проекти баштагандын бир себеби батыштагылар жазышат экен «Эгемендик кыргыздарга асмандан түшүп калды, эгемендикти билишчү эмес, ойлорунда да жок болчу, демократиялык коом эмне экенин билишчү эмес деп. Ошону үчүн биз 85-90 жылдардагы кыймылдарды, элдердин салымын изилдеп көрөлү дегенбиз.

Респондент: Батыштын кишилерини менен бир топ эле маек болгон, мындай, чынында, ошондой көрүнөт да сырттан караганда. 15 республиканын ичинде бири- бирине таянып турган, эгемендүүлукө аябай умтулган, Москвадан сырткары бөлүнөбүз деп турган Прибалтика менен Кавказ болчу. А Орто Азия болсо Россиянын курамында болчубуз, ошону менен калышыбыз керек,  Москвага кандай кылсак ошону ишке ашырганы аракет кылышыбыз керек деп, ошону менен байланышыбызды үзбөшүбуз керек болчу деп. Чындап караганда Кыргызстанда жаштар арасында башка мамлекеттерден эмнебиз менен кем деп. Илгерки мен 73-77 жылдары бизге окшогон жаш балдар менен маектешкенде Кыргызстандын потенциалы кандай. Географический Кыргызстандын картасын көргөндө кенедей эле, Казахстан андан чоңураак. Башка мамлекеттерди көргөндө пахта менен, бензин менен жан бага алабыз, өзүнчө мамлекет болсок деп, суроолорго жооп берип, ошондо ойлор пайда болчу алардын арасында. Негизи эле бизден ашып кеткен эл жок.  Болгон эле тарыхы, батыш менен байланышыбыз . Ошолордун баарын көрсөтуп келгенде жаңы перестройка башталбадыбы.  Перестройка кезинде көп нерселер болду, единственный чоң маселе Орто Азияда  Кыргызстанда «Неизвестная республик»а деп чыгышынын себеби өзүбүздүн арабызда баягы каршы чыккан, Независимая болобуз дегендердин арасында ой жүгүрткөндөрдү кысып аткандары аябай күчтүү болуптур, бул Озбекистандан бери ушундай болуптур. Бизде аябай көп болчу, бирок баарынын оозу жабык болчу. Сыртка чыккандар айткандар анан ошолор, мисалы үчүн Москвага барганда, аткени аяктан көзөмөлгө алышчу эмес да, аякта шарттар болчу. Ошолорго караганда бизде мисалы үчүн 91 жылы эгемендикти албадыкбы. А   реально алганда эгемендүүлүк 90 жылы эле келген, Масалиевди кетиргенде келген. Просто ошо кезде Акаевдин таасири Россиянын таасири менен бирге болгондуктан биз алардын катарында эле Советтер Союзунун катарында жүргөндө эле Прибалтика 89 жылы Независмая болуп кетти. Алардын артынан Казказ кетебиз дегенде  Кыргызстандыктардан бар болчу да, биздин алардан эмнебиз кем экен деп. Бирок маалымат каражаттарында ошентип басчу экен да, батынгандар болгон эмес да. «Мүрөк» андан кийин «Майдан» 90-жылга чейинкилер экен да, алар кичине чыгарса керек саны аз. Тынчыраак болгондо кокус атын чыгарбай койгон, силер сразу эле Кавказдан кийин кетип каласынарбы, эмне болот деп ойлогон. Батыштын ою боюнча, жок, Кыргызстан эзелтен бери эле көз карандысыз мамлекет болгонго аракет кылган. Даже Кокон хандыгын курамында жүргөндө биз аларга диктатурасы менен бизге багыт бергенге мүмкүндүк берген эмесбиз. Ошол себептен Кокон хандын кол астында Орустар келатканда Кыргыздар жакшы жардам берген эмес, Курманджан даткага окшогондор. Баарибир өзүбүздүн намысыбызды, эл жерибизди, элди коргой турганга алыбыз жетиштүү. А батыштагылар түшүнбөйт, биздин ички турмушубузду көргөндөр практически жок та. Алар тескеринче каада-салтыбызды, үрп-адаттарыбызды көрүп алып, сындагандар көп болгон да. Азыр деле бар. А эгерде карап көрсөк аларда биз сындай турган  жоруктары толтура да. Албетте  экономикасы күчтүү болгондуктан көз арткандар толтура да. Эгерде аларга окшоп биз да экономиканы өстүрүп алсак, силердин тарыхынар мындай деп азыр деле толтурада айта алгандар толуп атат.   Но жалпысынан айтканда маалымат каражаттарында көп чыкпаса дагы 85-90-жылдар да ички аң-сезимдүү, интелигенттер, билими бар адамдардын арасында албетте ошо перестройканын күбөсүнө багынбаган, мамлекет болгонубузга бир аз болсо да, ошого жетишкендике аракет кылышыбыз керек да. Ички сезим кыймылга айланган жок, но жалпылап айтканда агым пайда болгон да. Акыры келип туруп биз өзүнчө мамлекет болобуз деп «Асаба» демократия гезити барго, ал ошодон чыкпадыбы. Башка мамлекеттер бизге караганда андай эмес болчу да, мисалы үчүн Таджикистан, Өзбекистан, Казахстанда алып көрсөк  алар декабрьда Республика болушканын жарыя кылышты. Биз августун 31 де кылдыкбы, алар декабрьдын 16 сында кылдыго дейм. А Таджиктер вообще 92-жылга чейин күтүп жүрдү жарыялаганга чейинчи, 93 чейин Туркменистан күттү.  Ай Москва качан бизди кайра башкара баштайт деп. Өзүлөрү кетпей айласы кетип, кой өзүбүз иштешибиз керек деп. А бизде обьективдүү карап көрсөк ички сезимди ишке ашыра тургандай жакшы платформага келип чыккан. Биздин бир жаман жерибиз ачка жүргөндө тойгучакты жеп салат го, биз да колубузда эчтеке жок болгондуктан колубузга байлик тийгенде биз да баштадык да. Бул эми ар бир адамдын ички кемчилиги да, бизде эле эмес баардык жерде болсо керек. Бизде контрол болбой калды, мисалы үчүн Казахстанда контрол ошо бойдон калды. Өзбекистанда калды, Таджикистанда тем более калды, алар балееден сактап калганы менен бийлик элдин наразылыгын азыркыга чейин сезип атат. А бизде колго тийди батыштан демократия алып келди деп атпайбызбы, Акаев чын эле айтып койгон бир кезде “демократия кыргыздарга тоодон түшкөн” деп. Азыр деле бар да кыргыздарда сенин бийлигинди “сен менен эсептешпейм, сен ким элең “ деп чи. Башка мамлекеттерге андай айтканда эч ким батына албады. Бирок ошол мезгилде демократиянын экинчи жагы да бар экенин унутуп калбадыкбы. “Жоопкерчилик” деген да болуш керек да. Анын ичинде жооп бериш керек, ошон үчүн гезит, маалымат каражаттары элдерге түшүндүргөнгө жетишпей калды. Себеби азыркы бийликти кетирсек ээ биз эгемендүү мамлекет болуп жыргап калабыз, бизге бир жакшы айлык берет, анан биз иштейбиз. Акаев келди дагы Талгарбекке окшогондор менен анын артында ким академик Койчиев турдубу, Талгарбектин колу менен канча жерди таркатып ийди. Таркатып ийген жерлерди, жерди берип салды, жер менен кошо малды берип салды, техниканы да чыгарып салды. Азыр ошолордун кесепети дагы эле сезилип жатат. Берилип 92-жылы башталдыбы айыл-чарбасын таратып, ошого жеткирбей эле, элдерге жакшы түшүндүрбөй эле жоок бөлүш керек, бериш керек, бул элдики деп эле колхозду таратып берип салды. Жакшы маалымат жетпегендиктен ичип-жеп салдык. Бир козу арак жок болсо эле кел ичели дегендер өзүнүн 15-20 чакты койду алып туруп жок кылып койду. Азыр ошолордун баары эмне кылып жүрөт. Четке кеткендердин ата-бабасы жердин, айыл-чарбасын жакшы көбөйтө албагандыктан, маалымат каражаттардын жакшы жеткирбегендиги. Эми ал кезде баары эле начар, маалымат жетпей мындай эмес болчу да, түшүнбөй жакшы маселени көтөргөндө жеткиликтүү кылып жеткире албагандагы болду да. Бул бир эле маалымат каражаттар эмес, бийлик дагы күнөсү ошондо маалымат каражаттар аркылуу жеткириш керек эле. Телевидение менен көп маалыматты тарката алгана жакшы маалыматтык саясатты  ишке ашырган учур болгон. Дагы бир идея мамлекетке иштеп берсен, мамлекет сени колдойт. А өзунө иштесен анда туура эмес ишке алып келет натыйжасы ушу. 

Изилдөөчү: Кет деген маселенин идеясы ошондоо эле пайда болгон дешет. Москвада студенттер чогулуп Масаалиев менен жолугуп, «Сиз кетишиниз керек» деп тплп кылган дейт

Респондент: Анда мен жокто болсо керек. Чогулуш болгондо мен да катышкам. Бирок Масалиевге жолугушууга  400-500  студент келген. Москвада Бишкектен барган жаштар мурунку. Анан 5-6 киши келген араасында ошо Масалиев,  Каазат Акматов барды, Комсомолдук секретарь болчу Тынчтыкбек Табалдиев, Айтматов  болду, зал толду да киши көп болгондуктан. Мадумаров барган эмес. Масалиевди кеткин деп айткан башкалар болгон, Мадумаров эмес. Ал жерде 5 жолу жыйын болгон, мумкун башка жыйынында болгон.  Көп элдер журду, Мадумаров болушу мумкун, Калининден көп келген, Москвадан болсо 100 дөй. Мадумаровду биринчи жолу КТР де 91-92- жылдары көрдум го дейм. Жанагы азыркы «Шок факт» деген программа бар эмеспи, ошого окшогон программа изилдөө, иликтөө өткөн окуяларды, жеткире турган программа бар болчу. Ошондо бир орусту такалап  интервью алганы эсимде калган Мадумаров, анын орусчасы да бар да. Андан кийин аны журналист катары көрбөдум, кийин 93 -жылы  депутат болбоду беле ошондо  ошондон кийин Кыргызстанга таасири аябай кучту тийди окшойт да. Көп кишилер ушу саясатка аралаша баштады Мадумаров, тили жакшы болгондуктан Кара-Сууну өзунө тез эле буруп алды, шайлоо өткөндө биринчи орун алып ошо бойдон депутат  болуп жүрдү. 

Изилдөөчү: Ал Кара-Суудан койгонбу? Негизи ошол мезгил жаш саясатчыларды чыгарыптыр да Мадумаров  сыяктуу, Омурбек Теекебаевди медиа аркылуу. Ошондо медиа аркылуу бир тенденция кеткен го ээ?

Респондент: 90 -жылдан кийин болду ага чейин Текебаев дагы, Мадумаров да жок болчу. Ага караганда Чоро Тегин көп эске алына баштаган. Жумагазы Усуп ошо кезде эл арасында өтө популярдуу болуп кеткен. Лидери болуп кетти. Аман Токтогуловдун аты чыга баштаган ал кезде 90-жылга чейин. КДК да иштеп атканда Жыпар Жекшеев Ашарга кошулуп алып бир топ иштерди аткарганга аракет кылды. ГКЧП болгондо Бишкекти коргогонго биз жардам беребиз деп Кулов менен иштешкен кишилер менен баргам да. Андан кийинкилер 92-93-жылдары пайда боло баштаган, элдин арасында шайлоо өткөрөбуз, өзубуздун айылыбызга татыктуу уландарды шайлап беребиз деген ураан менен. Маалымат каражаттары анчалык кучтуу эмес болчу ал кезде, азыркыдай эмес болчу өздору эле жугурушчу да. Албетте гезиттерге чыкчу анда- санда чыгарчу жанагы «Майдан», «Кыргыз Руху», «Асаба», «Республика» гезити ушуларга окшогондор кучтуу болуп аткан да. Чыккан тиражын 10 миң-20 миң болсо, кээ бирлерде 25 миңге чыкчу да. Бир санын сатып алып элдин арасына таркатчу. Эми алар ишенчу кишисине бири-бирине камсыздандырып атып бутту ошо менен Текебаев чыга баштады, Мадумаров шайланды, бир топ жаны адамдар келген. Ошолордон жогору кийинкии маалымат каражаттарынын арасында көбурөөк чыга баштады. «Республикада» Мадумаров аябай көөбурөөк чыга баштады, мисалы учун. Бийликтегилер жаны чыгып келаткандарды жакшы эле колдоду. Алар биригип алып каршы чыгып атканда, анан сынга ала баштады. Мисалы учун Мелис Эшимканов бир момент эки тарапты тен колдой турган саясатка өтуп алган. Бир жагынан өзунө керектүү адамдарды тартып,  экинчи жагынан бийлик менен жакшы иштеш керек. Ошентип заманга жараша өзүнүн саясат жүргүзүп отуруп алышты. Кийин анан ачык эле айтышты, сындоого өтө баштады себеби бийлик менен иштеп атса билинип калса өзүнө эле жаман болот. Анан кой өзүбүздүн тиражыбыз чыгып атат, эл бизди колдоп атат, расмийибизди ушу менен сактап калалы деп депутат болду.

Изилдөөчү: «Асаба»  туруп эле онго жакын жаңы басылмаларды да ачкан экен ээ, ошондойбу? 

Респондент: Аны  акча табуу үчүн эле. Тиражын көбөйткөндөн кийин эле бир топ гезиттер чыга баштады. Өзүндө иштеп аткан эле адамдар кыскасы 15-20 болсо, мисалы үчүн Мамат Сабыров,  Дүйшеев, Жолдошбек Зарылбек деген. Бир топ кишилер атын чыгарып алды, конечно алар өзүнүн мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган жок. Азыр эстеп көрсөк көп нерселерди башкача кылып алганга мүмкүнчүлүк бар экен да, мен унунтуп калыптырмын.