
Кубат Чекиров
Изилдөөчү: Өзүңүздү тааныштырып, 1986-1991-жылдарда кайсы жакта окучусуз жана иш орудуңуз жөнүндө айтып бересизби?
Кубат Чекиров: Менин аты-жөнүм Чекиров Кубатбек. Азыркы учурда “Кут билим” медиа борборунун жетекчиси болуп иштейм, ошол эле учурда “Би-би-си кыргыз кызматында” редакторлук кесипти дагы кошуп аркалап келе жатам. Буга чейин мугалимдер гезити “Кут билимдин” башкы редактору болуп дагы иштеп келдим. Андан мурда “Азаттык үналгысында” 6-7 жылдай веб-редактор болуп иштедим. “Азаттыктын” сайтынын окурмандырынын санын миллионго чейин жеткирген редактор менмин. 1996-жылы “Би-би-си кыргыз кызматы” уюшулгандан бери биринчи эфирге чыккан күндөн баштап ушу күнгө чейин, ошол радио менен дагы деле кызматташып келе жатам. Кесипкөй журналисттмин. Эки жерде окугам. Биринчиси үч жыл кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде, бул жака 1984-жылы тапшырып, 1988-жылга чейин окугам. Орто жолдо эки жыл советтик аскерде кызмат кылып келдим. 1989-жылы Москвага которулуп кеткем. Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине барып ал жерден үч жыл окуп, 1991-жылы СССР талкаланып, кыйраган учурда СССРдин акыркы дипломун алып, анан Кыргызстанга келгем. Ошондон бери Кыргызстанда жалаң кесипкей журналистикада эмгектенип жүрдүм. 1986-жылы мен аскерде болчумун, аскерден 1987-жылы келдим. 1989-жылга чейин Фрунзеде ал кездеги “СССРдин элүү жалдагынын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде” журналистика бөлүмүндө эки жыл окуп, анан катарлаш эле “Ленинчил жаш” гезиттери менен практикага барып туруктуу авторлош катары кызматташып жүргөн болчумун.
Изилдөөчү: 1986-1991-жылдардагы демократиялык кыймылдарга кантип кошулуп калдыңыз жана сиздин кошулууңузга эмне түрткү берди?
Кубат Чекиров: 1986-1987-жылдары Михаил Горбачёвдун “Кайра куруу” саясаты аябай күч алып, жаңыча ойлонуу, жаңы дүйнөлүк көз караш, плюрализм, көп түрдүүлүк, көп көз караш, демократиялык ураандар жаңырып, анан ошондо кайсы бир деңгээлде саясий кыймылдар пайда боло баштаган. Анын ичинде жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында саясий кыймылдар ошол жакта пайда болгон. Биринчи мен окуган кыргыз улулттук университетинде ошол убакта “Алтын бешик” деген жатаканабыз бар болчу, анан ошол жерде мени менен чогу окуган Ыманберди Досбаев, Мырзакат Тыналиева азыркы “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору, дагы башкалар болуп ошол убакта “Замандаш” деген коомдук саясий дискуссиялык клуб деп, анан кечинде сабактардан кийин баягы жатаканада өзүбүздүн “Кызыл бурч” деген кичинекей китепканабызда чогулуп өлкөдө болуп жаткан окуяларды талкуулачубуз. Ошол учурда эң негизги темаларыбыз “Кыргыз тилинин акыбалы, кыргыз тилдүү мектептер” – болгон. Себеби ошол учурда союздук деңгээлде дагы улуттардын маселелери, тил маселелери дагы катуу коюла баштаган. Кыргызстандын борбору ал убакта Фрунзе шаары болгон, ошол Фрунзе шаарында бир гана кыргыз тилдүү мектеп боло турган номер бешинчи мектеп болгон. Анан “Ушул кантип болсун, мындай болбошу керек, кыргыз элине, балдарга өзүнүн эне тилинде билим алганга мүмкүнчүлүк бериш керек” – деген өзүнчө бир чоң дискуссия жүрүп жаткан. Чынгыз Айтматов бул жөнүндө союздук чоң трибунадан чыгып сүйлөп, союздук гезиттерге чейин жазып, мен билгенден союздук гезиттерде Чынгыз Айтматов менен союздук “Правда, Известия” гезиттеринин шовинист журналисттери дагы коомдук саясий маанайды дагы аябай жогорулаткан. Ушундай саясий маселелерди биз “Замандаш” саясий клубунда талкуулачыбуз. Албетте ошол учурдагы активдүү темалар жазуучулар союзунда дагы өтө күчтүү эле. Мисал үчүн жазуучулар союзунун катчысы Омор Султанов “Ысык-Көлдү коргойбуз!” – деген экологиялык, эл аралык уюм уюштуруп. Анын себеби ошол учурда “Ысык-Көлдүн көлөмү кыскарып баратат!” – деген окумуштуулардын божомолдору чыгып, анан “Ысык-Көлдү сактап калбасак болбойт!” – деп ушунун тегерегинде экология маселелери боюнча жазуучулар союзунда Омор Султановго чогулуп барчубуз. “Комсомолец Киргизии” – деген орусча чыккан комсомолдун гезити ал убакта абдан популярдуу болчу, себеби ал убакта эркин ой жүгүрткөн журналисттер ошол жерде көбүрөөк эле. Кийин “Республика” деген чоң гезитти чыгарган абдан белгилүү, таанымал журналист ошол учурда “Комсомолец Киргизии” деген гезитинде башкы редакторунун орун басары болуп иштеген Замира Сыдыкова. Замира Сыдыкова, Гүлнара Ибраева дагы ушундай журналисттер эсимде. Ошолор дагы экологиялык, экономикалык, жаштардын көйгөйлөрү, тил маселеси мурун ачык талкуулаганга болбой турган темаларды көтөрүп чыгышкан. Ал учурда “Демократиялык жаңы өзгөрүштөр болуп жатат, кайра куруунун процесси жүрүп жатат” – деп партиялык органдар дагы мурдагыдай катуу басым кылбай калышкан, бирок ошол эле учурда мамлекеттик цензура бар болчу, аны “Главлит” деп койчу. Ар бир гезит чыгып жатканда, ар бир журнал чыгып жатканда мамлекеттин коопсуздугуна же негизги генералдык саясатына каршы келген нерселер жокпу деп текшерип, эгерде туура эмес материал кетирип жаткан болсо аны номерден алдырып турган. Главлиттин ошол мезгилдеги жетекчилеринин бири азыр белгилүү профессор Тилектеш Ишемкулов. Кызык жери кыргыз мамлекеттик университетинде ушундай эң күчтүү маселелерди талкуулаган студенттик кыймыл жалаң эле журналистика, филология факультетинде гана эмес, катарлаш турган тарых факультетинде эң алдыңкы студенттерден болуп Арслан Капай уулу, Алмаз Кулматов, Чынара Исраилова, Акчолпон Койчиева үчүнчү-төртүнчү курстун студенттери болчу. Кийин алар дагы биздин факультетке чогу келип, биз менен чогу ошол кездердеги улут, чыгармачылык маселелерин талкуулачубуз. Мисалы ошол убакта Алыкул Осмоновдун эмгектерин прапогандалаш керек, анын ырларын, китептерин чыгарыш керек деген темада ал убакта Алыкулду аябай изилдеген журналист Памирбек Казыбаевды чакырып, ал менен жатаканада көп жолугушууларды өткөрдүк. Ошондо жалпы союздагы болуп жаткан процесстер Фрунзеде чыгып жаткан студенттик кыймылдардын активдүүлүгүнүн жаралышына таасирин тийгизген. Себеби ошол учурда Москванын өзүндө СССР эл депутаттарынын биринчи съезди болуп, ал убакта академик Сахаров, Анатолий Собчак, жазуучулардын ичинен Валентин Распутин, Давид Кугултинов, Казакстандан Олжас Сулейманов, Мухтар Шаханов, Кыргызстандан бизден СССРдин жогорку советинин депутаты болгон Аскар Акаев, атактуу кино режиссёр Төлөмүш Океев ушулардын бардыгы ошол жактан эң күчтүү сөздөр менен сүйлөп, биздин Кыргызстандын экономикасын эмес, айыл-чарбасын эмес. Улуттук маселелерди ошол жака алып чыгып, талкуулап, анан ошолордун таасири ошол убакта түз берилип турчу. Стеннограммасы жарыяланчу, андан сырткары теле-берүүлөрдөн биринчи, экинчи каналдарынан бардыгын түз көрчүбүз. Анан ошолордун деми менен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин деңгээли барган сайын улам күчөп турган. 1989-жылдарда Москвада кыргыз жаштарынын “Акыйкат” деген уюму түзүлдү. Ал эми Ленинградда Мелис Арыпбек башында турган “Ак кеме” деген коомдук кыймыл түзүлгөн. Биздин кыргыз жаштары көп окуган Ростов-на-Дону, Магнетагорск дагы Орусиянын өз-өзүнчө шаарларында окуган кыргыз жаштары болуп, ошолор менен байланышып, катташа баштаганбыз. Ошол убакта Мичуринскийде педагогикалык институтуна Кыргызстандан атайын, максаттуу түрдө чоң тайпалар барып окушчу. Мисал үчүн Москвадагы “Акыйкат” кыргыз коому эң башында Москвада жашаган кыргыз студенттеринин маселелерин көтөрүп чыккан уюм болгон. Себеби ошол учурда окууга өтпөй калып, Фрунзеде жумуш табылса табылып, табылбай калса кыйналып жүргөн кыргыз кыздарын, кыздар дагы көп болчу. Ошондой жаштарды Москванын тегерегиндеги кесиптик техникалык окуу жайлар келип Фрунзеден топ кылып алып кетчү. Ал жака барганда жатакана берет, окутат, бирок аларды катуу кармап, паспортторун алып коюп, эркиндигин аябай чектеп, керек болсо туура эмес иштерге пайдаланып, ашыкча эксплуатация дагы кылган көрүнүштөр болгон. Буларды биз көрүп, билип жүргөн ошол учурдагы Москвадагы кыргыз жаштары ушул маселелерди көтөрүп чыга башташкан. Бул ишти Москва мамлекеттин университетинде журналистика факультетинде менден бир жыл мурун келип окуп жүргөн студент Бакыт Орунбеков ошол “Акыйкат” коомдук уюмунун президенти болуп шайланган. Мен Москвага 1989-жылы бардым. Барсам, мына ушундай маселелерди көтөрүп жатышыптыр, анан Москвадагы кыргыз жаштарынын активдүүлүгү аябай жогору болгон. Менин “Ленинчил жаш” гезити менен байланышым жакшы болгондуктан, ошол Москвадагы кыргыз жаштарынын турмушу, Москвадагы саясий-коомдук окуялар жөнүндө мен “Ленинчил жаш” гезитине кабарларды дагы жазып турчумун. Анан биз 1989-1990-жылдары ошол жакта биздин активдүү иш алып барып жаткан депутаттар Төлөмүш Океев, Аскар Акаев менен Кыргыз ССР жогорку советинин президиумунун төрагасы Таштанбек Акматов ошолор менен дагы жолугушууларды уюштурчубуз. Керек болсо ошол убактагы Кыргызстандын партиялык лидери Абсамат Масалиев өзү баш болуп бизге жолугушууга келчү. Ошондой эле жолугушуулар ошол убактагы Кыргыз комсомолунун башчысы Тынычбек Табылдиев менен болгон. “Акыйкат” коому ошол маселелерди көтөрүп биз кат жазгандан кийин Кыргызстандын борбордук коммитетинин анан комсомолдун борбордук коммитетинен атайын комиссия келип, текшерип, биздин студенттердин арызында жазылган маселелерин карап, Москванын ошол жактагы жергиликтүү бийлик органдары менен жолугушуп, кыздардын социалдык маселелерин чечүүгө жардам беришкен. Андан кийин 1990-жылы Ош окуялары болуп кеткенде “Акыйкат” уюму ошол убакта Москвадагы кыргыз жаштарынын арасында эң чоң багыт көрсөтүүчү ролду дагы аткардык. Себеби дегенде биз москва мамлекеттик университетинде биологиялык факультетте иштеген Жамила Бегиева анан Касым Темиров деген кыргызстандык Ош педагогикалык институтунан барган окумуштуулар менен чогу катташып ынтымакта жүрчүбүз. Ош окуясы болуп жаткан учурда биздин ошол жакта окуган кыргыз жаштары, иштеген жаштары Москвадагы Пушкиндин эстелигинин тегерегинде чогулуп “Эмне кылабыз?! Тиякта кан төгүлүп жатыптыр, ата-энелерибиз эмне болду?” – деп аябагандай кабатыр болуп чогулуп жатышкан экен, бирок аларды жетектеген күч жок. Ошол учурда “Акыйкат” коому уюштуруу иштерин өз колубузга алдык. Айтмакчы Бакыт Орунбеков кеткенден кийин “Акыйкат” уюмунун президенти кылып мени шайлашкан. Менин орун басарым болуп Кубанычбек Табалдиев болгон. Ал убакта Кубанычбек Табалдиев МГУда аспирант болчу. Экөөбүз кыргыз жаштарынын башын бириктирген иштерди алып бара баштадык. Ошентип биз демилгени өз колубузга алдык дагы Пушкиндин эстелигинин жанына барып эмне кыларын билбей жүргөн кыргыз жаштарынын бардыгынын иштерин түзүп, уюштуруу коммитетин түзүп анан биздин Кыргыз элчилигинин алдында чоң митинг уюштурдук. Ошол митингге Москвадагы жаштар гана эмес, биздин Ленинградда окуган кыргыз жаштарынын лидери Кадыр Кошалиев менен Мелис Арыпбеков дагы келди. Митингди мен алып бардым, Кыргыз-Өзбек калкын ынтымакка чакырган сөздөр айтылды “Кан төгүүгө жол берген партиялык жетекчилердин жоопкерчилигин карагыла, ошондой туура эмес иштерди алып барган жетекчилердин ордуна жаңы жакшы, демократиялык көз караштагы жетекчилерди койгула!” – деген талаптарды коюп, кан төгүүгө жол берген окуялардын чыныгы себептери, ошондогу бузуку күчтөр, ошолордун бардыгы “Акыйкат тергелсин!” – деген ушундай бир үндө кабыл алып, ошону биз Кыргызстанга жибердик. Ошол убакта митингде 2000-3000 адам чогулуп, Кыргыз элчилигинин короосуна батпай калды. Ал убакта митингге дагы уруксат берчү эмес, бирок жанагынча жаштар кылкылдап келгенде кыргыз элчиси Атабеков деген кишилер бар эле. Алар дагы коркуп кетти дагы дарбазасын ачып берип, анан биз короодо митинг өткөздүк. Бирок элчиликтин жетекчилери өздөрү чыгып алар менен сүйлөшүүдөн тайсалдап калышты. Ошон үчүн жаштар өзүбүздүн колубузга тең келгени калдык. Андан кийин мындай сөз болду, Москвадагы кыргыз жаштарынын ичинен атайын өкүлдөрдү шайлап, анан биз Ошко жибермей болдук. Барып көрүп, жеринде жолугуп келиши керек, чыныгы кырдаалды өз көзү менен көрүп келмейинче болбойт деп биз ошол жерден эки адамды жибере турган болдук. Алардын жол чыгымын элчилик төлөп бере турган болду, анан ошолордун бири Бакыт Орунбеков болчу. Ошентип эки журналист жибердик. Ошол убакта 1990-жылдардын ортосунда Кыргызстанда “Кыргыз демократиялык кыймылы” уюушулуп калган. Кийин биз “Акыйкат” уюму ошол КДК менен чогу иш алып бара баштадык. Биз аларга Москвадагы демократиялык демилегелерди , жаңы иш аракеттер жөнүндө окуяларды жеткире баштадык. Фрунзедеги “Ашар” коому уюшулган, анын жетекчиси Жыпар Жекшеев. КДКнын теңтөрагалары болуп ошол убакта Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов КДКнын катчыларынын бири Табылды Эгембердиев менен байланыш болуп калган. Ош окуялары болгондон кийин, биздин Москвадагы кыргыз жаштарынын уюму абдан таасирдүү экендигин сезишти окшойт, кийин ошол убакта бизге Фрунзеден атайын делегациялар келе башташты. Тынычбек Табалдиев комсомолдор лидери, ал өзүнчө бир келип кетти. Биз ошол убакта Москвадагы кыргыз жаштарына жакшы көңүл бурулбайт деген маселелерди койгондон кийин, атайын “Кыргыз студенттерине дифицит товарларды жеткиргиле” – деп, жетишпеген оокат, буюм-тайымдардын барын алып келип бизге сатып. Анын аркасы менен Фрунзеде кондитердик фабрикалар бар болчу, ошол кондитердик фабрика атайы биздин жаштарга деп келишип “Манас” деген кыргыздын ал убакта ошондой эң соону шаколаддарын алып келип, биздинн Москвада болуп жаткан иш-чараларга келип атайын тейлөө кылып кетишкен. Биз Москвада жылына 2-3 иш-чара уюштуруп турат элек. 1990-жылы Москвада “Сулуулар конкурсун” биз өткөрдүк. Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Ленинграддан учуп келди, Жаныш Кулмамбетов азыр кыргыз театрдык ишмерлер союзунун төрагасы ал убакта аспирантурада Москвада болчу. “Акыйкат” уюму анан “Кыргызстан” деген маданий борборубуз бар болчу. Андан сырткары күзүндө, жазында өз-өзүнчө чоң шеринелер болуп турчу. Ош окуясы болгондон кийин бир күнү мага кыргыз элчиси Атабаев чакырып “Аскар Акаев силер менен сүйлөшкүсү келип жатат” – деп бир байланыш номер берди. Мен сырттагы элчиликтин аллдындагы телефон менен чалдым, Аскав Акаевич “Кандай, жакшысыңарбы?” – деп студенттердин абалын сурады дагы андан кийин Ошко барып келгендигин айтты “Ошол боюнча Москвадагы жаштарга, Акыйкатка бир чоң маалымат берейин дедим эле, кеңеше турган кептер бар. Жолугушсак жакшы болот эле” – деп калды. “Анда биздин активисттерди элчиликке чогултайын” – десем. “
— Жок, бузук телефон бар. Ал жерде мындай сөздөрдү туура эмес жоромолдоп ийиши мүмкүн, жатаканадан эле жолукпайлыбы?
— Макул анда биздин МГУнун жатаканансынан жолугалы – деп биз жатканага студенттерди жана активисттерди чогултуп кечки саат бешке деп сүйлөшкөнбүз, кечки саат беште академия деген метро бар, ошол метрого барып Аскар Акаевичти тосуп алып жатканага алып келдик. Жатаканда отуруп 4-5 саат аябай сүйлөштүк. Ал убакта Аскар Акаевич абдан таанымал болуп турган кези, СССР жогорку советинин депутаты, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти. Анан Ошко барып келген иштерин айтып берди, ал убакта жоопкерчилик кимде болгонун, эмне үчүн кан төгүлгөндүгүн, улут аралык кагылышуу эмнеден чыкканын мына ошолор боюнча өзүнүн ой-пикирин айтып отуруп, ошол убактагы Масалиев башында турган коммунисттик партиянын жетекчилери тууралуу айтып койду “ Оштогу кыргыз калкынын социалдык маселелери убагында чечилбегендигинин айынан, жанагындай кагылышууга алып келди” – деп. Кийин Кыргызстандагы жалпы саясий кырдаал жөнүндө сүйлөштүк. Масалиев ал убакта саясий таасири бошоп кызматтан кетсе анын ордуна жаңы лидер ким боло алат? – деп ошол убакта Аскар Акаевичтин өзүнөн “Сиз эмне үчүн боло албайсыз” – десек. “Партияда иштеген кишимин, мен дагы бузулганмын заражённыймын. Мен дагы андай чоң ишти алып кетишим күмөндүү” – деп айтты. Анан биз ошондо “Жумагул Сааданбеков, Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов Масалиевдин ордуна иштегенге жарайт беле?” – десем “Жок, алар дагы убагында коммунисттик партиянын аппаратынды иштеген. Алар дагы партиянын колу менен ооп калышкан, алар дагы бул ишти жөндөп кете албайт. Жаштардын өзүнүн ичинен жаңы көз караштагы жаңы лидер чыгышы керек” – деп, ошол убактагы жолугушуубуз ушундай сөзү менен аяктаган. “Биз өзүбүзчө жаштардын гезитин чыгаралы деп жатабыз, ошого жардам берсеңиз болот эле” – десек ошондо Аскар Акаевич убадасын берди “Бир ксерекс сатып берем” – деди, ал убакта көбөйтө турган аппарат абдан кымбат анан чанда эле бир жерде болбосо көпчүлүктө жок болчу. 1989-жылдын аягында, 1990-жылдын башында Москвада жайнаган гезиттер чыга баштаган. СССР улуттук илимдер академиясында аспирант болуп окуп, илимий кызматкер болуп иштеп жаткан Нарын Айып менен жолугуп гезит чыгарууга мен “Акыйкат” уюмунун атынан жардамчы чогултуп жаттым. Негизинен Нарын агай бул гезитти өзүнүн каражатына, өзүнүн аракети менен чыгарып жатты. “Мүрөк” деген гезитте Москвадагы эле жаштарга эмес, Москвадагы эле кыргыздарга эмес, жалпы Кыргызстанга жиберилип баштаган. Кыргызстанга “Мүрөк” деген гезит почта менен таратылып, кээ бирлерине конверт менен салып жиберчү. Ал гезитти плакатка кол менен жазып алып, анан сүрөткө тартып алып кичирейтип чыгарат. Кыргыз элинин тарыхындагы биринчи эркин гезит же биринчи өз алдынча чыга баштаган “Мүрөк” гезитин айта кетиш керек. Ошондон кийин 1990-жылы Фрунзе шаарында КДК уюшулгандан кийин, КДКнын биринчи гезити “Майдан” чыгып баштаган. “Майдан” гезитинин башкы редактору болуп мурдагы КГБда кызмат кылган, кийин автордук укукту коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп иштеген абдан таланттуу журналист, акын, офицер Аман Токтогуловду дайындашкан. Мен Аман Токтогуловго келип кошулуп калдым, Москвадан жайкы дем алыш күндөрү келсем КДКда өзүнчө “Майдан” гезити уюшулуп, азыркы жогорку соттун имаратынын түндүк жагынан кирген өзүнчө бурчу бар болчу, ошонун 1-2-кабатында КДК жайгашкан. Анан биринчи кабатындагы, бир бөлмөнү “Майданга” бөлүп берип коюшту. Мына ошол жерден “Майдан” гезитин чыгара баштадык. “Майдан” гезити менен катар анын артынан Чолпонбек Абыкеев “Аалам” гезитин чыгарып баштады, анын артынан орус тилинде Замира Сыдыкова “Республика” деген гезитти чыгарып баштады. Ошентип Кыргызстанда эркин маалымат каражаттары пайда болду.
Изилдөөчү: Орусиядагы студенттик, атуулдук кыймылдардын эң башкы талаптары социалдык, улуттук, жер меселеси гана коюлганбы же көз карандысыздык, эгемендүүлүк жөнүндө ошол кездерде эле айтыла баштады беле? Эгер айтыла баштаса кайсы уюмдурда же кайсы гезиттерде, качантан баштап, ким айта баштаган?
Кубат Чекиров: Улуттук маселелер чынында көп көтөрүлүп жаткан, бирок акыр-аягына чейин СССР деген мамлекет кыйрап каларын ал убакта көп адамдар күткөн эмес, бул ушунчалык күчтүү мамлекет эле. Анда аны элестетүү дагы абдан кыйын болчу, бирок “Ар бир союздук республикадагы улуттук маселелер чечилиши керек!” деген маселелер абдан көп болуп турду. Союздан бөлүнүп кетүү Балтика боюндагы үч республика Литвия, Латвия, Эстония өлкөлөрү, ушулар биринчи бөлүнүп кетти. Ошондон кийин мүмкүн ар бир союздук республика өзүнчө эркиндик алып, өзүнчө эгемендик алып кетиши мүмкүн деген сөздөр ошол 1990-жылдары гана башталды. Ал убакта андай сөздөр, маселелер ачык эле айтылып калган. Себеби СССРдеги коммунисттик партиянын күчү кетип, алсырап, өз деңгээлинде башкара албай калган. Ошол учурда Грузияда, Балтика боюндагы республикаларда, Украинада, Өзбекстанда, Азербайжанда кандуу окуялар болду. Ошол кандуу окуялардан кийин советтер союзундагы республикалардын ынтымагы кетип жаткандыгы, жаңы реформалар жүрүшү керектиги жөнүндө темалар ошол учурдагы массалык маалымат каражаттарында эң негизги темалар болгон. Азыр ошол 1990-жылдардагыдай сөз эркиндигинин деңгээли боло элек деп айтып коюшум керек. Бул бир жагынан мамлекет кыйрап жаткан учур болчу, экинчи жагынан жаңы жаш мамлекеттер түзүлүп жаткан, бирок алар дагы күчкө толо элек, бийлик дагы күчкө толо элек, өзгөчө саясий күчтөрдүн палитрасы аябай кең болгон, коомдук саясий кыймылдар жайнап кеткен, ар бир партия, коомдук кыймылдар өзүнүн гезитин чыгара баштаган. Мисал үчүн Москвада метродогу киоскаларда абдан көп гезит сатылып турган, анын ичинде мурдагы мамлекеттик “Известия, Московские новости, Литературная газета, Труд” сыяктуу гезиттер ал убакта эмгек коллективинин колуна өтүп мурдагы партиялык диктатурага баш ийбей, өз алдынча болуп эркин маалымат каражаттарына айланган тарыхый кырдаал болуп калган. 1990-жылдардан кийин мурдагы мамлекеттик гезиттерден биринчи болуп эркиндикке “Асаба” гезити чыкты. “Ленинчил жаш” газетасын СССР кыйрап, комсомол жоюла электе Мелис Эшимканов баштап гезиттин атын “Жаштык жарчысы” кылып өзгөртүштү. “Кыргыз туусу” гезити мурда “Советтик Кыргызстан” болчу, кийин Кыргызстан эгемендик алгандан киийн атын алмаштырып “Кыргыз туусу” деген жаңы аталышка ээ болду. 1980-жылдардын аягында “Эркин-Тоо” гезити чыга баштаган. 1990-жылдардын башындагы маалымат каражаттарынын көрүнүшү ушундай болчу.
Изилдөөчү: Эгемендүүлүк алуудагы негизги себептерди айтып бересизби?
Кубат Чекиров: Салижан Жигитов айткандай чындап келгенде кыргыздарга эгемендик тартуулангандай эле болуп калды, себеби СССР кыйрагандан кийин ар бир союздук республика өзүнүн эгемендигин жарыялай башташты. Кийин биринчи болуп Орусия, Украина, Беларусия союздан чыгып кетти. Ал убакта Кыргызстан союздан чыгайын деген ою жок болчу. Кыргызстандын көпчүлүк калкынын ою дагы ушундай болчу. 1990-жылдагы референдумда көпчүлүктүн добушу менен СССРдин курамында калабыз деген. Бирок ал убакта “Эркиндик, эгемендик” темасы кайсы бир деңгээлде чакан топтордун же болбосо жеке ишмерлердин деңгээлинде гана өзүнчө айтылып калган болчу. Мисал үчүн ошол убакта “Ашар, КДК” Өмүрбек Текебаев дагы ал убакта бир жаңы уюмду түзө баштаган. Дооронбек Садырбаев, Топчубек Тургуналиевдердин сөзүндө. Анан “Майдан” гезитинде эгемендик темалары көтөрүлө баштаган. Бирок бул нерселер массалык аң сезимге жете элек болчу. Экинчи жагынан кошуна өлкөлөрдөгү процесстер бирдей эле болуп жатты, Казакстанда коммунисттик лидерлер кулатылып, бийликке коммунисттик лидерлердин экинчи муундагылары келип жатты, Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаев келди. Кыргызстан гана өзгөчө болду, Кыргызстандын өзгөчөлүгү биринчи жолу коомдук, саясий ачкачылык жарыялап, ал акцияга кыргыз мамлекеттик университетиндеги студенттер катышып, алардын башында Топчубек Тургуналиев, Тынчтыкбек Чороев. “Кыргыз жаш тарыхчылар жамааты” эгемендик темасын активдүү көтөргөн биринчи студенттик уюм болчу.
Изилдөөчү: Орусиядагы кыргыздардын “Ак кеме, Акыйкат” сыяктуу кыймылдарынын идеологиялык биримдиги болгонбу? Дээги эле алардын иштөө механизми кандай болгон, бири-бири менен болгон байланышы, чогулушу жана каражат маселеси кандай чечилген?
Кубат Чекиров: Идеологиялык жактан алар бир багытта болгон, себеби дегенде алардын бардыгынын ойлогону Кыргызстандын келечеги, жер, тил ошол курчуган маселелеринин чечилиши болгон. Бүгүн биз деколонизация деп жатпайбызбы ошондой баягы Кыргыз калкынын орусташып кеткени, алардын социалдык-экономикалык маселелерин өз алдынча чече албагандыгы ушундай маселелерди көбүрөк көтөрүшүп, анан ушулардын жолу демократиялаштыруу, өз алдынчалуулукка ээ болуу деген маселелер ошол убакта жалпы студенттик, коомдук саясий кыймылдардын барынын башын бир багытка бириктире турган негизги тема болгон. Ал убакта каражат темасына келгенде, өзүбүз өз алдыбызча студенттер өз чөнтөгүнөн, окуучулар өз чөнтөгүнөн акча чогултуп иш-чараларды өзүбүз каржылачубуз. Мисал үчүн Москвада ошондой чоң жолугушууларды уюштурганда бардык студенттер акча чогултат болчубуз. Андан тышкары өзүнчө майда иш-чараларды дагы өткөрчүбүз, кыздарыбыз манты түйүп келет, кийин аларды сатабыз, андан түшкөн акчаларга жалпы уюштуруу иш-чараларына жумушайбыз. Ошондо каражат маселеси аябай кыйын эле, анан каражат кантип табабыз деген маселе болду. Анан ошол жерден бир кызыктуу нерсе айтып берейин. Азыркы “Азаттык” радиосу Мюнхенде жайгашкан, “Азатык” раидосун кыргыз студенттери ультра кыска нурлар менен жашынып укчубуз. Себеби дегенде ал убакта аларды укканга тыюу салынып катуу тартип бар эле, “Глушения” деп койчу да техникалык жактан тоскоолдук келтирип такыр укканга мүмкүн эмес болчу. Анан биз “Акыйкат” коомундагы балдар “Азаттыктагы” ошол убактагы журналисттер Аким Өзгөнтегин, андан мурдагы төрагасы Аазамат Алтай анан Сагынбай деген эфирдеги аты менен чыккан журналист бар болчу. Ошолор менен кат алышып баштадык. Анан биз “Ушул гезитти чыгарганга каражатыбыз жок болуп жатат, биздин жалпы коомдук агартуу иштерибизге каражат керек болуп жатат” – десек, алар “Ушул ишиңерди биз колдойбуз” – деп туруп бизге немис маркасынан 2000-3000 марка салып жиберди, ал убакта 2000-3000 марка аябай чоң акча. Бирок биз ошол каражатты гезит чыгарганга жумушаганга үлгүрбөй дагы, жетишпей дагы калдык. Себеби дегенде СССР кыйрап кетти, СССР кыйрап кеткенде мындайча айтканда Кыргызстанга баса бердик. Кийин бизден кийинки балдар ошол иштерди кылыш керек эле, анан студенттердин активдүү бөлүгү Кыргызстанга кетип калгандыгына байланыштуу Москвадагы иштер бир аз басаңдай түштү. Кийин таптакыр жаңы нерсе башталды, ал убактагы жаңы барган жаштар базар экономикасына баш оту менен кирип, коомдук, саясий иштерге караганда Лужникиде же болбосо Москванын чоң базарларына барып акча тапканга киришти. 1990-жылдары мындай коомдук-саясий кыймылдар Москвада, дээги эле Орусиянын чоң шаарларында анчалык жеткен эмес деп ойлойм.
Изилдөөчү: 1986-1990-жылдары Балтика бойлорунда, Орусияда, Украинада
Кыргызстанды “Неизвестная республика, Спяшая республика” демократия үчүн күрөшпөйт деп критикалаган учурлар болуптур. Сиздин оюңузча Кыргызстандагы ошол расмий катталган “Кыргыз демократиялык кыймылы” жана башка кыймылдар башка пост советтик өлкөлөргө, ошол эле борбор азиядагы өлкөлөргө караганда ошол убакта түрдүү демократиялык кыймылдардын салыштырмалуу деңгээли кандай эле?
Кубат Чекиров: Туура айтасыз Кыргызстанды сыртынан “Белгисиз республика” деп аташып. Себеби ошол убактагы союздук деңгээлдигеги маалымат каражаттарында аябай инерттүү, консервативдүү, коммунисттик диктаторлукта катуу саясат жүргүзгөн республика катары аларды “Эгемендик, демократия менен иши жок” деген маанайдагы макалалар чыгып анан кыргыздар ушундай атка конгон. Анан Нарын Айыптын “Мүрөк” деген гезитинин биринчи санында дагы так ушул жөнүндө жазган. “Аябай кечиктик, аябай кечиктик. Башка өлкөлөрдө, башка жактарда эли эчак эле көтөрүлгөн, алардын улуттук аңсезими мурда эле ойгонгон” – деп Нарын Айып чыгарган. Чындап келгенде КДКга чейин ар кайсы деңгээлде майда уюмдар болгон. “Жаш тарыхчылар жамааты” Москвада “Акыйкат” Бишкекте “Ашар” Лениградда “Ак кеме” ушундай чар жайыт болуп келген. Алардын башын бириктирген бир аракет болгон эмес. Мына КДК пайда болгондо, биринчи съездинде ошол убакта ар кандай коомдук, саясий уюмдардын өкүлдөрүнүн бардыгы делегат катары чакырылып башын бириктирген “Кыргызстан демократиялык кыймылы” болуп жарыяланып жатпайбы. Ошондон баштап коомдук, саясий процесс аябай тездик менен кетти. Демократиялык күчтөрдүн активдүү болгондугу үчүн дагы балким Кыргызстандагы коммунисттик бийлик эрте кулады. Болбосо Казакстан, Өзбекстандагыдай демилгени партялык кишилер өз колдоруна алып, мурдагы партиялык жетекчилер кайра эле президент болуп шайланып келмек. Бизде болсо Кыргызстанда партиянын лидери болгон Масалиев президент болуп шайланууга ал убакта “Легендарлуу парламент” анын ичинде 114 депутатттык топ бар болчу. Анда Жумагул Сааданбеков, Болот Шамшиев, Төлөгөн Касымбеков деген абдан күчтүү депутаттар бар эле. Анан ушулар демократиялык жагынан бөлүнүп чыгып, көптү үмүттөндүрүп жатат деп Аскар Акаевди президент кылып шайлаганга ошол КДКнын дагы салымы аябай чоң болгон.
Изилдөөчү: Сиздин оюңузча эгерде, 1985-1991-жылдары “Кайра куруу, акыйкаттык” саясаты болбосо социалдык талаптар, улуттук маселелер көтөрүлөт беле же кандайдыр бир демократиялык уюмдар, кыймылдар пайда болот беле? Башкача айтканда мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгү үчүн алар чыктыбы же алар чыккандыгы үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдүбү?
Кубат Чекиров: Менин оюмча 1980-жылдардын ортосунда “Кайра куруу” саясаты чыкпаса дагы кийинки жылдары бары бир ушул сыяктуу саясий процесстер башталмак. Советтер союзунун өзүнүн ичинде карама-каршылыктар курчуп, анан аларды алгылыктуу чечүү үчүн жакшы реформалар болбогондугу үчүн жанагыдай союз кыйрап кетип жатпайбы. Ал үчүн мисалга Кытайдагыдай кылып союзду сактап калыш үчүн күчтүү экономикалык реформалар жүрүп кетип ошондон кийин гана советтер союзун өзүнчө бир чоң базарга айлантып, экономиканы кайрадан куруп чыкканда, мүмкүн бул идеологиялык маселелер мынчалык көтөрүлмөк эмес дагы, анан союз сакталып калышы мүмкүн эле. Бирок союз сакталып калса дагы бары бир конфедерация же жаңы союз болушу мүмкүн эле. Себеби жаңы союздук келишим түзөбүз деп жатышкан, ошол келишим боюнча мүмкүн таптакыр башкача кырдаал болмок. Бирок коомдук-саясий аңсезим эртеби-кечпи ушундай нукка бары бир түшмөк, себеби заман өзү ошондой болуп калган, Түндүк Кореядагыдай болуп жабык өлкө кылып кармап туруу кыйын болуп калган. Менин оюмча эгерде интернет эртерээк келгенде, советтер союзу мүмкүн дагы эртерээк куламак, союздук республикалар эртерээк эркиндикке жетмек.