
Кусаиров Канат
— Гүлзада Абдалиева: аты жөнүңүз.
— К. Кусаиров: Фамилиям Кусаиров, атым Канат. 1983-жылы мектепти бүтүп, Политехнический институтка тапшырып, ал жерден армияга кетип, келгенден кийин окуудан чыгып, Искусство инстутуна тапшырдым. Ошол тапшырган жылы Бишкекте мурунку окуган жерлерде анча-мынча политиканы сүйлөшүп калат элек. Суроо туулуп калат экен? Эмне үчүн биздин тилибиз басмырланып жатат? Ошол кезде Бишкекте турганда квартиралап жүргөндө, как раз мен семейный элем. Квартираларды орустар, орустун кемпирлери беришчү эле. Жумуш издеп барсаң кайсы ишкана болбосун отдел кадр орус улутундагылар болот эле. Жумушка албайт эле. Суроо туулуп, өзүмчө ойлонуп жүрдүм.
Өзүбүз туулуп өскөн Караколдо 5-6-7 беле мектепте, болгону бир кыргыз, бир өзбек мектеп бар эле. Эмнеге ошондой деген ойго келип жүрдүм? Ошондой жагдайлардан кийин мурунку окуп жүргөн студенттер менен сүйлөшүп, общий студенттердин оюн угайын дедим.
Студенттер менен кайсы жерде болбосун отуруп калган жерлерде гитара чертип калган жерлерде, опрос жүргүзүп көрөйүн дедим.
Мен өзүм Караколдо өзүбүздүн үйдө турчумун. Общежитие келип, худ-графтын общежитиесине келип, биринчи, экинчи общежитиеге келип, оюбуз туура келген 10 чакты балдар, кыздар болуп калдык. Балдар айтып калышты силердин оюңарга туура келген бала бар деп калышты. Швейный фабрикага оюбузду дагы жайылтсак – деп барып калдык. Тарапташтарды көбөйтүү максатында. Ал жерде бир бала жүрөт, түштөн кийин келет — деп калышты. Таалай экен. Ал бала мага караганда амбициясы күчтүү, цель, сүйлөгөнү подправленный, орду менен сүйлөгөн, ага караганда менен сүйлөгөнүм жупуну, ага салыштырмалуу. Таалай лидер болуп калды.
КГБ аркабыздан жүгүрө баштады. Арабызга балдар кошула баштады. Кийин ойлоп көрсөм КГБ тыңчы кылып жибергендер окшойт. Кийин ар бир шагыбыз КГБга билине баштады. Чоң эле бир таасирдүү болуп, КГБ кооптоно турган уюм болуп калдык. Өзүбүзүдү неформальный организация деп алдык. Жаштар уюму боло баштадык. Эң биринчилерден эмнеге кыргыздын статусу өзүбүздүн мамлекетте экинчи номурдабыз деген башында ошондой ойлор болчу. Бул өтө эле национализм болуп кетет деп, кандай кылабыз деп, жерлердин аттарын кыргызча кылалы деп баштадык. Обком комсомолго, Горком комсосомолдо чоң чогулуш кылып, Обком партиянын инструкторлору келип, чоң чогулуш кылып, эмнеге минтип атасыңар – деп чогулуш кылып…
Токтобой турганыбызды сезишти окшойт. КГБ кишилери собеседование чакыра башташты. Явка кылган подпольный квартиралары бар экен. Аякка чакырышат. Менин ата тегимди изилдешип, чоң дело ачышыптыр. Менин токтобой турганымды билгенде, коркутуулар болду.
«Алма-Атадагы окуяны уктуң беле? Көтөрүлгөн, бир канча студент, ким көрдү кылганын билесиңби?» — деп сурай башташты.
Бирок менен информациям жок эле. Кол койдуруп алып, ким менен жолукканымды бизге айтып турушун керек деп…
Андан кийин Ошская события болуп кетти. Мен үй камагында эле болуп калдым. Анткени үйдөн чыгарышпайт. Ошол кезде 100-200дөй бала Интернациональный көчөсүндө машиналарды движениелерди токтошуптур. 3-4 бала келишти, чогулгандарга башчы катары болуп бербейсиңби деп. Мен түшүндүрүп айтып, КГБнын кишиси ак Жигули менен турат, ар бир шагымды карап турушат, кайтарып олтурат – дедим.
Негизги требование айткыла, действие кылбагыла, поджог кылбагыла, машиналарды коңторобуз, местный өзбектердин үйлөрүн билебиз ошолорду өрттөйбүз – деп чыгышты Мен андай кылбагыла деп токтоттум. Сен барып бербейсиңби дешти. Мен барсам уже ким көрдү болосуң дешти тиги балдар (КГБ) дедим. Балдарды тарап эле кеткиле дедим. Ал событиега чейин ректор Жусаев айттырыптыр, балдарды токтотсун деп. Шартты түшүндүрүп, балдарга айттым.
КГБ келип, эшикти такылдатып: «Бул балдар эмнеге келишти?» – деп сурашты. Айттым ушундай деп. Аябай артымдан түшүп, бастырбай калышты, коркутуп эле. Биз обширный болуп кеңейтип алганбыз да, Караколдогу художниктер союзу, ТЭЦ жаштар болуп, бизден Таалай Ылаев жана эки бала болуп, Бишкекке кетишти. Жыпар Жекшеев, Төлөгөн Касымбековдер менен жолугушуп келишти. Таалай алар менен тыгыз иштешип кетишти. Каракол тынчып эле калды.
— Гүлзада: Өзүңүз кайсы жумуштарда иштдиниз?
— Кусаиров: Мен Москвада жүрдүм. Москвада декорация №1 Юлия Шакированын художниги болуп иштедим. Москвада 17 жыл иштедим. Ооруганыма байланыштуу Бишкекке келдим.
— Гүлзада: Дагы кимдерден интервью алсак болот деп ойлойсуз?
— Кусаиров: Таалай жакшы билет. Памир деген жигит бар эле Караколдо. Ал такыр эле динди сүйлөп калган экен. Балдардын арасында активисттер ичинде КГБ иштеп жүрүшөт.
Анан Таалай менен сүйлөшүп, музыкалык жөндөм болгондон кийин ансамбль түздүк. Жаштарды музыка менен ойготуп, жаштарды алаксыталы деген болуп…Жусаевге кирдик. Педагогикалык институттун Ак-Куу беле ыр-бий ансамбль жетектеп жүргөн Т. Казаков. Ошондон калган инструменттер болсо керек деп. Жусаев завхозду чакырып, инструменттерди бизге берди. Калган инструменттер вокальный инструменттер экен. Инструменттерден калдыратып, шалдыратып бир ансамбль чыгардык.
Жусаев: «8-март концерт берип көргүлөчү, жакшы болсо инструмент алып берем» – деп калды. Концерт өткөрүп берип, жакшы инструмент алдырып алдык. «Студенттик жазга» катыштык. Өзүбүзчө патриотический стиль чыгардык. «Тузун татппай, өстүк эл» — деп чыктык. Эркин Тазабеков «Мыскыл жана тамаша» уюштуруучу экен. Ал келип, олтуруп сүйлөшүп калдык. Ал: «Төбөм көккө жетти, ой жүгүрткөн балдар бар экен» — деп калды. Ошол жерде Каныбек Иманалиев келип, ошол кезде студент беле билбейм. 1916-жыл, Үркүн темасында ырым бар, угуп көрбөйсүңөрбү деп. Анын ырын угуп, музыкасын жаздык. Тянь-Шань 1990-1991-жылдардагы фестивалдар Нарында болду. «Тузун таттпай, өстүк эл» ыры менен Үркүндү биринчи жолу ырдап чыктык. Стадиондо Нарындын эли каптап эле кетишти. Көбүнчө жаштар колдоп эле кетишти. Жюринин чоңу Муратбек Бегалиев экен.
М. Бегалиев: «Стилиңер жаңыча экен, кандай атайсыңар» — деп калды. «Фольк-рокк» деп атасак десек, жакшы экен деп тамашалап калды. Жүрөгүнө ыр менен жеткирсе болот экен.
Гүлзада: Маегинизге чон ырахмат!