Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Кыяс Молдокасымов

Кыяс Молдокасымов

тарыхчы

Изилдөөчү: Өзүңүздү тааныштырып, азыр ким болуп эмгектенесиз анан 1985-1991-жылдардагы кылган иштериңиз жөнүндө, ким элеңиз, иш ордуңуз жөнүндө кыскача айтып бересизби?

Кыяс Молдокасымов: Аты-жөнүм – Кыяс Сатарович Молдокасымов. Азыр тарыхчымын. Президенттик администрациянын алдындагы “Мурас” фондунун жетекчисимин. 1985-жылы мурда тарыхты изилдеп баштасам, дагы деле ошону изилдеп жатам, ошол багыттамын. Орто жолдо кесибим журналистикага дагы аралашып кетти. “Азаттык” радиосун жетектедим, Бишкек бюросун жети жыл, андан кийин КТРКны 1-2 жыл жетектедим, “Кыргыз туусу” гезитин жектедим. Азыр тарыхый изилдөө менен алекмин. Көбүнчө 19-кылымдын экинчи жарымы, 19-20 кылымдардын башында архивдик документтер боюнча изилдөөмдү улантып жатам. Ошондой эле Кытайдагы байыркы “Кыргыз тарыхына” тиешелүү архивдик документтерди изилдеп, жыйнап, аныктап жүз миң беттей архивдик документтерди таап, “Кыргыз тарыхына” үч миң жыл экенин кытайлык кесиптешибиздер менен чогу иштешип, кытайлык профессор Ю Тайшан “Байыркы кытай тарыхын” изилдөө боюнча эң мыкты адис. Мына ошол кыргыздын алгычкы кытай тарыхында жазылганына  үч миң жыл болгонун далилдеп, беш жылдан бери ошол менен алектенип жатабыз. Албетте 1985-жылы мен тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүткөнмүн. Бүтөрүм менен 1985-жылы азыркы Кыргыз улуттук университетинде дароо университетке кабыл алындым. Ошондон баштап биз эркин ой жүгүрткөн,  Кыргызстандын келечеги үчүн айрым бир күрөшүүлөргө аралашып калган,  өз аракетибизди баштаганбыз. Өзгөчө мына 1985-жылы Горбачёвдун кайра куруу, маалымдуулук, акыйкаттуулук деген саясаты бизге окшогон жаштарга кеңири жол ачып берди. Ага чейин, эркин ой жүгүрткөн адам ал убакта дайыма суралып, дайыма партиялык атайын көзөмлгө, катуу тартипте кармалып  келишкен. Эркин ой жүгүртүп, кыргыздын тарыхын эркин изилдейли, кыргыздын тарыхын эркин жазалы, мектерптерде эч окутулбаган, жогорку окуу жайларда эч окутулбаган кыргыз тарыхын мыйзамдуу түрдө эмне себептен киргизсе болбойт, окутса болбойт деген маселелерди ошол убактарда эле айтып келгенбиз. 1987-жылы кайра куруу процесси дагы күчөгөндөн күчөп, бирок ошол эле убакта элдерди кайрадан бир тартипке салып, ооздуктап коюу аракеттери дагы болгон. Мен тарых факультетинде иштеп жаткан ошол 1987-жылы  дагы бир мисал кылып айтып берсем болот. “Сабыр Аттокуровдун иши” – деген бир маселе козголгон. Алма-Атада дагы Желтокосон окуясы болуп кеткен. Анан кыргыздардан дагы улутчулдарды табыш керек деген маселе чыккан. Ошол кездерде 1985-жылдардан баштап Төлөгөн Касымбековду, менин устатым, кыргыздын чыгаан тарыхчысы Кушбек Усенбаевичти –ал  1916-жылдагы “Улуттук боштондук ктөрүлүштөр” боюнча өтө мыкты адис болгон. Аларды атайын куугунтуктап  айрым бир маалымат каражаттарында алар туралуу катуу жазып, анан  Сабыр Аттокуровду болсо “Сен кыргыз уруулар жөнүндө лекция окуйт экенсиң, биздин студенттерге сен кайсы уруудан болосуң?” – деп суроо берет экенсиң деп, анан “Өз уруусун билбеген, жети атасын билбеген шаардык балдарды өтө ыңгайсыз абалда калтырыптырсың, ошон үчүн сага окшогон профессорлор жогорку окуу жайда иштебеши керек” – деген атайын чоң жыйын болгон. Ал жыйын ошол азыркы улуттук университетинин тарых факультетинде өтүп, ал убакта кыргызстан борбордук комитетитнин илим жана билим боюнча өзүнчө бөлүмүн жектектеген Аскар Акаев деген болгон, ошол Аскар Акаев өзү жыйын өткөрүп Молдобаев деген катчысы болгон, 3-4 саат бою Сабыр Аттокуровду ушунчалык дүйнөдөгү эң жаман адам катары сындап “Муну жазалаш керек” – деп ошол жерде өтө чоң сөздөр болгон. Сабыр Аттокуров өзү күчтүү этнограф, профессор, мыкты лектор, бизди окуткан өтө мыкты окумуштуулардын бири болгон, бирок аны студенттерге кыргыздын  чыныгы тарыхын, этностордун, уруулардын тарыхын окуткан. Мына ошондо кыргыздын уруулары жөнүндө окутканын өтө чоң күнөө катары көрүшкөң.  Акырында Сабыр Аттокуровду партиядан чыгарып, иштен айдап, Сабыр Аттокуров ошол мезгилде инсульт болуп, ошол чогулуштан инсульт алып чыккан. Ошол мезгидле өзүбүз дагы курч элек, бир четинен агайыбызга боорубуз ооруп, ошол Сабыр Аттокуровго каршы жазган айрым партиянын мүчөсү болгон студенттерди тарибялап койбойсуңарбы, Сабыр Аттокуровду ушундай абалга алып келген эмне деген шумдук – деп, 4-5-курстун студенттерине айтып, аларды чогултуп сөздөрүбүздү айтканыбыз үчүн алгачкы жолу КГБ деген бир коркунучтуу орган бар болчу ал убакта. Ошол КГБнын органы алгачкы жолу бизди суракка чакырды. “Эмне себептен Сабыр Аттокуровду колдойсуңар, өзүңөр жаш адис экенсиңер, тарых факультетинде эмгектенет экенсиңер. Бул эмне деген балдарга берген тарбия? Партия деген чоң жыйында Сабыр Аттокуровду күнөөлөп, партиядан чыгарып жатат. Мына силер ошо Сабыр Аттокуровду колдоп, жөн эле колдобой студенттерди нааразычылык акциясына чыгарып жатыптырсыңар” – деп ошол мезгилде университеттин КГБ боюнча куратору Карыбек деген байке бара эле. Ошол бир аудиторияга чакырып алып мени 1-2 саат суракка алган  “Өсө турган бала экенсиң, өнө турган бала экенсиң. Сен мындай иштерди жасаба, жасабайм деп тил кат жазып бер” – дегенге чейин барган. Анан биз Сабыр Аттокуровдун окуткан сабагы эң туура, этнография жаатында дагы күчтүү агай, силер  минтип күнөөлөгөнүңөр болбойт — деп айтканбыз. Ошентип биз КГБ менен ошондон баштап достоштук. Ошондон кийин тарыхты эркин окутуш керек, мындай болбойт дегенге чейин бардык. Мисал үчүн мен тарых факультетин артыкчылык менен бүтүргөнүмө карабай ошол мезгилдеги кыргыз тарыхын биз өтө жеткиликтүү деңгээлде окуй алган эмеспиз. Ал убакта кыргыздын кайсы бир унутулуп бара жаткан окуялары болсун, өзгөчө “Улуттук боштондук көтөрүлүшү, Россияга каршы көтөрүлүштөр, кыргыздын мыкты тарыхый инсандары” тууралуу  биздин агайларыбыз лекцияда ачык айтып берчү эмес. Кээде студент убакта жатаканага келип алып эшикти бекем жаап алып, анан бизге “Байтик баатыр деген болгон экен, Байтик баатыр деген ушундай адам болгон экен” – деп Байтик баатырдын кыйындыгын баягы эшикти жаап алып айтып берчү. Эмнеге бул нерселерди лекцияда айтып бербейсиз десек “Болбойт! Бул деген өзүбүздүн штаттын өкүлү, биздикин мактасак кандай болот?” – деп, Алымбек датка, Курманжан датка, Ормон хан жана башкалар жөнүндө лекцияда “Бул жексурлар! Кыргызды эзип келген өзгөчө коркунучтуу инсандар!” – деп окутчу. Ошон үчүн кыргыздын тарыхы жоогорку окуу жайлрда деле тарых факультетинде гана окутулчу. Ал эми жалпы университетте, жогорку окуу жайларда кыргыздын тарыхы окутулбай, ал жерде КПССтин, партиянын тарыхы окутулчу. Мен дагы партиянын тарыхы боюнча бир жыл сабак берип иштеп калдым, кийин тарых факультетине бардым. Илимий коммунизмди окутчу, бизди партиянын аткарган иштерине суугарып анан “Түз коомунизмге барасыңар” – деп окутчу. Анан биз коммунизмди көрөбүз –  деп сүйүнүп калчыбыз . 1987-жылы мен аспирантурага тапшырдым. Аспирантурага тапшырган мезгилде менин илимий жетекчим Өзбекстанда белгилүү окумуштуу, кыргыз тарыхчыларынын жакын досу,  Кушбек Усенбаевичтин жакын досу, Анварбек Хасановичтин жакын досу Хамид Зияев деген Өзбекстандын белгиүү окумуштуусу. “Мага жакшы бир тарыхка кызыккан жаш адисти бергиле” – деп сураган экен. Токторбек Өмүрбеков деген агайыбыз сунуштап, анан мен аспирантурага тапшырдым. 1988-жылдан баштап кайра куруу, жаңы демократиялык кыймылдар жаңы күчөгөн мезгилде, мен аспирант болуп калдым. Ташкентке агайыма барсам, кыргыздын тарыхы боюнча, кыргыздын тарыхый инсандары боюнча, Алымбек датка, Ормон хан, Байтик, Шабдан, Курманжан датка, Полот хан, Алымкул аталык дагы көптөгөн тарыхый инсандар боюнча кызыктуу маалыматтарды айтып берди. Агай  биз буларды жакшы билбейбиз десек, “Бул силердин күнөөңөр эмес, силер чыныгы тарыхыңарды жакшы окуган эмессиңер,  окуткан дагы эмес. Тыюу салынган, ошон үчүн билбей калдыңар” – деп, анан  Ташкенттин архивин 1988-жылдан баштап аттадым, быйыл 35-36 жыл болот. Ошол архивде иштей баштаганда өтө кызыктуу маалыматтарга көп учурай  баштадым. Биз тарыхта окубаган, тарыхта жашырылып келген тарыхый инсандар, окуялар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды таап.  Кыргызстандагы жер, суу аталыштарын Кыргызстанга келген адамдар өздөрү каалагандай которуп алып “Биздин тилибиз келбейт экен, биздин улуу урматтуу падышабыздын атына, чиркөөлөрүбүздүн атына,  губернаторлордун атына, падышанын бир-туугандарынын атына  ушундай кылып которуш керек” – деген архивдик документтердин көчүрмөсүн алып келип алып таң калып. Ошентип анан тарыхга, илимге болгон кызыгуум ошондо башталды. Мен архивден көп материалдарды таап, анан эми аны элге жеткикириш керек да. Анан элге жеткириш үчүн тапкан архивдик документтримди макала кылып гезиттерге жазып көрөйүнчү деп жазсам, окшошпойт. Себеби бизде тарых факультетинде жазганды үйрөткөн эмес. Курстук иш, дипломдук иш жана башка  болуп, бирок ал жерде эптеп, чампалап жанагындай кылып жазасың. Эркин жазуу бизде таптакыр болгон эмес. Анан жазып алып барсам, ал убакта “Ленинчил жаш, Кыргызстан маданияты” – деген гезиттер бар эле, 200-300 миң нускага чейин чыккан. Эркин ойлордун борбору болуп калган ал гезиттерге алып барсам, карап туруп эле кызылала кылып коюшат. Барып кайра жазам. Ошентип намыстанып отуруп акырындан жазганды үйрөндүм. Жазган макалаларыбыз сандан санга чыгып, окурмандар тарыхка аябай кызыгып, анткени чыныгы тарыхка эл суусап турган. Ошол убакта Кушбек Усенбаевич деген агайыбыз аябай кызыктуу макалалары менен чыгып турду. Ыраматылык Өмүркул Караев деген агайыбыз “Орто кылымдагы тарых” жөнүндө макалалары менен чыгып турду. Тынчтыкбек Чоротегин деген агайыңар бар, ал өтө кызыктуу макалаларды жарыялай баштаган. Токторбек Өмүрбеков, Ташманбет Кененсариев деген агайыңар бар. Кыскасы ошол мезгилдеги тарыхчылар өздөрүнүн кызыктуу макалалары менен чыга баштады. Биз ошондой макалаларыбызды жарыялай баштагандан кийин гезиттер, журналдар “Бизге жазып бер” – деп өздөрү суранып келе башташты. Ошентип отуруп биз экинчи журналисттик кесипке дагы ээ боло баштадык. “Эмне себептен кыргыз тарыхын мектептерде окутпайт, эмне себептен жогорку окуу жайларында кыргыз тарыхын окутпайт, эмне себептен кыргыз тарыхы боюнча окуу китептери жок?” – деген маселелер боло баштады. 1987-жылдан баштап Москвада комсомолдун борбордук комитети тарыхты жаңыча изилдейли, тарыхта жаңы муун жаралсын  деп “Советтик жаш тарыхчылар ассоциациясы” – деген демилгени алар башташты. Москва баштагандан кийин биз дагы карап отурабызбы? Биз дагы “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын” уюштурабыз деп, мен ленинчилдердин жаш гезитине демилге көтөрүп чыктым. Анан ошол демилге аябай жакшы колдоого алынды. Ошол мезгилдеги жаңыча ойлонгон, биздин мыкты жаш тарыхчыларыбыз ошол демилге менен “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын” түптөдүк. Анын башында ошол эле мени колдоп берген Тынчтыкбек Чоротегин,  Айдарбек Көчкүнов, Дөөлөт Сапаралиев, Токторбек Өмүрбеков, Ташманбет Кененсариев, Турсунбай Бакир уулу. Кыскасы колдогон көптөгөн жаш тарыхчылар чыкты дагы, анан аны Өмүркул Караев, Кушбек Усенбаев деген биздин устаттарыбыз колдоп беришти. 1989-жылы “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” өтө чоң жыйын уюштурганда синхрон менен кыргыз тилинде өткөн биринчи жолку жыйын болчу. Ага чейин кыргыз тилинде өткөн жыйындар дагы сейрек болчу, кыргыз тилине дагы чек коюлчу. Бир эки башка улуттун өкүлү болсо орусча сүйлөш керек. Биз кыргызча өткөн жыйынга биздин ошол мезгилдеги Арслан Койчиев деген бүгүнкү күндө президенттин кеңешчиси, Алмаз Кулматов, тарых факультетинин эки студенти, Акчолпон Койчиева ал кезде Касмамбетова болчу, ошол жерде синхронный котормо жасап беришти. Ал жыйынга азыркы жогорку соттун имаратында “Жазуучулар союзунун” чоң залы бар болчу, ал жыйынга ошол мезгилде Жусуп Мамай, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков баш болгон биздин залкар жазуучуларыбыз катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков агай ага чейин эле тил, тарых темасын катуу козгогон, оюнан артка кайтпаган ушундай көк жалы бар өзгөчө жазуучу болчу, азыр эми андай жазуучулар жок. Бир жагынан Чынгыз Айтматов “Бишкек шаарында жалгыз гана кыргыз тилиндеги мектеп бар экен” – деген маселелерди көтөргөн мыкты жазуучулар бар эле. Түгөлбай Сыдыкбеков, Жусуп Мамай экөө батасын берип “Балдарым колуңардан келер бекен?” – деп батасын берип жатып бизди ушундай шектүү караган.  Биздин биринчи аракетибиз “Тез аранын ичинде мектептерге кыргыз тилин окутууну киргизиш керек” – деп билим берүү министрлигин барып желкелей баштадык.  Атайын программа түздүк, жогоруда айткан Адыл Кожобаев деген методика боюнча ошол мезгилде кыйын адис бүт программаны даярдап, анан аны министрликке алып кирип, министрлик өзүнүн буйругу менен “Кыргыз тарыхы мектептерде окутулсун” – деген чечим чыгарган. Бул бүгүнкү күнү жөнөкөй эле көрүнүш катары көрүнөт. Бирок ошол мезгилде бул өтө чоң окуя болчу. Кыргыз тарыхын мектептерге мыйзамдуу түрдө киргизүүнү күрөшүп туруп ишке ашыруу коммунисттик доордо өтө кыйын маселе болчу. Ошентип кыргыз тарыхын мектептерге киргиздик. Кыргыз тарыхын киргизгенден кийин ал убакта Бегималы Жамгырчинов тарабынан жазылган жука китеп бар болчу, ал убакта китеп дагы жок. Программанын негизинде китеп жазыш керек деген маселени козгоп, мектептерге кыргыз тарыхы боюнча китептер жазыла баштады. Ага Тынчтыкбек Чоротегин, Өмүрбеков Токторбек деген жана башка агайларыңар аралаштык. Кийин “Жогорку окуу жайларында КПССтин тарыхы окутулбасын, жогорку окуу жайларында кыргыз тарыхы окутулсун” – деген маселесин койдук. Жогорку окуу жайларда кыргыз тарыхы,  тарых факультеттеринде үстүртөн окутулчу. Ал эми чын-чынына келгенде жогорку окуу жайларында кыргыз тарыхын окутчу эмес. Акырында министрлик ага дагы макул болду. Бул дага “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын” чоң жеңиши  болду. Ошенитип көп алгылыктуу иштер болду, гезит беттеринде, радиолордо көп талкууларды уюштурдук. Кыргыздардын байыркы тарыхы, кыргыздар өз мезгилинде улуу империясын курган Борбордук Азиядагы эң байыркы калк, мурун ушинтип дагы айта алчу эмес. Тарыхый аң-сезимди кайрадан жайылталы, элге тарыхты кайра кайтарып берели деп “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” ошону баштаганбыз. Ошол иш аркылуу биздин аракетибизди көрүп, активдүүлүгубүздү көрүп тарыхчылар, экологдор, философтор “Биз дагы ушундай иштерди уюштуралы” – деп чыга баштады. Жаштар тарыхка болгон кызыгуусу аркылуу биз колдогон жаштар көп болду. Ошол убакта “Ашар” козголоңу “Кыргызстан кыргыздардын жери болуп туруп, эмне себептен кыргыздар өз жеринде өгөйлөнөт? Эмне себептен Бишкек шаарында 20% гана кыргыз, а бирок бир гана кыргыз мектеп бар? Эмне себептен кыргыз жаштары башка элдердин сарайында жанагындай эптеп турган жерлерде ижарага жашайт? Алар өздөрү жер алып үй курганга эмнеге болбосун?” – деген маселелер көп козголду. Мисал үчүн ошол мезгилде, элестетип көргүлө, азыр эми аны айтсам жомок сыяктуу. Эгерде бир кыргыз мына мен өзүм жаш адисмин, тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрүп, министрликтин жолдомосу менен азыркы улуттук университетке иштегени калып жатам. Бирок ушу шаарда, же ушул айланада каттоом болбосо ишке алчу эмес. Кыргыздарды каттоо өтө кыйын болчу. Мына мен канча жерге бардым “Мына министрликтин буйругу,  мен бул жерге бөлүндүм, ишке киришим керек, буйрук чыкпай жатат” – деп канча жерге бардым, каттоого албай коюшкан. Акырында тааныштан тааныш салып отуруп Сары-Жол деген айылда айылдык кеңешинин селсоветинин  төрагасынан тааныган агаларым жардам берип, ошентип каттоого өтүп “Мына мен Сары-Жол айылында катталып ушул жердемин” – деп ошону алып баргандан кийин гана мени жумушка алган. Башка менин тагдырымдагы окуялар ал убакта көп кайталанчу. “Кыргыздар шаарга келип иштебесин” – деген атайын ушундай бир чек бар болчу. Ошондон улам “Кыргыз жаштары каттоосу жок эмне үчүн ишке алынбайт, батир берилбейт, жер бөлүнүп берилбейт?” – деген маселелер козголуп отуруп “Ашар” козголоңу болду. Кыргыздар жерлерди барып ээлеп алып “Ошол жерге үй салабыз” – деп ушундай аракеттер болду. “Ашар” козголоңу өтө активдешип, бийликтегилер алар менен эсептешип, кыргыз жаштарынын демилгелерин колдоп, ошол мезгилде  бийликтегилердин деле оюнда “Кантип ушул маселелерди чечүү керек?” – деген оюу бар болчу. Абсамат Масалиев ошол мезгилде Кыргызстан компартиясынын биринчи катчысы катары ушундай нерселерге кең пейилдүүлүк кылып “Алса алсын да” – деп мамиле жасачу. Миңдеген жаштар жерлерди ээлеп алган жерге керек болсо өзү барып катышчу, “Алгыла биз  каршы эмеспиз” – дегенге чейин барчу. Кийин кыргыз тилине байланышттуу мыйзам кабыл алынып жатканда Абсамат Масалиев өтө лоялдуу болгон. “Мыйзамды иштеп чыккыла, даярдагыла” – деп атайын комиссия түзгөн. Ал мыйзамдын кабыл алынышына түздөн түз салым кошкон, каршылык көргөзгөн эмес, кайра колдогон. Аябай чоң, абройлуу комиссия бул мыйзамды иштеп чыккан. Ошенитип кыргыз тил мыйзамы дагы ошол мезгилде кабыл алынды. “Ашар” козголоңунан кийин жаштардын аракеттеринин натыйжасында  “Кыргызстан демократиялык кыймылы” түзүлдү. “Кыргызстан демократиялык кыймылынын”  алгачкы жыйыны азыркы улуттук драма театрынын имаратында болгон. Башында аны бербейбиз деп аракеттер жасалды, тоскоолдуктар болду. Бирок ошого карабай ошол мезгилде бийлик “Мейли өткөргүлө” – деп ошол жерде өткөрдү. Ар бирибизге кызыл кадимкидей мандатка ээ болгон жука күбөлүк берген. Аны КДКнын уставын бекиткенде, программасын бекиткенде, жетекчилерин бекиткенде биз кызыл документти көтөрүп анан добуш бергенбиз. Бул дагы өзүнчө бир кызыктуу нерсе. Ошентип “Кыргызстан демократиялык кыймылы” дагы түзүлдү. “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” кээде бийликке каяша айткан учурларыбыз болду. Абсамат Масалиев менен азыркы спорт сарайында чоң жыйын болгон. Жаштардын “Биз менен жолуккула! Биздин талабыбызды уккула!” – дегенде, ошол мезгилдеги бийликтегилер жаштарды басып койсо деле болот болчу, бирок алар баскандын ордуна, миңдеген жаштардын арасына келип катышкан учурлар  болгон. Ошондо Ош окуясы жаңыдан жалындай баштаган. Мен кийин “Майдан” гезитине дагы жазгам “Ош окуясын болбойт деп, Ошто улуттук жаңалдашуу болбойт деп ким кепилдик бере алат?” – деген маселени коюп макала дагы жазгам. Ал Бакыт Орунбековдун архивинде болуш керек. Масалиевге дагы ошол суроону бергем “Ошто кырдаал курч болуп жатат, улуттук жаңжал азыр көп жерлерде чыгып жатат Карабахда чыгып жатат, Ферганада чыгып жатат, Ошто дагы чыгуу коркунучу болуп жатат. Ошону бийлик алдын алууга аракет жасалып жатабы?” – деп маселе койгом. Бирок бийлик ал убакта жымсалдап гана жооп бергенин билем. Көп өтпөй ошондой жаңжал чыгып кетти. Ал жаңжал дагы Москва тарабынан уюштурулган сценарий сыяктуу дагы болду. Биздин жетекчилер туура эмес жагын дагы жасагандыгы болду, экинчи чети бул жактан “Ашар” козголоңу дагы, КДКнын өкүлдөрү дагы ошол мезгилде бир аз жаңылыштык кетирип ийгенин дагы айтышыбыз керек. Себеби Бишкекте жер маселеси башка, ал эми Ошто жер маселеси ушунчалык бир опурталдуу маселе болчу. Бул жактын менталитети менен  ал жактын менталитетин билбей кыргыздар бул жактагыдай эле “Басып алгыла! Ээлегиле!” – деп, ал жакта жерге болгон маселе өтө башкача болчу. Бул эки улуттун ортосундагы мамилеге дагы таасирин тийгизди. Аны дагы моюнга алышыбыз керек. Тарых үчүн, акыйкаттык үчүн  бийлик өкүлдөрүнүн дагы, КДК өкүлдөрүнүн дагы жаңылыштыктарын биз айтышыбыз керек. Себеби ошондо жерге болгон мамиле бул жакта башка, ал жакта башка экенин КДКнын ошол мезгилдеги айрым лидерлери, жетекчилери туура түшүнбөгөн учур дагы болду. Ошентип Оштогу жаңжал коп нерсенин башы болду. Оштогу улуттук жаңжалдын шылтоосу менен кийин 1990-жылы октябрда биздин жаштар, биздин ошо мезгилдеги көрүнүнүктүү өкүлдөр ак үйдүн алдында ачкачылыкка турушуп, анан ошол жерден Абсамат Масалиевдин бийликтен кеткенине дагы Оштогу улуттук жаңжал башкы себептеринин бири болгон. “Жаңы көз караштагы бийлик керек, демократиялык көз караштагы адам керек” – деп ошол убакта жаңы бийликке жаңы адамдар муктаж боло баштаган. Абсамат Масалиев бул акактай таза, уурулукка жол бербеген “Уурдабагыла бул мамлекеттин менчиги, көп жылдардан бери топтогон байлыгыбыз, тийбегиле” –  деген талапты сурачу. Ошол мезгилде “Өзү дагы уурдабайт, бизди дагы уурдатпайт. Бизге ушундай жетекчилер керекпи?” – дегендер дагы чыга баштаган. Алгач “Чынгыз Айтматов бул улуттун духовный лидери, ошол президент болсун” – деген дагы каалоо, тилектер дагы болгон. Ал баш тарткандан кийин ошол мезгилде Акаев СССРдин эл депутаты болуп, бир топ маселелерди козгоп, окумуштуулугу менен, ораторлугу менен Акаевге дагы симпатия пайда боло баштаган, бирок Акаев ошол мезгилде өтө эле демократ болсо, өтө эле кыргызга күйгөн болсо Сабыр Аттокуровдун жыйынын уюштуруп ал кишини, профессорду партиядан чыгартпайт болчу да, ошол убакта ал академиянын президенти болуп барып академияны ошол мезгилде банкроттук абалга алып келе башатаган. Акаевдин президент болгон күнү ошол академиядан Сулайман Каипов деген агайыбыз, ошол  Акаевдин президент болгон күнү 1990-жылы ошол жерде академиянын 5-кабатына чыгып алып “Ой эл журт, эл журт! Элди куруткан, мамлекетти тоноочулукка алып келе турган адам президент болду. Эми курудук! Ой эл журт!” – деп залдан кыйкырып басып жүргөн. Академик окумуштуулар, эжекейлер, агайлар чыгып алып “Эй Сулайман Турдуевич жинди болуп кеттиңизби, академиянын президенти Кыргызстандын президенти болсо кайра сүйүнбөйсүзбү!? Кайра колдош керек да!” – дегенде “Эми көрөсүңөр! Эми ушу Кыргызстанды талатып, тонотуп ушундай банкроттук абалга алып келе турган адам келди. Эми көрөсүңөр ошону!” – деп Акаев президент болгон күнү эртеси ушинтип кыйкырып чыккан. Анын деле алгачкы реформалык аракеттерин туура түшүнсө болот. Бирок Акаевдин ошол реформаторлук, демократиялык аракеттерди колдогону менен, Кыргызстанга мыйзамдуу түрдө киргизгени менен бир эле Акаев эмес, ошол мезгилде легендарлуу парламент болгон, анын 350 мүчөсү болгон. Анын бери дегенде эле 30-40% ошол мезгилдеги Кыргызстандын саясий элитасынын өкүлдөрү болчу, жазуучулар, тарыхчылар, илипоздор дагы бар болчу. Мына ошолордун дагы чоң салымы бар. Ал парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов. “Керек болсо эгемендүүлүк боюнча декларацияны кабыл алышыбыз керек, эгемендүүлүк боюнча керек болсо өзүбүздүн Кыргызстандын куралдуу аскер күчүбүз болуш керек” – деп Бегиш Аматов деген депутат ошол жерде кыйыкырып сүйлөсө, тигил жердегилер “Бегиш Аматов деген айнып калганбы?” – деп таңкалып карашкан.

Изилдөөчү: Кыяз агай, 1986-1991-жылдардагы Кыргызстандагы демократиялык уюмдардын арасында эгемендүүлүк же СССРдин ыдырашы, көз карандысыздык жөнүндө ким айтып баштаган, кайсы уюмдарда башталган дэги эле КДКнын идеясы бар беле же көп партиялуулук, демократия жолдору жөнүндө  өзүнүн социалдык улуттук талаптары гана болгонбу?

Кыязс Молдокасымов: Ал убакта жаштардын көбүнүн көз карашы Прибалтикага барып, Прибалтикадан ошол жактагы саясий процесстер кандай жүрүп жатканын атайын барып үйрөнүп келип жаткандар дагы болуп жаткан. Ал жакта эркин гезиттер чыккан, СССРден бөлүнөбүз деген меселени катуу кабыргасынан коюшуп, 1939-жылы Молотов менен Рибентроп  кол койгон пактынын  жашыруун бөлүгүндө буларды мыйзамсыз кошуп алган “Ошон үчүн Прибалтика өлкөлөрү эркин болушу керек” – деген Прибалтика өлкөлөрүнүн койгон идеяларын Кыргызстанда дагы колдоно баштаган. “Кыргызстан бир эле мезгилде өзүнүн өлкөсүнө кожоюн болушу керек, өзүнүн керек болсо эгемендүүлүгүнө ээ болушу керек. Биз деген дайыма эле Москваны карап отура бербешибиз керек, биз өзүбүздүн жерибизге өзүбүз кожоюн болушубуз керек” – деген идеялар “Ашар” кыймылынын жүрүшүндө тарыхчылар тарыхый жактан бышыктап, адабият, жазуучулар, журналисттер дагы ошол жааттарында бышыктап ошондой көз караштар 1990-жылдарга чейин калыптана баштаган, кадимкидей күрөш жүргөн. 1990-жылы декабрда биринчи жолу “Эгемендик декларациясы” кабыл алынды, мына ушуларды депутаттар козгоп чыккан. Бегиш Аматовго окшогон алдыны көрө билгендер “Керек болсо өзүбүздүн куралдуу күчтөрүбүз болуш керек, декларация кабыл алышыбыз керек” – деген идеяны ошол көтөрүп чыгып, аны депутаттар жактырышып, алгачкы декларация иштелип чыккан. Ал декларацияга Шеримкулов кол коюп, кийин Аскар Акаев колдогонго аргасыз болду. Ошон үчүн биздин эгемендүүлүк жөн эле келип калган жок. Азыр көпчүлүк айтып жатышпайбы “Бизге СССР таркап, Москванын бизге болгон белеги болду, биз ошого жетиштик” – деп. Биз мына кыргыз мамлекттүүлүгүнүн быйыл 45 жылдыгын өткөрүп жатпайбызбы, 1924-жылдагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусун. 1916-1917-жылдагы “Улуттук боштондук көтөрүлүшү” кийин гана акырындап ишке ашып максатына жете баштаган. Биз өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүзгө 1924-жылы 14-октябрда жеттик. Анда дагы РСФСРдеги Каракыргыз автономиялуу республиканы күрөшүп отуруп 1920-жылдан баштап бул маселе козголгон.  Улам-улам ушул маселени коюп, “Байыркы Борбор Азиядагы эң байыркы эл өзү кыргыз болсо, анан эмне себептен мамлекеттүүлүгүнө ээ болбош керек? Эмне себептен кыргыз улутунун жарымы Фергана облусуна карап, жарымы Жети-Суу облусуна карап, бөлүнүп, мамлекети жок болуш керек?” – деп ошол мезгилде Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов, Иманалы Айдарбеков, Ишеналы Арабаев деген сыяктуу кыргыздын алгачкы саясий элитасы көтөрүлүп чыгып, күрөшүп отуруп анан ошого жеткен. Эгерде ошол күрөш менен Кара-Кыргыз автономдуу облусу болбогондо, ал кийин улам улам жогору жака талап коюп отуруп туруп союздук республикага айланып жатат. Союздук Республика келип отуруп туруп 1991-жылы августта эгемен мамлекетке айланып жатат. Ошол Кара-кыргыз автономиялуу облусу күрөш менен курулгандыгын, керек болсо ошондой эле күрөш 1987-жылдан баштап  күчөп отуруп, ошол күрөш аягында Кыргызстанды эгемендүүлүккө жеткиргендигин биз дайыма эстеп жүрүшүбүз керек. “1990-жылы декабрда СССР тарап, андан кийин эгемендик бизге белек катары эле берилди” – деген бул жөнөкөй эле сөз. Ошон үчүн биз 1986-1991-1996-жылдарга чейинки саясий процесстерди элге жакшылап түшүндүрсөк эгемендүүлүк бизге жөн эле келип калбагандыгын түшүнөбүз. Эгемендүүлүк үчүн ошол жерде процесстер, жараяндар жүргөн. Эң алгачкы “Биз деген эмне үчүн өз жерибизге кожоюн эмеспиз? Эмне үчун Кыргызстанда бир эле кыргыз мектеби бар? Эмне себептен кыргыздар өзүнүн тарыхын эркин окуй албайт? Эмне себептен кыргызстан тарыхы мектептерде, жогорку окуу жайларында октулбайт? Эмне себептен кыргыз тарыхы эркин изилденип, эл ошол менен суугарылбайт? Эмне себептен кыргыздарга үй курганга болбойт? Биз Москвага көз каранды болбой кантип эркиндикке жетишибиз керек?” – деген ушундай аракеттер 1985-жылдан баштап күчөп отуруп өзүнүн аппогеясына түштүктөгү Кыргыз-Өзбек жаңжалынан кийин, андан кийин күчөп отуруп 1990-жылы президентибизди шайладык, андан кийин ошол процесс күчөп отуруп кийин декабрда   декларация кабыл алынды. Ал процесс дагы күчөп, кийин СССР тарагандан кийин ГКЧП болуп, ГКЧП бүткөндөн кийин биз декларацияны дароо башка республикалардын мурун биринчи кабыл алган, биз болуп жатабыз. Ошон үчүн булардын бардыгы баскыч менен даярдалып,  күрөш менен болуп туруп жеткенбиз. Албетте кан төгүлгөн жок, бул биздин бактыбыз. Ал убакта кан төгүлүп кетүү коркунучу, жаңжал чыгып кетүү коркунучу дагы бар болчу. Бирок бул жараян токтогон жок. Ушул жараян акырындан келип отуруп биздин эгемендүүлүккө жеткендиги үчүн өтө чоң орунду ээлеген. Ошон үчүн “Эгемендүүлүк бизге жөн эле белек катары эле, кыргыздар жайлоодо чай ичип, чалкалап жатканда, анан Москва; — Мегиле эркиндигиңерди алгыла! Эгемендигиңерди алгыла дагы өзүңөр жашай бергиле! – деген процесс менен болгон жок. Булардын бардыгы билинбегени менен чоң күрөш. Бизди ак үйдөгү ошол мезгилдеги коммунисттик партиянын босстору канча жолу чакырды, “Тартипке салабыз” –  деп аракет кылышты. Ошол мезгилде КГБнын кызматкерлери чакырып суракка алып, кысым көргөзгөн учурлар болду. Эми булардын бардыгы күрөш да. 

Изилдөөчү: 1986-1991-жылдары КССРин абдан критикалап жазган макалалар бар экен, Прибалтика өлкөлөрүндө, Украинада, Россияда чыккан “Спящая республика, Неизвестная республика” мындайча айтканда “Булар кыймылдабайт, демократия үчун күрөшпөйт” – деп. Сиздин оюңузча “Кайра куруу” саясаты же “Акыйкаттулук” саясаты канчалык денгээлде КДКнын иш алып баруусуна роль ойноду? Эгерде андай мүмкүнчүлүк, кырдаал түзүлбөсө мындай уюмдар чыгат беле?

Кыяс Молдокасымов: Чыгат болчу. Кыргызстан үч миң жылдык тарыхы бар эркиндикти, акыйкаттыкты сүйгөн эл. Ар дайым акыйкатсыз болгон жерде, кыргыздар жөн жатып калган эмес, дайыма күрөшкөн эл. Себеби көчмөндүн намысы, демократиянынын каны кыргыздарда бар. Себеби эркиндик үчүн, өз эгемендиги үчүн болгон күрөштү кыргыздарга суугарган “Манас” деген улуу эпосу бар. “Манас” бул ар бир кыргыздын кан тамырына күч кубат берип, эркиндиги үчүн, эгемендиги үчүн деген идея “Манастын” башынан баштап, аягына чейин ошол идея бар. Кыргыздар “Манаска” суугарылган өзгөчө калк. Эгемендүүлүккө негиз болгон бир гана КДК эмес, ал мезгилде КДКга кирбеген нечендеген адамдар болгон, канчалаган эркин болсун деп эңсегеген учур болгон. Кийин эки жолку бийликти КДК уюштурдубу? 2-3 жолу бийликти алмаштырып албадыбы биздин эгемендүүлүк доорунда, муну КДК уюштурган жок. Мына эл ошондой адилетсиз бийликке, кыргыздар каршы жасалган кара жолтойлукка дайыма күрөшүп жүргөн эл. Ошон үчүн башка республикалардын өзгөчөлөнүп биз үч жолу бийликти алмаштырбадыкбы? Бул кыргыздын генинде дайыма кайнап турган маселе.  Ошон үчүн биздин кыргыздын эркиндик темасы, бул кыргыздын канында дайыма жүгүрүп турган чоң бир улуу тема, улуу күч кубат. Ошол нерсе биздин эгемендүүлүккө жетишибизге чоң таасирин тийгизген. Кыргызды ойготкон, ойгонгон кыргыз уктаган эмес, ойгонгон кыргыз дайыма өзүнүн максатына жеткен, күч алган. Бул нерсени дагы биз эске алышыбыз керек. Себеби башка өлкөлөргө, башка элдерге салыштырмалуу мындай нерселер кыргыздын эркиндикке умтулгандыгы, уюмдаша алгандыгы, чарт эте чагылгандай чыга калгандыгы бул кыргызга гана мүнөздүү нерсе. Бул мына эгемендүүлүккө жетип жаткан мезгилде дагы көрүндү, Акаевди бийликке алмаштыруу мезгилинде дагы көрүндү. Элдер ак үйдү басып алып бийликти алмаштырбай, интелегенттүү, интеллектуалдуу бийлик алмашуу болду. Бул нерсени деле бийлик алмашуунун революциялык, эвалюциялык, төнкөрүштүк жагын алып карашыбыз керек 1990-жылдардагы бийлик алмашууну. Себеби ошондой эле болду. Абсамат Масалаиев таза, аябагандай мыкты болчу, бирок Абсамат Масалиев “Москва эмне деп чечет? Москва ага кандай карайт?” – деп өзүнүн чечкинсиздиги ошого алып келди. Өзүнүн кичине куулук шумдугу болгондо, чечкиндүү болгондо “Президент кылып шайлагыла, президент болом! Мен деген башкарышым керек!” – деп, бийликке мас болуп, бийликке умтулганда, аны эл эчак эле шайлап алат болчу. Абсамат Масалиевдин ички интелегенттүүлүгү, тазалыгы дагы жол берген жок. Кийин Акаев келди, Акаевдин чыныгы жүзү, чыныгы аракети, кийинки Кыргызстанга жасаган мамилеси дагы көрүнүп калды. Жакшы демократиялык прогрессивдүү аракеттерин, анын үй-бүлөлүк коррупциялык системасы, Кыргызстанды талатып, тонотуп керек болсо өз кызыкчылыгына биздин эң локомотив, өнүктүрө турган “Кумтөр” сыяктуу алтын кендерин, амалкөйлүк, кыйтырлык жол менен аны Канадага биротоло өткөрүп бергендиги, ошондой аракеттерин биз көрбөдөкбү. Эгемендүүлүктүн алгачкы башталышында, тарыхчылар, жалпы саясат таануучулар көп ойлонушат “Мүмкүн ошол мезгилде башка бир мамлекетти башкарган, таза мамлекетчил, мекенчил бир адам келип калса кандай болот эле?” – деп, Кыргызстан анда ошондой адамдардын күчү, намысы, аракети, ошол мезгилдерде Кыргызстан бардык нерселерге даяр болчу да,  ошол даярдык менен Кыргызстанды тез эле өнүгүү жолуна салып коё алат болчу. Эгерде мыкты жетекчи, мыкты уюштуруучу мамлекет үчүн аракет кылган президент келсе балким Саакашвилидегидей реформаларды аягына чейин жасап коё алат болчу.

Изилдөөчү: 1986-1991-жылдагы ар түрдүү отуздан ашык ошол эле “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты, Мемориал, Ак кеме, Ашар” уюмдарда идеологиялык биримдик болгонбу? Иштөө механизми кандай эле? Бири-бири менен кантип байланышып турчу, байланыш бар беле, жок беле?

Кыяс Молдокасымов: Байланыш бар болчу. Себеби кыргыздар аз эле калкбыз. Бири-бирибизди тааныйбыз, бир-бирибиздин ким кандай аракет жасап жатканын көрөбүз. Ошол мезгилде ким ошондой идеяны көтөрүп, жаңы нерсени көтөрүп чыккан адамдар жалпы бири-бирлери менен терең байланышта болчу. Башында координация жок болчу, ар ким өз тармагында аракет жасачу, кийинки мезгилде КДК уюшулганда бул саясий күчкө айланды. Анан ошол КДК кайсы бир мезгилге чейин координациялык ролду ойногон уюм болду. Бирок ошол эле мезгилде ар кайсы багыттагы уюмдар, коомдор бири-бири менен дайыма кеңешип, бир жыйындарда чогу болуп, бир максатты көздөшүп, өздөрүнчө эле идеялдык биримдиктеги адамдар болчу. Алардын бир-бирине карама каршы келе турган учурлар болгон эмес. Философтор болобу, экологдор болобу, журналисттер болобу башкалар болобу биз дайыма өз ара уюша калчыбуз, бир-бирибиздин идеяларыбызды бири-бирибизге жеткиргенге аракет кылчубуз. Ошентип бирин-бири колдогон уюмдар пайда болду да. Алар идеялык жактан, түпкү кызыкчылык, түпкү максаттары бир болгондуктан дайыма бир-бирин колдоп турушкан.

Изилдөөчү: СССРдин башка мамлекеттери менен дагы ушундай уюмдар менен кызматташтык жолун дагы айтып берсеңиз? Сиз тарыхчылар жамааты Москвада түзүлгөн деп айтып берип калбадыңызбы. Алар кандай иштешкен, иштөө механизми кандай эле, ал убакта кабылган кысымдар кандай болду?

Кыяс Молдокасымов:Муну биз көзөмөлдөй турган, биз калагандай багытка пайдаланабыз” – деп түзүлгөн башында. Анан биз ал мезгилде Москвага барганда Рой Медведев анан дагы бир ошол мезгилдеги публицистикалык эмгектерди жараткан адамдар менен жолуксак, алардын көз караштары таптакыр башкача. Кийин ага көзөмөл кыла албай калышты, Москвага барганда бир чети  акыркы жылдары кризиске батып калган, ал кризисте келип отуруп субъективдүү маселелер дагы көп айтыла баштаган. Ошол Михаил Горбачёв Александр Яковлёв аркылуу, жана башкалар аркылуу батышка сатылып кеткендиги жөнүндө айтылат. Кийин СССРде анархия болуп кетти, бир багытта алып кеткен ишти аягына чыгаруу мүмкүн болбой калган, толук кризис дуушар болгон. Эгерде ошол мезгилде Кытайдын жолу менен Ден Сяопиндей бир реформатор келип акырындап базар экономикасына өтүп кеткенде СССРдин деле системасы сакталып калат болчу. СССР өзү толук кризиске кабылып калган. Кийин 1990-жылдары анын жемишин тырмакчанын ичинде “баары көрүштү”

Изилдөөчү: Ошол учурдагы улут аралык жаңжалдашуулардын эгемендүүлүккө алып келишине же болбосо ушундай нааразычылык акцияларынын чыгышынын  дагы орду жөнүндө дагы айтып берсеңиз?

Кыяс Молдокасымов: Андай учурлар көп эле болду. Ферганада болду, Карабахта болду, Алма-Атада Желтоксон окуясы болду. 1990-жылдары бизде болду. Булардын бардыгынын айрым бир жерлерде Москва тарабынан дагы уюштурулгандыгы жөнүндө айтылып жатат, ал жөнүндө айрым бир маалыматтар бышыкталып жатат. СССРдин, империянын ыкмасы ушундай да кайсы бир жерлерде жаңжалдарды чыгара коюп туруп, кийин ошол жерди күч менен басып тартип менен башкаруу. Ошону киргизебиз деген империянын аракети. Мисал үчүн  1990-жылдардагы жаңжалда Ташкентте бир уюмдун жыйыны болуп, бир топ тарыхчылар ошол Ташкентте жүрүп, анан ал убакта маалымат мындай ылдам тарачу эмес. Кыргызстанда эмне болуп жаткандыгын билген дагы эмеспиз. Кийин Кыргызстанга келип “Манас” аэропортуна түшсөк аскер учактары, Бишкектин көчөлөрүндө брондолгон аскердик унаалар, десанттык кийимдеги аскерлер бүтүндөй Бишкекти аралап, анан ошол жерде саат сегизден кийин коменданттык саат киргизип, жаңгалдын артында кадимкидей бул жакта тартипти катуу сактайбыз деген аракеттер болгон. Акырындан барып отуруп СССРдин өзүндө кризис болуп бардыгын көзөмөлдөгөнгө күчү жетпей калган.

Изилдөөчү: Ошол учурдагы демократиялык  кыймылдарды колдогон коомдук лидерлерди жана колдобогон ачык каршы чыккан ошол убактагы коомдук лидерлер, жазуучулар жөнүндө айтып бересизби?

Кыяс Молдокасымов: Ошол убакта жазуучулар, журналисттер, акындар, тарыхчылар, философтор коомду дайыма алдыга жетелей турган күч экендигин ошол мезгил көргөздү. Ал мезгил Кыргызстанда баалулуктар дагы деле бар болуп, интеллектуалдар коомду жетектей турган күч экениндигин ал убактагы мезгил муктаж эле. Ошол мезгилде бул өз күчүн көрсөткөн. Эгемендүүлүктөн баштап ошондой нерсе интеллекттер, саясий элитага караганда улуттук элита алдыга турган мезгил акырындан келип отуруп туруп аягында отуз жыл  аралыгында биздин жетекчилер, лидерлер аркылуу бизде баалууктар ашып кетти. Бизде эптеп жанагы чөнтөгү бай, колунда бар адамдар гана  алдыга чыгышты дагы эгемендүүлүктун башатында тургандай интелекттүү биздин элита итке минген кедейдей болуп төмөнкү абалда калды дагы, төргө болсо акчалуулар өтүп кетти. Акчалуулар кийин акчаларын таратып, сөздү укпай, акчаны уккан коомго айланып калдык. Бул коомдогу баалуулуктарды тез аранын ичинде жоготуп, мамлекетти деградацияга учурата турган өтө коркунучтуу абал. Үч миң жылдык тарыхында жок болуп кетпеген кыргыздар дайыма материалдык байлыкка караганда, руханий байлыкты биринчи орунга коюп келген. Баалуулуктарды дайыма сактап келген өзгөчө эл. Андан кийин ошол келип отуруп баалуулуктар тескери жака алмашып кетти, материалдык байлыктарды алып жүрүүчүлөр биринчи орунга чыкты, руханий байлыктарды алып жүрүүчүлөр экинчи орунга чыкты. Кийин мамлекеттин маянасы интелектуалдуу, руханий байлыктарды алып жүрүүчүлөрдү кедей кембагалдарга айландырып койду, алар өздөрүнүн күнүмдүк нерселери менен алек болуп “Кантип үй-бүлөмдү баксам? Кантип жан сактасам?” – деген абалга түшүп калды. Ошол абал келип отуруп бүгүнкү күнгө такап койду. Бүгүн биз дайыма айтып жатабыз “Коомдо дайыма интелектуалдар, руханий баалуулуктарды алып жүрүүчүлөр төргө өтүп, материалдык байлыкты алып жүрүүчүлөр ылдый түшкөндө гана бизде көп йигиликтер, жакшылыктар гана болот” – деп. Биз отуз жылдын аралыгында ошол нерсебизди жоготуп алдык, эгерде жанакындай күч менен, көчмөн намыс менен, аракет менен реформачыл мамлекетти талап тонобогон, өнүктүргөн бир жетекчилер келгенде Кыргызстанда өнүгүү бизде эң алдыңкы жолго коюлмак дагы Кыргызстан бүгүнкү күндө мындай абалга кабылбайт эле.

Изилдөөчү: 1990-жылда референдумда КССРи СССрдин курамында калабыз деп 90% көпчүлүк добуш берип жатат. Сиздин оюңузча кыргыздардын эгемендүүлүк алуудагы негизги себептер эмне болду?

Кыяс Молдокасымов: Эгемендүүлүк алуудагы негизги себептер ал убакта “Өз жерине өзү кожоюн болуш керек, руханий чыгармачылык, эркиндик болушу керек, Москвага көз каранды болбой өз тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек” – деген ушундай намыс эгемендүүлүккө жеткирди. Бирок ошол эле учурда ал убакта жаңы муун, эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн ошондой ой жүгүрткөн муун, коомдун өкүлдөрү ашып кетсе болгону 5%дан ашкан эмес. Ошон үчүн бизге Советтер союзунун тарбиясындай өсүп, ошол идеология менен калыптанып, ошондой жашоодо жашагандар ошол мезгилдерде элдин 95% түзгөн. 95%ды түзгөн эл ошончо чоң империянын  кулашына нааразы болуп “Биз мурдагыдай эле жашай берсек” – деген түшүнүктөгү адамдар көп болгондугу үчүн 1993-жылдагы референдум дагы ошондо көрсөткүч болгон. Бул мыйзамдуу көрүнүш, мындан элди же ошол добуш берген адамдарды күнөөлөгөнгө болбойт. Себеби ошол калыптанган нерсесин, СССРден көргөн жакшылыктарын кыргыздар дайыма бир тузун тарткан жерге барып кайра түкүрбө, миң жолу салам айт деген сөздөр бул кыргыздын менталитетинде кылымдан кылымга сакаталып келген нерсе. “СССРдин тузуна түкүрбөйлү, СССРдин жакшылыгына акаарат кылбайлы” – деген көз караш, ошондой мамиле күчтүү болчу. Азыр деле ошол эски муундан келген Москванын көзүн караган, бизде бир топ күчтөр бар. Аны дагы мойнубузга алышыбыз керек. Биздин баардыгыбыз эле эгемендүүлүк менен суугарылып “Эгемендүүлүккө жеттик, жыргап жашап жатабыз, ушул эле керек” – деген көз караштагы адамдар чын чынына келгенде 60%ды түзүшү мүмкүн. Азыр мына эгемендүүлүккө дагы, мамлекетти эң чоң кыйроого алып келген кайдыгерлик деп коёт. Бүгүнкү күндө эгемендүү кыргыз мамлекетине кайдыгер болгон күч 50-60% болушу мүмкүн, ишенбеген күч көп. Себеби ошол жаштардан сурагыла, башкалардан сурагыла  эптеп эле башка өлкөлөргө, мамлекеттерге кетели, жашообузду ошол жакта жакшырталы, ошол жакта жыргайлы деген көз караштагылар аябай көп. Ал эми чыныгы эгемендүүлүккө оор болсо дагы өзүбүз өнүктүрөлү  мекенчилдик, мамлекетчилдик  сезимдегилер көп эмес, ачыгын айтыш керек. Бул процесс дагы деле жүрүп жатат.