Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Махабат Жунусова

Махабат Жунусова

тарыхчы

Изилдөөчү: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?

Махабат Жунусова: Саламатчылык! Менин атым Жунусова Махабат Маратовна. Кыргызстан демократиялык кыймылынын 1989-1993-жылдар аралыгындагы ишмердигин изилдеп келем. Азыркы учурда изилдөө иштердин  үстүндө иштеп жатам. Мурас фондунда иштейм, ал фонд тарых жаатында иш алып барат.

Изилдөөчү: Сиз бул нерселерге кантип келип калдыңыз?

Махабат Жунусова: Мен ушул темага абдан кызыгып калганымдын себеби, биринчиден илимий жетекчим Тынчтыкбек Чоротегин агай ушул тема жаатында изилдөөнү сунуштаган. Бул сунушту кабыл алып, мен бул сунуш боюнча баардык жазылган эмгектерди окуп таанышып чыктым. 1989-жылдары мен биринчи класска барып, ошол учурду көрүп, ошол учур менен замандашып калганыма дагы байланыштуу бул тема мага абдан кызыктуу болду деп ойлойм. Ал эмгектер менен таанышканда, ошол учурда өзүмдү ошол жакта катышып жүргөндөй сездим. Топчубек Тургуналиевдин, Жыпар Жекшеевдин, Казат Акматовдун китептерин андан башка кыргыз демократиялык кыймылы жөнүндө жазылган илимий эмгектер, макалалар менен таанышып чыктым. Анан бул тема мага өтө жакын болду. Бул темага эптеп эле диссертацияны коргош үчүн эмес, чындап ушул теманы изилдеп, тарыхый эмгек болсо деп, үстүртөдөн карабай терең изилденген эмгек болсо экен деп азыр дагы эмгектенип келе жатам. Кыргызстан демократиялык кыймылынын катышуучулары менен дагы жолгушууга аракет кылдым. Жыпар Жекшеев агай менен дагы жолугуштум, ал киши менен жай айларында жолугушуп, өзү акыркы жазган китебин мага аманат деп белеке берген. Андан тышкары Топчубек Тургуналиев агай менен дагы жолугуштум, КДК боюнча көптөгөн кызыктуу маалыматтарды айтып берди, аны видеого дагы, диктафонго дагы жаздырып алганга жетишип калдым.

Изилдөөчү: Сиз бул теманы изилдеп жүргөн эксперт катары 1985-1991-жылдарда же болбосо өзүңүз изилдеген 1989-1993-жылдардагы болгон окуяларды, кыймылдарды тартиби менен айтып бере аласызбы? Ошол кыймылдар чыкканга эмне түрткү берген?

Махабат Жунусова: Бул кыймылдар абдан көп убакыт бышып жетиле албай жүрүп чыккан кыймылдар деп эсептейм. Анткени биз көп жылдар бою СССРдин курамында болдук, СССРдин айтканы менен болуп жүрдүк. Өз алдынча өзүбүздүн мамлекетке тиешелүү улуттук маселелерди өз алдыбызча чече албай жүрдүк. СССРдин коммунисттик партиясынын системасынын ыдырай башташы бул Кыргызстандан дагы башка көп эле өлкөлөргө дагы  мүмкүнчүлүк болду. Биринчи демократиялык уюмдар Балтика боюндагы өлкөлөрүндө Эстонияда, Литвада, Латвияда ойгоно башташкан. Биздин өлкөдө болсо 1989-жылдан баштап демократиялык кыймылдардын, уюмдардын келип чыгышына алып келди. Биз өз алдынча мамлекет болобуз, биз өзүнчө улуттук мамлекет болушубуз керек деп айткандар диссидент, улутчул катары аталып чоң куугунтукка учурашкан. Негизи эле жаңыча ой жүгүртүү маселесин жазуучу Чынгыз Айтматов алып чыккан. Ысык-Көл форуму деп, ал форумга башка көп өлкөлөрдөн окуучулар, окумуштуулар, маданият кызматкерлери келип ошол Ысык-Көл форумун уюштурушуп ошол жакта кандайдыр бир талкуулар жүргөн. Алар ошол учурда эле коммунисттик партиянын ыдырай баштаганын сезишкен. Мындан ары мамлекеттер башка өнүгүү жолуна түшүш керек деген ойлордо талкуу жүргүзүшкөн. Экологияга көңүл буруш керек, мамлекеттин ичиндеги өз алдынча өнүгүү боюнча, глобалдык маселелер көтөрүлгөн. Ошол иш-чаранын уюштурулушу бул демократиялык белгилердин башталышы  болгон деп эсептейм. Кыргызстанда деле союздук мамлекеттер тарай элек учурда деле көп эле патриот адамдар чыккан. Мисалы ошолордун ичинен Кубанычбек Нурбеков деген агайыбыз юридика илимдеринин доктору. Анан ал киши улуттук мамлекет кандай баалулуктарга ээ, улуттук мамлекет союздун курамынан чыгып, өзүнчө боло алат, мамлекеттин ичиндеги маселелерди өзү чечиш керек деген макаласын жарыялаган. Ошол учурда антип айтуу дагы кооптуу болгон анан ал киши өзү деле сезсе керек, бирок ошондон коркпой ачык айтып жазган. Анын кесепети ага оор тийген. Ал макаладан кийин өтө катуу куугунтукка учураган, партиялык билетин алып коюшкан. Ал кезде партиялык билетин алды деген саясий өлүм дегенди эле билдирген, эч бир жумушка дагы албайт. Ошентип бул киши инсульт оорусуна кабылат. Университетте иштечү, университеттен дагы жумуштан чыгарып коюшат. Оорусунан бир айыккандан кийин көп суракка чакырат. Сурака өзүнүн жубайы Лариса Григорьевна Полярина менен барчу. Жубайы корей улутунда болгон, азыр токсон үч жашка чыккан.  Ал кишиден дагы абдан көп жолу интервью алганбыз. Ошол киши “Ошол кезде бизди колдогон бир дагы адам болгон жок” – деп айткан. Баары тескери бурулуп, азыркы учурда мындай ойлосоң өтө кыйын болсо керек. Кийин Москвага барып, Москвада мурда жетекчиликте иштеп кеткен Першин деген адам менен жолугуп, анан ал киши “бул деген Лениндин теориясы да, эмне ошону билбейт бекен?” – деп, ошол жактан Фрунзенин жетекчилерине чалган.  “Немедленно восстановить на работу и вернуть партийный билет Нурбекову” – деп. Анан ал жактан келгенден кийин партиялык билетин берген экен, бергенден кийин жубайы “мага берди дагы ошол менен партиялык билетин алган жок” – деп айтат, “катып кой, бирок мен колума албайм” – дептир. Өтө катуу тийсе керек. “жумушуна кайра калыбына келтирди”,  деп жубайы айтат, бирок келтиргенде илимдер академиясынын философия институтуна кафедранын кенже илимий кызматына коюшкан экен. Өзү илимдин доктору болуп, анан кенже илимий кызматкер болуп кадрлар бөлүмү дагы абдан таң калды дейт. Эсеп бөлүмү дагы “Илимий даражасы доктор болуп турса биз кантип айлык чегеребиз? Ээлеген кызматы экөө дал келбейт”, – деп отуруп көп убакыт өтпөй кафедранын башчысы кылып дайындашкан. 1985-жылы оорунун айынан кайтыш болгон экен.

Изилдөөчү: Ошол мезгилде СССРдин ичиндеги негизги демократиялык кыймылдарына жана нааразылык акцияларына кандай сереп салат элеңиз? Бул акциялар негизи эле Кыргызстанда болобу же башка ошол учурдагы советтик мамлекеттерде эмненин негизинде келип чыкты? Ошол учурдагы “Кайра куруу, акыйкаттык” саясатынын таасири канчалык болду?

Махабат Жунусова: Кайра куруу учурунда Кыргызстанда демократиялык принциптеги уюмдар, кыймылдар пайда болгон. Бул кыймылдар негизи эле социалдык маселелерге байланыштуу чыккан. Анткени кыргыз жаштарынын көбү айылда жашашкан дагы, анан шаарга окууга келишкен. Окууну бүткөндөн кийин көбүнчөсү айылга кеткенге туура келген. Шаарда калган студенттердин көпчүлүгү орустардын үйлөрүндө батирде жашашкан. Дээрлик көпчүлүгү батирде жашашкан. Кыргызстандын жараны болгондугуна карабай борбордо үй ала алышкан эмес. Социалдык маселелер чыңалып отуруп, кыргыз жаштарынын чоң толкунуна алып келген. Булардын эң биринчи маселеси, үй маселеси болгон. Үй маселесинин негизинде кыймылга биригип, анан “Ашар” коомун түзүшкөн. Жыпар Жекшеев агай менен дагы жолугуп калганда кыймылдардын түзүлүп калгандыгы тууралуу:

“Азыркы Цирктин алдынан өтүп баратсам, ошол жакта жарнама иле турчу атайын бурч бар болчу, ошол жака орустар барып жарнамаларды чаптап кетчү. Кыргыздар ошол жактан жарнамаларды карап, батир издешчү. Ошол жакта кыргыз жаштарынын саны абдан көп экен. Мен балдарым менен циркке барып, чыгып келе жаткам. Анан жаштарды карап бир туруп, анан жынына бардым. Эмне турасыңар? – десем. Айласын таппай жаткан жаштар, мени, сенин ишиң эмне? – деген мааниде карап бир топ жаман көрдү. Анан бир жаш бала эмнеге турмак элек, батир издеп жүрөбүз – деди. Анан ошол жерден кыргыздардын үйгө жетпей жатканы бул чоң маселе болчу. Келгиле бир тизме түзүп алалы десем, ошол жактагы 5-6 бала макул деп. Анан мен үч күндөн кийин ушул жака келем деп сүйлөштүм. Ичимен көчөдөн эле өтүп бараткан кишиге ишенмек беле деп ойлоп кетип калдым. Бирок эмнегедир үч күндөн кийин ошол жака барсам барак-барак болгон тизме алып келишиптир, ал тизмеде 200-300 адамардын аттары бар экен. Алар менен чогулуп, эмне үчүн өзүбүз жашаган чоң мамлекетте өзүбүз үй салып жашай турган жер үлүшкө ээ боло албайбыз? – деп ошол жактан ошондой маселелер көтөрүлө баштады. Ошол жактан жаштардын патриоттук сезими ойгонуп, жерди бизге бербесе, биз жерди басып алабыз – деп Ашар коомунун уюшулушу ошондо башталып калган. Ошону менен ары жака барып, бери жака барып жерди карадык. Ал кезде түрк месхеттери келет, аларга жер берет экен деп кабар угуп калдык. Бул жакта өзүбүздүн канчалаган жаштар үйү жок жүрүшсө, аларга эмнеге берет? – деп ошол кыймыл башталып. Ошентип жер басып алуу иш-чаралары башталып калды”, – деп айтып берип калган. Ошол кезде КГБ катуу иштечү, камап коюу коркунучу бар болчу анан корккон жоксуздарбы? – десем. “Эмнегедир корккон жокпуз. Анткени кыргыздар баш көтөрө албай калышкан. Кыргыздардын баары эле айылда жашашчу, биз деле шаарда жашаганга укугубуз жокпу? – деген маселе көтөрүлүп калган. Анан ошондон азыркы Көк-Жар, Арча-Бешик, Ак-Босого деген конуштар  орун алган жерлерди басып алышкан. Андан кийин эле бул социалдык маселеден, өзүбүздүн мамлекетибиз болушу керек, өзүбүздүн тилибиз болушу керек, өзүбүздүн байлыктарыбызды өзүбүз иштетишибиз керек, өзүбүздүн өндүрүштү колдош керек деп саясий маселеге өтүп баштады” , – деп айткан. Мындайча айтканда бул кыргыз элинин ойгонуусу болгон деп ойлойм. Анткени ага чейин бир кичинекей үлүш жер болобу, социалдык болобу, саясий болобу баардык маселелердин баары борбордук комитетте чечилген. Ал жактан чечилишин күтүп, көп учурда оң жака чечилиши күмөн болгон. Мындай маселелерге кайдыгер карап, анан бул курчуп отуруп чоң жарылууга алып келген. Өз алдынча мамлекет болуп калгандын себеби деле көз карандысыздыкты эңсеп келген элдин каалоосу менен болгон. Бирок бул оңой олтоң иш болгон эмес. Азып эгемендүүлүктү алганыбыз жеңил көрүнгөнү менен, бирок ошол мезгилде өтө жоопкерчиликтүү, татаал иш болгон. Бул СССР ыдырап, бизге жөнөкөй жол менен келип калган эмес.

Изилдөөчү: Ошол учурдагы “Ашар” сыяктуу отуздан ашуун уюмдар болгон экен. Башка уюмдардын башкы талабы жана ал уюмдарда кимдер болгон, кимдер колдогон?

Махабат Жунусова: Ооба, көп уюмдар ар бир региондондордон чыккан. Мисал үчүн Оштон, Нарындан, Ысык-Көлдөн чыккан. Мемориал, Демос, Эколог, Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты деген уюмдар бар болчу, мындан башка дагы көптөгөн уюмдар чыккан. Ошол уюмдар биригишип 1990-жылдары Кыргызстан демократиялык кыймылы уюмун түзүшкөн. Ар бир региондон чыкканынын себеби региондордо деле ошондой көрүнүш болгон. Көбүнчө жаштар региондордон келген. Орустар келгенде алар жашаганга үй менен камсыз болгон, жумуш менен камсыз болгон. Кыргыздар болсо жада калса үй алыш үчүн тизмеге дагы тура алышкан эмес. Анткени ошол учурда каттоодон өтүш керек болгон, катоодон өтүү өтө чоң маселе болчу. Ал эми үйүң жок болсо каттоодон өткөзчү эмес. Ошол маселелер татаалдыкты жаратып ушул уюмдар түзүлгөн.

Изилдөөчү: Ошол учурдагы улуттук маселелер мисал үчүн мамлекеттик тилдин кабыл алынышы процесстери кандай болгон?

Махабат Жунусова: Мамлекеттик тилдин кабыл алышы дагы өтө чоң көйгөй менен кабыл алынган. Кабыл алынып жатканда жетиштүү добуш менен кабыл алынган, бирок ага чейинки иш аракеттер өтө кыйын болгон. Анткени борбордо орустардын саны көп болуп, кыргыздардын саны аз болгон. Ошондон улам кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынбай калбасын деп петицияга кол топтогон учурлар дагы болгон. Завод, фабиркаларда дагы көптөгөн орустар иштешкен, алар дагы каршылык акциясына чыгат деген кептер болгон, бирок андай болгон эмес. Ошентип бир топ аракеттер менен кыргыз тили жөнүндө мыйзамдар кабыл алынган.

Изилдөөчү: Кыргыз ССРиндеги демократиялык уюмдар башка өлкөдөгү уюмдар менен кандай байланышчу, кандай байланышуу механизмдери болгон?

Махабат Жунусова: Ооба, бул уюмдар башка уюмдар менен байланышып турган. Ошолордун тажрыйбаларын дагы алган. Мисал үчун Балтика өлкөлөрүндө атайын жыйындар уюшутурулуп турган. Ошол жака Кыргызстандан биздин жаш окумуштуулар барып турушкан. Тымызын дагы байланыштар болгон, алардын иш-аракеттери тууралуу дагы маалымат алып турушкан. Мындан тышкары Алма-Атада дагы жыйындар болуп, ага дагы Кырызстандан жаш окумуштуулар барып катышып келишкен. Ал жакта дагы тымызын уюмдар уюштурулуп жаткандыгы тууралуу кабарлар болгон.

Изилдөөчү: Демократиялык кыймылдардын СССРдин ыдырашына жана өлкөлөрдүн эгемендик алышына болгон таасири же орду кандай болгон? Кыргызстанда 1990-жылы референдум болгондо СССРдин ажырабайбыз деп 90% эл добуш берген экен. Эгерде мындай уюмдар болбосо Кыргызстанда эгемендүулүк болот беле же болбойт беле?

Махабат Жунусова: Кыргыз Республикасынын өз алдынча мамлекет болуп калганына Кыргызстан демократиялык кыймылынын ишмердүүлүгү абдан чоң. Кыргызстан демократиялык кыймылынын мүчөлөрү 1990-жылдары “Биз өзүбүзчө мамлекет болушубуз керек, биз демократиялык мамлекет катары өзүбүз президент шайлашыбыз керек” – деп ачкачылык жарыялаган. Демократиялык мамлекет болгону менен биз президенттик башкарууну киргиздик дагы биринчи президент кылып Аскар Акаевди шайладык. Аскар Акаевди ошол кезде Чынгыз Айтматов жазуучу агайыбыз сунуш кылган. Ал кезде Аскар Акаев улуттук илимдер академиясынын президенти кызматын аркалачу. Андан тышкары депутат дагы болуп турган кези экен. Бирок ошол шайлоонун алдында ал Москвада болчу экен. Казат Акматовдун китебинде “Биз кимди президент кылып шайлайбыз? Ошолор учурда Чынгыз Айтматовду президент кылып шайлайбыз” – деп берилиптир. Чынгыз Айтматов менен байланышып, анан Чынгыз Айтматов “Жок, мен президент боло албайм. Андан көрө Аскар Акаевди сунуштайм” – деп Аскар Акаевди сунуштаптыр. Ошону менен Аскар Акаевге телефон чалган, анан Аскар Акаев түнү менен Москвадан учуп келген. Аскар Акаев жалпы жыйынга катышып отурганда уйкусурап отурган. Башкалар болсо “Кош көңүл мамиле кылып жатабы?” – деген ойдо болушат. Анан Аскар Акаев чыгып “Мен түнү менен учуп келгем, ошон үчүн ушундай абалда отурам” – деп өзүнүн жагдайын түшүндүргөн. Ошентип Аскар Акаевди президент кылып шайлап, ак калпак кийгизип, ал ак калпакты Топчубек Тургуналиев агайыбыз куттуктап кийгизген. Биздин өзүбүздүн президентибиз бар, биз өз алдынча мамлекетпиз деп баары сүйүнгөн.

Изилдөөчү: Ушул уюмдардын ортосунда кандайдыр бир биримдик, идеология бар беле? Кыргызстандагы уюмдардын бири-бири менен байланышуу механизмдери кандай эле?

Махабат Жунусова: Кыргызстандагы уюмдардын биримдиги, принциби бар болгон. Өз алдынча мамлекет болуу, өз тагдырын өзү чечкен өлкө  болуунун аркасында биригишкен. Бул башында айтып кеткендей социалдык маселелерден саясий маселелерге өтүп кеткен. Муну көммунисттик партиянын дагы жетекчилери сезип турган. Ушул иш-чаралардын аракетин болтурбоосуна аябай эле аракеттерди жасашкан. Камакка алган, куугунтуктаган, сурака байма бай чакырган учурлары дагы болгон. Бирок ошого карабай уюмдар туруштук берип, биригип калган. Кыргызстан демократиялык кыймылынын 1990-жылдын май айынын аяктарында кыргыз драма театрында жыйыны болгон. Ошол жыйынга мандат кылып тапшырган, мандаты барлар гана кириши керек болчу. Эмне үчүн андай саясат кылган? Анткени ошол жыйынга кирип кеткендердин арасында КГБнын, коммунисттик партиянын чалгынчылары кирип жолтоо болбосун деген максат болгон.

Изилдөөчү: Ушул уюмдарга сиз айтып жаткан КГБ же коммунисттик партиянын атайын кызматтары тарабынан кандай куугунтуктоолор, кысымдар болгон?

Махабат Жунусова: Ошо кезде КГБ өтө кооптуу болгон. Жыпар Жекшеевдин китебинде дагы бар, өзү дагы айтып берген. Жыпар Жекшеев жаш тайынан эле куугунтукка учураган экен. Мектепте жүргөндө эле, мектептеги кичинекей бир уюмдун алкагында кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтпөйлүбү деп иш-чара уюштурабыз деп сүйлөшүшөт. Сүйлөшкөндөн кийин, ошол иш-чара боло электе эле КГБ тарабынан аңдуулар болот. Жыпар Жекшеевди “Эмнеге сен улутчул болуп жатасың?” – деп чакырышат. Ошол эле учурдан баштап саясий куугунтукка учураган экен. Мен кантип коркпой, үркпөй туруп эле жанагы жер басып алууга катышып кеткен деп айта берем. Мектепте окуп жүргөн жаш кезинен эле куугунтукка учурап, запкы тартып калган анан кийин кандай тоскоолдуктарга учураса дагы чындыкка жетем деген принциптер менен уюмду жетектеп алдыга умтулса керек деп ойлойм. Бирок ошол учурда эле “Ички сезимимде коркунуч болгон, бирок ички коркунучтагы сезимдер менен отура берсек биз мемлекет боло алмак эмеспиз” –-  деп айткан. Ар бир эле уюмду жетектеген ишмерлер баатырдык кылган. Мисал үчүн “мени камап коёт” – деген коркуу сезими болгон эмес. Мисал үчүн Кубанычбек Нурбеков деле диссидент аталып, коммунисттик партиянын жетекчилери чакырып алып “Жазылган оюм туура эмес, мен катачылык кетириптирмин” – деп мойнуңа ал, сага жакшы шарттарды түзүп беребиз деп жада калса үй сунуштаган. Бирок ошонун баарына макул болбостон “Менин жазган теориям боюнча окумуштуулар арасында дебат уюштургула. Эгер алар менин жазган нерселеримди туура эмес деп далилдеп беришсе, анда мен оюман кайтам” – деп айткан. Бул дагы баатырдык. Андан башка улуттук универститетте экономика адиси Давлес Айкеев деген ушундай куугунтукка учураган мугалим болгон экен. Ал кезде Алма-Атада Желтоскон окуясы болуп абдан кооптонуп турушкан. Өзү менен жолуга алган жокмун, бирок көптөгөн макалалар, маалыматтар менен тааныштым. Ошол кезде сабак өтүп жаткан кезде аудиториядан эле студенттердин күлгөнү угулат. Ошол жака баш багып караса бир студент конспект көчүрүп отурган экен. Бирөөнүн конспектисин көчүрбөй Маркс, Энгелстин китептерин окуп өзүң конспектилешиң керек – деп сын айтат. Кыш мезгили экен анан ошол жерден бир орус кыз шорта менен футболка кийип алган экен. Ага жогорку окуу жайда мындай кийинип келиш керек, алдагындай кийинген жарабайт – деп айтат. Ошол жерден эле ага студенттер суроо берип калат “Алма-Атада ушундай окуялар болуп жатат, ошого кандай карайсыз?” – деп. Ал окуя боюнча кенен деле маалымат берген эмесмин дейт. Ал окуяны үстүртөдөн эле, ар бир өлкө өзүнүн маселелерин өздөрү чечет деп жооп берип кеткен экен. Бирок ошондон кийин эле көп өтпөй башка өлкөгө окууга кетет, анан аны университеттен чакыртышып, келгенде эле жумуштан бошотушуп, баягы студенттердин арызын көрсөтүшөт. Арызын көрсөтүшсө баягы студенттер “Казактарга башчы кылып өз улутундагы адамды коюш керек болчу, орус адамды алып келип коюп ошон үчүн ошондой окуялар болуп жатат. Эгер Кыргызстандын коммунисттик партиясынын башына орусту алып келип койсо бизде дагы ошондой көрүнүш болот” деп жазып, андан тышкары дагы улутчулдук мүнөздө көп комментарий жазылган. Бирок өзүнүн айтымында анын бири дагы чындыка дал келбейт.

Изилдөөчү:  КДК ыдырашы жөнүндө айтып бересизби?

Махабат Жунусова:  Кыргызстан демократиялык кыймылы төрт жыл жашаган. Өтө орчундуу маселе болгондо бул кыймыл уюштурулуп, кыймылдын өмүрү аз болду. Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин КДКнын курамындагы уюмдар өздөрүнчө партия уюштуруп партияга тарай баштаган. Биринчилерден болуп “Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, Асаба партиясы” жана башка партиялар уюшулган.

Изилдөөчү: Расмий түрдө ыдырап кетишине эмне себеп болду?

Махабат Жунусова: Расмий түрдө ыдырап кетишинин себеби КДКнын ичиндеги уюмдар саясий маселелерге өтүп башташкан. Жалпы маселе чечилбей, майда саясий маселелерге өтө баштап, биримдик ыдырай баштаган. Ошону менен эле партияга бөлүнүп 1993-жылы кыргызстан демократиялык кыймылы биротоло ишин токтоткон.