Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Майрамбек Деркембаев

Майрамбек Деркембаев

журналист

Корреспондент: Саламатсызбы! 1985-1990-жылдары эмне менен алек болгонсуз?

Респондент: Менин аты-жөнүм Майрамбек Деркембаев Самидинович. Кочкор районунда жашайм. Кесибим боюнча журналистмин. 1990-жылдары биздин райондо комиссар партиясы бар болчу. Мен дагы комиссар партиясына өткөм. Өзүм клубада иштечимүн. Бир күнү ошол клубга Алакунов Атай менен райкомдун экинчи катчысы Аламан Дималиев деген адамдар клубду көргөнү клубга келип калыптыр. Алакунов Атай деген өзү КДК уюмун уюштуруп жүргөн. Анан ал адам менен таанышып калдык. Өзүнүн жүрөгүндөгү демократиялык сезимдер, ойлор бар болчу. Ага чейин эле өзү 1989-жылдардан баштап “Мүрөк” сыяктуу ар кандай гезиттерди окучубуз. “Мүрөк” деген гезитти почтадан алып окучубуз. Почтадан байкем гезит алчу, анан мен байкемден кийин ар кандай демократиялык жаңылыктарды алып окучумун. “Майдан” деген гезитти өзүбүз издеп-таап, сатып алып окучубуз. Ошол гездери эркин гезиттер чыга баштаган. Алакунов Атай  “Саясатта тар байланыштарың болушу керек” – деп айтты. Андан кийин биздин калхоздо бир жыйын болуп калды. Жыпар Жекшеев, Балыкчыдан Чолпонбек Чапиев жана башка демократтар келип калыптыр. Анан ошол жыйын болуп бүтүп, кечинде клубда “Биз КДКнын уюмун түзөбүз” – дегенинен, мен клубду ачып берип калдым. Мен өзүм коммунист болсом, ал уюмга кирем деген оюм жок болчу. Ошол жыйында теңтөрага шайлайбыз дегенде жаштар мени сунуштап калышты. Үч теңтөрага шайланмак. Бирөө Самидинов Алиаскар, Мамырбаев Имадин дегенди шайлашты. Анан болбой жатып мени шайлашты, мен дагы өзүм демократиялык жакка ооп бараткан жаным айласыздан макул болдум. “Өмүр көчү” жөө жүрүшү болуп, ага кошулуп бастык. Ар кандай сөздөр болду. “Тянь-Шяньскийдин сөздөрүн алабыз!” – деген сөздөр болду. Анан бери карай Кочкорду карай басып келдик. Келгенде ар кайсы мүрзөлөр болуп, үркүндүн курмандыктарына багыштап Топчубек Тургуналиев болуп куран окудук. Ошентип отуруп Кочкорго келдик. Кочкордон коммиссариат менен микрофон талашып, пикир келишпестиктер болду. Анда биз жаш жигит болчубуз. Долонго чейин басканда бир инилерибиз кайтыш болуп, мен жана башкалар кетип калдык. Мамырбай Имадин, Самидинов Алиаскар үчөөбүз басканбыз. Ал экөө негедир Кочкордо калып калышты. Анан мен ошентип Долондон кайра артты көздөй кайта бердим. Ошондон кийин Кочкордогу “Адилет” уюмуна кошулуп жүрүп калдым. Ал уюмду Алакунов Атай жетектечү. Шамил Усубалиев, Авылбек Сүймөбаев деген адамдар бар болчу. ГКЧП башталган күнү Мухаммед Беккожоев деген киши мага келип, Алакунов Атай “Москвада ушундай болуп жатат” – деп айтып. Анан ошентип жатып Мухаммед Беккожоев, Кытайбек Романов, Качкын Булатов дегендер уюмдун мүчөлөрү болушту. Булар жетекчи катары жүрүшкөн. Мен болсо жөнөкөй эле мүчө катары катышып жүрдүм. Конференциялар болуп калганда катышып жүрчүбүз. Райкомдо, акимчиликтегилер бизди бир кызыктай башкача көз караштар менен карашар эле. Алакунов Атай өзү Москвада аскер доктуру болчу экен. Ошол жактан келип, демократияны түшүнүп 1990-жылдардын алгачкы жылдарынан баштап келип, демократияны жайылтсам деп өзү ошол уюмду ачып аракет кылган. Андан кийин “Эркин Кыргызстан” партиясынын төрагасы болуп жүрдү. Андан кийин уюмду Шамил Усубалиев жетектеп турду.

Корреспондент: Кантип демократиялуулукка, көп партиялуулукка келип калдыңыз?

Респондент: Биз өзүбүз коммунисттик идеологияда тарбияландык. Бирок ошол кезде эле коммунисттик заманда эле ошондой адамдар бар болчу. Султан Ибраимович кайтыш болгон кездерде мен мектепте окуп жүргөн жаш бала болчумун. Ошондо эле демократ адамдар бар болгон окшойт. Мен машинеде кетип баратканда зоотехник кишинин “Биз Кыргызстан өзүнчө бөлүнүп жашасак, өзүнчө эркин эле экономикабыз өнүгүп, өзүбүзчө эле эркин жашамакбыз” – деп айтканын угуп калдым. Өзүнчө отуруп ошо кишинин ойуна кошулуп өзүнчө эле жашабайт беле деп ойлонуп калчымун. 5-6-класста окуп жаткан кезде ошол киши “Жүнүбүз бар, алтыныбыз бар, баары эле бар” – деп баарына бакылдап кетип баратса мага  катуу таасир калтырган. Ошондо эле ошондой көз караштагы адамдар бар болчу экен. Анан өзүмө дагы ошол аксакал мага демократиялык ойлонгонго багыт берди. Биз “Мүрөк” деген гезитти окучубуз, жана башка демократтардын журналдарын окучубуз. Анан бул партия элди жөн эле бир жерде кармап турган турбайбы деген көз караштар боло баштады. Мисалы бала кезде “Конртакт” деп малдын баарын алып кетчү эле. Төшөк жасаганы жүндөрдү алып жаткандарды көрүп жүрдүк. Анан көп партиялуулук жакшы го деген ой пайда болуп, анан өзүбүз дагы ошол тарапта багыт алдык.

Корреспондент: Кочкордогу уюмдардын иштөө механизми кандай болгон?

Респондент: Биз партиядан партбилетке эмгек акыбыздан акча төлөчүбүз. Анан бул “Адилет” уюмуна мүчөлүк акы төлөгөн жокпуз. Бекер эле мүчө болуп жүрдүк. Топчубек Тургуналиев кээде Кочкорго келчү. Алардын сөздөрүн угуп, кезигишип, жыйындарда байланышып турчубуз. Ал кезде иштөө оор эле болду. Жыйындарга азыркыдай телефон чалып чакыра албайсың да. Жыйын болоордо 4-5 күн мурун кат менен почта аркылуу жазып жиберет. Же болбосо автобустан бирөөлөр аркылуу “Бул кишиге берип кой” –деп берип жиберет. Жыйын өткөргөнгө дагы ылайыктуу бир жер таппай мектептер менен сүйлөшүп жолукчубуз. Кытайбек Романов “Горбачёв бизге демократияны алып келди, ошон үчүн ага алтындан эстелик тургузушубуз керек” – деп сүйлөп жатканын уккам. Ал кезде биз деле саясий жактан жети элек болчубуз. Аксакалдардан үлгү алып, ошолорду эле эрчип жүрчүбүз.

Корреспондент: Кочкордо айыл аймактардагы жыйындарда кандай маселелер талкууланчу эле?

Респондент: Кочкордо айыл-чарба маселелери көп болчу. “Жерди дыйкандарга бериш керек” – деп. Ошол кезде “Кут” деген уюм түзүлдү. Ал жакта Базаркулов деген адамдар болду. Ошолор аркылуу дыйкандарга пайызсыз кредит алып берип, кредиттерди алып беришип, көбүнчө ушундай нерслерге аракет кылышты. Фермерлик суроолорго түшүнбөгөндөргө констультацияларды берип, ошондой иштерди аткарышты. Албетте бийликке өздөрүнүн кишилерин түрткөнгө аракет кылып жатышты. Андай нерселерди райондордо ишке ашыра алган емеспиз, себеби бул жакта райондо комиссариат турчу. Көбүнчө дыйкандарга кеңештер берилип, дыйкандарга каражат алып берип жатты. 

Корреспондент: Жөө жүрүшкө кантип катышып калдыңыз?

Респондент: Мен Балыкчыда Чолпонбек Чакиев деген Ысык-Көлдөгү теңтөрагасы менен дагы байланышта болуп турдук. Бир күнү Качкын Асанбеков деген кишиден  “Жөө жүрүш болуп жатат” – деп айттырып ийиптир. Анан биз Балыкчыдан баштап машине менен барып кошулуп калдык. Качкын Асанбеков автобус айдачу, анан бизди алып таштап коюшту. Балыкчыдан чогулушта элдер “Тян-Шянскийдин эстелигин алабыз” дегендер болуп жатты. Үркүнгө катышкан аксакалдар абдан капа болуп сүйлөп жатышты. Анан Жыпар Жекшеев жана башка теңтөрагалар элдерди тынчытып, үчкө бөлүнүп жолго чыктык. Кочкорго Торугарт тарапка баргандарга туш келип калдык, анан Долондон ошондой окуя болуп кетип, андан ары уланта албай калдык. Биз менен басып келаткан Тынчтыкбек Чоротегин дегендер бар болчу. Ошол кезде мен комсомолдун катчысы сыяктуу милдетти аткарчымун. Анан комиссариатты жамандап жатышса, анан мен өзүм дагы партиядан кете элек болсом жөө жүрүштө кетип баратып, адегенде бир кызыктай болуп, кыжалат болуп жаттым. Чөнтөгүңдө партбилетиң болсо, анан бул жакта чоочун немедей болуп бараттым. Бирок негизи “Өмүр көчү” жүрүшундө ата-бабаларыбызды эскерип журдүк. Жолду карай элдер бизди тосуп алып тыйын бере калышып, колдоп жатышты. Ошол жөө жүрүштө басып ошол кайсы айылда үркүндө курман болгон адамдар болсо, ошол адамдардын аттарын ар бир айлда бирден бир тактага эскерип жазып коюшса болмок деп ойлоп коём. Аксакалдар баланча кишилер курман болду деп санап айтып отурушчу.

Корреспондент: Жыйындарда эгемендүүлүк, көз карандысыздык деген сөздөр айтылчу беле?

Респондент: Ооба, эгемендүүлүк боюнча сөздөр айтылчу. Ал кезде “Аскар Акаев демократ жалгыз болуп жатат, ошону колдойлук” – дешчү. Анан ошол эле “Адилет” уюму “Эркин Кыргызстан” партиясы болуп, Топчубек Тургуналиев жетектеп жүрдү. Андан кийин “Эркин Кыргызстан Демократиялык Партиясы” болуп Турсунбай Бакир уулунун жетекчилигинде болуп, ошого кошулуп кетишти. Анан “Эркин Кыргызстан” партиясы Кочкордо иш жүргүзө албай калышты. Башка партиялар басып кетишип, төмөндөп кетишти. Кийин ар ким өз көз карашында чачырап кеттик.

Корреспондент: КДКнын башка аймактагы мүчөлөрү менен кантип байланышып турчусуз?

Респондент: КДКнын башка аймактагы мүчөлөрү менен КДКнын райондогу теңтөрагалары байланышып турчу. Бизге “Топчубек Тургуналиев менен кезиктик. Анан мындай болду…” – деп айтып турчу. Мен болсо мүчө болчумун, мени чакырса эле барчымун. Мени КДКга багыттаган Чолпонбек Чакиев болду. Ага чейин Алакунов менен сүлөшүп, угуп калчымун, бирок КДКга өткөн эмесмин. Алар кандай жолугуп жүргөнүн мен билбейт экенмин. Бишкекке жыйналышка барабыз деп калышчу. Ал кезде мен саясий таанымал болбогондон кийин барчу эмесмин. Анан 1992-жылы жыйынга кетишип ошол жерден партияга бөлүндү. “Мындан ары Эркин Кыргызстан партиясы болобуз” деди, биз дагы макул дедик.

Корреспондент: СССР тарай элек учурда мамлекет тарабынан кысымдар болдубу?

Респондент: Жөө жүрүш Аскар Акаев президент болуп калгандан кийин болуп калды. Андай деле кысым болгон жок. Бирок жетекчилер ишибизди жактырбай тургандай сезилчү. Кочкор кичине демократиялуурак болду. Ал кезде райком деген болчу, бирок алар деле жыйындарга тоскоол болушкан жок. Бизде андай деле кысымдар болгон жок, мен көргөн жокмун. Мисалы биз селсоветке маселелерибизди койчубуз. Анан кээ бир иштерибизге “Макул” деп, колдоп маселелерибизди чечип беришчү. Бирок жыйындарга кишилер аз келишчү. Айрымдар “Демократтар” деп тийишип турушчу.

Корреспондент: Ошол учурда башка өлкөлөрдөгү абал менен кабардар болуп турчусуздарбы?

Респондент: Биз аскерде жүргөндө командирибиз аскерден кетип жаткан. Биз аскерден келгенде Латвия, Литвия, Эстония өлкөлөрү бөлүндү деп калышты. Анан ошондо биздин командирибиз өз жерине кеткен турбайбы  деп  түшүнүп калдым. Ал командир тартипти катуу сактачу, анан тартипти катуу сактаса дагы баарына ошол командир жакчу. Аскерде бир орус бар болчу, анан ал “Советтер союзу тарайт, ыдырайт” – деп айтса, аны оозун тиктеп отуруп калчымун. 1986-жылдары ошондойлор байкалып калчу.

Корреспондент: Аскерде жүргөндө сиздерге болгон мамиле кандай болду?

Респондент: Бизди аскерге чакырган кезде, ал кездеги адамдар патриот болушчу. Биз аскерге чакырылып жатканда Кочкордо Асан, Үсөн деген эки жигит “Афганистанга жибергиле” – деп суранып жүргөнүн көргөнмүн. Биз дагы аскерге чакырылып, тигил жака кетесиң, баланча күнү кетесиң дегенде Афганистанга жиберсе барабыз деген ой болгон. Биз аскерден келгенден кийин Чернобыльды угуп калдык. Биздин айылдан Чернобылга кеткен аскерлер бар. Көптөрү каза болушту. Ошол кезде “Чернобылдай окуялар көп эле болчу экен, бирок жашыруун калчу экен, Горбачев айкындуулукту алып келип коюп белгилүү боло баштады” – деп коомдо пикирлер пайда боло баштаган. Чернобылдан аскерлер ууланып келип жатышты. Биздин айылда андай деле болгон жок, барып келгендер барып эле келишти. Азыр барып келгендерден он чактыдай эле калды окшойт.

Корреспондент: Улут аралык кагылышууларга болгон мамиле кандай болду?

Респондент: Биздин учурда Казакстанда Желтоксон болуп, ошол жакка барабыз деп, бирок бара алышкан жок. Ошто кагылышуулар болгондо ошол жакка барышыбыз керек дегендер болуп жатты. Менин классташым Оштогу гезитте корректор болуп иштечү, анан ошол айылга “Ушундай болуп, үйүбүздөн эч нерсе албай келдик” – деп келди. Гезиттерде болсо элди тынчтандыруу боюнча материалдарды окуп жаттык.

Корреспондент: Гезиттерди кандай жол менен алып окучусуз?

Респондент: Ленинград тарапта “Ак-кеме” деген уюмдар түзүлдү. Нарын Айып деген ошол кезде жаш студент жигит болчу экен. Ошол “Мүрөк” деген гезитти баштап, чакырыктарды таштап гезит чыгып жатты. Бизге абдан кызыктуу болчу. Ал гезитти шаардан менин байкем алчу. Байкем ал гезитти кат аркылуу алып, анан кат аркылуу айылга жиберип турчу. Анан айылдан ошентип мен окучумун. Анан Нарын Айыпты кыйын адам экен деп “Мүрөк” гезитинен билип калдым. Ал кезде саясий баалаган кишилерибзге кийин көз карашыбыз өзгөрүп кетти. Таалай Ылайтегин дегендер жазган гезиттерди окучубуз. Өздөрүнө жолуккубуз келчү. Бирок өздөрүнө жолуга алган жокпуз.

Корреспондент: 1990-жылдары чыккан гезиттерди чогулткансызбы?

Респондент: Мен гезиттерди чогултпайм. 1990-жылдардагы гезиттер жок. Алардагы маалыматтар дагы унутулуп калды, бирок ошол гезиттер бизге абдан курч сезилчү. “Майдан” деген гезиттер чыгып калды. Андан кийин “Жаштык жарчысы, Асаба, Аалам” деген гезиттер кийин кызыктуу боло баштады. “Майдан” гезитин окучубуз. Гезиттин бир жагына Казат Акматов эки барак кылып, сүрөттөрдү чыгарчу, ошо бизге кызык болчу. Ошондой гезиттерди аябай талап алчыбуз. Депутаттар Абсамат Масалиевдин ордун бошотушун талап кылып жатканы абдан кызыктуу болчу. Ага чейин телевизор көрүп, радио укчубуз. Кийинчерээк багытыбыз башкага айланды.

Корреспондент: Кыргызстан эгемендүүлүк алганына 1985-1990-жылдардагы уюмдардын орду канчалык?

Респондент: Орду чоң эле болду. Эгерде ошол уюмдар жок болсо кандай болмок экенин ким билет. Ошол “Ашар” сыяктуу уюмдар аркылуу  жаштар өз ойлорун билдирип жатышты. Ошонтип чыгып жатышканда адегенде адамдар таң калып жатышты. Андан кийин элдер колдой башташты. Андан кийин 1990-жылдары коммунисттердин баркы кете баштады. Анткени райондордо эптеп эле партияга адамдарды көп ала башташкан. Мурун алчышчу эмес. Кочкордо партияга молдолорду дагы ала башташкан. Бизге дагы партбилетти тапышырып жатканда “Москвада башка уюмдар чыгып жатат, аларга кошулуп кетпегиле” дегенсип тапшырышкан.

Корреспондент: Кайра куруу жылдары Нарын облусундагы экономикалык абал кандай эле? 

Респондент: Ошол жылдары Орусияда тартыштык пайда болуп калганын биз угуп жаттык. Анан Кыргызстандан икра дегендерди алып кетип жатат, дегендерди угуп калдык. Кочкордо дүкөндөргө башка улуттагы адамдар келип келип соода кылып жатат дегендерди көрүп, угуп калдык. Жакында баары кымбаттайт дегендер угулуп эле жатты. Бирок биз кыргызбыз да. Андай оокаттарды деле жыйнаган жокпус, ары-бери эле жүрүштү. Орусияда абдан эле кымбатчылык болуп кетиптир дегендер болуп жатты. Анан 1991-жылдары дүкөндөрдө эч нерсе калбай, аңгырай баштады. 1990-жылдары экономика жакшы эле болчу. Артып калган бензинди, солярканы талаага алып барып, төктүрүп жок кылган учурлар болгон. Машинең жүрбөй калса, бир чака бензинди жөн эле берип коюшчу. Ошонун баарын талаага төктүрүп жатып кийин кесири тийди го. Үмүт бригадасы менен комсомолго барганда чабандын аялдары унду тебелеп, түкүрүп калышкан. Акыркы жылдары экономика жакшы эле болчу, анан 1991-жылдан баштап төмөндөй баштады. Бизде колхоздо болсо тоют анан мал эле болчу.

Корреспондент: 1985-1990-жылдардагы уюмдарга байланыштуу кандай эскерүүлөрүңуз бар?

Респондент: Демократиялык уюмдардын негизинде адамдардын укуктарын коргоп берип жатышты. Укук коргоочу уюмдар ачылып, көмүр ташыган жана башка айдоочулардын укуктарын коргоп берип жатты.