Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Маматов Сабыр

Маматов Сабыр

журналист

Изилдөөчү: Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз?

Респондент: Мен эми кыска эле айтсам Ноокатта, Кашкалдак деген айылда туулгам. 1985-жылы ал кезде КМУ болчу. Мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн бүтүрүп ошондон кийин эле Мезгил деген басма сөздө иштедим. Райондук гезиттен баштадым Кадамжайда. Кийин бул жакка келип “Ленинчил жашта” иштедим. “Асаба”, “Агым”, “Кыргыз Руху” деген гезиттерде, ара-чолодо мамлекеттик кызматтарда иштеп калдым. Президенттин басмасында, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында. Эми азыр могул мамлекеттик муниципиалдык деңгээлде гезитте иштейм. Мындан журналистикадан тышкары, анча-мынча адабиятка дагы кичине тиш салып жүрөм дегендей. Бирин экин китептерим чыгып жүрөт. Ошол.

Изилдөөчү: Биздин долбоор ошол эгемендик мезгилиндеги кайра куруу мезгилиндеги эгемендик мезгилдин өткөн мезгил учурун карап атабызда. Анан 1985 жылы 1991 жыл аралыгында эмне менен алектенгенсиз? 85 тен 91 чейин? Кайра Куруу мезгилинде?

Респондент: Кайра Куруу мезгилинде мен “Ленинчил жашта” иштеп калдым. Анан эми баягыдай Кайра Куруунун демин баякы мындайда айрыкча журналистика өзгөчө сезилет.

Изилдөөчү: Өз көзүңүз менен көрдүңүз да?

Респондент: Ии. Көрдүмда. Сен айтып атпайсынбы адабиятта көп байкалбайт экен да, бирок журналистикада каалайсынбы каалабайсынбы, бул сенин милдетиң болуп калат да. Себеби, жыл аргыны ошол өзгөрүштү, бурулушту элге жеткирүү сенин милдетиң болот. Каалайсынбы каалабайсынбы ошого аралашасың, ошону көрөсүң дегендейда. Анан биз “Ленинчил Жаш” кайраа куруу жаш болчубуз ал кезде. Анан Кайра Куруу деп эйфорияда жүргөн мезгил болчуда. Ошого ишенип, чындап Кайра Куруу болуп атат. Демократия жагына өзгөрүп атат. Жакшы жагына өзгөрүп аткандай эркиндиктин мындай бир эркин басма сөздүн бир эмеси келет дегендей . Башталышы туура эле болгон. Бирок, ошол процесси кичине туура эмес болду окшойт деп ойлоймунда. Албетте жакшы жагы көп болду жаманынан. Бирок, ошентсе деле баягы Кайра Куруу эмесин бербеди. Ошол 4-5 жыл ичинде мен эркин мамлекеттик Комсомол гезититнде иштеп калдымда. Андан кийин анан 91 жылдан баштап эгемендик келгенде биринчи Эркин гезит болду ошонун катарында биздин “Кыргыз Рух”у гезити ошол жерде иштедим. Анан ошол тагдыр экен эгемендик келгенде биринчи ошол желаргыны журналист катары сезип калдык, ошого аралашып. Сен айтып айтпайсынбы сен эмне үчүн ошондо адабиятта көп чагылдыралбай калды депчи. Мен өз көзүм менен көргөнүмдү айтайынчы. Мунун обьективдүү себеби болуп калдыда. Каалайбызбы каалабайбызбы баары бир чыгармачылык деле материалдык турмуш менен шайкеш нерседа. Анан адам бүгүнкү наны жок болуп калса ичээрге тамагы жок болуп калса адабият оюна дагы келбей калат экен. Ушундай бир доор болду кыйынчылык доор болду чыгармачылык интеллигенция жок дегенде 5 жыл унутту чыгармачылыкты кадимкидей унутту, өзүнүн алапайын таппай, эл китептер чыкканы, бирдемке жазганы. Күнүгө жок дегенде мындай бүгүн эмне тамак жейм, каяктан нан табам деген күндөр болду да ошондойчу. Анан ошондой нерседе баягындай эмне болуп калат экен да, эгемендик бир жагынан аябай тагдырдын чоң бир бурулушу болуп атат да бизгечи. Сүйүнүчтүү нерсе эгемендүүлүк келип атат, туубуз кабыл алып атат. Бирок кыйынчылык менен кошо. Бул табигый нерсе кыйынчылык, кыйынчылык менен коштолдуда. Анан ошондой учурда кичине абдрай калган эме болду окшой. Анан бир 95 жылдардан баштап кичине кайра жанданып, өзүбүзкө келип, изденип дегендейчи. Анан адабият дагы кичине бутуна тура баштады деп айтсак болот.

Изилдөөчү: Баш көтөрүп.

Респондент: Оба. Баш көтөрүп.

Изилдөөчү: Анан ошол жылдарычы бир канча коомдук демократиялык кыймылдар пайда болдуда. Анан сиз ошолорго мүчө болдуңузбу? КДК, Ашар?

Респондент: Жок. Мен ушул жагынан саясий эмелерден башынан эле алыс болуп келе жатам. Бир дагы дегенде жаңылыш болуп калат да өзүм негизи партияга дагы кирбедим эледа. Бирок менин досум раматылык Мелис досум “Бейбачалар” деген партия түзүп. Ошол кыска убакыт ичинде мүчө болгонмун чындыгында. Андан башка мындай бир партияларга .

Изилдөөчү: Ошондо келгениңизге канда” бир жөн эле формалдуу түрүндө кирдиңизби же иш аракеттер болдубу?

Респондент: Жок. Бул деле аябай кызык нерсе болду. Мындайча айтканда мен чындап досума жардам берейин деген ойлорум менен кылдымда. Бул чоң ишти баштап алдыда. Баштап алып андан кийин эми чогу отурганда күндө көрөмүн да канча киши үмүт менен келип атканын. Андан кийин көрүп Мелис ошолорго жардам береин бирдекелерди кылайын дегенин көрүп анан четте туруп карай албайсың да. Андан кийин мен эле эмес башка журналистер ошону көрүп бир топ эле белгилүү байкелер кошулуп киргенбиз, мүчө болгонбуз, жардам бергенбиз.

Изилдөөчү: Эмне иш кылышчу эле, негизинен ошол партиянын иштери жөнүндө айтып бере аласызбы?

Респондент: Адегенде ошол биринчи бул партия бутка туруу гана эмеси болду да. Бутка турду чындыгында. Андан кийин бара- бара кадимкидей чоң күчкө айлана баштады. Көрүп аттым да.

Изилдөөчү: Мүчөлөр аябай көбөйдү.

Респондент: Мүчөлөр аябай көп болду. Ошол кезде башка деле партиялар бар эле, бирок ошолордун алдында күнүгө 100 дөн 200 дөн киши кошулган партия, бизде андай партия жок эле ал малда. Бизде күчкө толгон ушунан билгиле бийлик, президент, өкмөт кадимкидей эсептешип эмне кылып калган. Жаңы партияны ким тааныйт дебейчи, а реалдуу күч деп эсептеп калышкан. Анан ошондой эсимде. Биринчи Курултай болгондо президент Акаев келип катышып, сөз сүйлөп эме кылганда.

Изилдөөчү: Канча киши катышты эле негизи?

Респондент: Азыр так эсимде жок.

Изилдөөчү: Негизи да болжол менен?

Респондент: Көп эле.

Изилдөөчү: Кайсыл жерде болду эле?

Респондент: Бүт региондордон келген. Кыргыз Драм. Театрда болгон.

Изилдөөчү: 700 кишилик орун э? Толгон болушу керек э?

Респондент: Ооба. Ошо Акаев отурганы эсимде катышып сүйлөпчү.

Изилдөөчү: Эмнелер жөнүндө сөзболду эле эсиңиздеби же жокпу?

Респондент: Негизинен бул эмне болгонда баягы биринчи “”Бейбачалар деп анан кийин “Элдик” деп кичине баягы аты туура эмес экен деп өзгөрткөнбүзда. Бирок негизи ошол кезде көйгөй экономикалык жана социалдык көйгөй аябай күчтүү эле да. Анан кийин партиянын биринчи эмеси социалдык көйгөйлөрдү чечүү болчу да анан элдин аябай көп күткөнү ошондон деп ойлоймунда.

Изилдөөчү: Турак жай маселеси, үй жай э?

Респондент: Турак жай маселе болобу, айлыктар, пенсия дегендер ошо эмне болуп турган баягы баалар дегендей. Ошолордун барын көтөрүлгөн. Эл да ошол кезде эмне маселе кыйнасын ошонун барын көтөрүп аттык.

Изилдөөчү: Маселе көтөрүлөт, анан бирок чечүү жолдорун кандайдыр бир салым кошконго кандай күч болду?

Респондент: Ал жагы мындай болду. Эми биз Мелис деле ошондой болчу. Ал КДКга аралаштыбы аралашпадыбы менин так эсимде жок экен. Мелис деле тажрыйбасы жок, ал деле жаш, баарыбыз эле ошондой болчубуз. Бирок, Мелистин кыйындыгы ошондой болчу, биздин парияга эң кыйын деген тажрыйбалууларды тартты да. Андан кийин мисалы мен билем Бекмамат  деген партиянын саясий фигуралары болчуда. Ошолор келип катышып мүчө болгон бизге дагы. Ошол эле  Адахан Мадумаровтор келип биз менен келип кызматташты. Ошолордун тажрыйбасы менен пайдаландыкта Осмоновтун кимдин тажрыйбасын пайдаланып анан кийин баягы биз тажрыйбастык болгону менен алар жардам берип, бир топ нерсеге чечкенге аракет кылып аттык да. Мисалы, ошо эсимде Акаев Курултай болгондо канча калп айтпасам  фермерлердин эмесин көтөрүп атасыңар фермерлерге биринчи менин жардамым болсун деп 11 трактордун ачкычын тапшырган ошондочу. Бул деле баягындай аракет да.

Изилдөөчү: Тракторлорду сиз таркаттыңыздар э?

Респондент: Ооба. Таратылган фермерлерге. Регионго.

Изилдөөчү: Азыр сиз жооп берип койдуңузда а негизи деле ошол учурда кыймылдардын ошондой жаңы түзүлгөн партиялардын биздин саясий багытыбызга ошол учурдагы турмушка, жанадагыдай коомдук маселелерди чечүгө кандай таасир болду деп ойлойсуз? Мамлекеттик чечимдерге кабыл алынышына.

Респондент: Таасир жакшы эле болуп атты. Мундайда канткен менен илим менен жаңы келгендечи институттар жаңы түзүлүп аткан маалдачы ушунусу жакшы болот экенда. Ал жеке гана партия эмесчи, ар бир публицист болобу инсандын пикири менен эсептешкен маал болот экен да ушунусу эң баалуу болот экенда. Мисалы, эмнеге публицистика президенттин администрациясы гезиттерде эмне жарыяланып жатат, аларды анализдеп, сунуштар айтылып жатат деп эме кылчу. Анан саясатчылар эмне айтып атат деп, ошону чечкенге аракет кылчу да. Анан бул жагынан  ошол эле басма сөз, СМИ, ЖМКларчы аябай чоң таасири тийди чечкенгечи. Чечилип атты көп нерселерчи. Андан кийин саясатчылар, жанагы жеке личносттордон көп эмеси тийдида. Мисалы, мен билеминда Таабалды Эгембердиев ошол кезде, ал ишкер эмес эле али. Ал киши публицист болуп катышып атты.

Изилдөөчү: Коомдук иштерге активдүү катышып жүргөн.

Респондент: Кубан Мамбеталиев байкечи аябай активдүү жүрдү. Кайтыш болуп кетти Шералы Назаркуловторчу. Мен ошондо Рухта иштейт элемин да, күнүгө материалдарын берип эме кылат эле да6 анан мени аябай сүйүндүргөн нерсе мисалы ошо Таабалды Эгембердиевтин аябай курч материалы чыкты да. Реакция болуп, кантип чечебиз деп. Чакырышып ошонучу. Кубан байкеге чакырышып, кеңешип мындай чечкени атабыз, мындай деген аракеттер болчу андачы. Ошол бир башкача эме экенда бул баягы жарандык коом гана эмес, жөнөкөй кишилер гана эмес, бийликтегилер дагы ошого кызыктар болуп, чечсек деп. Булар дагы ошондой бир үмүтү менен кишилер болуптур да ойлосомчу, чындыгында элечи.

Изилдөөчү: Ошондо “Кыргыз Руху” боюнча айтып атасыз да. Негизи эле сиздин байкаганыңыздай, мындай кайсыл коомдук кыймылдардын, ошол учурдагы коомдук активисттердин кимдери көп чагылдырылчу эле? Кимдерге көп кайрылчу эле журналистер мезгили басма сөздө? Кимдерге орун көп берилчи эле?

Респондент: Ошол кезде ишкерлик биринчи эмне болгондо ишкерлер аябай популярдуу болгон. Эми албетте саясатчылар дайыма болчу, бирок мен байкаган нерсе ишкерлик болду. Себеби көп киши ишкерлер аркылуу келечекти көрүп атышты. Себеби мындай карасаң эми ушул кезге чейин келген экономика мындайча айтканда жарабай калды. Социалистик экономика жарабай калды. Жаңы капиталистик неме жаңы түзүлүп атат да анан көрсө ушул ишкерлер, жаңы ишкана ачкандар, фирма ачкандар алар бат бутка туруп, бат бирдекелерге жетишип эмне кылып атканын көрдүда анан келечек ушуларда экен деп. Ошолор аябай эмне болуп атканын малы ошол болчу. Бирок ошол эле учурда жанагы эски эмне дагы бар болчу, бары бир сакталуу экенда эми ойлосом. Мен могу легендарлуу парламенттен эле эме кыламында ошону салыштыргыла анан кийинки биринчи келген депутаттарды.

Изилдөөчү: Кийинки чакырылышка.

Респондент: Уже баягыдай, мурдагыдай эмелер келбей.

Изилдөөчү: Биринчи интеллигенттер келген да окумуштуулар, жазуучулар.

Респондент: Ошолор бар болчу, жазуучулар бар болчую, илимпоздор бар болчу анан ошол ишкерлер аренага чыга баштады, биринчи аренага чыга баштады.  Бул дагы баягы биздин саясий экономикалык багытыбыз жаңы багытка кеткен белгисида.

Изилдөөчү: Ал ошол учурдагы мезгилдеги басма сөздөр мындай резонас туудурган бир материалдар эсиңиздеби?

Респондент: Ошол маалда мен эсимде Кумтөр маселеси аябай резонанс көп болду окшойт менимче. Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп. Мен ошо Рухтагы мен билем эң бир орчундуу эмелерин анан менчиктештирүү. Бул дагы ошол мезгилдин немеси болчуда. Себеби кадимкидей бөлүнө баштады да мамлекеттик, элдик, менчик бөлүнө баштады. Баягы татыктуусу дагы алат татыктуусуз эл да табигый реакцияны пайда кылды. Курч темага айланды. Ошон үчүн Кумтөр, алтын жөнүндө анан менчиктешитирүү жөнүндө аябай ошол жөнүндө жазылып турду.

Изилдөөчү: Ошол учурда мисалы үчүн азырчы интернетте аябай кайтарым күч күчтүүда. Азыр бир нерсе жазсаңыз астында толтура комментарий бөлүшөт, ар кандай пикирлер айтылат да. Реакцияны дароо көрөбүз. Ошол учурда жанагы элдин, коомдун кабыл алышы, ага болгон реакциясы кайтарым байланышы кандай жүрчү эле? Кат жазышчы беле, же болбосо кандай процесс болчу эле?

Респондент: Сиз айтып атпайсызбы тиги эмне депчи. Чындыгына келсек социалдык түйүн жок болчу да. Негизги нерсе гезиттер аркылуу жүрдү да гезиттер жүрдү негизинен. Журналдар деле чыкпай калган ошол кезде. Негизги эки үч Кыргыз Руху кыргыз тилдүүлөрдөнчү андан кийин ошол кездеги “Асаба” анан кандай өлчөмдөгү могу “Аалам”. Анан эми кат чындыгында кат аркылуу негизги обратный

Изилдөөчү: Редакцияга келгендер болчу беле?

Респондент: Редакцияга келчү. Бирок редакция келгенде мисалы шаарда болсоң шаардыктар келет. Толтура киши билчү эмес редакциядачы.

Изилдөөчү: Сиздер иш сапарларга барчы белесиңерби?

Респондент: Региондон болсо каттар менен келчү, телефон чалгандар болчу. Ал кезде аябай эле эл активный болчу. Укмуш активный болчу.

 Кат келчү. Мисалы мен кат бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим Жаштачы. Андан кийин ошондо сезонго ылайык жаздан баштап кат аябай кичине азайат жумуш башталганда, күздөн баштап көбөйөтта. Укмуш көбөйөт. Күнүгө 100 кат келет да анан бөлүмдөргө бөлүп бересиң да. Бөлүмдөр даярдап айтып атпаймынбы гезиттин мисалы 4 бети болсо ошонун 3- бети сөзсүз каттар кетчү.

Изилдөөчү: Каттардын өзүн жарыялачу белеңиз сиздер?

Респондент: Өзүн жарыялап. Кат иштөө деген атайын эме бар болчуда. Кат келет редактор виза берет могу санга даярдаңыз деп анан кийин отуруп.

Изилдөөчү: Каттарда кандай маселелер каралчы? Айтылчу?

Респондент: Эми мен мындайда эң көп Ленинчиде иштеп жүргөндө адабият бөлүмүнө көп келчү. Көрсө баягы таанышы барго 2 адамдын бир ырчы дегенчи. Эл ушундай ыр жандуу болот го. Анан ыр жазгандар көп болчу. Андан кийин экинчи орунда  айыл чарба бөлүмүнө аябай көп келчү. Дыйкандар жөнүндө, жумушчулар жөнүндө кат көп келчи эле. Анан эми бирок кийин эгемендик болгондон кийин каттар келип атты бирок мазмуну башкачарак. Анда уже элдин көйгөйлөрү, армандары, арыздары көп келе баштады. Чечилбей жаткан көйгөйлөр боюнча аябай көп келчүда. Ошондо андан кийин анда деле ошол эгемендик болгондон кийин баягыдай мурдагыдай сен эмне кылган киши жок. Муна катуу сөз чыгарасың деген эмне жок болуп калдыго. Андан гезиттер эркин, кааласа чыгарбай койот. Ошондо элечи баягы эме да элдин иши үчүн бирөө мажбур кылбаса деле өзүң чыгарасың да. Өзүң сөзсүз чыгарасың да себеби сен үчүн баалуу бул материал. Бир жаман жери мисалы ошол Ленинчил Жашта иштеп жүргөндө кат келсе жөн эле жарыялап койо турган кат болот, текшериле турган кат болот. Текшериле турган катты жиберчи, редактор барып текшерип ошонун эмесиндечи кийин ошол нерсе жоголду, себеби командировкага чыга албай калдыкта. Анан келген катты жөн гана жарыялап чектелип баштадык да, ошол кыйынчылык башталды. Анан кийин мынагы жаман жери текшербеген каттын эки жагы болот  да. Бир жактуу болуп калсачы экинчи жак нааразы болотда анан көп чыгарылбай андан кийин кат аздап, кат пайдалануу азайып кийинчи ошол процесске өттү.

Изилдөөчү: Жанагы мен айтып аткан демократиялык коомдук кыймылдардын ишмердүүлүгү жөнүндө ошолор жөнүндө чыкчы беле материалдыр силерде сиздин гезитте? Ошол Ашар болобу, КДК алар митингке чыгып турушчу ар кандай.

Респондент: Эми алар өздөрү кызыктар болот да. Материалды  алып келишчү. Билебиз да, чагылдырчубуз, чыгып турчу. Эми мындайда саясий эмне окуя болуп атса, баарычы чагылдырлычу, бүт баары чагылдырулчу.

Изилдөөчү: Анан дагы ошол мезгилдеги эгемендик мезгилдеги мындай жооп бердиңиз, бирок конкреттүү бир эсиңизде барбы бир материалдар? Мисал катары айта турган, ушундай бир макала чыкты эле, бир материал чыкты эле деп ошол мезгилдеги.

Респондент: Мындай бир эме болду. Канча десем болот бир эки жылбы, үч жылбы мен Кыргыз Рухунда.

Изилдөөчү: Кайсыл жылдары?

Респондент: 1991 жылдан баштап 1993 жылга чейин деп койойун да эсимде да. Ал кезде өмүр бою советтик системада иштеген кишилер бар эле партияда, кызматта иштеген анан партиялык иште иштебесе дагы университетте окуу жайларда саясий экономикадан, илимий коммунизмден сабак берген мугалимдер бар эле профессор. Булардын кан жанына сиңген социализмдин идеялары. Ошолор андан кийин биз эми жашырак болупчу кичине аякты дагы карап, бул жакты дагы карап кичине эме болуп турдук да каягы дегендейчи кичине. Бирок ал кишилер бул жакты такыр кабыл албай турушту да кабыл албай турушту. Анан алар ой болбой калды, болбой калды могуңардан эч нерсе чыкпайт, кайра эле эскиге кайтыш керек деген темадагы такай макалдарын алып келишчү.

Изилдөөчү: Чыгарчы белеңер?

Респондент: Чыгарчы плюреализм деп чыгарчу элек да. Жаш демократтар ай былжырабагыла, силердики бүттү. Болду эми силер эс алгыла. Жаңы заман келди карасаңар боло эмне болуп атканын деп алар келчү да. Анан эки жак болчу, ушу аябай ушундай нерсе эме болгон да, эсимде. Изилдөөчү: Негизи эле кысымдар болчу беле басылмаларга? Басмасөзгө, гезитиңизге кайсы бир тема боюнча?

Респондент: Эгемендик жылдарда көп кысым болгон жок. Ким эмне кааласа жаз дечү моюнга алыш керек да, эмне кааласа жазышты. Мен айтып атпаймынбы, эми ойлосом чындыгында эле биринчи биздин жетекчилерибиз аябай демократичный, ушундай кишилер болгон экенда. Мундай бир кысым болгон жок. Анда ошол эмелерде бирин- экин гана соттошуулар болбосочу, анан өтө бир нерсе болбосо, көп соттошуулар бизде болчу эмес. Аябай эле жакшы болду ошол кезде.

Изилдөөчү: Анан дагы кайра эле коомдук кыймыл боюнча суроомду бергим келип жатат. Ошолордун өзүлөрүнүн басылмалары бар беле? Эсиңизде жокпу?

Респондент: Басылмалар бар эле. Мисалы.

Изилдөөчү: Баракчалары, гезиттери?

Респондент: Жок. Гезиттери дагы чыгып атты. Мен азыр унутуп атамында. Мисалы, Топчубек Тургуналиев алардын партиясы эмне эле ошолордун өздөрүнүн гезити бар болчу билемин да. Өздөрүнүн гезити бар болчу. Анан эсимде, бир жолу барсам Ош базарына бир нерсе ала кетеин деп барсам Топчуке базарга кире бериш жерде “Майдан” деген азыр эстей албай жатамында ошондой гезити бар болчу да алардын партиясында. Рекламалап, могул гезитти алгыла деп биздин партиянын гезити, мунун жөнүндө ыры бар деп эмне кылып атыптыр. Анан Топчукенин авторитети, таанымал киши да анан кийин баягы окугусу келгендер мага бериңиз мага бериңиз деп алып ошондойчу. Бирок бара- бара гезит деле мындай нерсе да бул баягы материалдык нерсе менен байланыштуу нерсе да. Анан кийин партиянын көбү акчасы жетпей такай чыгарганга, көбүнүкү жетпей калып атты. Анан андайлар анан баягы такай чыгып аткан гезиттер менен иштешип аттыда. Бирок, барыныкы эмес эле да бирин- экин кана өздөрүнүн гезити болбосо, көбүсү өтө окумдүү гезиттер менен иштешчүда.

Изилдөөчү: Сиз ошол кезде кыймылдар чыкканда аларга көз карашыңыз кандай эле? Кандай кабыл алдыңыз ошол кыймылдарды? Сиз кирген жоксуз да булардын процесси кандай чогу иштешкен жоксуз, бирок кандай ошентсе деле? Жеке өзүнүздүн көз карашыңыз?

Респондент: Эми мындай болчуда. Мындай карасаң, иликтеп көрсөң ар кандай партия кыймылдын бир жакшы нерсеси дагы болуп атат, жаман нерсеси дагы болот да. Кээ бири болот да аша чапкан жаман жакшы идеялары болушу мүмкүн, анан ошол кезде бардык эле нерселер ролун аткарды да, ар бири аткарды менимчечи. Баягы үлүшүн кошту. Эгемендүү кыргыздын кандай бир жолун табып кеткенгечи, бүт баары кошушту деймин да, өзүнүн үлүшүн. Анан башка маселе анан кийин алар бара- бара кылганды, бара- бара эмне болду, кимдики туура, кимдики туура эмес экенин мезгил көрсөттү. Туура эмес өзүнөн өзү сүрүлүп калды дегендейчи. Бирок, башталышында көп салымын кошту ошогочу.

Изилдөөчү: Анан ошол учурда митингер болуп турчуда. Анан ошондо ошол эле Ак Үйдүн астында митингтер болчу. Ошондо бийлик өкүлдөрү ага кандай мамиле кылышчу?Укук коргоо органдары анан  сиздер чагылдырганы барчы белеңиздер? Ошол жерден түз маалымат алчу белеңиздер? Ошол процесс кандай жүрчү эле?

Респондент: Эки күндүн биринде митинг болчу. Эки күндүн биринде. Андан эле бизде сотка жок , эме жок телефон менен эле баланча жерде эме болуп атыптыр десе, жетип барчубуз албеттечи жетип барып. Ак Үйдүн жанында болсо, отурчу сөзсүз түрдө. Бирөө ачкачылык жарыялап турчу, бирөө пикетке чыгып отурчу, бирө митинг кылып, эң жөнөкөй эле мен үй бербей атат деп отура берчи. Кандай десем, аябай эле демократиялуу бир мезгил болду ошондочу. Себеби демократия аралчасы дечү, аралча болчубуз чынында.

Изилдөөчү: Реакция кандай болчу ошолорго? Бийликтин реакциясы?

Респондент: Бул реакция айтып атпаймынбы реакция биринчи жылдары аябай жакшы эле болуп атты. Аябай эле жакшы болуп атты. Ошого чечкенге аракет болуп атты да. Анан бара бара кийин баягындай мөнгү кулабаса улагы болобу дегендей болдубу, же баягындай бийлик изденген сайын өзүн күчүн сезип калабы, ошондой болду бара- бара эме боло баштады. Бийлик уже биринчи демократиялык бийлик алыстап, элден алыстай баштады. Эл өзүнчө болуп баштады.

Изилдөөчү: Ошол Чолпон Баекова баягыда Таабалды Эгембердиевтин китебин чыгарышты, кийинчерек өткөн жылдары, былтыр. Ошондо мындай деп айттыда мен өзүм чыгып Таабалды Эгембердиев менен сүйлөшүп, Табыке эми таркагыла, маакул деп анан ошентип эле сүйлөшүп эле алар бир күну чыгат, биз бир күнү алардын алдына чыгып эле ошентип чогу эле иш алып барып жүрдүк деп айттыда.

Респондент: Ооба. Ал туура. Туура эле болчу. Себеби, депутаттар дагы ачык болчу. Кыйла эле ачык болчу биринчи депутаттар. Толтура эле отуруп алчыбыз эме кылыпчы кабинеттеринде киши жүрчү эмес, келген киши жүрчү эмес. Анан чындыгында эле чыкчы. Мисалы, кимдир бирөө жөнүндө терс пикир айтылып калса, жооп берчү сөзсүз. Кайдыгер болчу эмес, мындайча айтканда. Анан эми ошол 5-6 жыл аябай эле жакшы.

Изилдөөчү: Ошондо 90 жылдан кийин э? 95 жылдарга чейин э?

Респондент: Оба. Аябай эле жакшы болду.

Изилдөөчү: Экономикалык жактан эң оор мезгили да. Сом жаңы чыккан.

Респондент: Экономикалык жактан эң оор, бирок экинчи жактан айтып атпаймынбы.

Изилдөөчү: Саясий жактан.

Респондент: Саясий жактан. Элдин барында кыйынчылык болгону менен баары үмүт илгери үмүт бүгүн убактылуу нерсе. Эртең өзгөрөт деген нерсе бар болчу да.

Изилдөөчү: Жакшы. Кошумчалай турган нерсеңиз жокпу?

Респондент: Билбейм. Айттым окшойт.

Изилдөөчү: Макул анда бүтүрөлү.