
Нарын Айып
Нарын Айып:
Сиздер айтып аткан 1986-жыл менен 91-жылдын ортосунда мен Москвада жашап, ошол жакта СССР илимдер академиясында физ-химия тармагында кенже илимий кызматкер болуп иштегем. Менин аты-жөнүм Нарынбек Айыпович Идинов. Гезитти, “Мүрөктү” чыгарып атканда, ал кезде Москвада Компартия үстөмдүк кылган. КГБ бар болчу, ошол үчүн мен бул жактагы туугандарыма бир нерсе болуп кетсе залакасы тийбесин деп Идинов деген фамилиямды алып салып атамдын атынан Айыпович дегенди Айып деп, Нарынов дегенди Нарын деп калтырып, Нарын Айып деп аталып калгам. Илимдер академиясында иштеп жүргөм. 1985-жылдарда Горбачевдун кайра куруусу башталбадыбы. Дал ушул убакта мен илимдер академиясында иштегенмин. Илимий адамдар баары эле демократ болот чындыгында, ошон үчүн чөйрө демократиялык болчу. Ар башка уюмдар түзүлүп пикир алмашуу болуп 1980-жылдарда гезиттерде абдан көп маалыматтар чыга баштаган. Ал кезде мен спорт менен дагы машыкчумун. Спорт боюнча Ленинградга, Таллинге, Ригага көп барчумун. Анткени ал кезде поездге түшүп алып эле түн ичи кечинде 9-10 дордо түшүп түнү бою жүрүп уктап алсаң болот купеде, эртең менен башка шаарда болуп каласың. Ошол жакта жолугушуу кээде бир күн эле болчу, кээде 2-3 күн болчу. Ошентип спорт жагынан барып, кайра жумушка мисалы жума күнү кечинде чыгып эки күн бою жол жүрүп жекшемби күнү кайра жолго чыгып биринчи күнү кайра жумушка чыгып калчубуз да. Ушундай күндөр көп болчу. Ленинград, өзгөчө Рига менен Таллинде мен көргөнүм — көп кичинекей гезиттер чыгып калган да ал кезде, самиздат деп аталчу анын баары. Ар ким өзү каалагандай демократия болуп самиздат деп чыгара берчү. Ал эми батыштан чыккан гезиттерди, китептерди “тамиздат” дечүбүз биз. Тамиздат анан самиздат бар болчу да. Самиздатты мен көп окуп калдым. Чогултуп, сатып алып, алардын баарын ошондой бололу деп сатып алып Москвага келип окуп жүрчүбүз. Кыргызстанда дагы ошол убакта көп өзгөрүүлөр болуп атты. Топчубек Тургуналиевдер, Жыпар Жекшеевдер, Казат Акматов менен Табылды Эгембердиевдер көп, ошол кезде бүт СССР боюнча баары эле бир багытта болуп аткан. 1990-жылы мен бир отпускага чыгып Москвада Бишкекке келгем. Бишкекке келип ошондой самиздатты көрөйүнчү, окуюнчу десем такыр мен эч жерден таппай койдум. Тияктан-бияктан сурап кайда сатылат десем билбейт эч ким. Аскар Айтматов Чыңгыз абанын уулу биз тааныш болчубуз, сурадым да жоолугуп: “Каяктан сатылат? Эмне болуп атат, кайдан сатып алса болот?”- десем — Ой андай бизде жок деди, — ой кандайча жок, бардык Москвада бар, Ленинградда бар, эмне үчүн Бишкекте жок? — деп сурасам -Анда сен ошону баштагын! — деди да. 1990-жыл июль-августта мен эс алууда болчумун. Сентябрда Москвага барып чын эле ошондой бир нерсе чыгарыш керек го деп ойлоп, өзүм билбейм кантип эмне кылыш керек гезитти кантип чыгарат экенин. Тааныштардан тияк-биягын сураштырсам, ошондой нерсе чыгарса болот экен бирок, кичинекей эле гезит болчу. Сентябрда кайтып келип Москвага ноябрдын жетисиниде “Мүрөк” деген гезиттин биринчи саны чыкты. Бүт өз акчама чыгаргам. Анткени ал кезде мен 3 жерде иштечүмүн. Эртең менен туруп короо, көчө шыпырчумун андан кийин 9 га барып жумушка академияга илимий кызматкер болуп иштеп кечки 5-6 чейин иштеп, а кечинде мен спорт менен машыкканым үчүн №3 спорт мектепте машыктыруучу болуп эмгектендим. Ошентип 10до үйгө келесиң, жатып уктайсың, 5 те эртең менен турасың, кайра эле ушундай күнүгө. Бирок, 3 жерден акча алганым үчүн анча-мынча каражат бар болчу. Ал акчага “Мүрөк “ деген гезитти чыгара баштадым. Анткени, отпускага кетер алдында мен Москвадан кайсы гезиттин “Российская газета” го ошону алып окусам жаңы маалымат каражаттары боюнча Россиянын мыйзамы чыгыптыр. Ал жерде мени аябай таң калтырган нерсе ким болбосун жөнөкөй эле жаран өзү жалгыз гезит негиздей алат деген берене бар экен. Анткени мурда мындай мүмкүн эмес болчу да. Партия баарын көзөмөлдөчү, тияк-бияктан барып каттоодон өтүп эмне болуш керек, коллектив болуш керек, акчаң болуш керек тигиндей-мындай. Кандай бул бир эле адам түзө алабы деп сураштырсам чын эле болот деди. Ошентип өзүм чыгара баштадым, “Мүрөктү” мен өз каражатыма чыгара баштадым. Каттоодон аны кийинчерээк өткөрдүм, 1991-жылдын башында арыз жазып жанагы гос.комитетте “по печати СССР” деген бар болчу. СССР бар эле да ал кезде, жоюла элек болчу. Ошого барып 1991-жылдын мартында каттоодон өткөрдүм окшойт. Китеп берди, күбөлүк, каттоодон өттү деп ал жерде комиссия караган коллегиясы карап, ал жерде Лаптев деген киши бөлүм башчысы болчу, ал өзү катышкан жок, анын орун басарлары катышты го бөлүм башчылары суроо берип кереги эмне мындай гезиттин деп мындай-тигиндей, анын баарын мен түшүндүрүп бердим. Москвада 3 миңге жакын кыргыз жашайт. Аларга Кыргызстанда болуп аткан окуяларды айтып туруш керек. Маалымат берип туруш керек, алардыкын чогултуп Кыргызстанга айтып туруш керек дедим. Макул дешип, демократиялык болчу баары, азыр андай мүмкүн эмес го. Ошентип каттоодон өттүм, мага күбөлүк беришти. Эмгиче бар менде сакталган бир жерде жатат го, мен аны издеш керек экен табыш керек болсо. Ноябрда чыга баштады, ошол кезде Москвада Алмас Естеков деген жигит бар болчу. Казак, кийин ал жер которуп Америкага кетип калды. 7-ноябрда чыкты биринчи саны “Мүрөктүн”. Айына бир жолу чыкчу, күнүнө чыгара турганчалык эмес, анткени мен жалгыз өзүм. Сүрөтүн дагы өзүм тартып, тамгасын дагы өзүм терип, ал кезде компьютер жок. Машинкага салып анын баарын макетти жасаш керек болчу. Гезит 7 синде чыкса Алмас Естеков 1 күн 2 күндөн кийин мага чалып калды: “Мен бир конгресс өткөрүп атам, түрк элдеринин конгрессин өткөрүп атам, кел”,- деп калды. Мен айтып калдым, а мен гезит чыгарып атам деп. Анда гезитти ал кел деди. 1000 нуска менен чыккан. Ошол 1000 нусканын 250 нускасын алып бардым го. “Москва” деген мейманкана Кремлдин жанындагы ошол жерде өткөрүп атыптыр. Барсам, көп эл чогулган. Түрктөрдүн баары чогулган бардык Союздан Крым татарларынан тартып Якутияга чейин баары келиптир. Кыргызстандан Жыпар Жекшеев келиптир, ошол жерден Жыпар менен тааныштык. Мен мурда таанучумун Абдуманап Булатов деген өзбек демократтардын бири. Анын агасы дагы бар Абдурахим Пулатов деген. Абдурахим азыр Америкада жашайт болушу керек. Абдуманап кичүүрөөк болчу, иниси Моноп дечүбүз биз Абдумонопту. Ал каза болуп калды. Алар дагы келиптир. Мен Монопту тааныган үчүн жолугуп калдык. Жыпар Жекшеев менен ошол жерден тааныштык. Анан конгресс өттү. Бир күн эле болду. Бүткөндөн кийин Жыпар аганы кайсы мейманканага орноштуңар мен жеткирип коеюн деп сурасам эртең менен аэропорттон келип эле бул жакка келдим десе анда жүргүлө менин үйүмдө жашайсыңар деп аны үйүмө алып келип ал 1-2 күн болду. Ошол жерден таанышып меникинде жашап анан бүт гезиттин баарын мен Бишкектен таратам деп алып кетти да. Ошентип гезит чыгып калды. Бир айда бир чыкчу көп деле эмес. Ар бир чыккан санын, чыккан сайын мен алып аэропортко барып тааныштарга могуну ала кетчү деп берчүм. Ал кезде азыркыдай террордук коркунуч деле жок болчу. Тааныштар жолугуп калат аэропортто. Ал кезде аэропорттун өзүнө эмес, аэровокзал деген бар болчу. Ошол жерге барып регистрациядан өтүп билеттердин баарын каттап богажды ошол жерден өткөрүп салса, салуу мүмкүн болчу. Азыр андай болбой калды окшойт. Анан жөн эле автобуска түшүп эле аэропортко барып самолеттун алдына тарапка алып келчү. Ушундай болчу. Бир тааныштарды таап эле гезит чыкканда мына мону ала кеткиле баланча жерге Жекшеевге телефон чалсаңар алып кетет деп анан ошентип мен Москвадан чыгарган гезитти ДДК нын тең төрагасы болчу да Жыпар Жекшеев ошол анан таратчу, ушундай чыккан гезит.
Интервьюер:
- Ал эми ушул гезиттеги эмне маселелерди көтөрчү элеңиз
Нарын Айып:
- Бардык. Ошол кездеги “перестройка” учурундагы, мисал үчүн кыргыз тилин латиницага өткөрүш керек деген маселе бир номерде ошентип чыккан. Ал кезде машинкалар бүт эле орусча болчу да. Мен иштеген институт абдан чоң институт болчу. Жогорку температуралар институту ИВТ деп койчу, “Институт высоких температур”. Академия наук абдан чоң 7 миң адам иштеген ар башка отделдерден сурап жүрүп мен англисче машинканы таптым. Бере тургулачы десем баары эле бир институтта иштеп аткандай кийин макул деп берет. Алып келип комнатама ошонун баарын англисче жазып терип анан кыргыз тилин латынга өткөрүш керек деген макаланы англис тилинде жазып чыккам да. Сүрөттөрдүн баарын өзүм чыгарчумун. Ушундай нерселер. Ленин жөнүндө макалалар чыккан. Ал кезде жанагы биякта(Кыргызстанда) мен кийин уктум чоң дискуссия болуптур Бишкекке келгенде. Токтогулдун сөздөрү бар эмеспи: “Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду” деген. Аны мен “Кандай аял тууду экен, ажырдардай уулду” деп өзгөртүп аябай чуу болгон экен. Бул кандай Ленинди жамандайт, кандай жигит деген сыяктуу дискуссия болгон экен. Анан бир жылдан кийин келип бул жактан баары менен таанышып чыктым. Табылды менен, Казат Акматовдор менен, Топчуке менен таанышып анан давай бизге салып тур деген. Мен көбүнчө Жыпар Жекшеевге салчумун. Ал башкаларга таратчу. Ал кезде Ленинградда дагы “Ак-Кеме” деген уюм бар болчу. Аны Мелис Артбек уулу деген жигит негиздеген. Ага дагы мен 50дөй экземплярды берип жиберчүмүн. Анткени поездге барып проводникке же Ленинградга бараткан көбүнчө орустар, анда кыргызар аз болчу. Бишкекке кыргыздар көбүнчө учат да. Анан могундай жөн эле кагаз, көрүп турат да гезит экенин. Ленинградга барсаңар мынагы телефонго чалсаңар өзү алып кетет деп айтчумун. Алып кетишчү. Азыркыдай коркот бирөөнүн бир нерсесин албайт. Анткени азыр террордук коркунучтар болуп кетти. Ал кезде ушундай демократиялык неме болчу. Эми көбүнчө баягы Москвада деле демократиялык өзгөрүүлөр болуп аткан. Ошонун нугундай айтылган макалалар болчу да көбүнчө. Көбүн мен өзүм жазчумун. Кээ бир адамдар жазып калчу. Берип турчу. Ал кезде почта жакшы иштечү. Мисалы үчүн мен Бишкекте чыккан бир топ гезиттерге жазылгам, Москвадан 2-3 күндүн ичинде келчү гезиттер, жанагы “Советская Киргизия”, “Советтик Кыргызстан”, “Маданият” деген гезиттер чыккан күнүнөн ашып кетсе 3 күндө келип турчу. Почта жакшы иштечү. Анын баарын окуп анан Москвадагы болуп аткан нерселерди айкалыштырып “Москвада мындай болуп атат”, “Перестройка мынтип атат, а кыргыздар анча-мынча артта калып атабыз” деген сыяктуу макалалар чыкчу да.
Интервьюер:
- Москвадагы студенттер кандай кабыл алды? Анан сиз өзүңүз эле жалгыз иштедиңизби же кандайдыр бир уюмга кошулдуңузбу?
- Өзүм эле жалгыз. Эч кимге кошулган эмесмин. Тираж көбөйүп, көбөйсө жардам балким издемекмин, өзү кичинекей болгону үчүн анчалыкка барган жокпуз. Ал кезде МГУ да журналистика факультетинде Кубат Чекиров иштечү. Ал кээде келип жардам берип калчу. Бирок, окуусунан көп бошой албайт. Бакыт Орунбеков бүтүп келген болуш керек. Алар “Студент жаштар жана акыйкат” деген уюм түзгөн. Алар менен чогу иштешип калдык. Ал кезде азербайжандар аябай активдүү болчу. Активдүү ар башка нерселерди уюштурчу. Акцияларды, КГБ нын “Мемориал” деген уюмда Виталий Понамарев деген жигит менен таанышып калдык. Эмгиче иштейт, бирок “Мемориалды” жаап салды. Алар башка уюм түзүп иштеп атат го. Эмгиче байланыштабыз. Анткени ал кезде “Неизвестная Республика” деген макала чыгарган. Аны дагы бул жакта талкуулап, парламентте талкуулап, “Эмне үчүн бизди мынтип атайт” деп көп талкуу болгон Виталий Пономаревдун ошол макаласы тууралуу. Анан ошол кезде докторантурада окуп, иштеп жүргөн Кадыралы Колкобаев деген агай докторант болчу, тилчи. Ал болсо 90-жылы мен гезитти чыгарып атсам, 89-90-жылдарда “Азаттыктын” эң биринчи кабарчысы болгон. Мюнхенге кабар бери турчу. Ал кезде компьютерлер жок. Телефон менен болчу. Алар телефон чалат, ал телефон менен айтып берет “тиги болуп атат, бул болуп атат” деп. Анан менин гезитиме чыкканда жөн эле телефондон окуп берчү. Анан алар Мюнхенден эфирге чыгарчу. Эми алар үнүн жазып алат. Кадыралы байке үнү менен айтат да. Анан ошентип Кадыралы аркылуу Акималы Өзгөн менен таанышып калдым. Ал Мюнхенде Азаттыктын кыргыз бөлүмүнүн директору болчу. Ал Бишкекке жылына 1-2 жолу келип калчу Москва аркылуу уччу ал кезде самолеттер. Ошон үчүн ал Москвага келгенде Кадыралы мени менен тааныштырды. Жолугуп, сүйлөшүп, алар телефон чалып калчу кийин. Москвада ушундай гезит чыгарып атыптыр деп кийин мени ушул жакка чакырышпадыбы иштегенге. Ошентип мен 93-жылы ноябрдан баштап Мюнхенге барып калдым. Ноябрга чейин 93-жылы февралда алар билет заказ кылып Люфтганзе менен мен аларга учуп барып собеседование деп коет эмеспи, интервью англисче. Англисчени мен анча-мынча билчүмүн. Айтып бердим, жооп берип алардын берген суроолоруна. Ушундай-ушундай, өзүм окумуштуумун, илимий кызматкермин, бирок аргасыздан журналистикага кошулуп кеттим деп айтып бердим. Аким Өзгөндү катыштырган жок. Жалаң америкалыктар, 3 адам. Алар суроо берди, мен жооп бердим алардын суроолоруна. Чыккандан кийин билбейм кандай болорун Аким Өзгөн көрөбүз деп айтты. Мен Москвага кете бердим. Кайта берсем мага кагаз жибериптир: “Кабыл алабыз, жумушка жарайт деген чечим чыгардык” деп. Анан кандай кылып орноштуруш керек десем, Москвадан эмес,Бишкектен келген жакшыраак болот деди да. Анан мен Москвадан “без содержания” деп коет эмеспи акысы төлөнбөгөн отпуск алып Бишкекке келдим. Келип ушул жактан документтерди даярдадым да. Ошентип мен контракт-чакырууну апрелде алдым. Анан визаны жөн эле 2-3 жумага эмес, 2 жылга болуп атат да. 2 жылга контракт түзүлгөн да. Алар билбейт экен, алар тигил жакка запрос кылып, бул жакка жазып кандай кылабыз, эмне кылабыз деп отуруп визаны мага ноябрда берди. Ноябрда тигил жакка жумушка кеттим. Ортодо “Республика” деген гезитте иштеп калдым мен Бишкекте. Анткени “Мүрөк” деген гезитти чыгарып жүргөндө Москвага Замира Сыдыкова келип калган ал мурда МГУ нун журналистика факультетин бүткөн. Ушундай гезит чыгарып атыптыр дегенди угуп телефон чалып балдардан сураган го экөөбүз жолугуп сүйлөшкөнбүз. Ал диктафонго интервью жазып алып “ушундай Москвада гезит чыгарып атыптыр” деп, анан ал кезде Замир Сыдыкова “Комсомолец Киргизии” деген гезитте иштечү. Менимче, ответчиктей болчу го же башка кызматта беле иши кылып ошол гезитте иштечү да. Ошого макаланы бир полосанын жарымынан азыраак бир көлөмдө чыгарыптыр. Анан жанагы Мюнхенден контрактты алганда Бишкектен келгениң жакшы го дегендей мен Бишкекке келип Замира ага чейин “Республика” деген гезитти чыгара баштаган экен. Анан барсам кел бизге иштегин деп зам.главный редактора кылып койду. Редактордун орун басары кылып. Ноябрга чейин ошентип иштеп калдым. Ноябрда кетип атам деп айткам, баары билет. Ноябрга чейин башкы редактордун орун басары болуп республикада ал ортодо дагы 4-5 айдын ичинде бир топ макала жазып калдым. Эл окуп, реакция болуп калган. Бул ким кайдан чыккан неме деп ушундай болуп. Ошентип журналистикага өттүп кеттим.
Интервюер:
- Ошол учурдагы гезит журналдардын иштөө механизми кандай эле? Каражатты кайдан алган? Мисалы үчүн “Мүрөк” 3 жыл жашаса, 3 жыл бою өз каражатыңызга чыгарып турдуңузбу?
Нарын Айып:
- Өз каражатыма, баарын өз каражатыма. 3 жыл чыккан жок. 92-жылдан аягына чейин чыкты. 2 жылдан көбүрөөк анча-мынча. Анан башаламан, жанагыдай нерселер болуп кетти Москвада. 92-жылдын 93 тө чыкпай калган. 92 нин аягында деле чыкпай калды го. Анан каражат дагы жетпей калды. Жанагыдай нерселер болуп мен тиякка барышым керек, организациялык маселелер болуп кетти да. Аягына чейин ноябрга чейин болгон жок. Чыкпай калды. Бирок, эми чыккан номерлери бар болчу. Кайсы бир жылы 1991 же 1992-жылда го бардык номерин чогултуп келип, азыр Алыкул атындагы ал кезде Ленин атындагы китепкана болчу, улуттук китепканага баарысын тапшыргам. “Мынагындай Москвадан чыккан гезит. Аласыңарбы?”, — десем, — алабыз, — деди. Бирок мен ким экенин жазып алган эмесмин. Бир кызматкерлер барып кирип сураса, бул жакка барыңыз деди ошол бөлмөгө барсам мынакей ошол гезиттер деп бергем мен баарын. Мына бу Москвадан чыккан гезит. Менимче ар бир ар бир санынын 2 денби же 3төнбү номерин кылып бергем. Бирок, кийин сурадым мен, кээ бир адамдар сурайт да. Баягы гезитти тапса болобу деп, мисал үчүн баягы Аалыбек Асанканов деген жигит бар эмеспи. Азыр тарых институтунун директору. Ошол бир телефон чалып сураган, ал кезде ал дагы Москвада болчу ошол кезде: “Нарын баягы гезитиңди кантип тапса болот?” дегенде — мен азыр жанымда жок, өзүмдүн жанымда жок бирок китепканага бергем, ошол жакка барсаң болуш керек, десем анан кийин барсам жок экен деп телефон чалды. Көрсө алар сактабаптыр, билбейм эмне үчүн сактаган эмес. Кийин деле мен аны териштирегн жокмун. Эмне үчүн жоголду деп барып изин издеген жокмун.
Интервьюер:
- Сиз жана айтып кеттиңиз го, “Белгисиз республика” деген макала чыккан деп. Деги эле ошол жылдары Кыргызстан менен башка совет өлкөлөрүн салыштырганда Кыргызстанда канчалык деңгээлде ушундай демократиялык уюмдар, кыймылдар пайда болгон?
- Көп эле болчу. Көп.. Мисал үчүн “Социал-демократтар” деген уюм бар болчу. Алар өздөрүн “соц-дек” деп аталчу. Ушундай уюмдар дагы башка гезиттер чыкчу. Башка дагы, көбүнчө орусча. демилгелүү топтор чыгарчу. Бирок алар 1-2 саны чыгып эле анан жоголуп кеткен. Анан көбүнчө андай адамдар ушинтип , бир нерсе чыгарып, элге таанымал болуп, чет өлкөгө кетип калган болгон көп ушундай нерселер. “Майдан” деген гезит канчанчы жылы чыкты? 91 де чыкты го. Аны жакшылап такташ керек экен. Анткени менин “Мүрөгүм” 90-жылдын ноябрында чыгып атат. 1991-жылдын менин оюмча апрелинде “Аалам” деген гезит чыкты. Андан кийин 1991-жылдын июлунда “Кыргыз руху” чыкты болушу керек. 1992-жылдын майында чыккан экен “Майдан” деген гезит. КДК чыгарган. Анткени, алар даярдап, көпкө даярдык көрүп, ким башкы редактор болот де аны тандап, уюштуруу иштери көп болгон да. Ошол менин эсимде, 1991-жылы го отпускка келсем Топчуке мени чакырып алып, мындай биз гезит даярдап атабыз, чыгарган атабыз, сен жардам бергин деп, ошондо башкы редактору Дыйканбек Сыдыков го, азыр мен унутуп атам, ушундай болуш керек. Дыйканбек Сыдыков деген, же Садыков беле ушундай. Анан ошол менен көпкө жүрүп калдык, даярдап, мен дагы макала жазып берип, эң биринчи саны чыкканда “Майдан” деген гезитке менин дагы макалам чыккан биринчи гезитке анткени Топчуке сурап, биз чыгарып атабыз сен келип жардам бергин деп ошентип жүрүп жардамдашып 1-2 саны чыкканга чейин. Эми анчалык деле менин салымым көп деле болгон эмес баягы тияк-биягын көрсөтүп ушундай болгон. Москвада чыгып жүргөндө тажиктер кайрылган, алар кыргыз элчилигине кайрылыптыр силерде кыргызча гезит чыгып атыптыр, кантип чыгардыңар, кантип баштадыңар эмнеден башташ керек деп кайрылган экен. Элчиликтен мени таап келиңиз деген элчиликке барсам 3-4 жигит келген экен айтып бергиле деп анан ошол жерде элчиликтин ичинде жолугуп ушундай-ушундай деп мен айтып бергем. Анан ал кезде демократиялык экен, мен өзүм билбейм да кандай чыгарыш керек экенин. Мага Москвада жашаган орус балдар көп жардам берди. Анткени мисал үчүн иштеп атканда илимдер академиясында “прописка” деген нерсе бар болчу да. Прописка меники Москва облусунда болчу. Шатура району деген жерде. Анан прописка ошол жакта, эгерде мен өзүм чыгарайын десем банк эсебин жашаган жерим боюнча ачышым керекмин. Ал болсо кыйыныраак кичине, финансылык бир нерселер болсо ошол жактан барып жасаш керек, жанагы Шатура деген шаарга барып, кыйыныраак болгон. Анан ошол жерде мен тааныган спорт жагынан көбүнчө чогу машыккан балдар менен сүйлөшсөм Костя Блохин деген жигит бар болчу, биз машыкчубуз чогу жолугуп калып ушундай болуп атат десем өзүнүн үйүнүн номерин жазып берди Москвада жашайт да, мына деп атын жазып, номерин, индексин баарын жазып “Мына бу адреске эмне кылам десең кыла бергин” деп мага берген да. Анан мен ошонун адресин колдонуп жасаганмын. Кийин дагы спорт жагынан көп машыгып жүргөн үчүн биз көп гезит, гезит эмес китептерди табылып калчу да англисче чыккан боюнча анан ошолорду копия кылып алыш керек болчу да. Ошондой китептерди барып берсең бир күндө жасап берчү ал китептердин мукабасын жасап алып ошол китептер менен машыкчубуз да. Жасап жүргөн жигитке орус жигитке телефон чалып бир китеп колума тийди, 2-3 күнгө копия жасап берчи десем мен жасабай башка отделге өтүм кеттим деди да. Аа, анда кечирип кой деп телефонду коеюн деп атып анан а эмне отделге өттүн деп сурап калдым да өзүм үчүн эле, гезит чыгарган отделге өттүм дейт да. Ой кандай бул гезит десем, ушундай өттүм анан а мен сага барып көрсө болобу дедим да. Макул деди, ушул жерге келгин деп Москвадагы бир типографияны айтты. Мен бардым, барсам көрсөттү. Гезиттин кантип чыгарын мен билбейм. Макетти көрсөттү, ушундай макетке алып келет бизге алып келгендер, андан биз тираж жасайбыз. Анан мен сурадым: “Эгерде мен сага ушундай макет алып келип берсем чыгарып бере аласыңбы?” — десем — “Пожалуйста”- дейт, чыгарып берем деп. Анан мен үйгө отуруп алып ошондой макет жасадым. Макаланы чогултуп, сүрөт тартып чоң батманга жанагы машинкага баскан немелерди кесип клей менен чаптап логотип дегенди өзүм жасадым “Мүрөк” дегенди ошондой нерсени жасап барып бердим. анан чыгарып бер десем бир күндүн ичинде чыгарып берди. Ошентип гезит чыга баштады да. Көп ушундай ыктыярчы балдар орус болду. Ошол жакта жашаган бир топ кыргыздар бар болчу. Кайрылсам бул эмне кандай дегендй кылып да коркту. Жанагыдай орус балдар, москвичтер, алар коркпойт, алар уже көнгөн, көнгөн деген деле эмес, эми бирок ушундай мамиле болду да. Алдап кетпейт, жамандык кылбайт дегенге ишенчү балдар болду ошентип кайрылсам жасап беришти, ошентип чыгып калды гезит.
Интервьюер:
- Гезитте чыккан эң эсиңизде калган лозунгдар, макалалар жөнүндө айтып бере аласызбы? Кандай көйгөйлөр көтөрүлгөн? Мисал үчүн, “Майданды” карасак бул жакта көбүнчө үй маселеси, жер маселеси, прописка маселеси анан тил маселеси, көбүнчө Фрунзе шаарындагы Ош окуясы чагылдырылыптыр да. А сиздин Мүрөктө эсиңизде калган макалалар эмне жөнүндө болгон?
Нарын Айып:
- Менин оюмча саясий нерселер, андайларды мен билбейм да Москвада отуруп алып ошончү мына бүт СССР де мына баланча болуп атат, мындай өзгөрүүлөр болуп атат, партиянын үстөмдүгү кереги жок, КГБ ны жоюш керек деген сыяктуу нерселер чыкчу да. Мына мисал үчүн, “Саюдис” деген уюм бар болчу Литвада. Алар менен да кат алышып турчумун. Алардын гезити да жакшы болчу. Мен “Саюдис” деген уюмга кат жазса алар мага сала баштады. “Саюдис” деп аталчу гезити. Алардан алган макалаларды, Москвада абдан көп нерселер чыкчу. Макалалар, литературная газета же болбосо “Совершенно секретно” деген абдан жакшы чыкчу, Артем Боровик чыгарган. Уюмдар өткөргөн партиялык жолугушууларга дагы катышып калчумун мен барып. Бир жолу Москвага кимдер келди. Топчуке менен Өмүрбк Текебаев. Мен Бишкекке келип таанышып калган үчун Текебаевди таанучу эмесмин, Топчукени таанычумун экөө келип, менин үйүмө келип, редакция көбүнчө менин үйүмдө болчу да. Алар бир чоң демократиялык конгресске барган экен. Мени чогу кошо ала барышты. Ал жакка барсам жүргөндөрдөн мен тааныган адамдар көп экен орустар, аралашып кеткенбиз да. Көбүнчө саясий маанидеги нерселер болчу. Эгемендик болуш керек деген. Өз алдынча болобуз дегендерден. Ал убакта СССРди сактап калабыз дегендер да көп болчу да. Бөлүнүп өз алдынча болуш керек деген макалалар. Ушундай саясий нуктагы, көбү эле ушундай маселелер болчу. Тил дагы, жанагыда айтпадымбы латин тилине өтүш керек деп. Көп эле болчу. көп адам жардам берди. Кээ бир адамдар, ал кезде компьютер жок, мен машинкага чыкчумун. Мен ошо машинкада басчумун. А кээ бир москвич кыздар-балдар көрөт да жанагынтип атканымды анан бирөөнүн компьютери бар жумушунда, көрөт да кел мага макалаңды бергин компьютерден чыгарып берейин дегендер болгон. Мен берем, ал дагы кайра терип чыгышы керек да кайра, ал кезде сканер деген жок болчу. Макаланы, машинкага терилгенди, кайра ошону барып териш керек. Кыргызча түшүнбөйт, бирок жазып берет. Мага алып келип берет, ал кагазды кесип мен макет кылганга чаптап, чыгарчумун. Көп адамдар айтчу: “Оо сен компьютер алган турбайсыңбы”, — деп. Чындыгында менде компьютер жок болчу.
Интервьюер:
- Кийинки суроом ушул жөнүндө болчу да эгемендүүлүк жөнүндө. Көптөрдөн биз интервью алганда деле гезиттерде караганда деле эгемендүүлүк же көз карандысыздык жөнүндө жок экен да. Көп партиялуулук, социалдык, улуттук маселелер жөнүндө айтылган, бирок биз бөлүнүп кетебиз же биз өзүнчө эгемен мамлекет болушубуз керек деген 1991-жылга чейин лозунг бир ачык таба алган жокпуз да. Эгемендүүлүк жөнүндө качан айтыла баштады? Сиздин макалаларыңызда качан жазып баштадыңыз ачык? Кандайдыр бир кысым болдубу?
Нарын Айып:
- Кысым болот деп мен ойлочумун. Бирок мен азыр канча жыл өттү 1990-жыл канча болуп атат? 35-34 жыл болуп кеттиби эсимде жок кайсы жыл экени, бирок саясий экени эсимде. Дал ошол эгемендик дегенди мен эстей албай атам кандай экени. Аны таап караш керек экен. Бирок, КГБ бар болчу. Мен айтпайдымбы жана бул жакта менин агам депутат болчу. Атам университетте зав.кафедры болчу. Ошон үчүн аларга тийбесин деп бул такыр башка адам деп ойлосун деп мен өзгөртүп алгам да Нарын Айып деп Идинов деп атабай. Мен өзүм чындап эле коркчумун. Москвич балдар атайын мага балон алып келип беришти. Дайым колуңду чөнтөккө салып кармап жүргүн деп, орустар, москвич балдар. Сен жанагыдай нерсе чыгарып атасын деп, ар кандай нерсе болуп кетиши мүмкүн басып жүргөндө чөнтөгүңө салып алып дайым колуңду басып тургун бирөө бирдеме кыла калса эле чыгара калып эле бетине чачыш керек деп. Институттар менен ИВТ деген институтта иштегем. Ал жерде билгендер бар да иштеген адамдар, мисал үчүн Юрий Кузнецов деген адам бар болчу. “Сен Камикадзе турбайсыңбы. Сен коркпойсуңбу?” деп айткан мага ачык эле. Сен абайлагын, ойнобогун от менен дегендей кылып. Институтта дагы бир казак жигит иштечү. Жумабек Асазаулов деген Ал бир топ жардам берди. Анын компьютери бар болчу. Ал дагы ошондой нерселерди басып берип ушундай жардам бергендер болгон. Жангынтип мен күтчүмүн бир нерсе болуп кетеби деп кол салуу болгон жок. Эч кандай мында, көчөдөн же бир жактан же бир суракка чакырып же эмне болот деп андай нерсе болгон жок.
Интервьюер:
- Ушул жылдары 85-90-жж кайра куруу, айкындуулук саясаты жүрүп атпайбы. Ушул кыймылдарга тийгизген мүмкүнчүлүктөрдүн таасири жөнүндө айтып бересизби? Мисал үчүн эгер ошондой саясаттар болбосо, кыймылдар чыгат беле? Же мүмкүнчүлү болгон үчүн гана мамлекет мүмкүнчүлүк түзүп берген үчүн гана ушундай самиздаттар чыгып, уюмдар түзүлдүбү?
- Самиздат мурда эле бар болчу. Тыюу салынганга карабай болчу. Бирок, жашыруун, анан тааныган, билген ишенген адамга гана таратчу же тиги 67-жылдан бери болгон да. Жанагы Прагадагы “Пражская весна” деп атпайбызбы. Ошондой нерселерден баштап эле болгон да. Кийин Горманевска деген айым “Хроника текущих событий” дегенди баштаган. Алар мурда эле болгон. Жанагы Алексеева деген киши көп жылдар бою жасап жүргөн. Академик Сахароваларга жардам берип жүргөн. Ошон үучн самиздат мурда эле болгон, ошончун аты самиздат болчу да. А бирок массалык түрдө перестройка башталгандан кийин чыкты. Ага чейин жашыруун болуп алардын кээ бирлерин камап психиатриялык ооруканаларга жаткырып, жок кылган учурлар көп болгон. Массалык болгон эмес, тымызын болуп жүргөн, көмүскөдө болгон, аны биз кийин гана билип атабыз да. Бирок, массалык түрдө 1985-жылы перестройка башталгандан кийин болду. Анткени, ачык болду. Жанагы менин деле өзүмдүн мисалым, мен андай нерсе жасашты мүмкүн эмес деп ойлочумун. Анан жанагы официалдуу Российская газета дегенге чыккан текст массалык каражаттар тууралуу мыйзамдын жаңы тексти. Ошону көрүп анан Кыргызстанда дагы 1992-жылы Кыргызстандын шартына ылайыкташтырып мыйзам чыккан да. Биринчи Москвада чыккан, Федотов деген киши демилгечиси болгон. Ошондуктан үстү жактан уруксат берилбесе, чыгыш кыйын болмок. Жанагыдай демократиялык өзгөрүүлөр. Ошону Москвадан көрүп өзгөчө Балтика жээгиндеги 3 жумурият Украинадагылар баары ошондо жасаган да. Аны көрүп Кыргызстанда дагы элдер катышып ошондой нерселер болгон. Жана айтпадымбы, Алмас Естеков конгресс уюштуруп атса белгилүү адамдарды чакырып Жекшеев келип атат. Орто жолдо алар мен мен таанышып калып атам Алмазды тааныганым үчүн. Кийин аны Америкага мен жөнөткөм. Казактар кичине коркуп турган бул от менен ойноп атат дегендей кылып. Ошон үчүн Алмас Естеков Америкага кетип атканда казактар жөнөткөн эмес, мен жөнөткөм аны аэропортко алып барып, жанына жүктөрүн көтөрүп барып, жардамдашып. Ушундай нерселер болгон. Аз болчу адамдар. Ошол кезде кандайдыр бир деңгээлде “Мүрөк” гезити Москва менен Бишкектеги нерселерге кичине көпүрө болду деп айтсам болот.
Интервьюер:
- Нарын мырза, сиздин оюңузча Кыргызстандагы ошол учурдагы жаштардын кыймылдары, уюмдары, ошол учурдагы медиа-гезит журналдардын эгемендүүлүкө болгон ролун айтып бере аласызбы? Анткени, референдум болгондо бизде көбүнесе СССРдин курамында калабыз деп добуш беришкен экен да. Анан чынында эле эгемендүүлүк алганга ушул уюмдардын, кыймылдардын таасири тийдиби?
Нарын Айып:
- Тийди албетте. Эми референдум деген нерсе ушундай экен. 1991-жылы декабрда тарап кетип атат СССР марттан референдум болгон баары колдойбуз деди эле. Шайлоону баары, көп нерсе ушундай болот экен да. Адам оюнда бир, а добуш бергенде башкача добуш берет. Көп нерсе ушундай. Анткени адамдын аң сезими ушундай артта калат экен да. А бирок жанагыдай уруксат берилгенде көп нерсе түзүлгөн. Кийин жанагы гезиттер чыгып баштаганда Кыргызстанда деле эгемендиктин кереги жок деген ой көп деле болгон жок го, баары эле макул болгондой болгон. Эгемендүү бололу деп. Анын үстүнө жанагы өздөрү баштабадыбы Россия. Беловежская Пуща жолугуп: “СССРди биз негиздегенбиз 3 мамлекет: Украина, Россия, Беларусь үчөөбүз аны тарата алабыз,” — деп анан кол коюп жанагы таратып атпайбы. Борбор Азиядагылар катышпай калган. Назарбаев менен башкалар кандай бул биз талаада калабызбы дегендей кылып анда болсо биз дагы өзунчө бололу деп ошондо негизги. Ошол кездеги күчтөр сырттан дагы балким жардам болуп калды . Ичкисин жакшы билүү кыйын бирок өздөрү баштап алды да. Ошол кезде Москвада мен бир топ эле аралашып калдым. Орустардын арасында дагы Россия өз алдынча болуш керек деген пикирлер күчтүү болчу. Кээ бир адамдар биз көп талашып калчубуз жангы институтта иштеген айлана бүт эле орсутар болчу да мен жалгыз эле кыргыз болчумун . Алар менен сүйлөшүп калганда алар айтчу: “Мына орустар кең эмес, басмырланган” деген ойлорду айтчу эле. Мен айтчым кантип басмырланып, силер үстөмдү кылып атпайсыңарбы?!” — десем алар мынтип айтчу да: “Мына Кыргызстандын компартиясы өзүнүкү бар, Россияныкы жок, -дечү — же болбосо, кээ бир министрликтер бар, силерде өзүңөрдө бар, а Россияныкы андай жок”- деп. “СССРД деп аталып ошол Россияныкы болуп атпайбы” десең алар танчу эмес да. Ушул нерсе кийин Россияга, өздөрүнө каршы иштеп калды. Алар биз өзүнчө болобуз деп, Россия өзүнчө бөлүнөт деп Горбачев менен Ельцин ортосундагы тирешүүдөн Ельцин Россиянын президенти болгондо 12-июнда өз алдынча болот дегендей кылып чыгарбадыбы анан Россия чыгып кетип атса СССРдин курамынан анда башкалар СССР боло албайт да, Россиясыз. Ошондуктан, биринчи 2 адамдын тирешүүсү Горбачев менен Ельциндин, экинчи жагынан улутчулдук деген нерсе орустар СССР дин ичинде орустар басмырланып атат деген ой абдан көп тарап кеткен орустардын арасында, ошол нерсе абдан чоң күч болду окшойт СССРди таратканга. Кыргыздар ошолорду көрүп эле ошолордун мисалы менен жасаган. Балтика элинде 3 жумурият ал уже аң-сезимдүү, идеологиялык негизде бөлүнөбүз деп жүргөн. Анткени, алар 1940-жылга чейин өз алдынча болчу да. СССР аларды кошуп алган. 1940-жылдан 1990-жылга чейин 50 эле жыл өткөн экен. Алардын аң сезиминде бар экен, биз өз алдынча болчубуз, кайра ошондой болобуз деген. А кыргыздарда андай болгон эмес бирок ошолордун мисалы менен биз дагы жанагыдай нерселерге аттандык да.
Интервьюер:
- Нарын мырза, азыр мындай нарратив бар да. Россияда, же орус саясатчыларында ошол учурдагы Борбор Азия өлкөлөрү дотацияда отуруп Россия аларды багышкан, анан ошндон тажап эгемендүүлүктү белек кылып берип койгон деген? Сиз буга кандай карайсыз?
Нарын Айып:
- Аны экономисттер жакшы билет. Ошо экономитстерден сураш керк го. Бирок, чындыгында абдан көп жардам болгон СССРден. А бирок ченей албаган нерселер бар да. Мисал үчүн, Кумтор сыяктуу. Кумторду чын эле СССРдин Москвадагы институттун жардамы менен кыргыз геолоктору ачып берген, бирок кийин ошонун баары СССР болуп турганда тарап кетпегенде, кийиин иштетсе, анын байлыктын баары Москвага кетмек да. Кыргызстанга аз эле калат болчу. Ошондой нерселер көп эле болчу да. Мисал үчүн, СССР дин биринчи атом бомбасын, Тажикстан менен Кыргызстанда казылып алынган урандын негизинде жасаган. Аны ким кантип ченейт? Тигилер дотация берип атканбыз дейт, бирок анын баарын Кыргызстандан жанагы Кажы-Сай, Майлы-Суу деген жерден казып казып аны байытканы албетте Кара-Балта комбинаты курулган СССР учурунда бирок акыркы байытуулары Москвада болбосо дагы Россия алып кетип ал жактан уже Бомбага жардыра турган платонийди урандан жасаган, туурабы? Анын баарын кантип ченейсиң? Кайсы акча менен ченейсиң аны ченей албайсың. Алар жанагы продуктуну, кийим-кечени санайт, станокторду санайт. Жанагындай нерселерди санаш кыйын да, алтындычы? Союздук мааниге ээ болгон мисал үчүн кабак деген кен бар эле, Миң-Куштун жанындагы аны дагы алып кетчү да. Баарын эле казып алып кетип, Кара-Балтадан анча-мынча байытып анан башка жакка алып кетип анын баарын дотация менен салыштырганда анын баарын канча кимиси көбүрөөк пайда, акча алып келгенин санаш мүмкүн эмес. Мүмкүн ошол жалаң эле уран атомдук бомбага алып кеткен бардык дотацияны жаап кетет баасы боюнча. Ким билет, аны санаш кыйын. Аны жакшылап экономисттер санап чыгыш керек. Силер Москвадан мынча дотация берген экенсиң мынча акча, а жанагы уранды санап көрөлүчү десе кимиси өйдө кимиси салмагы өйдө болору, жанагы керектөөчү кийим-кече менен урандын баасын кантип ченейсиң, менин оюмча..
Интервьюер:
- Нарын мырза жана мемориал жөнндө айтып кетпедиңизби Россиядагы 1990-жж Кыргызстанда дагы “Мемориал” ачылган экен да. Бирок мен алардын өкүлдөрүн таба алган жокмун. Кыргызстанда дагы репрессия курмандыктарын акташ керек деп Мемориалдын филиалы сыяктуу мемориал ачылган деп айтышты бирок өкүлдөрү ким болгон, эмне иш кылышкан жөнүндө таба алган жокмун да маалымат. Сиздин маалыматыңыз жокпу?
Нарын Айып:
- Менде андай жок, бирок Понамаревдун телефондору бар, адреси бар сураса болот. Виталий Понамаревго мен берейин телефонун. Анткени, дал ошол мезгилде Понамарев “Неизвестная Республика” деген макаланы жазбадыбы. Биз ошол кезде көп байланышып калчубуз. Кийин ал мен Европада турганда аякка да келген. Прагада турганда. Ал билиш керек.
Интервьюер:
- Ушул жылдар жөнүндө өзүңүздүн эмгектериңиз барбы? Макалалырыңыз болобу?
Нарын Айып:
- Жок. Жазыш керек эле. Бирок, кол тийбейт. Күнүгө эле бир жаңы жумуш чыгат. Эфир болот, Макала жазыш керек болот. отуруп, ошонун баарын артка кайрылып эстеп, жазыш керек го.
Интервьюер:
- Чоң ракмат. Эакшы айтып бердиңиз. Айттыңыз го, Мүрөктү тапса болот 2-3 болсо дагы эгер болсо биз санариптештирип алат элек.
Нарын Айып:
- Издеп көрөйүнчү, издеп көрөлү деди. мен ошол кезде жибергем да. Бар. Эми кичинекей эле гезит болчу. Бирок туруктуу чыгып турган да. Бир айда бир, көп эмес. Бирок ал кезде ошондой болчу. Кээде жума сайын эмес, ай сайын эмес бир чыгат экинчиси эки айдан кийин чыгат, үчүнчүсү үч айдан кийин чыгат кээ бир болуп калганда бир айдан кийин дароо чыгып калат. Ушундай болчу. Регулярный эмес да. Самиздат эми ушундай болчу.
Интервьюер:
- Бир чыгарганда бир эле көйгөйдү көтөрөсузбү же бир нече макала чыкчу беле?
Нарын Айып:
- Бир нече. Ошол кезде аралаш дагы чыгарып калдым. Кээ бир макалалар кыргызча, кээ бирлери орусча. Анан отпускага келгенде жайында Мелис Эшимканов менен жолугуп калсам ушундай дагы болобу деп айткан да. Эмне үчүн сен баарын аралаштырасың, же кыргызча же орусча жаз деген. Ким мага тыюу салмак эле десем ой сенин ушунуңду пайдаланыш керек экен деп айтып калган. “Асабанын” башкы редактор болчу ошол кезде. “Асаба” деп “Жаштык жарчысы” беле. Кайсы мезгил экени эсимде жок ал биринчи “Ленинчил жаш” болчу да. Ал өзгөрүп “Жаштык жарчысы” болгон. Акбар Рыскулов башкы редактор болчу. Анан “Асаба” болуп өтүптүр. “Асабаны” жапканда Усубалиев менен соттошкондон кийин анан “Агын” болуп чыгып калды. Ошондо “Ленинчил жаш”, “Жаштык жарчысы”, “Асаба”, “Агын” андан кийин “Жаңы агын” болду.
Интервьюер:
- Москвадагы орус балдардын жардам бергени жөнүндө айтып атпайсызбы, азыр ушул теманы көтөргөндө улутчулдук темасы катары кабыл алышат да. бирок ошол учурда КДК деле славян улутундагылар мына сиз демократия жөнүндө жазсаңыз орустар жардам берип атат да. Азыр кантип актанып эмес, кантип айтсак болот кененирээк бул деген улутчулдук тема эмес бул эркиндик, демократия, адам укугу жөнүндө темалар деп.
Нарын Айып:
- Жалпы жобунан демократиялык мамиле ушундай болчу. Менин тааныштарым демократтар болуп калып атат да. Бирок, ошол эле учурда башка дагы күчтөр бар болчу. “Память” деген уюм бар болчу аябай күчтүү. Мага жардам бергендер андайга жолочу эмес. Балончик ала жүр дегендер андайга жолочу эмес. Улутчулдардын немесине катышчу эмес. Ай булар деп колун шилтеп койчу да. Жакшылыкка алып барбайт деп. Менин тааныштарым, илимдер академиясында болчумун да, ал жерде баары эле либерал, демократияны түшүнгөн адамдар, аң-сезими жетилген адамдар. А тигилер башка катмар болчу. Ошончүн менин тааныштарым арасында эч кандай улутчулдук болгон эмес. Алар тескерисинче, туура, туура кылып атасың, чыгарыш керек деп жардам берген.
Интервьюер:
- Кыргызстанда дагы илимдер академиясында күч алыптыр демократия кыймылдары. Академиктер деп коюшчу экен да. Эмил Каптагаев айтып берди. Анан ошолор менен кандайдыр бир байланыш болдубу? Кыргызстандагы уюмдар менен
Нарын Айып:
- Меники болгон жок, кол жеткен жок. Болгон, аны окуп турчубуз бирок байланыш болгон эмес. Болгон мен Кыргызстанда жарым эле жыл болуп калдым да. Москвада мен 1977-жылдан тартып 1993-жылга чейин, 93-жылы Мюнхенге кетиш керек болгон үчүн гана жарым жыл Кыргызстанга келип Замира Сыдыкованын гезитинде зам.редактор болуп иштеп калдым. Анан эле Мюнхенге кетип калдым.
Интервьюер:
- Акыркы суроо болсун. Техникалык так илимден кантип журналистикага келип калдыңыз? Өзүңүз илимдер академиясында кайсы илимдесиз?
Нарын Айып:
- физика менен химиянын ортосундагы нерселер. перестройка учурунда көп нерселер чыккан. Мен көп окучумун. Гезиттерди алчумун деп атпаймбы, Кыргызстандан ал кезде “Слово” эме, “Советская Киргизия” болчу аларды гана эмес мен Латвиядан алчумун “Продник” деген жакшы журнал бар эле. Литвадан “Саюдис” бар эле, аны алчумун. Подписка иштечү нормально, төлөп коесуң ал келип турат почтага. Чоң журналдарды алчумун. “Новый мир”, “Знамя” деген гезиттер, кээде тетиги Новосибирскте чыккан журналдарга жазылып койсоң келчү. Почта жакшы иштечү. Анан бир жолу мага даже Москвада жашап аткан үйүмө почтально келиптир: “Силер ушунча көп гезит алат экенсиңер менин баштыгыма батпай атат деп. Биз силерге бекер почтанын өзүнөн ящик ачып берели, ачкычын беребиз, жалгыз силер кол коюп беришиңер керек, паспортуңарды көрсөтүп. Анан өзүңөр алып кеткиле”,-деген да. Макул, мен барып кол коюп бердим, атайын бир ящик ачып беришти. Бир ачкыч өздөрүндө, бир ачкыч менде. Анан мен жумуштан келатып эле, почтага кирип, толуп калчу гезиттер, колума алып өзүм алып кетчүмүн, почтальонго жеңилдик болгон да. Көп окуган үчүн Латвияныкын, Литваныкын,Эстонияныкын, Москвада абдан көп чыкчу. Ошолорду окуп жүрүп эле мындай болуш керек турбайбы деген ойлойр пайда болот да. Анан жанагы гезит чыгарып аткада эмне кылыш керек, кантип деген ойлор болгон жок. Баары эле даяр болуп калган сыяктуу да. Кыргызча гана жазыш керек болчу. Ойдун баарын которуп.
Интервьюер:
- Чоң ракмат, сиз кыргызча аябай жакшы сүйлөйт турбайсызбы, мен сизди кыргызча жакшы сүйлөбөйт деп укканмын да. Интервьюларыңыз орусча аласыз го көбүнчө