Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Нурдан Кожогулов

Нурдан Кожогулов

пенсионер

Изилдөөчү: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз, 1986-1991-жылдары иш орудуңуз, кылган эмгектериңиз жөнүндө айтып бересизби?

Нурдан Кожогулов: Ассаляму алейкум замандаштар, туугандар! Мен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылынан болом. Аты-жөнүм Кожогул уулу Нурдан. 1985-жылдардан баштап “Кайра куруу” деп демократиялык кыймылдар алгачкы кадамдарын таштаганда биз ошол кездеги көз карандысыздыкты кабыл алуу боюнча кыргызстан демократиялык кыймылынын алгачкы карлыгачтары Жыпар Жекшеев, Казат Акматов, Топчубек Тургуналиевдер болуп кошулуп чыкканбыз. Биз ошол күндөрдөн баштап 1991-жылдарга чейин 5-6 жыл болду. Ошол убактарда катуу болуп жаткан саясий кыймылдардын баарына өзгөчө Кыргызстандагы биздин ойгонбой жаткан элибизди кантип ойготобуз? Кантип көз карандысыздык, эгемендүүлүк алабыз? деген суроолор болгондо биздин элибизде дагы көп кыйынчылыктар болду. “Биз Орусиясыз, орус элисиз оокат кыла албай калабыз, бизге кыйын болот, бизде техника, завод жок, биз оор акыбалда болуп калабыз. Биз эгемендүүлүктү албай эле, Орусиянын курамында калып жашашыбыз керек”- деген маселелерди козгоп жатышты. Ошол кездеги Балтика бойлорундагы Латвия, Литвия, Эстония мамлекеттеринде, Закавказияда дагы козголуп. Алгачкылардан болуп эгемендүүлүктү алып жатышты, өздөрүнүн ошол кездеги талаптарын эл жалпы активдүү катышып СССРдин курамынан чыгып жатышты. Бирок биз ошол убакта өзүбүздүн эле мурункудай жашоону көксөп, мурунку космополиттик режимдин негизинде, коммунисттик партия өзүнүн саясатын жүргүзүп ошол жашоо менен жашап турдук. Бирок ошол убакта көптөгөн толкундоолор болуп турду. Жаштар айылдардан, Бишкектен, борбордук шаарлардан жана башка жерлердин баарынан биздин жигердүү жетекчилер чыгып жатты. Өзгөчө Орусиядан Собчак деген адам баардык жыйындарда, пленумдарда болобу бардык жерде абдан катуу сөздөрдү айтып чыгып, алардын жүргүзүп жаткан саясаты бизге жетип турду. Ошондуктан өзгөчө ошол кездеги биздин жаштардын арасынан алдыңкы катарга өсүп чыккан прогрессивдүү жаштар саясатка аралашып калган, ошол кездеги тоталитардык диктатурага жана башка биздин мамлекетте өйдө-ылдый, оң-тетири болуп жаткан иштердин баарына анализ жасап, ошону биз элге жеткизип турдук. Ушундай мезгилдерде бизге эң оор мезгил болду. Биздин аркабызда ошол кезде КГБ иштеп турган, бизге катуу кысым кылып. Биз кайда жүрүп жатабыз, эмне кылып жатабыз? Кайсы жерде митинг болот? Кайсы жерде эмне уюштуруп жатасың деген баардык аңдуулар көп болду. Аркабыздан күндө эртеден кечке чейин аңдып жүргөн биз таанып эле калган жигиттер жүрдү. Бирок биз аларга эч кандай мыйзам бузууларды жасабай. Өзүбүздүн кандай максатта кыргызстан демократиялык кыймылын уюштуруп жатканыбызды аларга туура түшүндүрүү менен аракет кылдык. Алар деле ошол кездеги биздин кылып жаткан иштерге, биздин ой максаттарыбызды түшүнүп турду. Бирок ошого карабастан алар дагы системанын ичинде болуп, өздөрүнүн иштерин мыйзам ченеминде аткарып, бизге эч кандай зыян кылган жок. Кээ бир жерлерде гана арабыздан чыккан кастыкты козуткандар дейбизби же болбосо атайын киргизип койгон биздин абдан катуу уюшулуп келе жаткан жигиттерибиздин арасына саясий бөлүп жаруучуларды киргизип жатышты. Биз аларды билип жаттык. Алардын ким экенин, кандай адамдар экенин, жүрүм турумдары, бизге айтып жаткан сөздөрүн биз билип жаттык. Аларга дагы туура түшүндүрүү ишетирин жүргүзүп жаттык. Кээ бирлери туура түшүнүп кошулуп жатышты, кээ бирөөлөр болсо ошол кездеги системага алданып, сатылып бизге карама-каршы чыгып жатышты.

Изилдөөчү: Сиз ошол КДК жөнүндө биринчи жолу кайсыл жерден уктуңуз? Эмне үчүн ал уюмга кошулуп калдыңыз? Сизге эмне түрткү болду?

Нурдан Кожогулов: Биз ошол кездери радио, телеберүүлөрдө кээ бир убактарда абдан курч материалдар чыгып жатты. Ошол кезде Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев үчөө төрага болуп. Казат Акматов уставды жазып, устав дагы абдан жакшы жазылган. Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев иштерди жетектеп жатышты. Мен өзүм жеке кызыкчылыгым, максатым КДК менен тыгыз байланышып, уставды алыш үчүн Бишкеке келдим. Бишкеке келсем  ЦУМ Айчүрөктүн алдында биздин Ленинграддан келген бир жаш кыргыз жигит “Ак-кеме” коому чыгарган гезиттерди таратып жүрүптүр. Мен ошол  кезде “Ошол жерде бир кеңешме болуп жатат” – деп уккан элем, ал кеңешме кайсы жерде болуп жатканын билбептирмин. Анан ал жигит “Мен ушундай Ленинграддан келдим. “Ак-кеменин” уюштуруучу жетекчисимин. Мына мобу гезиттерди окуп коюңуз” – деп берди, анан мен айылга алып барып таратам деп дагы гезит сурасам сүйүнүп кетти. Биз ошентип таанышып калдык. Бир нече гезитти алып, анан ал жигиттен даректи алып, түп-түз эле ошол дареке бардым. Барып экинчи кабатка чыксам ошол жерде кеңешме болуп жатыптыр. Анан Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Жыпар Жекшеев агайлар отурган экен. Өздөрүнүн ошол кездеги саясий түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан экен, ошол жерде турган жаштардын көбүнчөсү  университеттерде, институттарда окуган, кызматтарда иштеген жалындуу, өздөрүнүн ойлорун түз айта алган, өздөрүнүн көз карашын түз жеткире алган, ошол кездеги система менен күрөшкөнгө даяр болуп чыккан эр азаматтар көзү жетип, мен эң биринчи катарга барып отурдум. Ошол кезде жүрөгүмдүн курчтугубу айтор ушундай эргүү менен отурдум, ушундай сүйлөшкүм келип отурдум да. Эмнени айтышым керек экенин, ой чалгындап, кандай сөздөр болуп жатат, бүт ойлонуп отуруп анан сөз сурадым. Бир топтон кийин сөз беришти. Сиздер борбордон чыкпай радио, телеберүүлөр аркылуу гана иштеп жатасыздар. Азыр биздин элеттеги жаштар абдан суусап турган кез, сиздердин үнүңөр ошол жака жетиши керек. Сиздер үч төрага ушундай жолугушуу иш чараларын жасап отуруп өзүңөр бара албасаңар жаныңарга күчтүү жигиттерди кошуп туруп ошол жака келсеңиз. Ал жактан биз уюштуруп эл менен жолугушууларды кылып талкуу кылсак, тегерек үстөл уюштуруп жана башка нерселерин эч тартынбай уюштуруп жардам беребиз. Сиздер ошол жагынан жардам бериңиздер деп айтсам, Жыпар Жекшеев мени тааныйт экен “Бул менин Талды-Суулук иним болот” – деп, күлүп эле тигил кишилерге тааныштырып жатты. Мен дагы Талды-Суулук болом, Жыпар Жекшеев биздин агаларыбыздан болот деп ал жерден бир топ сөздөрдү айттым. Алар мага жакшы мамиле кылышып “Рахмат сизге! Мындан кийин дагы байланышта болуңуз. Тыгыз иштешебиз. Уставга атайын келген экенсиз, азыр балдар сизге уставды берет. Бул жактан каттоодон өтүңүз. Ошол жактан уюм түзүүгө төрагаларды шайладыңар беле?” – деп ушундай суроолорду берди. Ооба шайлаганбыз дедим. Себеби ошол кезде Күрмөн-Туу айылы Түп районундагы эң чоң айыл. Ошол жерден “Тилектештик” деген уюм түзүлгөн. Ал жактан Доктурбай деген жигит, Айтын деген агайыбыз бар болчу, мугалим Алтынбек деген жигит бар болчу. Ал убактан бери бир топ жыл өтүп, байланышыбыз дагы үзүлүп кетти. Алар баштаган ишти биз алып кеттик. Бирок ошол эле кезде биз менен абдан катуу тыгыз иштешип жаткан жигиттер, ошол кездеги мамлекеттик деңгээлдеги күчтүү кызматкерлер алар менен сүйлөшүп, өздөрүнө тартып, кызмат бергенине кызмат берип, башкаларга өз кызыкчылыктарына карап жардам берип турушкан экен. Буларды биз  сезип калдык. Бирок ар кимдин ой-пикири өзүнө эч ким доомат кылбагандыктан, ал мырзаларга эч нерсе деп айта алган жокпуз, бизге карата дагы абдан чоң интригаларды башташты, чоң жыйындарда эч тартынбай эл алдына чыгып сөз бербесе дагы кыйкырып, ордубуздан туруп алып сөз сурап, сөз алган күндөрүбүз болуп жатты. Ошол кездеги областтагы биздин губернатор Сааданбеков деген аксакал иштеген, ал киши дагы саясий жактан дагы абдан кыйын адам болчу. Ал киши кадимкидей бизге көп нерселерди эскертип жатты. Ошол кездери Ак-Суу районунда Тегиз-жыл айылында Жапар деген жигит бар болчу. Ал экөөбүз теңтуш болчубуз. Мен Түптөн төрага болуп, Ак-Суудан Жапар болуп экөөбүз тыгыз иштеп калдык. Бир нерсе болсо экөөбүз табышып абдан чоң иштердин бетин ачууга, плакаттарды жазып, өзүбүз менен жүргөн тилектеш жигиттердин баарын Күрмөн-Тууга чейин барып, алар бизге келип кеңешмелерди өткөзүп жүрдүк. Бирок ошол кездери дагы бизди камаганга же болбосо запкы көргөзгөнгө эч кимдин укугу дагы жок болчу. Себеби биз ошол убакта саясий такшалган, өзүбүздү элдин алдында бир дагы жолу жаман аттуу кылбай, тескерисинче эл бизди колдоп, улам-улам катарыбызга кошулуп турган кез болчу.

Изилдөөчү: КДКнын мүчөсү болуп калып Түп районунун Талды-Сууга барып кандай иш аракеттерди, кандай кыймылдарды, акцияларды, кандай эмгектерди кылдыңыз?

Нурдан Кожогулов: Биз уставды алып кеткенден баштап, уставды түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жолугушууларды уюштуруп жаттык. Ошол кезде кайра куруунун шарапаты менен талап тоноочулук болду, ортодогу элдин байлыгын калыссыздык менен, карапайым элдин колуна тийбей, чоң аткаминерлердин кекиртегине кире баштады. Ошол эле мезгилде биздин кошуна айылда ар бир адамдын канча иштегенин бүт баарын эсепке алып, тизмеден карап, ошол жакта иштеп кеткен адамдардын үйүнө чейин барып айтып, мал бөлүп берип жатты. Көпчүлүк учурда биздин айылдагы тургундарга ачыгын айтканда мал тийген жок. Анан мал алгандар өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп баратканда биз акция уюштуруп жаттык. Ошол эле кездеги акимчиликтеги күнөөлүү адамдардын аттарын плакатка катуу жазып, алардын кетүүсүн талап кылып, ал жердеги жетекчиликке жана башка жактарга жеткирип жаттык.  Бул жерде туура эмес болуп жатат, бул жерде коррупция башталып жатат деп маселе жаратып жаттык. Бирок биздин сөздөр ал жерге эч өткөн жок. Биздин өзүбүздүн укуктарыбыздын ушунчалык катуу тебеленип жаткандыгына биз ызаа болдук.

Изилдөөчү: КДК расмий түрдө түзүлгөнгө чейин Ысык-Көлдө, Караколдо жана башка райондорунда кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп кол чогултулган экен. Түп району дагы ушул ишти колдоп катышканбы?

Нурдан Кожогулов: Ооба, албетте. Ошол кездеги кыргыз тил маселеси биздин эң көйгөйлүү маселе болгон. Себеби мыйзам ченеминде орус тилине каршылык көргөзбөгүлө, биз орус тилине каршы чыгып кыргыз тилине өтө турган болсок, биздин артта кала турган мезгилибиз болуп калат деген үгүттөөлөр жүрүп жатты. Бирок ошого карабастан биз кол чогултканга чоң акцияларга дагы катыштык. Ушул күнгө чейин Ак-Сууда Мураталиев Улан деген адам биздин агалардан болот. Ошол агабыз Караколдон плакаттарды көтөрүп алып акимиаттын жана башка жерлердин алдында жүрчүбүз.  Ошол плакаттарды катып койгон, азыр ошол плакаттар бар. Ошол мезгилдери келгенде ошол плакаттар менен тарыхты кайталоо иретинде ошолор менен дагы чоң акция уюштуралы деген дагы иш-чараларыбыз дагы белгиленген.

Изилдөөчү: Ысык-Көлдө КДКнын негизинде кандай иш-чаралар жүргүзүлдү?

Нурдан Кожогулов: Ошого удаа эле “Үркүндүн” 75-жылдыгы болду, ал кезде биздин Асылбаштагы митингдерден башталып, ал жерден жөө жүрүш менен Филормониянын алдын келип, Акаев өзү алдыбызга чыгып сүйлөп, бизге куттуктоолорду айтып, куран окутуп жакшы сөздөрүн айтты. Ошол жерден ого беш бетер өзүбүздүн жан дүйнөбүз серпилип, дагы бир жолу чоң кадамдарга үмүт кылдык. Жөө жүрүш жүрүп отуруп, үч тарапка бөлүнүп, Ысык-Көлдүн Күнгөй, Тескейинде эки чоң 40-50 киши, Топчубек Тургуналиев 40-50 киши менен жөө жүрүш кетти. Шаарларга, райондордун борборунда көчөлөрдөн плакаттарды көтөрүп алып, абдан катуу, жалындуу сөздөрдү сүйлөп чыгып жүрүп отурдук. Биздин ыйык жерибизде, койнунда котур ташы бар башка орус улуттун, биздин ата-бабалардын каны төгүлгөн, улуу ак падышанын урпактары сиздерде күнөө жок болсо дагы биз сиздерге  айтарыбыз “Мындан ары кыргыз элинин намысына жана башка баардык укуктарына шек келтирүүңүздөргө биз жол бербейбиз” – деп абдан катуу сөздөр айтылды. Өзүбүз дагы кыйкырып, көк асабаларды жасап. Биздин жаныбыздагы 9-10-класста окуган жап-жаш балдар ошентип жүрүштү. Ошол кезде менин 9-класста окуган балам ошол жерде Үсөнов Дүйшөнбек дегендин баласы Жолдошбек экөө асабаны алып-алып бизге бербей, эң астына асабаны көтөрүп алып жүрүштү. Менин уулум Кожогулов Нурадил менен мен абдан сыймыктанам. Ал ошо кездеги тартылган видеолордо бар болушу керек. Ошол күнү биз келе жаткан кабарды уккандан кийин жолдон биз алдыга кеттик дагы, айылга келип уюштуруп, ал жерден аксакалдар менен уюшуп көк асаба жасап, ачык эле көк асаба болсун деп асабанын өзүн жасадык дагы ошону көтөрүп чыктык. Талды-Суудан жөө чыктык, ошол кездеги айыл өкмөт Самсалиев Замир деген жигит иштечү, анан биздин райондо иштеген аким Эстебесов деген киши болчу. Талды-Суудан аларга чейин жөө басып келип Ичке-Суу менен Шаты айылынын ортосунда абдан катуу саз бар экен, ошол жерде бир гана жалгыз аяк жол бар болчу, ошол жол аркылуу тоонун түбү менен басып өтүшчү экен. Ошол жерден кыргыздардын алдынан беш атар мылтыктар менен кыргыздардын баарын кырган экен. Ошол жердеги кырылган адамдардын сөөгү үймөк болуп кеткен дейт. Ошол кездери өз көзү менен көргөн адамдар бизге айтып беришкен, ошолордун баары ошол жерде көмүлбөй, эч нерсе болбой, аркасынан кууп келе жаткан ак падышанын аскерлер ошол жерден абдан кырган экен. Мансуров Аскар деген жигит деген ошол окуяны билет. Ошол жерде эки мергенчи жигит болгон экен. Эки мергенчи жигит айланып келип ошол жердеги пулемётчон адамдарды үстүнөн аткан экен. Ошондо ак гвардиянын желдеттери айланып барып алардын аркасынын атып, бирөөнү өлтүргөн экен. Бирөө качып кутулуп, анын артынан ат менен кубалап кеткен экен. Эгер жанагы эки мергенчи чыгып калбаганда жанагы жердеги кырылып жаткан элдин көп кишилери дагы кырылып калмак экен. Ошол жер дагы абдан катуу кан төгүлгөн жер.

Изилдөөчү: Кыргызстандын эгемендүүлүк алуусундагы КДКнын ролдору жөнүндө айтып бересизби?

Нурдан Кожогулов: Бул орду толгус абдан чоң иш. Эмне үчүн Балтика бойлорунда болуп жаткан саясий иштерге, эмне үчүн Закавказияда болуп жаткан кыймылдарга, биз белгисиз республика бойдон кала беребизби? Эмне үчүн биз кыргыздар эч ойлонбогон, намысыбызды көтөрө албаган, эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты ойлобогон элбиз? деген чоң элди ойготкон иштер болгон. Ошол кезде биздин арабыздагы көптөгөн жигиттер, аксакалдар “Мындан ары чыдамыбыз кетти, эгемендүүлүктү албасак болбойт” – деп толкундар катуу башталган. Ошол толкундардын ичинде биздин жаш азаматтар, жаш кыздар, келиндер кошулган. Алардын жүрөгүндөгү айтылып жүргөн армандуу сөздөрү элдин зээнин ооруткан. Ошондуктан ошол кезде биздин кылган иш чараларыбыздын баардыгы таасир эткен.

Изилдөөчү: Түп районунан чыккан активисттер же болбосо кыймылдардагы Жыпар Жекшенин орду кандай болгон? Жыпар Жекше жердеш болгондугу үчүн Түп районунда мындай кыймылдар көп болдубу?

Нурдан Кожогулов: Ошол кезде азыр тарыхта орду бар, Жыпар агайыбыздын орду бар. Себеби ошол кезде ушунчалык мындайча айтканда канжарга өзүнүн жанын байлап, өз өмүрүн аябай баардык жерде борбордогу болуп жаткан чон окуяларда, 1986-жылдагы Желтоксон көтөрүлүшүндө кылып жаткан казак элине, биздин Кыргызстандан чыккан кыргыз патриоттору жандарын аябай чыккан. Биз Кыргызстандан барабыз, унаалардан бергиле, учак бергиле деп аябай чыкканбыз, бирок бизге ошол кездеги өкмөттүн Абсамат Масалиев, Шеримкулов жана башка аксакалдар “Мындан сабак алгыла, токтоткула” – деп жолго чыгарышкан жок. Ошол кезде биз айта турган Таалай Байтегин деген бир жигит бар. Аскерде кызмат өтөп Алма-Атада экен. Ошол жигит бүт баарына катышып жүрүп, анан баары бүтүп ошол жерден чоң жыйын болуп, ошол жерден аскерлерди сыйлап, ардак грамота берип жаткан. Байтегин ошол грамотаны алып “Бул менин бир-тууган боордошторумдун канына боёлгон мактоо баракчасын албайм” – деп туруп айрып салган. Ошондо казактардан дагы сыймыктануу менен бизге абдан чоң мамиле, сый урмат кылышкан. Азыр мен айтып жаткан Таалайбек Байтегин менен азыркыга чейин байланыштабыз.