Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Орунбеков Бакытбек

Орунбеков Бакытбек

журналист

Изилдөөчү: Биринчи өзүңүздү тааныштырып, анан 1985-1990-жылдары сиз ким элеңиз же кайсыл жакта иштечу элеңиз? Ошол жөнүндө айтып бересизби?

Респондент: Мен Орунбеков Бакытбек азыр Кыргыз Түрк «Манас» университетинде окутуучу болуп иштейм. Саясий Илимдеринин кандидатымын. Өзүм журналистмин. 1990 жылы Москва Мамлекеттик Университетинин Журналистика Факультетин бүтүргөм. Ошондон бери Кыргызстандын журналистика тармагындагы  редакцияларда иштеп келдим.

Изилдөөчү: Сиз 1985-1991 жылдары Кыргызстанда белеңиз?

Респондент:  Мен 1984-1990 жылдары студент болдум. 1984-жылдан 1987-жылга чейин азыркы Улуттук Университетинин Журналистика бөлүмүндө окудум. Үч жыл окугандан кийин ал убакытта союз мезгилинде Москвадагы ар кандай окууу жайларда,  азыркыча айтканда алмашуу программалар менен максаттуу түрдө жөнөтүп турчу, бирден-экиден-үчтөн балдарды, ошого илинип калгам. Москвага барып окуп келдим. Журналистика программасы боюнча. 1984-жылы биз окуп аткан учурда Советтер Союзунда бийлик алмашты. Эки үч жылдын ичинде эле Брежнев өлүп Андропов болду, бир жылдан кийин ал өлдү. Черненко болду.  Андан бир жылдан кийин ал дагы өлдү. Ошентип 1984-жылы Михаил Сергеевич Горбачев деген адам бийлике келди. Ал келгенден кийин жаңыча ой жүгүрттү, “Пикирдин ар түрдүүлүгү! Өлкөдө демократия кылабыз! Өлкөдө кайра куруу кылабыз!” деген саясатты баштады. Ошону студенттер аябай ыкчам кабыл алдык, башка катмарга караганда. Анан 1985-жылы апрель айында КПСС борбордук комитети “Апрель пленуму” деген тарыхый документ кабыл алынган. Ошондо “Кайра курууга старт берилген” деген сыяктуу документ кабыл алынган десек болот да. Бардык пикирлер ачык айтылган. Демократия кылабыз, башка пикирлер айтылып, мурунку тарыхый ак тактар болбош керек, башка баалуулуктар айтылган. Ошого шыктанып, ошону түшүнүп биз студенттер бир башкача дем, бир башкача күч алгандай өтө жарылып кетпесе дагы энергия алып дегендей. Анткени жалгыз амал экенин жаңыдан түшүнүп аткан мезгил болчу эле. Мына ушунда дем алганбыз. Андан кийин 1986-жылдары го, азыркы Улуттук университетинин филология, адабият факультети, анын ичинде журналистика бөлүмү бир факультет болчу. Ошол жерде биз “Замандаш” деген студенттик клуб уюштурганбыз. Аты «Замандаш». Ал клубту уюштурганда биринчи студенттер өздөрү чогулуп алып эле кайсы бир темаларды талкуулап, мурда кийин айтылбаган пикирлерди айтып ушинтип жүрдү. Анан ошол нерсени клуб кылалы, расмий түрдө оформить этип, атын айтып дечи. Анан эсимде «Замандаш» кийин студенттер өзүлөрү чогулуп жүрө беришчү. Кийин агай эжекелерди талкууга чакырып жүрдүк. Таң калыштуу ушул факультетти Университеттин терс көрүнүштөрү университеттин мугалимдерине, жетекчилерине беттерине айтылып жүрду. Ошондо Университетте жердешчилик деген маселе, коррупция маселеси, дагы башка маселелер айтылып баштады. Бул процесс күндөн-күнгө күчөй баштады. Ал убакытта Кыргызстанда популярдуу гезиттерден болчу, бул замандын өзү дагы жашоо “Кыргызстандын маданияты” деген гезит, «Ленинчил жаш» деген гезит. Ушул эки гезиттин өзүнчө баалайм  «Ленинчил жаш» гезити жаштардын гезити, комсомол багытында болгон. “Кыргызстандын маданияты” гезити Маданият минисирлигинин гезити. Анан ошол эки гезитте замандын жаңы агымына байланыштуу башка пикирлер чыга баштады. Ал пикирлерди окуп алган студенттер козголо башталды деп айтса болот. Бири-бири менен байланышкан нерсе.

Изилдөөчү:  Ошондо 1986-жылдары кыймылдар болду да э?

Респондент:  1986-жылдары биз «Замандашты» уюштуруп жатабыз. Анан кийин биз уктук башка ВУЗдарда ошондой эле клубдар уюштурулган экен, биз кийин билип жүрөбүз. А бирок клубдардын баарынын башы биригип барып, КДКга биригишкен да.

Изилдөөчү:  Бул кийинирээк да?

Респондент:  Ооба, бул кийинирээк.

Изилдөөчү:  Негизи бул «Замандаштын» жолугушуулары каякта өтчү эле? Жатаканадабы?

Респондент:  Жатаканада өткөн күндөр болгон, окуу корпустарында өткөн, аудиторияларда. Бир конкретный темалар коюлуп, ошонун аркасынан талкууланып.

Изилдөөчү:  Сиз айтып жатпайсызбы Университетте бир көйгөйлөрдү көтөрүп чыгышты деп, анан негизи  тил, мисал үчүн жаштардын жер алуу боюнча маселелерди, улуттук маселер «Замандашта» көтөрүлдүбү бул суроолор?

Респондент:  Ооба, ошондо жанагы студенттер башында оюна келген нерсенин баарын айта берчү, кийин улам тема көбөйө баштады. Анан 1987-жылы мен  Москвага которулуп кеткенден кийин студенттер ишин улантып Студенческий Совет түзүшүп, анын шайлоосун өткөзүшүп. Мурун шайлоо декан айткан же ректор айткан адам болчу да, анан кийин “Альтернативдүү кылабыз! Демократия деген ушундай экен да!” деп, шайлоолорду альтернативдүү жолдор менен өткөзүшүп башталган.

Изилдөөчү:  Сиз кызык нерсени айтып жатасыз. Мисалы үчүн Караколдо ушул кыймылдар башталганда студенттерге бир кысым көрсөтүлүп башталган экен. Бир митингге чыкканда жыйырма студент отчисление болуп кеткен экен. А силерде мугалимдер дагы кошулуп, мугалим жактан дагы колдоо көрүнүп жатат. Ошондой болду беле? Силерге дагы бир кысымдар, каршылыктар болдубу?

Респондент:  Каршы сүйлөгөндөр, тыйгандар мага болбосо дагы башкаларга болгонун билем. Катуу тыюулар 1986-жылы башталды. Улам улантып келатып 1986-жылы Алматыда “Желтоксан” окуясы болду. 16-декабрьда бунт болду да. Бул жаштар кыймылына дагы түрткү болду, мындай жалындатты. Менин эсимде биз уктук “Кечинде Алматыда болуптур ошондой окуя” деп жатаканада. Анан кийин аудиторияга келдик, философиядан сабак берген агайыбыз лекция окуду, анан кийин эле перерывка чыктык. Агайыбызды тегеректеп алып суроо берип жатабыз, окуяга болгон көз карашыңыз кандай деп, казак жаштар чыкканы туурабы, туура эмеспи деп ошондой суроолор коюлган. Агай ошол убакыттагы советтик саясаттан чыга алган эмес. Аныкы деле түшүнүктүү болушу керек.Анан кетип калганда  дүрүлдөп кийин аудиторияга кирбей “Далай кыргыз жаштары Казакстанга баратыптыр, бул 17-18-декабрьдагы окуяларга баратыптыр, биз дагы барышыбыз керек, баралы” деген сөздөр болгон. Кечинде жатаканада дагы сөздөр болгон. Эртеси кайра сабака келдик, биздин лекция өтүп жаткан агайыбызды сыртка чакырды, кайра келди дагы “Орунбеков сыртка чык!” – деди мага. Сыртка чык! Чыксам бир эркек киши туруптур, анан кийин ошо, дагы анын алдындагы эки үч күндө болгон окуянын бардыгын мага айтып берип жатат. Как будто көрүп тургандай болуп айтып берди. Ошол жердеги балдар тууралу, кимдер алар, жатаканадагы талкуудагы балдар кимдер, баарын ачык айтып берип койду да, биздин экинчи курстун балдары, үчүнчү курстун балдары, башка факультеттин балдары, ооба ошондой сөз болду.

Изилдөөчү:  Ал ошондо ким экен?

Респондент:  Бул Улуттук Коопсуздук Комитеттин офицери. Кызматкери.

Изилдөөчү:  Эмне учун сизди чакырып берди? Сиз ошол учурда «Замандашты» жетектеп турдуңуз беле?

Респондент:  «Замандашты» башка балдар жетектешчү. Бирок мен талкуулардын ичине кирип, өзүмдүн оюмду айтып, суроо берип, ошондой болгон. Агайга дагы суроо бергем, жатаканада болсо коридордун аркы башынан туруп алып сүйлөшкөнбүз 5-6 бала болуп. Да, ошондой сөз болгон, комнатага келип дагы ошондой сөз болгон, аябай… Ошондой козголуш болуп. Офицер келип кеткендей кийин аудиторяларда кураторлор, баардыгы бизди чогултуп алып жарыя башталган, Токтоткула деп, башка эл деп, түшүндүрүү иштери башталган. Советтер Союзунун саясаттуу бай экени, шай экени, Казакстанды казактардан башка улуттар да башкарса болот.  Биз көп улуттуу калкпыз. Ушундай чон саясий идеологиялык окуулар жүргүзүлгөн. Анан 5-6 күндөн кийин мен ата-энемден телефон айылдан Тогуз-Тороодон, Казармандан мени чакырышты .  Мен өзүм телеграфка барып, заказ кылып анан сүйлөшчү элем, бирок ал тараптан болуп атпайбы. Анан барсам аякка дагы жетиптир, белгилүүболот да, табыптыр. Кой эле кой деп тынчсызданып,  ата- энем ситуацияны билишпей, сен жөн жүр, тынч жүр. Сенин милдетин окуу гана, башканын кереги жок деп, ошондой эскертүү болгон ата -энемен. Анан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы дагы чалган.

Изилдөөчү:  Райондон дагыбы?

Респондент:  Райондон дагы. Райондун билим берүү башчысы. Кийин бул кырдаалдарга көз салсам, байкоо салсам, ушундай кырдаалда Бишкектин унивеситеттеринин баарында эле болгондой сезилет. Кээ бир жаштар топтошуп, азыркы Ак-Жолдон, Дордойго чейин барган.     1996-жылы бизди Казакстан борборго чакырды, мен ошондо билип жүрөм да. Биз дагы кыймылга катышып жүрбөйбүзбү, баш аягы жок кыймыл болуп калбады беле, стихийный чыккан. Анан ошентип жүздөн ашык жаштар барганбыз 1996-жылы Кордайга.

Изилдөөчү:  Сиз дагы баргансыз?

Респондент:  Ооба. Көрсө, Казактар Желтоксондун 10 жылдыгын өткөрүшүптүр. Ошентип бизди Казактар чакырып, Мухтар Шаханов бизди тосуп алган. Биз тараптан өкмөттөн дагы кишилер барган. Абдыганы Эркебаев, вице приемьер министр, дагы башка адамдар.

Изилдөөчү:  1996-жылы сиз ким элеңиз? Окууларды бүтүп, иштеп жүргөн кезиңизби?

Респондент:  Ооба, мен гезитте иштегем «Асабада».

Изилдөөчү:  Анан кантип табышты, ошол кездегилерди кайра изилдеп чыгышыптырбы?

Респондент:  Ошондой го. Список түзүшуп. Барып “Казак, Кыргыз бирбиз!” – деп аябай ыраазычылыктарын билдиришип. Анан Башка Университеттерден дагы, Институттардан дагы жаштардын өкүлдөрү барган, дагы биздикиндей эле ситуация стихийно, өздөрүнүн ой -пикирин айта баштаган. Мына башы ушул.

Изилдөөчү:  Негизи, сиздин ролуңуз кандай эле ушул кыймылдарда көз чаптырганыңыз? Сиз «Замандаштын» лидери эмесмин дейсиз э?

Респондент:  «Замандаштын «лидери эмес.

Изилдөөчү:  «Замандаштын» лидери ким эле?

Респондент:  Доспаев Аман деген жигит болчу.

Изилдөөчү:  Ал дагы филологияданбы?

Респондент:  Ал дагы журналистикадан. Дагы бир активдүү катышуучулар Кадыр Кошалиев деген жигит. Биз бир группадан жанагынын баарына экөөбуз катышканбыз. А Доспаев бир курс кийинирээк болчу. Ал да активдүү болчу.

Изилдөөчү:  Ошол кайсы факультеттер көбүрөөк активдүү болчу? Журналистика?

Респондент:  Журналистика жана тарых факультети.

Изилдөөчү:  Жаш Тарыхчылар деген уюм түзгөн ошол э?

Респондент:  Андан кийин түзүлгөн, кийин Чоротегин жаш тарыхчыларды түздү да. Мына азыркы биздин кыймыл балдарга ошондо тарых факультетинин студенти Арслан Капар уулу Койчиев, биз мына чогу болчубуз.

Изилдөөчү:  Абдалиевалар э?

Респондент:  Абдалиева. Азыркы шоро фирмасынын директору Эгембердиевтин аялы Жаңыл.

Изилдөөчү:  Ал дагы тарыхчыбы?

Респондент:  Тарыхчы, активдуу катышчу аябай. Биздин факультеттин Дина Каипова деген кыз азыр кыргыз радиосунда иштейт.

Изилдөөчү:  Дина Каипова?

Респондент:  Ии.

Изилдөөчү:  Агай, ошондочу сиз айтып аткан окуялардан сырткары жанагы Кордайга барган кийинирээк болду, анан жатаканадагы жолугушуулар. Андан башка дагы мындай чон окуялар болдубу? Ошол кезде ошол кыймылдын күчтөнүшүнө таасир эткен? Же андайлар деле байкалбадыбы?

Респондент:  Мисалы үчүн мен Москвага которулуп кеттим 1987-жылы. Барсак студенттик клубтар,  борборлор, ар кандай неформальный уюмдар бар экен башка республикалардын. мисал үчүн, биз көрдүк Прибалтика өлкөлөрдүн уюмдары, Кавказ республикаларынын уюмдары. Анан мен барып алып ошол жактагы кыргыздарга айтып, “Давайте биз дагы өзүбүздүн уюмубузду, мынтели антели” – деп, “Акыйкат” менен түзгөнбүз.

Изилдөөчү:  Москвада?

Респондент:  Москвада.

Изилдөөчү:  Сиз баштадыңыз?

Респондент:  Мен демилге көтөрсөм мени жетекчи кылып коюп жатышпайбы. Анан ошол жерден уюм түзүп, анан ошол жердеги Москвадагы кыргыз жаштардын проблемаларын көтөрүп, коп окуялар өттү. 1987-жылдан 1990-жылга чейин болдум, үч жыл.

Изилдөөчү:  Ошондо Акыйкатта ким болду? Сиз, жетекчи, дагы ким бар эле, эсиңиздеби ошол жаштардан?

Респондент:  Буржуев деген жигит бар, Кубат Чекиров деген жигит бар Би-Би-Сидеги, Абсатар Мамытов деген жигит бар эле Ноокаттык. Дагы Таластык жигит бар болчу. Унутуп атпаймынбы. Дүйшөн деген жигит бар эле Аграном университетинде окуган Көлдүк жигит.

Изилдөөчү:  Сиз бул жактагы «Замандашта» өткөргөн нерселерди жолугушуулардан ал жакта өткөргөн жолугушуулар, көтөрүлгөн маселелер окшош болчубу, же айырмачылыктар дагы болдубу?

Респондент:  Айырмачылыктар бар. Биз бул «Замандаштан» алган таасир менен барып, анан тияктан ошондой болду окшойт, майда чүйдө окуялар таасир берди окшойт. Кыргыз жаштары башкалардан айырмаланып момунураакпы, жоошуракпы. Анткени ал убакытта “Неизвестная республика” деп макала чыгып, бир топ болгон, ошонун таасириби. Анан аяка барганда, биз аяктагы кыргыз жаштарынын маселеси, биз болсо чогулуп алып, бир балдар айтып калды, бир күнү талкууда “Подмосковьеде Ивановодо кыргыз кыздар аябай кор болууда” деп. Массалык түрдө бияктан тигүү цехтерине алып кетип, иштетип, паспортторун алып алышат экен.

Изилдөөчү:  Ошол кезде элеби?

Респондент:  Оба, ошол кезде эле ошондой окуялар болгон. Студенттерди. Анан кийин бир күнү балдар менен чогулдук Москванын алдында Орехово Зуево. Серпухов, Подмосковье башка шаарларында экиден-үчтөн болушуп алып , балдар кеттик дагы баардык ахыбалдын ситуациянын баарын жыйнап келип, анан жазып, өкмөткө дагы жазып болгон ситуацияны. Мен гезитке дагы жазып. Кийин мен иштеген “Ленинчил жаш” деген гезитке ошентип.

Изилдөөчү:  Кайсы жылдары?

Респондент:  1987-1988-1989-жылдары. Байма-бай проблемаларды көтөрүп жаттык.

Изилдөөчү: Кайсыл гезит?

Респондент:  “Ленинчил жашка”. Анткени мен кабарчысы болгом.

Изилдөөчү: Мелис Эшимкановго  чейинби?

Респондент:  Мелиске чейин. Акбар Рыскулов деген агай башкарчу. Алар байма-бай чыгарып турушту.

Изилдөөчү: Ошол кезде эле, “Ленчил  жаш”  комсомолдук гезит болсо деле чыгарып туруштубу?

Респондент: Ии.  Анан биз балдар чогулгандан кийин Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушууга талап кылдык. Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Таштанбек Акматов.

Изилдөөчү: Кыргызстанда же Москвадан жолуктуңарбы?

Респондент:  Москвада.

Изилдөөчү: Чакырдыңарбы?

Респондент:  Биз талап кылдык. Алар үчөө келди. Өкүлчүлүккө бардык. Биздин бир өкүлдөр активдуу, акыйкатту мүчөлөрү 15-20 бала бардык. Бөлүшуп алып, бүт маселелерди айтып жанагы кыздардын маселесин өзгөчө айтып, башка проблемаларды айтып, анан кеткендей болдук.

Изилдөөчү: Кандай реакция болду?

Респондент:  Проблемаларды айтканда аябай Масалиев дагы андай ачуу сөздөрдү, ачуу сындарды көрүшкөн эмес да. Бир гана эсимде. Таштанбек Акматов гана эч унчуккан жок да, ушул суроолорго Абсамат Масалиев гана жооп берет, Жумагулов жооп берет. Баардыгын чечебиз деп убада кылышты. Бир күнү айтылган Кыргызстандын жетекчилеринин баары келди. Кыргызстан комсомолунун биринчи секретары Тынычбек Таабалдиев, Түмөнбаева эжеке, башка министирликегилер 15-20 киши келди да, бир чоң зал толтура 500-1000 студент топтолгон жыйын болду.

Изилдөөчү: Кайсы жерде болду? Москвадабы?

Респондент:  Москвада, чон залда.

Изилдөөчү: Университеттин залындабы?

Респондент:  Жок. Мындай эле кинотеатрдынбы же башкабы билбейм. Эсимде жок. Анан Москва эмес тегерегинде ошол учурда Калинин деген шаардан Адахан студент келген.

Изилдөөчү: Калининде беле?

Респондент:  Калининде иститутта тарых факультетинин студенти болчу. Мен Адахан менен ошондо тааныштым. Ошол Адахандын сүйлөп жаткан сүрөтү бар.

Изилдөөчү: Барбы сизде ошол сүрөттөр?

Респондент:  Бар. Анан ошондон сүйлөп атат: “Абсамат Масалиевич сиз Кыргызстанды башкарууга татыктуусуз, биз башканы талап кылбайбыз” – деп. Азыр Адахан Мадумаров кумирим деп жүрбөйбү. Анан 1990 жылы июнь окуясы болду го, андан кийин дагы жолуктук, Кыргызстандын жетекчилиги менен. Ошондо эле Адахандын тили укмуш болчу эле.

Изилдөөчү: Ошондо 1990-жылдын маселесин өзүнчө жолугуп талкуулагансыңарбы?

Респондент:  Ал өзүнчө.

Изилдөөчү: Кыргыз, Өзбек?

Респондент:  Ал өзунчө бир окуя. Ошол студенттер баягы “Большая Ордынка” деген көчө бар эмеспи?, ошону  тосуп салганбыз.

Изилдөөчү: Эмне үчүн?

Респондент:  Кыргызстанда талаптарды коюп жетекчилер мененчи. Митинг уюштурганга, чогулуш өткөргөнгө. “Тарагыла!” – деп, бизди орустардын полициясы келип таркатабыз деп. Ошто окуя болгондон кийин, жанагы ситуацияларды көргөндөн кийин, Кыргыздардын жапа чегип калганын көрүп кыргыз жаштар менен өкүлчүлүккө бардык. Баары көтөрүлүп барышып, өкүлчүлүккө айтып. “Тарагыла!” – дейт да. Анан полиция алып келди, каршылаштыруу болуп. “Бул көчөнү тозобуз!” – деп, талап кылышкан. Анан болбой өкүлчүлүктүн короосуна алып кирип, анан эптеп таратышкан. Ошол жерден сөздөр айтылып, башка талаптар коюлуп Москвадагы студент жаштардын талабы деп туруп, ошол убакытта Кыргызстан Компартиясынын акыркы сьезди болгон. Анан ошого ошол талапты коюп, жөнөтүп атышат, турган балдардын баары талап коюп, “Абсамат Масалиев жумуштан кетиңиз!” – деп.

Изилдөөчү: Ошол кезде кетсин деген башталган экен да?

Респондент: 1990-жылы июнь болуп атабы? Июньдун ичи же аягы ошондой эле окуя бүткөндөн кийинби, бир эки жумадан кийин эле да болжол менен. Ошол катты Кыргызстанга жеткиргенге мага тапшырышты.

Изилдөөчү: Жаштардын талабын э?

Респондент:  Жаштардын талабын. Анда факс менен же бирөө менен деле жиберип жибербейби. Жоок алып барыш керек. Анан кантип барам. Өкүлчүлүкө барып биздин өкүлчүлүкө бизге самолетко билет алып бергиле деп, ошол дагы талап болду. Самолетко билет алып беришти.

Изилдөөчү: Анан кантип алып келдиңиз?

Респондент: Сактап алып. Азыркы ак үйгө алып келип, каттатып аны. Каттаткан эмени кайра сүрөткө тартып алып, “Чындап эле алардын колуна жеттиби” – деп. Ошол компартиянын бирөөсү азыр эсимде жок делегатка берип, “Залга киргенде айт” – депчи. Анан ошол нерсенин баары ооз эки айтылган: Биз Москвадагы студенттердин, жаштардын могундай талабы бар депчи. Анан ошондо ошол убакытта Кыргызстандын жетекчилиги толугу менен отставкага кетсин деп. Ошондой бир пункт бар. Дагы көп талаптар бар эле бирок эсимде жок азыр. Ошонун копиясы деле жок, каякта калганын ким билет?

Изилдөөчү: Архивде бар болуш керек, каттаттым деп жатпадыңыз беле. Архивде бар да.

Респондент:  Бул жактын Архивинде барда, ооба.

Изилдөөчү: Ошол 1990-жыл боюнча. Караколдо студенттер самолет сурашып, аларга  самолет беришип Ошко барып келишкен.

Респондент:  Барышыптырбы?

Изилдөөчү: Ооба. Ошко барып келишкен. Мен дагы студент болчумун. Караколдо окучумун.

Респондент:  Билет алып бериштиби?

Изилдөөчү: Негизи «Замандаш», “Акыйкатка”  кошулушуңузга негизи мотивация эмне болду? Кандай бир максаттар менен аралашып калдыңызбы же мындай эле шар кирип кеттиңизби? Кайра куруу деми менен.

Респондент:  Ошо кайра курууда мурда  айтылбаган маалыматтар, проблемалар чыгып баштабадыбы. Улуттук аң сезимди өстүрүүгө байланыштырууга маалыматтар чыга баштады. “Эмне учун кыргыз тили мамлекеттик тил боло албайт? Эмне үчүн кыргыз тили колдонулбайт? Эмне учун Фрунзе шаарында бир эле кыргыз мектеп?” – деген маселе. Ч.Айтматов дагы ошого байланыштуу макалаларды жазган. Ошол нерсени баары мага ошкогон жаштарга түрткү бергенго деп ойлоймун. Анан баягы репрессия болгон учурларда маалыматтар чыга баштады “Тигил атылып кеткен, тигил мынткен” деп баштады. Жанагы Заманист акындар деген Молдо Кылыч, Молдо Нияз дегенди уккан эмеспис. Ушундай акындар болгон турбайбы, ушундай ыр жазган турбайбы. “Биз азыркы муундар эмне үчүн үн чыгарбайбыз? Прибалтика бөлүнөм деп чыгып кете баштады, а эмне үчүн биз бөлүнө албайбыз?” деген суроолор бизде дагы пайда болду  «Замандашта», “Акыйкатта” дагы. Биз Москвага барсак Кавказ респубикалары бөлүнөм деген кадимкидей суроолор болгон. Ошол процесстердин баардыгы мага, мага окшогондорго таасир берди деп ойлойм. Менин кесибим журналист болгону менен башка кесиптеги балдар көп болчу.

Изилдөөчү: Караколдо Матфак күчтүү кеткенда ошол жакта Матфак, ОТД.

Респондент:  Силер Матфакта белеңер?

Изилдөөчү: Жок. Филология. Черфакта сүрөт тарткан балдар кошулган.

Респондент:  Мен билгенден Таалай Ылайтегин.

Изилдөөчү: Жок, ал эми окуган жок да Желтоксанга барып аралашып калып жатпайбы э?

Респондент:  Ии.

Изилдөөчү: Бирок ал такыр такай Караколдо студенттердин жатаканасына келип сүйлөп берчү экен.

Респондент:  Мен ал кишини интервью кылдым, Азаттыкка Бийлик Сырларын так ушул процесстерди, Желтоксандан армияга барып келген убагын. Андан кийин көрсө тияктагы окуя ага таасир берет. “Эмне учун бизде болбойт?” – деп, Кыргызстанда, анан бул Көлдү көтөргөн. Негизги кыймылдаткыч күчү Каракол Педогагический Институту болгон.

Изилдөөчү: Мисалы учун Ч.Айтматовдун Горбачев менен болгон мамилеси. Келип Көлгө форум өткөргөнү биздин абдан ишенген жазуучубуз көтөрүп чыкканы таасир эттиби?

Респондент:  Албетте.

Изилдөөчү: Анткени жазуучулар дагы бөлүнүп калбадыбы экиге. Жаштары башка кетти, ошол кездеги Айтматовдор баштагандар. Бери жака туруп баштарын сылагандар, бут тоскондор пайда болду. “Кыргыз маданияты”, жазуучулар көбүрөөк ушуга аралашкандай көрүнөт.

Респондент:  Мен айтып жаткан Кыргызстан Маданияты деген гезит Кыргыздын интеллигенциясы, улуу мууну ушул гезитке жазышчу. Жанагы 16-жыл боюнча, революция боюнча. Репрессия, согуштун алды, 52- жылдагы репрессия, байма-бай ошонун баары гезитке чыга баштады. Ошол улуттук аң-сезимди гезиттер көтөрүп, а жаштардыкын болсо “Ленинчил жаш” ошондой темаларды чагылдырган. Албетте Айтматовдун макалалары өзгөчө “Литературная газетага” чыкканы башкаларды көтөргөн, анан бир чети аябай сыймык болгонда. Мисалы үчүн, оңдогон жылдар бою тирешип келген батыш менен чыгыштын ортосундагы мамилени айтып, Советтер Союзун кайра курууга салым кошо турган, дүйнөлүк интеллектуалдардын баарынын башын кошуп, Ысык-Көлдө чогулуп атканы биз кыргыздар үчүн аябай чоң сыймык болгон. Мен Москвада жүргөндө башка республикалар башка улуттагылар ич күйдүүлүк менен. Анан Горбачевтун президентик кеңешинин мүчөсү болуп атат.

Изилдөөчү: Жакын досу болуп калды.

Респондент:  Оба, жакын досу. Пикирлеши. Кыргыз чон державаны башкарган адамдын жанында туруп, кенеш берип жатат депчи. Кийин биз деле угуп атабызго ал форумду өткөргөнгө атайын чоң самолет бөлүнүп, охрана бөлүнүп, башка тыйын бөлүнүп. Ошондой деңгээлге жетип , ишенимге кириш Горбачевтун ишенимине кириш Айтматов үчүн тең келбестик.

Изилдөөчү: Агай анан тиги Самиздаттар жөнүндө эмне дейсиз? Самиздаттар деле болгонда ошол кезде. Ошол кыймылга байланыштуу болгонбу сиздерде? Алар жеткиликтүү болгонбу элге же студенттерге?

Респондент:  Басылмаларбы?

Изилдөөчү: Басылмалар!

Респондент:  Биз окуп жүргөн кезде Санкт Петербургда илгерки Ленинградда “Ак Кеме “ деген журнал чыккан.

Изилдөөчү: Ким чыгарган?

Респондент:  Кошалиевдер чыгарган.

Изилдөөчү: Ким эле?

Респондент:  “Ак Кеме” деген. Москвада “Мүрөк” деген гезит чыккан. Самиздат  түрдө кичинекей кол менен жазылган, көбөйтүп , анан таратылган. Анын ички мазмуну баардык ушул улуттук маселелер. Мен Кыргызстандагы эркин басма сөздүн пайда болушу, жеке менчик басма сөздүн пайда болушу дегенде мен ушуну айтам. Бул 1989-жылы же 1990-жылдары Москвада азыркы журналист анда физик изилдөөчү, физик илимдеринин кандидаты болуп келди кийин, Нарын Айып деген ысым.

Изилдөөчү: “Мүрөктү” ушулар жасадыбы?

Респондент:  “Мүрөктү” Нарын агай өз колу менен жасаган. Көбөйтүп анан Москвада жаштарга тараткан, Кыргызстанга чейин жиберип жүргөн. Ленинградда дагы ошондой  “Ак Кеме” деген журнал. Мен кийин жакында эле угуп калдым ал ошондой журнал мурда дагы болуптур.

Изилдөөчү: Мурда болгондо канчалык мурда?

Респондент:  Союз учурунда Кайра Курууга чейин. Советтер Союзу быкылдап турган мезгилде. Ишенбек Бекешов чыгарган  “Көпүрө” деген гезит. Ленинградда окучу экен. Усманов деген агай Азаттыкта иштеген.

Изилдөөчү: Усмановдордукубу?

Респондент:  Ооба. 1970-жылдардагы.

Изилдөөчү: Бирок ушул эле маселелер көтөрүлгөн э?

Респондент:  Билбейм ички мазмуну кандай экенин. Бирок өз алдынча гезит -журнал чыгарып кийин көбөйтүп алып таратышкан. Башка маалымат үзүлтпөгөн.

Изилдөөчү: Фрунзеде болдуңуздар. Ошол эле убакытта Ошто, Караколдо, Жалал-Абадта жаштардын топтошу, кыймылдар кандай болуп жатты. Байланыштар бар беле? Сиз байкай алдыңызбы? Мисалы үчүн сиздер аларга барып же алардын маалыматы сизге жетип. Байланышуу кандай болду эле? Азыр го интернет, ватсап бар.

Респондент:  Ооба, бул 1989-жылдары андан кийин биз а бул жакта дагы бар экен бизге окшогон, бул жакта дагы бар экен деп калганбыз. Ленинградта деле өздөрүнчө “Ак Кеме” деп түзүп уюштуруп алышыптыр. Биз биринчи Москвада жүргөндө “Ак Кеме” менен байланыштык. Россиянын башка шаарларында дагы түзүп алгандар болду, алар менен байланышып жаттык. Кайра «Замандаш» менен байланыштык. Анан Бишкекте пайда болду, алар менен байланыштык.  Койчиевтер болсо “Жаш Тарыхчыларга” кирип кетти. Ошентишкен. Байланышып жүрүп кийин 1990-жылы “Кыргызстан Демократиялык Кыймылы түзүлөт экен!” – деп, ошолор менен байланыштык. Биз 1990-жылы башында КДКнын негизги уюштуруучулары менен байланышып жүргөндө биз дагы көпүрөлүк милдетибизди жасадык. Бул жактан жаштар Москвага барчу, андан ары Прибалтикага барчу. Прибалтикадагы уюмдар активдүү, таасирдүү болчу.

Изилдөөчү: Кимдер жөнөтчү?

Респондент:  Өз алдынча эле барышчу.

Изилдөөчү: Өздөрү өздөрүн каржылаппы?

Респондент:  Ооба, барып. Ошол жакта “Саюдис” деген уюм бар болчу. Дагы башка уюмдар бар болчу. Барып, катышып тажрыйбасын үйрөнүп алып кайра келишчү. Биз Москвадан тосуп алып, Фрунзеге узатып коюшчубуз.

Изилдөөчү: Жаштар бири-бирин колдоп эле бири-бири менен байланышып.

Респондент:  Ооба.

Изилдөөчү: Алардан келчүбү же өздөрү табып алчы беле кыргыз жаштары?

Респондент:  Алардан гезиттер, маалыматтар келчү. Адрестерин таап берип жөнөтчүбүз. Мына азыркы Жыпар Жекшеев, Акматалиев, Мелис Эшимканов, Эмиль Каптагаев, Бекболот Талгарбеков мына ушундай жаштар өздөрү менен өздөрү эле болушчу. Анан дагы кызык окуя 1988-1989-жылдары Москвада барганда чоңдорго талап коюп, тапшырма берип, келсин, кетсин деп жүрсөк, жанагы Комсомол уюмундагы талаптарды койгонбузда. “Биз Кыргызстан Жаштарын тааныбайбыз билбейбиз, жолукпайбыз!” деп. Анан Комсомолдун жетекчиси Тынычбек Таабылды байке “Силер бир жолу баргыла мен Кыргызстандын түндүгүнө, түштүгүнө бир соонун экскурсияларды уюштурайын. Эл менен жолуккула, башка кылгыла, мындай кылгыла” – депчи. Бир жолу эмесине бардым Москвадан түз Ошко учтукпу билбейм. Ошондой рейс бар беле?

Изилдөөчү: Оба. Дайым Москва-Ош бар болчу. Биздин учурда бар болчу 1985-1986-жылы.

Респондент:  Ошко келдик. Жанагы “Акыйкаттын”, “Ак Кеменин”. “Мүрөктүн негиздөөчүлөрү  15-20 бала бир автобуста 30 адам болуш керек. Бизге маршрут түзүп коюптур. Анан бизди  Кара-Кулжага алып барды, Арсланбабка алып барды, ортодогу шаарларга, айылдарга алып барып эл менен, жаштар менен жолуктук. Ошондо дагы барып алып Кыргыз тил мамлекеттик тил болуш керек, Кыргыздар өз алдынча сырьевой мамлекет Республика болду, Москванын көзүн караган. Баары бир өз алдынча мамлекет болуп кетели деген ой жок. Өз алдынчалык көбүрөөк болсо деген эле ойлор айтылган. Ошол убакытта жаштар менен көп кездешкенбиз, чоң куракдагы адамдар менен дагы кездешкенбиз. Бир концертный программа даярдап алганбыз.

Изилдөөчү: Кимдер эле?

Респондент:  Таланттуу жанагы, Дүйшөн деген аккардеон тартчу…. Дагы бир кыз комуз чертчү.

Изилдөөчү: Өздөрү эле э?

Респондент:  Өздөрү, өзүбүз эле. Талкуу дагы болчу, концерт дагы болчу алар дагы.  Өзгөн менен Кара-Кулжанын ортосунан тозуп алышып, аябай почетно тозуп алышып азыркыга чейин балдар эскерет, нан, туз менен тосуп алып. Кийин көрсөк бизди алаксытып, биздин көңүлүбүздү алып, жакшы жерге алып барып жакшы экскурсия кылып.

Изилдөөчү: Алдап-соолачы экенда, э? Кызык. Ошондо Комсомол уюштуруп берип жатпайбы ушунун баарын э? Комсомол комитети.

Респондент:  Ооба, Комсомол комитети уюштуруп берип атат.

Изилдөөчү: Алар эми ушул методду табышыптырда э, алаксыталы деп?

Респондент:  Жок. Кийин айтып атпайбы Комсомолдун жетекчиси “Көрсө байкабай өзүм силердин араңарга кирип кетиптирмин” – деп,  силерге шарт түзүп берип , элдин баарын козутпадыңарбы депчи.

Изилдөөчү: Ким эле?

Респондент:  Тынычбек Табалдиев.

Изилдөөчү: Анан өзү дагы кирип кеттиби кийин?

Респондент:  Жок.

Изилдөөчү: Анын ролу кандай болду? Эмнелерди кылды? Кийин катышып калдыбы?

Респондент:  Уюштуруп берди да.

Изилдөөчү: Уюштуруп берди. Бирок кийинчи?  Өзүнүн Комсомолдук, партиялык ойлорунан кайтып кыймылга кийин 90-жылдары кирдиби?

Респондент:  Жок. Ачык кирип колдогон жок. Бирок ички эмесин оңдоптур деп койом да. Жанагы 1986-жылдагы Алматы окуясынан кийин азыркы Улуттук Университетте ар бир факультетте, ар бир студент менен, мугалим менен иштеген катуу бир учур болгон экенда. Мисалы учун Сабыр Аттокуров деген профессор агай учураган, башка агайлар учураган. Ал кишинин ага чейинки аракеттерине баа берилип, анан кетип атпайбы. Улутчул деп. Ал киши этнографиядан сабак берген. Этнографиядан сөзсүз улут, уруу жөнүндө сабак болчу экенда. Козгоп чыгышкан.

Изилдөөчү: Жумуштан алып…?

Респондент:  Ооба. Кийин ал агайды далилдеш үчүн студенттерди колдонушкан. Оба лекцияда агай айтчу “Кыргыздар кыркка бөлүнө!” –деп, “Баланча уруу бар” – деп,  “Сен кайсы урудансың?” – деп сурачу, бизди урууга бөлүнгүлө деп күнөөлөштү. Эмне учун жанагы КГБ келип биз айткан сөздү кайра кайталап, бизге тактап атат да. Кийин ойлосом студенттердин арасында дагы КГБга информатор болуп иштегендер бар экен.

Изилдөөчү: Ошого таң калдымда. Сиз жетекчи болбосоңуз дагы сизди чакырып алып сүйлөшүп.

Респондент:  Ии… “Конкретно биз билебиз” – деп айтып атпайбы. Ошол билген нерсесин кайра менин сөзүм менен бекемдеп коюп жатышпайбы. Кийин мен ошо жакшынакай эле жүрүп жанагы талкууларга катышып жүргөн балдар КГБда кадимкидей официалдуу расмий жумушка кирип, кийин иштеп калышты. Көрсө алар студент кезинде үйрөнүшүп информация чогултуп тияк менен кызматташчу экен.

Изилдөөчү: Кийин баары бир ошол жакта иштедиби?

Респондент:  Баары ошол жакта иштеди. Полковникке чейин жетип иштешти. Азыр дагы айтып калам э досум эки лагерде иштегенбиз деп.

Изилдөөчү: Сиз айттыңызда “Эгемендүүлүк” деген сөз деле болчу эмес ал кезде, маселелер эле көтөрүлчү тил боюнча. Анан улуттук маселелер боюнча, Эгемендүүлүк деген түшүнүк жок беле ошол кезде? Же  башка бир идеялар бар беле?

Респондент:  Башында жок деп атам да Прибалтикага салыштырмалуу. Алар “Дароо бөлүнөбүз!” – деген да. “Бөлүнөбүз, кеттик!” – деп. Референдум өткөзүшкөн. Ошондой болуп кетишкен. 1986-1987-1988-жылдары бул маселе болгон эмес. Эгемендүүлүк боюнча билбейм,  менин эсимде жок. Мен деле көп процесстерди көрдүм, башкалардан сурайм дагы ошондой. А 1989-жылдан баштап анткени тигилер уже бөлүнүп алышкан. Ошонун таасиринен болушу керек. Мурда болсо эмне тилибиз болсо, мектептер көбөйсө, кыргызча китеп болсо, кыргыз кадрлар өссүн. Кыргыздардан жумушчу табы жок деген эме болгон. Фрунзедеги завод, фабрикаларда токсон пайызы башка улуттагы адамдар иштечү. Эмне үчүн кыргыз жумушчу  табы жок деп. Эмне учун Фрунзеде кыргыздардын үйү жок. Ошол.

Изилдөөчү: Сиз өзүңүз дагы жаш болчуңуз да, үй-бүлөлүү болчуңуз да 90-жылдары.

Респондент:  Ооба. 90-жылы мен үйлөндүм.

Изилдөөчү: Ар жакта квартиралап жүрдүңүз?

Респондент:  Ооба да. Ошол маселелер. Анан биз этибизди Москвага жөнөтүп коёт экенбиз, жүндү башка жакка жөнөтүп коёт экенбиз. Өзүбүздө эч нерсе жок экен. Пахтаны бул жакка жөнөтүп коёт экенбиз, өзүбүздө кийим жок экен. Советтер Союзунан бөлүнүп чыгуу деген маселе 1990-жылдын башына чейин билинбей койгон жок. Ачык, күн тартибине коюлуп жанагы кыймылдардын күн тартибине коюлган эмес. КДКнын башы “Ашарда”. “Ашардын” башындагы талабы: “Үйгө, жерге ээ болуу”.

Изилдөөчү: Бирок сиз алган интервьюда айтып ататта, КДКлар: “Биз тарап кеттик анткени биз максатыбызга жеттик” деп. Демек булар башынан эле эгемендүүлүккө күрөшкөндөй эле көрсөтүп атат да. Башынан эле.

Респондент:  КДКга баш кошуп атканда эгемендүүлүк боюнча сөз болуп калды. КДКга 1990-жылы, 26-майда баш кошуп атышат булар. Жанагы “Акыйкат”, “Азаттык”, «Замандаш» башка элүү неформальный уюмдар КДКга биригебиз деп баш кошуп ошого кирген. Анан ошондо эгемендүүлүк жөнүндө …

Изилдөөчү: Менин тан калганым мындай болуп ататта 1916-жыл эч качан унутулган эмес. Кайра кайра кысым кылса дагы адабият азыркыга чейин чагылдырып жүрөт. Улам-улам көтөрүлүп. Эс тутумда калган нерсе болуп. Мунун баары 1916-жыл жөнүндө сөз эле эгемендүүлүкө байланыш маселе же болбосо Казалчылар, Заманисттер алар Орус империясы келер менен реакция кылып жатышат. Ага чейин Казакстанда башталганда реакция кылып жатышат. “Жериңди алдырттың, өзүң жериңде кул болдун, өз жериңе өзүң ээ болбой калдың” деп, эркиндик  туралуу мындайча айтканда. Анан ушул нерселерди 1940-жылы изилдеп, Саманчин камалып атат, 1960-жылдары болуп атат, 70-80-жылдары деле ушулар көмүскө баары-бир бар да, интеллигенция билет ошол жөнүндө. Анан ошол эркиндик, эгемендик жөнүндө сөздү козгоого бир түрткү берген нерсе. Элдин жүрөгүндө бар нерсе да. Ошол жашырып жүрдүбү же чындап эле эгемендүүлүк деген нерсени сезбей эле маселе катары көрүп жүрдүбү? Кантип эле дейм да.

Респондент:  Жок.  мисал үчүн жанагы мен айтып отурган көз каранды эмес мамлекет болуу деген ачык айтылбаса дагы жанагы масалелер бар, ал түпкүлү ошого барып такалат, ошол эгемендүүлүк жөнүндө ,эркиндик жөнүндө эңсөө, самоо, умтулуу деп ойлойм да.

Изилдөөчү: Ошол дагы бар, анан бирок жаштар көбүнчө бул жакта маалымат болбой калды сиз айтып атпайсызбы “Ой, Молдо Кылыч бар экен” – деп, ошондо билдик депчи, анан “Калыгул бар экен” – деп, анан ошол жаштарга маалымат жетпей калды, бирок улуулар билчү да, жаштар менен улуулардын ортосун да  анчалык байланыш болгон жокта э же болдубу? Мисал үчүн, жазуучулар деле айтатта эме депчи Кенеш Жусуповтор мисалы үчүн биз өзүнчө топтолуп алып, эмне үчүн өзүбүздүн тилибизди ушинтип өзүбүз өнүктүрө албайбыз, өз тилибизде сүйлөй албайбыз деп, өзүбүзчө топтолуп алып сүйлөчүбүз, эңсечүбүз дейт .

Респондент:  Эңсечү, жашыруун. Ачык айтылып кайра куруу жылдарында, жаштар кыймылы башталгандан кийин “Улуу муундардан лидер кылалы, улуу муундардан батасын алалы!” деген сөздөр айтылчу да. Мисалы үчүн неформал уюмдар давай бирикпейлиби депчи көп аттуу, баштуу адамдарга барганда этеңчиктеп, сезденип, коркуу болгон да. Мына ушулардын ичинен  Казат Акматов, коркпой “давайте, чын эле, менин дагы оюм бар!” – деп, жаштар барганбыз. Анда бул жазуучулар союзунун секретары, Айтматовдун орун басары мамлекеттик ишканада, мекемеде имаратында, кабинетинде отурат. Неформал уюмдарын чогултуп алып лидер болуп алды өзүчү. Акматовдун кабинети биз тебелеп, тепсеп штаб болуп калган.

Изилдөөчү: Ошо кайсы жылдары?

Респондент:  1989-1990-жылдын башында эле. Жанында Айтматовдун кабинети бар. Жабылып турат экен көп деле киши келбейт экен анан ошондон коркпой, үркпөй. Кее бир башкалар катышкан учурлар дагы болгон да. Жаштар Ала-Тоо аянтына чыгып, жер бергиле, башка талаптырды коюп 1989-жылы баштап көтөрүлө баштаган, “Ашар” дагы.. Чоң- чоң жазуучулар дагы барып, баары катышкан. Ошолордун ичинен жалгыз Туголбай Сыдыкбеков Ала-Тоо аянтына келип, “Ашарчыларга”  батасын берген. Бул тарыхый факт, сүрөттөрү дагы бар ашарчылардан сурап көрүңүз. Сүрөттөрү бар да. Мен ушул эки адамды өзгөчө белгилейм. Айтматов үстүдө туруп алып, Союздук деңгээлде Москвага чейин мектеп маселесин көтөрүп, башкаларды көтөрүп жаштарга дем берген деп ойлойм. 1990 жылдардан кийин ачыкка чыккан, ошол эле Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жекшеев. Мен буларды баатырлар деп эсептейминда. Коркпой, үркпөй чыкканына. Буларга ишенип алып жаштар дагы буларды ээрчип атпайбы, биз буларды ээрчип атабыз. Ошол учурда биздин кошуна мамлекеттердин жаштар кыймылы болгон экен. Алар деле чыгыптыр. Бирок алар репрессияга, куугунтука алынган учурлар болгон. Тажикистандан, Өзбекстандан, Казакстандан качып келген жаштар жүрчү биякта. Өздөрүнүн бийлигинен куугунтук көрүп. 1986-жылы “Желтоксан” чыккандан кийин уже казактардын жаштарын кугунтуктап баштаган. Бизде анчалык массалык кугунтук, репрессия болгон жок. Мен ушул суроону өзүм дагы ал кишиге бергем. Убагында Улуттук Коопсуздук Кызматынын төрагасы, жетекчиси генерал Асанкулов деген болгон. Ушул кишинин ролу чоң  деп ойлоймунда. Ал кишинин өзүнөн да жооп уккам.

Изилдөөчү: Эмне деген?

Респондент:  “Эмне үчүн буларды ооздуктап  койгон жоксуңар? Бийлигиңер бар эле, башыңар бар эле го” – деп. Ал кишинин ички дүйнөсүндө, сезиминде, жүрөгүндө колдогон болуп атат. Мен ушул суроону Казат Акматовко бердим, Топчубек Тургуналиевге, Жекшеевке дагы. Булардын бары контора менен кызматташкан. Чындап эле ошол учурда Кайра Куруу жылдары, Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Кыргызстандын неформал уюмдун катышуучулары, башкалары камака алынган эмес. Катуу Советтик заман болуп турган. Азыр эгемендүүлүк алгандан кийин камака алып жатпайбызбы, азыр башкача сүйлөп койгон үчүн. Бизди дагы эметип койсо болмок. Улуттук Университетте чоң жолугушуу болуп жатканда учурда генерал Асанкулов барды дагы башка жетекчилер барып, жолугушуу кылып атат студенттер менен. Мен ошол жерде болчумун. Мен айттым: “Сиз генералдык наамга татыксыз экенсиз. Кетиңиз” – деп айтканда, жатаканадагы балдар бул жактан кетиш керек депчи. Кармаласыңар, бүгүн силерди кармап кетет. Биз башка жака кетип калганбыз. Кийин ушул киши менен «Асабада» кабарчы болуп иштеп калганда ал киши жумуштан түшкөндөн кийин экөбүз мамилелеш болдук, көп сырларды сүйлөштүк, көп интервью алдым. Үйүнө чейин бардым. Бүт өмүр баянын айтып берди. Ошондо айттым – Агай баягы эсиңиздеби, мен сизге ушинткеним? Ушул сөзүм үчүн кечирим сураймын –дедим. Катуу айтып коюптурмун – деп. Эмнеге сиз жумшак болгонсуз, унчукаккан жоксуз? – деп. “Сен ким элең?” – деди, “Сага окшогондорду тыйып койуш, оозго коюш, талкалап койуш оңой эле болчу. Мен силерди аядым” – дейт. “Мен андайды генерал башым менен жаштардан каяша сөз эмес, бул замандын ушундай илеби деп түшүндүм” – дейт. “Эгерде тыя турган болсок, тыйып коймокпуз. Анда Москва деле Союздук Республикаларды башкаруу мурдагыдай үстөмдүк жүргүзө албай калган, алсыз болуп калган учуру экен. Өзүбүздү өзүбүз билчибиз” –  дейт. Ал кишинин сөзүн, экинчиден КДКнын лидерлерине ушул суроону бергем, дагы көп суроо бергем .  Ал ички эмесинде Масалиевди дагы колдогон эмес да. Масалиевке каршы болгон. Бийлик катары колдош керек болчу, ачкачылык жарыялагандарды таркатыш керек болчу.

Изилдөөчү: Медиа боюнча айтсакчы ошондой “Ак Кеме” сыяктуу же “Майдан” сыяктуу басылмалар болгон, бирок «Леннчил жаш – Жаштык жарчысысы” деп кайра түзүлүп атпайбы. Мелис Эшимканов келип “Түндүктөн түшкөн” редактор деп атат. Анан сиз дагы келип, бул жакта иштеп калып жатасыз. Көп эле ошол кездеги лидерлер мисалы үчүн жаштар лидер болуп чыгышына «Асабадагы» макалалар, материалдар түрткү болду да. Текебаевдин чыгышына. Анан ошол Асабанын ролу канча? “Жаштык жарчысынын”  комсомолдук гезиттин бүт принципптерди үзүп жаны принциптерди өзгөртүп алып иштеп, жанагы “сөз эркиндиги” сыяктуу нерселерди алып келишип атпайбы. Мурдагы коммунисттик идеологияны бузуп атат да.

Респондент:  Өзгөчө жаштардын улуттук аң сезимин өстүрүүгө бул гезиттин ролу аябай чоң. Бул гезит ошол убакытта эле 100 миңден ашык тираж менен чыкчу. Андай тираж Кыргызстанда жок. Жанагы партиялык гезит деле чыкчу, эгемендүүлүк алгандан кийин андай тираж менен чыккан гезит болгон жок. Ошого жете алган жок. Бир кана супер инфо ошого жакындап барды. Карабайсыңбы мына 1989-жылы “Ленинчил жаш” гезитин Комсомолдун эмесинде турган учурда эле “Давайте алмаштырабыз!” – деп , мен ушул процессте катышып калдым. Ошол жерде иштеп калгам  Акбар Рускуловдун ордуна.

Изилдөөчү: Аа, сиз Акбар Рыскуловдун ордуна келдиңизби?

Респондент:  Ооба, Акбар Рыскулов мени жумушка алган.

Изилдөөчү: Ошол процесс кандай болду? Келип эле түшүп, алмаштырып койгонбу? Жөн эле келип тартып алдыбы?

Респондент:  Бул 1990-жылы болуп атат жанагы алмашкан.

Изилдөөчү: 1989-жылы эмеспи?

Респондент:  Жок. 1990-жылы экен. Ошол элдин талабы, башкалардын талабы, окурмандардын талабы,  эл талап кылып атат, окурман талап кылып атат деген. Андан кийин элге жарыя кылды “Кандай сунуштарыңар бар, башка идеянар барбы?” – депчи. Анан сунуштар келди окшойт. Анан бир күнү элден келди деп “Жаштык жарчысы” атка токтолду.

Изилдөөчү: Муну Рыскулов жасап жатат э?

Респондент:  Ии, Рыскулов убагында болду.

Изилдөөчү: Рыскулов жасадыбы?

Респондент:  Рыскулов жасады. Анан муну Рыскулов көбөйткөн жок, андан кийин эле Рыскулов кете турган болуп атат жумуштан.

Изилдөөчү: Өзү элеби?

Респондент:  Мындай болуп атат. 1990-жылы тигиндей болду. Рыскулов Акаевке пресс секретарь болуп кирип атат. Орун бошоп атат да. Бул гезит ЦК Комсомолдун органы, органы катары алар дайындаш керек болчу. Кийин ЦК Комсомолдогулардын бир бөлүгү ошол эле Акматалиев ЦК Комсомолдо иштеген Райхан Төлөгөнов , Каптагаев иштеди, дагы башкалар иштейт дагы “Давайте!” – деп, Мелис Эшимканов Комсомолдо иштеди, мурда Акбар Рыскуловдун кол алдында кабарчы болуп иштеген, кийин Комсомолго кеткен. Замандын шартына байланыштуу альтернативдүү түрдө редактор шайлайлы.

Изилдөөчү: Шайлоо болуптур.

Респондент:  Шайлоо кылат. Комсомолдун пленумунда шайлоо болот. Пленумунда канча киши болот билбейм, балким 50-60 адам. Ошондой формадагы редакторду шайлоо өтөт, дагы бирөөсү Мелис Эшимканов болот. Бирөө Акбар Рыскулов, Болот Жумабаев деген дагы башкалар.

Изилдөөчү: Шайланып келген турбайбы, э? Эмнеге түндүктөн түштү дешет.

Респондент:  Шайлоо болду. Мелис Эшимканов утту. Көпчүлүктөр дагы ага добуш салышты. Анда ойдо жок,  ошондой дагы болобу депчи. Күн ачык турганда чагылган түшкөндөй болдуда. Кыргызстан маданиятына жазышты “түндүктөн түшкөндөр”  депчи. Келди, биз ал жакта иштейбиз да. “Иштегиле!” – деди. “Иштегиле бирок могундайча иштейбиз” – деди. Могундай темаларды козгойбуз, могундай рубрикалар бар, могундай жасалгалайбыз, могундай эл менен, окурмандар менен иштейбиз.

Изилдөөчү: Кайдан пайда болду анда ошондой идея Мелис Эшимкановто?

Респондент:  Билбейм. Мелисте ошончо эле идеялар ургуп чыгып эле турчу.

Изилдөөчү: Тубаса, э?

Респондент:  Тубаса, башкача. Мында кийин айтылбаган терминдерди сөздөрдү башкаларды ойлоп табыпчы. Мисалы биз пландаган гезит башка, чыкканда гезит башкача болуп калчу. Пландагандан реалдуу гезит чыкканга чейин Мелистин идеялары өзгөрүп кетчү да. Анан укмуш. “Жаштык жарчысы” баары бир эле эме болуп атат, Коммунизмдин пропагандсы. Давайте «Асаба» деп койобуз деп бул Мелистин жеке демилгеси болду. Көп өтпөй эле, келери менен бир эки айдын ичинде өзгөрттү. Кийин таптакыр башка гезит болуп чыкты. Бул «Асаба» гезити жөнөкөй элдин аң сезимин өстүрө турган каражат эмес, саясий элитаны бириктире турган гезит болгон да.

Изилдөөчү: Ошо, жаш лидерлерди жаратканбы?

Респондент:  Бут саясий элита, саясатчылардын баары ушул гезитке келчү. Бүт идеясы барлар, жаштар гезитке келчү. Ордо болуп жатып калган. Ошондон пайдаланып туруп “Бейбачалардын партиясын” түзүп атпайбы. Эми демократиялык мамлекеттерде журналист партия түзүп атат да. Журналист саясий процесстерге катышпаш керек, калыс болуп ортодо туруш керек, жок өзү түзүп атат, гезитти пайдаланып, өзү лидер болуп алып. Далай миңдеген миллиондогон кишилердин баардыгы партияга кирбедиби.

Изилдөөчү: Чогулуштарды өткөрчүбү?

Респондент:  Укмуш. Мына Драмтеатрда съездин өткөрүпчү, Акаев келип ошол партиянын эмесине. Акаев тракторлорду ала келиптир, партиянын дыйкандарына тракторлорду бергени силерге белек алып келдим деп. Анткени Эшимканов менен кызматташыш керек да, душман катары көрбөш керек да. Мунун артында миллиондогон адамдар турат. Ушунун баарын гезит аркылуу берген.

Изилдөөчү: Акаев дагы эгемендиктин кандай десем көрүнүшү, эгемендуу мамлекеттин бирини президенти деп кабыл алдыбы?

Респондент:  Ким?

Изилдөөчү: Эшимканов башында?

Респондент:  Кабыл алды. Аябай Акаевди колдогонбуз. Мен 1995-жылга чейин иштедим.            1994-жылы биз Асабада “Аскар Акаев” деген үч тилде китеп чыгардык. Акаев жөнүндө биринчи китепти Эшимканов чыгарды. Эшимканов, Каныбек Иманалиев, Бакыт Төрөбеков, Азимжан Ибраимов, Атай Алтымышов бешөөбүз чыгардык. Презентация Опера жана Балет театрында өткөрдүк. Акаев бизди алкап, Майрам Акаева бизди алкап, башка жардамдарды бере турган болуп, берди окшойт кийин. Биринчи президент деп колдоп жүрдү. Эшимканов ак үйгө каалаганча кирип чыгып турду. Акаевке каалагандай кирип турду. Бир күнү айтып калды “Аскар Акаев бизди чакырып жатат, кеттик!” – деп. Иштеп аткандар “Галстук кайда, көйнөк кайда, ошол бойдон кете бергиле” – деп. Мен айтып турган кишден башка 4 адам ээрчитип алыптыр. Барып, приемго киргизип, учураштырып анан белек бердиртип ушинтип атпайбы могунтип иштеген. Андан кийин 1990-жылы экинчи жарымынан кийин 2000-жылдарга чейин жакындап калганда кийин бузула баштаган. Акаевтин оппозициясына өттү Мелис Эшимканов. Оппозициянын мүчөсү болуп жүрдү. Узун-узун болуп алып Адахан Мадумаров, Данияр Усенов, Текебаев,  Байболов толтура, улуу-кичүүсү — баары Эшимкановдун артынан ээрчип жүрүшчү. Интервью берейинчи, айтайынчы депчи. Алар дагы гезитке материалдарды колдонууга кирсе керек. Ойлоймунда.

Изилдөөчү: Анан башынан эле Айтматов эмес, башка эмес Жусубалиевти жанына алып ошону бир кандай бир гезиттин лицосу кылып жүрдү да э? Ал кандай болду?

Респондент: Кубатбек Жусубалиев Мелис Эшимканов үчүн пайгамбар болчу. Кубатбек Жусубалиев «Асабада” иштечү. Каалагандай келчү, каалагандай келбечү, иши кылып өз билгенин кылчы. Бул маалда Кубатбек Жусубалиев орусча, кыргызча сөздөрдү аралаштырып тексттерди жазып келип кичинекей баланын сүрөтүн тартып Мелиске берип койсо , Мелис  ушул санга берип кой деди. Мен ответственный секретарь гезитти жасалгалаймында э Меке бул жакта “пок” деген сөз жүрөтко дейминда. Э могул могундай жазылат го, дейминда ката болуп калыптыр го дейминда. Оңдобо, Кубат акеникин оңдобо деди. Кандай болсо ошондой кетчү да. Мына ушундай болуп жүрүп Кубат акенин озунан чыккан сөзү бүт өзгөртүлбөйт болчу.

Изилдөөчү:. Эми ошондо кыймылдарга катышып жүргөндөрдөн аягына чейин барып бийликке келгенде ошол кезде койгон максаттарын аткарып кеткендер болдубу же көп эле мисалы үчүн Салижан Жигитовдун бир интервьюсу бар экен да. Ошол айтыптырда: “Бийлик берилбей калган ошол үчүн чыгышкан” деп. Кийин деле ушулардан эч кимиси бийлике жетишкен жок деген пикир бар экен да.

Респондент:  Мен таң калам. Кыргызстанда Коммунистик бийлик Демократиялык бийликке алмаштырылды деп калышат. “Демократиялык жол менен келди!” – деп Акаевтин келишичи. Анын келишине КДКнын ролу аябай өзгөчө да. Ошолор ичинен, сыртынан дагы орус бийликке давление кылып анан коомдун ан сезимин өзгөрткөнгө жардамы тийди. А, бирок Акаевтен кийинки кызматтарды КДКнын жетекчилери өздөрү деле келишибиз керек деш керек болчу, Акаев ага макул болмок.

Изилдөөчү: Эмне үчүн?

Респондент:  Билбейм. Акматовтор, Жекшеевтер, Тургуналиевтер жогорку бийликке келген жок. Акаевтин айланасында кайра эле коммунисттик бийликте жүргөндөр кайра эле айланып.

Изилдөөчү: Эмне себептен?

Респондент:  Бүгүнкүлөр болсо азыр биз авторбуз, биз ээсибиз, биз демилгечибиз өзүбүз болобуз деп эле бийлик алмаштырып жатпайбы. Бизде бийлик үч жолу алмашылды. Билбейм алардын бийликке умтулуусу болгон эмеспи.

Изилдөөчү: Умутулбадыбы же шарт келбедиби?

Респондент:  Акматов Акаевдин президенттик кеңешчиси болду, ошого мүчө болду. Болду. Жекшеев билбейм. Тургуналиев БГУга ректор болду, ошо.

Изилдөөчү: Оба. Эмне үчүн мындайда бул КДК демократиялык кыймылдын башында турат. КДК болбосо деле ошол кездеги лидерлер мисалы үчүн жаштарды уюштургандар анан ар бир саясий кыймылдын негизги максаты ошолда э?  Ошол бийлик аркылуу демократиялык ойлорду ишке ашыруу. Эмне үчүн булар ошолорду уюштурушту, жасашты анан өздөрү бийлике келген жок? Лидер болуп өздөрү чыга албады? Эмне үчүн? Эмне тоскоолдук?

Респондент:  Булардын жеке саясий амбициялары болгон жок.

  Бизде саясий процесстерди жөндөө анан кийин саясатчы анан саясий уюмду билгенди, саясий партия деген азыркыга чейин жетиле элекпиз. Бизде теорияда саясий партиянын милдети, бийликке келуу, шайлоо аркылуу бийлик алып анан өзүнүн программасын турмушка чыгуу деген бизде бир дагы партияда болгон жок. Ошондой салт калыптанта алган жокпуз да. Бизде азыр алтынчы президент менен жашап жатабызбы. Бир дагы президент чындап өзүнүн аракетинде ички сезиминде Кыргызстанда демократия курайын деген ниет болбоптур деген мен түшүнүкө келдим. Азыркы президент ким болуп атат. Азыр демократиянын талкалануунун мезгили. Кайта демократиялык президенттик учурда кийин ал кишинин сөздөрүн, аракеттерин карасаң дал келбейт таптакыр. Демократияны чын курайын деген ниети болбоптур. Бакиевтики тем более болгон жок. Докладтары бар, аракеттери жок. Отунбаеваны толук кандуу президент деп айта албайбыз. Бул кишинин ички эмесинде болгону менен ишке ашыра алган жок. Мөөнөтү болгон жок.Атамбаевте дагы жок. Жеенбековто тем более. Булар көп партиялуу системаны өнүктүрөйүн деген ойлору дагы болгон жок. Атаандашка шарт түзөйүн деген ой дагы болгон жок. Атаандаштык дегенде өзүн партиясын түзүп анан ошо аркылуу депутат болуп, депутаттарды көбөйтүп алайын деген үмүт. Бул демократияга жатпаган көрүнүштөр. Тилекке каршы ошол. Бизде демократиялык принциптерди канааттыралган жокпуз. Канааттандырбай туруп биз талкалап андан кийин анан президенттикте жашашыбыз керек. Парламентскийди өттүк дейт, жашап көрбөдүкпү дейт. Биз жашаган жокпуз. Бул системада, тиги системада дагы жашаган жокпуз. Жашабай туруп талкаладык. Туулбай туруп туна чөктүрдүкта. Кыргызстанда мындан кийин эмне болот белгисиз. Бүгүнкү бийликтегилер мурдагыларга караганда коркунучтуу. Ачык кылып баратат.

Изилдөөчү: Мындай болушу мүмкүнбү. Көбүнчө бийликтегилер эмес элдин өзүнүн түпкүрү маданиятында бар нерсе. Анткени ал ким президент болуп келсе дагы ошол нерсе чыккан үчүн бул баары бир эл менен кичине болсо дагы эсептешүү зарылда. Мисалы Кыргыздарда ынтымак деген түшүнүк бар. Бир нерсе болсо уюша калып, эч ким чакырбайт, эч ким башкарбайт өздөрү келип жасап койот э. Мисалы үчүн өлүмдө, жакшылык жамандыкта кошуналар, тигилер булар дейбиз. Ушундай элибиздин өзүнүн түшүнүгүндө мында бир нерсе топ менен реакция кылуу деген бар. Бул элдин заслугасы, бийликтики эмес деп айтсак болобу?

Респондент:  Оба.

Респондент:  Элдин заслугасы. Элдин өзүнүн түпкүлүгүндө эркиндикке болгон умтулуусу бар болуп атпайбы. Мурдатан бери эркин жашоо болуп келген. Мисалы үчүн байыркы заманда азыр деле демократия гендер деген маселе болуп атпайбы. Аялдын эркектик коомдук турмушка тең аралашуусу да. Биздин жомоктордон, эпостордон баштап кийинки Курманжан Даткага чейин кадимкидей эле аял эркек тең жүрөт. Манастын жанында Каныкей, Айчүрөк, Семетей башкасы, жөн эле кийим тигип берип, тамак-аш жасап турган эмес жанында кеңешчи катары саясий болуп атпайбы. Курманжан Датка конкретно тарыхый факты болуп атат. Күйөөсү өлгөндөн кийин аялы башкарып калуу деген Борбордук Азияда жок нерсе болуп атат. Борбордук Азияда жок нерсе бул мисалы 1916-жылкы болгон окуяда түздөн түз падышачылык Россияга курал болсо курал менен куралы жок болсо ташы менен сойулу менен каршы чыккан кыргыздардай көтөрүлгөн эч ким болгон жокта. Анча мынча казактарда бар, кичине Ходжентте бар. Массалык эмес. Падышачылык Россиянын саясатына каршы массалык түрдө чыгып анан айла жок качып жатышат. Бул дагы эркиндикке болгон умтулуу. 1990-жылдардагы болгон окуяларчы. Элдин эркиндигин арткы түпкүрүндөгү далил ошолда. Коммунистик бийлике каршы чыгып, алмаштырабыз депчи. Бизге болбойт деп. А Биздин кошуна өлкөлөрдүн бири дагы КДКга окшогон уюм чыккан жок аларда. Анча мынча бар бирок аларды талкалап отургузушту. Мунун баары элдин түпкүрүгүндө эркиндикке болгон умтулуусу бар үчүн. Заложенно дейби. Ичибизде. Кудуреттин бардыгы. Азыр мына фейсбука жазып атышпайбы башымды кезип алса дагы тайбайм деген пикирди көп окуп калам.

Изилдөөчү: Ошол кездеги гезиттерден “Кыргыз маданиятын” атадыңыз, анан “Майданды” атадыңыз, анан Россияда пайда болгон журналдарды атадыңыз, анан “Ленинчил жаш” дагы кайсыларды атайт элеңиз? Ошол кездеги кыймылдарды чагылдырган, чагылдырып атыштыда э?

Респондент:  Ошол Майдандын чыгышы дагы кызык. Демократиялык кыймыл башталганда     1990-жылы майда түзүлдү деп айтпадыкпы анан 90-жылдын аягына чейин күрөшуп. Анан Акаев бийлике келип октябрь ноябрьларда. Демократиялык кыймыл өзүнчө гезит чыгарыш керек деген маселе көтөрүлгөн. Жайдак жерден туруп эле “Майдан “деген гезит болсун деп чечим чыгарып койушкан Акматов, Тургуналиев, Жекшеевтер.

Изилдөөчү: Ким болгон редактор?

Респондент:  Токтогулов деген киши болгон.

Изилдөөчү: Аман Токтогулов болдубу жазуучу?

Респондент:  Ии.

Изилдөөчү: Ал өзү бывший КГБшник.

Респондент:  Оба өзү бывший КГБшник. Ал учурда ВАТ деген уюм азыркы учурда Кыргыз Патент ошону башкарчу. Бир күнү Акматов чакырып жатат дейт. Келип кабинетине келсем бир киши отуруптур, кел таанышып ал Аман Токтогулов , Бакыт Орунбеков. Бакыт сага ошентип атабы, сен бизге аралашып жүрөсүң, көрүп жүрөсүң, билесиң, жазып жүрөсүң, мен «Асабада» иштейм. Биз бул кишини редактор кылып дайындадык, сен орун басары бол.

Изилдөөчү: Сиз орун басар болдуңузбу?

Респондент:  Орун басар болдум “Майдан “деген гезитке. Кандай ал чечип атабыз, сага сунуш кылып атабыз. Билбейм. Таң калыштуу. «Асабада «канча аласың?” – деди. Мынча. “Сизге мынча коюп койобуз”. Көп сумманы айтып атат да, көбүрөөк. Макул болбой атпаймынбы ошогочу. Үйгө келип аялыма айтып калдым, барып Мелиске айтып. Угуптур.

Изилдөөчү: Ал жактан кеттиңизби?

Респондент:  Кетип атам. 90-жылы башында январьда эле кетип атам. Бир ай өттү, гезитин чыгарып биринчисин соонун февральда. Анан аялым айтып атпайбы айлык аласыңбы, мурда айлыкты убагында алып келип берчиминда кайсы бир сумма болчу. Анан барып Токтогуловко айткам анын өзүнүн айлыгы барда, кызматы анан байке айлык болобу деп, а чын эле сага айлык бериш керек э деп мени эрчитип алып барып атпайбы Казак Акматовго. Мен бар дагы 4-5 кишиге, мендей кийин аларды эстеп атышат. Анадан кийин Таабалды Эгембердиев чакырып атпайбы. Таабалды могу Бакытка айлык берип коюш керек бул байкуш “Майданды” чыгарып атпайбы. Айлык берип койчу канча дейт, мынча деп а болуптур. Эсимде болгон ошо биринчи айлык. Экинчи айлык келгенде ошол эле маселе. Ошентип эки жылдан ашык ошол “Майдан” гезит чыккан.

Изилдөөчү: Эки жыл иштедиңизби?

Респондент:  Эки жыл иштеп атпаймынбы. Суранып жүрүп дагы башка спонсорлорду таап, фонд кылып жүрүштү. Ошентип беришти.

Изилдөөчү: Үзбөй элеби бериштиби?

Респондент:  Эптеп, эптеп. Мына азыркы күндөрдө пенсияга чыгайын деп турам анан арттагы турган иштеген жерлериңден справка сурашың керекта. Сурасам “Майдан” архивде жок. Даже «Асаба» архивде жок. Аябай баш аламан, чаң тополоң мезгил болчу аны бирөө өткөзүш керек болчуда. «Асабаны» жабышты кийин. Майдан өз алдынча эле жоюлуп кетти, токтоп калган. Ал кагаздар каякта, приказдар каякта. А бирок “Майдан” ошентип көп көп тираждар менен чыгып Кыргызстан ичи бүт бекер таратылган учур болгон.

Изилдөөчү: Бекер берилгенби?

Респондент: Бекер берилген. Подписка дагы кылышчу.

Изилдөөчү: Канча чыкты эң көп тираж?

Респондент:  Билбейм.

Изилдөөчү: Архивдерде, Библиотекаларда барбы?

Респондент:  Библиотекаларда бар.

Изилдөөчү: 90-жылдан баштап чыккан э?

Респондент:  91-жылдын февралы болушу керек. Кийин “Аалам” деген гезит чыкты. Чолпонбай Абыкеев.

Изилдөөчү: Ал  канчанчы жылы?

Респондент:  Ал 91-март май чыкты. Андан кийин 91-жылы “Республика” деген Замира Сыдыкованын жаңы гезити чыкты.

Изилдөөчү: Ал кийин чыктыда Республика.

Респондент:  Ал дагы 91 жылы чыкты.  Майдандан кийин.

Изилдөөчү: “Майдандан” башталыптырда?

Респондент:  Майдандан башталды. Кыргыз тилинде биринчи гезит эгемендүүлүк келгенден кийин “Мүрөк” жана “Майдан”.

Изилдөөчү: Агай Майдандын аталышы кандай эле? Саясий Социалдык бир аттар барго. Кантип чыкчы эле?

Респондент:  Майдан коомдук саясий гезит болушу керек. Китепканада бар эле. Ошол гезитти Кантта типографияда чыгарчубуз. 

Изилдөөчү: Кантта бар беле типография?

Респондент:  Типография бар болчу. Билбейм эмне үчүн аяктан бастык.

Изилдөөчү: Жетекчиси ким эле типографиянын эсиңизде жокпу? Ал дагы улуттук кыймылга тиешеси бар киши беле?

Респондент:  Жок. Акчасын төлөп эле чыгарганбыз. Бирок билбейм бул жактан эмнеге чыгарган эмеспиз. Качып барып ошол жактан чыгарганбызбы. Ал киши менен учурашып калам.

Изилдөөчү: Барбы ал киши?

Респондент:  Бар.

Изилдөөчү: Агай, Асабанын бир жүзү Жусубалиев болду, Мелис Эшимканов өзүнчө тарых деңизчи. Майданда өзгөчөлөп турган эмнелери болду ушул сыяктуу бир темалары мененби же өзүнүн бир кумири мененби же лидер алып чыктыбы ошол жагынан кандай айтасыз?

Респондент:  Биз дагы өзүбүздүн окурманыбызды табып алып, анан окурманга жага турган маалыматты ушул убакытка чейин тыйу салынып келген, айтылбаган нерсенин баары бизде чыга баштады. Азыр эсимде жок бирок чыкса керек деп ойлойм. 91-жыл болуп атпайбы, эгемендүүлүк ала элекпиз. Биз 90-жылы Союздун курамындагы “Кыргыз Республика – суверендүү республика” деп статус алганбыз. 90-жылы Акаев келдиби. Акаев шайлангандан кийин ноябрь айлары болсо керек же декабрьдабы Кыргыз Суверендүү Республика союздун курамында статус ошондой болду. Андан кийин Горбачев Кыргызстанга келбедиби Акаев шайлангандан кийин Кеминге чейин барып кеткен. Аны президент катары тосуп алышып анан узатып койушту. Анан өз алдынча кылып беребиз, эркиндик беребиз башка кылып беребиз деп. Майдандагы негизги неме жанагы өз алдынча мамлекет болуу идеялар болсо керек деп ойлоймунда. Ошо идеялар.

Изилдөөчү: Бир рубрикалар бар эсиңиздеби атайын бир өзгөчөлөнгөн?

Респондент:  Атайын рубрикалар аттары эсимде жок азыр. Авторлор келип анан жазып, авторлордун өзүнүн тону пайда болгон. Ошол эле Таабалды Эгембердиев өзү куруучу, инженер, фирмасын ачып алып бирок бизге байма-бай көп жазды Таабалды Эгембердиев.

Жаза билген адамдан болчу, публицист дагы болчу. Ошого окшогон дагы башка авторлордун тобу пайда болгон. Азыр Майданда өзүндө иштеген журналисттердин тобу, редакцияга окшошуп калдык. Топ пайда болгонбуз.

Изилдөөчү: Ошол учурдагы кыймылдын негизги авторлору кыргыздар эле болдубу же башка улуттан дагы болчу беле? Негизин кыргыздар түзгөн э?

Респондент:  Оба. Кыргызстан Демократиялык кыймылына өзбек улутундагы адамдар бар болчу, уйгур улутундагы адамдар бар болчу, түрктөр.

Изилдөөчү: Эсиңизде жок э аты- жөнү?

Респондент:  Жанагы Иттипак деген уйгурлардын жетекчиси Жогорку Кеңештин дагы депутаты болгон. Түрктөрдөн Исатов беле жергиликтүү түрктөрдүн демократиялык кыймылга. Тиги Жогорку Кеңеште 350 депутат эмеспи, башында 110 депутаттан турган демократиялык блок түзүлгөн азыркы айтканда фракция.