Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Райхан Төлөгөнов

Райхан Төлөгөнов

саясатчы

Гүлзат Алагөз кызы: 1986-1991-жылдары иштеген ишмердүүлүгүңүз жөнүңдө, демократиялык кыймылдар жөнүндө кантип угуп калдыңыз, кантип аларга аралышып калдыңыз ушулар жөнүндө айтып бересизби?

Райхан Төлөгөнов: Менин аты-жөнүм Төлөгөнов Райхан. 1978-жылы улуттук университетинин тарых факультетин бүтүрүп, айылда бир жыл мугалим болуп иштегем. Андан соң илимдер академиясынын заочный аспирантурасына тапшырып бир айдан кийин атайын конкурстан өтүп, илимдер академиясында кенже илимий кызматкер катары иштеп калдым. 3-4-жылдын ичинде илимий диссертациямды жактагам. Менин темам “Коомдук түзүлүш, мамлекеттик түзүлүш, эгемендүүлүк, демократия” деген түшүнүктөр менен тыгыз байланышта болгондуктан ошол нукта ой жүгүртүп калдым.

Анан албетте академиядан өзүңдүн пикирлештериңди, санаалаштарыңды издей баштайсың да. Ошол академияда Алмаз Акматалиев, Эмилбек Каптагаев дагы ушуга окшогон жигиттер менен таанышып, кандайдыр бир жаңыча ой жүгүртүп ошол жерде башталды. Анан 1986-жылы Горбачёвдун “Плюрализм” дегени пайда болду. Ошол плюрализмдин тегерегинде ой жүгүртө баштадык. Биз “Плюрализмдин чеги каяка чейин барат экен? Кандай кылсак болот?” деген ой менен жүрдүк.

Кыргызстан өз алдынча мамлекет боло алат бекен? дегенде СССРдин конституциясында “Союздук республикалардын ошол союздан бөлүнүп кеткенге жүз пайыз  укугу бар” деп так жазылып турганын көрүп, ошол жолго түшкөнгө туура келип калды. Себеби бул кыргыз мамлекети үчүн, тагдыры үчүн орчундуу маселе болчу. Анан бул идея биздики эмес, профессор Нурбековдун идеясы болчу. Ал ушул идеяны ачыкка чыгарам деп жатып жабыр тарткан. Университетте  кафедранын жетекчиси, декан болуп иштеп жаткан жеринен жумушунан коммунисттер тарабынанайдалып, илимдер академиясына кенже кызматкер катары келген. Анан ошол киши менен тыгыз пикирлеш болуп калганбыз. Ал кезде ар бир институтта өзүнүн “Совет молодых ученных” деген уюм бар эле. Мен ошондо философия институтунун жаш илимпоздор уюмуна кирип калгам. Ошондон улам 1986-жылы биз плюрализмдин тегерегинде туш тарапка кайрылып, азыр көчөдө жүргөн жигиттер десе кандайдыр бир өөн учурайт. Ал мезгилде жаратмандык иштерди кылып жүргөн балдарды чогултуп, аларды окутуп, агартуу иштерин жүргүзөлү деп 1986-жылдан баштап 1989-жылга чейин ошолорду чогулттук.

“Эгерде Кыргызстан бөлүнүп кете турган болсо тагдыры кандай болот? Биздин экономикалык ресурстар өзүбүзчө өнүгүп кете алабы?” деген ойлор келди. Биздин эң чоң аргументибиз “Биз Орусияга жүк болуп жүрөбүз,  дотациясында отурабыз. Бул Орусияга дагы пайдалуу. Жашы өтүп кеткен жигиттер түшүш керек да бир күнү! Кыргызстан ошол жашка жетти. Биз алардан баш тартышыбыз керек. Биз дагы өзүбүзчө жашап көрүшүбүз керек, башка мамлекеттер өзүнчө эгемендүү болуп жашап жатат” деп институтта жүрдүк. 1988-жылдары биздин ойлорубуз расмий идеологиядан сыртка чыгып кеткенден кийин институтка бул балдардын көлөкөсү, кандайдыр бир жаман жактары тийбесин деп Алмаз Акматалиевге, мага башка жумуштарды сунуштап башка жумушка жылдырып жиберди. Ошондо Алмаз Акматалиев жогорку окуу жайларды башкаруу боюнча жетекчи болуп билим берүү министрлигине кетти, ал мезгилде бул аябай чоң кызмат болчу. Мен болсо “Кыргызстан коммунисти” деген борбордук коммитетке тиешелүү журнал бар эле, партиялык кызмат дагы болуп кетчү. Ошол жерге илим жана философия бөлүм башчысы кылып жөнөтүп жиберди. Жаңы жалдан кийин мен талап кылып отуруп, ал кезде Медет Шеримкулович идеологиянын катчысы болчу, ошону менен сүйлөшүп, ал журналдын атын “Народная трибуна” деп мына мен өзгөртүп, ошону менен бирге мазмуну дагы кескин өзгөрүп, анан бизде академиянын ичинде балдарды окутуп, жаңы турмуш жөнүндө, Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндө бизде өзүнчө журнал дагы болуп калган болчу.

 1988-жылы Орусиядагы ар кандай кыймылдардын, Балтика боюндагы кыймылдардын негизинде кандайдыр бир уюм түзүшүбүз керек эле. Себеби ошондо дагы жанагы биздин тыянакктарыбызга дагы ошондой жол менен биригип жетүү гана мүмкүн болчу. 1988-жылы барыбыз жаш илимпоз, ар кимибиз ар башка жерде иштегенибиз менен борбордук коммитетинин комсомолунун алдында жаш илимпоздорду ар кандай республикаларга тажрыйбы алмашсын деп жиберип турчу. Биз ошону пайдаланып туруп адегенде Балтика бойлоруна бардык, Латвияга. Ошол жерде Орусиядан бөлүнөбүз, өзүнчө мамлекет болобуз деген идея аябай катуу жүрүп турган. Биз ошол жерге барып, ошолордон кандайдыр бир тажрыйбаларды алып, ар кандай газеталарды алып тааныштык. Ошондо элдик фронт түзүш керек экен деген идея пайда болгон. Ошонун жыйынтыгы менен Латвиядан келип борбордук коммитетинин комсомолунда биз отчет берип, анан “Биз ар жактан келген уюмдар менен биригишип, элдик фронт идеясын колдоду. Кыргызстандын элдик фронт деген кыймылын ачабыз” деп ачык эле жарыяладык. Ошондо жаш комсомолдордун ичинен жаштардан Мелис Эшимканов, куруучулардын арасынан Чапрашты Базарбаев, интелегенциядан доктурлар бар болчу.

 Адегенде эле баягы көзгө көрүнүп калган ал мезгилдеги ар кайсы жерден келип алып жерди басып алган жерлерди легалдаштыруудан башталган болчу. Баягы балдар жерди басып алганда, биз ошол жерди барып баса калып “Бул жолду легалдаштырыш керек, мыйзамда мындай” – деп өзүбүздүн салымыбызды салганбыз. Кийин бизди делегат кылып премьер-министрлер кабыл алып, биз ал жерде системалуу талаптарды коюп “Жерди берип эле тынчып калбай, ал жердин курулуш пландарын жасап бергиле, электр энергиясын камсыздап бергиле, башкача айтканда бүт бардык жагын системалуу түрдө чечиш керек” – деп ошол жерден тыгыз байланышып калдык. Кийин “Ашар” анан интелегенциядагы ар кандай окуяларды жүргүзүп, биригип турган бул “Элдик фронт” ачабыз деп, чоң жыйын кылдык.

“Бизди дагы, элди дагы чочутпагыла! Өзүңөр билесиңер булардын авторитети, имиджи кандай экенин. Башкача кылып ат тапкыла, анан өзүңөр эле жашап жүрө бербей, кичине мындай аттуу-баштуу балдарды дагы чакырып койгула” – деп Медет Шеримкулов өзүнүн кеңешин берген болчу. Бул киши бизди чалынтып, кулатып жок кылып таштайын деген ой менен эмес, этияттык менен иш кылгыла дегенин биз түшүндүк. Анан биз Медет Шеримкулов менен аябай тыгыз иштешип калдык. Ошондой эле “Кыргызстан демократиялык кыймылы” деген уюм ачтык. Бул бейформал бирикме болду.

Кийин Кыргызстандын тагдыры чечилип, саясат менен кетебиз дегенде расмий структуралык партия болуп жарыяланды. Бирок шайлоолорго ийгиликтүү катыша албай калды. Эмнеге дегенде 1990-жылы жаңы президент келип, жаңы заман келди деген пикирде болуп, ар кимиси ар жакта иштеп калып, демократиялык кыймылдын өзөгү тарап кеткен. КДК уюшканда чын эле жаштар боло бербесин деп арабызга аксакал болуп бергиле деп Топчубек Тургуналиевди, Абдыганы Эркебаевди, Казат Акматовду чакырдык. Дагы бир топ жазуучуларды чакырдык эле, бирок  келгендер ошолор эле болду. Анан биз дагы жарыялаганда мына биздин башыбызда Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев турат деп иш кылып кылчубуз.

Ар кимдин өзүнүн амбициясы бар, анан ал аксакалдар биз түзгөнбүз, биз уюштурганбыз деген пикирлерди дагы айтып жатты. Бирок ошол мезгилде ошол кыймылдын ичинде амбициялары бар, бирок ушул ишти биз кылдык, биз жасадык деген ойдон алыс болуп биздин жетишкендик деген тыянакка келем. Мисалы үчүн Мелис Эшимкановго окшогон жигиттер “Ооба силердики, биз араңарда жүргөнбүз” – деген ой менен жүргөн. Азыркыдай кызганыч пайда болгон эмес. Бул ой эмне дегенде өтө чоң ой болчу, бул ойдо майда сезимдерге жеңилеби, жеңилбейби деген маселеде жүргөнбүз.

Чындыгында ошол муун Кыргызстанга көп өзгөртүүлөрдү киргизди. Мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттары кандай болушу керек, кандай нукта иштеш керек экендигин Мелис Эшимканов баштап кеткен десем жаңылбайм. Ошону менен бирге президенттин аппаратында Алмаз, мен, кийинчерээк Каптагаев келип кошулуп калды. Эмнеси жакшы болду дегенде,  Акаев дагы сырттан келген. Партиялык кызматкер болчу эмес. Бирок Москвага депутат болуп кеткенге чейин, борбордук коммитетте илимдер бөлүмүндө бир жылдай иштеп калган болчу. Анан ошол биздин ойлорубузду, пикирлерибизди туш тараптан колдоп, анан ошол эле баягы үчөбүз Алмаз, Эмиль, мен он күндөп резиденцияда жамынып алып, иштеп, президенттин жүз күндө жасай турган иштери ошол жерде чыккан. Анан өзүбүздүн мамлекетибиз болгондон кийин, өзүбүздүн акчабыз болушу керек, көз карандысыз банк болушу керек, финансы, экономика, идеология жактан өнүгүүгө кантип жетебиз деп туруп, биринчи кадамдар кандай болушу керек деп пландап жаздык. Болжолдуу жетимиш пайызын Акаев ошол жүз күндө ишке ашырып жетишкен. Мисал үчүн, Масалиев же болбосо башка партиялык кызматкер болсо коркот болчу. СССР кулаганда Акаев жасаган иштери менен кандайдыр бир атворитетке ээ болуп калды. Путин, Лукашенко, Назарбаев, Акаев мына ушул төртө СССРдеги болгон өзгөрүүлөрдүн негизинде президент болгон. Кыргызстандын элинин умтулуусу ошол кезде эле башталган. 

Гүлзат Алагөз кызы: Кубанычбек Нурбеков, Сабыр Аттокуров жөнүндө айтып кетпедиңизби алар куугунтукка алынганда илимдер академиясында кандайдыр бир сиздер тилектештик кылып, аларды колдош үчүн кандайдыр бир аракеттерди кылдыңыздарбы?

Райхан Төлөгөнов:  Жок, булар 1980-жылдары келди. 1980-жылдары мындай ой пайда боло элек эле “Ошондой экен, бөлүнүп кете алабыз” деген гана ой болгон. Сабыр Аттокуров тарых институтуна кенже кызматкер болуп келген. Кубанычбек Нурбеков философия институтуна келген. Кубанычбек Нурбековдун ишин улап кеткендер мына биз болуп жатабыз. Сабыр Аттокуровдун ишин уланткан Сүйүнбек Касмамбетов.

Сүйүнбек Касмамбетов дагы КДКда дагы аябай кыйын иштеген. Желтоксон болгондо биз автобустарды уюштуруп, Касмамбетов студенттерди уюштуруп, эки автобус менен Кордайга чейин барып келгенбиз. Кийинчерек Сүйүнбек Касмамбетов Беларусиядан дипломат болуп келгенде, бул жерге элчи болуп келген Казакстандын поэти мени, Алмазды, Сүйүнбековду Желтоксонду колдогондугубуз үчүн медал менен сыйлаган.

Гүлзат Алагөз кызы: Азыр сиз эгемендүүлүк жөнүндө айтып кеттиңиз го, көп интервьюлардан байкашыма караганда, көбүнүн эгемендүүлүк же көз карандысыздык алабыз деп оюна дагы келген эмес экен. Көпчүлүгү социалдык талаптардан улам чыккан. Сиздин оюңузча биринчи жолу көз карандысыздык, эгемендүүлүк алабыз же совет мамлекети ыдырап кетет деген идея кайсы уюмдарда же кайсы адамдарга келип, ал жөнүндө сүйлөй башташкан, кайсы жылдары?

Райхан Төлөгөнов:  1988-жылдары. 1988-жылдары ошол идея пайда болгондон кийин ошол идеянын тегерегинде аркандай күчтөр дагы пайда болгон. Кийинчерээк бул максатты кичинекей уюм чече албашына көзүбүз жетишин көрдүк. Маселени терең коюп, ошондон улам бириккенбиз. КДК ошентип пайда болгон да. Ал жерге илимпоздор, ишкерлер, интелегенттер кирген, башкача айтканда, коомдогу түрдүү катмарлардын өкүлдөрү келген. Бирок эгемендүүлүк алышыбыз керек деген айтылбаган маселе болчу. Акырын барып отуруп максат ошого кеткен. Анан ошондо эгемендүүлүктү алып, өзүбүдүн маселелерибизди өзүбүз чечебиз деген маселе айкалыш болчу.

Гүлзат Алагөз кызы: Бул кыймылдарга катышууга сиздин өзүңүзгө эмне түрткү берди?

Райхан Төлөгөнов: Чынын айтканда, жалпы Евразия жерлеринде болуп жаткан процесстер. Мисал үчүн азыркы болуп жаткан процесстерге дагы менин өзүмдүн көз карашым бар. Жаңы бир парадигма пайда болушу керек да. Ошол мезгилде дагы СССР акырындык менен ыдырап, өзүнүн позициясын берип, алсыз болуп, мурункудай Кыргызстанга жакшы көңүл бура албай калганда жашоо образынын кандайдыр бир жаңы түрүн табыш керек болчу да. Ошондо жалгыз бир образ – эгемендүүлүк болуп чыккан.

Коммунисттердин күчү кетип, мурункудай таасири жок. Батыштагы жашоо кандай болуп жатат, биздин СССРдин ичинде жашоо кандай болуп жатат, эмне үчүн андай болуп жатат? Коммунистке жалаң чалдар чогулуп алып кандайдыр бир өнүгүү жок, жаңы идеяны жаратууга күчү жок болуп ошондой мезгил келип калган. Ошондо биз СССРди талкалабашыбыз керек болчу, балким союздук республикалар ыдырап кеткенден кийин жаңы бир союз пайда болушу мүмкүн эле. Ал мезгилде андай ой менде болгон эмес. Бөлүнүш керек ошону менен бүттү. Азыр бул ката экендиги билинип жатат.

Эмнеге дегенде, биз саясий системанын пайдасыз, зыян жактарын дагы кабыл ала бергенбиз. Тескерисинче алардан баш тартып, артка таштоого биздин эркибиз жеткен эмес. Себеби дегенде –  кереги жок, пайдасыз деп жатканыбыз менен ал мезгилде жакшы көрүнкөн.

Гүлзат Алагөз кызы: Ошол учурда эле Кыргызстандын ичинде элүүгө жакын демократиялык уюмдар болгон экен. Алар Балтика боюндагы өлкөлөр менен кантип байланышып турган? Кандайдыр бир механизм бар беле же болбосо ошол мезгилде ал жактан чыккан гезит, журналдарды, самиздаттарды кантип алып окуйт элеңиздер? Мисал үчүн, сиз жана айттыңыз го барып келген деп, сиз арасында бар белеңиз же барып келгендер кимдер эле, кандай идеялар менен келишкен?

Райхан Төлөгөнов:  Жаштардын арасында саясат жүргүзүү деген идеянын тегерегинде Балтика бойлорунан чакырык келди. Чакырык келгенде борбордук коммитеттин комсомолдору биз жаңы көз караштарды пропагандалап айтып, бизге кайрылып. Биз балдар менен тайпа топтоп Алмаз Акматалиев, мен анан университеттердеги студенттик кыймылдардан келишкен балдар болуп бир тегерек үстөлүнө барып катышып бергенбиз. Ошол жерден жарым жылдын ичинде чыккан Саюдис деген гезитти бүт барыбыз колтуктарыбызга, сумкаларга тыгып бул жерге келип таратып келгенбиз. Эми алардын идеяларынын ток этер жерин түшүндүк да. Андан ары өнүктүрүп кетүү бизге байланыштуу болчу.

Кийин ошондой эле болду, өнүктүрүп кеттик. Москвага бардык, ал жерден бейформал уюмдар, балдар менен жолуктук. Ленинградга бардык, ал жерде студенттер менен, Ак кеменин лидерлери, балдары менен поездке түшүп алып Литвага бардык. Ошол жерде жүргөндө Кыргызстанда бир окуя болуп калган. Биз ошого каршы поезддин ичинде кол жазма менен эле петиция жаздык. Кийин биз Балтика боюндагы өлкөлөрдү колдоо боюнча жыйырма миңге жакын ошол петицияга кол чогултканбыз.

Литвадагы уюмдун аппаратындагы кишилер бизди кабыл алып, телефон номерлерди алмашып, ошентип, тыгыз байланышып калганбыз. Анан уюмга барып барактарды тапшырып, чай ичип кайра ошол эле түндө Ленинградка кеткенбиз. Балтика боюндагы өлкөлөр менен байланышыбыз ошондой болгон.

Гүлзат Алагөз кызы: Совет доорунда кыргыз тилдүүлөр Фрунзе шаарына келгенде кысым же болбосо жер, үй маселесинен улам көп маселелер жаралган деп айтышат. Сиздин жеке тажрыйбаңызда ушундай окуялар болду беле?

Райхан Төлөгөнов: Менин атам 1952-жылы Фрунзеге окууга өтүп, мен ошентип төрөлүп калган болчумун. Мен Фрунзеде чоңоюп калдым. Бирок чоң энем жыл сайын мени жайлоого алып барчу. Кийин мектепте окуп жүргөндө жайкы эс алууга чыкканда мен ошол жака барчумун. Орус мектепте окуганым менен, бирок ошентип жүрүп кыргыз тилин жакшы эле билем.

Эгерде жердин бары жеке менчикке өтсө, айыл жергелеринде ишсиз калган жаштар көбөйөт. Анан алар ал жерде жумушу жок жүргөндөн кийин кайда барат? Булар шаарды көздөй жөнөйт. Бул жалпы дүйнөлүк процесс. Анан булар шаарга келишет дагы, шаардын айлана тегерегине келип жашай башташат. Анан дагы бир психологиялык учур бар. Айылдан келген балдар шаарга келип, шаардын маданиятынын эң жаман эмгектерин өздөрүнө ошол учурда эле сиңирет дагы, ар кандай студенттер пайда болуп, ким күчтүү болсо ошол лидер болуп кандайдыр бир жаман жактары тез жугат. Терең, жакшы маданиятка көнүш керек да. Ага күч жетпейт. Ошондой шаардын жаман жактарын кабыл алат.

Ал эми айылдын аябай жакшы жактары бар да: ата-энени сыйлоо, кичүү-улууну сыйлоо, жүрүш-туруш деген сыяктуу үй-бүлөнүн ичинен калыптанат. Фрунзеге келгенден кийин ал унутулат. Албетте эки башка нерсе келгенде эки жагынан тең кандайдыр бир жаман бир нерсе пайда болот деген психологияда бир муун өсөт. Булар маргиналдык коом болот. Ошондо Фрунзенин айлана тегерегинде эптеп-септеп үй салып, оокат кылып, ар кайсы жерде иштеп, кийин жанагыдай психологиялык өзгөрүү болуп, көчөдө бейбаштык, кылмыштуулук көбөйөт, анан тигиндей мындай болот.

Шаарда урбанизация процесси башталат. Ал жерде үйлөрдү курган байлар пайда болот. Психология андан дагы жарадар болуп, кандайдыр бир коркунучтуу муун чыгат. Бул кандайдыр бир мыйзам ченемдүү көрүнүш. Баардык мамлекеттерде айыл-чарбадан бошоп, шаарга заводго иштейбиз деп келишкен. Урбанизация болуп, байлыкты көрүп калып, бирөө дагы “Мен дагы ушинтип байыйм” дейт. Байлыкты табыштын жообун издейт. Ошондой катмар дагы пайда болот.

Акаев кеткенден кийин бийликке бир нече жолу  «ошондон этиятташ керек, кылмыштуулук өсөт, коомдун ичиндеги бири-бирине болгон пикир келишпестиктер көбөйөт» деп кат жызып жүргөм. Чындыгында эле ошондой эле болду. Бирок башка мамлекеттерге караганда кыргыздарда таптакыр башкача болду. Кыргыздардын тээ көкүрөгүндө биз бир атаданбыз, каныбыз бир деп байларды көчөдөн кармап алып эле союп баштаган эмес. Башка мамлекеттерде ошондой эле болгон. Эмнеге дегенде алар аркандай кошулган эл болчу. Ал элде идентификация болгондо биз бир тууганбыз деген термин жок болчу. Алар бири-бирин идентификация кылганда байлыкка карап, бир-биринин күчүнө карап эле бириктиргени бар. Бизде болсо түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп бөлүнгөн менен каныбыз бир, бир элбиз деп туруп, анан түштүк тарапта кандайдыр бир алаамат болуп кетсе, бул жактагылар бүт баарын унутуп коюп автобуска түшүп алып барат.

1989-жылдары Оштогу окуялар болгондо ушул жердеги балдар уюшуп алып, ошол жака жөнөйбүз деп уюшкан. Ошондо биз дагы автобекетке чейин барып, кетип жатканда азыркы Чүй проспектисинде 200-300 метр эл толтура, суудай болуп агып, «биз Ошко кеттик» деп кетип жатканда бийлик убактысында угуп калып, автобекеттерди бүт тазалап, автобустардын баарын чыгарып кеткен. Биз бир тууганбыз деген сезим пайда болгон. Бири-бирибизди кырып салганга барган эмеспиз, бара алмак дагы эмеспиз, барган дагы жокпуз. Ошон үчүн биздеги маргиналдар жана башкалары жер, жер болуп бөлүнгөнү кайра жакшы болуп жатат. Эмнеге дегенде Токтогулдук болобу, Нарындык болобу же башка жактан болобу жаман ишке бара турган болсо жалпы регион “Аа, Нарындакытар мындай…, Аа, Токтогулдуктар мындай…” деген сөзгө калат. Ушундай нерселер кармап, аша чапкан нерселерге барбайт. Бул өзүнүн жерин, элин, ата-энесин уятка калтырбайын деген ар дайым көкүрөктө турган нерсе.

Гүлзат Алагөз кызы: Биздин байкашыбызча, көп эле учурда уюмдардын мүчөлөрүнүн көбүнчөсү эле айылдан келген кыргыз тилдүүлөр. Менимче сиз дагы биринчи жолку Фрунзе шаарында чоңойгон КДКнын орус тилдүү мүчөсү болуп жатасыз. Эмне үчүн шаардагы жаштар мындай уюмдарга кошулган эмес?

Райхан Төлөгөнов: Шаардыктар дагы өзүнчө катмар. Мындайча айтканда абдан түз мазмунда айтканда, шаардыктар пофигист, аларга баары бир. Эмнеге дегенде алардын баары илимдүү, билимдүү. Мектепте окуп, тарбия көрүп бул жерде өзүнчө бир маданият пайда болгон. Анан ошол маданият социалисттик идеологиядан келип чыккан маданият. Бийликке каршы боло албайт. Өзүнүн коопсуздугун абдан катуу коргойт. Эгерде өзүнө түптүз тиешелүү болуп калса бир жөн жерине, элине жамандык болуп жатса тигиндей мындай болуп жатса минтип карап коюп каршы болбосо алар менен макул болбой коёт. Алар каршы эмес, бирок макул дагы болбойт. Сырттан карап турган кандайдыр бир катмар шаардык балдар.

Феликс Шаршенбаевич анан мен ошол эле. Калгандары бүт баары айылдан келген. Мен атам менен элди көп кыдырчумун. Ар кандай конференцияларга жана башка жолугушууларга атамды көп чакырышчу. Анан Кыргызстан кичинекей эле да, машинеси менен эле Нарын, Ысык-Көлгө барчубуз. Атам дагы өзүнүн пикирлеш досторун алып алчу, жазуучулардан. Анан ошол жака барып, конференция жүрүп, анан атама жазган китеби боюнча кишилер ар кандай суроолорду берчү. Ошондо мен бир нерсени байкап калганмын. “Биз ардайым кандайдыр бир максат коюп жүргөн, бийлик үчүн күрөшкөндү билген өлкө турбайбызбы. Кокон хандыгы биздики болгон турбайбы. Башында биз турган турбайбызбы. Биз эмне үчүн өзүбүзчө мамлекет кура албайбыз?” – деген пикирлер карапайым эле ошол жердеги, орто жашап калган чалдардын, ары жактагы балдардын көңүлдөрү да. Ушунун баардык нерсесине кандайдыр бир терең илимдин деле кереги жок, болгону көңүл, маанай эле керек. Ошондо айылда ошондой көңүл, маанай бар болчу. Айылдан келип, Бишкектин чет жакасында жашап калгандар сөзсүз түрдө ошондой көңүлгө, маанайга кетет.

Анын үстүнө биз академияда иштеп жүргөн учурда эле “Ленин” заводу кыргыздарды жумушка албай жаткан. Анан жумушка алды дагы майда-чүйдө жаман нерселерге иштетет. Ал жерде аркандай курстар бар, ошол жака окуйлу десе өткөрбөйт, окутпайт деп анан ошол заводдун жетекчилерине арызданышат. Жалаң эле орустар иштейт. Анан ошентип орустарга дагы кандайдыр бир жаман маанай пайда болгон. Ошол мезгилде заводдун бөлүмүндө бир кыргыз иштеп калган. Кийинчерээ СССР ыдырай электин алдында Медет Шеримкулович жогорку кеңештин спикери болуп кеткенде үчүнчү катчы болуп ошол жигит дайындалган. Анан биз аларга петиция жазып, аларды чакырып алып “Эмнеге мындай болуп жатат? Эмне партиянын көз карашы  ошондойбу? Орустар менен Кыргыздардын ортосунда от жагуу мына ушул жерде болуп жатпайбы!” – дегенде “Сен шаарда өскөнсүң, кайдыгер карап коё бер, бирок мобу жерде орус менен кыргыз тытышып кетишсе сен жооп бересиң!” – деп бийликке барып түшүндүрүп, анан кыргыздарды акырындык менен заводго иштете баштаган. Кийин ал киши райондук коммитетке катчы болду. Ысык-Көл облусунда экинчи, үчүнчү катчы болуп жүрдү. Андан кийин эле борбордук коммитетке катчы болуп келди. Ошондой иштер болгон.

Балдар айылдан келишип заводго жана башка жерлерге жумушка албай койгондон кийин  ага наарызы болуп уюшуп алып кат жазышып. Ал мезгилде мода болчу. Миң киши кол койгон бери жакта эле, анан аны жөнөтүп ийсек ошол коркутат экен да.

Гүлзат Алагөз кызы:  Сиз коомдук лидердин баласы катары ошол убактагы жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков же болбосо Чынгыз Айтматов бул уюмдарга кандай мамиле кылды, колдодубу? Колдосо кандай иш аракеттерди кылды?

Райхан Төлөгөнов:  Бул кыймылдар жаңыдан пайда болгондо чоң жазуучулардан эч ким катыша алган жок. Анча-мынча биз менен кичине мамилелешип, жан тартып жүргөн бир эле Казат Акматов болчу. Эмнеге дегенде Казат Акматовдун таарынычы бар беле, билбейм. Ал борбордук коммитетте инструктор болуп иштеп жүргөндө жумуштан четтетип коюп, анан бир топ жумушу жок жүрүп калган. Жазуучулар өзүлөрү деле жумушу жок жүрө беришчү, китеп жазып коюп, гонорар алып. Ошондо Казат Акматов кичине үнүн чыгарып калган болчу, ошон үчүн бизге келди. Антпесе Айтматов бир сөз айта алган жок. Касымбеков болсо “Мен өзүмдүн ишимди кылып койдум, кыргыздар кандай жашаш керек экенин жазып койдум, ошону окуп жүрө беришсин” – деди.

Гүлзат Алагөз кызы: Төлөгөн Касымбековдун чыгармаларынын көбүндө кыргыздардын аң сезимин ойготуу жөнүндө чакыруулар көп. Ага кандайдыр бир кысымдар болдубу?

Райхан Төлөгөнов: Кысымдар болгон, бирок бул маселени идеологиянын денгээлинде катчылар тигилер, булар жанагындай көз жаздымда калтырып койгон. Бул жердеги эле жанында жүргөн майда-чүйдө көрө албастар жазып, алардын көңүлүн буруп чоң чатакка айландырып ийген. Мен мунун абдан жакшы билем, кимдер экенин дагы билем.

Гүлзат Алагөз кызы: Ошол жылдары сиз активдүү мүчө болуп катышкан уюмда өз ара кандай иштешчү. Каржыны кайсы жерден алышчу? Иштөө механизми, жолугуу механизми жөнүндө айтып бересизби?

Райхан Төлөгөнов: Бүгүнкү күндө буга каражат керек деп сөзсүз түрдө маселе болот. Эмнеге дегенде, элди чогулта албайсың. Сөзсүз бир нерсе уюштуруп беришиң керек. Ал мезгилде каражаттын деле кереги жок болчу. Бизде каражат жок болчу, каражат чогултчу дагы эмеспиз.

Масалиевди, шаардык катчыны чоң залдарга чакырганда кишилер батпай кетчү. Ошондогу жаштар курч экен да, азыр андай кыла алышпайт. Анан мындай окуу болот экен, мындай жолугушуу болот экен, мындай талаптар коюлат экен деген жаңылыктарды таратып койсо эл жөн эле чогулуп калчу. Ар кимдин өзүнүн кызыкчылыгы бар да. Биринчиден чогулткан кишинин өзүнүн кызыкчылыгы бар, экинчиден чогулуп жаткан кишилердин кызыкчылыктары болушу керек. Анан азыр чогултуп жүргөн партиялар жана башка уюмдар киши чогулта албаганына өздөрү күнөлүү. Чогултуп сөз берип туруп эч нерсени аткара алышпайт. Бир дагы партия мындай кылыш керек деп маселени коюп аткара алган жок. Ишеним жок. Ал эми биздин мезгилде эгемендүүлүккө жетишибиз керек дегенде баарыбыз чогулчубуз. Анан биз эгемендикке жеттик. Бирок ошол партиялар ар кандай партияларга кирип кетишкен.

Гүлзат Алагөз кызы: 1986-1990-жылдары сиз кызматтарга барганга чейин ошол уюмдарга кошулганыдыгыңыз үчүн жеке өзүңүз кысымдарга кабылдыңызбы?

Райхан Төлөгөнов: Жок, мисалы биз аркандай жерлерде чогулуп, кандайдыр бир жыйын өткөрүп жатканда балдарды кандайдыр бир куугунтукка калтырбаш үчүн этияттык менен  Шеримкулов уюштурчу. Чогулуш бүткөндөн кийин бирөө бизге чалып алып

— Эй балдар, эмне менен бүттүңөр? – деп сурачу. Анан

— Момундай кызыктуу нерселер болуп жатат

— Ааа, анда мен азыр барам – деп туруп, мисал үчүн, министрликтердин чоң бөлмөлөрүндө чогулчу элек. Ошондо өзү келип, өзү чыгып машинеси менен. Анан балдар болуп баарыбыз учурашып. Уцшундай болчу. Шеримкулов ошентип биз менен жүргөндөн кийин баардыгыбыз мамлекет тарабынан кандайдыр бир коркунуч күткөн эмеспиз.

Бирок КГБ чогултуп жаткан экен, кийинчерээк атам дагы жардамчы болуп иштеп жүрдү. Андан кийин КГБга жумушка кирди. Ал жерден кетип туруп, КГБдан башка жумуштарга жөнөтүп иет да. Ал Манас аэропортунун коопсуздук кызматынын башчысы болуп жүргөндө ошол жерде “Райхан байке силер аз эле калдыңар эле” – деп ошону менен эскертиптир. “Эмне болду?” – десе, “Ар бириңерге беш томдон, жок дегенде момундай дело түзгөн” – дептир.

 “Эмне үчүн?” – дегенде, “Попытка государственной измене, попытки за государственного переворота, попытка изменения политической системы”  – деген өтө оор күнөөлөр коюлган болчу. Москвада мына ушундай окуя болуп кетпегенде силер каякта болмок экенсиңер деп калышкан болчу балдар.

Гүлзат Алагөз кызы: 1990-жылы референдумда Кыргызстанда 90%дан ашык СССРдин курамында калабыз деп добуш берген экен. Сиздин оюңузча, эгемендүүлүктөгү ушул кыймылдардын орду канчалык? Эгемендүүлүктү алганыбыздын эң башкы себебин айтып бересизби?

Райхан Төлөгөнов: Менимче мына ушундай кыймылдар өзгөрүүбүзгө шарт түздү. Мисал үчүн Акаевдин келишине, ошол ак үйдү биз курчап турганбыз “Кандай гана адам келсин, бирок коммунист эле болбосун” – деп.  Ага чейин депутаттардын арасында кандайдыр бир иштерди жүргүзүп жүргөн биздин көп тарапкерлер бар болчу. Анан коммунисттик партиянын башчыларын ошол эле Масалиев менен жолугуп “Болду иштериңер бүттү, иш алып бара албай калдыңар. Кыргыздын жигиттери шаардын четтеринде эмне болуп жатат, мына азыр көчөлөрдө турат. Буга эмне деп жооп бересиз?! Жэ дүкөндөрдө эч нерсе жок, жөнөкөй эле эт жок, сүт жок” – деп, анан шаардын мери “Кантип эт жок?! Эт бар, дүкөндөрдө турбайбы?!” – дегенде “Мына азыр, мерди эрчитип машине менен баардык гострономдорду кыдырып чыгалы. Эгерде бир дүкөндө эт боло турган болсо, биз өмүр бою чогулбайбыз” – десем болбой коюшкан. Ошондой метод менен чындыгында Кыргызстандын ичинде эмне болуп жатат деп кубалап таштаганбыз.

Акаев келгенден кийин Кыргызстандын ичинде кандайдыр бир демократиялык багытта процесстер башталды жана СССРдин ыдырап кетишине кол койгондо Акаевдин дагы салымы бар. Башкача айтканда, биз Кыргызстандын жаштары, жарандар, аркандай катмарлар шарт түзүп, демократиянын келишине салымыбызды коштук. Ал президентибиз демократ деген имиджге ээ болду.

1991-жылы ГКЧП болгондо биз союздук республикаларынын ичинен эң биринчиси болуп «СССРдин курамынан чыгабыз» деген чечимди Кыргызстан кабыл алды. Ошондо кандай кылабыз? Эмне кылабыз? дегенде мен Өзбекстанга кеттим. Дагы бир балдар бар эле алар Беларусияга кетишти. Жакын анан бара турган кишилери болуп калды. Менин Өзбекстан менен тыгыз байланышым бар болчу. Мен Өзбекстанга алар Беларусияга барып бөлүндүк, эми эмне кылабыз деген сөздөрдү угуп, бул жерге келип алып анан эртеси күнү жогорку кеңеште чоң суроо койгонбуз. Башкалары ар кандай катаклизмдер менен бөлүнүштү. Грузияда, Азербайжанда чабышып баштады. Балтика бойлорунда дагы кызыл кыргын кан төгүлдү. Кээ бирөөлөр белек болду деп айтышат, чындыгында эле ошондой болду. Бирок белекти татыктуу кишилерге берди, жөн эле коммунисттерди колдоп жүргөн кишилерге берген жок.

Гүлзат Алагөз кызы: Кыргызстанда демократиялык кыймылдар мамлекеттик тил жөнүндө дагы аябай чоң маселелерди көтөрүшкөн. Анан азыркы күндө “Сынган кылыч” кыргыз тилинин туу чокусу. Бирок менин байкашымча көп учурда  кыргыз тилдүү жазуучулардын балдары, неберелери кыргыз тилин билбейт же кыйналып сүйлөйт. Сиздин кыргыз тилге болгон мамилеңиз кандай? Балдарыңыз, неберелериңиз кыргыз тилинде сүйлөйбү? Ошол жөнүндө айтып бересизби.

Райхан Төлөгөнов: Балдарымдын баары кыргыз тилинде сүйлөйт. Неберелерим бир аз кыйналып калды, аларды аталары тим койду да. А, менин үч баламдын баары кыргыз тилинде таза сүйлөйт. Кыргыз тил жөнүндө, эгемендүүлүк, 1916-жылдагы окуялар, жөө жүрүш дайыма эл чакырыгы болчу. Биз кыргыз тили жоголуп кете турган этаптан өтүп кеттик. Жоголбойт буюрса. Эмнеге дегенде, калкынын саны үч миллиондон ашса анын көбөйгөнгө объективдүү мүмкүнчүлүгү болот. Биз жалпы эсеп менен алганда жети миллион болсок, ошонун бир алты миллиону кыргыз. Улут катары, тил катары дагы унутулбайт.