
Ракыя Жусупова
Ракыя Жусупова: Менин аты жөнүм Жусупова Ракыя. Улуттук университеттин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөм. Журналист болуп иштеп жүрдүм, телевидениеде, радиодо. Анда комсомол комитети бар эле, идеология бөлүмүнө интервью алганы барып калдым. Тотяит деген агайдан алдым, ал Сочиге комсоломолдорду жибергени жатабыз деп калды. Анда мен дагы кабарчы болуп барайын деп, Сочиде бир жылдай жүрдүм, кабарчы болуп. Ал жактан келип, “Кыргызтакта” иштеп калдым. Ошол жакта иштеп жүргөндө, 1988-1989-жылдар болчу, система бузулуп, бир кызыктай убакыт болуп турган. Кайра куруу башталгандан кийин “Ашар” деген уюм чыга баштады. Биз дагы бара баштадык. Ал кезде Белинский/Жибек жолу көчөсүндө бир имаратта жайгашкан болчу. Жумуштан чыгып ал жака барып, активдүү катышуучу болуп кеттик. Кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп, мен Жыпар байке, К. Кошалиевдин жатаканасына бардык, ошондо Б. Орунбеков, Д. Иманов деген балдар бир комнатага жыйналыптыр, ошол жерге отуруп алып кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп текстин жаздык. Себеби баары орусташып кетип, айылдан келген кыргыз жаштары кыйналчубуз да. Окугандан да кыйналчубуз, анан анча-мынча басмырлоо болчу. Мисалы, троллейбуста кетип баратып кыргыз тилинде сүйлөсөң, орустар эмнеге кыргыз тилинде сүйлөп атасыңар деп асылчу. Ошол себептен тил маселесин көтөрүп чыгалы деп, ашарчылар, студенттер, Б. Орунбеков, К. Кошалиев, ашардан мен, Жыпар байке болуп отуруп алып, текстин жаздык. Бирок ал тексти көбөйтүүчү аппарат жок, анан мен “Кыргызстакта” иштейм, азыркы Кабарда. Ал жерде уйгур кароолчу бар эле, ага айттым, мен түнү калып иштейм, сиз эч кимге айтпаңыз деп. Эки түн отуруп, 100 мин барак көбөйттүм, ашардын мүчөлөрүнө, ашарчыларга, студенттерге, тарых, филология, политехтин студенттери бизге көп келишчү, баарына таркатып бердим. Ошол чогулуштарга коопсуздук комитеттинен келип отурушчу экен, ал А. Масалиевдин деңгээлине чейин көтөрүлчү экен. Мыйзам боюнча баракча таркатуу деген чоң күнөө экен да. Коопсуздук кызматынан келишип, менин сумкамды текшеришип, ал жерде 500 эле баракча калган экен, калганынын баары айылдарга чейин таркатылып кеткен. Алар суракка чакырышты. Биринчи шаардык коопсуздук комитетине алып барды, алар мамлекеттик машинканы колдонуп мындай нерсени кылганың болбойт дешти. Мени антиорустук саясат жүргүздү деп чогулуш өткөрүштү. Эки инженер бар эле, Турат анан Самат агай бар болчу. Алар Ракыя антиорустук саясат жүргүзгөн жок, ал өзүнүн тилин коргош үчүн ушундай баракча чыгарды десе да болбой, токтом чыгарып, жумуштан чыгарып жиберишти. Эмгек китепчемди да эшикке алып чыгарып берип, мени аябай басмырлашты. Директор чакырып алып, С. Усупов, бизге сабак берчү, “сен мекенчил болбой кал, андай болсоң бизди ойлобойт белең” деди. Агай “биздин тилибиз да, өнүксүн” деп чыгаргам дедим. Кол топтоп, баракча чыгарып, кыргыз тил мамлекеттик тил болсун деп сессияга, конституцияга кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп киргизели дегенбиз дедим. Жумуштан бошонгондон кийин биротоло “Ашарга” келдим. Тил боюнча кол топтоп М. Шеримкуловко жеткирдик, 1989-жылы кыргыз тили жалгыз гана мамлекеттик тил болушуна биздин дагы салым болду. Бирок 1996-жылы А. Акаев орус тили официалдуу тил болсун деп киргизип салды. Ошондо дагы биз каршы чыкканбыз, тарых музейинин залында 12 ураан көтөрүп чыкканбыз, кыргыз тили мамлекеттик тил боюнча калсын деп. Ошондо Т. Касымбеков айтканы бар, “иним Аскар, эгерде орус тилин официалдуу деп кабыл алсаңар, анда кыргыз тили казандын түбүндө саргайган чөптөй саргайып калат” деген. Бирок бийлик деген бийлик экен, мыйзам кабыл алынып кетти. Бирок мамлекеттик тил жалаң эле кыргыз тил болгондо орустар кыргыз тилин үйрөнө башташкан. Бул биздин тилге болгон салымыбыз болду. Ал эми тарыхка болгон салымыбыз, 1916-жылкыны, ошол жылдары жакшы жерлерди орус падышачылыгы орустарга алып бергенге аракет кылып, козголоң кылган, ошону көтөрүп чыкпайлыбы, мына биз деле үй маселесин чечели деп жерлерди ээлеп албадыкпы, бийликке талап коюп, чечим чыгартып алып, үйлүү болуп калдык. Эми тарыхка салымыбызды кошолу, 16-жылкыны көтөрүлүп чыгалы дедик. Мен айттым, жакшы болот деп. Атын “Өмүр көчү” же “Кыргыз көчү” деп коелу деди. “Өмүр көчү” деген ат аябай жакшы экен дедим. Кыргызтан айыл-чарба журналында ушинтип сүйлөшүп, ушул атты койгонбуз. Муну мөмөөрчүлөр (архитекторлор) дагы көтөрүп чыгып, бул боюнча атайын комплектерди курсак болот деп, кыргыздар, ата-бабаларыбыз ушул жерди сакташ үчүн күрөшүшкөн деп. Ошнтип биз, мөмөрчүлөр, ашар бар эле. “Асаба” партиясы жаңы курулуп аткан, ал бизди колдоп чыкты, КДКнын кыймылында Топчубек байке, К. Акматов агай, бул жөн эле силердин романтикаңар го деди. Жок, бул андай эмес, муну чындыка айландырабыз биз деп, катуу даярдандык. Өзүбүз 50 сомдон чыгардык. Бирдей футболка чыгарабыз дедик, илбирске бардык. Ал жактын жетекчиси Тентиев агай бар эле, Таалайкан деген сүрөтчүсүн чакырды. Булар деген эң чоң маселени көтөрүп жатышат, 1916-жылкыны, бир айда бүтчү футболканын оформлениясын 3 күндө бүткөрүп бер деди. 1916-1991-жыл анан ортодо ата-бабаларыбыздын ат чаапканын көрсөтүп, таркатып бердик. Каршы чыккандар кайра бизге кошулду. Аянтта 4-июлда басып өтүп, көлдү көздөй кеттик. Аянтта чыгып сүйлөдүк, мен сүйлөдүм, Т. Сыдыкбеков, М. Шеримкулов сүйлөдү. Жасаган футболкалардан Акаевге, Шеримкуловго муну сиз кийиңиз деп бергенбиз. Ошол кезде Майрам Акаеванын “Мээрим” фонду бар эле, анын жардамчылары Т. Айтикеева бар эле. Ал чалды мага, ошол 16жылкыны тим эле койбосуңарбы, эки элдин ортосунда кагылыш болуп кетпесин дагы деди. Бул биздин тарыхыбызда, муну биз эскербегенде ким эскерет, ушул жерде жашаган 80 улут эскербейт, биз эскеребиз деп аларга каршы чыктык. Ош окуясы чыгып кетип, токтоп калганбыз. 1991-жылы чыгабыз дегенбиз. Ал жылы жөө жүрүшкө чыктык, тамак-аш жагын биз өзүбүз чыгардык, демөөрчүлөр болду. Токмоктогу мунарага экспедиция жүргүзүп, А. Ормошов деген тарыхчы агайыбыздын палаткаларды, уктоочу каптарды алдык. Бир күндө 10-15 күндөн жөө жүрүп аттык. 4 жерге эстелик таш белгисин койдук. Биринчи боом капчыгайындагы, Ашарчылардан Бейшен Абдыразаков үй куруучулардан акча жыйнап, эстелик тургузуп коелу деди. Алар эстелик тургузушту. Боом капчыгайындагы Кыз-күйөө анан Түп районунда карабаткака койдук. Кыркчейикке койдук. Ашар ушинтип жөө жүрүш уюштуруп, 75 адам жыйнаганбыз. 90жылдыгын Асаба партиясы көтөрдү. Ал жака да өзүбүздүн салымыбызды кошуп барып келдик. 2006-жылы, Акшыйракка 120 адам бардык. Тамак-аш жагын мен караптырмын, май куйганда ата-бабаларды атап, жол жүргөндө тамак жок жерлерде бүт өзүм бышырып жаттым, кыздарды жардамга келгиле деп. 100 жылдыкта, А. Атамбаев президент эле, ал киши өзү айттырыптыр, ашар биринчи болуп 16жылды көтөрүп чыкты эле деп. Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын (1992-жылы) жыйынында түштүк дарбазага таш белги койгонбуз. Ошол таш “Асабанын” анан биздин балдар койгон ташы. Дүйнөдөн келген кыргыздар Саудиядан, Меккеден, Австралиядан, Туркиядан. Аларды алып барып таш белгинин лентасын кестиргенбиз. 100 жылдыкта ушул жерге комплекс курсак деп кат бердик. Президентке башка сунуш келген окшойт, Ата-бейитке комплекс ачуу туралуу. Биздин оюбуз боюнча, Туркиядагыдай панорама кылмак, мисалы Султан Мехмет Византиялыктарды бир канча кылым кууп чыга албаганда, ал өзү аз эле убакта кууп чыгып койгон. Ошол сыяктуу панорама курсак деп, архитекторлор менен сүйлөшүп, бүт пландарын чийип койгонбуз. Ушул ошол боюнча турат. 100 жылдыкты Өкмөт, президенттин аппараты, коомдук уюмдар чогу биргеликте өткөрдүк. Үч, төртөбүзгө президенттик грамотасын берди, ушул 1916-жылкы нерсени көтөрүп чыкканыңар үчүн деп, мага, Жумагазы байкеге, Д. Нусуповко ардак грамота беришти.
Гүлзат: Ашар уюмунун иштөө механизмин айтып бересизби? Каражатты кайдан алчу, ички структурасы, башка уюмдар менен кантип байланышып турчу, эң башкы талаптары кандай эле?
Ракыя Жусупова: Бийлик каршы чыкты, бирок бийлике талап коюп отуруп, жерлерди бөлдүртүп алдык. Башында 50 башы, 100 башы болуп башталган, анан алар өзүлөрүнүн тизмесиндеги адамдарга бөлүп берген. Бара-бара мала комитеттери уюшулду. Бул боюнча Жумагазы байке жакшы айтат. Чогулуш өтүп, көйгөйлөрдү койчубуз, бийлике жеткирчүбүз. Көбүнчө социалдык маселелер, мектеп, бала-бакча, жол маселеси, үй куруу маселеси. Үй курууга насыя бөлүп бергиле деп, биз ошентип иштечүбүз. Кат жазып, тиешелүү мекемелерге жеткирип, эгер аткарылбаса митингдерге чыгып талап кылчубуз. Коомдук-мамлекеттик үй куруу мекемесин курганбыз, ал жерге талап коюп, Жумагуловко айтып, ал кезде өкмөт башчы эле. Бишкектин жаңы конуштарына социалдык объектилерге ошондон бөлүнө баштады. Өзүбүздүн балдардан башчы кылып койгонбуз. Биринчи баштаганда ушуну Ашар уюштурган. Дагы деле иштеп жатат. Ушул аркылуу көп социалдык курулуштар бүткөн. Транспорт жүргүзүп, суу чыгартканбыз. Ашардын чоң иши – жаштардын үйсүздүк маселесин чечкен. Бишкектин тегерегиндеги 22 айылга ашардын чоң салымы болгон. Ар бир жерде мала башчы болгон, Ак өргөдө эле 9 мала башчы болгон, алар көйгөйлөрдү чогултуп, өкмөткө жеткирип, алар биздин талаптарды аткарчу. Конуштарды тынымы жок кыдырчубуз, эл менен жолугуп, кайгы-муңун угуп, өкмөткө, депутаттарга жеркирчүбүз. Ал кездеги жаштар активист болчу, бир тыйын акча алчу эмеспиз. Айлык жок, бекер иштечүбүз. Бара-бара Ашардан эки уюм чыкты, Арыш анан Эрайым. Эрайымды мен алып кеттим, балдардын, аялдардын маселесин чечип. Арышты Жумагазы байке алып кетип, азыркы учурда “Арышинвест” каржылык компаниясын түздү. Ошентип дагы деле элдерин маселесин чечип жүрөбүз. Бири-бирибизге жардам берүү, ынтымак деген күчтүү эле. Үйсүздүктүн азабын тартып калгандыктан, студенттер бизди көп колдоп жүрдү, алардын көбүнө жер алып бергем. Кыйынчылыктар азайды, алардын көпчүлүгү ыраазы болушту.
Гүлзат: Жаңы конуштарга аттарды кою кандай болгон?
Ракыя Жусупова: Интеллегенция бизди аябай колдогон, Ак өргөнү Т. Байзаков деген киши койгон. Көчө аттары менин демилгем менен коюлган. Мисалы, Т. Турсунбаеваны, К. Датканы, алты бакан, чамгарак, деген аттар коюлган. Ж. Мамытовдун атын койдук, Арабаевтин атын, Татыбүбү, Акмөөр, Бекбекей жана башка аттар коюлган. Татыбүбү Турсунбаеванын атын коюда, Бишкек аткаруу комитетинде талкуу болгон. Ашарды талабы ушул, коюп бергиле дедим. Мар Байжиев мени колдоду, башкалар дагы колдоду. Ал күнү иштеп келип, уктап калсам, түшүмө өзү коюлган көрүстөндөн бир аялды эрчитип келди, “Ракыя ырахмат, көчөгө менин атымды койдуңарбы” деди, “Обаа, сизди эскерип жүрөлү, Акмөөрдү ойнободуңүз беле” деп калдым. Сиздин кыргыз маданиятына эмгегиңиз көп, бул ашар коомунун артынан болду. Жүрсөңүз, алар менен тааныштырып коеюн дедим. “Жоок, убактым, жок, деп бешенемен өөп кетип калды”. Ошондо ыраазылыгын билдирген. Ай көчө ай сыяктуу, күн көчө күндөй, төбөдөн караганда ошого окшош. Аны архитектура агенттиги койгон, аны Д. Өмүралиев чийген. Мала башчылар, биз өкмөттөгүлөр болуп, аткаруу комитетинде чогулуп, өзүнчө эле кичинекей мамлекет болчубуз.
Гүлзат: 1988-89-жылдардагы демократиялык уюмдарга киргендердин талаптарын, лозунгдарын айтып бересизби?
Ракыя Жусупова: Эң негизги, үй маселеси, тил, 1916-жыл маселесин көтөрүп чыктык. Өз алдынча өнүккөн мамлекет болобуз деген идея болгон. Биринчи өзүбүздүн тил болсун, башка тилдерге каршылыгыбыз жок биздин деп теле-радиодон көп чыгып калдым. Ар бир кыргыз биринчи кезекте кыргызча сүйлөп, андан кийин англис, орус, немис тилин үйрөнө берешсин дегенбиз. Башка мамлекеттер биринчи орунга өзүнүн тилин койчу, биз дагы ошентели деп, ошону жеткиргенге аракет кыла берчүмүн. Менин бир тааныш кызыбыз айтат, өзү Англияда, Италияда окуп, Америкада жашаган “Эже, өзүбүздүн тамырыбыз бай турбайбы, эмне үчүн ата-энелерибиз өзүбүздүн баалулуктарды үйрөтүп тарбиялабайт. Биринчи эле орус, англис тилдерин үйрөнүп, өзүбүздүкүн билбей калып жатпайбызбы” дейт. Мен ошого басым жасадым. Ошон үчүн тил сакталыш керек.
Гүлзат: Сиздин уюмуңуз башка бир мамлекеттер менен байланышып турчу беле?
Ракыя Жусупова: Ашар ачылганда көптөгөн изилдөөчүлөр келди, капиталистик системага өткөндө, эң биринчи өкмөттүк эмес уюмдар биз экенбиз да. Америкада окуган биздин кыздар өзүлөрүнүн дипломдук иштерин жазып кеткендер болду.
Гүлзат: Ошол жылдары башка мамлекеттердеги сиздердикиндей өз талаптарын коюп чыккан уюмдар менен иштешүү болдубу?
Ракыя Жусупова: Голландиядан “Тиус” деген уюм келди. Марсел В. эркек, Куко В. деген аял келди, силерге кандай жардам керек деп. Алар менен котормочу аркылуу сүйлөштүк. Жаңы конуштар менен иштейбиз, маалымат таратуу керек деп, “Алкак” деген гезит чыгардык. Себеби маалымат жеткириш да кыйын болчу да. Ашардын алдында “Курманжан датка” уюмун түздүм, балдар, аялдар менен иштейм деп, анан алар өзүнчө уюм бол дешти. “Эрайым” деген уюм түзүлүп, аны голландиялык “Хиус” деген уюм 7 жылдай колдоп, бутубуздан туруп кеттик.
Гүлзат: СССРдин ыдырашына ошол кездеги демократиялык уюмдардын, сиздин уюмдун ролу канчалык болду?
Ракыя Жусупова: Биз СССР ыдырап кетип атат деп деле ойлобоптурбуз. Биз өзүбүздүн талабыбызды эле коюп чыкканбыз. СССРдин ыдырашы ошол муктаждыктан келип чыкты окшойт, бул система деле бүттү окшойт. Көз карандысыздыка жетүүдө Ашардын ролу чоң деп атып жүрүшөт, биз үйсүздүк маселесине көбүрөөк басым кылганбыз. Андан соң тил, тарых маселеси кетти. “Известия”, “Правда” гезиттерине бизди баскынчылар деп сыпаттап чыгара башташты. Т. Сыдыкбеков, Б. Шамшиев, Т. Океев, Р. Отумбаева, Т. Байзаков, С. Тургунбаевдар бизди аябай колдогон. Т. Сыдыкбековго барып калдым, ал айтты, кызым “Известия”, “Правда” гезиттерине силерди жазыптыр деди, аябай жиним келди деди. Россиядан жазуучулар келип калды, “Известия”, “Правда” гезиттерине айта баргыла, кыргыз жаштары муктаждыктан улам ушундай кылышты дедим дейт. Жаштар баары акылдуу, билимдүү балдар, ЖОЖ бүткөн деп көрсөттүм дейт. Ошентип “Известия”, “Правда” гезиттерине айтып барышканын айтышкан мага дейт.
Гүлзат: Ашар уюмунун мүчөлөрү менен кантип байланышып, жолугушуп турчу элеңер.
Ракыя Жусупова: Ашарчылар Жыпар байкени демократиялык кыймыл бар экен, ошолордон тажрыйба алып келиңиз деп жөнөткөнбүз. Казакстандагы жаштар келген, биздин тажрыйбабызды алып келген. Алар келип, биз барып турчубуз. Ашардын балдары, бир жылкы алып Желтоксондогу курман болгон жаштарга куран окутуп келгенбиз. М. Шаханов да катышкан, ал да бизге ыраазычылыгын билдирген. Аны китепке да киргиздим, “Залкарлардын Ашар жөнүндө айткандары” деген китеп. 1992-жылы, 2-февралда Ч. Айтматовго да киргенбиз, Ж. Сааданбековго чалган балдарга тийбелиге деп, Ч. Айтматов силер кыргыздардын эң алдыңкы ой жүгүрткөн жаштары экенсиңер, силердин идеяңар менен менин идеям окшош экен, улуттун өнүгүшүнө кам көргөн жаштар экенсиңер», — деп сүйүнгөн.