Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Рыскулбек Жолдошев

Рыскулбек Жолдошев

тарыхчы
  • Саламатсызбы, агай, өзүңүздү кыскача тааныштырып кетсеңиз 
  • Саламатчылык, менин атым Рыскул, фамилиям Жолдошев,  Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Бегималы Жамгырчиев атындагы тарых, археология жана этнология институтунда иштейм. Андан тышкары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде студенттерге сабак берем . Тарых илимдеринин кандидатымын. 
  • Бүгүнкү биздин баардашуубуз 1985-91-жж Кыргызстандагы коомдук кыймылдар, ошол убактагы окуялар, инсандар тууралуу болмокчу. Биздин алгачкы эле сурообуз , ошол 1985-91-жж Кыргызстандын экономикалык, социалдык, саясий абалдары тууралуу маалымат бере кетсеңиз. 
  •  Мен ошол мезгилде жашаган адам катары озумдун көргөндөрүмдү, билгендеримдм айтып берейин. 80-жж менин студенттик кездерим болчу, мен жогорку окуу жайына бир топ себептер менен кечирээк тапшырып, өзүмдөн 7-8 жаш кичүү балдар менен окугам. Университетти бүтүп, жаңыдан кадр болуп, илимий карьерабызды баштап жатканда коомдук өзгөрүүлөр болду. Ошол мезгилде Кыргызстанга эле эмес, жалпы дүйнө жүзүнө таасир берген өзгөрүүлөр болду десек жаңылышпайбыз, анткени биз билебиз 20-к башынан баштап дүйнөдө социалисттик система деген режим түзүлүп анын башына Советтер Союзу деген мамлекет турган болчу. Ушул социалисттик система кыйраган мезгил болду. Жалпысынан айта турган болсом, 80-жж башынан эле дүйнөлүк саясий,социалдык, экономикалык кризис башталды десек туура болот. Себеби жалаң эле социалисттик системадагы өлкөлөрдө эмес, батыштагы демократиялык өлкөлөрдүн баарында экономикалык өзгөрүүлөр болуп жаткан. Ошого байланыштуу ошол кездеги Советтер Союзунун башкы жетекчиси Брежневдин дагы 1981-ж чыккан атайын программасы бар болчу. „Азык түлүк программасы „ деген. Ошонун чыгышынын өзү Советтер Союзунда тамак аштын тартыштыгынан улам келип чыккан деп айтсак болот. Бул Брежневдин өмүрүнүн акыркы жылдары болгон. Анын ордуна жаңы генералдык секретар дайындалганда, бул ийгиликсиз шайлоо болуп калды дейт элем. Себеби саясий бюродо жалаң карыган авториттүү адамдар болуп, жаштар абдан аз болгондуктан, кадыр барктуулары жашы өткөндөр болуп, Брежневдин ордуна келгендер да көп узабай эле каза болуп калышып, бийликте саясий бир кризис болду десек жаңылышпайбыз. Черненкодон кийин орустардын өздөрү кичине уялгансып, дагы бир карыган абышканы алып келсек, ал да 2-3 жылда каза болуп калса кандай болот деп, политбюродогу эң жаш Михаил Сергеевич Горбачевду өздөрү көрсөтүштү. Ал киши энергиялуу, бир нерсени өткөзгөнгө умтулган адам катары биздин эсибизде калды. Ал киши келгенден баштап эле социалисттик системаны кайра түзүш керек деген идеяны көтөрүп чыкты дагы, биз барыбыз билгендей кайра куруу саясаты башталды. Дал ошол маалда биздин Кыргызстанда дагы өзгөрүүлөр болуп жаткан. Биздин мамлекетибиз ал маалда мал чарбачылыгы багытында иштеген өлкө болчу. Бизде уяң жүндүү койлор негизги байлыкты түзгөн. Койдун санын 15 миллионго жеткиребиз деген идея болуп, мал чарбачылыгы өтө маанилүү багытта турган. Андан тышкары пахта сыяктуу кошумча чарбалар бар болчу. Шаарларда бираз завод фабрикалар бар болчу. Анан ошентип Горбачевдун кайра куруусу башталды. Горбачевдун ушундай активдүү реформаларга барганы батыш өлкөлөрүндө, айрыкча Америка кошмо штаттарында коштоого алынып, аягында өзүнүн мүмкүнчүлүгүн эсептей албай калып, башкара албай калды десем болот.  Тосулуп турган сууну жарып ийген сыяктуу элдин демократияга болгон умтулуусу жарк этип, социалисттик система кыйрады деп айтсам болот. Дал ошондой эле көрүнүш бизде да болгон. Ал маалда көп жылдар башкарып турган Турдакун Усубалиев болгон, Горбачев келгенден кийин Республикалык жетекчилерди Өзбекстандын, Казакстандын, Грузия, Армения, Прибалтика бүт баарында кадрларды алмаштыруу башталган болчу. Ошол 1985-ж Усубалиевди да кызматтан алып, анын ордуна Абсамат Масалиевди Борбордук Комитетинин 1- секретарлыгына көрсөттү. Бул кишини койгон себеби, менин оюмча ошол убакта Горбачевдун саясаты ушундай болгон, жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнө көп ишенбей калган. Өзгөчө Өзбекстандан, Кавказ өлкөлөрүнөн дагы коррупциялык иштер ачылды деп чоң чоң соттук иштер жүрүп жаткан. Анан ошондон тартып Москвадан өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын алып келгенге аракет кылып баштаган. Ошондой кырдаалда баарыбыз билебиз Казакстанда Динмухаммед Кунаев орус адамга алмаштырылып, Голдин деген, казак эли көтөрүлүп, өзгөчө жаштар, Союз боюнча биринчи толкун Алматыда болгонун барыбыз билебиз.  „Жел токсон „ деп казак боордоштор айтып жүрөт. Так ошол кырдаалда Масалиевдин келишинин себеби, менин оюмча Абсамат Масалиевди жеке адамдык сапатына басым жасашты окшойт. Анткени, бул адам өтө пассивдүү, жоош, демилгени көп көтөрбөгөн анан такай Москваны карап турган адам болгон. Ал кишини биринчи секретар кылган менен, менин оюмча анын Москвадан келген орунбасары бүткүл ишти карап жатты окшойт. Дал ошол маалда жогорку бийликти уга турган адамдарды койгон талап болгондуктан Жогорку Кеңешти төрагасы кылып биздин мурунку атактуу, социалисттик эмгектин 2 жолку баатыры, малчыбыз Таштанбек Акматовду алып келип коюшту. Чынын айтканда ал кишилерди формалдуу түрдө гана коюшкан. Москвадан келген десанттык топ Кыргызстандын саясатын иштетип башташты. Алардын келиши менен өлкөдө андай деле өзгөрүүлөр болгон жок, тескерисинче, кризистер көбөйдү. Чарба алсырап кетти, бул экономикалык ылдыйлоо жалаң эле Кыргызстанда эмес, бүткүл Советтер Союзуна мүнөздүү болуп калды .
  • Ошол убакта жөнөкөй эл, айылдан калкы, шаардын калкы, жаштар, студенттер өздөрүнүн жашоосун кандай кабыл алчу экономикалык деңгээлде, нааразылыктар бар беле өздөрүнүн экономикалык жашоосуна?
  • Биз башында көнүп калган турмуш катары эле калыл алып жашап келгенбиз, күнүмдүк турмуш катары. Бирок, биз мурун эркиндик дегенде, альтернативдүү кызматтарга баруу дегенди түшүнчү деле эмеспиз, биз аларды китептен окуп, кинолордон эле көрчүбүз, турмушта андай колдонулган эмес. Мен кичине кезде, ал убакта биздин тарых факультетинин деканы Табалды Мырзабеков агай студенттерге келип, мындан кийин ар бир мугалимге студенттер да баа бериш керек, биз мындан мугалимдер кандай окутуп жаткандыгын студенттерден кабыл алабыз ойлорун деген сунуштар менен жолугушууларды өткөргөн. Ошондон көп өтпөй эле ар бир группанын студенттери чогулуп алышып тигил агайдын ушул жери мындай деп, аксакал, кадыр барктуу, согуштун ветерандары болгон агайларыбыздын лекциялары андай мындай деп арыз жазышкан экен. Ал системаны жыйналышта агайларга айтса, агайлар биз окуткан балдар ушундай кылабы деп, студенттерге катуу чара көрүп, бир жылы биздин курстан 60 ка жакын студент кулап калганы эсимде. Мындай тарых факультетиние тарыхында болгон эмес болчу да. Муну айтып жаткан себебим, жаңылык менен эскинин ортосундагы күрөш, биздин, жаштардын арасында кескин башталып жатат, ошондуктан жаңычылдык багытка ишенгендер да болгон, андан коркуп сактангаып, мурунку тартипти карап, бул убактылуу эле, кайра калыбына келет дегендер да болгон 
  • Шаарларга айылдардан келип отурукташуу маселеси, аларды үй менен камсыз кылуу оор маселелерден экен. Ушунун деңгээли канчалык эле, күнүмдүк жашоодон алып караганда?
  • Биздин борбор шаарыбыз Бишкек ал маалда Фрунзе деп аталып турган. Бишкек шаарынын чын чынында айтканда түптөлүшүндө Россиядан келген келгиндер, орус улутундагы адамдар түптөшкөн. Анткени биздин эл 19-кылымдын экинчи жарымында толук көчмөн эл болгондуктан, отурукташкан жашоо жок бардыгы көчүп, боз үйдө жашаган адамдар эле, анан ошол көчмөндөрдүн арасында келгиндер айыл кыштактарды негиздешип, 99% ы келгиндер болгондуктан, орус улутундагы, европа улутундагы, андан тышкары бул жерде албетте ага чейин жашап келген өзбек, уйгур, дуңган сыяктуу элдер да бар болчу бирок алар ал санда гана болгон. Ал эми салыштырмалуу өзбектерге, тажиктерге барган келгиндер алардын шаарларында мурунтан эле шаардык адамдар болгон да, келгиндер ошол эле шаардыктардын арасына түшүшүп, аралашып, кандайдыр бир денгээлде жергиликтуу элдин маданиятын, тилин кабыл алды. Ал эми, казак, кыргыз элдерине келген келгиндер өз өзүнчө кыштактарды, айылдарды , шаарларды негиздегенден кийин толук Россиядагыдай ээн эркин, эч кандай жергиликтүүлөрдүн таасирин албай, өздөрү автономдук түрдө жашап келишкен. Ошону менен өнүгүп отуруп союздук система келди, Союз маалында кыргыздар отурукташкан жашоого өттү, бул колхоздоштуруу жылдарынан, 1930-жж баштап массалык отурукташтырууга өттүк. Ошондон баштап, борбор шаар болгондуктан Кыргызстандын ар тарабынан кыргыз улутундагы адамдар шаарга келген. Тээ башынан эле шаарга келип жер алыш же шаардын кабат үйлөрүнөн бөлмөлөрдү алыш бул ошол мезгилдеги адамдар үчүн чоң көйгөй болгон. Себеби Советтер Союзунун маалында эле,биз советтик системаны канчалык жактабайлы, аларды социалисттик болчу, элдин баарын бирдей, тең укуктуу адамдарга жеткирмек деген менен, эски колониялык саясатты уланткан эле саясат болгон. Бардык жерде орус тилинде жазылып, орус тилинде сүйлөнүп, арыз жазгандан баштап баары орусча болгон. Айылдан келген, орус көрбөгөн кыргыздардын үй алышы, очередге турушу, арыз жазып кагаздарды толтурушу, бул өзү кыйын болгон 
  • Ошол структуралык деңгээлде ушундай мамлекеттин саясаты беле, же расмий эмес саясат беле?
  • Бул расмий эмес жалпы көрүнүш болгон, Москвадан келген саясат болчу. Советтик идеология боюнча бизде коммунизмге жакындаган сайын эч кандай улут болбойт, биз баарыбыз аралашып, интернационалдык коом болобуз, советтик коом түзөбүз деген идея бар болчу. Советтик коомдун өзөгүн орустар түзчү да. Советтик коомдун өзөгү орус болгондуктан орустун тарыхын окучубуз, тилин сүйлөчүбүз, жазуусун жазып, жашоосун жашаганга аракет кылчубуз. Бул айтылбаган расмий эмес, жашоодогу турмуштук тажрыйбадан чыккан нерсе. Бул биринчиден документтерди чогултуу проблемасы, экинчи жагынан кандайдыр бир денгээлде айылдан келген кыргыздарды атайын адис эмес, булар адистиги жок, карапайым кара күч деп эсептеп, бул жактан орустар өзүнүн тааныштарын, Россиядан, башка жактан чакырышып, булар адистер деп, Россиядан келгендерге биринчи там берип, айылдан келген кыргыз улутундагыларга үй алуу аябай эле чоң проблема болгон. Негизинен жаштар мектепти бүтүп, шаарга келгенден кийин эң биринчи эле прописка, катталган жериң кайсы деп сурачу, эгер катталган жериң жок болсо жумушка да алчу эмес. Катталганда кантип каттачу? Эгер окууга өтүп калсаң жатаканадан каттачу, эгер окууга өтпөй калсаң ошол Бишкектеги завод фабрикаларга кыздар, балдар жумушка орношот ошолордун жатканаларына тургузуп анан каттачу. Ансыз эч кандай шаардык адам катары эсептелчү эмессиң. Эгер жумушка орногондон кийин жаш болсоң очередге туруу деген эң акыркы суроо болуп калат, жатканага киргенден кийин жашоо үчүн күрөшүп баштайт. Качан сен үй бүлөлүү болуп,  балдарың көбөйгөндө анан үйгө арыз жазсаң, ал маалда очередь деген ушунчалык чоң болгон, орус улутундагы, орусташкан элдерге көбүрөөк артыкчылык берилип, тоодон, айылдардан келген кыргыздарга экинчи катардагы адамдардай мамиле кылынган 
  • Ушундай адилетсиз абалды эл кандай кабыл алчу эле ? Элдин ичинде ачык айтылган нааразылык бар беле?
  • Ал маалда бийлик, тартип аябай катуу болчу, мыйзам катуу сакталчу. Эл митингге чыгып же ачык айтуу аябай коркунучтуу болгон. Анткени айткан адамдар,айтмак түгүл айткандардын жанында тургандар, уккандарды кошуп туруп эле ар түрдүү жазалар менен жазалап, куугунтукка алчу. Өзгөчө Советтер Союзунда саясий жумуш карьера жасайм десең сөзсүз коммуеист болуш керек болчу, коммуеисттик партиянын мүчөсү болбосоң сага эч кандай жумуштар берилчү эмес. Эң биринчи кезекте жанагындай туура эмес нерселерди сүйлөп, элдердин арасында жүргөндөр партиядан чыгарылчу. Партиядан чыгаруу деген, бул сенин карьеран бүттү деген сөз. Ошондуктан эч ким көчөдө ачык айтчу эмес  телевидение, радиолордо эчким айтчу эмес, газеталарда жазылчу эмес, бирок эл арасында бул болуп келген.  Кыргыздар жаштарынын ошол маалдагы көкүрөгүнө тийген эң чоң проблемасы орустардын квартирасында туруу болгон. Орустар менен маданий түйшүктөр, салт санаасы башкача да. Кыргыздар квартирага алып, орустун үйүнө келсең, ага сөзсүз айылдан туугандар, достор келет, тааныш, теңтуштар келет, орустар болсо андайды жактырбайт, сен биздин үйгө ар кимди киргизип атасын деп, жадагалса биздин туалетибизди сенин келген кишилерин толтуруп кетип жатат, чыгып кет деп, квартирадан квартирага көчүп жүргөн далай кыргыз болгон 
  • Кийинки суроо тил маселесине байланыштуу. 1989- ж кыргыз тили мамлекеттик тил катары кабыл алынды. Ушул процесс кандай жолдо жүрдү, кимдер негизги күч болду кабыл алдырууда ?
  • СССР мезгилинен баштап эле кыргыз калкы Кыргызстандагы расмий статистикалык көрсөткүчтөр боюнча 67-70% ын кыргыздар түзгөн. Кыргыздардын көпчүлүгү айыл кыштакта турушкан. Массалык кыргыздар орус тилин жакшы билген эмес. Кыргыздардын көпчүлүгү үчүн орус тилин аябай чоң проблема болгон. Бул айтылбаган менен кыргыздар үчүн эң биринчи проблема болгон. Себеби Советтер Союзунда бардык иш кагаздары, арыз жазгандан баштап чоң чоң жыйындарда чыгып сүйлөгөнгө чейин орус тилинде болгон. Кыргыз тилинде жокко эсе болгон. Кыргыз тилинде болгону басылмалар, газеталар болгон. Транспортко түшкөндө деле талон алыш үчүн орусча сүйлөшүн керек эле. Ушул кырдаал Горбачевдун кайра куруу мезгилинде өзгөчө көтөрүлдү, бул маселе керек болсо эң жогорку адамдар тарабынан козголду, ошонун бири катары биздин белгилүү улуттук жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Бишкекте бир гана номер 5 кыргыз тилдүү мектеп бар экен, калганы бүт орусча окутат экен деген маселени көтөрдү. Ага каршы башка көрүнүктүү адамдар бул улуттук идеяны айтып жатат, улутчулдук кылып жатат дегенге чейин коомдо талаш тартыш болгон. Ошондуктан биздин эл 1989-жж тил боюнча аябай чоң маселени көтөрүп чыгышкан. Акыры мамлекеттик жетекчилер аргасыздан мыйзамдуу түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили – кыргыз тил деп кабыл алды. Бирок анда деле муну аябай жактырбай, кабыл албай, коркунуч менен кабыл алган биздин коомдун бир бөлүгү болду. Аларды жоошутуш үчүн кыргыз тилинде сүйлөө милдеттүү эмес, орус тилинде сүйлөнө берет, кыргыз тилинде жөн эле арыз жазып кайрылгандарга мүмкүнчүлүк берип жатабыз, орус тилинде сүйлөгөндөргө 9 жыл убакыт беребиз деп беришкен, бирок 9 эмес 30 жылдан кийин деле ошол жаңы кабыл алган мезгилдегидей турабыз бүгүн. 
  • Мисал үчүн айылдарда эмес, Бишкек шаарында да арыз жазыш үчүн орус тилинде жазыш керек беле, мамлекет кыргыз тилинде кабыл алчу эмес беле?
  • Мен өзүм жашаган Кочкор районунда айылыбызда бир да орус улутундагы адам болгон эмес, Михаил Васильевич Фрунзе атындагы колхоз болчу.Ал жерде орусча билген адамдар дээрлик жок эле. Бирок ошол айылдын официалдуу документтерин толтурганда орусча жазганга аракет кылышчу. Мисалы балдарга күбөлүк бергендер, справка жазганда, эмгек китепчесин толтурганда. Айрым жерлерде орусча билбегендер кыргызча жазып койчу да, анан ошол кыргызча жазылганды чийип алдына оңдолду деп орусча жазгандар болгон. Бул эми айылдык деңгээлде, жалаң кыргыздар жашаган жерде кыргызча жазылчу,бирок аны жогору жакка алып барганда орусча талап кылчу. Бул бүт Кыргызстанга мүнөздүү көрүнүш болгон.
  • Сиз кайра куруу мезгилинде студент болгон экенсиз, университеттерде окутуунун тили кандай эле?
  • Университетте жогорку окуу жай болгондон кийин бираз демократиялык принциптер кармалган. Биз окуган кыргыз мамлекеттик университетинде окуу эки тилде жүргүзүлчү, кыргыз тилиндеги анан орус тилиндеги группалар  . Биздин тарых факультетинде 9 группа болчу. Бирок кептин кызыгы, окуюн деп барсаң бир дагы кыргызча адабият таппайсың. Тарых илими боюнча өтө сейрек болчу адабияттар. Ал маалда биз классиктерди окучубуз, алардын эмгектери, тарыхый булактын баары орус тилинде болчу. Экинчиден бизге лекцияларды өткөндө 4 кыргыз группасы келип, 1 орус группасы болсо эле орусча окушчу. Ал эмес 2-3 орус болсо деле кыргыз группаларга орусча өтүлчү, анткени көп мугалимдерибиз ал убакта орус тилдүү болгон окшойт, орусча даярданышып жеңилирээк орусча окуп сала берели деп . Биз кыргыздар дагы өзүбүздүн менталитетибизде жоош болуп, биздин балдар деле эч каршылык көрсөтчү эмес. Ошол убакта кыргыз тилиндеги группада окуган ар бир студент ВУЗду бүткөнчө бары бир орусча үйрөнчү. 
  • Тил маселеси карьерага канчалык таасир этчү?
  • Бул өтө олуттуу суроо, ал маалда орус тилин билбей карьера жасоо мүмкүн эмес болчу. Кыргызча канчалык билими жакшы болбосун, ой жүгүртүүсү канчалык өйдө болбосун чектөө болгон. Биз мурункудай жумушту иштеп баштаганда орусча иштеп баштаган менен, ошол маалда кыргызча жазса болот, кыргызча сүйлөсө болот деген демилгелер чыккан. Ошондо окууну бүткөндөн кийин, улуттук илимдер академиясында тарых институтунун кызматкери болуп иштеп калдым, ошол маалда биздин агайларыбыз орус тилинен кыргыз тилин жакшы сүйлөсө да кыргызча сүйлөгөндөн тартынчу. Кандайдыр бир уят сыяктуу сезчү. Кыргызча жазуу менин оюмча 90-жж ортосунан тартып көбүрөөк боло баштады. 80- жж аягы 90-жж башында элдер кадимкидей эле тартынып турчу. Анткени кыргыз тилинде эле сүйлөйт десе коомдон артта калган адам катары кабыл алынат. Кыргызча сүйлөп жаткан адамдар өзүн көрсөтүш үчүн кээде орусча кошуп сүйлөп ийишчү. 
  •  Тарых факультетинде сабакта Кыргызстандын тарыхына канчалык орун берилчү?
  • Бул күлкүлүү маселе. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайы болгон Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинде Кыргызстандын тарыхынан чектелүү эле сабак болгон. Себеби биз дүйнөлүк археология, этнография, дүйнө тарыхы, байыркы Рим, Греция, Африка элдеринин тарыхы деп дүйнөлүк тарыхтарды кошуп келип анан негизинен Россиянын, СССРдин тарыхы дегенди окучубуз. Ал жерде Республиканын тарыхына арналган ашып кетсе 2 же 3 сааттык темалар болчу. Кавказ боюнча анан Орто Азия элдери боюнча. Ал эми кыргыз тарыхы деген сабак бар болчу, ал деле 70 саат эле. Университетти мен 5 ке бүтүрүп, кызыл диплом алгам. Анан ойлочумун тарыхты аябай жакшы билем деп, көрсө мен СССР тарыхын аябай жаттап алыптырмын да. Окууну бүткөндөн кийин Улуттук Илимдер академиясына келип калдым, ал жерде тарых илимдеринин доктору Өмүркул Караев агайдын бөлүмүндө иштеп калдым. Анан агай Кыргызстандын тарыхынан кайсыл булактарды окудуң эле деп сурап баштады, университетте андай бир да Кыргызстандын тарыхына байланыштуу сабак өтпөптүрбүз да . Агай мындайларды өткөн эмеспиз десем жылмайып койду, жоош киши болчу. Бартольддун 9 томдугун карап жүрчү деп мага сунуш берди. Агай айткандан кийин Бартольддун жыйнагын алып анан окуп баштадым. Мага ушунчалык таасир берди. Экинчиден тарых саясатташкан. Тарыхта кыргыздардын мурунку тарыхы эски, феодалдык артта калган болгон. Кыргыздар 1917-ж, Октябрь революциясы жеңгенден баштап өз алдынча эл болуп, агарып, көгөрүп, билим алып, адам катарына кошулду. Аны адам кылган коммунисттер, кыргыздар ошончун Октябрь революциясына сүйүнүш керек деген идея менен жүргөн. Ал эми кыргыздардын өткөн тарыхына келгенде, кызыктуусу кыргыздын бир да тарыхый инсаны оң баа алчу эмес. Баары тең терс баа алчу, киши жегич, феодал, эзгич, таптык душман деп. Мен муну кийин түшүндүм, биздин тарых илими Совет мезгилинин алгачкы жылдарында, согушка чейинки мезгилде калыптанып калган экен, ал эмес кыргыз улутунун өзүнөн чыккан илимпоздор Хасанов, Жамгырчинов агайлар тарых жазып калган экен, ошол маалда алар кыргыздын эски тарыхын жазганга аракет кылышкан экен. Бирок алар таптык, коммунисттик көз караш менен баалаган менен бары бир „ Кыргызы в эпоху Ормон хана „ деп Жамгырчиновдун макаласы бар, Хасанов агайдын баа берген баалары бар. Алар ушинтип баштаган экен. Кыргыздардын тарыхый инсандарын жокко чыгаруу согуштан кийин Сталиндик демилге болгон, аны Жданов көтөрүп чыккан, канчалык социализм күч алган сайын эскиге болгон көз караш интеллигенциянын арасында козголот экен, ошондуктан феодалдык же болбосо таптык душмандарды даңазалабаш керек деген макаласы чыккан 1949-ж. Ошону менен бардык жерлерде илимпоздор болобу, акын жазуучулар болобу, эски тарыхый инсандарга оң баа берүү боюнча каралоо башталган. Ошол маалдагы Кыргызстандагы Борбордук Комитетинин биринчи секретары Исхак Раззаков доклад жасап, 1952- ж окумуштууларды, адабиятчыларды катуу сынга алган. Өзгөчө Бернштамды, Манастын 1000 жылдыгын өткөрөбүз деп жатат, Манас бул феодалдык герой болгон, андан тышкары Жамгырчинов Ормон хандын мезгилдериндеги кыргыздар деп жазган деп. Андан тышкары акындарды сындаган, „Балбай“ поэмасы үчүн белгилүү акыныбыз Кубанычбек Маликовду катуу сындап, Курманджан датканы даңазалайт деген сын пикирлер айткан. Өзгөчө ошол убакта Манасты изилдеп жаткан Саманчин, Зияш Бектенов, Ташым Байжиев агайлар баары соттолгонго чейин жетишкен. Анан ошондон кийин кыргызда тарыхый инсандарын талкулоо, даңазалоо же изилдөө иштери токтогон экен. Бул илимдеги эң чоң өксүк болгон. 
  • Тарыхый инсандардан башка кайсыл тарыхый темалар окутулган эмес, изилденген эмес?
  • Мен илимдер академиясында кол жазмалар бөлүмүндө көп отурдум. Биздин муун өзүбүздүн аталарыбыздын эмгегин такыр билбей калган экенбиз. Себеби 19-к аягы 20-кылымдын башындагы бир топ кыргыздын таланттуу интеллигенциянын өкүлдөрүнүн чыгармалары тыюу салынган. Мисалы үчүн заманчылар, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Арстанбек Буйлаш уулунун,Казыбек Казалчынын ырлары, андан тышкары алгачкы тарыхчылар Осмонаалы Сыдыков, Белек Солтоноев, Ыбрайым Абдрахмановдун чыгармалары. Бизде чоң кемчилик мурунку муундагы адамдардын эмгектерин билбей калдык, андан тышкары репрессияга кеткен кишилердикин дагы. Азыр биз даңазалап жаткан Жусуп Абдырахмановдун күндөлүктөрү, Баялы Исакеевдин, Абдыкерим Сыдыковдун. 
  • 1980-жж кайра куруунун башталышы менен студенттердин арасында, мугалимдер, изилдөөчүлөрдүн арасында жаңы бир кыймыл башталдыбы? 
  •  Кайра куруу мезгили 1985-89-жж аралыгы болду, бул маалда илимде андай эскилерди изилдөө деген маселе көтөрүлгөн эмес, негизинен демократиялаштыруу маселеси кетип жаткан. Бирок кыргыздардын арасында болгон, эскилерге баа бериш керек деген адамдар. Андай ойлор жарыяланган эмес. Кайра куруу мезгилинде мындай окуя болуп калды, Горбачев кайра куруу менен улуттук региондорду катуу эле кыскарган аракет кылды, өзгөчө казактардагы жел токсон окуясында Кунаевди кызматтан алып, Голбинди койгондо казак жаштары чыкты, аларга катуу күч колдонулду, ошондон кийин аиайын коопсуздук комитетинин кызматкерлери иштерди алып бара баштады. Биздин университеттен да ушундай мугалимдерди издеп, акыркы Аттокуров агайды улутчул деп партиядан чыгарышкан. Ушундай  абалды көрүп тургандар мурун тыюу салынган илимий багыттарды көтөрүп чыгабыз деген адамдар дээрлик жок болгон. Мындай түшүнүктөр Кыргызстан өз алдынчалыгын алгандан кийин анан башталды. Кайра куруу мезгилинде бул болгон жок. Өз алдынчалыгын алгандан кийин өзүнүн тарыхына суусап турган бир агым башталып, билгени да , билбегени да, окумуштуусу да, окумуштуу эмеси да баары тарыхка, адабиятка, санжырага кайрылып, ошондон тарыхтагы башаламандык пайда болду десем болот. 
  • Башындагы коомдогу социалдык  саясий жараяндарга кайтып келсек, 1990-ж өзгөчө шар окуялар болуп кетти. Коммунисттик лидерди ордунан алып, альтернативдүү кызмат президент болуп жатпайбы,ушул окуяларга тарыхый баа берип кетсеңиз 
  • Кайра куруу улам канчалык узаган сайын, Союздун жашоосу кыскарганын бардык саясатчылар түшүнүп эле калышкан. Эң биринчи кадамды, Союздан чыгып кетип Балтика боюндагы Республикалар башташты. Алардын жетекчилери бизди Советтер Союзу 1940-ж күч менен басып алган, биз мыйзамдуу түрдө кирген эмеспиз деп, советтик жыйындарга баруудан баш тартып, өз алдынчалык талап кылып башташты. Анан калган улуттук Республикаларда да ушундай кыймыл башталды. Анын үстүнө Горбачевдун да атаандашытары болду, Ельциндин тобу пайда болуп, мына ушундай Борбордогу башаламан маалда көптөгөн Республикаларда президенттик пост киргизилди. Ошолордун эң аягында Кыргызстан президенттик пост киргизбедиби, анткени биздин ошол маалдагы жетекчибиз Абсамат Масалиев өтө тайсалдап, Москва кандай кабыл алат деп, Москваны күтө берди. Москвадагы СССРдин съездинде бардык делегаттар курч чын пикирлерди айтып, ал эмес орустар өздөрү бийликти сындап баштаган. Ошол маалда „Правда“,“Труд“ деген газеталарга Кыргызстанды шылдыңдаган макалалар жазылып калчу, алардын темалары „Караңгы Республика“ же „ Малчылардын Республикасы“ деп. Ушул маалда коомдун жогору жагында эмес, төмөн жагында кыймыл башталды. Канткенде Кыргызстанды өзгөртөбүз, канткенде демократташтырабыз деген адамдар пайда болду. Алар керек болсо Москвага , Прибалтика жаштарынан арасына барып тажрыйба үйрөнө баштады. Менин жеке пикиримде ошол убакта эң чоң көйгөй болгон, жаштардын жер алуу маселеси эле. Ушул маселе негизги катализатор болуп берди. Мен дагы ошол убакта окууну бүткөндөн кийин жер керек болуп жаткан. Ал маалда Асанкулов өзү барып эл менен сүйлөшкөнү эсимде бар. Ушундай кырдаал болуп жатканда ошол адамдарды жөнгө салгандар пайда болду. Алардын бири Жыпар Жекшеев болгон. Ошол киши жер алуу маселесине аябай активдүү катышып, эл алдына чыгып сүйлөй баштады. Ага алдыңкы жаштар кошула баштады. Ошол убакта мен улуттук илимдер академиясында тарых институтунда иштеп жүргөм. Илимдер академиясында да жаңы жаштардын партиясын түзөбүз деген адамдар пайда болуп, эки жакка ойногон адамдар болду. Академиядагы активдүү жаштардын бири Бекболот Талгарбеков эле . Жыйналышка барып жүргөндөрдөн кийин саясатка аралашып жүргөндөрдөн айтсам Эмилбек Каптагаев. 
  • Активисттердин арасында көзкарандысыздык, азаттык, эгемендүүлүк деген сөздөр кайсыл убакыттан айтылып баштады?
  • Бул окуя 1989-ж баштап активдүү болуп баштады. Кыймылды баштаган Жыпар Жекшеевдер, кийин жер алгандар боюнча атайын „ Ашар „ деп түзүлдү. Коомго белгилүү адамдар керек болуп, Казат Акматовду тартышты. Биринчи жолу Кыргызстанда „Кыргызстандын демократиялык кыймылы „ КДК деген кыймыл түзүлдү. Анан ошого удаалаш „ Ашар „ кыймылы. Андан кийин „ Улутчулдук партия „ дегендер пайда болду. „ Асаба „ улуттук партиясы деп түзүлдү. Мындай кыймылдардан ошол убактагы Абсамат Масалиев башында турган жетекчилик аябай чочулашты, басканга аракет кылышты. Ушундай башаламан маалда кыймылды жетектегендер улам кадыр баркка ээ болуп, аларды колдогондор интеллигенциянын тарабынан да табыла баштады. Бул кыймыл 1990-ж жеңишке жетти десем болот. 1990 -ж бизде Президенттик пост киргизилди. Ага Абсамат Масалиевди сунушташты. Альтернатива катары Абхаз Жумагуловду көргөзүшкөн. Булардын түпкү максаты шайлоодо Массалиевди өткөрүп ийип, Жумагуловдун кандидатурасын алып коюууну каалашкан. Бирок ошого карабастан ак үйдөгү айрым чиновниктер демократияга кадам коюп калышкан. Алар Масалиевдин президент болуп келишине каршы болуп, пленумда экөө тең добушка ээ болбой калышкан. Кийинки шайлоого баруу укугунан ажырашты. Анан экинчи катардагы адамдар Президенттикке кандидатурасын тандаганда демократтар кимди коёбуз деп аябай ойлонушту. Айрымдар Чынгыз Айтматовдун өзүн айтып башташты. Чынгыз Айтматов баш тартты  Айтып калышчу Акаевди сунуштаптыр деп. Ал маалда Акаев илимдер академиясынын президенти болуп туруп, кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп кеткен. Саясатты түшүнүп калган, билимдүү киши болгондуктан съездде чыгып сүйлөп, өздөрүнүн талабын койгон. Ошондон баштап Акаев элдин арасында таанылып калган. Ага альтернатива болуп бир топ эле адамдар чыкты. Бирок акыры демократиялык кыйсылдардын таасири менен Акаев шайланды. Кайра куруу мезгилинде эң чоң тарыхый процессти баштан кечирдик, башкача айтканда бир коомдон экинчи коомго өттүк. Бир чоң система кыйрап, кыйраган системадан өз алдынча мамлекет түзүү өтө оор болгон. Ушул маалда өлкөнүн башына президент катары Аскар Акаев келип калды. Суроо болуп жатпайбы, эмне үчүн бизде коңшу өлкөлөргө караганда айкындуулук көп болду, чоң кызматтагы адамдар кетире алганга жарап калды деп. Муну Аскар Акаевдин да кандайдыр бир денгээлде эмгеги деп ачык айтыш керек эле. Себеби Өзбекстан, Казакстан ж.б Республикаларда табигый сырье, газ, нефти бар экен, ошолорду сатып алар өлкөсүн бутуна тургузганга киришти. Ал эми Кыргызстанда табигый байлык дээрлик жок экен, мурун мал чарбасына басым жасап, жүндү ийрип, жип кыла турган бир фабрика жок экен. Болгону жүндү тазалап жууй турган Токмокто „Пош“ деген фабрикабыз бар экен. Союздук байланыштар үзүлгөндөн кийин такыр эле эч нерсе жок отуруп калды. Ошол маалда Акаев ошол абалдан чыгыш үчүн, биринчи кадамы рыноктук чарбага өткөрдү. Жеке менчикке баарын бөлүп берди. Экинчиден Акаев 96-97-жж Кыргызстанды Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө кылып койду. Ошондон улам Дордой, Кара-Суу сыяктуу ири базарлар чыгып, бүткүл мурунку союздаш элдерге товарлар ташылды. Мунун өзү рыноктун алдыга чыгышына шарт түздү. Үчүнчүдөн Акаев бардык жерге барганда бизде демократия деп газета  басма сөздүн өкүлдөрүн ээрчитип барып элдерге мисал кылып көрсөтчү, биз сөздөргө цензура, чектөө койбойбуз деп. Ага таянган адамдар да ачыктан ачык сындап, керек болсо жамандаганга чейинки ой пикирлерин ачык айтып башташты. Бул демократиялык коомдун түзүлүшүнө шарт түзүп берди деп ойлойм. Экинчи айтайын дегеним, биз өз алдынча мамлекет болгондон кийин ушул 30 жылдын ичинде элдик кыймыл өтө күчтүү болуп, бир нече президентибизди бийликтен кууп, элдик толкундоолор болуп өттү. Анан ошол элдик толкундоолор болгон сайын, президент качанканда муну революция деп даңазалап, илимде эволюция анан революция деген түшүнүктөр бар да, эволюция табигый өнүгүү, революция кескин башка жакка бурулуп тездик менен өнүгүү. Бул революция коомдук жашоонун кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болот да, жөн эле бийликти алмаштырып коюуу эмес, бул элдик төңкөрүш деп эле айтсак болот. Революция болушу үчүн жашоодо, экономикада, саясатта өзгөрүүлөр болушу керек. Бизде кичинекей революция көп эске алынбай келип жатат. Бул 80-90-жж болуп өткөн мурунку социалисттик системадан , азыркы демократиялык, рыноктук системага өткөн өзгөрүүлөр бул чыныгы революция болду. Анткени бир коомдук түзүлүштөн экинчи коомдук түзүлүшкө өттүк. Мурун мамлекеттик менчик, пландык экономикада жашаган эл бир паста өзгөрүп, кыска убакытта жеке менчикке , рыноктук экономикага өтүп, дүйнөлүк демократиялык өлкөлөрдүн катарына кирип кетти. Кыргызстанда революция мына ушул жылдарда болду десек болот. Андан берки элдик толкундоолор, бийлик алмашуулар жөн гана элдик көтөрүлүш аркылуу бийлик алмашуу деп айтсак болот . Эгерде биз мындан ары дагы элдик көтөрүлүш менен бийликтин алмашуусун даңазалай бере турган болсок анда элди төңкөрүшкө даярдаган революционер адамдар, адистер пайда болот. Бул коомдогу стабилдүүлүктү жок кылган нерсе, революция сөзсүз эле куралдуу көтөрүлүш, төңкөрүш менен болбойт, айрым кездерде тынч жол менен, реформалар менен болот. Мисалы биз тарыхта билебиз, Япониядагы „ Мейдзи“ революциясы. Революция деген кескин өзгөрүү. Социалисттик түзүлүштөн рыноктук чарбага өтүү жогору жактан реформалардын жардамы менен болуп өттү. Кыргызстанда эле эмес, СССРдин деңгээлинде жүрдү. Бул өз мезгилин революциялык өзгөрүүсү деп айтсак болот.