
Садыр уулу Жумагазы



Гүлзат Алагөз: Биринчи суроо, өзүңүз жонундо айтып берсениз, азыр сиз кимсиз, эмне иш кыласыз? 1986-жылдан 1991-жылга чейин кылган ишиңиз жөнүндө айтып берсеңиз.
Садыр уулу Жумагазы: Мен Садыр уулу Жумагазы, азыр «Арыш» кичи насыя компаниясында мүдүрлөр кеңешинде эмгектенем. 1986-1991-жылга чейин мен «Советтик Кыргызстан» жана «Кыргызстан Айыл чарбасы» деген журналда, гезитте эмгектенгем. Гезитте кабарчы болуп, журналда редактордун орун басары болуп. Анан 1985-жылы кайра куруу саясаты башталганда ошол кезекте аң-сезим, өзүмдүн көз карашым бар киши катары кайра куруудан биздин ошол кезектеги «белгисиз жумурият» деген атыбыздан кутулуп, бизде Кыргызстанда дагы бир кыймылдар, өзүбүздүн кайра курууга болгон, өзгөрүүгө болгон иштер болсо экен деп аябай самагам. Бирок бизде союздун башка жактарына караганда андай кыймылдар жаралган жок. Ошол 1986-88-89-жылдары башка жактагылардай болуп, элдик майдан, улуттук кыймылдар болсо деп тилек кылып көп аракеттерди көрүп, ар-кайсы жакка барып, урунуп беринип, академияда жаштар элдик майдан түзүп жатыптыр деп ал жакка барып, эч бир кыймыл таппай, андан кийин «Шайлоочулардын клубу» деген топ бар экен, ошолорго кошулуп, ошолордун мүчөлөрү Табылды Эгембердиев, Абдурахманов, Таталья Аблова, Князев дегендер бар экен. Ошолор менен бир топ аракет иш кылып жүрдүк. Негизги максатыбыз шайлоолорго катышып, аң-сезимди, биз дагы шайлоо аркылуу демократиялык кыймылга кошулуп, өлкөнү өзгөртүүгө катышсак деген тилектер бар болчу. Бирок ал жакшы өнүгүп кетпеди. Ошентип ары бери жүргөндө, жакшы уюткуланбай жактанда 89-жылы жаз айларында “жер басып алып атыптыр” деген кабар тарап, мен анда Кыргыз жери журналында редактордун орун басары болуп иштечумун, биз анан ошол кыймылга адегенде мобугу 110-…деген жер бар, ошол жерге бардык. Ал жердин баарын жаштар өлчөп, ээлеп, үй салабыз деп аракет кылып жытышыптыр. Ошол кыймылга биздин редакция дагы кошулуп кетти. Ошол кыймыл эрте жазда башталган, жайдын толгонуна чейин кыймыл өсүп олтурду. Бишкектин тегерегиндеги бош жаткан жерлердин бардыгысы ээленип, ал кезде жаштардын деле түшүнүгү жок жер кандай берилээри. Ошондуктан өзүлөрүнүн билишинче эле 100 чарчы болгон кез келген жерлерди ээлеп алып, үй салабыз деген аракеттер көбөюп олтурду. 10-20-30 миң адам болуп кетти окшойт. Ошонун баары жүрүп олтуруп Орто-Сайга чейин, ВДНХ деп койчу ошол жерге чейин барып, баардык жерлер ээленип, анан ошондой болгондон кийин анан 21-25-июндарда жалпы чогулуш болду. Азыркы Садырбаев Туштук даңгыр жолунун кесилишинде Поперовка деген айыл болчу Сокулукка караган, ошол жерлер эгин талаалар болчу. Ошол жерде жазуучулар, чоң жетекчилер, биздин биринчи катчы Масалиев, министрлер кеңешинин төрагасы Жумагулов, Жогорку Кенештин төрагасы Акматов Ташматов, министрликтин дээрлик баары чогулуп, ошондо Москвадан Горбачев уруксаат берип, ар бирибизге 5-100 чарчыдан аянт берилээри айтылды, дыйканчылык институтунан. Анан ошентип 4 айга созулган чыңалуу болду. Ошол чогулушта Масалиевден сунуш болду, биздин кызматкерлер 10миңдеген адамдар менен иштеше албайт экен, ошондуктан уюмдашкыла, бир уюм менен иш алып баралы деп, ошондон баштап биз Ашарды түптөй баштадык. Ашардын эки долбоору жазылды, жобо деле ал кезде бизге өөн болчу. Бирок баягы шериктештиктер, кооперативдер жөнүндө жобону жазып, ошо менен такшалып калган тажрыйбабыз бар болчу. Ошонун негизинде Кыргызстан Айыл чарба журналынан Курманбек Мамбетов экөөбүз бир долбоор даярдадык, «Коломто» деген аталышта. Каптагаевдер «Ашар» деген аталышта өзүнчө бир долбоор алып келишти. Анан 15-июльда Ашардын 1-курултайы болуп ошону кабыл алдык. Анан ошондо мени Ашардын кенешинин төрагасы кылып шайлашты. Жыпар Жекшеевди аткаруу комитетинин төрагасы кылып шайлашты. Ошол убакта биз расмий түрдө элдерден даректемерди, иш-кагаздарды алып, ошонун негизинде Ленин райкомуна даярдап берип, алар чечим чыгара баштады. Ошондо жер алуу кыймылы башталып, расмий түрдө Ак-Өргө биринчи жолу берилди. Ошондо биз 2 ай, июнь жана август айында жер бериле баштады. Ошол жылы сентябрь айында кыргыз тили мыйзамын кабыл алуу боюнча иштер жүрүп, биз дагы ага кол кабыш кылып, 50миңден ашык кол коптоп Жогорку Кеңешке өткөрүп бердик. Ошонун кабыл алынышына дагы салымыбызды коштук. Ошондон баштап аракетибиз боло баштады. Анан баягы биздин кыймыл, анын устундо жер алып үй салып жабылып калгандан кийин эч кандай мамлекеттен акча каралган эмес, ошону талап кылып, ошолордун маселесин, ичер суусуна, курулуш материалдарына чейин бардыгын күч менен, талап кылуу менен алууга, маселесин чечүүгө туура келип жатты. Ошон үчүн компартия бизди анча деле сүйчу эмес. Ошентип биз талап кылып, маселен мен 8 жыл үй-бүлөм менен жерсиз, үйсүз болуп калдык дагы, каарын жакшы эле тартып, анан кандайдыр бир денгээлде үй маселеси чечилбегенден кийин ошо жанагы «Уста сепил» деп койчумун шаардын ичинде, ошо жерге 2 болмолуу үй салып алгам. Анан ошол уйдун курулуш материалдарын кантип алыш керек, уйду кантип салыш керек, ушунун баарын жакшы билгендиктен мен кандайдыр бир деңгээлде даярдык менен келип калдым, анан маселелерди койгондо дагы мамлекетке сабаттуурак коюуга туура келип, каттарды даярдап жазып, ушундай маселелерди коюп журдук. Андан кийин жанакындай маселе болгондо кээде чечип кээке чечпей калышат. Айтып коюшубуз керек анда биз мындай үйгө жеткенден кийин, адам болгондон кийин биз озубуздун келечек, мамлекет жөнүндө башка жумурияттардын өзүнүн азаттыгы жөнүндө маселени саясый коюп жаткандан кийин биз дагы ошол маселени коюуга умтулдук. Ошондуктан Ленинградда прибалтика мемлеккеттеринде түзүлүп жаткан Мада деген уюм бар болчу. Союздагы демократиялык уюмдардын биримдиги, ошого мүчө бололу деп биз өкүлүбүздү жибердик. Ошол билинип калгандан кийин анан баягыдан катуу тиреш башталды. Дээрлик биздин бөлмөбүз бар эле уюмубуздун, андан кууп чыгышты. Ошондой болуп турган чактарда баягы “өнөр огуз балтадан тайыбайт” дегендей декабрдын аяктарында жалпы Бишкекке чакырык таштадык. 25-26-январда буткул Бишкектик митингге чакырыбыз деп. Анан ошол кубалбай эле турган окшойт эл, аябай чоң таасир болуп анан ошо чакырылып келип, моюнга алышыбыз керек, тажрыйбабыз жоктугунан алгачкы 2 күндөгү митингдер жакшы уюшулбай, чар-жайыт болуп калган. Анын үстүнө биз эки жакка тартылып калдык. Бизге жанакындай сокку болгондон кийин биз өзүбүз кичине болсок дагы биз уюм катары каяша кылып өзүбүздүн талапкерди Тоңдогу шайлоого катыштырдык, биринчи шайлоо. Шайлоого катышып, Тоңдун биринчи катчысы Биейше Жапаров деген бар эле, ошого каршы койдук. Мындайча айтканда биз куугунтукталып, өзүнчө эле басынып калбай, өзүбүздүн эркибизди, таламыбызды талашып, ошондой күрөш жүргүздүк. Жанакы уюшулбай калдык дегендин бир себеби ушул болуп калды, анкенинин себеби көпчүлүгүбүз шайлоо менен болуп калдык. Ошентип демократиялык нышаандарга өзүбүздүн салымыбызды кошуп жактканыбыз ошондон болду. Бирок шайлоонун жыйынтыгында 1 пайыз менен утулдуңар деп, албетте биз ал жерде жасап коюшканын билдик. Бирок ал кезекте борбордук шайлоо комиссиясын сотко беруу, өзүбүздүн таламыбызды талашуу жөнүндө ойлорубуз менен шылдыңга учурадык. Кандай, силер биздин өлкөдөн сырткары келген немесинерби деп шылдыңдашты. Коомчулук ошондой кабыл алды, бийликтегилер андан бешпетер кабыл алды. Ошондой болгондон кийин 2-жалпы шаардык митинг 7-февралда болду, ага да биз катыштык, бирок ошондо жанагы бириндеп жүргөн уюмдар биригип КДКны тузууго аракет башталды. Ошондон кийин биз бир чети ошентип жүргөндөн кийин Ашарга катарлаш кылып, үй куруучулардын кыймылын биздин атаандаштарга тартып берди. Ошондо алар, биз колу жонубуз бошоп, жалан эле КДКны курабыз деп эле Ашар болуп калдык. Андан кийин өкүлүбүз, биз Ашардан 5 төраганын бирөөну, Жыпар Жекшеевди биз өкүлүбүз катары, Ашардын өкүлү катары, биздин маселелерди коюуучу катары шайлоого жетиштик. Ошентип жетишип, койгондон кийин кайра биздин атаандаштар, үйүлүп конушту тейлеп жаткан, иштин баарын солгундатып, маселелердин баары чечилип калгандан кийин кайра Ленин райкомунун биринчи катчысы Арзымат Сулайманкулов ошол өзү кайра бизге чыгып, эми өзүңөр кайра маселеңерди тейлегиле деп, биз кайра бардык. Менин айтайын дегеним, бүгүнкү кундун бийиктигинен мындайча айтканда, ошол кезектерде баягы элдин пикири менен келишуу, ошолорду ушу, демократиялык жышаандар бийликте деле, компартияда деле сакталыптыр. Бул ошол пикирлерди дагы эске алчу экен. Анан колунан иш келгендерге маселелерди тапшырып, ичи тарланбай кылчу экен деп ойлоп атам мен азыр. Ошентип журуп биз адегенде өзгөрө баштадык. Эми маселен жеке өзүмдө биздин кыймыл улуттук кайра жаралуу нугунда эле. Ошол бир кыргыз улуту, калкы катары биз өзүбүздүн мамлекетибизде, улуттук нукта, өзүбүздүн баалуулукта курсак деп, жасалган иштерибиздин баары ошого багытталган да. Анан жанакындай ошол кезектеги дем, аракеттердин баары улуттук кайра жаралууга бурулуп жаткандан кийин, өзүбүздүн үйсуздук маселеси эмне себептен келип чыкканын талдоого алып, талкуулап журуп, ошонун баарынын түбүндө 1916-жылдагы Үркүндөгү үйсүздүк, жерсиз калгандык, андан кийинки советтер союзундагы шаарлашуу же болбосо урбанизация жараянынан биздин калктын артта калгандыктарынын баары эсептелип олтуруп, биз ойлодук ошолөзүбүздүн түшүнүктө, “арбактар ыраазы болмойун тирүүлөрдүн иши жүрбөйт” деген өзүбүздүн акыл-нарктын баарын эске алып, анан биз ошол «Өмүр көчү» жүрүшүн белгиледик. Ошондо КДКдагы мүчөлөргө дагы сунуштадык. Биз ошондо анын авторлугун, ээлигин деле ойлогон жокпуз. Биз деген жалпы баарыбыздыкы, КДКнын жалпы демократияга кошкон орток аракети деп сунуш кылып, ошого даярдадык. Ошонун баарын которуп,өткөрдүк. Бу дагы биздин ошол кездеги бийликке, компартияга болгон каяшабыз болду. Аларга жооп катары ошондой болду. Аны ошол жылы өткөзөлүк десек 90-жылы белгилуу Ош окуялары болуп кетип, бизге тийиштүү мекемелер кайрылышты. Анан биз дагы тоң моюндук, көк беттик кылбай, аларды туура түшүнүүгө аракет кылып, анда эмкиде өткөзөлү деп макул болдук. Демек бул жерде дагы демократиялык жышаан, биз жөнөкөй калк тил табышып, мамлекет менен иштешуунун алгачкы сабактары экен азыр ойлосом, жакшы сабактары экен. Анан биз ушундай болуп өнүгүп, жүрүп олтурдук. Анан белгилуу аракеттер болгондон кийин биз эски компартиянын бийлиги кылчактоосун Москва менен кеңешели, жети өлчөп бир кесели деген жаштардын, биздин каныбыз дурбуп турган ой-толгоолордун бардыгын кандайдыр бир суутуп, ушундай саясат болгондон кийин, компартиянын бийлигин демократиялык маанайда жетекчиликке алмаштырыш керек экен деген КДКда биз чечимге келип, анан баягы күзүндөгү ачкачылык иш-чарасы болду. Ошол иш-чарага мен дагы баягы эл менен чогуу, ошолордогу үркөрдөй болгон топ калбасын деп, караанды көбөйтөлү деп мен дагы 7 кун ачкачылыкка туруп, биз демократиялык маанайдагы Акаевдин, биздин биринчи президент болсун, мурдагыдай ал компартиянын сазына баткан эмес, жаны куч, жаны дем менен биздин мамлекетти нук менен, биз көрдүк да, демократиялык жышаан бизде деле болот экен, аны сактаса болооруна көндүк, ушундай маанайда болот деген ишеним менен биз алып келдик.
Гүлзат Алагөз: Жумагазы ава, ошол ачкачылык жарыялагандардын эч башкы талабы Аскар Акаевден дагы башка талапкер болгон да э? Эгер болгон болсо кандай, ошол жөнүндө дагы айтып коесузбу?
Садыр уулу Жумагазы: Эң башкы талап эски компартиянын бийлиги кетип, бизди тушап жаткан, демократиялык өнүгүүгө жибербей жаткан, жаңы күчтөр келсин деген талап болгон. Менин эсимде бар, үй куруучулардын маселесин көтөрүп, ошону мен чоң плакат жазап алгам, ошондо 10дон ашык талап бар болчу. Ошол конуштардын маселесин, насыя беруу маселесин, курулуш материалдардын маселесин чечүүнү, жергиликтуу конуштардагы бийликти түзүү маселесин, ушундай болгон эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп менин талабым ошондой болгон. Анан аныбыз ийгиликтуу ишке ашты, алмашуу жүрдү, биз көп үмүттөндүк, мамлекетибиз ошол демократиялык маанай менен кетет экен деп. Мындан ары ушундай эле болуш керек деп. Андан кийинки окуяларды алсак, Бакиевдин келиши, Акаевдин кулашы.
Гүлзат Алагөз: Жумагазы ава, мындай суроо бар, ушул Кыргызстандагы демократиялык кыймыл, уюмдардын башкы максаты көп партиялуулук, демократия же социалдык талаптар менен чектелгенби же ошол учурда, 1986-1991 жылдар аралыгында көз карандысыздык, эгемендүүлүк жөнүндө сөз башталганбы? Эгер эгемендүүлүк ушул совет мамлекетинин ыдырашы, ал жактан эркин чыгуу жөнүндө сөздөр болсо ким баштаган, качантан бери ал сөз айтыла башталган?
Садыр уулу Жумагазы: Биз топтолуп жургондо эле айтыла баштаган. Бирок деген бул ишке ашпас кыял катары, келечектеги маселе катары айтылчы. А бирок менде бир далил бар. Маселен биздин арабызда, Ашардын арасында, “Өмүр көчү” жүрүшү «Биздин максат азаттык» деген плакат, сүрөттө да азыр кудай жалгап сакталып калыптыр, Кубан Жунушалиев, ошол плакат ошого туш келип калган экен. Ошол тагынып турган сүрөттөр бар. Демек биздин аркы көөдөнүбүздө азаттык болсун деген тилегибиз бар болчу ошондо эле. Бирок, моюнга алышыбыз керек, ишке ашышына көп деле ишенип ишенбей турчу болот да. Бирок түпкүрүндө атаганат ушундай болсо жакшы болот эле деген умут калыптанып эле турган. Бирок эми кийин убакыт көрсөткөндөй, биз кичине тайыдык да. Тайыганда корсо, мен азыр ойлосом бизде ушу улуттук азат, өзүнчө эгемендуу мамлекет болуу негиздери жок болгон экен. Ошол бизди жалындатып турган, маселен чоң бир идея болгон эмес экен да. Маселен биз кыргызга мурун кандай тийиштиги болсо, маселен ислам динин деле биринчилерден болуп которуп журдук. Бирок бул ислам биздин улуттук идея экен деп, биздин улуттук дүйнө таанымыбыздын бир бөлүгү экен деп кабыл алып, ошону жактап, ошон учун күрөштүк да. А бирок кийин билинди андай эмес экендиги. Демек бизде ошол кезектерде мындай дүйнө таанымдык изденүүлөр, окумуштуулар арасында болобу, зыялы деп коебуз, интеллегенциябыздын арасында болгон эмес экен. Мына азыр тушунуп жатабыз, бир чети туура, дин деле биздин улуттук дүйнө таанымда белгилери бар экен. Анткени ханафий масхабында биздин салттын үчтөн эки бөлүгү сакталып келип, көрсө биз ошол динди түшүнүп, ошол динди кабыл алып, жактачы экенбиз. Ал эми ал дин кийин чет өлкөлөрдөн, араб өлкөлөрүнөн окуп келген аалымдар таза, накта диндин өзүн киргизебиз, негиздүү динди киргизебиз деп биздин масхабды жерип, а түгүл ошондогу биздин теңирчилик дүйнө таанымыбыздын кээ бир белгилерин ширк дешип, анан мына азыркы учурда ошол карама каршылык аябай кайнаган учуруна келип жетти да. Анан бул маселе боюнча дагы биздин окумуштуулар, биздин аалымдар коп иштеш керек болуп жатат. Антпесе бул оөнүгүп-өрчүп олтуруп ички карама-каршылыкка айланып кетиши мүмкүн. Анан мен өзүм жөнөкөй эле киши катары бул жаатында биз кыргызчылык, теңирчилик анан кыргыз рухийлиги деген нерселерди изилдешибиз керек болуп жатат. Ар бир диндин өзөгүндө рухийлик, же болбосо дем турат экен. Жанагы биздин ата-бабаларыбыз тутунуп келе жаткан ислам дининде ошонун баары кыргыздыкы сакталып келген экен. Ошону биз көрүп тарбияланып өскөн экенбиз. Маселен биздин чоң-ата чоң-энелерибиздин баары биздин айылда орозо кармашчу, айттар өтчу. Корсо ошол негиздер сакталыптыр да. Ошол жанакы сөөкту коюуда көпчүлүк бөлүгү маселен куран эле арабча окулбаса, калганынын баары биздин салт менен болчу. Ушунун баары кайра ойлонулуп жасалып чыгыш керек болуп жатат да. Калыптанып курулуп чыкпаса бул ошол өзөктүү маселе боюнча кала берчүдөй болуп турат.
Гүлзат Алагөз: Дагы бир суроо бар эле, иштөө механизми боюнча. Сиздердин уюм Ашар же ушул сыяктуу демократиялык уюмдар кантип бири-бири менен иштешкен жана уюмдун ичиндеги иштөө механизми, алар каражатты кайсы жактан алышчу? Ал кезде компартия акча берчу эмес, жеке менчик жок болчу дегендей. Анан жылдап иштегенде иштоо механизми кантип жургон?
Садыр уулу Жумагазы: Эми оболуу бизде Ашарда мучо акы деген киргизилген. Биз өзү тилегибизде Ашарды келечекте кыргыздын белдуу партиясы кылсак, «Улуттук кайра жаралуу» партиясындай болгон бир партия болсо деп аракет кылганбыз. Биз 5 эле сомдон чогултчубуз. Ошол алгачкы учурларда үй куруп жаткандарга Ашар үйлөрүн ошол тыйыны менен, өзүлөрүн уюм катары да аракеттенттик. Ошол кезекте өзүбүздүн кем карчыбыздын баарын өзүбүз камсыз кылчубуз. Анан өзүбүздүн күчүбүз менен адамдарды топтоп, өкмөттөн Ашардын өзүнө насыя алууга жетишкенбиз. Насыя алууга жетишип биздин техникалар бар болчу, биз өзүбүздүн кызматкерлерибизге айлык бергенге жарап калганбыз. Жанакы Мадага баргандан кийин куугунтуктун негизинде компартия бардык бизге жардам берген колхоз, совхоздордун баарынын жетекчилерин куудуруп, кайрадан техникалардын баарын кайра кайтарттырып, бизди кенсебизден чыгарып, эсебибизди толук жаап, ушундай чон куугунтукка кабылдык. Анан кийин өзүбүздүн иштерибизди өзүбүздүн демилгебиз менен… анан мындай коротуулар болуп калса дайым өзүбүздүн чөнтөктөрдөн чыгарчыбыз акчабызды. Чөнтөктөн чыгарып, калган жаңыдан телчигип жаткан КДК, атуулдук демилге, шайлоочулардын клубу сыяктуу ушундай болгон бейкалып топтор бар болчу. Ага караганда биз өзүбүздү өнүккөн катары, 2-3 көйнөктү мурдараак жырткан катары, тажрыйбабыз бар катары сезимдерибиз бар болчу. Анан жанакындай дымагыбыз дагы бар болчу. Бул бир буткул Кыргызстандык улуттук партия болуп, улуттук кызыкчылыктарды алып кетсек деп, дегеле ошол маанайда бут конуштарды бириктирип… Мен бул жөнүндө жаздым, жазган немелерим бар, кайсы күнү кандай нерселер болгон, кайсы куну кайсы конушка барып кандай чогулуш кылгандарыбыз, аларды бириктирүү боюнча аракеттерибиз. Иши кылып ашардын 3 курултайы болгон. Жанагы уюштуруу биринчи курултайынан кийин дагы конуштарды бириктирүү боюнча дагы курултайыбыз. Маселен биздин Чолпон-Атадагы азыркы Булан-Соготу деген жерди алып, азыркы ат майданы турган жер ээн талаа болчу. Ошол жерде биринчи жер алып үй курган биздин бөлүм болчу ошол. Ушундай тамырларыбызды кеңири жайып, кулачыбызды жайып калганбыз. Бирок биздин оюбуз жанакындай өзүбүздүн бир улуттук ойгонуу идеябызды таап, өзүнчө бир, маселен акчалуулар, саясатчылар кийин социал демократия, анан социализм деп, ушундай болгон европалык идеяларды алып чыгышты да. Биз бары бир улуттук үңгуга таяналы деген ниетибиз бар болчу. Анан бирок биздин саясый айдыңга аралашып калгандардын баары чындыгында азыркы учурда уюмдашуу, партиялык курулуш талкаланды десек болот, анын баары бизде иштебей калды. Бул аябай өкүнүчтүү. Биз дагы ошонун заарын тартып жатабыз.
Изилдөөчү: Эгемендүүлүк, көз карандысыздык алганга ошол кыймылдардын ролу, орду канчалык? Эгерде бизде ошол кыймылдар болбосо бизде эгемендуу мамлекет болот беле сиздин оюнузча?
Садыр уулу Жумагазы: Эми эгер мындай жеке менин көз карашымды ала турган болсок бизсиз деле болмок го. Биз да барбыз бирок. Биз дагы мурдагы компартиянын үстөмдүүлүгүнүн алдында калгыбыз келбейт, биз да өзгөрөбүз дегенге салым коштук. Ал эми өзүнчө улуттук нукта алып кете албадык. Анткени көрөңгүбүз аз экен да. Бизге чейин андай тажрыйба болбоптур, мына ошол тажрыйба азыр дагы жок. Биз азыр дагы керек болсо демократияны тарттырып ийдик. Азыр биздики деп эсептеген, маселен дагы бир кезектеги эң чон биздин күрөштүн майданы бул диний күрөш болуп калып жатат. Биз ошого каршы улуттук рухийлигибизди каршы кое албай жатабыз. Мына биздин кыймылдардын, биздин саясый күчтүн эң урунттуу жери ушул болуш керек го деп жатам. Анан ошого каршы күчтү топтой алып, өзүбүздүн «жарыкчыл» деп коем мен светтикти, светтик манызыбызды коргой алган, улуттук деңгээлдеги күчтү жарата алсак, анда биз динди жок кылбайбыз, бирок ар динди өз ордуна коет элек да. Мен ушул нерсени кыргыздын саясый күчүнүн эң башкы максаты деп ойлойм.
Гүлзат Алагөз: Дагы бир суроо агай: Ош аймагы деген уюм параллелдүү түрдө Ош шаарында 1990-жылга чейин чыгыптыр да. Алардын дагы башкы максаты үй-жери жок кыргыз улутундагы Оштогу студенттер, жумушчулардын маселесин көтөрүп чыгыптыр. Кандайдыр бир деңгээлде Ашар Ош же Каракол, ошол кездеги Пржевальскдагы уюмдар менен байланышып, чогуу иш алып барышчу беле?
Садыр уулу Жумагазы: Алып барышчу эмес. Биз укчубуз, бирок мындай бир сырттан байланышып да көрдүк, бирок алар жармакташып, кызматташа кол сунган жок. Андай аракеттерди кылып, иши кылып биз менен тажрыйба алмашып ушундай кылалы деген маселелерде алардыкы тирешүүгө кетип калды да, маселен Оштуку боюнча. Ал эми калган, мен жанагы айткан Булан-Соготтудогу, Чолпон-Атадагы кыймыл, ошол денгээлде, ал эми Каракол менен деле жакшы байланыша алган жокпуз. Эгер биз ошол кезекте жанакындай компартиянын тебелендисинде калбаганда балким колубуз деле жетмек болуш керек, ошондой бир аракеттер болгон, бирок жанакындай болуп калдык.
Гүлзат Алагөз: Ушул кыймылдарга катышкандыгыныз учун жеке өзүңүзгө кандайдыр бир кысымдар, куугунтуктоолор болдубу? Сизге, үй-бүлөңүзгө?
Садыр уулу Жумагазы:: 1995-жылы түрмөгө камалдым да. Мен иши кылып…бирок биз кайра акталдык. Жанагы 70 жылдыгыма балдар тасма чыгарды, мен ошону тапсам салып коеюн сага. Топчукем эскерип жатат ошондо, ошондогу окуяларды. Ошол жерден дагы демократия учун Топчуке экообуз аябай күрөшкөнбүз. Ошол жерден билдирүүлөрдү жасап, өзүбүздүн…
Гүлзат Алагөз: Сиз Топчубек Тургуналиев менен чогуу камалдыңызбы Акаевдин учурунда?
Садыр уулу Жумагазы:: Ооба. Атүгүл, ошол жерде дагы жаш балдар бар экен, жети күн ачкачылык уюштурдук ошол жерде дагы, биз каршыбыз деп. Ошол балдар кошулуп алып, Чолпон-Атанын түрмөсүндөгүлөрдүн жүрөктөрү түшүп калган. Алар дагы өзүлөрүнүн демократиялык алгачкы өзүнүн укугун талашкан бир жакшы жышаан болгон да. Жакында көзү өтүп кетти Топчукенин. Бул киши демократия үчүн чын журөктөн аракет кылдык. Мен, КДКнын ичинен аркандай болду эми адамдар, озунун кызыкчылыгында. Бул киши көп деле…мен деле ылап байлаган жокмун бийликке. Ошо менен түз кеттик. Өмүрүнүн акырында бир топ эле эметип калды, бир топ ийгиликтерге алып келсе дагы ошонун бир демократияга кошкон салымы баркталбагансып калды. Мен аны эскерүүдө айттым. Мындайча айтканда элибизде деле демократиялык салт жок экен. Бирок аракет кылып, ушул куттуу уюмда олтурабыз, ушунун башталышында менде дагы эргуу пайда болгон. Баягы … топторун түзгөндө ошолорду биз деген кыргыздын салттарына ылайыкталган өз ара жардамдашуу долбоорун ишке ашырганда ошолор келечектеги бул биздин жергиликтуу бийликтин туркугу болуп, демократиянын негизи болобу деп он чактыдай жылымды, аркетимди кетирдим, ушу долбоордун негизинде. Бирок эң негизгиси биз ушул кыймылдаткычын түзүп койдук. Эгер биздин айылда болуп жаткан өз ара жардамдашуунун көп түрү бар, ар бир айылда бар, жамандык-жакшылыкта бири-бирине жардамдашуунун. Ошонун биз ойлоп тапкан тастыктама, усулду пайдаланса бир негиз болуп берет деп эсептейм.
Гүлзат Алагөз: Усул менен кайсы жактан таанышса болот?
Садыр уулу Жумагазы:: Китептер бар, ал жазылган. Муну Кыргызстандын маселен Эрайымов бир топ Кыргызстан боюнча киргизип көрүү. Бишкектин тегерегинде биз 400дөй топ түздүк. Адамдар кадимкидей өз укугун талашып, демократиянын жакшы бир жышаандарын үйрөндү, накта мектеп болду. Анан баягы салты жок деп жатканым ошол, ушунун негизинде жаралган, эми биз аны жараткан жокпуз, аны айта албайм. Жамааттар жөнүндө мыйзамдар чыккан. Мыйзамдык да негиз бар Кыргызстанда. Жана «Насыя шаркеттери» деген бар, «кредитные союзы» деген. А да мыйзам бар, бу да демократиялык жөнөкөй адамдардын социалдык маселелерин чечүүнүн мыйзамдык негиздери бар. Мына ошолорго дагы жанакы долбоорлор менен салым коштук десек болот, мыйзамдын негиздердин тузулушуно. Ушундай да аракеттер болду, ушундай табылгалар бар, ушуну айтсак болот.
Гүлзат Алагөз: Чон рахмат!