
Сагынбек Момбеков
Изилдөөчү: Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
Сагынбек Момбеков: Мен Момбеков Сагынбек
Изилдөөчү: Кайра куруу жылдарында да көп коомдук кыймылдар, Ашар кыймыйлы, КДК уюшулуп, митингдер болуп, ар түрлүү маселелер көтөрүлүп турчу эле го. Ошолорду сиз көрүп калдыңыз да.
Сагынбек Момбеков: Оба көрүп калдым.
Изилдөөчү: Ошолор жөнүндө айтып бере аласызбы? Митингдерге сиз да барып аралашып ырдап берчүңүз беле? Алар жөнүндө.
Сагынбек Момбеков: Эң биринчи эмеден башталды да Акаев 6-7 баланы атып койгон.
Изилдөөчү: Ии ага чейин жанагы Кайра куруу мезгилин сурап атам коомдук кыймылдарды Сагынбек байке. Акаевге чейинкилер.
Сагынбек Момбеков: И ошо, КДК ны уюштуру болчу да. Ал жерде Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналие, Турсунбай Акун, кыздарыбыз бар болчу Токтобубүбү Уметалиева.
Изилдөөчү: Сиз ошондо ошолорго кошулуп бир митингдерге катыштып калдыңызбы?
Сагынбек Момбеков: Катышам да, партиянын кулашына себепкер болгон болушум керек. Шайлообек Дуйшеевдин көп ырларын ырдап бергем да элге. Чыналиев деген орус-чалыш кыргызча билбеген киши эмне содержание экенин түшүнчү эмес анан биринчи компартияны жамандап ырдадым да анан:
Эмне үчүп азап, өз элин азат бүгүн
Жанагы Арменияда болгон окуяны чагылдырган болчумун. Ошондой эле элдин ишеничи кетип бараткан:
Улуттук сезим кайра жаралып өссүн
Мисалы үчүн: Кыргыздарды басмачы деп айтчы да, көрсө басмачы уюму такыр эле башка эле бөлөк. Көрсө өздөрү басмачы экен да, өздөрү басып алган бизди. Кыргыз бойдон калалы, ата-бабабыз ушундай болуп келген деп. Менин чоң аталарым атылып кетти да ошо орустардын куралынан. Ошондой учурларда эки жүздүү адамдар кыргыздарда да болгон да,ошолор саткан басмачы деп. Ошентип басмачыга айланып кетти. Мен Эркинбек Чотон деген баатыр бар болчу да агаларыбыз атылып кеткен менин чоң атам кошулуптур Момбек деген.
Изилдөөчү: Кайсы жылдары атылып кетти эле 37 — жылдарыбы?
Сагынбек Момбеков: Менин инимде бар Момбеков Алымбек деген.
Изилдөөчү: Мейли агай, дагы жанагы изилдөөбүз боюнча суроолорду узата берейин, ошол кезде сизди өздөрү чакырышчу беле келип ырдап бериңиз деп же сиз өзүнүз барып аралашып, катышчып, иштешип жүрдүңүз белеңиз? Кандай болду эле ошол окуялар?
Сагынбек Момбеков: Мен өзүм эле барчумун, чакырмайынча барбай каадалангандай эч немем жок болчу. Анткени улууттук сезим ойгонуп элибиздин Советтер Союзунун тарыхынын баары калп боло баштабадыбы кийин ки убакта. Негизи ойгонуу мезгил башталды да бизде. Элдин баары айтып, анан өзүнчө КДК түзүп, жөө жүрүштөргө катыштык. Үркүндүн эмеси деп жөө жүрүш кылдык, Караколго чейин жөө бастык. Ошонун ичинде мен активный жүргөн кишилерден болдум да. Бишкектен кошулуп алып жөнөдүм. Тигилер болсо Сокулуктан башташты ушундай. “Ашарлар” коштоп жүрдү ошолор, Чоң аю, Ракия, мен аттарын унутуп койдум кээ бирлеринин. “Ашар коомунда ким барса ошолор.
Изилдөөчү: Кандай маселелерди көтөрчүңөр эле дагы?
Сагынбек Момбеков: Улуттук боштондук, Россия болбой калды ошо убакта элдин баары өзүнчө Республика боло баштабады беле. Анан эгемендүү болуп калдык биз дагы ошолордун чаралары менен. Жаңы доорду жакшы түшүнбойбүз, эски доордун эмеси жарабай калгандыгын түшүнүп туруп, анан коомду чыгарыш керек болуп калды, ошон үчүн улуттук сезимди ойготуш керек болуп калды, кыргыз улуттук тилибизди оңдош керек болуп калды, ушундай убакыт келип калды. Көбүнчө эмгек кылгандар Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Бекназаровдор кошулду, ушулар жүрдүк да.
Изилдөөчү: Сиз ошол митингдерде дайыма эле ырдап берчүңүз беле же активдүү митинге катышычуу катары да катышчу белеңиз? Кандай болду сиздин ролуңуз ошол жүрүштөрдө?
Сагынбек Момбеков: Кайдыгерлик деген ырым бар эле, Компартия деген:
“Эмне үчүп азап, эн бааштык эс акылды басат,
Эмне үчүн жер жерлерден бирөө барса кишини атат”
деген ушундай чыгармаларым бар болчу да. Андан кийин
“Каерге барсан күтмөй, күтмөй
Каерге барсан бүтпөйт,
Каерге барсан эсеп бар,
Каерге барсан кезек бүтпөй турган
Бүткөн өңдү, жадагалса өлүмдүн да арты ким”
Аэропорттордо, Вокзалдарда кайра ушундай немелер, күтмөй болуп атат.
Иштери бүтпөй ушундай сложный кичине кагаз алыш үчүн өзүнчө бир очередь. Анан кийин жанагы талон менен алчык эле го ошондой 3-4- сорттогу кишилерге айланып калганыбызды элге түшүндүрүп баштадык.
Изилдөөчү: Эл кандай кабыл алды сиздин ырларды?
Сагынбек Момбеков: Ошондо эл таза болчу жүрөктөрү, азыркылардыкы кир болду. Анткени эгемендүүлүк бергенден кийин менчик өстү, өздөрүнчө колдошуп анан жеке менчикти колдой турган болуп калышты. Биригип алып колдонбой, өз жалгаыздап колдонуп калышты, ошентип али гече уланып келе атабыз.
Изилдөөчү: Кысымдар болчу беле Сагынбек байке сиздерге?
Сагынбек Момбеков: Болчу эмес, кийинки убакты тыйын таба албай мен Сарыбаев деген бала жардам берип касетамды чыгарганга, Эрнис Сарыбаев “Кыргыз жери” коому. Эки түрлү касета чыгарып келди . Ал убакта ошол эки жуп касетаны цветной бир адам чыгарып келди да. Ошондо Сары-Челекте угузгам. Андан кийин Бишкеке төрт саатай, алып келди да. Гезит чыгарчук “Элдин Сөзү” деген.
Изилдөөчү: “Элдин Сөзү” деген гезитти ким чыгарчу эле?
Сагынбек Момбеков: Ошону мен чыгардым да.
Изилдөөчү: Сиз чыгардыңызбы?
Сагынбек Момбеков: Оба, менин бөлөм гезитти чыгарганы алды, бирок иштете алган жок да. Анан мен ошону иштетеип кеттим да.
Изилдөөчү: Кандай чыкчу ал тиражы бир айда бир чыкчу бу?
Сагынбек Момбеков: 4 000 – 5 000 эле чыкчу, ушундай эле. Анткени биз өзүбүз мындай кол менен таркатчук аран. Почта аркылуу өтпөйт.
Изилдөөчү: Сатылчу беле же жөн эле таркатчу белеңиз?
Сагынбек Момбеков: Сатылганда деле алуучуларыбыз даяр эмес болчу да. Эл өзү немесин алып кете алган жок. Ошо убакта Мелис Эшимкановдун гезити абдан популярдуу болчу. Ага чейин дагы Агым деген гезиттер болгон. Ошолор абдан популярдуу. Мен ошондо жаңы чыгарып, конторасы жок гезит болуп калды да, анан контора издеп бир жерди арендага алып жанагы Айыл-Көмөк деген жер бар го Торговый Техникумдун уландысы кете берсен. Ошо жерден комната алып иштетип калдык да кичине.
Изилдөөчү: Гезитиниздер канча укбакыт чыкты?
Сагынбек Момбеков: Гезитибиз токтоп калып кийин кайра улантып атып ушинтип отуруп анан жанагы Ырыскелди Момбеков деген бар го. Ошо гезитин жапкандан кийин керек болуп калаганда мага кайрылганда, макул деп ошого бергем. Ал күчтүҮ чыгарган да, анын редакциясы как положено баягы Мелис Эшимкановдон бери келиваткан неме да.
Изилдөөчү: Ошондо ошо гезит кайсы жылдары чыкты дедиңиз эсиңизде барбы? 85-бериби же 90-жылдары чыктыбы?
Сагынбек Момбеков: Оба, 90-жылдары чыкты.
Изилдөөчү: Ошол жылдары КДК, Ашар жана сиз жөнүндө кайсы гезиттер көп жазчу эле?
Сагынбек Момбеков: “Вечерний Бишкек” деген ал убакта чыгып калган. “Дело Номер” деген бар эле го, ал деле чыгып калга. Азыр барбы же жокбу бильбейм.
Изилдөөчү: Булар коомдук кыймылдар жөнүндө жазчу беле?
Сагынбек Момбеков: “Республика” деген гезит бар эле ,ошол биз жөнүндө жазчу.
Изилдөөчү: Сагынбек байке ошо кезде чулгандуу бир резОнанс туудурган макалалар эсиңизде жокбу ушул уюмдар жөнүндө?
Сагынбек Момбеков: Ошолор жөнүндө резОнанс биздин гезитте абдан көп резОнанс материалдар бар болчу. Эми менде копиясы жок. Жанагы Текебаевдын жүзүн ачып Ош окуясы болуп өтпөдү беле ошо жакта. Ошолор жөнүндө жазганыбыз бар болчу. Ош окуясына ким күнөлүү болгон, ошолорду көп жазчу. Мен деле Асылбек Болотов деген бар болчу, Мукар Чолпонбаев ушулар жетектеп турду да гезитТИ. Алар экөөтен өтүп кетти.
/////
Изилдөөчү: Сагынбек байке биз кайра 90-жылдарга кайталы, ошол учурда сиздин ырларыңыз аябай популярдуу болду да элди ойготту, ошол кантип жаралып калды? Кантип Шайлобай Дуйшеев агай менен иштеп калдыңыз?
Сагынбек Момбеков: Ошону жараткан мен бир жолу “Кайдыгерлик” деген ырды ал киши Шайлоо филармонияда иштейт да зам бух болуп. Досу тиги атын унутуп атам Кыргызстан Маданиятын жетектеп жүрдү го көпкө ошо гезиттин редакциясы ким эле?
Изилдөөчү: Нуралы Капаров бу?
Сагынбек Момбеков: Ооба, Нуралы Капаров ошонун агасы апендицит болуп калса, аны чычкактап жүрөт деп дарылай беришип анан ал кайдыгерликтен чычкактабай эле апендицити жарылып өлдү да. Ошого кечке ыр жазыптыр башка эле гезиттерге. Ошо жагып калып ошону ырдап барам да. Айттырбай сөз бүтту, врачтар жөнүндө кайырмаларым бар го ошо жерлерде айтылган да. Анан ошону менен ырдап бердим өзүлөрүнө. Анан аа деп ойлоп сеники көрсө могунуң менен динамикаң башка турбайбы деп. Башкача жазыш керек экен, кайдыгерлик бир гана медицинада эмес, баардык жерде бар деп. Ошодон баштап дагы үч күндөн кийин Кайдыгерликтин полный немесин алып келгенмин да. Ошондо өзүм жазгам. Андан кийин эле “Кутмөй” деген чыкты,
“Каерге барсан күтмөй, күтмөй
Каерге барсан бүтпөйт,
Каерге барсан эсеп бар,
Каерге барсан кезек бүтпөй турган
Бүткөн өңдү, жадагалса өлүмдүн да арты ким” деп учкул тексттер менен чыкты.
Ошолорду мен кызыктыра баштадым да улам эле жаңы бир обонго салып туруп ырдап берем. Андан кийин сахнага чыгарыш кыйын болуп калды да. Таштан Жолдошбеков ал убактарда комиссиядан комиссияга өткөрүп тим эле, ырдатчу да. Тиги строгий болчу. Радио телекомитетке барыш үчүн ага өзүнчө бриградалар болчу, обончуларды көп киргизишчү эмес, композитор болсон можно а обончуларга киргизе бербеш керек экен да. Тем более меники саясий ыр болгондуктан мени уккусу да келчү эмес эчкимисинин. Ошондой мамилелерден кийин курчуйт экенсин. Андан кийин компартия дегенди жараттык. Ошо убактарда шыбыш-шубуш көбөйүп калды да Союз кулайт СССР. Айылга келип айтсам эч ким “койчу ай даңгыраган жол турса кичинекей чыйырга түшүп алган болбойт да” деп мени бир шылдыңдашат. Жок жакында кулайт СССР деп апама айттым да жерибизди үлүшүбүздү бөлүп алалы деп. Ошондо апам макул деп үлүшүбүздү бөлүп алганбыз биринчилерден болуп эмес бешинчи же алтынчы болуп бөлүп алдык да. Андан кийин жылга жетпей эле кулады да. Бир күнү мындай болуп калды концерт берип калдык. Мен ошо моментте кызым беш жашта болчу да, филармонияга Асан Керимбаев, Шерикул Дүйшөналиев экөө филармонияда иштеп чоң обончулар болуп элге таанымал болуп калышкан. Мен болсо “Тамаша айтсам күлөсүнбү же таарынып мага жүрөсүбүн” деген ырым бар болчу. Ошону Шахрезада аткарып, мени өзүм аткараыйн десем Таштан Жолдошбеков айтканда: сенин үнүң жарабайт, сен только туалетте отуруп ырдашын керек, башка жерде болбойт” деп коюшту. Ошентип мени ырдатпай койгондон кийин кантип бир чыгыш керек болуп калды да. Кызым бар беш жашаар ошол убактарда мен ага үйрөткөм да. Шайлообек Дүйшеевдин “Аппак Кар” деген ырын, Кыялбек Ормонбековдун ырын “Мамалак” деген ырын. Ушунун баарын жататтырдып. Анан “Уя жасап береличи, уста алып келеличи” деп ушундай детский ырларды сурандым. Анткени менин кызым “Тамаша айтсам күлөсүнбү же таарынып мага жүрөсүнбү” ырдап атат да. Аны бат чыгарыш керек да. Ал чын эле балдар үчүн композиторлордуку жарабайт экен да, вообще эле болбой калат экен. Өздөрү да элге коош албай мындай эркин кыргыздын маданиятына сүңгүп кире албай коюшту да композитор деген. Бирок болду арасында Малдыбаевдин ар кандай немелери болуп атты. Кызыма үйрөтүм да ушундай:
Тоголондук топтой, топтой,
Тоңобуз деп коркпой,
Чоңдор тез тез басышат, алар кайда шашышат” ушундай ырлардын баарын үйрөттүм кызыма. Алып келди да концерт берип атканда. Шерикул Дүйшөналиев, Асаналы Керимбаев экөө келип алып, анткени көп эле киши болсо керек чакыргандар. Бирок эл толтура келди да, эл анда суусап турган да обоончулардын ырларын укканга. А композиторлордукун антип бере алчу эмес да. Таштан Жолдошбековга мен өзүм күү чыгаргам да “Тамчы Булак” деген. Таштан Жолдошбековго кыялымда мен да чыгып каламбы деп күүлөрүмдү чертип берсем, абдан жаккан да, сонун болуп. Анан Таштан Жолдошбековго барып айттым экөө эле ырдап атат кечке эле, зал болсо толо филармонияда. Мени деле кошуп кой күүм сага жакты эле го, күү чертип берейин жок дегенде десем макул болгон да. Анан кийин мен гитарамды алып, гитара менен да күү чертем деп ойноп бергемда күүнүн вариантында, ошо жагып калыптыр. Мейли деп уруксат берип калды да Таштан Жолдошбеков режиссер болчу да. Шахрезада Аскарова боюнда бар анан менин ырымды ырдатса “Тамаша айтсам күлөсүнбү же таарынып мага жүрөсүнбү” курсагы челкейип турса ырдай албайт да. Анан арман ай деп кой Асаналы Керимбаевге барып айттым да гулун барбы бирөөнү карызга берип турчу десем берди. Аны кармап алып акырын филорманиянын капталына барып Шахрезада Аскаровага бердим да. Могуну мен күү чертип бүткөндө мага подарить ет дедим да, ал макул болду. Анан мен чыгып комуз менен күү черттим, анан кызым келип калды капталдан гүлүн көтөрүп мага берди эле. Анан токтой тур кызым деп, азыр ырдап бересин деп туруп баягы кападасторду ылдыйраак коюп туруп, үнүнө жараша нотаны кайрып Тоголонуп топтой дегенди ырдап таштады. Эл овациядан менен жакшы кабыл алды. Андан кийин Мамалакты ырдады: “Мамалак тентип жүрөт талаалап,
Апасынан адашып эки жагын каралап” деп экинчиге чыгып кетти. Тияктан Таштан Жолдошбеков муштумун көрсөтүп атат. Болбой туруп үчүнчүсүн гүлдөрдүн баарын терип жүрөт кызым, элдердин баары ыргытып атышат, гүлдөрүн берип атышат. Андан кийин мен айттым үчүнчүсү бар эле го ошону да ырдап бер деп. Анан ошентип чыгып келатсам андан кийин “Экинчи чыгарсам өлөйүн” деп жаман ызгырынып сапсары болгон киши болчу кып кызыл болупкалды. Эмне болсо ошо болсун, бир жыргап алдым деп туруп кетип калдым. Ошентип кийинки учурларга мени экинчи эч жакка чыгарбаш болду да. Бир кунү анан чоң Дворец Спортко обончулардын прибыли жакшы болуп атат да. Анан Асан Керимбаевдин ырлары популярдуу болуп баштаган, а менин бир ырым бар и то Шазрезада Аскарова төрөп калды беле көңүл деле бурган жокмун. Ал убакта мен саясий жакка Ош базарга узап калган учурум болуп калды да кичине кичинеден чыгып. Ошондо Дворец Спортто эл толтура болду да ушунча. Бүт список менен болду да баланча баланчаев сөзү Түкүнчөнүкү, аткаруучу Баланча, аккардиончу Баланча деп баарын подряд айтат экен да тыкылдатып. Анан кийин мен гитарамды көтөрүп алып барсам Шайлообек Дүйшөеев айтат: Саке убара деле болбой койчу бияка кире албайсын, баарын текшерип эметип атат дейт”. Ай атан мейли анда деп жаман оюмда кете берсемби деп ойлодум анан кайра бир попытка кылып көрөйүнчү онунчубу же жетинчи же сегизинчиби ушундай бир номер аткарылып чыгып калды да ошонун ордуна чуркап барып туруп калдым микрофонго өзүм эле. Кайден келген неме деп шыбыр болуп калды. Анан эле Кайдыгерлик деген:
“Кайтып көзүбүздү, айтырбай сөзүбүздү
Учаксыз Канат бүтту, Кайдыгерликтен тажап биз бүттүк
Кайдыгерликтин капканынан чыкпай жүрүп.
Жаман гөө жакшыны да, гүлүн дагы, Күлүн дагы бир жерге камап туруп
Жалгыздык башка түшсө Ашар кылып
Баланы базар кылып, биз тиккен сыйлаган кичүүлөрү, улуусу урматтаган адат кана” деген ырды басып калдым ошо жерде.
Изилдөөчү: Сиз кантип чыгып кеттиңиз сахнага?
Сагынбек Момбеков: Өзүм эле микрофон туруп иштеп атат да, ырдап атам да уже. Өзүм эле чыгып кеттим мени эч ким объявляйтеткен жок. Нахально кирип кетим да. Эчкимге айтпай туруп, эч ким менен кеңешпей туруп чыгып кеттим.
Изилдөөчү: Анан эл эмне кылды?
Сагынбек Момбеков: Элдер батыратып туруп алып кол чабышты, андан кийин эле Күтмөй
“Каэрге барсан күтмөй,
Каэрге барсан бүтпөйт,
Каэрге барсан эсеп бар,
Каэрге барсан кезек бүтпөй турган
Бүткөн өңдү, жадагалса аэропортто, вокзалда, ашканада күтмөй ишин бүтпөй” деген ырларды жазган да Шайлоо, ошолорду ырдап таштадым. Андан кийин
“Согот шамал оң жактан, согот шамал сол жактан
Эмне үчүн элди басат” деп Компартияны үчүнчүсүнө согуп таштадым. Анан кийин жөнөдүм бери жагынан эл коё бербейт кол чаап. Бүттүм да Таштанбекке жолуксам точно мени сабайт болуш керек деп, качып жөнөдүм. Капталдан чыгып алып Дворец Спорттун Россия кинотеатрдын артынан Таштан кууп келеатат, токто эле токто деп. Анан токтодум эмне кылса көрөрүм деп. Сагынбек байке экинчи сени алдыгинтип кошпойм ырдай бер деп кол алышып, экинчи сага тоскоолдук кылбайм деп ошентип өзүнүн эмесин айтып калды. Ошодон баштап чоң залдарга киргенге уруксат алдым да.
Изилдөөчү: Бул 90-жылдары ээ?
Сагынбек Момбеков: Ошо как раз Союз кулаардын алдында болчу. Ошодон кийин анан мен ошо жерде иштеп калдым да Филармонияда көшөгө түшүргүч жана стул ташыгыч болуп машинист сцена деп. Ошондо дагы жөн жүрбөй улам запись кылып, 2-3 ырдан күнүгө запись кылып. Силер эми айтып атпайсынарбы ошо убакта популярдуу болчуңар азыр андай эммесиң го деп. Азыр деле популярдуумун, анткени азыркы заман туралуу көптөгөн ырларды чыгарам, мен бирок популярдуулукту политология жеңип атпайбы. Ошон үчүн мен азыр өзүмдүн эмемди толук аткара албайм. Анткени булардан ар нерсени күтсө болот. Жерди сатып ийгенден бери, элди атып ийгенденбери эмнени гана көргөн жокмун, баарын көрүп келе атам да. Өзүмдүн немелеримди кичине токтотуп кой өзүм деле 70ке чыгып калдым. Мындан ары дагы элге айтарымды айтып соц сетьтерге жазып аткам ойлорумду кыска кыска кылып, ошолорду окуп атат элдер деле.
Изилдөөчү: Жакшы маалыматтарды бердиңиз аябай сонун Сагынбек байке. Бекем ден соолукта болуңуз, жакшы жүрүңүз, сиздин ырларыңызды биз дагы эле угабыз. Дагы деле эсибизде бир доорду жараткан, доор алмашып атканда аябай дем берген, ойготкон ырларды сиз ырдап чыктыңыз да ошол учурда.
Сагынбек Момбеков: Дагы айтайын Бакиевди алып келдим, ошол жыргатам дегенинен. Атамбаевди алып келдим андан кийин ошого каршы болуп Бакиевге. Экөө сүйлөшүп алыптыр бирдей экен айырмасы жок. Бирин бири колдошуп 1 миллион доллар бериптир да, мен ал дегенди алып коесунда деп экөө сүйлөшүп алыптыр да. Анан ошондой кылбадыбы, анын жарым миллионун урдап кетти Аскар Бешимов деген. Ошо башыңа келе электе эле бузулган экен ошолорго ишенип мен дагы акмак болуп жүрүптүрмүн да. Ошонун ортосунда да Роза Отунбаева менен кабарлашып калдым да. Андан кийин кысталыш күндөрү кышында кышкы балону жок жайкы балон менен май айында 16сында чыксак кар катуу жаап таштап Өтмөктөн өтө албай Таласка келатканда. Роза Отунбаева менен чыгып келатканда, ошондо капотко жаткырып өткөргөн күндөрүм болду ушундай. Алар ошондо бирөө да мага келип Сакеге заслуга берели тигиндей мындай деп эчкимиси айткан жок. Азыркыга чейин айта албайт, эчкимиси да айта албайт, анткени бир кишиге ишениш кыйын. Мен толук түшүндүм мени койсоң дагы эч качан мен аткарып кете албайм, анткени бузат мени. Анкени менин досторум, туугандарым бузат, бүт эле ошондой немеге келди. Анан баардык немени сатканга макул болушат. Ошон үчүн жыйынтык кылып чыгарып атам мен сага эч качан бир кишиге ишенбеш керек. Качан элдик кеңещ, элдик көзөмөл болгондо гана элден коркондон гана булар ак иштейт. Ага чейин эч ким иштебейт, только саткандын үстүндө болуп атат, азыр да ошондой. Ошо карындашым меники.
Изилдөөчү: Рахмат, Сагынбек байке жакшы туруңуз. Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын.