
Сапар Мырзакулов
Изилдөөчү: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз?
Сапар Мырзакулов: Саламатчылык! Менин атым Мырзакулов Сапар. Бүгүнкү күндө “Ашар” козкголушу коомдук бирикмесин жетектейм. 1986-жылдары мен студент болчумун. 1985-жылы Фрунзе шаарына келип советтик армиянын катарына кирип, 1986-жылы студенттик босогону аттап, биринчи жолу штаттык башкарманын алдында бугалтердик курска окууга өтүп кеткем. Ошондой күндөрдүн биринде студенттик турмушта “Кайра куруу” демократия деген эмне деген түшүнүктөр менен алек болуп калдык. Ошол жылдары СССРдин жогорку советинин шайлоолору өтүп, Кыргыз ССРнин жогорку советинин шайлоолору өтүп саясий майдандар ачык башталып, ошого биздин саясатка кызыгуубуз артып, биздин алгачкы муунга ачыктык пайда боло баштаган. Ошол учурда Балтика боюндагы өлкөлөрдө эркин гезиттер чыга баштаган. Азаттык радиосу дагы күндүз тартчу эмес, түн ортосунда ошолорду угуп калчыбуз. Демократия менен жаштык айкалыша башталды. 1989-жылдары жаз айларында ошондой күндөрдүн биринде Ташкентте түрк месхет улуту менен жергиликтүү өзбек улуту менен аябай катуу кагылышы чыкты. Ага чейин деле башка советтик өлкөлөрдө болуп турду. Айрыкча Кавказда, Балтика өлкөлөрүндө кагылышуу болду. Ошондо советтик доордо билинбеген, угулбаган кагылышуулар, ич ара митинг деген сыяктуу нерселер болуп турду. Бирок алар бизге ачык жетчү эмес. Аны биз көбүнчө жанагы Азаттыктан же болбосо Балтика боюндагы эркин гезиттерден алчыбуз. Ал гезиттер дагы бизге кандайдыр бир каналдар менен келип турчу. Ошолорду окуп, таасирленип калдык. 1989-жылдын жаз айларында Өзбекстандын Ташкентинин четинде өзбек улутундагылар менен түрк улутундагылардын ортосунда катуу кагылыш болуп, ал жактан түр месхеттерди кубалап биздин Фрунзеге көчүп келип жатыптыр деген кабарлар келди. Ошонун толкуну менен бүт жатаканада жашаган кыргыз жаштары өз алдынча жер ээлөө кыймылын баштап кетишти. Мен изилдөөчү адам катары айта кетсем. Алгачкы эле азыркы Көлмө конушунун берки Баят базары турган жерде заводдо иштеген төрт бала түнү менен ошол жерге үй салып салат. Ошондон башталып кетти дагы, биринчи Көлмө конушу бош болчу ошол жерге массалык басып алуулар болуп, үй сала башташты. Ошол кезде аны бийлик туура эмес түшүнүп калды дагы, анан шаардагы батирде жашаган кыргыздардын баары массалык көтөрүлүшкө чыкты. Ошондо биз жатаканадан чыгып жер кыдырып жүргөндө түрктөрдү кайсы жерге көчүрүп жатыптыр деп азыркы Арча-Бешик конушу жайгашкан ээн талаа болчу, ошол жакты 4-5 сотух жерден өзүбүзчө эле бөлүшүп баштадык. Ошол жерде анан кой мындай болбойт, ирети менен топ-топко бөлүнөлү, ар бир жүз киши бирден топ болсун деп топтолуп. Топ башы деп ошол жерден термин пайда болду. Анан ошентип Асанбайды ээлешти, ошентип анан Фрунзенин тегерегинде жер ээлөө башталды. Көрсө баягы кыргыз жаштарынын чындап эле үй жайы жок. Батирде же жатаканада жашачу, кийин эле үйлөнүп үй-бүлөөлү болгондо айылга кетип калчу. Бизде дагы бул жерде жашап туруп, кийин үйлөнгөндөн кийин айылга барып ошол жерде калабыз деген түшүнүк бар болчу. Бирок ошол жер ээлөө кыймылы ошо биздин түшүнүктү сындыргандай болду. Ошону менен 1989-жылы 22-июнда Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Таштанбек Акматов, Улукбек Чыналиев, Амангелди Муралиев ошолор менен ошол кездеги Баха көчөсүнүн башына чогулдук. Ал жерде курч сөздөр айтылды, катуу талаптар айтылды. Ошол жерден Абсамат Масалиев “Биз кеңешишибиз керек” – деп айтты. Эми ал мезгилде ким менен белгилүү болчу да, Горбачёв менен кеңешиш керек да. Ал маселени карайбыз, чечебиз деп, бирок жаштар дагы алардын чечишине дагы, карашына дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Университеттин тарых факультетинде Адылбек Кожобаев деген агай абдан курч сүйлөдү, кийин Жыпар Жекшеев дагы катуу сүйлөдү мен эстегенден. Дагы көптөгөн курч сөздөр болду бирок Адылбек Кожобаевдин сөзү абдан таасирдүү болду. Анан Абсамат Масалиев “Эми ушинтип кыйкыра бергенден маселе чечилбейт. Андан көрө силер уюмдашкыла дагы анан ошол жерден жетекчиңерди шайлагыла, анан биз ошол адамдар аркылуу силердин маселелериңерди чечкенге аракет кылалы” – деп сунуш кылып калды. Ошндо анан элдер жапырт тынчып, ошондо жумушчу топ түзүлдү. Анан ошол жерден Шакир деген бир байке чыга калып, Жыпар Жекшеевди жумушчу топтун жетекчилигине көрсөттү. Адылбек Кожобаевди дагы көргөзүштү эле, ал киши “Менин колум бошобойт, сабак берем” – деп ошол жерден Жыпар Жекшеевди жумушчу топту жетектеп, азыркы ички иштер министрлиги турган жерде Ленин райондук коммитети бар болчу, экинчи кабаты райисполком болчу. Ошол жердин биринч кабатынан чоң жыйындар бөлмөсүн бизге бошотуп берген. Биз ошол жерден анан жумушчу топту түзүп, Кыргызстанда биринчи жолу “Өзүңөр документ алып, өзүңөр чечим чыгаргыла” – деген мүмкүнчүлүк болду. Ошентип Ак-Өргөнү өзүбүз документ алып чечим чыгарган 3262 түтүнгө жакын болду. Ошол кезде СССРде “Балыкчылар коому, Мергенчилер коому”деген жана башка коомдор дагы бар болчу. Бизде дагы өзүбүз документ жасап, чече баштагандан кийин бир коом түзү деген маселе бышып, жетилип эки топ түзүлдү.Устав жазарда бир тобунда ошол кездеги академиядагы жаш интеллигенциядан балдар бар болчу, алар Алмаз Акматалиев, Эмил Каптагаев, Райхан Төлөгөнов, Мелис Эшимканов деген жигиттер уставдын бир вариантын даярдап чыгышты. Экинчи вариантын Жумагазы байке менен Курманбек Мамбетов экөө даярдады. Ошол жерден Каптагаевдер жасап келген устав боюнча “Ашар” деген ат менен келди. Курманбек байкелер даярдап келген уставда “Коломто” деп келди. Ошол жерден добушка салып “Ашар” деген ат утуп кетти. 1989-жылы 15-июнда курултай болуп “Ашар ыктыярдуу коому” уюшулган. Кеңештин төрагасы болуп Жумагазы шайланды, аткаруу коммитетинин төрагасы болуп Жыпар Жекшеев шайланды, кеңештин төрагасынын орун басары болуп Каптагаев шайланды. Андан тышкары кеңештин мүчөлөгүнө кырк бир киши кеңештин мүчөсү деп “Ашар коому” расмий түрдө каттоодон 8-августта өттү. Биз анан Ак-Өргөнүн планын түзүш үчүн “Жаш архитекторлор союзу” деген бар болчу, биз менен тең студент балдар, анын жетекчиси болуп Дүйшөн Өмүралиев деген профессор болчу. Ошол жаш архитекторлор менен биригип “Ашар” коому Ак-Өргөгө атайын он миң рубль акча бөлүп берип, ошонун негизинде конкурс уюштурулду. Ошол конкурста жаш архитекторлор, биз аларды өнөрчүлөр деп койчубуз. Ошолор Ак-Өргөгө долбоорду жеңип чыкты дагы. Ошол кезде Ак-Өргөнүн бир жеринде “Тупик” кыры жок, боз үйдөй кылып, көчөлөрдүн баары айлампа болуп долбоор утуп чыккан. Анан бүгүнкү күндө Ак-Өргөнү мыйзамсыз басып алган деп жүрүшөт, жок Ак-Өргөнү советтик режимдеги Ленин райиспокомдун чечими менен мыйзамдуу алышкан. “Ашар” коому бүгүнкү МТУ деп жатпайбы, ошол вазийпаны аткарып калдык. Ошентип биз жол маселеси, суу маселеси деп социалдык маселелер менен жүрдүк. Аткаруу коммитетинде Муралиевдин алдында шаардык штаб түзүлүп. Анын биринчи орун басары Өмүрбек Абакиров деген киши жетектеп кийин маселелерди чечүү денгээлине келдик. Социалдык маселелерди чечүү маселесине жеткенде шаардын алабалы жетпей, өкмөттүн денгээлине жетиш керек болуп, биз кайра-кайра маселелерди коюп жатып ошол жерден Мукун Асеиновду бизге куратор кылып свет, суу, жол маселесине шаардын бюджетинин алы жетпей калганда Мукун Асеиновдун күчү менен республиканын бюджети менен Ак-Өргө курула баштады. Ошондой күндөрдүн биринде СССР жогорку советинин жыйыны болуп, Кыргызстанды “Белгисиз Республика” деген макала жарыяланган. Ошол жерден “Мына белгисиз республика болуп жатасыңар” – деп айтышып, анан Абсамат Масалиевич “Жок, бизде демократия бар” – дегенде баягы ойгонуу пайда болуп кетти. Биз дагы “Социалдык маселелер менен эле алектене берсек болбойт” – деп Жыпар Жекшеевди Балтика боюна жөнөттүк. Жыпар Жекшеев Балтика боюна барып, ошондо МАДОго “Ашардын” атынан мүчө болуп келди. Мүчө болуп келип ар ишемби, жекшемби күндөрү биз Ак-Өргөдөгү курулуш кампада Мукун Асеинов катышкан ошол жерде чоң жарманке болуп, курулуш каражаттарын бөлүштүрүп турчу. Ошондо шаардык кызматтарды, министрликтерди чакырып анан отчёт алып турчу. Анан ошол жерде курулуш каражат жетишпейт, суу жетишпейт, бул жетишпейт, ал жетишпейт деп анан Жыпар Жекшеев “Мына биз МАДОго мүчө болуп кирдик. Ал жерде Ельцин бар, Собчак бар, Попов бар, бүт бары бар” – деп жарыялап Россиядагы бүт саясатчылардын атын атаганда эле баягы жердегилердин баардыгы дүң дей түшүп. Бир убакта биз Ак-Өргөдө күтпөгөн Апас Жумагулов, Садыбакасов, МВД, КГБ келди дагы, ал жерде митингге айланып кетти. Ошол жерден эле Апас Жумагулов Садыбакасовго “Ашардын эсебин текшергиле дагы жапкыла” – деп буйрук берди. Садыбакасов ал убакта борбордук банкты карачу. Ал кезде колхоз, завхоз бизге техникаларды берип, бизге каражат берип, биз техникалуу болуп, каражаттуу болуп калганбыз. Ошонун баары бир жуманын ичинде кайра артка алынды. Эсебибиз жабылып, бизди текшерүүгө алды. Ленин райисполкомдун жер төлөсүндө кабинетибиз бар болчу, анан ошол жактан бизди айдап чыкты. Азыркы Жибек-Жолу менен Белинский көчөлөрүнүн кесилишинде Жыпар байкенин кичинекей бир тамы бар болчу. Анан ошол жака көчүп бардык. Ошол жерден бизге “Жаш тарыхчылар жамааты, жаш архитекторлор” деген билине элек майда уюмдар бизге тынбай каттай башташты. Ошол жерде күндө кечинде дискуссия болуп турчу. Кандай кылабыз? Эмне болобуз? Биз демократиялык жолго кантип түшөбүз же белгисиз республика болуп кала беребизби? деген талкуу күндө боло берчү. Ошондой күндөрдүн биринде жаңы жылдын алдында болушу керек Тоолу Карабахта Армяндар менен Азербайжандардын ортосунда кагылышуу болот. Университеттердин студенттери “Бизге Армяндарды көчүрүп келе жатыптыр, ооркуналарыбызды бошотуп, даярдап коюшуптур. Ашар коому силер эмне кылайын деп жатасыңар?” – деп келишиптир. Ага чейин сентябрьда биз тил маселесин көтөрүп чыктык. Тил маселесин көтөрүп чыгып анан “Ашар” коомунун ар бир активдүү мүчөлөрү, жетекчилери болуп биригип, кыргыз тилин мамлекеттик тил макамын берүү боюнча петицияга жер-жерлерге, айылдарыбызга барып кол чогултуп келдик. Ал убакта Шеримкулов борбордук коммитеттин идеология боюнча бөлүм башчысы болчу, ошого тапшырып бердик. Ошентип 22-сентябрьда “Мамлекеттик тил” мыйзамын кабыл алдырганбыз. Ошондон кийин баягы Армян маселеси көтөрүлүп кетип ак үйдүн алдында биринчи жолу митинг өткөрдүк. Ошондо Иман Досбаев деген студент митингди ачып. Дооронбек Садырбаев кыргыз кинодон микрафон алып келип митинг башталып кетти. Митинг башталганда Чыналиев, Мурлиев, Гончаров ИИМ министри комиссия түзүп, ооруканалардын бардыгын кыдырып “Мына жок бизде Армяндар” – деп. Армяндар келбептир деген жыйынтык болду, бирок ошол жерден “Жок, биз 26-январда кайра митингге чыгабыз” – деп ошондой чакырык кетти. Ошол чакырык кеткенден кийин бизге куугунтук ачыктан-ачык башталды. Ошондой күндөр болуп жатканда Кыргыз ССРнин жогорку советине шайлоо болуп жаткан жанагы айтылып жүргөн “Легендарлуу парламент” ошондой шайлоо жүрүп жатканда анан биз Абыр деген байкебиз бар, биз Карышкыр деп койчубуз аны. Анан ошо байкебиз “Келгиле биз жогорку советке өзүбүздүн адамыбызды депутаттыка чыгарабыз” – деп демилге көтөрдү коомдук союздук уюмдар деген мыйзам боюнча шойлоого талапкердикти жылдырса болот болчу экен. Ак-Өргөнүн автору болгон Дүйшөнбек Өмүралиевди архитекторлор союзунан Тоң районуна шайлоого талапкер кылып көргөзүп кеттик, бирок 26-январда баягы митингти өткөрүп, кийинки митингди 5-февралга жылдырдык. 5-февралда элдин баарын “Талаптар аткарылган жок тиги-бу” – деп анан ошондо бизге кысым башталып, биз жанагы талапкерди алып-алып Тоңго кетип калдык. Куугунтук токтобой, кысым токтобой анан күтүлбөгөн жерден Чынгыз Айтматов келип калды. Ошо 5-февралда митинг чала болуп калып “Асаба” кыймылы түптөлдү. “Асаба” кыймылынын башында Мелис Эшимканов жана башкалар болуп анан кыймыл түптөлүп калды. Мунун баары бейформалдуу болуп жатты. Ошондой күндөрдүн биринде Чынгыз Айтматовго баягы төртөөбүз келип арманыбыздын баарын атасына даттанган балдардай болуп айттык. Анан Чынгыз Айтматов “Мен силер жөнүндө, Ашар жөнүндө таптакыр башкача ойлогом. Мага силерди үй сала турган кооператив деп айтышкан. Көрсө силер башкача турбайсыңарбы” – деп идеологиянын катчысы Сааданбековго чалыптыр “Менде мобу жерде 4-5 адам отурат. Силер мага башкача айтпадыңар беле, бул жер башкача турбайбы. Буларды кабыл алып туруп маселесин башкача карагыла” дептир. Анан Сааданбеков кечинде саат алты-жетилерде Ленин райисполкомунун чоң жыйындар бөлмөсүндө кабыл алды. Ошондо анан жаш инетеллигенциядан Мелис Эшимканов, Каптагаев, Райхан Төлөгөнов, Талгарбектер келдик дагы ошол жерден Чынгыз атабыз айткандай митингден баш тарттык “Силер тың аракет кылгыла, митингден баш тарткыла. Кимдер кылса ошолор кылсын, силер биз митинг уюштурбайбыз деп айтып койгула” – деп, анан биз ошентип айтканда, ошол жерден Мелис Эшимканов “Биз жоопкерчиликти алабыз” – деп Эшимкановдун алдында ошентип анан демократиялык кыймылдар ошентип уланып кетти. Бул КДКнын түптөлүшүнө болгон фундамент болуп калды. Бүгүнкү күндө ар ким өзүнүн вариантын айтып келет “КДК биринчи болгон, Ашар мындай болгон” деп. Чынгыз Айтматов айткандай эле бизди үй куруучулар кооперативинин денгээлине түшүрүп коюшкан. Негизи тарыхта эгемендүүлүктүн пайдубалын түптөгөн бул “Ашар” коому болду. Себеби “Ашар” кыймылы социалдык муктаждыктан улам келип чыкты да. Социалдык муктаждык барып саясатка айланып кетти дагы, анан ар кандай бытырап жүргөн майда “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты, жаш архитекторлор” сыяктуу майда уюмдар “Ашарга” биригип, Ашардан митинг башталып кетип, ошондон анан жанагы процесстер кетип анан КДКга кеттик.
Изилдөөчү: Башка демократиялык майда уюмдар анан ошол эле “Ашар” ар кандай клубдарды кылып, жолугушууларды кылып турчу деп айтып жатпайсызбы. Ошол жакта көз карандысыздык, эгемендүүлүк жөнүндө сөз болчу беле же болбосо көбүнчө социалдык маселелер боюнча, жер маселеси жөнүндө же болбосо улуттук кыргыз тил маселелери жөнүндө көбүрөк сөз болуп, эгемендүүлүк жөнүндө сөздөр кийин 1991-жылдары башталдыбы?
Сапар Мырзакулов: Жок, биз баягы МАДОго мүчө болуп кирдик деп, банктагы эсептерибизди жаап, куугунтук башталып, биз митингдерди уюштурганда бизди социалдык маселеден бийлик четтетип, Жекшеедин ордуна Адылбек Кожобаевди төрага кылып бүт курулуш, жанагы социалдык маселелердин баарын ошол райисполком тейлеп калды. Биз саясий эле айдыңда Жумагазы байке баштаган саясий кеңеш болуп эле биз ошол жакта жалаң эле саясатты талкуулап калдык. Социалдык маселелер жактан өзүнчө топ туруп калды, алар болсо “Жок, биз саясатка аралашпайбыз. Биз деген үй эле курабыз, биз үй салып жашайбыз” – деп ал жакты баягы бийлик сүйлөтүп жатты. Бирок биз аларга эч таарынган жокпуз, себеби ал жакта дагы тиричилик жүрүш керек, бирок ал жерде социалдык маселелерди талкуу болгон жок, саясатты эле талкуулап. Бирок ал жерде эч кимдин деле СССР кыйрап калат деген ою жок болчу. Бирок баары бир деле СССРге тең ата өлкө болобуз дегендей кылып талкуулачубуз. Он беш союздук республика ыдырап кетет деген түшүнүк жок болчу, бирок он беш конфедеративдик өлкө болобузбу деген маанайдагы деген түшүнүк бар болчу. СССР деген империя ыдырап калат деген нерсе бизде кичинекей дагы ой жок эле. Бирок сөзсүз түрдө өз алдыбызча мамлекет болот экенибизди эңсечүбүз, бирок ошого жетебиз деген ой жок болчу. Биз ошондо СССРге сырьё берүүчү гана аймак болбой, өзүбүздүн экономикабыз өзүбүздүн колубузда болуш керек, өзүбүздө жок дегенде жарым эгемендүүлүк болуш керек деген сөздөрдү талкуулачыбуз. Бул майда уюмдардын чогулуп келип КДК идеясына алып келген аянтча “Ашар” коому болуп берди. Ошондон ары КДК кетти, кетти дагы анан Казат Акматовдун кабинетинде сүйлөшүп жатып анан КДК түзүлүп кетти. КДК түзүлгөндөн кийин, “Ашар” коому кайра өзүнүн социалдык маселеси менен кетти.
Изилдөөчү: “Ашар” уюму биринчи жолу болуп Үркүн темасын козгогон уюмдардын бири ошол Садыр Жумагазы уулу, Ракыя Жусупова, сиз болуп “Өмүр көчү жөө жүрүшүн” уюштуруп жатпайсыздарбы. Бул темага “Ашар” уюму кантип келип калды?
Сапар Мырзакулов: Бул жанагы саясий талкуулардын айдыңында жүргөндө Жумагазы байке ошондо “Кыргызстан айыл-чарба” журналынын кыргыз бөлүмү боюнча жетекчи болчу. Биз дайыма ошол Жумагазы байкенин кабинетинде дагы жолугуп жүрчүбүз, өзүбүзчө Ашарчылардын тар чөйрөсүндө. Ошондой күндөрдүн биринде Жумагазы байке “Бизде Үркүн деген ачылбаган тема жатат. Ушул теманы көтөрөлү” – деп айтып калды. Ошол жерде атын коёлу деген маселе болуп “Кыргыз көчү же болбосо Өмүр көчү. Кандай дейсиңер?” – деп эки ат сунуш кылды. Анан ошонун “Өмүр көчү” деген атына токтолдук. Анан ошого даярдык көрө баштадык. “Өмүр көчүндө” идея абдан чоң болчу, ошол кезде Ысык-Көлдү сактоо боюнча дагы уюм бар болчу, ошондо биз Үркүндүн 75-жылдыгына деп жөө баспадыкбы. Ошол кезде Ысык-Көлдү кол кармашып курчап турабыз деген идея болгон. Өмүр көчүн ишке ашырып, жөө жүрүш Караколдон биригип, Караколдон элдер кайра кол кармашып Ысык-Көлдү курчайбыз деген идеялар болгон. Ошондон кийин Жумагазы байке “Кыргызстан айыл-чарба” журналына биринчи жолу өмүр көчү деген макала жазды. Азыркы архитекторлор союзу турган жерде Дүйшөн Өмүралиев мага ошол жерден бир бөлмө берип, мен ошол жерде отуруп “Өмүр көчүнүн” сценарийин иштеп чыгып жаттым. Жөө жүрүш деп ошондо КДК пайда болуп, КДКга сунуш кылып. Ошол КДКнын теңтөрагалары бизди “Мунуңар деген жомок, эйфория, бул куру кыял. Мындай болушу мүмкүн эмес” – деп колдобой койгон. Бирок бизди “Асаба” партиясы анан жаш архитекторлор жамааты колдоду дагы үчөбүз биригип жөө жүрүштү ишке ашырдык. Анан баягы пендечилик бар да. Жөө жүрүштү негизи борбордогу аянттан 4-июнда баштамакпыз, анан КДКнын теңтөрагасы Топчуке бир күн мурун асылбаштан уюштуруп ийип жатпайбы. Ошол “Өмүр көчү” Жумагазы байкенин кеңсесинде, Жумагазы байкенин нукура идеясы болуп “Өмүр көчу” ошол жерден жаралган. Бирок биз иштеп отуруп бул жерде “Асабанын жана Жаш архитекторлор жамаатынын” балдарынын эмгегин абдан баса белгилеп айтып кетиш керек. Алар чын жүрөгү менен колдоп анан ишке ашып кетти.
Изилдөөчү: Жаңы конуштардын тарыхы жөнүндө айтып берсеңиз, ошол “Жаш архитекторлор уюму” же болбосо “Ашар” кандай принципте жаңы конуштарды түзгөнгө аракет кылышкан? Алардын идеялыры, пландары анан жаңы конуштарга ат берүү боюнча маселелер кандай чечилген?
Сапар Мырзакулов: 1989-жылы уюшулган жаңы конуштардын ичинен бирден-бир мыйзамдуу курулган Ак-Өргө конушу болгон. Калган ошо кездеги Касым, Көлмө, Келечек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ашка-Таш ушул конуштар басып алуу жолу менен пайда болгон. Ошол кезде биз шаардык штабда жүргөн кезде ошол жаңы конуштарды бириктирип Ашар менен чогу алып кетели деген аракетти баштадык. Бул аракетибиз көпкө чейин ишке ашпай келди, себеби ал жерде Ашардагыдай уюштуруу маселеси жок болчу, “Квартальный” деген түшүнүк бар болчу, алар өздөрү башкарып эле бизди жакын жолоткусу келчү эмес. Бирок биз ошол конуштарды жетелеп отуруп шаардык штабга бириктирдик. Жерглиликтүү өзүн-өзү башкаруу түздүк дагы, кийин ошондой болуп бөлүнүп кеттик. Кийин Аскар Акаев келгенде биз аймактык өзүн-өзү башкарууну иштеп чыктык, андан кийин шаардык бюджеттин жетишпестигине алып келип, коомдук капиталдык башкарууну иштеп чыктык. Ошентип анан кийинки жылы Көк-Жар иштелип, 1990-жылы Ак-Босого, 1991-жылы Арча-Бешик иштелип чыкты. Ак-Өргө дагы бар болчу, Ак-Ордого киши жок болуп калып Арча-Бешикке көчүрүп кетишкен. Биринчи 1995-жылга чейин түзүлгөн майда конуштар булар кыргыз интеллегенция менен кыргыз жаштарынын муктаждыгынан келип чыккан конуштар болгон. 1995-жылдан 2005-жылга чейин ички миграция, эгемендүүлүк, базар мамилеси болуп элдер аргасыздан көчүп келип ошондон улам пайда болду. Ички көчүүлөрдүн талабы менен дагы конуштар пайда болгон. 2005-жылдан бери келе жаткандар жалаң нукура коммерциялык негизде болду. Алар акчага пайда болгон конуштар. Бул конуштардын тарыхы ушундай. Көчөлөрдүн аттарына кыргыздын аттары деп атайын шаардык кеңеш менен, академияда топономика деген атайын бөлүм дагы бар болчу ошолор менен иштеп атайын кыргыздын нукура аттарын алып чыктык. “Өгүз-Ата, Кырк-Чоро, Таттыбүбү, Курманжан” деген көчөлөрдүн баарын алып келип Ашардын башкармалыгында карап, кеңешке салып, бекитип анан шаардык кеңешке сунуштадык. Шаардык кеңеш академиянын топономика бөлүмүнө берип, топономика кеңеши “Мобул аттар жарайт” дегенден кийин, шаардык кеңеш бекитип берген. Казыбек деп койгон көчөнүн аты шаардык кеңештен өткөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин ал көчөнүн аты жок, кийин Курманжан-датка энебиздин көчөсүн Садыков деген адамдын атына алмаштырып койду. Ак-Өргөгө дагы ушундай башаламандыкты киргизип жиберишти. Кийин башаламан башталганда Ак-Өргөдөгү булуң-бурчтарды сатышты. Мунун баары Ак-Өргө бытыранды бөлуп калган. Ошол кезде Ак-Өргөдө алты миңге жакын түтүн бар болсо, бүгүнкү күндө он беш миңге жакын. Ыраматылык Чынгыз Айтматов атабыз сексен жылдыгына жакындаганда “Карагылачы мобу доллардын күчүн. Биздин аскаларыбызга, мөңгүлөрүбүзгө чейин чыгып кетиптир” – деп интервью берген, ошондо мен таңкалып койгом. Көрсө накта ошондой экен да, биздин Кум-Төр ошолор жөнүндө айтылыптыр. Бирок бул жаңы конуштар биздин кыргыз мамлекетинин эгемендүү болуп калышына бирден-бир негизги пайдубалы болуп калган. Ак-Өргөдө ошол кездеги эң чоң интеллигенция шаардагы жаш интеллигенция катмары бүт Ак-Өргөдө болгон. Интеллигенция басып алып эле дароо үй салып алган жок, кой деп туруп мыйзамдуу жол менен алышты. Ошон үчүн Ак-Өргөдө интеллигенция дагы күчтүү болгон. Айрыкча Селекциянын үстүңкү жагы бүт академия менен университеттеги мугалимдер, жаш окумуштуулар ошол жакка жайгашкан. Ошол жагынан алганда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө шарт түзүп калганын бирден бир себеби жаңы конуштар болгон.
Изилдөөчү: Кыргыз ССРинде 1990-жылдагы референдумда элдин 90% СССРдин курамында калабыз деп добуш беришиптир. Кырдаал ошондой болуп түзүлүп калгандыгы үчүн биз эгемендүүлүк алып калдыкбы же болбосо Кыргыз демократиялык кыймылдардын, уюмдардын кандайдыр бир аракеттери аркылуу биз ушундай эгемендүүлүккө жеттикпи?
Сапар Мырзакулов: Жок, эгемендүүлүк деген бизге асманга түшкөндөй болду.1991-жылы 19-августтагы КГЧП болгон. Бүгүнкү күндө деле советтик муун “Советтик союз жакшы болчу” – деп айтып жатышпайбы, бирок ошол 19-августтагы ГКЧП болбогондо СССР кыйрабайт болчу бул биринчиден, экинчиден биз ушундай эгемендүүлүккө жетет белек?, бул суроо бойдон калмак. Үчүнчү жагы дагы бар, мен өзүм дайыма тамашалап айтып келем. Эгер ошо 1991-жылдагы 19-августта ГКЧП жеңип кеткенде биздин демократияда жүргөн ошол кездеги муундун баарын талкалап жок кылышмак. Атышмак, сүргүнгө айдашмак, ошонун арасында биз дагы болмокпуз. Ошол кезде баш көтөргөн КДК менен Ашарды кеп кылып жатпайбызбы, 1937-жылда биздин каймактарды жок кылгандай эле жок кылмак. Бизге болсо кудайдын колдоосу болду, бизде кыргыздын түпкү наркы бар болчу экен. Эгемендүүлүктү кан төгүүсүз алдык, бирок 2005-жылы кан төгүлүп кетти. Негизи ГКЧП болбогондо эч качан эгемендүүлүккө жетпей калышыбыз мүмкүн болмок. Анткени СССРдин кыйрашына коммунисттик партиянын башында турган адамдар өздөрү түрткү болду. Ошентип уюштурбаганда, ошентип Горбачёвду “Изоляция” кылбаганда мүмкүн мындай болмок эмес.
Изилдөөчү: “Ашар” уюму азыркыга чейин барбы? Эмне иш кылат?
Сапар Мырзакулов: Ооба, бар. Социалдык маселелер менен эле жүрөбүз. Социалдык проектилерди ишке ашырып келебиз. 2005-жылдан бери мен өзүм жетектеп келе жатам. Биз кайсы бир деңгээлде саясатка аралашалы десек “Булар жер саткан эмелер” – деп, кечөөкү түшүнүк менен буруп таштайт. Ошон үчүн биз андай нерселерге аралашпай эле өзүбүздүн чакан долбоорлорубузду ишке ашырып келебиз. Анын баарын жарыялаганда деле авторитет деле чогулта албайбыз. Себеби бүкүнкү коомдун түшүнүгү башка. Ал кездеги “Ашар” менен бүкүнкү күндөгү “Ашарды” бүгүнкү коом башкача баалайт. Ошон үчүн бүгүнкү күндө андай “Ашар” болуп кайра жаралуу мүмкүн эмес.