Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Сапар Мырзакулов

Сапар Мырзакулов

Активист

Изилдөөчү: Сиз өзүңүз жөнүндө биринчи ошол жылдары ким элеңиз, журналист болчусузда, э, ошол жылы?

Респондент: Студент болчумун. Студенттик скамейкадан келгем.

Изилдөөчү:  Бүтүп аткан жылыңыз беле?

Респондент: Ооба.

Изилдөөчү:  Кайсы факультетти бүтүп аттыңыз эле?

Респондент: Сырттан окууга которулуп кеттим.

Изилдөөчү:  Сырттан окуп жаттыңыз беле?

Респондент: Сырттан окууга которулдум да анан, Ашарга 1989-жылы келдим да, ошондо майда барсам, ошондо  окууну бүтүп аткам да, негизи биз ошондо эле демократияны баштап атканбыз. Ошондо “Фрунзе шамы” деген гезит чыгып калды го, анан биз “Фрунзе шамы”, кийин “Бишкек шамы” деген гезит чыгардык. Гезиттин ичинде гезит болду. Мелис Айдаркулов “Бишкек шамынын” редактору. Партия да болгон да, а гезиттин ичинде гезит деп элдин социалдык маселени чыгара баштадык. Кийин 1994-жылы “Алкак” деген гезит чыгара баштадык.

Изилдөөчү:  Ал өзүнчө гезит беле?

Респондент: Ооба, ал башка гезит болду “Бишкек шамынан” башка.

Изилдөөчү:  Ким болду редактору?

Респондент: Жумабай байке өзү болду, андан кийин Топчукеев байке, кийин 2005-жылы мен болдум. 1995-жылы, биз иштей баштаганда, бизди жапты да.

Изилдөөчү:  Ким жапты? Партиябы? Анда партия жок эле да.

Респондент: Жумабай байкеден кийин тиги Топчукеева  шайлоого катышып, анан Алкакты жаап салышты шылтоо менен. Кийин 2005-жылы кайра өзүм болдум Акаев кеткенде.

Изилдөөчү:  Жанагы Биринчи “Бишкек шамынын” ичинде чыккандын гезиттин ичинен чыккан гезиттин макалалары жөнүндө айтып берсениз эсиңизде калган макалалардан же журналисттер кимдер жазчу эле?

Респондент: Биз өзүбүз эле жазчубуз, Жумабай байке, мен жана башкалар.

Изилдөөчү: Сиз эмне деген макалаларды жазчусуз?

Респондент: Көбүнчө “Ашар” маселесине байланыштуу жаны курулуштар жөнүндө. Эгер биз саясатты жазсак “Бишкек шамын” жаап салмак.

Изилдөөчү:  Бишкек шамынын редоктору ким эле ошо кезде?

Респондент: Мелис Айдаркулов.

Изилдөөчү:  Ал тигил мамлекет жакта болуп атпайбы ээ?

Респондент:  Раисполкомду жетектечү шаарда болуп. Ошондо “Вечерний Бишкек” мамлекет демократия болуп, ага чейин “Фрунзе шамы” чыгып андан кийин “Бишкек шамына” котордук.

Изилдөөчү:  Дагы кандай басылмалар, медиа бар эле ушундай эркин?

 Респондент: Эркин басылмалар жок болчу. Прибалтика өлкөлөрүнөн келди: “Согласие, От народа” деген гезиттер.

Изилдөөчү:  Ким алып келип берчү?

Респондент: Почта менен алчубуз. Союз арасында болчу. Активдүү булак жок болчу да ошо кезде. Анан “Коммерсант” деген чыгып калды. Ал катуу чыкты.  Ошолор аркылуу биз Кавказдардан  маалымат алчубуз, башка өлкөлөрдө  Кавказдан башталган.

Изилдөөчү: Эмнелерди айтчу ал Азамат Ыбрай?

 Респондент: Ошо убактагы Кыргызстандагы эркиндик болуш керек, Кыргызстан өзүнчө болуш керек деген макалалар чыкчу. Советтер Союзунунда Ыбрай отурганда ушундай  макалалары чыкчу, эмнегедир… Анан ошондон биз көбүрөөк маалымат алчубуз. А Кыргызстандагы гезиттерде эркиндик жок болчу.  Бизде биринчи эме болуп калды Ашардан Жыпар байке Прибалтика өлкөлөрүнө жиберип МАДО деген,  кайра келди.  “Ашарда” бизде ошондон кийин текшерүү башталды. Бизде ошондо биринчи жолу  Муканбетов, Төлөнгөнов да бар эле Советтик Кыргызстанда иштеп атканда.

Изилдөөчү: Ошондо ким эле Советтик Кыргызстанда редактор?

Респондент: Ишенкулов болчу. Анан бизди колдоп турган кыргыз телевидениенин КТРден Сутенованын “Пресс бар” деген программасы колдогон. Ошол биздин социалдык мамилелерди айтып атышкан. Дайыма жаштарды тартып ошондо бизде социалдык партия жаңы болду го. Эмнегедир бизге жаштарды болгула деп. Ошондо бизде демократиялык ойлор жана идеялар болчу да. Комосомолдук жардам тийип атабы айтып өтчүбүз да. Мамлекеттин кыйын эмелери айтып калды ошондо макалаларды жазып калчу. Ошол малда “Мүрөк” деген гезитти алчубуз.

Изилдөөчү: Мүрөктү да алчусуңарбы, ким алып келип берчү?

Респондент: Ал деле студенттер аркылуу келчү.

Изилдөөчү: Эмне деген макалалар болчу? Эсиңизде жокпу?

Респондент: Советтер Союзунун ичинендеги 15 республика Кавказда болуп өттү да, анан Прибалтика өлкөлөрү өзүнчө кетебиз дейт. Ошондо баягы  эгемендүүлүк деген айтылган. Гезиттер аркылуу маалымат алчубуз. Ошол жылдардагы кыймылдарды алгач жаштар баштаган. Дал ошол Прибалтика өлкөлөрдөн кийин кеттик да. Демократия деп айта башташты. Анан Комсомолская Правдада дагы Кыргызстан жөнүндө негативдерди көп жазды. Камиль Баялиновдун “Президент чабан кыргыз баран” деген макаласын жазды.

Изилдөөчү: Кайсы жылдары чыкты?

Респондент: 1990-жылдары анда Таштанбек Акматов болчу. Ошонун баарын талкулачубыз. Политехтегилер да активдүү болчу

Изилдөөчү: Бакыт Орунбековдон да алдыкта интервьючу, Москвада болгон турбайбы, ал биринчи бул жактан баштап анан которулуп кеткен турбайбы Москвага бир программага катышып, экөөңөр бир окудуңарбы? Сиз да журналистикада, э?

Респондент: Алар менден мурун окуган. Мен кийинкилерден болдум Филологияда окудум.  Паралеллдүү окуганбыз.

Изилдөөчү: Филология жана Журналистика аябай активдүү болушкан экен ээ мугалимдеринен бери?

Респондент: Эң активдүү.

Изилдөөчү: Негизи Союз таркаганда канча бир 2 күн калганда 3 гезит ачылды деп атат ээ? “Кыргыз Руху” , “Кыргыз Туусу” жана “Жаштык жарчысы”. Ошондо “Кыргыз Руху” эркин гезит болуп эсептелинеби?

Респондент: “Кыргыз Руху” эркин гезит болуп, мамлекеттик “Бишкек шамы, Кыргыз Туусу” Изилдөөчү: Ошондо мурдагы Советтик Кыргызстан болуп атабы? Ошол эле мамлекеттик да, э, статусу эле да?

Респондент: Ооба, статусу эле. Мурун партияныкы, азыр өкмөттүкү. Мурда СССРдики болсо, кийин кайра эле мамлекеттики болду. 

Изилдөөчү: Алар да бир нерселерди жазчу беле, ушундай маселелерди чагылдырчу беле мисал үчүн Ашар коомунун кыймылынын иш чаралары же болбосо кайсы бир жаштардын?

Респондент: Жаштардын маселесин, биринчи иретте, катарда  жаштардын.

 Изилдөөчү: Ошондо редактору ким эле?

Респондент: Акбар Рыскулов болчу. Ошо кезде жаштар ал гезитте жаштар маселесин жазып жатты.  Ал кезде  Бакыт Кудайбергенов Ленин райком комсомолдо иштечү. Ал  азыр статком. Ленин району активдүү болчу. Өздөрүнүн билими, табигаты күчтүү.

Изилдөөчү: Ошондо жок турбайбы, партиядагылар же өкмөт тарабындагылар дегендер. Толук  каршы чыккандар жок экен, алардын деле кээ бирөөлөрү аралашып жүргөн экен, э?  “Кыргыз маданияты” дагы чоң ролду ойногон экен? “Кыргызстан маданиятында” эмнелер, кимдер, кандай бир идеялар макалалар бар? 

Респондент: Алар жаштарды колдоду “Кыргызстан маданиятында” колдоп жазып атышты.

Изилдөөчү: Кыргыз мамлекетининби? Бирок биринчи улут маселесин ошолор көтөрүп чыккан дейт э? Жазуучулар Чыңгыз Айтматов баш болуп?

Респондент: Казат Акматов  1990-жылы алгачкы “Асаба” гезити менен анан “Ашар” кыймылын колдошкон. Айтматовдор баш болуп, көп жазуучулар партия бийликтегилерге силер жаштарга жардам бергиле деп Акаевге чейин, Масалиев учурунда ага да айтышкан.

Изилдөөчү: Анан ошондо Асаба биринчи Жаштык Жарчысы гезити болуп чыкты да, андан кийин Асабага которулду? Ошо “Жаштык жарчысы” бул эркин гезит беле?

Респондент: Жок, “Жаштык Жарчысы” эркин болгон жок, анан “Асаба” болгондо эркин болду. Анткени мамлекетте шайлоо бүттү да. Эң негизгиси 90-жылы “Майдан” чыкканда эркин гезит болду.

Изилдөөчү: Ошондо “Майдан, Асабага” чейин чыктыбы? Майданды биринчи Аман Токтогулов анан Бакыт Орунбековга берди ээ?

Респондент: Ооба, булар Кубат менен жалпы “Майданда” иштешти.

Изилдөөчү: Майданды архивдерде тапса болобу? Сизде барбы ошо гезиттерден?

Респондент: Бар, мен аны табайын.

Изилдөөчү: Сиз менен байланышып көрсө болобу? Иллюстрациялар, статьялардын аттарын?

Респондент: Ооба. Майдан Чернышевскийде бар болчу, мен 2005-жылкы макалаларды карап атканда бар эле.

Изилдөөчү: 90- жылкы, э?

Респондент: Жок, 2005-жылы Алкакты кайра чыгарганда Майдандагы материалдарды издеп жүргөм да, анан Майдандан чыккан макалалар карагам да. “Майдан” бир жылбы же бир жарым жыл чыкты да. Анан “Асаба башталды”. Көп гезитти “Асаба басып салды” күчтүү болуп.

Изилдөөчү: “Майданда” биринчи Аман Токтогулов өкмөттө болгону менен, ал биринчи КГБ да иштечүү да. Анан ал кандай?

Респондент: Мен ал кишини “Майданда” редактор болуп жүргөндө гана тааныдым. Ага чейин ал киши жөнүндө маалымат деле жок болчу.

Изилдөөчү: Ал редактор кезинде КГБда иштечүү беле?

Респондент: Жок, ал кезде ал бошонуп калган. Эми биз 1989-жылы “Ашар” кыймылы баштаганда Асанкулов жатаканада эки жума,  жанындагы байке Марат Асаналиев анан Рыскулов деген байке алмак салмак дайыма жүрдү. Бөлмөгө чейин кирип отуруп, акыл-насатын айтып, кыйын киши экен. Азыр ойлосом ал кишинин кабак-кашы ошого барган жок, тескеринче билимдүү болгула, радикалдуу кадамдарга барбагыла деген.  Ар кандай адамдар бар да. Конушунардагы Ак-Өргөдөгү үйүңөрдү салгыла, кийим алгыла, жанагы жаман системадагы эмелерге аралашпагыла. Жөн эле көчөдө кыйкырып жүрө бербегиле. Көчөгө кыйкырып чыгуу деген түшүнүк капыстан башталды. Себеби канчалык кысым болсо ошончолук дүрт этип кетет. А биз ага чейин социалдык маселелер менен эле жүрчүбүз. Эгерде ошондой партиянын кысымы болбогондо мүмкүн митингтин түрү болмок эле.

Изилдөөчү: А негизи сизде эмне себеп болду ушуларга кошулуп калганга? Өзүңүздүн жеке себебиңиз болдубу?

Респондент: Негизи эле мындай жүргөндө жанагы Прибалтика өлкөлөрүнүн гезиттерин окуп жүргөндө эмнегедир баягы жүрөктөгү бир сезим пайда болот экен. Анан ошондой чөйрөдөгү балдар менен чогу жүрдүк, андан кийин ушинтип баары тележурналист болуп кетти. Маселе бизди көз каранды деп койчу. Эркиндик  деген түшүнүктөр  менен келген анан “Үркүн” темасы күчөп кетти. Анын үстүнө менин кичинекей кезимде таята, таенем Кытайга Үркүнгө барып келген да. 

Изилдөөчү: Ошондо сиз каяктыксыз?

Респондент: Мен Ат-Башыдан. Ошондо эле Үркүн темасы көп козголчу да.  Ошонун баары таасир этти да.

Изилдөөчү: Шаарга келип үйсүз жүргөнүңүз таасир эттиби?

Респондент: Анда мен бойдок кезим. Жерди алдым.

Изилдөөчү: Жерди ошо “Ашар” кыймылы менен алдыңызбы? Жерди алуу деген сиз үчүн канчалык мааниси болду?

Респондент: Жер алуу деген түшүнүк жок болчу да. Студент болосуң жатаканада, анан үйлөнүп кайра айылга  кетесин. Анан жер алынды. Чын эле биз жер алдыкпы деген түшүнүк болду. Бирок айылга барганда ата-энең коркот да. Алданып калды деп. Биз баягы жер алабыз деп жүргөндө айылга барып балаңарды алып кеткиле, тиги-бу деп бул жактан. Ал кезде атам раматылык бар эле  ошо жактан мага орун даярдачу. Мына жер берди десем кулакка тартып ийбесин деп.

Изилдөөчү: Башынан өтүп калган да алардын.

Респондент: Ии, ошондой түшүнүштү. Ишене албай жүрүштү. Кийин үйлөнүп ошо жерде жашап калдык да.

Изилдөөчү: Сүйүнүштүбү, шаарда үйлүү жайлуу болуп калды деп?

Респондент: Биринчи ишене албай жүрүштү, анан үйлөнүп жайланып жашап калгандан кийин, чын эле экен деп. Болбой эле толкундап, жанагы коркуу калып калат экен да. Ошондой нерселер көп болду. Тияктан каттоодон чыгып келгенден кийин бул жакка каттоого турсаң, Ат-Башылыктарга паспортуң менен кошо жашыруун кагаз берчү. Анткени Нарындан чыкканда пост бар болчу, ал кагазың жок болсо чек арачылар кайра артка кайтарат. 

Изилдөөчү: Анан ошолорду аябай көзөмөлдөчү беле?

Респондент: Ии, эс алууга барып кайра келчүбүз кагаз менен. Автобустун баары мен үйлөнгөн, бияктан кыз алганда толтуруп кирчүмүн. Кытай менен чек ара эле да, жалаң орус балдар турат.

Изилдөөчү: Ошонусунан көп коркчу го.

Респондент: Үркүндү көрүп калган үчүн орусту көрсөң, атышат деп коркчу.

Изилдөөчү: Ошол кезге чейин 80- жылга чейин ушундай сезимдер болду беле?

Респондент: Орустарды көргөндө бизди катчу да кадимкидей эле биз бала кезде эле. Бирок алардын түшүнүгүндө орус деген аң-сезиминде калган экен да. Алааматтын түрүн бүт орус менен байланыштырып турат эле. Ушунчалык корккон.

Изилдөөчү: Ошо кезде бийликте Масалиев турганда кандайдыр бир жаштарды алаксытуу аракеттери болгон дешет да. Ачык көрсөтүп тыюу сала алышчу эмес дейт. Аларды алаксытышчу дейт. Москвада студенттер бир нерсени көтөрүп чыкканда, Фрунзеден Москвага барып студенттер менен жолугушкан дейт. Анан бизге туруштук берген дейт. Ар кайсы жактарга алып барып. Силерди да ушинтип алаксытты бы?

Респондент: Бизди да алаксытышты жанагы жер берди. Жер бергенден кийин үй салгыла, саясатты ойлобогула, мамлекет башында бийлик берген жок. Анан биз менен жолугушууларды уюштурушту. 20 миңди суда кылып 20 жылга берди, биз түшүнгөн жокбуз да. Акылдуулар алып алды насыяны, үйүн бүтүрүп алды, көбү коркуп алган жок.

Изилдөөчү: Сиз билдиңизби кимдер алганын же билген жоксузбу?

Респондент: Ошо кезде билчүмүн көп эле, биз аркылуу тизмени өткөрүп, кол койгондон кийин башталды. Анан жанагы ата-энелери да коркуп өнгөсүнө ыраазыбыз, алгандын бергени бар, карыз болуп жүрөсүңбү деп.  Бир 60-40 пайызы алды. Коомдо саясат менен байланышы бар да. Мамлекеттик кызматта деле эч кимдики жок эле Акаевдин учурунда деле. Жанагы генералдын өзүнүн үйү бар экен, бирок жатаканага барды сүйлөшүүгө, а азыркы генералдар басып барбайт.  Жума күнү дайыма алтынчы, дем алыш күнү жарманке болчу, ошо жерде кызматтагылар.

Изилдөөчү: Амирбек агай менен сүйлөшкөндө айтат да. Ал КТРде бир жерде иштеп калган турбайбы ээ? Компартиядан деле ошолордун болуп атканында деле коркуп кичине аларга жол берчи дейт. КТР де деле булар жөнүндө маалыматтар чыкчу дейт да. “Пресс бар” болуп атат ээ сиз айтканыңыздай. Күчү жетпей калган учур беле Союздун контролдогонго же келген жаштар ошондой ойлорду өздөрү алып чыкчу беле? Же перестройка таасир эттиби?  

Респондент: Перестройка таасир этти го дейм. Анан ошол редакцияда жаштардын билими, аң сезими жетекчилигине,  бийликке жеткире билген менимче ынандыра алган. Анан ал жакта отургандар Пресс бар, компартиянын каралган жумушу эмес, социалдык маселени айтып атты. Идеялар чыкчу.  А “Пресс бар” деген түз эфир да. Жаштар радиосу да байма-бай кетти да, булар деле түз эфирде коё берип атты.

Изилдөөчү: Дагы бир пикир бар экен да, мисалы үчүн жерди азыр “захваттар” жер басып алуулар болуп атпайбы, ошонун башталышы ашарчылар болушкан деген сыяктуу. Мындай мыйзамсыз жерди басып алуу деген ошондон чыккан деп.

Респондент: Бул мындай, ушул жерден баягы передачада буга чейинки. Россиядан, чет өлкөдөн келген бул 1989-жылкы кыймыл социалдык маселе. Бул Кыргызстандагы шаарга борборлошуу документ менен алынган жерлер. Бул эч кандай басып алууларга кирбейт. “Ашар” кыймылы бир да сантиметр квадрат жерди законсуз басып алган жок. “Ашар” түзүлдү дагы, Ашардын түзүлүшүнө дагы Компартия өзү уруксат берди. Мыйзамдаштыргыла деди нотарийде.

Изилдөөчү: Эмнеге?

Респондент: 22-июлда, 1989-жылы вахтада по телефону чоң митинг болот деди. Масалиев келди, Акматов, Жумалиев келди чоң митинг болду.  Ошо чоң митингде жаштар аябай сүйлөштү, болгон ачуу чындыкты айтты, ошо жактан Масалиев өзү сунуштады да. Макул силердин маселелериңерди биз кеңешип чечели борбордо, бирок  силердин оюңарча баарыңар менен сүйлөшө албайбыз. Силер уюмдашып жетекчиңерди шайлагыла деп өзү айтты. Ошо жерден жумушчу топ, анан  жетекчилерди шайлап атат, Ленин райкомдон биринчи өзүңөрчө комиссия түзүп, документти өзүңөр алгыла деп айтты.

Изилдөөчү: Силерге офис бердиби?

Респондент: Ооба, жыйындарга анан дагы эки бөлмө бошотуп берди. Өзүңөр документ алып,  регистрация кылып, чечкиле. БТИде жалаң башка улуттар иштейт  ал кезде. Анан мени алып барып БТИге отургузуп коюшту, “Ашардан” келгендерди мен карайм, БТИ дароо справка чыгарып берет, а мен кол коем. Райком мени БТИге айлык менен бекитти, азыр куруучулар алып атпайбы кечке кармайт деп. Эки айда чыгарып берди, үйү жок деген справка. Ошондо да бюрократие болгон да.  Ал кезде оңою менен бербейт эле. Жердин документине да очередь болчу, бир айдан кийин барса жок, дагы он беш күндөн кийин барса дагы жок. Анан жардам керек болуп кеңеше баштаганда тиги Нуралиевдин буйругу менен бир орун ачылып берилди. Ошондо бир дагы сантиметр жерди басып алган жокбуз.

Изилдөөчү: Ошондо канча отурдуңуз БТИде?

Респондент: Эки ай

Изилдөөчү: Эки айда канча кишиге справка бердиңиз?

Респондент: Негизи биз аркылуу өткөн, документ боюнча 262 болчу Ашарда, андан сырткары төрт райондун өзүнүн жумушчуларын кошкондо беш миң бирдеме. Азыр эми басып алды мыйзамдуу деп сиз айткандай. Бул 1989-жылдан 1995-жылга чейин , а 1995-2000 жана 2005-жылга чейин ички миграция, муну дайыма анализ кылам. 1989-1995-жылга чейин шаарда отурукташып калган жатаканадагылар батирге муктаж. 2000 же 2002 беле коммерция башталган. Сиз айтып аткан маселени ал кезде “Ашардын” атын булгап коюшкан, бүгүнкү күнгө чейин ошондой түшүнүк, а булар жер саткан. Чын эле ал кезде жерлерди бийлик менен алганбыз, кезекке туруп. Биринчи топ түзүлүп, анан бөлүнүп, алышкан. Өткөндө передачанын массалык маалымат каражаттарына тиешелүү эмес. Сиз айткандай 89-жылы апрель айынан май айынын башында Өзбекистанда түркмөн эли менен өзбектердин ортосунда тополон чыгат, анан ошо жактан түркмөн студенттери көчүп келип атты да. Аларга жер берип атат дегенде башталды да. Анан биз Ашарды түзгөндө   Ак-Өргө, Арча-Бешик ошо жерлерди ээлеп топ түздүк, бир топтун башында мен болдум. 1989-жылы 15-июлда “Ашар” коому түзүлуп атат. Курултайда Ашар коому түзүлүп 8-августа Ленин райкомунда каттоодон өттү. Коомубуз октябрда райисполкомго тапшырдык. Анан жанагы сиз айтып аткан маселе айырмасы чоң.

Изилдөөчү: Эки айдан токтотуп койду деп атасыз, э? Же өзүңөр эле токтотуп койдуңарбы?

Респондент: Жок,  дал ошол “Ашардын” иши менен бардым.

Изилдөөчү: Ал жердечи? Баягы ишти ким аткарып калды? Каттоого туруп аттыбы?

Респондент: Жерге документ топтолуп өткөрүлүп бүттү да. Ал жерде шаарда жашаш керек анан 3 жыл иштеш керек. Ошондойлор бүттү. Баарына бердик 3262 документ топтолгондорго. Башка райондогуларга да берилди.

Изилдөөчү: Жер маселеси чечилгенден кийин эмне иш кылдыңар, анан токтоп калдыңарбы?

Респондент: Андан кийин үй салып атканда социалдык кызматкерлер менен байланышып, курулуш материалдар керек экен. Анан водопроводдорду тартып келдик. Андай иштер жүрүп атканда социалдык маселе бүтпөйт экен.

Изилдөөчү: Алар бийликке отура баштаганда. Ошондо деле аягына чыккан жок деген пикирлер бар экен, мисалы үчүн демократиялык кыймылдар башталды Казат Акматов бар, жанагы ак Топчубек Тургуналиев. Бирок эч ким орун алып калган жок.

Респондент: Ии, эми мындай экен, кыймылдын өзүнүн иш-чарасы болот экен да. “Ашар” Кыргызстанга өз милдеттин аткарды. Анан өзүнүн ордуна кетти. Эгемендүүлүк алгандан кийин КДК бөлүндү, ошентип өзүнөн өзү жок болду. “Ашар” бүгүнкү күнгө чейин сакталып келди, өзүнүн социалдык багыты ачылды. Ошон үчүн чакан проектор болсо, ошолор менен иштешчү. КДК өзүнүн эгемендүүлүкө, көп партиялыкка жеткенден кийин КДК ошол эле группасынан бөлүндү, партия да болуп көрүштү. Бирок КДК өзүнүн ордун сактай алган жок. Ошондой сиз салыштырып аткандай дароо айтат. Асаба болгонго чейин “Майдан” иштеп аткан. Кыргыздын күчтүү гезити. Бирок “Асаба” кеткенден кийин “Кыргыз Руху” ушул сыяктуу көп эле гезиттер чыкты. 

Изилдөөчү: Аттарын айтсаңыз?

Респондент: “Ашар” деген гезит чыгарып ийди, “Мүрөк, Мөңгү, Заман” чыкты Түрктөр менен Манас академиясы чогуу.  

Изилдөөчү: Аларда дагы ушундай идеялар бар беле?

Респондент: Анан баарын “Асаба” басып салды.

Изилдөөчү: Эмне үчүн “Асаба” популярдуу болду?

Респондент: Асабанын өзүнүн ошо кездеги күчтүү электораты, биринчиден, мындай айтканда. Экинчиден, ошо кездеги окурманды тейлей алды. Анткени мен өзүм “Асабада” жазып жүрдүм. “Асаба” мындай айтканда бийлик менен элдин ортосунда, окурмандын талабын аткарып аткан. Ошондон кийин эле “Асабаны” жаап салганда, “Агым” болуп чыгып алды. Кайра эл өзүнүн ою менен кетти. “Асабадан” башка гезиттер чыгара башташты бийликтегилер. Атын өзгөрткөнү менен эч нерсе кыла албайт экен, а окурмандын союзу башка экен да. Раматылык Жолдош Зарылыкбеков. Жакшысын издеп окуучу, жүрөгүндөгү нерсенин тагдырын чечип, анан бийлик менен элдин ортосундагы айырманы ачык көрсөтчү.

Изилдөөчү: Сиздин эсиңизде барбы, мисалы үчүн Шайлообек Дүйшеев, Каныбек Иманалиев кандай макалаларды жазышчу? Ушул учурду чагылдырган бир нерселерди жазышчу беле? 

Респондент: Шайлообек Дүйшеев байкенин  жазгандары болчу мен көргөнүмдөн. Каныбек Иманалиев болсо Чокчолой баатыр деген ошо эле, ал эми интриганы жазган ошо. Псевдонимди койгондо дагы так койчу. Түгөлбай Казаков менен иштегем, Алым Токтомушев, анын анализдери аябай күчтүү болчу. Жаныбектин да материалдары күчтүү болчу. Ушундай күчтүү журналисттер иштечү, баары эле “Асабага”  кетебиз деп, мен деле кийин “Дин” деген гезитте иштеп жүрүп Маданиятка келгенде, Динде 15 миң тираж чыгарчук. Бирок ал деле чоң эффект берген жок да. Албетте ал кезде динге жаңы эме болуп аткан кез окурмандын санын көбөйткөнгө аракет кылдык 95-99-жылдары. Динге саясат салымын кошту, ошо аркылуу молдолорго билим берүү, молдолордон аттестация алуу дегенди киргизип алдык. Биринчиден эле молдолордун айырмасын билип алдык. Ачыкка чыгардык, ушундай нерселер бар да, бийликтин ичинде дагы көп көйгөйлөрү бар да. Канчалык мыкты болсо да жетекчилик бир эле. Кедей ошондойдо байып кетет. Бийликтен тышкары да башка байланыштары бар. Элден күчтүүлөрү чыкты.

Изилдөөчү: Т. Казаков беле  кыймыл жөнүндө бирдеме жазган бы? Байкеси Аман “Майданды” ачып атса.

Респондент: Казаков деле аябай анализделген эле материалдарын жазды да. Түгөлбай Казаковдун келгени чыгармачылыктан болуп калды. Баары эле келген, илгери ошо заманда бир буту КДКда, бир буту партияда жүргөндүн баары болду. Ыраматылык Топчуке деле КДКнын төрагасы болуптур. Кайра жанагы Биринчи май райкомдук партиянын биринчи катчылыгына шайлоо жүрдү, анан салгылашкан да. Ошондо партия болуп көпчүлүктү бөлүп алды да. Ошондойлор көп болду да. Айтсам жанагы “Өмүр көчүн” баштаган бириси деле кол коюп атат, экинчиси деле кол коюп атат.

Изилдөөчү:  Өмүр көчүн чагылдырган медиалар кайсылар болду? Кайсы жылдар болду?

Респондент: КТР чагылдырды, Кадыр Кошалиев баштаган “Жаштар гезити” деген 92-жылы. Кадыр Кошалиев башынан аягына чейин.

Изилдөөчү: Жаштар редакциясы, жаштар гезити турбайбы көбүнчө?

Респондент: Ошо кезде  ыраматылык Токтобай, бул киши көп нерселерди жасады, жардам кылды.

Респондент: Ошондо 90-жылы жаңы жылда биз белектерди алып-алып балдар үйүнө Военный Антоновкага бардык да. Ошонун баарын жазып чыгарды. Изилдөөчү компартиянын тушунда саясатка каршы деп Акаев деген эгемендүүк эркин мамлекеттин башчысы эле болду да, аны эл шайлаган жок да?

Изилдөөчү: Тескери чагылдырган медиалар болдубу ошо убакта? Кайсы медиалар? Эмнеге?

Респондент: “Вечерний Бишкек” алар башка улут болгон үчүн. Алар деген мындай неме тараткан мисалы баскынчылар, тоодон түшкөн жапайы элдер, тоого кайра чыгарыш керек деп  чоочундар. Аябай катуу жазчу. Булардын идеологиясы башка эле да. Анан ал кезде центральное телевидение деп койчу Времядан берип атты азыр ОРТ болуп калды.

Изилдөөчү: Ал эми орустардан колдогондор бар беле анча мынча болсо дагы?

Респондент: “Комсомолец Киргизии”

Изилдөөчү: “Комсомолец Киргизии”? Ким эле ал жакта?

Респондент: Замира Сыдыкова.

Изилдөөчү: А “Республика” гезитичи? Ал качан чыкты?

Респондент: Ал “Майдандан” кийин чыкты 1992-жылдары. Ал жерде Кубан Мамбеталиев болчу.

Изилдөөчү: Мени кызыктырган нерсе кыргыз тилиндеги жана орус тилиндеги журналисттер. Ошондо Замира Сыдыкованын “Республика” гезитинин тиражы канча болду ошондо? Демократиялык кыймылдын өнүгүшүнө байланышкан эмне  макалаларды жазып атты? Эмне темаларды көтөрүп атты? Мисалы үчүн “Ашарда” көбүнчө социалдык маселелерди, жер, үй жай. 

Респондент:  Белгилүүлөрдүн бары “Асабада, Мүрөктө” макала жарыялады.

Изилдөөчү: “Вечерний Бишкек, Комсомолькая правда” сынга алды, бирок “Комсомолец Киргизии” колдоду, э? КТРден келген жаштар программасы колдоду, э?

Респондент: Тоодон түшкөндөр кетиш керек деп.

Изилдөөчү: Эркин гезиттердин ичинен азыр мисалы үчүн “Кыргыз Туусу, Кыргыз Руху” жанагы “Асабага” чейинкилер самиздаттардан кайсыларды атайсыз?  Официалдуу чыккан эмес кол менен жазылып, кол менен чыгарып, ушундайлар бар беле?

Респондент: Баракчыларбы? Баракчылар болуп жүрдү. “Акыйкат” деген “Ак кеменики” го. Өзүнчө эле баракча эле. Көбү эсимде жок. Мөңгүнү айттым. Жаныбек Жанузаковдун “Фото кыйынбы же оңойбу” деген баракча чыгарган. Кийин анысынан “Каттамага” өтүп кетпедиби. Ошондой баракчылардан чыгып турчу. Бизде көп болчу, үйдө бар болчу.

Изилдөөчү: А сиз өзүңүз мемуар жазган жоксузбу?

Респондент: Биз “Үркүн. Өмүр көчүн” чыгарбадыкбы, “Ашардыкын” чыгарган жатабыз. Өзүмдүкү каражатка байланыштуу.

Изилдөөчү: Азыр деле Ашар иштеп жатат да ээ?

Респондент: Ооба, Азыр Роза Отунбаева менен иштеп келдик, чакан эле мекемелерде, фонддордо.

Изилдөөчү: Соопчулук сыяктуубу?

Респондент: Ошондойлорду, мындай чакан долбоорлор менен иштешип атабыз.