Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Смадияров Сыдык

Смадияров Сыдык

Активист

А: Өзүңүз жөнүндө кыскача тааныштырып кетсеңиз, агай.

С: Мен Смадияров Сыдык Акунович , 1963- ж туулгам, азыр эми Жалал-Абад областы болуп калды, анда Ош эле областы болчу, Ленин району, азыр Ноокен району. Рай.центрде бизде √1 мектеп бар эле, ошол мекиепти 1981-ж алтын медаль менен бутком.  Кийин Жданов атындагы азыр Санкт-Петербург университети болуп калды ,Ленинград мамлекеттик университетине тарых факультетине тапшырып 1987-ж бүттүм. Ошондон бери Ош мамлекеттик университетинде иштеп жатам. 1990-93- жж Бишкекте Кыргыз Улуттук университетинин аспирантурасынын күндүзгү бөлүмүндө окудум. Анан 1993- ж „Кыргыз Республикасынын автономия жылдарындагы мамлекеттик аппаратынын калыптанышы жана өнүгүшү“ деген темада кандидаттык диссертациямды коргодум. Азыр биздин факультеттеги Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология кафедрасында иштейм. 

А: 85-91-жж Кыргызстандагы болуп жаткан коомдук процесстер жөнүндө айтып берсеңиз

С: Ал убакта Советтер Союзу, бийлик, башкаруу партиянын колунда болчу да. Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин генаралдык секретары деген кызмат болгон , мына ошого Брежнев өлгөндөн кийин 1982-ж, биз анда студент элек, 1- курста, Андропов, Черненко алмашты, алар жашы жетип калган адамдар экен, экөө тең кыска гана убакыт бийликте турушту. 1985-ж Горбачев келгенден кийин, ал жаш, кайра куруу деген жараянынды баштады. Бул Советтер Союзунун эли үчүн бир топ эле жаңылык болгон. Кыргызстандыктар биз үчүн да анын башкаруу стили, эл менен мамиле кылуусу, эл аралык деңгээлдеги жүргүзгөн саясаты дагы мурдагы жетекчилерден кескин айырмаланды. Анын максаттары жакшы болгон, биз ошондон кийин 1960-80-жж сенектик мезгилде өнүкпөй , дымып калган учурдун натыйжасында Советтер Союзу бардык тараптан кризиске учурап турган мезгилде Горбачев туура саясат баштады деп баары эле колдогон. Бирок анын ошол башында койгон максаттары акыр аягына чыкпай калды. Себеби Горбачев өзү, анын айланасындагылар ошол жараянды толук көзөмөлдөп башкарып кете албай калышты. Башкарууну, көзөмөлдү колдон чыгарып жиберишти. 

А: Көзөмөлдөн чыгып кетти деп жатпайсызбы, кандай болуп көзөмөлдөн чыкты? Кайсыл коомдук жараяндарды көзөмөлдөн чыгып кетти деп айтса болот?

С: Бул биринчиден улуттук саясат боюнча. Советтер Союзунун мезгилинде деле бир топ республикалар ачык айтпаса да бары бир  „Кухонный разговор“ деп коёт го, ошол жерде айтылып эле жүргөн да. Советтер Союзунун, Коммунисттик партиянын башкаруусуна нааразы болушуп, айрыкча Прибалтика республикалары  жана Грузия сыяктуу республикаларда Советтер Союзунан бөлүнүү , өз алдынча мамлекетке айлануу жараяны башталды . Бул Республикалардын өнүгүп кетишине Советтер Союзу, Коммунисттик партия тоскоол болуп жатат, алардын өнүктүргөн материалдык байлыктарынын көпчүлүгү Борборго кетип республикакаларга тийиштүү жооп болбой жатат деген кине коюлган. Бул экономикалык себептерден. Анан албетте саясий турмушта деле ал мезгилде диссиденттер болгон, коммунисттик партиянын башкаруусун сындаган адамдар болгон. Алардын көпчүлүгү чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болушкан. Коомдун ичинде ошондой топтор болгон, мындайча айтканда, прогрессивдүү ой жүгүрткөн, башкарууну өзгөртүү зарыл деген. Бирок аны ачык айта алган эмес, анткени Совет мезгилинде көзөмөл катуу болгон, мындайча айтканда, тоталитардык административдик командаляк башкаруу. Ошончун Союз кулардын алдында биздин Республиканын да ошол мезгилдеги саясий жетекчилери курч маселелерди тез чече албай калышкан. Жөндөмсүз болуп калышкан, себеби баары Москваны карап көнүп калган. Майда чүйдөгө чейин Москванын көрсөтмөсү менен чечилип ал мезгилдеги жетекчилер ошого көнүп калышкан. Өз алдынча чыгармачылык менен эркин, чечкиндүүлүк дегендер болгон эмес, баары нукка салынып  Коммунисттик партиянын жер жерлердеги уюмдарынын чечимдеринен кийин гана мамлекеттик органдар кандайдыр бир чечимдерди кабыл алышкан. Ошондой башкаруунун стили түзүлүп калган. Анан 1988-ж коммунисттик партиянын 19-конференциясы өткөндөн кийин коомду демократиялаштыруу өтө тез жүрө баштады. Себеби ага чейин экономикалык, социалдык маселелер эле айтылып келсе,ошол конференциядан кийин саясий тармакка да өттү. Кийин эсиңерде болсо Эл депутаттарынын съезди да өткөрүлө баштады. Шайлоонун альтернативалык негизде өткөрүү сыяктуу жалпы коомдуу демократиялаштыруу жараяны жүрдү. Айыкындуулук, сөз эркиндиги, саясий уюмдар түзүлө баштады. Ошол жараяндар Кыргызстанда да башталган. Эң алгачкы ошондой демократиялык багыттагы түзүлгөн уюмдар клуб, кружок болуп баштаган башында. Мисалы Бишкекте негизинен жаштар „ Современник „ , „Демос“  деген коомдук уюм түзүшкөн. Бул негизинен ал мезгилдеги Фрунзедеги уюмдар болчу. Анан тарыхчылар дагы „Кыргызстандын жаш тарыхчылар коому „ деген уюмду түзүшкөн. Максаты эмне болгон? Эң биринчи ал жерде саясий талаптар коюлган эмес башында, элдин маданиятын өнүктүрүү, тарыхын изилдөө, Советтик тарыхнаамада бурмаланган маселелерди кайра кароо. Ал эми „Современник“,“Демос“ деген уюмдар да кыргыз элинин маданиятын , жаштардын социалдык абалына көңүл буруу боюнча болгон. 1989-ж тил маселеси көтөрүлгөн. Ошонун натыйжасында кыргыз тили мамлекеттик тил болуп калды. Окуу жайларда дискуссиялык клубдар түзүлө баштаган. Мисалы Ош мамлекеттик университетинде „Стрелы Азии „ деген дискуссиялык клуб түзүлгөн. Эми мындай клубдардын жакшы жагы эмне болду? Жаштардын саясий аң сезимин, эркин ой жүгүртүүгө тарбиялады. Алардын саны барган сайын көбөйө баштады. Ар бир шаарларда ошондой уюмдар түзүлдү. Анан акыркы келип 1989-ж демократиялык, коомдук уюмдардын өнүгүүсүндөгү өзгөрүш болгон. Бул мезгиден баштап ар шаарларда чачыранды болуп турган клубдар, уюмдар бир саясий кыймылга бириге башташкан.  Кыргызстан Демократиялык кыймылы деген кыймыл түзүлдү, ага ошондой демократиялык уюмдар, биринчи курултайы өткөндө 20 дан ашык уюм катышкан, кийин алардын саны көбөйүп кыскартып КДК деп койгон, анан жетекчилик уюму шайланган. Топчубек Тургуналиев,Казак Акматов, Жыпар Жекшеев. Жыпар Жекшеев ага чейин „Ашар“ деген коомдук уюмду жетектеп жүргөн. Негизинен Фрунзе шаарындагы жаштардын, биринчиден кыргыз улутундагылардын социалдык проблемалары турак жай, жер алуу маселесин чечүүгө салым кошкон уюм. Кийин саясий багыттагы уюмга айлана баштаган. Ошол саясий курумдардын койгон дагы бир негизги маселелери ,  Орто Азиядагы республикакалардын ичинен расмий бийликке оппозиция болгон күчтөр биринчи Кыргызстанда пайда болуп баштаган. Расмий бийликти, партияны, анын иштөө стилин, курч, социалдык маселелерди, тил маселесин ыкчам чечпей ыкшоолук кылгандарын сындап, париияны анан советтик системаны сындап, башкаруу системаны өзгөртүш керек деген талаптарды коё баштаган. Анан ошол аралыкта кайра куруу жараянын көзөмөлгө ала албай, анан жеп жерлерде улуттук кагылышуулар болуп кетти.

А: Борбордук бийликке каршылык көрсөтүүнүн формалары кандай түрдө болду? Ачарчылык жөнүндө айттыңыз, ошого окшогондорду кененирээк айтып берсеңиз 

С: Коомду демократиялаштыруу башталганда эң биринчи коюлган маселе Бишкекте анан Ошто саясий эмес социалдык маселе болгон.  Турак жай маселеси. Себеби биз билебиз, анча мынча интеллигенциянын өкүлдөрү деле айыл кыштактардан шаарга келгенде көп жылга чейин үй бүлөсү менен батирлерде жашап жүргөн. Жаштар шаарлар келген менен, биринчиден прописка маселеси абдан татаал маселе болчу. Квартира алуу же жер алуу – өтө курч маселеле болгон. Бул меселени бийлик чечкен эмес. Анан ушул маселени көтөрүп уюмдар түзүлүп, мисалы, Бишкекте „Ашар“ . Ошто болсо 1990-ж „Ош аймагы „ деген түзүлгөн. Биринчи койгон маселеси – кыргыз жаштарынан жер берүү болгон. Албетте мамлекеттик квартира жетишпейт. Өзүбүз куруп алабыз, жер бергиле деп маселе коюшкан . Ошону да чечкен эмес да. Бишкектегилер, „Ашар“ уюму башка жол менен барды, алар жыйналышып туруп бийликти сындап, өздөрү жерлерди басып ала башташты. Расмий бийлик эч нерсе кыла албай калды. Ош окуясы болсо трагедияга айланып кетти. Ош аймагынын уюштуруучулары, ошонун мүчөлөрү маселени коюшкан, анда Ош областы деп түштүк боюнча бир эле област болгон.  Ошону дагы ыкшоолук кылып, тез чечпестен мамлекеттик уюм, шаардын аткаруу комитеттери чечпей жүрө берип, анан өзбек тараптан „Адалат“ деген уюм түзүлүп кетти. Ошолордун ортосунда дагы тирешүү улуттук мүнөзгө айланып кеткен. Бул жерде айтыш керек, өзбек тарапта саясий түстөр да болгон, мисалы 1990-ж жаз айларына, коогалаңга чейин эле Өзбекстандын бир институнун кызматкерлери Москвага кат менен кайрылышкан. Кыргызстанда Ошто Өзбек автономиясын түзгүлө деген, бул факт. Анан Жалал-Абадда өзбек улутундагы 24 адам, аксакалдар, ал жерде Советтер Союзунун баатыры бар Розухан Азимов деген, эки Социалисттик эмгектин баатыры бар, баары партиянын мүчөлөрү, ал кезде партиянын мүчөлөрү ан сезимдүү, билимдүү адам эсептелинген да. 23 адам кол коюп алар да ошондой кайрылуу жасаган, туура эмес фактылардын негизинде. Москвада Нышанов деген жогорку Советтин улуттар кеңешинин төрагасына кайрылышкан. Аны биздин партиялык жетекчилер билген да, реакция болгон эмес. Айтып айтып кала беришет дегенби, кыскасы кайдыгерлик мамиле болгон.  Ошол мезгилде Кыргызстандын биринчи секретары Масалиев болчу. Кызыгы ошол Жалал-Абаддыктардын кайрылуусун Өзбекстандын жетекчилигине жиберип жиберишкен. Эмне үчүн андай кылышкан өздөрү реакция кылбастан? Анан ошолорду көргөн кыргыз жаштары, уюмдары, прогрессивдүү, демократиялык көз карашта ой жүгүрткөн адамдар расмий бийликтин кетишин талап кылып баштаган. Айрыкча ошол Ош коогалаңы, Өзгөндө аябай өлүм көп болгон, ошону бийлик токтото алган эмес. Бийликтин эң негизги милдети мамлекеттин атуулдарынын коопсуздугун, укугун коргоо болуш керек да , бийлик ошого кепилдик бериг керек, бирок аны жасай алган эмес. Бул жерде албетте биринчи лицолордун күнөөсү бар. Анан ошолор болуп кеткенден кийин коомдук уюмдар да маселени кабыргасынан коё башташкан. Эгерде мурда негизинен социалдык, экономикалык, маданий, тил маселеси коюлган, кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп. Ал кезде Ош мамлекеттик педагогикалык институту болчу, тарых факультетиние студенттери да аябай активдүү иш алып барышкан. Мындайча айтканда, кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп кабыл алынып калышына жаштар дагы салымын кошкон. Личностторго келе турган болсок ошол эле маркум Топчубек Тургуналиев , ал кишини бекеринен кыргыз демократиясынын атасы деп айтышпайт да, анын негизи бар. Анан мына азыркы тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин, Жыпар Жекшеев, Казат Акматов , Айдаров, Сапаралиев сыяктуу интеллигенциянын өкүлдөрү ошол мезгилдеги Кыргызстандагы демократиянын коомго таралуу жараянынан салымын кошкон.  Тилекке каршы азыр интеллигенция андай болбой калды. Ал мезгилде интеллигенциянын өкүлдөрү коомдук демократиялык кыймылдардын идеологу болгон десек болот . Себеби, коомдук кыймылдардын уставы, программалары түзүлгөн, ошондо интеллигенциянын өкүлдөрү жардам берген.

А: Ушул интеллигенция, уюмдардын өкүлдөрүндө тил маселеси, тарых маселеси канчалык рол ойноду?

С: Эми жалпы алганда бул процесс коомдун бардык тармактарына жайылды, анын ичинде илим тармагына дагы. Мурда советтик тарых наамада чектөөлөр болгон да, коммунисттик идеологиянын көрсөтмөсү менен анын рамкасынан чыга алган эмес тарыхчылар. Андан чыккандар куугунтукка алынган. Мисал үчүн, юридика илимдеринин доктору Кубанычбек Нурбеков деген болгон, ал киши Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн өнүгүшү жөнүндө, анын этаптары, укуктары жөнүндө жазган. Анан бизден тарыхта билебиз 1921-22 жж Кыргызстанда Тоолуу кыргыз областын түзүү кыймылы болгон. Ал биротоло ишке ашпай калган, мына ошол кыймылды Советтик тарыхнаамада бир беткей гана терс мүнөздөгү, Буржуазиялык, Кыргызстанды Совет өкмөтүнөн бөлүп кетүүгө аракет кылган кыймыл болгон деп бааланып келген. Чындыгында андай болгон эмес. Кийин гана эгемендүүлүк жылдарында ачык жазып жатабыз. Мына ошол Кубанычбек Нурбеков, ошол кыймылды, тарыхый чындыкты жазып , ал бийлик тарабынан куугунтукталган,кызматынан төмөндөтүлгөн. Тургунбеков деген юрист болгон, ал киши дагы мына ушундай позицияда турганы үчүн бир топ запкы жеген. Партиянын көрсөтмөсү менен, бизде деле  1984-ж чыккан академиялык басылмалада Энесай кыргыздары менен Тенир-Тоо кыргыздарынын байланышы жок, эки эл, Энесай кыргыздарынын негизинде азыркы хакас эли калыптанган деген концепция киргизилип  калган. Бул биздин тарыхыбызды өтө одоно бурмалоо болгон.

А: Тарыхый коомчулук бул академиялык басылманы кандай кабыл алды?

С: Ал өзү орус тилинде 4 том болуп чыкты. Кийин кайра куруу башталап, аңтар төңтөр башталганда 5-том чыкпай калды. Тарыхчылардын ичинде чыныгы илимпоздор бул концепциянын туура эмес экенин билишкен, бирок ачык айтып каршы чыга алышкан эмес, себеби ал кезде партиянын бийлиги аябай күчтүү болгон. Мисалы Кушьек Үсөнбаевге окшогон тарыхчылар. Анан ошол эле кезде партиянын камчысын чапкан тарыхчылар да болгон да , идеяны ошого окшогон тарыхчылар берген. Кийин анан Союз кулагандан кийин, ал оңдолуп, азыр биз кайра кыргыз элинин өзөгүн Энесай кыргыздары түзгөн деп окутуп жатабыз. Бул туура, тарыхый факт. 

А: Ошол убакта неформалдуу жерлерде сүйлөшүшчү беле? Бул партиянын көрсөтмөсү болуп калды деген сөздөр болчу беле?

С: Эми албетте, андай сөздөр, талкуулар болгон. Бирок эчким тайманбай, ачык, бул туура эмес болуп калды деген сын болгон эмес. Бул жерде бир жагынан мындай идея болгон, кыргыздарды биз башка жактан көчүп келген келгин эл дебестен, ушул жердин түпкүлүктүү калкы болгон деп окутушубуз керек деген туура эмес ой жүгүртүү болгон. Анан ошого таянып алып азыр Кызыласов деген хакастардын тарыхчысы азыркыга чейин жазып жатпайбы. Энесайдагы кыргыздардын мамлекети, Улуу Кыргыз Дөөлөтү байыркы хакастардын мамлекети , кыргыз жөн эле башкаруучу эл болгон деп. Менимче Хакасияда гы мектептерде, ЖОЖдордо ушундай окутулат. Ошол эрте орто кылым доорундагы кыргыз мамлекети бул байыркы хакастар болгон деп. Бул факт бар. 

А: Тил маселесине токтолуп калдыңыз. Ошол учурда эмне себептен кыргыз тил маселеси коомдук демократиялык кыймылдардын бир программасына кирип калды?

С: Ар бир улуттун, мен ушул улуттун өкүлүмүн деген түшүнүк биринчи тилден башталат. Улуттун өзгөчөлүгү өзүнүн тилинде, менталитетинде , психологиясында туурабы. Анан улут маселесинде эң биринчи эле тил кандай өнүгүп жатат деген маселе коюлат. Бул маселе жаңылык болгон эмес. 20-30-жж ушундай саясат жүргөн, бул саясатты борбор деле колдогон. Сталиндин керт башына сыйынуучулук орногонго чейин демократиялык көрүнүштөр болгон. Ошондо ар бир улут эң биринчи тилин өнүктүрүш керек да. Өзүнүн тилинде жазуусу, мектеби болуш керек, мамлекеттик документтер кыргыз тилинде, сот кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек. Ошондо коренизация деген саясат болгон. Муну партиялык, мамлекеттик уюмдар колго алып, жергиликтештирүү , жергиликтүү элдин тилин билүү, ар бир мамлекеттмк иште иштеген чиновник жергиликтүү элдин тилин билиш керек деген саясат болгон , курстар уюштурулган. Бул саясат 1934-жж чейин жүргөн. Жакшы эле таасири болгондугу. Болгон 1935-жж баштап бул меселе токтогон, ошондон кийин кайра көтөрүлгөн эмес. Исхак Раззаков бийликте турганда бул маселени кайра көтөргөн. Мисал үчүн орус тилдүү мектептерде кыргы тилин окутуу. Кийин Исхак Раззаковду бийликтен алганда Москванын койгон күнөөсүнүн бири да ушул болгон. Улутчул деп күнөөлөгөн. Өзүнүн тилин өзүнүн Республикасында өнүктүрүүнү борбор улутчулдук катары кабыл алган. Бул мезгилде орусташтыруу саясаты аябай күч алып калган мезгил болгон. Анан бара бара улут жоюлат, совет эли деген жаңы коомчулук калыптанатудеген идеология болгон. Бирок эчким маселе койгон эмес, улуттар бириксе кайсыл тилде сүйлөйт, улуттардын өзүнүн тили, каада салты эмне болот деген. Анан ушундай абалга келип калганбыз, орус тилин билген адам билимдүү, алдыңкы, азыркы тил менен айтканда цивильний деп кабыл алынган. Ошончун орус мектепте окуган кыргыз балдар деле 10-11- классты кыргыз мектебине которулуп, кыргыз аттестат алган. Ал эмне жеңилдик берген? Алар орус мектепте окуп орус тилин жакшы билишет. Кыргыз мектепте окуп баргандар Жогорку окуу жайга тапшырганда орус тилинен диктант жазышкан, орус мектептен баргандар сочинение жазышкан. 

А: Ошого каршы болгон адамдар болду беле? Белгилүү адамдардан, эмнеге ушундай деп 

С: Эми жалпы саясат ушундай болгон дак, анан интеллигенциянын өкүлдөрү деле өзүнүн балдарын келечекте бир жакшы окуу жайын бүтүрүп, жакшы кызматта иштесин деген жакшы максаттары менен орус тилин үйрөткөнгө аракет кылышкан. Айрыкча шаарларда бала бакчадан тартып мектептердин баары орусча болгон да. Бишкекте бир эле 5- мектеп кыргызча болгон. Саясатка эл да , интеллигенциянын өкүлдөрү да акырындап ыктап баштаган. Бирок тар чөйрөдө жанагындай маселелер талкууланган. Биздин тилибиз ушундай болуп баратат деп. Анан ал жанагы кайра куруу доору башталганда, Советтер союзундагы бүт оорулар ачыкка чыкты. Ошолордун ичинен улуттун өкүлдөрүнүн эң биринчи койгон маселеси кыргыз тили болгон. Мамлекеттик макам бериг керек деп. Ага биз жетиштик, бул жакта маселе болду. Бирок тилекке каршы азыр деле кыргыз тилинин абалы жакшы деңгээлде эмес. Орустар, башка улуттарды мындай коёлу өзүбүздүн кыргыз улутундагы балдар, кыздар адабий кыргыз тилие билип, жазып сүйлөшө албайт. Аны фейсбукка кирсеңер көрөсүңөр. Бексултан Жакиев айткандай кыргыз тили базардын тилине айланып калды. Бул туура эмес, башка улуттарга биздин тилди үйрөнбөйсүңөр деп кине койгондон мурда биз өзүбүз ошол тилди мыкты билишибиз керек. Анан зарылчылык түзүлүш керек да, тилди билиш үчүн муктаждык түзүлбөсө аны эчким үйрөнбөйт. Бирин серин адам үйрөнүшү мүмкүн, аң сезими, интеллектуалдык деңгээли, интернационалдык сезими өтө күчтүү адамдар. Тилди массалык үйрөнүү үчүн муктаждык жаралыш керек, мен бул тилсиз иштей албайм, окуй албайм деген. 

А: Дагы бир маселенин айтып кеттиңиз, шаарларда турак жайлар жетишпей, социалдык маселелер болчу деп , ошол улуттук негиш байкалып турчу беле социалдык маселелерде?

С: Албетте, мындай караганда бары бир ошол мезгилде турак жайларды, ал кезде мамлекеттик турак-жай болгон, ага кезекке туруп акысыз алган. Мисалы үчүн кыргыз кезекке турса 10-15 жыл тура бериши мүмкүн, орус улутундагы кезекке турса кандайдыр бир жолу менен эртерээк алып калган көрүнүштөр болгон.

А: Бул тезирээк жетиши мамлекеттик деңгээлде коррупциялык көрүнүштөрдүн болгонунан кабар береби же система ушундай улуттарга бөлгөнбү?

С: Жок алар башка жолдор менен жең учунан сүйлөшүп, кезектешип жылдырылып мүмкүн. 

А: Же атайын мыйзамдар бар беле? Башка жактан көчүп келгендер, инженерлерге бериш керек деген.

С: Жок андай жеңилдиктер болгон, мисалы Кыргызстанда кайсы бир адис жетишпесе башка Республикадан же борбордон кандай шартта алып келет, ошондой убадалар менен да, барганда турак жай беребиз же айлык акың жогору болот деген. Андай учурлар болгон. Мен жалпы көрүнүштү айтам, жалпы турак жайды мамлекет берген акысыз, анан ошол кезек менен алганда жанагындай көрүнүштөр байкалган. Анан экинчиси эң майлуу жерлерде, айлык акысы жогору кызматтарда көбүнчө орус улутунун өкүлдөрү иштеген. 

А: Анын себептери, кандай факторлордун натыйжасында ушундай көрүнүш келип чыккан. 

С: Бул эми, Советтер Союзунда үстөмдүк кылган улут, саны жагынан да орус улуту болгон. Анан бары бир орустарда да улутчулдук, шовинисттик көрүнүштөр болгон. Бул эми факт. 

А: Ошол убактагы демократиялык кыйсылдардын, уюмдардын, дискуссиялык клубдардын ичинде же жалпы эле интеллигенциянын арасында эгемендүүлүк алабыз, Кыргызстан өз алдынча болушу керек деген сөз кайсыл убактан баштап көбүрөөк айтылып баштады, кимдер айтып баштады?

С: Бул эми ошол кайра куруунун деле бир нече этаптары бар да,1985-ж башталса саясий багытта көп талаптар коюлган 1989 , айрыкча 90-жж баштап коюла баштаган. Ошол эле КДК ошондой талаптарды коюшкан . Жетекчилер караманча каршы болгон ага. Мен аспирантурада окуп жүргөндө Абсамат Масалиев менен жолугушуу болгон Семетей балдар борборунда. Ал мезгилде көп республикакалар өздөрүнүн президенттерин шайлай баштаган. Анан Кыргызстанда да ошондой талап коё башташкан демократиялык күчтөр. Ошоо эле Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу адамдар. Абсамат Масалиев „Ушул кантип болсун, бир өлкөдө бир эле президент болушу керек „ деп айткан. Мой адрес советский союз деген ыр ошондон калган да. 

А: 1990-жылдагы референдум бар го, СССРди сактап калуу боюнча, ошол окуялар жөнүндө бираз айтып берсеңиз 

С: Эми , жалпы Советтер Союзунда ушундай көрүнүш башталган да, борбордон качкан күчтөр көбөйө баштаган. Союздан чыгыш керек же түзүмүн өзгөртүш керек деген. Кийин чыкты го суверендүү республикалар союзу болушу керек деген. Советтер союзунун сакталып калышын каалайсызбы дегенде, эгер кала айтпасам 70% ы „ооба“ деп добуш берген. Бирок ага карабастан союз кулады. Жаңы келишим даярдала баштаган, кол коюш керек болгондо СССРдин жетекчилери 1 күн калганда Горбачевди Фороско жиберип жиберишип, Янаевдер Москвада 19-21-август ГКЧПны уюштуруп жатышпайбы, ошол окуя Советтер Союзунун кулашынын катализатору болгон. Себеби Союздан чыгууну каалган күчтөр биротоло ынанышты. Анан ортодо олку солку болгондор деле бер жакка оой баштады да. Анан Советтер Союзунун жоюлушу тездеп кеткен. Анын жоюлушу деле мыйзамсыз болгон. Мисалы Славян республикаларынын жетекчилери чогулуп алышып Россия, Белоруссия, Украина Советтер Союзу жоюлду деп кол коюп, ал укуктук жакан мыйзамсыз. Бирок абал ушундай болуп калган, укуктулукту, мыйзамдуулукту көтөрүп бир да лидер чыккан эмес. Ошону менен союз кулады. Алматыда СНГнын түзүлүшү жөнүндөгү декларацияга кол коюлду. Ошону менен союздан ажырадык 

А: Ошол мезгилдин изилдениши жөнүндө эмне айта аласыз, Кыргызстандын тарыхында же башка жактан келген илимпоздор тарабынан 

С: Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы деп коёлу, 1980-жж баштап, эгемендүүлүк жылдарында деле бир топ орунтуу саясий окуялар болуп кетти. 3 революция болду. Анан ошол союздун кулашы, бул туура болдубу, туура эмес болдубу, кайсыл факторлор аны тездетти сыяктуу маселелер Кыргызстандын тарыхында, кыргыз тарыхчыларынын ичинде өтө жакшы изилдөөгө алына элек. Саясат таануучу бар Акуновк, ушул мезгилди иликтеп жүрөт, жакшы изилдөөлөрү , эмгектери бар. Сааданбековдун эмгектери бар. Бул темалар боюнча доктордук диссертациялар деле жакталган. Мен билгенден Галиева Зайраштын изилдөөсү бар. Анан Эсенкулов да бар. Ошол мезгилдин катышуучаларынын дагы өзүнүн жазган мемуардык мүнөздөгү эмгектери бар. Абдыганы Эркебаевдики бар. Эгемендүүлүк жылдарында саясий түзүм кантип калыптанды, биринчи президент кантип шайланды. Ошол эле маркум Абсамат Масалиевдин „Бедное наше отечество „ деген китеби бар. Осмонакун Ибраимовдун эмгектери бар. Алар ошол окуялардын түздөн түз катышуучалары болгон. Жөн эле катышуучу эмес алар мамлекеттик эң жогорку кызмарттарда турушкан. Балким кайсы бир документке кол коюуга катышкан. Мисалы Абдыганы Эркебаев парламенттин спикери болуп иштеген, Осмонакун Ибраимов болсо мамлекеттик катчы болгон. Жумагул Сааданбеков элчи болуп да иштеген, окумал, сабаттуу киши, өзүнүн анализдерин жасап, жакшы фундаменталдык эмгектерин жазган.

А: Башка архивдик булактар, медианын кайсы жактарынан тапса болот, изилдейм деген адам?

С: Массалык Маалымат каражаттарындп бул окуялар байма-бай чагылдырылып турган, айрыкча азаттыктын архивин колдонсо болот. Анан республикалык газета журналдарды жана мамлекеттик эмес, себеби мамлекеттиктер бир жактуу чагылдырылып калат. Бир мезгилде аябай элдин сүймөнчүгүнө айланган „ Асаба „ деген газета болгон, Мелис Эшимканов. Анан албетте документалдык булактарды караш керек болсо мамлекеттик архивдерди, саясий партиялардын архивдерин караш керек болот. Анан албетте КГБнын архивдеринде бул саясый окуялар чагылдырып сакталган болуш керек. Анын айтып жатканымдын себеби 1990-жж Ош, Өзгөн окуясы боюнча Талант Разаков деген ошол мезгилдеги КГБнын кызматкеринин „ Ош коогалаңы „ деген эмгеги жарык көргөн. Ошол жерде ал өзү окуя бүткөндөн кийин КГБнын адамдары күнөөлүүлөрдү издеп таап, тергөө жүргүзүп, алардын түшүнүк каттарын жаздырып сакталып калган, ошол кездеги КГБнын партиялык жетекчиликке берген маалыматтары китепчесине келтирилген. Алар ар кандай коомдук уюмдарга да мүнөздөмө беришкен. Эмне болуп жатат, кандай иш жүргүзүп жатат деген. Ошол эле „ Ош аймагын“ Бектемиров деген түзгөн да. 12 000 ге жакын мүчө болуп, Ош коогалаңы башталып кеткенде Бектемиров башкара албай калган. Жанында бирге уюштуруп жүргөн адамдары да аны укпай коюшту деп жазып жатпайбы. Ушул дагы бир фактор болгон  .

А: Ошол Ош аймагындагы активдүү кишилерди тааныйсызбы?

С: Бектемиров кийин университетте бизде иштеп жүрдү, политологиядан сабак берип, кийин кетип калды.

Чоң рахмат агай