
Султан Раев
Изилдөөчү: Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
Султан Раев: Мен, Раев Султан Кыргыз Эл Жазуучусу, жазуучу-драматург ошол эле учурда өзүмдүн турмуш куруму газеттен баштагам. Өз кесибим журналист. Кыргызстандагы алгачкы эркин гезиттеринин биринчи редакторлорунан болгом. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Илим Билим Маданият Министрлигинин орун басары болдум. 2005-жылдан 2010- жылга чейин Кыргыз Маданият Маалымат Информация Министри болдум. Андан кийин 2010- жылы биринчи президент болгондо анын артынан советник болгом. Кайра 2013, 2014, 2015 министр болдум. Андан кийин бир топ кызматта жүрдүм, бош болдум ошондой кыскача айтканда. Негизи чыгармачылык менен, жазуучулук, драматург катары көптөгөн китептерим чыккан. Чет элде дагы басылып чыккан китептер Лондондо, спектальдер Лондондо, Москвада, Европа өлкөлөрүндө, драматург катарында билишет мени. Негизи өзүм жөнүндө ошондой кыскача.
Изилдөөчү: Сиз 1986-1991-жылдары кылган эмгектериңиз жөнүндө айтып берсеңиз?
Султан Раев: 1986- жылы мен “Кыргызстан Маданияты” деген гезитте иштедим. 1991 жылы “Кыргыз Руху” гезитинин редактору болдум.
Изилдөөчү: Ошол 1986-жылдан 1991-жылга чейин Кыргызстанда ар түрдүү демократиялык уюмдар, кыймылдарды өзүңүз ушул журналист катары гезиттерде кандай чагылдырчу элеңиз? Кандай материалдарды жазгансыз? Ошол жөнүндө айтып берсеңиз?
Султан Раев: Эми бул жөнүндө айтыш айтуудан мурда ошол кезде саясий фонду, тенденцияны айтыш керек да. Бул негизинен Советтер Союзунун, Совет системасын биле электерге, мезгилдеги доор болуп эсептелет. Ошол мезгилде биздин Советттер Системасында жаңы тренддер чыккан да. Бул Горбачевтун тушунда «новое мышление» деген, кайра куруу деген ошондой бир процесстер жүрдү. Ошол учурда именно мен окуганда биздин мурдагы Совет мамлекеттерде движение же кыймыл башталды. «Саясий аң-сезим», «улуттук аң-сезим кыймылы» башталды. Бул биринчи кезекте Прибалтика өлкөлөрү, Закавказье, Грузияга байланыштуу ушул өлкөлөрдө башкача бир тенденция кетти да. Бул Совет Системасынын кулап бараткан акыркы мезгилдеринин доору болду. Ошол кезде көптөгөн саясий партиялар, саясий кыймылдар, саясий топтор пайда болду. Ошол учурда эң башкысы улут маселенин негизги лейтмотиви эмне болду. Биринчиден улуттук аң- сезимдин ойгонушу да, ар бир өлкөдө улуттук аң-сезимдин жандалышы башталды. Ал эмнеге байланыштуу, биринчи кезекте тилге байланыштуу болгон. Бардык мамлекеттерде тил маселеси номер бир маселе болуп чыккан. Экинчи маселе ар бир өлкө өзүнчө көз карандысыздыкты алуу, же бир относительно ошол Москвадан кичине либералдуу, либералдык бир маанайда эркинирээк деген аракеттер башталды да. Ошол мезгилдеги фонду чоң саясий активдүү, активтештирүү жанданды баардык өлкөлөрдө. Ал эми негизги маселелерин айттым. Эң башкысы ошол Советтик тоталитардык системадан кутулуунун, ошол өзүнчө эркиндике жетишүүнүн негизги максаттары ошол эле учурда элдердин өзүнчө көз карансыздык идеясы пайда болуп ошого аракеттер аябай көп болду. Бул багытта жана айттым бир топ ошол мезгилде Россияда Собчак деген болду, Прибалтикадан саясатчылар болду. Ошондой форумда, албетте, Кыргызстан билесиңер да любой нерсени туурайт да. Мындай аң-сезимдүү же механическиби же мындайбы бизде ал нерселер башталды. Бул биринчи кезекте Бишкек шаарында башталды. Бишкек шаарында ушул союз боюнча Бишкектеги эң чоң маселе жарандардын жашаганга батир, үйү жок ошондой өтө социалдык кризисти жараткан. Ошонун алкагында жаңы кыймылдар башталды, жаңы кыймылдар пайда болду. Жыпар Жекшеев, Асаналиев дагы көптөгөн адамдар болду да кыймылдын башында болду. Алар биринчи кезекте өздөрү социалдык маселени коюп аткан жер маселени чечсек, үй алып берсек, анан бара-бара күчтөнүп саясий өңүткө өттү. Айрыкча ушул 1991-жылдары Кыргызстанда өзгөчө бир кырдаал түзүлүп бул Ош окуясы. Андан кийинки кризистер Коммунистик партиялар акыркы алып барып аткан доору Масалиев,ошого байланышкан аракеттер көп болду. Өзгөчө жаштар турду кыймылдын башында. Кыргызстан алгачкы өз эркиндигине болгон аракетине бир кыймыл катары бааласак болот да. Мен албетте айтар элем, бул ушул бизде мындай институт ар түрдө саясий партиялар ал кезде калыптанбаса деле, бирок айрым бир лидерлер бар. Ошол топту алып кете турган, топту колго ала турган лидерлер пайда боло баштады. Бул жерде КДК партиясы негизги биринчи скрипканы ойноткон десем мен жаңылышпайм. КДК Кыргыз Демократиясында алгачкы мындай бир саясий партиялардын бири катары эсептелет. Бирок, ошол эле учурда ошол кыймылдын негизги трибуну негизги мындай бир жол башчысы катары өмүрүн саясатка арнаган ,бүт өзүнүн идеяларын арнап койгон жалгыз киши бар эле, эч бир сатылбаган, эч бир бийликке сатылбаган, бийликтин сөзүн сүйлөбөгөн Топчубек Тургуналиев. Каалайбызбы, каалабайбызбы жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү Топчубек Тургуналиев биринчи ошол эле адамдардын бири болгон. Өзүнүн өмүрүн сайып коюп, түрмөгө дагы түшүп келди, баардык жактарга барып келди Топчубек Тургуналиев эч качан компромисске барган эмес өзунүн принциби үчүн. Башка саясатчыларда андай болгон жок, компромисске барган, же мындай кызматтарга кетишкен, же дагы жылуу жерге барышкан. Жок. Топчубек Тургуналиев өзүнүн келечегине акыры аягына чейин турган киши да. Ушул киши негизги ролду ойногон деп айтса болот. Ошол эле учурда бир топ лидерлер пайда боло баштады Таабалды Эгембердиев, Өмүрбек Абдрахманов, Өмүрбек Текебаевтар жаңыдан саясатка киришкен. Жаш саясый күчтөрдүн өкүлдөрү болчу. Алар жаңыдан саясатка кирип аткан мезгил болчу. Биздин Кыргызстандагы кыймылдар бара-бара жандана баштады. Алардын ролу саясий жактан дагы мындай бир принцип анан дагы кичине өзүнүн туруктуулугун көрсөтө турган аракеттер болду да. Негизи 1985–1991-жыл Кыргыз тарыхындагы козголуштун ички козголуштун, жан дүйнө козголушун, аң сезимдин козголушун, улуттук сезимдин козголушун, саясий козголуш катары эсептесе болот. Биздин Демократиянын негизи түпкүсү ушул 5 жыл убакыт, калыптанган өзгөчө бир маданият болуп эсептелет. Ошол учурда биринчи Кыргызстанда эркин гезиттер пайда болду. Алар эч мамлекетке баш ийбеген, ошол кезде эркин гезиттер аябай күчтүү чыкты. Ошол “Республика”, “Кыргыз Руху” гезити. Мен айтар элем Кыргызстандагы бүгүнкү эгер сөз эркиндиги барбы десе, бар деп айта турган болсо түпкү негизги ушул үч гезит калыптандырды десе болот да. Бизде мисалы үчүн гезитте иштедик, биздин өзүбүздүн принцип учурда гезитти чыгарыш эч бир күчтөрдүн жетегинде калбай, эч кандай бир байлардын жетегине калып, спонсордун жетегине калып деген нерсе бизде болгон эмес бизде. Пресса үчүн өзүбүз ачка калсак дагы, ток болсок дагы ошондой маселени көтөрүп, бийликти аябай катуу критика кылганбыз. Ошол алгачкы президент Аскар Акаевти, ошол коммунистик партиянын айрым лидерлери ошол мезгилдеги общественный тенденцияны аябай, мындай бир эркин өз көз карашыбызды билдиргенбиз. Мен айтайын дегеним ошо косяктан биздин эркин ойлоо, эркин көз караш, эркин ой жүгүртүү маданияты алгач ошондо калыптанган болчу да. Бул биздин негизи журналистикадан, журналистика бүт Кыргызстанда чоң роль ойногон. Кыргызстанда ошол мезгилде демократиялык аралча деп ушундай бир Американын эксперттери, батыштык эксперттер ошондой деп баалаган. Себеби, Кыргызстанда сөз эркиндиги башка өлкөлөргө караганда алда канча жогору болгон. Азыр деле тенденция ошондой. Борбор Азиядагы эркин басма сөз бул Кыргызстанда мен айтар элем. Азыркы журналисттерди айтып атпаймынбы ошого окшогон деңгээлде депчи. Бирок ошол мезгилде ошондой болгон ошол процесс болгон. Себеби ошол мезгилдеги журналисттер биринчи “плеяда” деп коёбуз алар дагы көз карама болуп калган да, таптакыр эркин басма сөздүн принциби бузулмак да. Ошого карабастан өзгөрүлүүчү нерселер Замира Сыдыкова өзүнүн макалалары үчүн, жарыялаган публикациялар үчүн, өзүнүн гезиттеги позициясы үчүн камалып келген, түрмөдө отуруп келген. Бирок эч качан өзүнүн принцибин саткан жок. Ушундай журналистер, редакторлор болгон. Эми азыркылар, честно говоря без грамотные журналисты, баардыгы жазганда: аналитика жок, ой жок, масштабдуулук жок бул жердечи, ошол учурда бизде авторлор бар болчу да. Мисалы үчүн, Сатыбылды Жээнбеков деген билесиңер улуу киши, биздин редакцияда макалаларды жазчу, Салижан Жигитов жазчу, Ишенбай Абдразаков жазчу, Кусеин Исаев жазчу көптөгөн көптөгөн Топчубек Тургуналиев гезиттен түшчү эмес, Дооронбек Садырбаев. Себеби алдыңкы мысльда жүргөн кишилердин баары гезит беттеринде жүрдү да, себеби алар айткан сөздөрү, көз караштары массага чоң таасир берген. Ошондуктан биздин саясий аймагында калыптануу эмес ошол эле учурда элдин башын эркин сөз, сөз эркиндиктин айрымындагы калыптануу жылдары болгон. Ал эми кыймылдар боюнча. Ар кандай кыймылдар болду. Социалдык мүнөздөгү, агрардык мүнөздөгү кыймылдар болду, ошондой эле саясий мүнөздөгү кыймылдар болду. Бирок ал бара-бара калыптана баштады деп айтсам болот. Анан кийин саясий партиялар көп пайда болду. Жаздан кийин жаңыдан жанагы негизи бизде айтып коюш керек саясий партиялар как институционалдык түрдө азыркыга чейин калыптана элекпиз да. Саясий партия деген эмне? Партиянын эң башкы көзөмөлдөө принцип. Туурабы. Принцип үчүн партиялар ошого күрөшөт. Азыр бизде баардык нерселер полный деградация болду. Принциптер, көз караштар, партийность дагы. Эч бир, бир ойлордун хаосун ачып атабыз да. Мисалы үчүн, Түркияда, башка чет өлкөлөрдө партиялар өз линиясын так алып кетет, өздөрүнүн линиясы менен кетет. Алар эч качан экинчи партия менен соодалашып же бир нерсе кылбайт. А бизде без принциптүү аракеттер көп да бизде, ошондуктан биздеги мынагы коомду өнүктүрүү, эгер биз саясий партиялардын ролун көтөрөбүз же аларды институционалдык түрдө калыптандырабыз десек, дагы бизге 30-40-50 жыл бар. Аны бизде «фиксия» деп койот. Фиксия болот саясий партияларда. Бизде негизги саясатчылар көпчүлүгү аренадан кетти. Жаңылар келди. Алардын бардыгы бир агымдын, инерциянын күчү менен келип атат. Ал эми лидерлерде күч алып чыгат, лидерлерди принцип алып чыгат, лидерлерди кыймыл алып чыгат, эл алып чыгат жана лидерлерди иреттеш керек. Бизде азыр андай партия жок да. Туурабы. Бардыгы элдин аң сезимин бузду, нравственность, ыйман жөнүндө айтпай эле коёюн. Ошол эле учурда бизде чоң кандай бир саясий абалдык кризис болуп атат деп айтсак болот. Ошон үчүн, албетте, Кыргызстан уникалдуу өлкө, уникалдуу көз караштардын өлкөсү. Четтегилер дагы айтат, Кыргызстандын өзүн айта албайбыз, болжоп айта албайбыз деп бүгүн кандай болот, эртең кандай болот. Туурабы. Ар ким ар кандай зерикпейсиңго, э.
Изилдөөчү: Агай мындай суроо жаралып атат да. Азыр сиз сөз эркиндиги жөнүндө айтып кетпедиңизби. Эгер 1986-1991-жылдары Кыргызстанды башка ошол эле Прибалтика өлкөлөрү, Россиядагы жаңы кыймылдар, Украинадагы кыймылдар “белгисиз республика” демократия үчүн күрөшпөйт, койчулардын мамлекети деп күнөөлөп жазган экен. Бирок сиз айтып кеткендей кантип ушул сөз эркиндиги 86-жылдан 95-жылга чейин демократиялык аралчага Борбордук Азияда айлана алды?
Султан Раев: Ошол мезгилде ошондой бир ярлыктар тагылган Кыргызстан боюнча. Просто Россия саясатчылардын мындай бир ярлыктары болгон да, бизди ошентип кемсинтип, бул деген ушундай өлкө да бышып жетилген эмес чийки өлкө деп. Буларда эч качан мындай нерсе болбойт депчи, бирок ошого карабастан канчалык бир космикалык ылдамдыкта ошол нерсеге аң — сезим пайда болбодубу, именно Борбор Азия өлкөлөрү Өзбекстан кандай дешти пахта окуясын чубап чыгышты. Ошол мезгилде Союз кулаардын алдында ушул өлкөлөрдү жаман көргөзүү аракеттери болду. «Өзбекстан-пахта мафиясы» дегендер бардыгын биринчи секретарга чейин айтып, Түркмкенистанда дагы ошондой маселелер. Кыргызстанда дагы болду бул маселелерчи. А, бизди пассивдүү деп эл аралык коомчулукка тескери жагыбыздан, неспособный өлкөлөр булар, өзүн-өзү башкарууга кудурети жок буларда, эркиндикти алса дагы эмете алышпайт деген түркүн аракеттерди кылышты. Тилекке каршы бул өлкөлөр өзүнүн состоятельный экенин көрсөттү. Мына ошол Борбор Азия өлкөлөрү Өзбекстандагы, Казакстандагы, Түркменистандагы, Кыргызстанда дагы чынын айтканда бул процесстер ар кандай, ар бир өлкөдө ар деңгээлде болуп турат, бир кылкыда эмес, бирок движение башталды деп айтсам болот.
Изилдөөчү: Ошол жылдары сиз гезиттерде кандай социалдык талаптарды же улуттук талаптарды чагылдырчу элеңиз? Бул үчүн сизге кандай бир тоскоолдук, кысымдар болгонбу?
Респондент: Мен Кыргыз маданияты гезитинде иштеп жүргөндө, как раз 86 — жылдары биз аябай чоң маселерден Кыргызстандын көйгөйүн чыгарып чыкканбыз. Мен өзүм Бишкек шаардагы кыргыз мектептери жөнүндө проблеманы, кыргыз мектеп ачыш керек, кыргыз мектеби жок деп түздөн- түз каршы мен ошол кезде буга каршы жазгамын. ЦКнын секретары болуп тарых музеинде келип чогулуш өткөргөндө, өрт экенбиз деп ойлоп койдум, мен ошондо Аманбаев … ЦК нын секретарын алып келгенде биз суроо берсек мындай поверхностно андай- мындай деп жооп берди, жооп берип атканда туруп айттым “Сиз биздин убактыбызды уурдап эмнеге биерге чогулттуңуз” дегенде, биз сиздин сөзүңуздү уккубуз келбейт, биз ал сөздөрдү эбак эле укканбыз, бизди эч канааттандырган жок жообуңуз депчи, дегенде андан кийин Аманбаевтер “Бул ким, ким деген булар” дешкен. Мен ошондо “Ленинчил Жаш” гезитинин биринчи редактору элем, зам редактор. Бул комсомолдук гезит. Бизди марианетка катары көрүп калганда, булардын психологиясы ошондой болуп калган да. Үстүбүздөн келип, старший брат келип ар кандай нерселерди отуруп сүйлөсө болобу, алардын өзүнүн аң- сезими өсө элек, булар ошо күн карама деген манидеги психологиядагы жагдайлар бар болчу. Анан мен мектептер жөнүндө жаздым кыргыз тилинде 1986 жылы. Экинчиси жер, суу аттары боюнча жаздык бүт орусча аттарды кыргызчага которолу деп. Анан жер боюнча жер албады беле э ошолордун башында жүргөм ошолордун Амангелди Муралиев деген бар болчу Бишкек шарынын Мэри. Ошол кишини ээрчип жүрүп, төрт бешөөбүз жүрүп алып ошолорго карапайым кыргыздарга жер бөлүштүрүү боюнча биринчи Арча Бешикти бергенбиз. Ошол жерди аралап жүргөнбүз, бирок өзүмө алган эмесмин жер. Кийин китайсий посольствого чейин аракеттер боло баштады. Ошондой эле өзүңөр билесиңер жер басып алуу аракеттери болуп, көп учурда жер басып алгандар өзүнүн максатына жеткен. Себеби ал дагы ошол социалдык маселеге өзүнүн мундай бир киришпестигин билгизген, аракеттеринин бири болгон. Азыркы моментте Кыргызстан менен Бишкекте жаңы жаңы шаарчалар пайда болду, мектептер пайда болду. Ошол аракеттерде ушул жылдар менен биз айткан жылдардын алкагын алса болот да.
Изилдөөчү: Сиздин өзүңүздүн тажрыйбаңыз жөнүндө айтып берсеңиз. Ошол жылдары 86-91-жылдары айылдан келген жумушчулар, студенттер баары эле үй ала алган эмес, жер ала алган эмес, пропискасы жок болгон, а өзүңүздүн тажрыйбаңыз кандай болду бул жактан?
Султан Раев: Мен университетти бүткөндөн кийин эле «Ленинчил Жаш» деген республикалык гезитте иштеп калдым, бүтпөй атып эле 5-курста иштеп калдым. Анан бардык менин доорумдагы замандаштарым менен бирге ушул батирде жашап жүргөнбүз. Мен батирде баш аягы 9 жыл жашадым. 9 жылда 90 батир алмаштырдым образно айтканда. Анан ошо “Кыргыз Руху” гезитинде башкы редактор болуп жүргөндө үй алгам, самый последний үйлөрдөн бизге берген. Ошол үч комнаталуу үй алгам. Үй алгандан кийин жерге кызыкпай калгам, бирок жер алсам болмок экен. Эмнегедир мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болчу да. Негизи биздин Кыргыз интеллегенциясы болсо айтып кеткен болсом ошол мезгилде кыргыз интеллегенциясынын негизги проблемасы батир болчу. Батири жок 45, 50 жашка чейин чыккандар бар болчу. Себеби турак жай маселеси Кыргызстанда өтө курч турган маселе болчу. Анын бардыгы интеллегенция, илимпоздор, адабиятчылар, акыл-эс кызматкерлер ошол нерсени көргөн.
Изилдөөчү: Ошол убакытта гезиттер эң чоң курал болуп калды да. Ошол сиз чыгарган материалдарга, сиздин иштеген чыгарган материалдарга элдердин реакциясы кандай болду анан мамлекеттин реакциясы кандай болду?
Султан Раев: Элдер биздин тираждарыбызды аябай көп колдогон да. Элдер чыгарылган материалдар , жазылгандарды аябай талашып, кызыгуу менен угушат болчу да. Себеби, көп нукура чындыкты бергенге аракет кылчыбыз. Ошондо Агым, Республика биз дагы чындыкты жазганга аракет кылчыбыз. Албетте, аракеттерибиз бийликке жаккан эмес. Ошол эле учурда саясий материалдар, экономикалык, социалдык материалдар ал жерде күчтүү болчу, биздин редакцияда аябай мыкты адамдар иштеди. Мисалы жана айттым э, биз менен кызматташкан Салижан Жигитов жазчу, Ишенбай Абдразаков жазчу, Үсөн Касыпбеков деген жазчу, Табалды Эгембердиев жазчу макалды, Өмүрбек Абдрахманов айтор көп адамдар жазчу эле. Мыкты мыкты жигиттер баары биз үчүн биздин гезит алар үчүн өзгөчө платформа болуп берди десек жаңылышпаймын.
Изилдөөчү: Ушул жылдары мисалы үчүн сиз комсомолдук гезитте иштеп жатасыз да ошол убакытта «Кайра Куруу» саясаты болуп, Горбачевтун же акыйкаттык саясат болгондугу үчүн ошондой мүмкүнчүлүк түзүлүп ошондой комсомолдук гезиттер дагы социалдык улуттук маселелерди көтөрүп Компартия кандай бир каршылыктарды көтөрүп жаза баштадыбы же мүмкүнчүлүк жок болсо деле ошол тарыхый мезгил беле, кырдаал беле?
Султан Раев: Ал кезде комсомолдук гезит жоюлуп кеткен болчу. 89-90-жылдары жоюлуп кетти. Гезиттердин баары эркин болду. «Ленинчил Жаш», «Жаштын Жарчысы» деген гезит болуп калды. Биз Ленинчил Жаш комсомол кезде болчу да, как таковое понятие “комсомол” деген жок болду, ЦК Комсомол жок болду. Алар ошо Жаштар Жарчысы жаштардын аудиториясына багытталган гезит болду.
Изилдөөчү: Дегеле 86-жылдан 90-жылга чейин ушул кыймылдарда, аракеттерде, гезиттерде, уюмдарда эгемендүүлүк же көз карандысыздык жөнүндө сөз болгонбу же алар көбүнчө социалдык, улуттук талаптарды гана коюшканбы? Эгер көз карансыздык жөнүндө Совет Мамлекетинин ыдырашы жөнүндө биринчи айтылып баштаса ким айтып баштаган, качантан баштап?
Султан Раев: Негизи ошолордун максаты, алардын эң негизги максатынын уюткусу көз карандысыздык, эгемендүүлүк, суверинитет болгон. Суверенитеттин дагы основасы бар да, тил ошо мамлекеттин өзөгү. Анан ошо тил аркылуу улуттук аң-сезимди ойготуу, улуттун өзгөчө баалуулуктары, ойгонуу маселеси күчтүү аракеттер болгон. Ачыктан ачык эле эгемендүүлүк боюнча сөздөр болгон. Сүйлөшкөн, эч качан запретная тема болгон эмес. Бирок ошол аракеттер башталган болчу. Көз карандысыздык, биринчиден эгемендүүлүк, анан суверенитет. 90-жылдары Кыргызстан биринчи суверенитет алганда дагы ошол негизги окуялардын, кыймылдардын бардык кыймылдар келип ошол нерсеге алып келди. 91-жылдары өзүбүздүн эгемендүүлүктүн мыйзамдуу түрдө негиздедик, жалпы фундаментин түздүк десек болот. Кийин мамлекеттик символдор пайда боло баштады герб, туу, гимн ошондой болуп баштады мамлекеттин өзгөчөлүгү символика.
Изилдөөчү: Ушул жылдардагы эркин сөз гезиттеринде, эркин сөз медиада идеалогиялык биримдик болгонбу? Дегеле иштөө механизми кандай болгон? Каражат маселеси кандай чечилген?
Султан Раев: Ар бир гезит, көз карандысыз гезит өзүнүн версткасы менен өзүнүн тираждары өзгөрүлүп турчу да. Экинчиден ошол мезгилде реклама берүү деген дагы жаңылык болчу да. Гезитке киреше биринчи нускадан анан рекламадан түшчү. Мисалы Кыргызстандын шартында он миң тираж гезит чыкса өзү-өзүн актайт и киреше кирет. Биздин гезиттер 25 миң 30 миң тираждар менен чыккан. Бул негизги гезиттин немесине жизнедеятельность деп койот го, өзөк болгон маселе болот.
Изилдөөчү: Бул жактан Медиадан түзүлгөн атайын суроолор бар болчу. Ошол кыймылдарды, ошол кыймылга байланыштуу пайда болгон жаңы сөздөр, метафоралар, салыштыруулар, аныктамалар, фразалар, афоризмдерди эстеп көрө аласызбы?
Султан Раев: Ошол кездеги эң негизги өзүнчө бир тренд болуп калган Чынгышевичтин “жалкоолор гана уурдабайт” дегени болгон да. Ошондо башталды, баарыбыз жалкоо эмеспиз, жалкоо бизде жок экен, мамлекетибизди ушу убакытка чейин тоноп келдик. Анан Кыргызстанда, көп афоризмдер бар болчу, сөздөр пайда болду, афоризмдер пайда болду бирок көпчүлүгүн чынын айтсам эстей албай жатам. Биз гезиттерге канча бердик, канча чыгардык. Бирок ошол доордо ошол афоризмдердин жаралышы мыйзам чегинде.
Изилдөөчү: Ошол кыймылдарда демократиялык уюмдарды эл, коомчулук журналисттерди эмне деп аташты?
Султан Раев: Биринчиден жаңы башталганда эл аларды көп жакшы кабыл албады. Бирок барган сайын элдин аң-сезими дейбизби, же себеби ошол кыймылдар элдин социалдык муктаждык маселелерди көтөрүп атпайбы жер жөнүндө болуп атпайбы. Туурабы. Аларды ошондон улам колдоп баштады. Бирок ал күчтөр массага терең сиңди деп айтамын да. Бирок жыл өткөн сайын алар өзүнүн күчүн көрсөттү.
Изилдөөчү: Ошол учурда чыккан материалдар, мисалы, сиз жазган материалдар ошол кыймылдардын баатырларын, лидерлерин жаратканга, таанытканга салым коштубу? Кимдерди тааныта алды?
Султан Раев: Авторлорду айттым го. Булар не только авторы, но и политики. Ошол Дооронбек Садырбаев, Дооронбек Садырбаев деле ошол мезгилде эле гезиттерге жазып койчу, бирок ал киши ошол учурда аябай активдешти, саясатка башын сайып кирди, өзунун киносун таштады, публицист катары жаза баштады, макалаларды ошондой өткүр тили бар болчу да. Мисалы үчүн, кимди терип алып чыкты десек мисалы үчүн, айтар элем «Кыргыз Руху» аркылуу биз биринчи болуп Өмүрбек Текебаевти алып чыкканбыз. Маданият гезитинде иштеп жүргөндө Өмүрбек Текебаевти жазып чыккан элек, биринчи жолу. Өмүрбек Текебаевти абсолютно эч ким билбейт эле, Ал класс жетекчи болгон да, өзүнүн классын пахтага чыгарбай койгон. Пахтанычы. Анан чоң резонанс болгон. Ошону биз жазганбыз, Базар Коргондогу бир мектептин класс жетекчиси өзүнүн классын пахтадан чыгарып алган. Бул сенсация, чоң окуя болчу ал кезде. Ошондо Өмүрбекти мен жазганмын, гезитке чыккан, чыккандан кийин бир эки жыл өтпөй Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ошол аракети менен, өзүнө айрым авторитет алган. Балдарды иштетпеш керек, балдарды эмгегин карабаш керек, окуучулар окуш керек деп. Пахтада жүрсө билимсиз, сабатсыз болуп калышат. Өзунун жеринде өзунун локалдык маселелерди көтөргөн, но ал локалдык маселе болгону менен жалпы Кыргызстанга айтылган глобалдык чоң мааниси бар нерсе болчу. Кийин ошондой эле болду да. Ошол Текебаевтин эмелеринен кийин кийинки жылдары мектеп окуучулары пахтага чыгарылбады. Себеби мектеп окуучулары сентябрда бир аз окуйт эле мектепте, анан пахтага жөнөтөт эле тетигил декабрьга чейин план толбосо декабрьга чейин иштейт эле, үч ай. Чоң отрезок времени, туурабы билим берүү үчүн. Ошондой болгон. Анан Адахан Мадумаров, Адахан Мадумаров дагы жаш эле аны эч ким билбейт эле. Ал бир эки үч макала жазды, билбейм орто орто эле жазды. Бирок гезиттерге аябай активно кире баштады. Ошол эле учурда биздин гезитте жазып иштеп кетти. Кеткенден кийин телевидениеге кетти. Телевидениеде жакшы передачаларды алып барып жатты. Ал телевидение аркылуу таанылды. Ошолор мындайча айтканда жаңы саясатчылар, жаңы лидерлер пайда боло баштады. Эң башкысы ошол кезде шайлоочулар, шайлоочуларда сатып алуу же башка нерсеге көңул бурбайт эле, биринчи башталганда относительно таза болгон да. Мисалы үчүн, Мадумаров университетте, университетти жаңы бүтүп келди. КТР бир бир жарым жыл иштеди. Эч ким билбейт да, бирок чоң ак сакалдардын ортосунда чоң сөзу, өзүнүн жалындуу немелери менен ал лидер болуп чыга келди. Этика бар ошондо. Алар биринчи эле кругта утуп чыккан. Негизи кыргыз саясатында эгер профессионал саясатчы десек политики и профессиональные политики деген бар да. Профессиональный политиктерге жана политиктерге айтат элем ошол Текебаевке айтат элем, нукура калыптанган и конечно башы Топчубек Тургуналиев. Калгандары по обстоятельству политики.
Изилдөөчү: Ошол кыймылдарга болгон ошол убакыттагы көз карашыңыз кандай эле анан азыр кандай көз карашыңыз кандай өзгөрдү аларга?
Султан Раев: Эми ал кездеги көз карашым мен аларды кубаттап жүргөм. Себеби, аралашып эле жүрдум да, ошол Жыпар Жекшеевтер менен, агай менен жанында жүргөн балдар менен аралашып жүрдүм. Ошолордун арасында жазуучумун да. Аларды колдоп жүрдүм. Азыр деле эмем бар тиги алар чындыгында от души эметишкен балдар болчу да, аракет кылган балдар болчу. Эч нерсеси жок за душой, ничего нет но есть желание, чтобы изменить Кыргызстанды өзгөртө турган. Ушундай нерселер бар эле, ошондой характерлер бар эле.
Изилдөөчү: Кыргызстандын эгемендүүлүк алышына негизги себептери деп эмнени айтат элеңиз жана ошол жакта кыймылдардын, уюмдардын ролу канча?
РесСултан Раев: Албетте, Кыргызстан сиз айттыңыз эгемендүүлүк — белек катары берилип калган депчи. Эгемендүүлүк эч качан белек катары берилбейт, эгемендүүлүк чоң сыноо менен келет. Бул Кыргызстандагы мына бизге алгачкы ушундай берилип калды «Бархатная революция» болуп ана-мына деп мактанып жүрбөдүкпү, э. Бирок, бизде ошол кезде көргөнүбүздөн көрө элегибиз көп экен деген понятие болуп атат түшүнүк. Азыр чоң-чоң татаал жолдорду басып өтүп жатпайбызбы, и то калыптана элекпиз, институционально калыптана элекпиз. Эгемендүүлүктүн негизги фундаменти бул албетте, уланышы 91-жылы, Советтер Союзунун таркашы анан ар бир өлкөгө берилген эгемендүүлүк болду. Ошол өлкөлөр ошол кудайдан берген нерсени кабыл алышты жаңыдан өлкө катары телчигип баштады. Кыргызстандан башка башка өлкөлөрдүн баарында мурдагы системада иштеп жүргөн адамдар калган болчу да эгемендүүлүк алганда. Именно, Кыргызстанда ал системада иштебеген Акаев биринчи президент болгон, туурабы. Ошол бизди алгачкы жылдарда жакшы позиция ээлеп турганбыз. Бирок бара- бара девольвация боло баштады.
Изилдөөчү: Ошол жылда эле кыймылдарды эң жакшы көп чагылдырган деп сиз эсептеген үч эркин медиана анан үч эркин журналистти атап кете аласызбы?
Султан Раев: “Агым” гезити, ”Кыргыз Руху” гезити, “Республика” деп айтат элем. Анан үч журналист бул Мелис Эшимканов, Замира Сыдыкова айтат элем, активдүү жазган Табалды Эгембердиевти айтат элем. Ал аябай мыкты макалаларды жазды, кийин анан бизнеске өтүп кетти. Бирок публицистика мектебин жаратып бир топ макала чыгарган, ал макалалары өтө тереңдиги менен аргументтүүлүүгү менен ушундай бир таасирлүүлүгү менен айырмаланып турчу.
Изилдөөчү: Ошол жылдары сиз Кыргыз тили маселеси жөнүндө талаптарды көтөргөндө жеке өзүңүзгө карата КГБ жагынан же мамлекет тараптан, Компартия тараптан сизге бир кысымдар болдубу?
Султан Раев: Бизде албетте ар бир саныбызды, ар бир гезитке чыккан макалаларды атайын кызматтар карап, ким менен сүйлөшөбүз, ким менен болобуз ошолордун барын учетко алып турчу. Ал болгон. Бирок ачыктан- ачык бизге келип, эме берген эмес, өзүнүн предепреждениелерин берген эмес, бирок ошондой тенденция болгон. Андан кийин кээ бир журналисттердин артынан машина менен жүргөн кай жерге бардың, эмне кылдың деген мезгил болгон. Мисалы, Мекен Азаев менде иштеген журналист бар болчу, өтө курч жазчу анан ошону көп аңдып, ким менен жолугат тигиндей-мындай дегенчи. Бирок мунун бардыгы биздин эркин журналистикага, сөз эркиндигине тоскоолдук бере албады.
Изилдөөчү: Ушул жылдары биздин суролорго кирбеген, бирок сиздин аябай эсиңизде калган бир окуялар менен бөлүшө аласызбы? Кандай бир медиа тараптан чоң окуя болушу мүмкүн, аябай эсиңизде калган же бир адамдар, сөздөр ошол учурдагы.
Султан Раев: Көп эле болду.
Изилдөөчү: Ойлонуп атканда дагы бир суроо. Ошол учурда коомдук лидерлерди колдоп чыккандар аябай көп болуптур жазуучулардан. Ал эми каршы чыккан, ачык каршы чыккан кыргыз жазуучулуары же коомдук лидерлер болгонбу?
Султан Раев: Албетте болгон. Сиз жакшы бердиңиз суроону. Казат Акматов деген жазуучу болгон, жазуучу, публицист. Ошо киши биринчи кыргыз КДК түзгөндөрдүн бири болгон Казат Акматов. Казат Акматов ал өзү терең билимдүү киши болгон. Кадыр-барктуу киши болгон. Күчтөрдү бириктирүүгө, консолидацияга Казат Акматовтун эмгеги чоң болгон. Жанагы Топчикем, Жыпар Жекшеев, Казат Акматов булар ошо биринчи планда тургандар болгон да, биринчи линияда. Айтар элем, мисалы үчүн Аскар Акаев менен жолугушуу эмелерди өткөрүп турчу пресс конференция. Журналисттер бар болчу, тандалган тандалган журналисттер бар болчу. Кээде бизди дагы кошуп калчу. Анан мен ошондо суроо бергенмин да Акаевкечи. Ал 91-жылдан. Бул пресс конференцияда суроону 2001-жылы бергем. 1991-жылдагы Акаев менен 2001-жылкы Акаевтин эмнеси менен айырмаланат? 2001 биринчи бергем да, ошондо Акаев ойлонуп туруп, ал эми ал сөздүн суроонун подтекстин түшүндү, бирок ал түшүнүп алып подтекстке жооп берген жок. Ал кайра мага өзүмө направлять этип койду да 91-жылкы Раев менен 2001-жылкы Раев айырмасы чоң депчи, жазып койду. Жаш бала элем, 10 жашка чоңойдум деп ошентип жооп берип койду бизге. Акаевтин өзүнө байланыштуу фразасы бар эле. Бир жолу аябай издешти мени, таппай калып мени, тетигил айылга кетип калсам, ошол жерден мени тааптыр. Анан ошол жерден байланыштым. Байланышсам ушу жакта жүргөнүмдү айтсам ал кишинин жардамчылары Бишкекке келгенде сөзсүз келгиле депчи Акаев убагында. Эмне маселе экенин билбейм, эмне дейт урушабы, дагы эмне кылат ушундай. Акаевтин бир фразасы бар эле “в Кыргызстане легче найти Акаева, чем Раева” деп. Келип алып, сүйлөшүп. Ошол жерде сүйлөшүп турсак сүйлөп атты, сүйлөп атты, бирок эмнеге чакырганын дагы билбей аттым да. Бул көрсө Айтматовко байланыштуу нерселер экен. Айтматов чет өлкөдөн чоң миллиардерди алып келген, анан ошол миллиардер Кыргызстанга бир жарым миллион доллар кайрымдуулук кылам деп, берем деген да бекер. Ал эми чоң акча болчу да. Анан ошол алып келгенде Айтматовко травля башталган да. Экөөнүн ачакей жолу ошондон башталган эки ача жол. Ал Акаев чоочулаган Айтматовдон. Эгер Айтматов келээрин элдин баары билет да, Айтматов келди, Айтматов таап келди, ушундай чоң жардам болду. Анын авторитети космический ылдамдык менен өсөт. Анан негизи ошол акчаны киргизбеш керек болуп калды, анан ошол макала бизден чыккан болчу да орусча ошол макала бизде чыккан. Ошону окуптур да аябай чоң ызаасы менен “Берип атса эмнеге албайбыз” тигинтип берип атса эмнеге албайбыз деп. Анан ошол жерде кеп акчада эмес, кеп Айтматовдун кадыр баркында болуп атты да. Мен деле билбейм чындыгында ошо убакта барыптыр да. Ал киши кандай киши экенин, таза кишиби, таза эмеспи акча берем деп атканда ал жагы бар эле да. Акаевтин чоочулаган жагы бар эле да башка жагы дагы бар эле. Мен айттым международный аферист ушинтип атат, ага Чикем ишенип алыптыр, ошол Чикем айтып берсе андай экен мындай экенин, түшүндүрбөйсүңөрбү элдин баары мени эле согуп атышат. Кеңкейген акчаны ала албай жатат депчи. Кийин албай калды акчаны. Ошону менен жоголду. Экөөнүн ортосундагы муздак мезгил башталды.
Изилдөөчү: Ошол доор боюнча өзүңүздүн чыгармаларыңызда, мемуарыңызда же макалада эскергенсизби? Эгер эскерсеңиз кантип, кайсыл жактан тапсак болот?
Султан Раев: Ошол кезде жазгандардын баары эле доор боюнча болду да. Себеби, өзүбүз ошол доордо жашадык, ошол доордун адамы болдук, ошол доордун персонажы болдук. Көп чыгармаларды жаздым, драмаларды жаздым. Себеби, доор ошол мезгил өзүнчө бир фон болду да, баарыбыз эле фон болдук да. Ушул чыгармалардын баары көп чыгармалар ушул мезгилдин портрети деп койсом болот.
Изилдөөчү: Рахмат!