Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Талгар Татыгаев

Талгар Татыгаев

мугалим

Корреспондент: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.

Респондент: Саламатчылык! Менин аты-жөнүм Татыгаев Талгар. 1964-жылы Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районунда туулгам. Кесибим боюнча мугалиммин, азыркы учурда өргүүдөмүн. 1986-жылдары мен университетте окуп жүргөм. 1989-жылдары университетти аяктагам. 1989-жылдан кийин Тажикистан Республикасыныны Жерге-Тал айылында алгачкы эмгек жолумду баштагам. Мен ал жактан эки жыл иштеп, 1991-жылы кайтып келгем. Ошол кезде Ысык-Көл облусу боюнча Кыргыз Демократиялык Кыймылы деген уюм түзүлүп. Ысык-Көл облусу боюнча КДКнын төрагасы Мансуров Аскар шайланган. Теңтөрагасы катары менин агам Татыгаев Жапар болгон. 1991-жылдан баштап мен Кыргыз Демократиялык Кыймылына кошулуп иш алып барып калдым.

Корреспондент: Сиз ушул уюмдарга кантип катышып калдыңыз?

Респондент: Ал убакта 1990-жылдары СССР тарап, приватташтыруу болуп калды. Анан ошол убакытта Ысык-Көлдө “Адилет” деген уюм түзүлүп баштаган, ал уюмду дагы менин агам жетектеген. Ал уюм өлкөдө, жер жерлерде болуп жаткан мыйзамсыз иштерге катуу киришкен. Ошонун негизинле мен ошол жакка мүчө болуп киргем.

Корреспондент: Караколдо, Ак-Суу районунда демократиялык кыймылдар кандай маселелерди көтөрүшкөн?

Респондент: Кыргызстанда болуп жаткан тил маселеси, жер ала албагандар болгон, ошол сыяктуу эле Ысык-Көлдө дагы ошондой маселелер жүргөн. Ак-Сууда акимчиликтердин кылган иштерине Кыргызстан Демократиялык Кыймылы губернаторлорго чейин катуу сындап, катуу иштешкен. Андан тышкары 1991-жылы үркүндү эскерип жөө жүрүш болгон. Биз өзүбүзчө жөө жүрүп, Караколдон кезигип, ошол жактан жөө жүрүш жыйынтыкталды. Анда Топчубек Туругналиев, Жыпар Жекшеев, Таалай Ылайтегин анан Ак-Суулук демократтар болуп чогулуп иш алып барганбыз. 1991-жылдары ошондой иштер болгон, анан ошол кездери бийлик тарабынан кысымдар боло баштаган. Бирок ошого карабастан биз өз милдеттерибизди аткарганга аракет кылганбыз.

Корреспондент: Үркүндү эскерүү жөө жүрүшүн элдер кандай кабыл алышкан?

Респондент: Ошол жөө жүрүштө Түркистан театрынан дагы кишилер болушту. Ошол жөө жүрүштө буттары жарылып калганга чейин баскандар болгон экен. Жөө жүрүшкө катышкандарды ар бир айылда элдер жарма, айран, нан көтөрүп алып жакшы тосуп алышкан. Кулагына бир чака ташты илип алып көтөрө алган спортсмендер дагы жүргөн.

Корреспондент: 1985-1990-жылдары Ак-Суу районунда кандай маселелер болгон?

Респондент: Ак-Суудан демократтар көп чыккан. Ошолор райондо болуп жаткан ар кандай көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып жатышкан. Көйгөйлөрдү губернаторлорго, акимиаттарга чейин жеткирип, элдин көйгөйлөрүн чече албаса, катуу чара колдонгонго чейин барышкан. Кыргызстан Демократиялык Кыймылы жакшы эмгектенишкен. Ар кандай маселелер боюнча элдин көйгөйүн чечкенге аракет кылышкан.

Корреспондент: 1985-1990-жылдары Кыргызстандагы кыймылдардын башкы максаттары кандай болшукан?

Респондент: Мен Ысык-Көлгө 1991-жылдары келип аралашып калдым. Ачыгын айтканда кыймылдардын көпчүлүгү көз карандысыздык үчүн иштешкен. Ал убакта бийлик элдердин көйгөйүн көп чеччү эмес. Кыргыз Демократиялык Кыймылы ошол маселелер боюнча катуу иштеген. Ошол кездери КДК Кум-Төр маселесин дагы козгошкон. Цианид көлгө агып кеткенде КДК кыймылы ошол маселени абдан курч маселе деп көтөрүп чыгышканы эсимде. Ошол убакта Турсунбек Акун, Топчубек Тургуналиевдер Ысык-Көлгө байма-бай келип жатышты. Биз ошолор менен чогу аралашып жүрдүк. 1995-жылы Жыпар Жекшеев Жогорку Кеңешке талапкерлигин койгон. Биз ошол жерде КДКнын атынан жүрдүк, ошол кездери бизге бийлик тарабынан абдан катуу кысым жүргөн. Бирок тилекке каршы ал чакырылыштан өтпөй калган, бирок кийинки чакырылыштан өткөн. Дагы баса белгилеп кетчү нерсе Турсунбек Акун чындап жакшы иштерди жасаган. Топчубек Тургуналиев бийликтин кысымынын айынан Караколдо СИЗОдо отуруп чыккан. Ошол убакта КДКны Ысык-Көл облусу боюнча Татыгаев Жапар, Шаршембиев Бектурган биригип алып кайра алып чыгышкан.

Корреспондент: 1990-жалдары экономика кандай болду?

Респондент: СССР тарагандан кийин ар кандай болуп баштады. Приватташтыруу башталган. Ошол кезде биздин айылда мал семирткен жер бар болчу. Ал жакта миңдеген малдарды байлап семиртчү. Мен ошончо СССР маалында курулган комплексти таратып ийгенине абдан өкүнөм. Андан сырткары ар бир айылда ар кандай социлдык объектилер болгон. Ошолордун баарын приватташытырып алды. Кыскасы ошол нерселерди чиновниктер пайдаланышты деп айтсам жаңылышпайм. Карапайым элге эч нерсе тийген жок. Ошол кездери ар бир айылда өздөрүнүн мүлктөрү бар болчу. Ошол нерселердин баардыгы болбогон нерселерге жумшалып кетти. Ошол маселелер боюнча КДК бир топ алгылыктуу иштерди алып барган. Союз тарагандан кийин совхоз, колхоздор өзүнчө болуп калышты. Өз-өзүнчө кооперативдер түзүлуп баштаган. Ал убакта элдин жашоосу абдан кыйын болгон.

Корреспондент: СССР тараганга чейин Кыргызстандагы экономика кандай эле?

Респондент: СССР тараганга чейин жер-жерлерде экономикалык кризис башталган. Ун, кант тартыш боло баштаган. Дээги эле азык-түлүктүн баары кымбаттап, тартыш боло баштаган. 1985-1990-жылдарга чейин ошондой кризис болгон. Айылдарда дагы болгон. Кээ бир үй-бүлөлөр нанга жетпей калган күндөр болгон. Кара ундан нан жасап жеп калган кундөр болгон.

Корреспондент: Сиз университетте окуп жүргөн учуруда кандай  улуттук маселелер болгон?

Респондент: Совет доорунда тарыхтардын баарын окучубуз, бирок эмнегедир кыргыздын тарыхына көп басым жасачу эмес. Биз көбүнчө орустардын атактуу жазуучуларын окуп, үйрөндүк. Кийин университетте окуп жүргөндө деле ошол эле система болчу. Кыргыз тилине жана кыргызстан тарыхына көп маани берчү эмеспиз.

Корреспондент:  Совет доорунда үркүн темасы айтылчу беле?

Респондент: Үркүн жөнүндө биздин чоң-аталарыбыз айтчу. Бирок мектептерде андай маалымат жокко эсе болчу. 1991-жылы “Өмүр көчү” жөө жүрүшү болгондо элге ошондой маалымат жете баштаган. “Өмүр көчү” ошол кездеги жаштардын духун биртоп көтөрдү. Ысык-Көлдө ар бир айылда үркүнгө катышкандар болгон. Үркүндү эскерип эстеликтер дагы коюлган. “Өмүр көчүнөн” кийин кыргыздын кийинки муундарына биртоп дем берген.

Корреспондент: Сиз Кыргызстан Демократиялык Кыймылана кантип кошулуп калдыңыз?

Респондент: Мен Тажикистандан келгенде бул уюм уюшулуп жаткан. Ошол кездеги жаштардын жер маселелерин чечип бере баштаган. Кийин КДКга кошулгандан кийин, ошол жакка шайланып, биз ошолорго аралашып калдык. Ошо боюнча ушу күнгө чейин ошолор менен бүгүнкү кунгө чейин байланышта болуп жүрөм. Турсунбек Акун, Таалайбек Ылайтегин, Шаршембиев Бектур, Топчубек Тургуналиев менен байланышып турам. Курултай болгон учурда мен Ак-Суудан барып келгем. Ал жакка атайын КДКнын чакыруусу менен барып келчүбүз. Барганда атайын маселелерди сүлөшчүбүз.

Корреспондент: КДКнын иш-чараларына катышып калдыңызбы?

Респондент: 1990-жылы мен Тажикистан Республикасында иштеп жаткам. Окуучулар каникулга чыкканда, ошол убакта биздин учагыбыз учпай Кыргызстанга келе албай калып, Алай аркылуу келдик. Биз ошол мезгилде учагыбыз учпай аэропортто үч күн жатып калдык. Мен ошондогу алайлыктарга ыраазымын. Ошондогу алайлыктардын патриоттуулугун ошондо көргөм. Ошту көздөй ат минип алып, машине айдап алып чыгышкан. Түнкү саат он экиден кийин коменданттык саат киргизип койгон. Мен азыр түштүк тарапка көп барып турам, ал убакта алайлык кыргыздар өзбекче кийинишчү, анан мен абдан таңкалчымун. Тил маселеси деп калбадыкбы. Мен Ысык-Көлдөн Ошко барсам кыргыздардын тилдерин жакшы түшүнө алчу эмесмин. 1990-жылдагы коогалаң кыргыздарга абдан чон таасирин тийгизди. Ошондон баштап түштүк тараптагы кыргыздар баягыдай өзбектердин улуттук кийимдерин кийбей калышты, тилдери дагы кадимкидей оңолду. Ысык-Көл тараптан коогалаңдагыларга жардам уюштуруп, Ош тарапка жардам көрсөтүшкөн. Оштогу коогалаң Кыргызстандагы жаштардын патриоттуулугуна таасирин тийгизди.

Корреспондент: КДК тил, улут маселесин көтөрүп чыкканда башка улуттардын мамилеси кандай болду?

Респондент: Ак-Сууда башка улуттар тарабынан нааразычылыктар болгон жок. Жогору жакта иштеген жетекчилер дагы кыргыздар эле болду. Кыргыздар менен башка улуттардын мамилеси жакшы эле болду. Караколдо жаштардын арасында өзбектер менен кагылышуулар болгон. Бирок Ысык-Көлдөгү кыргыздар тил табышып алар басылган. Каракол кичинекей шаар болгону менен өзбек улутундагылар болуп, ошондой учурлар болуп турган. Азыр андай маселелер жок, бирок ошондой маселелер учурунда болгон.

Корреспондент: Сиз кайсы сабактан мугалимсиз?

Респондент: Мен 1985-жылы педагогикалык институтка кирип 1989-жылы матиматика факультетин аяктап, андан кийин эки жыл Тажикистан Республикасында мугалим болуп эмгектенгем. 1991-жылы өзүбүздүн айылыбызга келип, ал убакта мектептерде мугалимдерге орун жок болуп, ортодо дыйкан чарбасын улантып кеткем. 1998-жылы мектепке өз кесибим менен мугалим болуп жумушка орношком. 2006-жылдан, 2022-жылга чейин мектеп директору болуп иштедим. 2022-жылы өргүүгө чыгып, азыр үйдөмүн.

Корреспондент: Кыргызстан Демократиялык Кыймылы өзүзүнүн максаттарына жетти деп ойлойсузбу?

Респондент: Кандайдыр бир деңгээлде жетти. 1986-1990-жылдары экономикалык кризисте мугалимдер айлык акы албай калышкан. Ошолорго айлык акынын ордуна саан уй жана башка ар кандай азык-түлүк берип калган учурлар болуп калган. Менин энем мугалим болчу, энем азык-түлүк менен маяна алып калган. Жарыбаган акчага иштешчү. Бирок мугалимдер иштерин таштабай иштеп жүрүштү.

Корреспондент: Сиздин айлыңыздагы элдер советтер союзу кулап калганда кандай абалда калышкан?

Респондент: 1990-жылы Тажикистан Республикасында болуп калдым. СССР тарап, кулап калды дегенди мен телевизордон эле угуп калдым. Ал маалда мен Кыргызстанда эмес болчумун. СССР тараган күтүүсүз окуя болду. Мен ошол жылдары Кыргызстанда болбой калып, Кыргызстандагы элдер кандай кабыл алышканын чындап билбей калдым. Болгону Аскар Акаев президент болуп шайланды дегенди угуп калдым.

Корреспондент: Тажикистандагы элдер кандай кабыл алышты?

Респондент: Мен Жерге-Талда иштеп калдым. Жерге-Талда 74% кыргыздар, 25% ар кайсы улуттар болчу. Ал кезде Жерге-Талда кыргызча радиолор тартпайт, жалаң эле тажиктердики тартат. Азыркыдай телефон жок болчу, бизге маалымат анча деле жетчү эмес. Ал жерде көп нерседен артка кылчыбуз. Жалаң эле орустар менен тажиктердики болчу, ал эми кыргыздарга эч нерсе жетчү эмес.

Корреспондент: Жерге-Талдык кыргыздар менен азыр байланышыңыз барбы?

Респондент: Албетте! Мен жолдошум менен кеткем. Биз университетти бүтүп жатканда  беш жигит аялдарыбыз менен кеткенбиз. Адегенде барганда жашоо шартына жакшы көнө алган жокпус, тилдерине жакшы түшүнө алган жокпус. Бирок мен Жерге-Талдыктарга абдан ыразымын. Жерге-Талдыктар аябай маймандос келишет экен. Биз иштеген мектеп ошол кезде тогуз жылдык болуп ачылган экен. 9-класска чейин болгону 41 окуучу болчу. Ар бир класста 4-3-5-6 бала окучу. Ошол жактын жерин жердеп, ырын ырдап дегендей алар бизди жакшы кабыл алган. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин мен алар менен байланышымды үзбөйм. Алардын көбү 1993-жылы Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Себеби 1991-1992-жылдары Тажикистанда уруш башталып, кыргыздарга катуу запкы көрсөтүшкөн. Запкы көрсөтүүнү натыйжасында, кыргыздар үйлөрүн таштап, эптеп Кыргызстанга көчүп келүүгө аргасыз болушкан. 1993-жылы адегенде Сокулук районуна көчүп келишип, азыр көпчүлүгү Красноречкада турушат. Мен байма-бай барып тойлоруна катышып турам. Жаңы көчүп келишкенде алардын жери жок, үйү жок болгон. Мага кат аркылуу “Биз Кыргызстанга келдик” деп жазып. Анан мен Сокулукка барып, кезигип, Караколго келгиле жер алып берели, үй салганга жардам берели десем. “Ал жак биз үчүн абдан алыс, биз бул жакта эле калабыз” – деп, калып калышкан. Алар тил маселеси менен дагы кыйналган. Кыргызстандын жарандыгын ала албай дагы кыйналган. Көп кыйынчыылктарды башынан өткөрүштү.

Корреспондент: Жерге-Талда калып калган кыргыздар менен байланышыңыз барбы?

Респондент: Албетте бар! Мен ошол убакта иштеп жүргөндө, ошол кезде иштеп жүргөн 3-4 мугалимдер азыркыга чейин ошол жакта иштешет. Окуучулардын саны азайып калган, интернет бир аз тартат экен, бирок тоого чыгып ошол айылды мага көрсөтүп турушат. Айылдагы калктын саны абдан азайып калган. Ал жерде 20-30 кожолук калды. Калгандары көчүп кетишти. Кыргызстанга келип жашабайсыңарбы десем, азыр чек ара жабык келе алышпайт. Ал эми 1993-жылы келгендер убагында эле келип алышыптыр. Себеби ошол жылдары тажиктер кыргыздардын малдарын тартып алышып, үйлөрүн тартып алышчу. Азыр деле ошол кыргыздардын үйлөрүндө кээ бир тажиктер жашашат экен. Жерге-Талдын ары жагындагы жерди Гарм деп коёт. Ошол Гармга чейин кыргыздардын жери экен. Ошол жакта кыргыздардын айылдары бар. Тегерегинин баары эле кыргыздар. Алардын кыргыз дегенде жүрөктөрү күйүп турат. Ал жерде Алайдан ары карай Каратегин деп коёт экен. “Улуу караны” кыргызстандын жери, “Кичи караны” кыргызстандын жери деп коёт экен. Биз 1990-жылдары ошол жакта иштеп жүргөндө Кыргызстандын драмма театрынын артисттери барып калыптыр. Жаңылышпасам Күнболот Досумбаев, Кадыралы Артыков дагы биртоптору барып ошол жакта концерт койгон. Анда клуб деген жок, жөн эле талаада концерт койгон. Ошол маалда кыргыздар өздөрүнүн сый урматын көрсөтүшкөн. Алар Кыргызстанга келебиз дегенде эки көзү төрт, бирок шартка байланыштуу келе албай жатышат.

Корреспондент: Дагы айта турган эскерүүлөрүңүз барбы?

Респондент: Шаршембиев Бектурган, Талды-Суудан Нурдан менен ушул күнгө чейин сүйлөшүп турабыз. КДКдагы көп кишилер жазуучулар болгон экен. Сагынбек Момбеков менен дагы көп жүрдүк. “Өмүр көчүндө” байпагын чечкенде буттары кадимкидей шишип калган экен.