Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Толукбек Байзак

Толукбек Байзак

Журналист

Изилдөөчү: Өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

Респондент: Биринчи суроого кыскача жооп берип кетсем, Толукбек, 1966-жылы 28-октябрда Токтогул районунда Толук айылында туулгам, ошол жерде Толук орто мектебин бүтүргөм.

Изилдөөчү: 1985-1990жылдары ким элеңиз?

Респондент: Кыргыз Мамлекет Университетинде журналистика факультетинде окугам, 1990-жылы бүтүргөм. 1985-1991-жылдары мен университетте окудум, ал мезгилде студент болчумун. Университетте окуп ошол кезде коомдук уюмдар менен байланышып калган учурлар болгон. Ошо кайра куруу жылдары 85-89 жылдары башталса керек Горбачевдун маалында. Ошол жылдары Кыргызстанда да алгачкы демократиялык кыймылдар да болуп, көптөгөн коомдор уюштурулган, алгачкы болуп мен эстегеним боюнча “Ашар” кыймылы менен башталса керек. Ошол баягы кыргыз жаштарга жер тилкелерин берүү боюнча, кыргыз жаштарын шаарлаштыруу, баягы шаарда жашоо үчүн жер алуу боюнча кыймыл да ошентип башталган да. Андан улам удаа эле кыргыз демократиялык кыймылы  келип чыккан, ал эми кыймылдын жетекчилеринин көбүнүн көздөрү өтүп кетти. Казат Акматов жазуучу ошол киши баштаган, ошол эле берки анын жанында көптөгөн асымдарды атап кетсем болот. Эми алар баарына эле белгилүү го, ошол жылдары ошол Ашар кыймылы менен көбүрөөк белгилүү, ал мезгилде жаштарды да өзүнө тартып алар, ошолор менен көптөгөн алардын чогулушуна катышууга туура келди да. Мен ал кезде ал коомдук кыймылга мүчө деле болгон жокмун, бирок ошо Ашар баштаган, КДК баштаган кезде жаштар алар менен кызматташты да. Ошол мезгилде көптөгөн ишкерлер, мисалы, Табылды Эгембердиев, ошондон кийин дагы башкалар бар болуш керлек эле. Азыркы демократ саясатчы болуп жүргөн Өмүрбек Абдрахманов , эсимдеги адамдар ошолор,  көбү КДК да жүрүштү да. Менимче жаштар ошо кезде Ашар, КДК да тыгыз иштешти, жаштар көптөгөн чогулуштарда, митингдерде көп болгон, жардамчы болушту. Саясий уюмдар жаштарды жакшы эле колдошту деп айтып кетсем болот.

Изилдөөчү: Кандай маселелер көтөрүлдү ошондо?

Ошол 1990-жылдардын  башында өзгөчө ошол коомдук уюмдар көбүнчө ушул эркиндикке биринчи ирет, көз карандасыздыкка жана ошондой эле тил маселесине дагы, улут маселесине дагы көп кайрылышкан да. Ошол жылдары жаңы чыккан Ашыр кыймылы, КДК деген Кыргызстан демократиялык кыймылы. Көбүнчө ушу туралуу маселелерди көтөрүп чыгышкан. Ошол мезгилде жогоруда айтып өткөндөй биз студент болчубуз 89-90-жылдары, ошол кездерде чыгармачыл жаштар дагы, мисалы үчүн көзү өтүп кетти Барчынбек Бугубаев, мен андан кийинкиси эле ушул көпчүлүк студенттер, жакшына эле кызматташтык да, ошол кыймылдардын көбүнө катыштык, чогуу жүрдүк. Аладын дагы бизге берген убаадалары  бар эле, алардын көпчүлүгү аткарылбай калды. Албетте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алышына бул уюмдардын зор эмгеги болду деп айтып кетсем болот. Анткени бийлик ошо кезде жаңы адам жанагы доор алмашуу мезгилинде дагы алар ушундай бизде Кыргызстандагы башаламандыкка жол берилген жок. Албетте ошол кезде жаңыдан бийликке келген, ошол кездеги жаш бийлик жаштар менен тыгыз кызматташып атып ийгиликтүү күчтөрдү алып барып, кемчиликтер болгон жок.

Изилдөөчү: Ал кезде кандай жаңы басылмалар пайда болду?

Ошо кайра куруу реформасын Советтер Союзунун түбүнө жеткен ошо болду дечи ошо реформа. Ошол мезгилде көпчүлүгү эле гезит-журналдар мамалекеттик болсун, ал кезде менчикке чыга элек болчу кийин, 90-жылдардан кийин башталды. Жакшы эле кызматташып демократиялык иштерди, демократиялык ийгиликтерди алып кетүүгө салымдарын кошту, мисалы кийин 1990жылдардан кийин раматылык Мелис Эшимкановдун “Жаштык жарчысы” кийин “Асаба” болду. Ал киши көп жардамчы болду, ошондой эле “Кыргыз Руху” деген гезити ачылды Султан байкенин гезити болду.  Андан кийин ошол мезгилде эсимде калганы ошол Аман Токтогулов башкарган “Майдан” деген дагы гезит ачылган, ушул өзгөчө Кыргызстандагы демократиялык кыймылына органы болуп кызмат кылды. Ошол жерде Бакыт Орунбековдор иштеди, Аман Токтогуловдор иштеди. Кийин деле 90-жылдардан кийин мен өзүм дагы кыргыз теле-радиосуна иштеп калдым радиодон. Радиодо ушу көпчүлүк демократиялык кыймылдарды, ошолордун иштерин, ийгиликтерин радиодо программалырды уюштуруп берип калдык. Мен өзгөчө ошол мезгилдеги Дооронбек Садырбаев, аны менен дагы кыргыз телевидениесинде, кыргыз телефильмде жана радиосунда дагы көп иштешип калдым. Ошол кезде кыргыз телевидениеси, радиосу көпчүлүк эркин гезиттер да өсүп чыкты жогоркуда айтып өткөндөй “Асаба”, “Майдан” ошол гезиттер ийгиликтүү салым кошту деп айта алам. Мен ошо 90-91-жылдары Кыргыз радиосунда иштеп калдым ушул жаштар каналында. Ушул жаштар каналында көбүнчө жаштар саясаты, ошол мезгилдеги жанагы демократиялык ар кандай иштерди алып барууда, кызмат көрсөтүп аткан. Ошол КДК жана башка көпчүлүк уюмдардын иштерин алып барууда жакшы кызматтарды, ийгиликтерди көрсөттү да. Ал мезгил өтө деле катуу контроль болгон деле жок, айкындуулук, кайра куруу мезгилинен кийин өздөрүнүн оюн жеткирүү кыйла өнүгүп калган да.  Ошо 90-жылдардын башы негизи бир баягы бир системадан экинчи системага өтүүчү мезгил. Бир жагы кызыктуу болду, кызыктуу болсо дагы бир жагы кыйын учурлар да болду. Экономикабыз өлкө алсырап, адамдар баягы экономика жактан кыйнала баштаган мезгили болчу да. Бирок ошого карабастан саясий жактан жаштар аябай активдүү болчу ошо кездерде. Менин эсимде көп деле калган жок, жанагы эркин гезиттер “Майдан”, “Жаштык жарчасы” баш болгон көптөгөн эркин гезиттер өтө курч маселелерди чыгарып атышты да. Жалпы саясий болсун, жалпы экономика болсун ошол абалдарды чагылдырган ошол макала чыгып турчу. Ошол мен 90-жылдардан кийин демократиялык кыймылдарга, эркин басылмаларга катуу кысымдарды мен көп көргөн жокмун. Балким болушу мүмкүн, бирок мен байкаган жокмун да. Ал мезгилде Аскар Акаев бийликке келгенден кийин жаштар менен эл менен болсо дагы мындай башталышы жакшы болчу, абдан жакшы кызматташты, эч кимге деле кысым болгон жок. Кийин албетте башы жакшы болгон аягы кичине ылайланып кетти деп ойлойм да. Жогоруда айтып өткөндөй мисалы ошол кыймылдардын демократиялык коомдун ишин алып барууда өзүнчө эсимде калган “Майдан “гезити Аман Токтогулов акын ошол киши Майдан гезитин абдан жакшы иштерди алып барды да.

Изилдөөчү: Сиздин, жаштардын ролу кандай болду?

Респондент:  Ал жылдары коомдук уюмдар түзүлүп демократия болуп көз карандысыздык абдан жалындаган, жаш кезибизде ошол заманга туш келип калдык. Ошондуктан, биз ошо коомдук уюмдар менен көбүрөөк иштешип, алар менен катышып баштан далай өттү да. Баягы митингдер өттү, ошол эле чогулуштар болчу, кадимкидей коомдук уюмдар ошо кездеги жаш кыргыз бийлигине таасирин тийгизип, сөз ээси болуп турчу да. Албетте, алардын арасында жалындаган мыкты баягы адамдар да бар болчу. Ошол менен бирге эле мүмкүнчүлүк издеген өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогон адамдар дагы болбой койгон жок. Кийин баягы тарых деле өзүнүкүн көргөзүп калды. Ошол кезде баягы мен эсимде калганы өзгөчө өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогон бир топ “Кожоюн” деген кыймыл түзүп, менчиктештирүүгө киришишкен да. Ошол менчиктештирүү көпчүлүгү ошол кездеги завод-фабриканын ээси болуп, ар кандай мамлекеттик менчиктердин ээси болуп калып кетишкен. Кийинчирээк албетте алар баягы майлуу жерлерди ээлеп алды десек болот.  Ал эми менин бир гана өкүнгөн жерим ошол кездеги негизги процесстерде, ошол коомдук кыймылдарда салым кошкон жаштардын көбү же адамдардын көбү кийин четтеттилип калды. Шылуундар гана пайдаланып калды да. Көрсө бул тарыхта ошондой эле болуп калат экен көпчүлүк учурда.

Изилдөөчү: Ошол кыймылдын башында тургандар туралуу эмнелер эсиңизде?

Респондент: Дагы бир айтып кетчү нерсе 90-жылдардагы демократиялык өлкөнүн саясатына калыптанышына КДКдагы раматылык Казат Акматов, Топчубек Тургуналиевтер салымын кошушту да. Ашар кыймылына айта кетчү нерсе жанагы Жумагазы Чоң аю, Рахат, Ракия эжелер дагы биз менен тыгыз иштешти. Кийинчирээк мен дагы миграцияга кетип эки жакта жүрүп ал кишилер менен жакшы байланыша албай калдым. Ошо Ракия Жусупова Ашар кыймылы жөнүндө эң сонун ошо кишиде архив бар болуш керек менин оюмча. Негизи эле  келечекте ушу 90-жылдардагы демократиялык, мамлекеттин демократиялык абалына калыптанышына ушундай бир окуяларды камтыган телефильм же документалдык фильм болобу , ошону тартуу абдан зарыл деп ойлойм да.