Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

укук коргоочу

Гүлзат: Азыр кимсиз, эмне иш кыласыз? 1986-1991-жылдары эмне иш кылчу элеңиз? Ошол жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

Турсунбек: Мен азыр Кыргызстандын тарыхындагы биринчи адам укугун коргоочу уюм – Кыргызстан Укук Коргоо Уюму деген уюмдун жетекчисимин. Бул уюм 1990-жылы 10-декабрда түзүлүп, 1991-жылы каттоодон өткөн, КДКнын алдында түзүлгөн. Ошол уюмдун биринчи жетекчиси болом. Ал Кыргызстандын тарыхында энциклопедияга кирген биринчи уюм болгон.

1993-жылы 7-декабрда Борбордук Азияда адам укуктары боюнча укук коргоочулардын бардыгын бириктирген өзүм уюштурган конгресс түзүлгөн, ошонун жетекчиси, координатору болом. Анан «Келечекке жол» деген уюмдун, КДК деген уюмдун төрагасы болом. Азыр эң негизгиси – укук коргоочу милдетимди аткарам.

Гүлзат: Ал эми 1985-1991-жылдардагы кылган иш ордуңуз?

Турсунбек: 1985-жылдары мен Скрябин атындагы Кыргыз Айыл-чарба Институтунда комсомолдун секретарынын орун басары болуп иштегем. 1985-жылы апрель айында Горбачёв тарабынан апрельский конференция уюштурулду. Ошол конференцияда кайра куруу деген дараян башталды. Ошону биз чын жүрөгүбүздөн колдоп чыктык. Коммунисттик системанын диктатурасынан тажап бүткөнбүз. Адам укугу, эркиндиги жөнүндө сөз болбогон система турган да. Ошол кайра куруу демилгесинин аркасы менен май айларында ректорлорду шайлоо деген… альтернативдуу шайлоо деген жок болчу да, ошол альтернативдуу жол менен шайлоону Компартиянын Борбордук Комитети биринчи демилгени көтөрдү. Ошондо Акаев Борбордук Комитетте илим жаатында бөлүм башчы болуп иштеген. Ошол киши комиссиянын төрагасы болуп айыл-чарба институтуна келди. Бизди Абдыкеримов деген мугалимибиз ректорлукка койду. Андан тышкары Түп районунун акими, орус киши, атын унутуп жатам, кандидатурасын коюп, альтернатива болду.

Мен балдарды студотрядка кетирип жатсам, Абдыкеримов: «Студотряд эмне кылмак эле, колуңардан эмне келет, балдардын башын айлантпагыла, барбайт» – деп, мен «Студотряд – бул бүтүндөй союздук деңгээлде бар» – деп аны менен урушуп кеткен элем. Ошол агай ректорлукка коюлуп жатпайбы. Мен болсо: «Комсомолдун лидеринин сөзүнө татыбаган адам кайдагы ректор болмок эле?» – деп ага каршы чыктым. Бардыгы 70, жаштардын 30 добушу бар болчу. Актовый залда чоң жыйын болуп, Компартиянын Борбордук Комитети орус кишини жактырып, биздин коллектив Абдыкеримовду жактады. Коллектив чоң, менде комсомолдон 30 добуш бар болчу. Мен чыгып: «Горбачёвдун, Компартиянын кайра куруу идеясын колдойбуз, альтернатива керек, бирок ага туура барыш керек» – дедим. «Абдыкеримов иштей албайт» – деп чыктым. Аскар Акаев: «Мени туура айтып жатат, ушинтип пикирди эркин билдириш керек» – деди. Абдыкеримов утулуп, жанагы орус улутундагы киши утту. Ошондон баштап анан башталды.

1986-жылы Желтоксан окуясы башталып, баарыбыз чогулуп: «Казак туугандарга жардам берели» – дедик. Кандай бир шарттар болуп бара албай калдык. Бирок кийин Колбинге, Назарбаевге кат жаздык, 32 кишинин колу менен Горбачёвго кат жолдодук. 1988-жылы Академия Наукка жумушка орноштум. Ошол маалда ООН туура эмес, бюрократиялык уюм болуп калды. 1988-жылы бүтүндөй дүйнөлүк «Международный союз активистов» деген уюм түздүк. Политехникалык институтта Эфиопиядан, Кубадан, Мозамбиктен жана башка жактан келген студенттер окуган. Кантта базада чет өлкөлүк лётчиктерди окутчу. Ошондой студенттерди чогултуп ошол уюмду түздүк. Анан 1989-жылы Дом офицерстен бир бөлмө алып, чет жерден келген студенттерди, Кыргызстандын студенттерин, 30-40тай балдарды чогултуп уюм түзүп, ошол жерде күнү-түнү иштей баштадык. Биздин максат – гумандуу, ак ниет, тынчтыкты сүйгөн адамдардын башын бириктирген уюм түзүү болчу. 6-7 айдай аракет кылдык, бирок ал кезде билимибиз жетпейт экен, тажрыйба жок, жаш экенбиз. Саясий билим жок, мамлекеттик кызматта иштеген эмеспиз. Дом офицерстен бизди кууп чыгышты.

1989-жылы Ашар чыкты. Масалиевди, Апас Жумагуловичти башкаларды чакырып, жерлерди басып ала башташты. Мен жерди басып алууну туура көргөн жокмун. Ашарчыларды толук колдойм деп айта албайм. Башка жагынан алганда, кыргыздар орус, уйгурлардын квартираларында жүрүшкөн. Международный комитеттин атынан Ашар менен кызматташа баштадым. Ал жактан каттар түшө баштады: «Укугубуз бузулуп, коркутуп, сабап жатышат» – деп. Анан 1990-жылы 26-майда КДКны түздүк. КДКга эл аралык активисттердин атынан бардым. Чоротегин жаш тарыхчылардын атынан келди, Топчубек Тургуналиев дагы бир уюмдун атынан келди, Казат Акмат, Өмүрбек Абдрахмановдор дегендер өзүнчө уюмдун атынан келишти.

Гулзат: КДК расмий түрдө түзүлгөнгө чейин сиздин өзүңүздүн уюмуңуз болуп жатыптыр. Ушундай уюмдарга барганга жеке өзүңүздүн мотивацияңыз кандай эле, эмне түрткү берди?

Турсунбек: Мотивация мындай болду. Бразаускас деген Литванын ошол кездеги президенти болгон. Литвада 1988-жылы эле Союз тарасын деп Бразаускас Горбачёвго каршы чыкты. Прибалтика өзүнчө бөлүнөбүз деп, ошолордун жетекчиси Саюдис деген уюм болгон. Компартияга каршы демократиялык уюм болгон, биздин КДК сыяктуу. Ошол уюм мага аябай чоң таасир берди. Өкмөттүк эмес уюмдар түзүлө баштады, анда нелегальный уюм дешчү. Саюдис ошондой легалдуу эмес уюм экен. Коомдук уюм, бирок каттоосу жок. Анан 1988-жылы Азербайжанда Народный фронт түзүлүп калды. Ошол дагы аябай таасир берди. Кыргызстанда дагы түзүш керек экен деп, анан жанагы Международный союз активистов түздүм. Ал кезде Жыпар Жекшеевди, Топчубек Тургуналиевди, Чоротегинди тааныбайм. Көрсө, алар дагы өзүнчө ушундай аракеттерди көрүп жүрүптүр. Биздин Ракыя деген кызыбыз – баатыр кыз деп коёбуз – ал өзүнчө уюм түзүп жүрүптүр. Бирок башыбызды бириктирген эч ким жок. 1988-жылдары Горбачёв Литвага барганда, Бразаускас менен жолугуп, Бразаускас катуу сүйлөп, “Союз бизди өмүр бою муунтуп келди, биз өзүнчө болобуз” деген сөздөрү мага катуу таасир этти.

Гулзат: Ал эми КДК расмий түзүлгөнгө чейин ар кандай уюмдардын өз ара иштөө механизми кандай эле? Алар сизди кимдер каржылачу? Лидерлери ким эле? Ичиндеги шайлоо кандай өтчү? Башка уюмдар менен кантип маалымат алышып турчу элеңиздер? Дегеле, Союздан тышкары демократиялык уюмдар менен маалыматты кантип алышып турчу элеңер?

Турсунбек: Биринчиден, бизде “маалымат алышабыз” деген түшүнүк жок болчу. Ар ким өз билген талканын чалчу. Ал кезде өкмөттүк эмес, легалдуу эмес жашыруун уюмдар жөнүндө эч кандай мыйзам жок. Биз Дом офицеровго 30дай киши чогулуп, устав түзүп, мени төрага кылып шайлашты. Каттоого алалы десек, мыйзам жок. Ашарлар, Жаштар союзу менен биз байланышкан жокпуз, алар менен катыш жок. Биз “ушундайлар барбы?” деп издеп жүрдүк, тескерисинче, Литва менен кат жазышып жаттык. Москвада Ельцин баштаган уюм чыкты, ошолор менен байланыштык, кийин Москвага барып жолугуштук. Кыргызстандын ичиндегилер менен эмес, тескерисинче, чет мамлекеттердегилер менен кат жазышып жаттык. Билим жок, тажрыйба жок, Союз тарайт деген ой жок.

Гулзат: Силердин уюм кандайдыр бир социалдык талаптарды коюп чыкканбы? Болсо, кандай көйгөйлөрдү көтөргөн?

Турсунбек: Жок, социалдык маселе көтөргөнгө деңгээлибиз жеткен жок. Укуктук дагы маселени көтөргөн жокпуз. Биз эл аралык маселе – дүйнөдө тынчтык болсун, согуштар токтосун, таза, гумандуу, прогрессивдүү ой жүгүрткөн… Баса, аялдардын укугун көтөрүп чыктык. Адамдардын укугу тебеленбесин деп чыктык. Социалдык эмес, укук маселеси көтөрүлдү.

Бул текстте грамматикалык жана орфографиялык каталар оңдолду, мааниси жана сөздөр өзгөртүлгөн жок.

Гулзат: 1979-1989-жылдары Афган согушу болуп жаткан учур болчу да. Ошол согушка сиздин уюмдун мамилеси кандай эле?

Турсунбек: Афган согушу токтотулсун деп биз эл аралык конгресстин атынан билдирүү жасадык. Согуш, апартеид, расизм болбосун деген маселени көтөрдүк. Бирок өкмөткө, компартияга каршы чыккан жокпуз. Чыга алган жокпуз, ачыгын айтыш керек.

Гулзат: 88-89-жылдары Россияда Мемориал түзүлүп, репрессия курмандыктарын реабилитациялоо маселелери кайрадан көтөрүлө баштаганда сиздин уюм ошол темаларга кайрылганбы?

Турсунбек: Жок, ал кезде Мемориал түзүлгөнүн билген эмеспиз.

Гулзат: Ал эми репрессия курмандыктары, диссиденттер жөнүндө?

Турсунбек: Жок, ал жөнүндө да билген эмеспиз. Анын баарын адам укугуна 90-жылдын май айында киришкенде билдим. Казат Каматовдун жазуучулар союзунда чоң кабинетин бизге штаб кылып берген. Ал жакта Жыпар Жекшеев такай отурчу. Мен болсо келип кетип турчумун. Бир күнү Жыпар Жекшеевдер Москвага барып, Ливададан дагы адамдар барып, ошолор сурашыптыр, адам укуктары жөнүндө уюмдар барбы деп. Жыпар Жекшеев ошол жактан угуп келиптир, мен ага чейин билбейм. Анан ал мага Литвада ушундай уюмдар бар экен, сен дагы ошондой түзчү деди. Ошол күндөн баштап аракет кылып жүрүп, 10-декабрьда түздүк. Мен ал кезде Жыпар Жекшеев, Казат Акматовдун атына келген арыздар менен иштечүмүн. Ошентип 90-жылы 10-декабрьда КДКдан мурда Адам Укуктарын Коргоо Комитети түзүлүп, мен аны жетектеп, менин атыма каттар келе баштады. 91-жылдын май айында конференция болуп, июнь айында биринчи жолу каттоодон өттүк. КДКдан өзүнчө бөлүнүп, Кыргызстан Укук Коргоо Уюму деп өзүнчө биринчи уюм болдук. Уюм түзүлгөндөн кийин Казат авамдар чаырып, бир фабрикада эки кыз ачкачылык жарыялап, директоруна каршы чыгып жатыптыр. Алар кезекте турган экен, батир алганга, чондор акча берип алардын кезегин алып алыптыр. Үй күн журуп, алардын кезегин кайтарып, квартирасын алып бердик. Анын баары прессага чыгып, ошондон башталды. Анан Ош окуясы чыкты. ДОС деген мекемеде өзбек улутундагы директор жалан кыргыз балдарды жумуштан чыгарып салыптыр. Алар бизге жазып, Казат ага, Топчубек бизди Ошко жиберди. Эки жума жүрүп, комиссия түзүп, кызматтан алдырып, 16 баланы кайра жумушка алдырып анан келдим. Шайырбек Адылов деген режиссер мени Айтматов куугунтуктап жатат деди. Мен таң калып, КДКнын атынан КыргызФильмге бардым. Баарын чогултуп, ал киши баарын согуп сагып, аны кайра кызматка койдуруп, кайра кино тарттыра баштадык. Кыскасы мен барган жердин барында эле маселе чечилип жатты.

Гулзат: КДК түзүлгөнгө чейин сиздин уюмга жана жеке өзүңүзгө болгон кысымдар жөнүндө айтып бересизби?

Турсунбек: Уюмга кысым болгону ушул болду. Дом офицеров Славян университети жайгашкан имарат болгон. Ал жакта биз бир офис алып иштечүбүз. Бир күнү Дом офицеровдун жетекчисине компартия жактан телефон чалды, “силердин ишмердүүлүгүңөр жакпай жатат” деп, анан биз ал жактан чыгып кеттик. Андай башка кысым болгон жок. Мисалы, Жыпар Жекшеевге кысым болуптур, Караколдо жүрдү. Мага андай кысым болгон жок. Кысым болду деп калп айткан болбойт да. Мен өзүмдүн эле деңгээлим жетпей калды. Биз социолог, психолог, политологдорду алып келип жаттык, күнүнө эле талкуу кылып жаттык. Анан Дом офицеровдун директоруна айтат экен да, Акунов деген бирөө бир нерселерди эле уюштуруп жатат, компартияга каршы чыккан жокпу деп. Болбо бербегиле дептир, ошентип уюмдун ишин токтотуп салды, бирок жеке мага КГБдан чалып кысым кылган жок.

Гулзат: Ал эми Эл аралык Активисттер Союзунда КДК расмий түзүлгөнгө чейин көз карандысыздык же Союздун урашы, улуттук маселелер, көп партиялуулук боюнча сөз болгонбу?

Турсунбек: Жок, андай болгон эмес. Ага деңгээлибиз жете элек эле.
Гулзат: Анда 1990-жылы майдан баштап, КДКнын тарыхы жөнүндө айтып бересизби?
Турсунбек: Компартия, жазуучулар КДКны жамандай башташты. Жыпар Жекшеев жер сатып жатышат деп жаза баштады. Ашар улам-улам козголуштарды уюштурду. Мен ушуларды карап жаттым. Жер басып алганды туура көрбөйм, бирок бир чети кыргыздардын жери жок болчу. Барып кошулайын дейм, бирок жер басып алуучулардын катарында болуп жаманатты боломунбу дейм. Согуш баштаган мамлекеттерди талкалаш керек деп 88-жылы 300 барак ООНдун уставын жазып чыктым. Айыл чарба институтунда кызматта жүргөндө 88-жылы компартиянын атактуу пленуму болду. Компартиянын 6-статьясы талкууланган. Компартия баарын башкаруу керек деген пункт туура эмес деп чыктым. Мага сөз бергиле десем беришпейт. Трибунага чыгып, компартия өзүнүн жашын жашап бүттү, эми көп партиялуулук, эркиндик болуш керек деп чыктым. Каптагаев катышып отурган ошол жакта. Ал математика, мен болсо биохимия институтунда иштечумун. Төлөгөн Касымбековдун баласы дагы иштечү. Бардыгыбыз академия наукта иштечүбүз. Сүйлөгөндөн кийин бардыгы мени колдоп кетишти. Андан кийин мени жетекчилик кабинетине чакырып алып: «Сен кимсин, сен жөнөкөй кызматкерсиң да», — дешти. «Сен эмес, биз антип айта албайбыз», — дешти. Эртеси күнү жумуштан кеттим. 90-жылы ветеринардык илимий изилдөө институтунда конкурс өтүп калды. Барсам, менин мурунку мугалимим иштейт экен ал жакта. Институттун директору Арстанбек Дуйшеев академия наукка чалып сураптыр, ал жактан мени жамандашып, анан ал киши: «Сен кудайдан жөө качкан неме турбайсыңбы, мен сени жумушка ала албайм», — деди. Анан мен жакында Усубалиевге: «Коммунисттер баарыңар кулайсыңар, демократтар бийликке келет», — дедим. «Силер ушундайсыңар, адамдын тагдырын өмүр бою сындырып келгенсинер», — дедим. Бир айдан кийин 23-февраль болуп калыптыр, институттун жанынан өтүп бара жатып: «Кой, майрамы менен куттуктап коеюн, кантсе да атамдай болгон улуу киши», — деп, өткөндө катуу айтып коюпмун деп открытка алып алып кирдим. Кирсем, мени көрүп тура калып: «Мен сени издеп таппай жүрбөймүнбү?» — деп калды. Ал кезде сотка деген жок да. Корсо, мени менен чогуу окуган баласы Нурлан мени аябай честный, студент кезде активдүү болчу деп айткан экен. Мен туура эмес кылдым, кетпе, мени сыйласан кетпей иште, — деди. Договор менен иштешели деп, шарт түздүк. Жумуш убагында келип иштейм, бирок компартияны, сизди да сындап турам дедим. Анан КДКга келип калдым, Дуйшеев ал жакка барганымды билип алыптыр. Чогулуш болгондо Арстанбек Дуйшеевди сындасам да унчукпайт. Башка профессорлор барып ага даттанышат: «Эмне үчүн Турсунбек Акунов сындаса үнчукпайт, биз сындасак жумуштан айдайсыз», — деп. Анан ал: «Бунун артында КДК бар, демократиялык коомчулук, Батыш, Америка бар, булар желмогуздар, тем более бул мен менен договор түзгөн, буга тийише албайбыз», — дептир. Арстанбек Дуйшеев өткөндө портретин кармап ыйлап турдум, улуу киши эле.
Гулзат: КДКдагы ордуңуз жөнүндө айтып бересизби?

Турсунбек: Институтта иштеп жүргөндө ветеринарлардын ассоциациясын түзмөй болуп, ассоциация коомдук уюм болгондуктан устав жазыш керек эле. Караколдо администрация, анан мен өзүнчө бир устав жазып чыктым. Ортоодо талаш болуп, менин уставым колдоого алынып кетти. Ошентип жүрүп, ошондой чогулушта Алдашев деген академик мени колдоп чыкты. Бир күнү ошол академик мага: «КДК деген түзүлүп жатыптыр, Казат Акматов чалды, мага барасыңбы деп айтып калды», — деп айтты. Болбосо мен укмак эмес экенмин. Барсам, КДКнын жыйыны болуп жатыптыр, Тынчтыкбек уюштурган окшойт. Ашардан Сапар деген жигит, Мелис Эшимканов охрананын башчысы экен, мени киргизишкен жок. Мен институттан келдим, коомдук уюмдун мүчөсүмүн деп Мелиске айтсам, анан мени киргизди. Жыйналыш 6 саат болду, бардак ичте, 5тен-тораганы шайладык. Казат Акматов, Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев, Кадыр Матказиев, анан Толон деген жигит. 70тей киши сулоду. Мелис Айдаркулов кийин КДКнын төрагасы болду. Ал «Бишкек шамы» деген гезиттин редактору болчу, ошол гезитке КДК деген эмне деген үч адамдын интервьюсу чыккан, Омурбек Абдрахмановдуку, меники, анан Табылды Эгембердиевдики. Сүйлөгөндөрдүн баарынын ичинен ушу үчөөнүн интервьюсу чыкты. КДК жөнүндө эң биринчи маалымат ушу болду.
Гулзат: Дагы кандай гезиттерди сунуштайт элеңиз?
Турсунбек: Жыйында компартияны сындашты, Казат Акматов укмуш сүйлөдү. Анан Топчубек Тургуналиев деген бирөө чыгып сүйлөдү. Ал оратор да, залды жарды, компартияны жайлады. Тиги жакта Шеримкулов олтурат, анан Аскар Акаев келди. Алардын баарын талкалады. Шеримкулов чыгып сүйлөдү, анан Аскар Акаевге сөз берилди. Компартияны жактай баштаганда баарыбыз кол чаап, аны кууп чыктык. Корсо, ал Москвадан жаңы учуп келип, уктай элек экен. Аны Москвадан КДК деген чыгыптыр, ошол жакка барып сүйлөп, аларды тыйып кел дешиптир. Бирок анын абийири бар экен, мылжындап кетип калды.
Гулзат: КДКчылардын бир тарабы ачкачылык жарыялап, Аскар Акаев президент болсун дегендер дагы болуптур да. Демек, КДКнын Акаевге болгон мамилеси ар кандай болгонбу?
Турсунбек: Жок, ал кезде КДК Акаевди билген эмеспиз да. Ал болгону компартияны жактап, туура эмес сүйлөп алды. Ал кезде компартия кете элек, Масалиев тушо элек. Союз тарады деген сөз жок. Ал эми Шеримкулов тулкудой болгон кыйын киши да. Ал күн, 26-май менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күн. Бул Жыпар Жекшеевдин дагы туулган күнү. 26-май КДК пайда болгон күн, кыргыз демократиясынын күнү болуш керек. Ушуга 700 киши катышканбыз. Ар ким өзү малын сатып, улагын сатып Кыргызстан боюнча келишкен. Азыр Садыр Жапаров миң кишини акчасын төлөп, автобуска салып курултайга чогултуп алып, чучуктарды берип алып келип жатпайбы, туура эмес да. Бирок чыныгы күйгөн адамдар ошол 26-май күнү келгенбиз. Кыргызстандын тарыхында эң алгачкы жолу демократиялык уюм түзүлдү. Компартияга альтернативдүү уюм түзө алдык. Ушул күн менин жашоомдо бурулуш күн болгон. Ал кезде Бишкек шаары боло элек, Бишкек болсун деп, кыргыз улуту аябай тебеленип жатат деп, компартиядан азап чеккендин баары барып катышты. Итпай-чотпайдын баары барып, бардак дагы болду.

Гулзат: 26-майда ошол чогулушта көз карандысыздык, эгемендик, өз алдынча мамлекет болуш керек деген сөз чыкты беле? Чыкса кимден чыкты эле?
Турсунбек: Эсимде жок, айта албайм. Бирок эгемендик жөнүндө официалдуу айтылып, союз тарайт деген болгон эмес. Азыр эми айта албайм, эсимде жок, калп айтканда деле болбойт да.
Гулзат: Сиздин оюңузча Кыргызстандын эгемендуулугун алуусунда кандай негизги себептер болгон?
Турсунбек: Биринчиден, Турция, Осмон империясындагы башка улуттар же Кытайдагы уйгурлар сыяктуу ачыгын айтканда кыргыз эли эгемендик үчүн күрөшкөн жокпуз. Биздин муун эгемендик үчүн күрөштук, каныбызды төктук дегенден алыс болушубуз керек. Күрөштук, аракет кылдык, жүрдүк, ачкачылык жарыяладык, бирок Турция жана башка мамлекеттеги элдердей болуп эгемендик үчүн канын жанын берген элдерге караганда бизге эгемендик асмандан түшкөндөй эле болуп калды. Бир эле маалда союз тарап кетти, Беловежская пуща болду, Ельцин, Шушкевич, анан Кравчук үч президент жолукту дагы союзду таратып салышты. Бирок Барсбек атабыздан баштап канчалаган ата-бабалар ушу эгемендик үчүн күрөшүп келген да, туурабы? Бардык ата-бабаларыбыз мамлекеттик үчүн күрөшүп келген да. Бирок биздин муун эгемендикти кан-жаныбызды сайып коюп алып келдик деп айтпашыбыз керек.
Гулзат: Сиздин оюңузча 1986-1991-жылдардагы ар түрдүү кыргызстандагы демократиялык кыймылдар, уюмдар Кыргызстандын эгемендуулук алуусунда кандайдыр бир орду, ролу барбы?
Турсунбек: Бир гана Кыргызстанда эмес, Азербайджанда, Грузияда, Прибалтика өлкөлөрүндө демократиялык кыймылдардын өз алдынча болуу талабын коюу, адам укуктарын коргоо талаптары чоң роль ойнооду. Горбачевдун союз тарабайт деген саясаты туура эмес болгон, ал алсыз болуп, Ельцин күчтүү келген. Горбачев Беловежская пущага армия алып барып, президенттерди атырып, союзду сактап калса болот эле, бирок ал андайга барган жок. Ал өзү демократ адам эле, бекеринен Нобель сыйлыгын алган жок да. Мен Горбачевду сыйлайм, анын арты менен мен Турсунбек Акун болдум, анын аркасы менен дүйнөдө, 15 союздук мамлекетте укуктук мамлекет курулду деп айта алам. Кайра куруу доорунун аркасы менен биз, демократиялык уюмдар пайда болдук. Сурооңуз туура, уюмдардын талаптары коюлуп, акыры барып, Беловежская пуща болду да.
Гулзат: Расмий түзүлгөн КДКнын ыдырап кетиши жөнүндө айтып бересизби?
Турсунбек: Бул эми 1990-жылы түзүлгөн менен 1993-жылга чейин иштеди. Ыдырап кеткенинин себептерин үч багытка бөлсөк болот. Эң негизгиси, КДКны түзүүдө бизде билимибиз, тажрыйбабыз болгон жок. Мындай демократиялык шарттан жашаган эмеспиз. Демократияны түзүүнүн принциптерин, эрежесин, уставын түзүүнү биз билген эмеспиз. Демократиялык маданиятыбыз болгон эмес. Ушул биринчи себеп. Экинчиден, КДКнын мүчөлөрүнүн бири-бирин түшүнбөстүк, көрөалбастык, амбиция, бири-бирин каралоо болду. Үчүнчүсү — туруксуздук — биз принципке тура алган жокпуз. Идеябыз жакшы, демократияны куруу, сөз эркиндиги, адам укугу, түрдүү көз караштар, бирок идеологиябыз болгон эмес, күчтүү иштеп чыккан концепциябыз, лидерибиз болгон жок. Лидерлерибиз бийликке умтулган адамдар болгон жок, бири жазуучу, бири илимпоз, бири демократ. Бийликти алып башкарайын деген адамдар эмес. Баарыбызды бириктирген бир лидер болгон жок, анан эки лидердин ортосунда, айрыкча Топчуке менен Жыпар Жекшеевдин ортосунда кармаш катуу болуп кетти. Бири бирине макала жазып, бири бирин каралап, Жыпар Жекшеев КГБдан бир эмес, эки квартира алып алды деп Топчукенин канча жазды. Жыпар Жекшеев дагы Топчукени канча жазды. Экөө тең ыраматылык болуп кетти.

Гулзат: 1986-1991-жылдардагы демократиялык кыймылдарга, уюмдарга каршы чыккан коомдук лидерлер болдубу? Мисалы Айтматов, Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиев сыяктуулар? Коомдук лидерлердин көз карашы жөнүндө айтып бересизби? Алар мүчө болуп, активдүү катышпаса дагы кандайдыр бир оюн айтып каршы чыккандар болдубу?
Турсунбек: Эми мен өтө ачык каршы чыккан адамдарды көрө алган жокмун. Ошол эле Чынгыз Торокулович бизди кыргыз тили боюнча колдоду. Сабыр Муканбетовду дагы чакырсаңыздар, ал дагы башында туруп Чынгыз Торокуловичке киришкен. Ал киши Казат Каматов менен жакшы эле да, Айтматов КДКны ачык эмес, бирок ичинен колдогон. Анан бизди колдогондордун башында биздин улуу адамыбыз Тугөлбай Сыдыкбеков турган. Түкөмдү үч жолу парк менен үйүнө узатып, мен барып колунан чай ичип калдым. Тукем бизди колдоду, биздин эң картуу бабабыз, бизди ачык колдоп жүрдү. Каршы чыккандандан билбейм, андай деле болгон жок. КДК деп эми кичине шылдындап калчу Өмүр Султанов, какшыктап калчу, бирок каршы эмес. КДК силер желмогуз, бузукусунар деп тамашалап калчу.
Гулзат: Дагы кандай гезиттер тууралуу айтып бере аласыз, «Бишкек шамынан» башка?
Турсунбек: Ал кезде «Майдан» деген КДКнын гезити болгон. Майдандын жетекчилери Тугөлбай Казаковдун бир тууган агасы Аман Токтогулов болгон. Бакыт менен Кубат деген кызматкерлери болгон.