
Түгөлбай Казаков
Изилдөөчү: 1985-жылдагы кыймылдарга көз карашыңыз кандай ? Кантсе да ал кыймылдар ошол учурдагы чоң көйгөйлөрдү коомчулукка алып чыкты да: жер маселеси, үй маселеси дегендей. Ал кыймылдар улуттук аң-сезимдин ойгонуусубу же терс маанидеги демократиянын мисалыбы? Мисалы, жер басып алуу деп жатышты. Сиз да анда жаш болчусуз үй маселеси сизде кандай болду? Бул ойгонуу болдубу?
Респондент: 1985-ж менин батирим бар болчу.Жер басып алып атышыптыр дегенде мен да бардым. Чоң-Арык жакта талаалар болчу, эгин айдалчу ал жакка, анан ошондой жерлерди басып алып атышыптыр. Айылда үй-жайлары бар туруп эле келип , ал жактан жер басып алып атышыптыр. Эми бул кайдан чыккан маселе? Айылдан келсе, иштебесе, же прописка жок болсо, же үйгө кезекке турбаса, кайдан үй болот. Ошондуктан оңой жолу топтоло калып басып алышат да. Мына ушундан чыкты бардык маселе. Ал жерге мен барсам, бир келин менин жанымдан ары-бери өтүп эле сүйлөнөт, шаарда бир эмес беш үйү барлар да келип алыптыр уялбай деп, мени карап коет. Анан эмне дейси мени айтып атасыңбы, десем, ооба деп ары басып кетти. Ай мен жер алганы келген жокмун , бул жер басып алаганда кимдер экен, эмне үчүн ушундай болуп атат деп келдим дедим. Эми ошондой айылда үй жайыбарлар, эч жерде иштебегендер келип 5-6 дан жер алаганадар болду да. Ашардын, жер басып алуунун эки жагы болду: бир жагынан айылда иши жок жүргөндөр, мыйзамсыз жер басып алышты, экинчи тарап болсо чындап эле шаарда 15 жыл иштеп, үйгө жетпегендер эле, илимдин кандидаттары, доценттери үйү жок жүрдү. Салижан Жигитов айтйт эле 15 жылдай квартирада жүрдүм деп, ошондойлор да болгон, аларды түшүнсө болот. Кыргыздар жылдап үйсүз жүрсө, ошол эле учурда Россиядан келген орустарга 3 күнгө жеткирбей үй берип турду. Усубалиевдин тушунда, ошол кездеги Москванын кошаматчылары ушундай иштерди кылган.
Анан бизге “десанттар” келди. Воронцов деген прокуратурага келди, Семенов деген келди, Рябякон деген КГБга келди, Масалиевдин учурунда анан алар кутура баштады. Алибаев деген районду башкарган жигит киши каза болгон жерде омийин деп койгон экен, ошон үчүн кызматтан алды. Абразак Султанов деген транспорт бөлүмүн башкарган киши Рябяконго эмне үчүн мамлекеттин самолетуна акчаны төлөбөй көчүп келесин деп койсо, аны кызматтан алышты.ю Ошондо “десанттар” менен кармашкан жалгыз Жумагул Сооданбеков болду. калганы кынк этпей отурду.Ал Борбордук Кмитеттин пропоганда бөлүмүндө болчу, ал баарын ЦКнын бюросунда талкалады. Ал кездеги пленумда сүйлөгөнү сакталып калган. Анан ал киши 1989- ж Кыргыз тили мамлекеттик тил болсун деп биринчилерден болуп чыкты, эгемендикти парламентте айтып чыккан 114 депутаттын ичинде ушул киши, детенатор болуп жүрдү.. Кийин 80 жашында эмне деген эмгектерди жазды, 3 китеп жазды, Манастын, Айтматовдун философиясын алып чыкты , “Биз кыргызбыз” деген укмуш китепти жазды. Ошол китептери үчүн эң жогорку сыйлыкты бериш керек эле.
Респондент: Өз мамлекетинин эгемендиги үчүн күрөшкөн элдер болду, Прибалтика элдери, мисалы. Мамлекеттин башындагылар, жетекчилер чыгышты да бөлүнөбүз деп. А бизде андай болгон жок, орустардан бөлүнсөк жашай албайбыз деп эле отурушту, жетекчилер бөлүнөм дегендерди кайра сындап отурду. Болгону эле тоталитардык системадан бошонсок деп эле отурду. Америкасыз эле ССР өзү урап бараткан.Ошондо да партияны жок кылабыз деген жок. Жетекчилерди алмаштырса эле оңолобуз деген да. 88- жылдарга чейин эгемендик жөнүндө дегеле сөз болгон жок. 30-жылдардагы ачарчылыкта болгон Орто Азияда бизди бага албайт экен чыгабыз ССрден деп, Туран, Алаш деп уюшушкан.Далайы атылды.Улуу Туркестан дегенди куруу деген идеялар болгон. Кыргызстан 3 жака баш ийген,Сред.Аз.Бюро, РСФСР, ССРге баш ийген. Ал СредАз бюродо орустар отуруп, буудай бербей койгон. Жусуп Абдрахманов ал жактан буудай алып кыргыз менен, казактарды ачкачылыктан куткарган.Ошону 88-жылдары гана эстеп, кыймылдады. Ленин ар бир эл ССРден чыкканга укгуг бар деп жазган, аны кийин алып салган.
Кыргыз илгери чоң Империя курган, өз тарыхыбызды мектептерде окутуш керек.Өз тарыхыбызды билбесек ушинтип байкуш боло беребиз да.
Изилдөөчү: КДКнын миссиясы кандай эле? Жеттиби максатына?
Респондент: КДК мамлекеттин жетечисин кетирүү жагынан максатына жетти, бирок саясий экономикалык формацияны түзүү жагынан КДК андай активдүү катыша алган жок. 90-жылы Компартия кетти, 91- жылы Советтер Союзу кулады,КДК андан ары кандай жол менен барышты билбеди. Эмнекыларын билбей калды КДК, алар Масалиеыди кетириш үчүн эле түзүлгөндөй болуп калды. Аларды кийин аралаштырбай койду.
Изилдөөчү: Сиздин мотив кандай болду?
Респондент: Мен да ошол системадан жадап, өзгөрсө деп жүргөм. Ош окуясы болуп кетти, Эч ким күнөөнү мойнуна албай койду. Эми ушундай системада отурсак мындай нерселер болоберет экен, алдын алуунун ордуна, кагылыштан кийин силер эмне атчан келдинер деп балдарды тилдей берсек болбойт да. Аан мен да салымым кошоюн ушул системаны өзгөрткөнгө дедим.
Дагы бир себеп, 69-70–жылдарда катуу кыш болду,мен тумагым жок кыргыз калпак кийип алам, айла жок кийесин да баш кийим суук болсо. Анан көрсө кыргыз калпак кийгендер учетко алынат экен.Анан Жыпар Жекшеев экөөбүз учетко алыныптыр. Бир жигит келет, сизге тумак алып берейин ушул калпакты кийбей эле койгула деди. Сен кимсин десем, силердин чыгармачылыгынызга кызыгам деди. Жок деп макул болбодум, кийин билдим ал кайдан келгенеин. Анан бир күнү Жекшеев келди, сени учетко алыптыр калпак кийипсин деп. А көрсө аны да учетко алыптыр, Көрсө калпак боюнча учет 60-жылдары башталыптыр, Сарногоев “Ак калпак” деген ыр жазганы үчүн аны бюрого салыптыр, сен кыргыз, ак калпак деп жазат экенсин деп. Ошо кезде Москвадан 60тан ашык сөздү колдонбосун деп көрсөтмө келип түшкөн деп, Омонжан Абдылдаев деген журналист айткан, ал “Коммунист” деген журналда иштечи, ошол журналга да келиптир. Ал сөздөр:ата мекен, ата журт,калпак, үй-бүлө ж.б.
Анан КДК башталганда Жекшеев келди, жүр экөөбүз мурда эле учетто элек, эми кыймылга кир деп, ошентип КДК га кирдим. Акаев башында күчүнө кире электе укчу ошондо КДК нын атынан Сатыбалды Жээнбековду КТР ге жетекчиликке сунуштаганбыз. Кийин КДКны өкмөтүк гезиттерге жамандатып, акырындан жок болду.
Изилдөөчү: Сиздин КДКдагы ролуңуз кандай болду?
Респондент: Мен көбүнчө КДК чогулуштарда Маданиятты айттым. Макала жазып жүрдүк. Мен Бишкек шамында маданият боюнча жаздым макаланы. Өз тарыхыбызды окуйлу дедим. Ошол тарыхты, улуттун тагдыры боюнча жаздым.
Изилдөөчү: Сатылбады Жээнбековду кандай максатта алып келишти?
Респондент: Бийликтин эмес, элдин үнүн жеткирген теле болсун дедик.Сатыбалдыошондой эле иштеди, бирок аны алып салды, резервдеги киши катары мен келдим, үч киши резервде болот, экөө өздөрү баш тартты.