
Тынчтыкбек Чоротегин
Гүлзат Алагөз кызы: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып, 1986-1991-жылдары эмне иш менен алек болчусуз, ошол жылдардагы саясий кырдаалдарды хронологиялык түрдө айтып бере аласызбы?
Тынчтыкбек Чоротегин: Саламатчылык! Тагдыр деген кишинин өзүнүн кайсы бир баскычтары деген бир сөз бар эмесби. Мен ошол кезде күлгүн жашта болчу экенмин. 1986-жылдан тартып мурдагы советтер биримдигинде “Кайра куруулар доору” деген башталбадыбы. Ошол Кайра куруулар доорунда жаңыча ойлонгон, жаңыча жыйынтык чыгарган, анан баягы эски көз караштардан эркин баш тартууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк муун, бул ошол кездеги жаштар болчу. Азыр деле жаштар максималисттер болот да, азыр деле улуу муун “Эл эмне дейт?” – деп жатканына карабай, жаштар жигердүү жаңы ой менен чыгып жатышпайбы. Мына ошол сыяктуу эле ошол учурдагы Кайра куруулар доорунда мен дагы ошондой жаш кезим болуп калгандыгым үчүн мен тагдырыма миң мертебе ыраазымын. Өзүм 1959-жылы туулдум, ошондо 1979-жылы жыйырма жашта болуп жатам, ошол 1986-жылдары 27 жашка келип калган экенмин. Ошол кезде чыгармачыл жактан дагы, өзүн жаңыча нерселерге өзгөртүү мүмкүнчүлүгү көп жагынан дагы биз ошол жаш муундарга кирип кеткенбиз. Ошол жылдары мен Ташкентте болуп калдым. 1983-жылдан тартып Ташкентте, Өзбекстан илимдер академиясынын Абу Райхан Бируни атындагы чыгыш таануу институтунда эки жыл араб тилин эски булактан үйрөнүү боюнча стажировкада болдум, андан нары үч жылдык аспирантурада дагы болдум. Кыргызстандан сырткары жакта болгондугумдун дагы ошол Кайра куруулар дооруна менин кабылганым өтө маанилүү жагдай болуп калды десем дагы болот, себеби өзүңдүн мекениңди баары бир сагынасың. Албетте Ташкент менен Бишкектин ортосу жакын эле бирок күн сайын келе бербейсиң да. Анан Бишкектеги чөйрөдөн алысыраак турганда дагы Өзбекстндын ичиндеги турмушка кирип, өзүбүздүн турмушту дагы салыштырып ,мындайча айтканда, жөнөкөй эле чымчыктын эмес, кайсы бир деңгээлде бүркүттүн деңгээлинде алыстан карагандай мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Ошондо Кайра куруулар Кыргызстанда кандай жүргөндүгү жөнүндө мен бир жагынан сырттан караган сыяктуу болуп туруп көбүрөөк маалымат ала алдым. Ал кезде кызык болчу, советтер мезгилинде каякта жүрсөң дагы өзүңдүн каалаган гезит, журналдарыңды кайсы бир жумариятта чыкса дагы жаздырып алчусуң. Мен Ташкентте туруп алып эле Бишкектеги гезит, журналдарга жазылып койдум. Андан тышкары, Крым Татарлардын анан уйгурлардын дагы гезиттерине аларды чогу үйрөнүш үчүн жазылып алдым. Анан албетте Москвада чыккан негизги илимий жана башка басылмаларга дагы жазылдым. Кыргызстан жөнүндө азыркыдай дароо чала калып же ватсап аркылуу сүйлөшө калуу деген мүмкүнчүлүк жок. Кез-кезде жанагыдай телефон бекеттери бар, ошолорго барып алып жакындарың менен сүйлөшүп алсаң болот болчу. Ал кезде кат жиберүү маданияты жана кат жиберүү механизми азыркыдан башкача болчу. Азыр деле кээ бир улуу муундагылар “Бир жакка барсаң деле ачык кат, открытка жазып же жөн эле кат жазып эмне кылгандыгы жөнүндө улам жибере берчү” – деп айтып калат. Себеби ошондой мүмкүнчүлүк бар болчу. Анан албетте Кыргызстандан дагы биздин кесиптештерибиз дагы, кээ бир өз ара ички көңүлүндөгү нерселерди жашырбай чыгарып турган достор дагы бири-бирине кат жазып турушкан. Расмий басылмаларда жок нерселерди ошол кат аркылуу алып үйрөнчүбүз. Кат алуу албетте Ташкент менен Бишкектин ортосунда сегиз күндүн ичинде жетип калчу. Мен Ташкентте жүргөн учурда чоң окуя болду. Бул Алма-Ата шаарында 1986-жылы, 16-декабрдагы чоң окуялар. Ал окуяларды азыр казак тарыхында “Желтоксон окуялары” деп коёт. Ошол учурда бул окуяларды биз эки тараптан уктук. Биринчи тарап расмий тараптан, албетте “Жеткен улутчулдар козголоңу” деген сыяктуу жаман атты кылып айтышты. Экинчи тарап Алма-Ата менен Ташкенттин ортосундагы карапайым кишилердин ортосунда дагы өздөрүнүн байланыштары бар болчу. Алар ошол өздөрүнүн саясий лидери деген “Казактарды казакстандык гана киши башкарыш керек, сырттан келген кишилер жетектебеши керек”, – деп алар өздөрүнүн суверенитети үчүн күрөш жүргүзгөн. Мына ушул учурда Ташкентте дагы алма-аталыктар менен пикирлеш кишилер көп болду. Анын үстүнө, Ташкентте Казакстандын күчтүү диаспорасы бар. Анча-мынча кыргыздардын айылдары бар, бирок казактардын айылдары көбүрөөк. Алардын арасында биздин дагы досторубуз болду, алар өздөрүнүн жакындары аркылуу маалыматтарды айтып берип жатышты. Ошондо улуттук сезим Алма-Атада гана эмес Ташкентте дагы, Бишкекте дагы курчуду. Ал эми ошол Желтоксон окуяларынан кийин бул 1987-жылдын башынан тартып, Кыргызстанда эки тараптуу саясий кыймылдар болду. Бир кыймыл жогорудан таңууланган бир саясий жүрүм, бул жергиликтүү улутчулдарды ашкерелөө, аларды жазалоо деген партиялык, идеологялык, цензуралык кысымдардын жаңы бир этабынын башталышы эле. Экинчи кыймыл ошол кыргыз айдыңындагы интеллектуалдары казактар менен өз тилектештигин билдиришкен. Аны мен “Кыргызстан маданятынын жумалыгы” ал кездеги “Советтик Кыргызстан” гезитин, Ала-Тоо журналын үзбөй жазылып алып турчумун. Ал басылмаларда Казак менен Кыргыздан ортосундагы достук тууралуу абдан көп чыгармалар жазыла баштады. Ошондо кыргыз айдыңдары өздөрүнүн Алма-Атадагы Желтоксон окуясындагы казак атуулдарына тилектештигин билдиришти. Кийин гана ошол кишилер жөнүндө угуп, катышып, баарлашып дагы калдык. Көрсө бул Кыргызстандын өзүнүн айрым жарандары дагы Алма-Атага жардамга барганы ниет кылышкан экен. Ал кезде чек арада азыркыдай катуу көзөмөл жок, бирок эки жумарияттын ортосунда бекет бар болчу да. Анан Кыргызстандан унаалар өткөрүлбөй, орто жолдон өткөрүлбөй калган учурлар дагы болуптур. Анан Таалайбек Ылайтегин деген жигит кийин Казакстандын бир жакшы сыйлыгын алды. Ал жигит ошол учурда советтик армиянын катарында жүрүп, көчөдө күзөтттө болгон. Анан алардын баардыгына кийин кандуу жазалоолор болгондон кийин сыйлык берилээрде, ал сыйлыктан баш тарткан. Андан тышкары Казакстанда Кордайдын түндүгүрөөгүндө ашуудан өткөндө бир талаада советтик аскердик ири жай бар болчу. Ошол аскердик жайда Борбор Азиядан келген, анын ичинде Кыргызстандан дагы барып кызмат кылып жаткан көп жоокерлер бар экен. Алар орто жолдон Алма-Атадагы казактарга жардам беребиз деп, өздөрү эле офицерлерге баш ийбей жолго чыгышкан экен. Анан аларды жолдон атайын десанттар келип тороп калып, аскердик бөлүктү бардык жакка ыдыратып таратышкан. Мына ушул сыяктуу окуялар дагы болгон, демек, булар Алма-Атада гана болгон окуялар эмес, демек Борбор Азиянын аң сезимине изи калган бир окуя болду. Бул нерсени айтып жатканымдын себеби кайсы бир деңгээлде Алма-Атада болуп жаткан окуялар бизди ойготту десе болот. Албетте Алма-Ата окуяларына чейин бир нече айлар мурун 1986-жылдары жайында Орусияда Якутск шаарында, Саха элдерини жаштары дагы улуттук демократиячыл ураандары менен чыгышкан экен. Аларды дагы кандуу жазалашкан экен, бирок ал жазалоолор жөнүндө биз учурунда уккан жокпуз. Кийин гана уктук. Анан коммунисттик партиянын жетекчилигинин чечимдеринде, жыйындарында жазылган тексттерди биз, тексттин артындагы сырлары менен окучубуз. Текстте эң мыкты жазылган окуялардын артында башка окуялар жаткандыгын билчибүз. Ошондуктан Якутскийде болгон окуяларды жазып “Патриоттук тарбияны күчөтүш керек, улутчул жаштарына каршы чечкиндүү кадамдарды ташташ керек”, – деген сыяктуу нерселер чыкты. Алма-Атадагы Желтоксон окуяларынан кийин дагы Борбор Азиядагы ар бир жумарияттар дагы атайын жыйындарды өткөрүшүп, коммунисттик партиялар дагы жыйындарды өткөрүп, мыйзамсыз кадамга барган, ашынган улутчул, тартипсиздерди сындаган деген жыйындар дагы болгон. Ошондой жыйындардын бири, муну мага кийин кат аркылуу жазып беришти. Мурдагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде болгон экен, анан балдарды, жаштарды улутчулдукка ким түртүп жатат деген күнөөлүүлөрдү издеген бир өнөктүк болгон. Ошол өнөктүктү Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчилиги, борбордук коитет уюштурган. Борбордук комитеттин ичинен өзүңүз уксаныз таң каласыз. Илим боюнча бөлүм бар болчу, илим боюнча бөлүм башчысы Аскар Акаев болгон, анын орун басары Аскар Чукутаевич Какеев болгон. Демек идеологиялык жазалоолорду жүргүзгөнгө ушулар дагы аргасыз болушкан экен. Бирок албетте алар өздөрү мойнуна алышкан эмес, алар өздөрү үчүн бул окуялар жагымсыз болгон. Улуттук университеттеги жыйында алар Сабыр Аттокуров деген этнограф агайыбыз, тарых илимдеринин доктору болгон агайыбызды улутчул деп күнөөлөп чыгышкан. Ал өзүнүн дарсында мисал үчүн “Кыргыз санжырасын үйрөнүш керек” – деп, санжыра жөнүндө маалыматтарды берген. Этнография сабагында бул кадыресе көрүнүш, этнограф санжыраны изилдебесе анда ал эмнени изилдейт? Бирок мында “Санжыраны жөн гана изилдебестен, эскичилдикке, уруучулукка чакырган, совет дооруна чейинки түзүлүшкө чакырган” деген сыяктуу дооматтарды таңуулашкан. Ошол учурда даярдалып коюлган бир-эки студент болгон. Ошол студенттер Сабыр Аттокуров агайга “Ушундай бизди санжырага үйрөтүп жатат, бизди улутчулдукка түртүп жатат” – дегендей кылып каршы чыгып сүйлөшкөн. Бирок аларга каршы чыккан “Жок, бул андай киши эмес. Сабакты эч кандай идеологиялык кемчилиги жок өткөргөн” – деген студенттер дагы чыгышкан. Сабыр Аттокуровду жактагандардын бири Төлөбек Абдырахманов азыркы учурда Кыргыз Улуттук Университетинин директору, дагы чаткалдык Равшан деген тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты болгон. Ал дагы Сабыр Аттокуровду жактап чыккан. Ушулардын баарын кийин мага кат кылып жазып жиберишти.
Сабыр Аттокуровго байланыштуу жөн гана тазалоо жүргүзбөстөн, башка дагы кээ бир тарыхчы мугалимдерге дагы асылуулар болгон. Алардын бири Табылды Мырзабеков деген агайыбыз тырых факультетинин ошол кездеги деканы болгон. Аны кызматынан акыйкатсыз түрдө түшүрүшкөн. Андан тышкары археология сабагынан берген Бейше Үрүстөмбеков деген агайыбыз ыраматалык болуп кетти. Бейше Үрүстөмбеков 53 жашында каза болду, Табылы Мырзабеков 43 жашында эле каза болду. Ошол агайларыбыз дагы ошондон запкы көрүп калган. Айрым коммунистик партиянын мүчөсү болгондорду партиядан түшүргөн же болбосо башка кызматтардан түшүрүшкөн. Ушундай кодулоо маселелери тарыхчылар үчүн гана маселе болбостон, Айтиев деген ошол кездеги Лениндик философия, саясат таануу деген нерселердин баарын бириктирген өзүнчө кафедра болчу, ошол кафедранын окутуучусуна дагы ошондой дооматтар менен куугунтук болгон. Булардын баары азыр эпизод сыяктуу унутулуп калган нерселер, бирок биздин жүрөгүбүздө дагы калган. Ушул нерселерди айта жүрүшүбүз керек. Бул 1987-жылдагы окуялар 1937-1938-жылдагы окуялардын деңгээлинде чыккан жок. Бирок ошондой коркунуч дагы пайда болгон. Анан Москвадагы Горбачёв, анын тегерегиндегилер реформа кылалы деп андан ары тереңдете баштаганда, ал реформа ачыктык менен байланыштуу болуп калды. Айкындуулук коммунисттик режимдин баардык зыяндуу, мурда айтылбаган, көмүскө каталардын баарын ачык айтууга туура келген. Мына ошол учурда бизде Кыргызстанда айкындуулук жүрүмүнө менин оюмча ошол Алма-Атадагы окуялардан кийинки куугунтуктоолор түрткү болуп калды.
1988-жыл бул айырмалуу жыл. Кыргыздардын тескерисинче улуттук аң сезими көтөрүлүп “Биздин эне тилибиз эмне үчүн мамлекеттик тил эмес? Эмне үчүн бул орус тилине тең ата турбайт?” – деген маселелер көтөрүлгөн. Бул бир жагынан маданий окуя катары каралышы мүмкүн, бирок бул түздөн түз саясий эгемендүүлүктүн шарттарынын бири. Айрым советтик жумарияттарда жергиликтүү калктын түпкү тилдери мурдатан эле мамлекеттик тил болуп эсептелген. Кыргыз тилинин деле ошондой 1920-1930-жылдары кыргыз тилинин макамы бар болуп, өзгөчө маани берилген. Кийин Турдакун Усубалиев бийлегенден тартып кыргыз тилинин деңгээли түшүп “Улуу орус элинин тили биринчи орунда болсун” – деген нерсе сыяктуу көмүскө идеологиялык, саясий жактан таңууланган болчу. Ушуларды кайра карап чыгып, кыргыз коомчулугу, кыргыз айдыңдары, карапайым кыргыздар, бийликтеги кыргыздар “Кош тилдүүлүк” – деген ураан чакырышты. Бул ураанды көтөргөнгө ошол кездеги коомдук ишмер, залкар жазуучу Чынгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу мыкты кишилер колдоп чыгышты. Бардык жерде кош тилдүүлүк үчүн күрөшө баштады. Ураан өзү мындайча айтканда орус тилине каршы эмес, орус тилине тең ата кыргыз тилин дагы коюш керек. Демек империализмге каршы эмес. Бирок кош тилдүүлүккө каршы чыккан шавинист орустар “Жок, советтер союзунда бир эле орус тили болушу керек” – деп каршы болду. Мына ушундай күрөш менен 1988-жыл өттү. Ошондо бизде теги немис германиялык коммунист бозгун немистин урпагы 1960-жылдары Ош педагогикалык институтунда иштеп, андан кийин биздин тарых факультетине келип иштеп калган. Бизге Батыш Европанын тарыхы боюнча сабак берген, өтө чечен, акылдуу анан студенттик ийримдерге, философиялык ийрим деп мени дагы көп жолу чакырды. Көз карашты эркин айтууга ал дагы түрткү берди. Бирок ошол эжейдин өзү шавинисттик көз карашты жактап чыкты. Ал Правда гезитине “Ашынган улутчулдар баш көтөрүп жатат. Кыргызстанда орус тили гана болушу керек, кош тилдүүлүк деген жарабайт” – деп макала жазды. Ошого каршы мен дагы “Правда”гезитине орусча макала жазып жибергем, бирок ал макалам өткөн жок. Кийин ал макаламды кайра Кыргызстандын коммунисттик партияга жиберишкендиктен, бир жолу Ташкентте аспирантурада окуп жатканымда мени чакырып калышты. 1988-жылдын жазында “Директорго чакырып жатат” – деди. Эмнеге чакырып жатышат? десем “Сени борбордук комитеттен келтирип жатышат” – деди. Анан баарынын баш ийкеп “Эмне болуп кетет” – деп үрөйү учуп эле калып калды. Барып телефон аркылуу сүйлөшсөм, ошондо Аскар Какеев экен. Анан “Правда”гезитине ушундай орусча макала жазган турбайсыңбы?” – деп, мен болсо — Ооба жазгам – дедим. Чынын айтсам ал башынан эле бир сөздү айтты. “Мени чалып жатат деп чоочулабагын, мен тек гана маалымат айтып коёюн дедим.
“Правда” гезити сенин макалаңды жарыялабайбыз дейт. Макалаңда эмне деп жазган элең?” – деди, анан мен — Мен макаламда ошол эжейиме каршы жазгам дедим. Бирок телефондо сүйлөшүп жатканымда анын үнүнөн, сүйлөгөнүнөн мен анын мага каршы эмес экенин сездим. Кыргыздар ошондо жеткен коммунисттик бюракраттык режимдин ичинде болсо дагы жогорку жетекчиликтегилер мышык-чычкан оюнун жүргүзүп жатышкан. Бир чети ажыдаардын куйругун басып албайын деди, экинчи четинен алар өздөрү деле өздөрүнүн кызматына,беделине шек келтирбегендей деңгээлде улуттук кызыкчылыктарга каршы эмес иштерди жасагысы келген деп ойлойм. Себеби, ошол эле 1988-жылы, көрсө, Кыргызстан коммунисттик партиясынын жетекчилигинде биз көп учурда Абсамат Масалиев агайды “Борборду эле карай берген” – деп сындап калабыз. Себеби ал өзү дагы президент болосуңбу?” десе, Жок, советтер биримдиги үчүн борборго Горбачёв жетишет” – деп айтыптыр. Кийин президент болоюн дегенде, шайлоодон өтпөй калып жатпайбы. Ошол киши дагы патриот экенин кийин билип жатабыз. Алар тымызын кыргыз тилинин макамын көтөрүш үчүн аракеттерди жасап жатышкан экен. Ошол 1988-жылдары кээ бир 1937-1938-жылдардагы жана башка ошол учурдагы репрессияланган адамдарды кайра актоо жөнүндө материалдарды чогултуп жаткан экен. Алардын баарын алар калайыкка ачык көрсөтпөйт да. 1988-жылдардын ичинде ушундай актоо иштери дагы башталган айрым мурдагы жадитчи болгон, мурдагы эгеменчи болгон инсандарды кайрадан актоо аракеттери башталган. 1988-жылдардагы бул окуялар,демек, кыргыз коомунун баардык эле катмарларын ойготкон учур болду деп эсептейм. Себеби тарыхта биз 1989-жылдардагы окуяларды айтабыз да, бирок анын пайдубалы катары, аң сезимдик бурулуш катары ошол 1988-жылды өзгөчө эстеш керек деп ойлойм. Албетте жанагы эжейге каршы макалам борбордук гезитте чыкпаганы менен кыргыз тилине болгон пикирлерим жарыяланып жатты. Башка акын жазуучулар, айдыңдар дагы өздөрүнүн кыргыз тилинин макамын көтөргөн пикирлерин жарыялап жатышты. Ошол учурда мен Махмуд Кашгари Барскани бабабыздын мурасы жөнүндө макалаларды байма-бай жарыяладым. Ошолордун ичинде эң маанилүү бир нерсеси бар болчу. Мындан дээрлик миң жыл мурда Махмуд Кашгари дагы араб тилинен кем калышпаган, араб тили менен бирдей жарышып озуп келе жаткан кош аттын бири бул өзүбүздүн түрк тилибиз, өзүбүздүн эне тилибиз деген. Миң жыл мурун аларда дагы ушундай жыйын болуптур, аракеттер болуптур. Ал эми 1988-жылдагы кош тилдүүлүк үчүн күрөш биз үчүн так ошондой мааниге ээ. Махмуд Кашкари Барскани бабабыздын ошол кездеги айдыңдык күрөшүн биз дагы уланттык деп эсептейм. Кийин абал андан ары өнүгө берип 1989-жылкы окуяларга жалгашты.
Гүлзат Алагөз кызы: Кыргызстанда 1989-жылга чейин эле көптөгөн кыймылдар, уюмдар бар экенин айтып кетпедиңизби. Ошол убакта Кыргызстанды деги эле Борбордук Азиядагы башка мамлекеттерди деле “Уктап жаткан мамлекет, малчылардын мамлекети” дегендей күнөөлөгөн экен да. Анан 1989-жылга чейинки Крыгызстандагы демократиялык уюмдарды кандай баалайт элеңиз анан СССРдин башка мамлекеттерине дагы салыштыра кетесизби?
Тынчтыкбек Чоротегин: 1988-жылдагы жанагы күрөш интеллектуалдык күрөш болчу, бирок уюмдашпаган күрөш болду. Коммунисттерге каршы тиреше турган өзүнчө уюм түзүү жүрүмү бизде 1989-жылдары гана башталды. Демек 1989-жылга чейин кайсы бир деңгээлде Кыргызстанды “Белгисиз жумарият” деп жазышканы алардын деңгээлинде кайсы бир деңгээлде чындыкка төп болду. Ошон үчүн муну дагы мойнубузга алышыбыз керек. Бирок 1989-жылы бизде кыргыз айдыңдары бир нече багытта уюмдарды түзүшкөн. Айрыуюмдар жергиликтүү жерлердин кыртышында пайда болду. Мисал үчүн “Ашар” уюму аны “Ашар козголоңу” деп дагы айтып жүрүшөт, “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты” деген уюм түзүлгөн булар кыргыздар өздөрү түзгөн уюмдар. Андан тышкары Москвада түзүлгөн “Мемориал” деген уюмдун филиалы Кыргызстанда ачылган. Буга негизинен орус тилдүү кыргыздар баш кошушкан. Андан тышкары “Акыйкат” уюмун Москвадагы кыргыз жаштары уюштурса, “Ак кеме” деген уюмду азыркы Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз жаштары уюштурган. Андан тышкары, кээ бир чакан чыгармачыл топтор болгон экен. Улуттук илимдер академиясында өзүнчө жаштар жүргөн экен, Кыргыз Улуттук Университетиндеги жаштар дагы көп уюмдарга мүчө болушкан. Анан бул жерде кээ бир уюмдар кыргыз тилинде иштеген, кээ бир уюмдар орус тилинде иштеген, бирок жалпы маанай бирдей болгон. Бирок биз Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты деген уюмду негиздегенде, кыргыз тилинде уюштурдук, бирок бизди улутчул деп күнөө койбош үчүн кош тилде синхрондук котормону дагы уюштурдук. Ал үчүн Кыргызча жазуучулар уюмунун жыйындар залында, азыр жогорку соттун имараты болуп калды, мурда Америкалык университет дагы убактылуу иштеп турду. Ошол жердин чоң жыйын залын ал кезде Жазуучулар союзу бизге бекер сунушташты, жабдууларды дагы бекер сунушташты. Алар көмүскө болсо дагы бизге колдоо көрсөтүштү. Себеби жаш тарыхчыларда чогултканга каяктагы акча. Котормочу издегенге туура келди, кээ бир котормочуларга барсам “Акча берсең которуп беребиз” – дешти. Биздин айлыгыбыз өзүбүзгө араң жетсе каяктагы акча? Ошондо биз биз эң мыкты окуган, эки тилде тен сүйлөй алган ошол кездеги тарых факультетинин жаш студенттеринин ичинен Арслан Капай уулу Койчиевди жана анын колуктусу Акчолпон Койчиеваны чакырдык, анан Алмаз Кулматов деген саясат таануучу жигитти чакырдык. Үчөө тең мыкты окушат, үчөө тең эки тилде шакылдап мыкты сүйлөшөт мына ошолор бизге которуп беришти. Албетте,“Жалаң эле кыргыздар топтолуп” деп бизди күнөөлөбөш үчүн көз карашы бизге жакын адам мисал үчун Александр Тузовду чакырдык, ал орус жигит Москвадагы архив таануу институтун бүтүргөн тарыхчы, кийин журналист болуп кетти. Ошол жигит дагы бир-эки улуттун өкүлдөрү бар эле. Ошол кезде жыйынды болтурбаганга аракет кылышкан. Ошол убактагы идеологиялык жетекчи Масалиевдин оң колу Медеткан Шеримкулов агай болчу. : “Ай балдар бул нерселерди кийинкиге калтырып турбайлыбы?” – деп, биз “Сөзсүз өткөрөбүз” – дедик. Дагы тоскоолчулук кылбаш үчүн, ошол кездеги “Ленинчил жаш” гезитине жарыялап салдык. Жер-жерлердеги, облусттагы дагы тарыхчыларга телефон аркылуу чалып, кайрылып, каттоочулар аркылуу кабар айттырып аларды чакырттык. Ошол иш-чарага аймактардан көптөгөн жаш окумуштуулар келишти, демек бүткүл жумарияттык жыйын болду. Анан төргө Түгөлбай Сыдыкбеков агайды, ал кезде ал агай “Көк асаба” чыграмасы аркылуу жана башка өзүнүн публицистикалык эмгектери аркылуу кыргыздарды ойготуп жүргөн мыкты, кеменгер жазуучу, коомдук ишмер. Ошол аксакалыбызды чакырдык, ошондо Кытайдан конокко келип калган Жусуп Мамай деген манасчыбыз дагы чогуу келип, төргө отуруп берип, өздөрүнүн жакшы батасын айтып, кеңешин айтышып берди. Алар төргө отуруп тургандан кийин коммунисттик жетекчилик бул жыйынды кубалай албай калды. Ошентип,бул жыйыныбыз ийгиликтүү өткөн деп эсептейм. Ал эми “Асаба” уюму 1989-жылдын март-апрел айларында түзүлүп, бирок уюм катары жетилүү учур бул июнь айына таандык болду. Анан жалаң эле Асабачылар эмес, үй курган үй куруучулар түзгөн башка дагы параллел уюмдар дагы түзүлдү. Батышда мындай нерселерди “Сквоттинг кыймыл” деп коюшат. Коомдук жайлардагы мүлктү тартып алып, ал жерде байырлаган кишилердин кыймылы. Дүйнөлүк тажрыйбада мындай окуялар көп эле болуп келген экен. Кыргызстандын тажрыйбасында бир эле жолу болду. Өтө массалык түрдө болгондуктан аларды басып алуу мүмкүн болбой калды, бийликтегилер бардыгын жазалай албай калды. Ал көз көрүнөө көрүнүп турду. Ал кезде фабрикаларда, жатаканаларда үч муун тар бөлмөлөрдө жашаган учурлар болгон. Болбосо биз жаш адис катары жалаң батирден батирге көчүп ижарага батир алабыз деп издеп жүрчүбүз. Сырттан Орусиядан келген келгиндерге кээде 2-3 айдын ичинде үй берчү, кээде 2-3 жылдын ичинде беришчү. Ал эми жыйырма жылдан бери иштеп жүрүп үй ала албай жүргөндөр көп болгон. Бул оторчулуктун тымызын түрү болгон деп эсептейм, мына ошого каршы күрөш, бир четинен социалдык күрөш катары каралса болот. Экинчи жагынан саясий мааниси бар болчу. Ошон үчүн “Ашар” кыймылынын жанданышы дагы коомчулукту ойготконго аябай жакшы түрткү болду. Дагы олуттуу түрткүлөрдүн бири ошол 1988-жылдары күн ачык турганда эле, чагылган чарк эткендей эле окуя болду. Бул 23-сентябрда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары кабыл алынышы болду. Мисал үчүн ага чейинки ошол мыйзамды даярдоо аракеттер, күрөштөр тымызын жүргөн экен. Бирок 23-сентябрь көпчүлүк үчүн баары бир жагымдуу болуп калды. Бул башкалар үчүн тилге байланыштуу чечим болгону менен, бул эгемендүүлүккө байланыштуу чечим болчу. Ошон үчүн биз бул чечимди саясий чечим деп эсептейбиз. Бул чечимди колдоп бергендердин бири сыртта кээ бир кишилер Кыргызстанды дагы шылдыңдабагандай чабан спикер болгон. Ошол кезде Кыргызстандын президиумунун социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматов болгон. Ошол кишинин инсандык адам катары жасаган иштерин айтканда калыс болгонго аракет кылыш керек ,албетте, анын сыртында, артында Абсамат Масалиев жана башка коммунисттик лидерлерди дагы айтыш керек. Бирок ошол жыйынды алып барган, ошол мыйзамды тез арада бардыгын көндүрүп жыйын өткөзүп ийген ошол Таштанбек Акматов болгон. Демек, ар бир кишинин өзүнүн сааты болот. Сөзсүз түрдө бардыгы академик болуш керек эместиги деле ошондой, а балким, анын ордуна кайсы бир академик болсо анын жүрөгү коркуп, Москвадан коркуп мындай чечимге бармак эместир. Анын үстүнө,1920-жылдары Кыргыз совет мамлекеттүүлүгүн тилчи кишилердин көпчүлүгүнүн диплому жок болчу. Кайсы бир деңгээлде сабаттуу болчу, бирок диплому жок болчу. Дипломду кийин окуп алышкандары дагы болгон. Албеттеал кезде жадитчилердин мыктыларынын мыктысы Эшенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков жана башка алардын жолун жолдогон башка ишмерлер дагы анын арасында Жусуп Абдырахманов эле сабаттуу болгон. Абдыкадыр Орозбеков сабаттуулугу боюнча аларга жеткен эмес, бирок көкүрөгү тунук саясатчылардан болгон. Демек, Таштанбек Акматов дагы ошол кезде көкүрөгү тунуктугун көрсөттү деп айтса болот. Анан бул мыйзам кабыл алынгандан кийин абдан чоң шерденүү, шыктануу сезими пайда болду. Буга чейин акталбай келген кишилерди же болбосо акталып келип кайра токтоп калган адамдарды кайрадан актоо жөнүндө сөздөр башталды. Мисал үчүн Касым Тыныстановду 1959-жылы актаган экен, бирок ошол кездеги коммунисттик партиянын жетекчиси азыр көпчүлүгү мактап жүргөн агайыбыз буга каршы болгон. Мына ушундай дүйнөнүн оомал-төкмөл жактарынын бардык жагын айтып кетиш керек. 1989-жылдын декабрь айынан тартып жогору жак тараптан тымызын Кыргызстандын жетекчилери дагы “Ашар” кыймылынын жетекчиси Жыпар Жекшени дагы куугунтукка алган. Алар “Ушул жетечини эле кысымга алсак баары токтоп калат” – деп ойлошкон. Тескерисинче, 1990-жылдын январь айында Жыпар Жекшени колдоп эки жолу демонстрация болду. Ошол демонстрация болот деген имиштерди угуп “Эмне болот экен?” – деп таң калып, кызыгып бардым. Анан менин жанымда абдан көп тарыхчы жигиттер болду. Биз “Уюшканы жатат, болот экен” – деген нерсени укканда эле бардык, атайын эч кимге чакыруу кагаздар деле келген жок. Көрсө көп табигый нерселер ушундай эле пайда болот экен. Көбүр- шыбыр, зымсыз телефон аркылуу чогулуш болду. Ал кезде коммунисттик партиянын борбордук комитети азыркы Ак үйдө жайгашкан.
Гүлзат Алагөз кызы: 1986-1991-жылдары ушул демократиялык уюмдар социалдык жана улуттук маселелерди көтөрүшкөн. Андан сырткары аларда азаттык же эгемендик жөнүндө качан сөз башталган, дээги эле биз эгеменедүүлүк алышыбыз керек деген идея бар болгонбу же жөн гана СССРдин курамында демократиялык мамлекет болуп калууну көздөгөн идея болгонбу?
Тынчтыкбек Чоротегин: Эгемендик идеясы буга чейин эле чыгармада жарыяланганы профессор, укук таануучу Кубанычбек Нурбековдун “Кыргызстан СССРдин курамынан чыгып кете алат” – деген монографиясында эле, бул 1970-жылда башталган. Анан анын жеке өзү запкы жеп жатпайбы. Бирок эл бир нерсе деп баамдаш керек да. Бул китеп өзү чыккандан кийин өрттөлүп тытылып калган жок да, ал китеп текчелерде калды. Ал адамды жаман атты кылган сайын эл ага кызыкты. Ошондуктан эгемендик идеясы жөнүндө эл кайра курууга чейин эле билишкен жана айта жүрүшкөн деп эсептейм. А эмне үчүн “Көк асаба” деген чыгарма чыгып жатат? Эмне үчүн ага тыюу салып жатат? Түгөлбай Сыдыкбековдун эгемендүүлүк жөнүндө чыгармасы бар болчу. “Ак кемедеги” бугу эне деген эпизод бар, анын артында дагы “Ак кеме” жөнүндө жазып жатып экология жана башка нерселер жөнүндө жазган. Ошол кездери дагы “Ата-журт” деген сөз үчүн дагы күрөш болгон. Мисал үчүн Аалы Токомбаев деген чыгаан, залкар акыныбыз карыя болуп калганда жеткен Москвөчүл болуп калды. Ал “Родина деген сөздү колдонушубуз керек. Ата-мекен деген сөз советтер биримдигин чагылдыра албайт” – деп чыкты. Ошол учурда ата-журт деген жыйнагын мисал үчүн Кеңеш Жусупов чыгарган. Ата-мекен, Ата-журт деген сөздөр жөнүндө абдан көп айтылган. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” чыгармасында дагы эгемендик бар, убагында Кокон хандыгын кырыгыздар кантип башкарып калгандыгы жөнүндө дагы сөздөр бар. Андан тышкары ,1982-1983-жылдарда кээ бир улутчул делген кыргыз жазуучуларына каршы сын пикирлерин коммунисттик партиянын борбордук комитети дагы айткан. Сындалгандардын арасында Казат Акматов бар болчу, Көчкөн Сактанов бар болчу жана башка эгемендик идеяны көтөргөн кишилер бар болчу. Андан тышкары алар Азаттыкты тымызын угушчу да, Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу чыгаан журналисттер Азамат Алтайдын баштоосу менен
1953-жылдын 18-мартынан тартып Азаттыктын кыргызча берүүлөрүн башташкан. Ошол берүүлөр аркылуу дагы эгемендүүлүк идеясы, эгемендүүлүк үчүн күрөш жүргүзгөн Түркистан автономиясы, Алаш ордочулар жана басмачылар жөнүндө маалыматтар таркалып жаткан. Демек, эгемендик жөн эле нерсе эмес болчу. Ошол 1980-жылдардын башында эсимде, ошол Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” деген драмасы коюлган, мында дагы эгемендик идеясы бар. Эл ошол театрга барып аткарылып жаткан учурун көрүп туруп ыйлашкан. Демек эгемендик идеясы бир нече багытта айтылып келген. 1916-жылдыгы көтөрүлүш тууралуу эмгек жазган Кушбек Үсөнбаевдин монографиясын айталык. Эне-Сай кыргыздарынын тарыхы менен байланыштуу изилдөө жүргүзгөн Өмүркул Караевдин китептерин айталык. Демек эгемендик идеясы “Манас” эпосунун өзүндө дагы бар жана дайыма болуп келген деп эсептейм. Ошондо биз тагыраак болобуз, болбосо биз мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынгандан кийин эгемендик жөнүндө сөздөр айтыла баштады деген пикир туура эмес болуп калат. Себеби биз кээ бир идеяларды мурас бетинен гана эмес, элдин оозунан дагы, элдин маанайынан дагы жалпы элдин көркөм чыгармачыл мурасынан дагы издешибиз керек.
Гүлзат Алагөз кызы: Көбүнчө Орусиянын басма сөзүндө же окумуштуулары, саясатчылары дэги эле Борбордук Азияга мурунку советтик мамлекеттерине эгемендүүлүк белек катары берилди деген баяндама айтылып жүрөт. Чынында эгемендүүлүк алууда ушул демократиялык уюмдардын жана кыймылдардын орду кандай деңгээлде болгон жана ошол учурдагы сиз айтып кеткен Айкындуулук, Кайра куруу саясатынын орду канчалык эле?
Тынчтыкбек Чоротегин: Бир нерсени айта кетиш керек. Мисалы азыр деле Путин “Ленин өзү эле Украинага эгемендик, жумариат деген статус берип салган” – деп сүйлөп жатпайбы. Лениндин өзү бийликти чыңдай албай жатканда Украинанын демократиялык республикасы болгон. Эгерде Ленин, большевиктер аларды басып албаган болсо Украина ошол 1918-жылдан тартып эгемендүү бойдон кала берсе азыр Финляндия сыяктуу эгемен мамлекет бойдон кала бермек. Кавказ аймагы дагы ошол 1918-жылдан тартып эгемен бойдон калмак. Кыргызстан жалпы Борбордук Азия дагы, Түркистан автономиясы ордунда кала берсе 1917-жылдын ноябрь айынын тартып эле биздин аймактык өзүнчө федерациялык мамлекет түзүлмөк. Демек алардын эгемендигине большевиктер тескерисинче жолтоо кылышты, үзгүлтүккө учуратышты. Мына ушуну сөзсүз айтып кетиш керек. Ал эми 1989-жылдагы алгач социалдык себептер менен жыйылып алган уюмдар Ашар жана башка уюмдарга тоскоол болбой калышты, себеби алар социалдык гана көйгөйлөрдү алып чыгат деп ойлоп калышты. Мына ошонун өзү алар кийин саясий ураан көтөрүп чыкканга жакшы пайдубал болуп берди. Эми саясий ураанды жалаң эле Кыргызстан эмес паралелдүү түрдө башка жумариаттарда көтөрө башташкан. 1990-жылы июнь айында бизде Ош окуясы болду. Ошол Ош окуясында ошол күндөрү биз Кыргызстандык жаш тарыхчылар Ташкентте болдук. Ташкентте атайын илимий жыйын болду, ошондо биринчи жолу “Борбор Азияны Орустар кантип басып алган?” деген темада талкуу болду. Биринчи жолу СССР тарай электе “Кантип басып алынган?” деген идеялар айтылды. Мисал үчүн биз жактан барган улуу муундагы тарыхчылар “Кыргызстан ыктыярдуу кошулган” – деп айтышса, мен “Жок Кыргызстанды дагы басып алышкан” – деп айткам. Анан Ош окуясы болгондо бизди Ташкентте жакшылап сак сактап турушту. Ошол жердеги өзбек айдыңдары “Бул сырттан келген провакация. Биз дагы билебиз” – деп айтышты. Чынында эле ушундай болгон Кыргыз демократиялык кыймылына, демократиячыл жараяндарга каршы бизде Ош окуясы болсо, тиги Балтика боюндагы, Грузияда, Азербайжанда дагы ушундай этностор аралык жаңжалдар уюштурулган. Кийин Молдовада дагы ушундай сценарий уюштурулду. Тек гана бизде жикчиликти тезирээк токтотушуп, андан ары кагылышуулар дагы болбой калды. Ал эми ошол 1990-жылдын октябрь айынын башында КДК мени Киевдеги бир эл аралык жыйынга жиберди. Ал “Советтер союзу кулдандырган элдердин конференциясы” деген жыйын болду. Мына ошол жыйын учурунда абдан көп өлкөлөрдөн, анын ичинде Орусиянын ар башка аймактарынан, Балтика боюнан жана башка жактардан келишип “Эгемендикти тез арада алуу” маселелери боюнча сөз болду, абдан кызыктуу болду. Ошондо октябрь айынын башында Киевдеги Крещатик аянтында студенттер жана аларды колдогон саясатчылар коммунисттик режимге каршы саясий ачкачылык жарыялашты. Бизде октябрдын жыйырма биринен кийин саясий ачкачылык башталган. Ошондо Татарстандан “Татарстан коомдук борбору” деген уюмдун атынан келген бир мырза “Бизде дагы жайында саясий ачкачылык жарыялаганбыз” – деп айткан. Бизде эгемендик идеясы ошол бир маселеге байланыштуу бир нече уюмдун анын ичинде КДКнын жалпы тилеги катары 1990-жылдын 27-октябрында саясий ачкачылык учурунда ураандардын арасында көтөрүлдү. Мен билгенден “Кыргызстанда эгемендик болуш керек” деген идеяны ошол жерден көтөрүшкөн. Ага чейин сөздөр көп болгон, бирок расмий түрдө ошондо биринчи көтөрүлдү. Президенттик бийлик ошол кезде эмнегедир саясий эгемендиктин бир символу катары каралган. Кийин көрүп жатабыз Түркмөнстан эгемен, президент башкарат, бирок диктатура. Демек жалаң эле эгемендик эмес, диктатура эмес демократия керектиги жөнүндө идея КДКнын идеясынын арасында болчу. Ошол кезде эле демократиялык түзүлүштөр жөнүндө талаптар болгон. Дал ошол саясий ачкачылыкта “Көп партиялуулук” жөнүндө дагы талап коюлган. Көп партиялуулук жөнүндө Киевде дагы “Ушул үчүн күрөшүш керек” – деп айтылган. Эң башкы талаптарынын бири ошол “Коммунисттик партиянын жеке басарлык режимин токтотуш керек. Бир партиянын режими дегенди биротоло токтотуш керек” көп партиялуулук дегендин мааниси дал ушунда болгон. Компартия жашагысы келсе башка партиялар менен тең ата гана жашашы мүмкүн, бирок аны мамлекеттик бийликтен чыгарыш керек деген. Ал кезде компартия бийлик менен ушунчалык жуурулушуп кеткен болчу. Тоталитардык түзүлүш иш жүзүндө коммунисттик түзүлүш болгон. Мына ушулардын баардыгы 1990-жылы, 27-октябрдан 28-октябрга караган түнгө чейин созулган. Дароо айта кетиш керек Жогорку Кеңеште дагы демократиячыл маанайга саясий ачкачылык жакшы түрткү болгон. Алар ошого таянышты, андан нары жолун улантышты. Абсамат Масалиев шайланбай калгандан кийин жаңы жетекчи президент катары Аскар Акаев шайланганда алгачкы айларда ал дагы демократ болгон, ошону айта кетиш керек. 1990-жылдын декабрь айында “Кыргызстандын эгемендүүлүгү жөнүндө декларация” кабыл алынды. Ал декларация иш жүзүндө кийин биротоло көз карандысыздык жөнүндө кабыл алынган декларациялардын бардык идеяларын киргизген. Анда бир гана өтө опурталдуу нерсе бар болчу, ал “Жаңыча түзүлгөн шериктештиктерге мүчөлүккө макулдук” деген идея дагы бар болчу. Себеби советтер биримдигин жаңырталы деген аракеттер болуп жатты. Ошол 1990-жылдагы окуялардын ичинен туу чокусу болгон дал ошол декабрдагы декларация болгон. Андан дагы кызыгы анда жумариат деген сөзгө карышы кыргыз тилинде Кыргыз Республикасы деп аталган. Орус тилинде Республика Кыргызстан деген. Советтик социалисттик деген сөздү дагы алып салган. Бул окуя кийинки 1991-жылдагы окуяларга алдын ала даярдык болду. Эгемендикке умтулган агачкы жумариаттардын бири Кыргызстан болуп калган. Себеби 1991-жылы 31-августта Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик көз каранды эместигин жарыялады. Андан кийин 1-сентябрда Өзбекстан жарыялады. Казакстан кийин гана кечирээк жарыялап калды. Себеби ал кезде Казакстандын авторитардык жетекчиси, ал кезде коммунисттик партиянын жаңы лидери Нурсултан Назарбаев болочокто жаныртылган советтер биримдигинин премьер-министри болушу мүмкүн деген Горбачёв менен ошондой сүйлөшүлгөн экен. Ошондуктан ал Масквагакылчактап турган. Муну казак тарыхчылары “Ушундай учур болгон” – деп азыр калыс жазып жатышат. 1990-жылдын күз айына карата бизде ошондой саясий динамикага өтө тездеп өнүктү дагы көп партиялуулук үчүн шарттар жарала баштады. 1991-жылдын башында Балтика боюна советтик аскерлерди киргизип чоң жүрүмдөр болгондо, Бишкекте демонстрацияга чыгышкан. 1991-жылдын башында Бишкек шаарыны тарыхый ысымы кайрадан кайтарылган, бул дагы эгемендикке карата кадам болуп саналган. Бул ошол күнү эл кабылып калган деп айтпаш керек. Ага чейин даярдык күрөш, Кыргызстан жаш тарыхчылардын демөөрчүлүгү менен Нарынбек Алымкулов деген тарыхчы анан Субакун Бегалиев деген архивист тарыхчы экөө Масквага иш сапарга жиберилген. Алар Масквага барып, Фрунзе деген ат элдин тилеги эмес, сырттан таңуулангандыгын далилдеп келишкен. Андан тышкары мурдагы чагатай жазмаларынын негизинде “Фишкек” деп жазылган. “Б” тамгасын “П, Ф” кылып окулат. “Бишкек” деген аттын алгачкы варианты болгон деп көрсөтүп чыктык. Кыяс Молдокасымов дагы өзүнүн табылгаларын көрсөттү. Булардын бардыгын биз Жогорку Кеңештеги атайын топко дагы бергенбиз. Акыры ушул илимпоздордун жыйынтыгына дагы атайын Масквадан дагы жанагы академик Лихачёв дагы колдоо көрсөтүшкөн. Алардын өзүндө дагы “Петербургду кайра калыбына келтиребиз” – деп, “Свердловдун ордуна Екатеринбург дегенди кайра калыбына келтиребиз” – деп. Ушундай жараяндар Орусиянын өзүндө дагы көп болуп жатты. Балтика боюнда, Украина, Кавказда дагы жүрүп жатты. Алардын бардыгын биздин саясий элиталар дагы окуп жатышты. Себеби бизге көрүнбөгөн жашыруун кабарлар аларга дагы жетчү.Анан жашыруун кабарлар айрымдарынын жүрөгүн алса, айрымдарынын тескерисинче улутчулдукка түрткү берди деп ойлойм. Ошондуктан бул жалаң гана КДКнын уюмдары эмес жалпы кыргыз айдыңдарынын орток ойгонуусу, орток күрөшү болгон деп эсептейм. Мына ошол окуяларды сөзсүз белгилешибиз керек. 1990-жылдардын башында январдын аягында 5-февралда мыйзамсыз демонстрациялар болду. Ошол 5-февралдагы демонстрация учурунда кийинки 18-февралда демонтрацияны мыйзамдуу өткөрөлү деп атайын топ түзүлдү. Ошол топтун башчысы Райымбек Абсаматов деген бир агайыбыз болду, анын орун басары мен болдум. Ошол жерден Чапырашты Базарбаев жана башка бир топ ошол кездеги жагымдуу жаштар чогулуп, мүчө болуп топ түзүлүп калды. Анан биз 18-февралдагы митинг үчүн уруксат сурап, шаардык аткаруу комитетине чейин бардык. Алар “Уруксат бербейбиз” – деп чыгышты. Бербесеңер анда биз кайра мыйзамсыз өткөрө беребиз – дедик. Алар “Андан көрө бир клубдун ичинде отуруп алып дискуссия кылбайлыбы? Маселелерди козгогула” – деди. Анда дискуссияга деле макулбуз, бирок жыйынды биз алып барабыз. Ушундай талаптарыбызды коёбуз, болбосо кайра митингге чыкабыз – дедик. Анан болуптур деп, шаардын Ленин райондук партиялык комитетинин имараты азыркы Жаш Гвардия бульварында. Ошол жерде жыйын залы чоң экен, ошол жерде уюштуралы деп сүйлөшүлдү. Тарыхта биринчи жолу 18-февралда коммунисттик лидерлерге каршы интеллектуалдырдын жана жумушчу, инженер жаштардын таймашы болду. Жыйынга Абсамат Масалиев өзү келди. Келип баягыдай “Жыйынды мен өзүм алып барайын, силер отургула” – дегенде балдар “Жоок, жыйынды сиз алып барбайсыз” – деп чырылдышып, кыйкырышып. “Биз өзүбүздүн сценарийибиз менен өткөрөбүз сиз отуруп туруңуз. Жөн гана жооп бересиз” – деп ошондой кызыктуу окуялар болду. Анан Абсамат Масалиев макул болуп, жыйынга жөн эле туш келди болбостон, алдын ала миграция, саясий, экономика жана башка көп маселелердин бардыгын бөлүштүрүп алганбыз. Ошол иштерди мыкты билген адистерге бөлүштүрүп бергем. Илимдер академиясынан, улуттук университетинен жалпы эле инженер жана башка жаштардын өкүлдөрүнөн сөз алып чыгышып, талаалап сүйлөбөй өтө орчундуу жыйын өткөн. Ошондо ошол жыйынга сабырдуу, толеранттуу болуп отуруп катышып бергендиги үчүн азыр ыраматылык Абсамат Масалиевге ыраазычылык билдиришибиз керек деп ойлойм. Анын ордуна ал өзү табигый демократ киши экен. Мисал үчүн Ислам Каримов сыяктуу киши болгондо бизди жыйынга чейин эле камап салмак. Ошон үчүн, кыргыз демократиясынын өнүгүшүнө ошол демократтардын өздөрү гана эмес, жалпы жарандык коом салымын кошту деп эсептейм. Анан бул таймашуулар болду, март айында дагы болду. Абсамат Масалиев өзү келген жок, башка адамдарды жиберип ийиптир. Бирок ошондо бул жетишсиз экендигин түшүндүк. Апрелден тартып саясий уюм түзөлү деген аракеттер болду. Параллелдүү башка окуялар дагы болуп жүргөн экен, азыр көп окуяларды окуп жүрсөм өздөрү катышкан жерлерди гана көптүрүп, анан “Биз эле уюштурганбыз” – деп айткан көп учурлар болгон. Бирок бул нерселер жалпы болгон, биз билбеген пареллелдүү түрдө ар башка облусттарда ал кезде Ош облусу, Нарын облусу башкаларда дагы жыйындар болгон экен. Бишкектин өзүндө эле бир нече топтор жыйын өткөргөн. Ошол топтордун ичинен мисал үчүн Кадыр Матказиев, Топчубек Тургуналиев, Бекболот Талгарбеков сыяктуу бир топ саясатчылар баш кошкон. Ошол топтун болочоктуу партияны, уюмдун уставын түзөлү, кеңири устав болсун деп ошого аракет боло баштады. Биринчи өзүбүз “Асаба” деген уюмду түзүп алдык. Бул кийин партия болсун деген Асаба эмес, ага чейин бул Асаба кыймылы болчу, аты эле окшош. Ошонун негизинде кийин Асаба партиясы болуп жарыяланды, бирок ага чейин Асаба уюмунун башчысы кылып Кадыр Матказиевди шайлап алдык дагы анан бул уюмдун биринчи саясий чарасы катары биринчи майда “Атаандаш” демонстрациясына чыгалык дедик. Биринчи майда Бишкек коммунисттик эмгек күнүнө карата салттык уруксат берилген демонстрация бар болчу, ошонун артынан биз кызыл түстүн ордуна көк түстүү асаба көтөрүп алып, көк түскө “Жашасын демократия!” деп жазып алып демонстрацияга чыкканбыз. Орто жолдон “Айчүрөк”дүкөнүнүн жанынан бизди бир саатка чейин эч жакка жылдырбай милициялардын бир катары тосуп турду. Алар кимдир бирөөлөр менен акырын сүйлөшүп алыптыр, биз болсо “Баары бир өтөбүз” – деп жаттык. Акыры бизге уруксат беришти, ошондо “Ала-Тоо” аянтынан өткөрдүк анан тынч тарап кеттик. Ал кезде ал жерде Лениндин эстелиги бар болчу, анан мен өтүп баратып Абсамат Масалиевди карадым. Ал бизди бир чети таң калгандай, бир чети капалангандай карады. Биз ошондон шаңдуу өтүп кеткенбиз. Бул биз үчүн биринчи жолу күч көрсөтүү болду. Анан бизде КДК деген уюмду түзүү үчүн аракеттер тезирээк болду. Бир нече киши устав, программанын долбоорлорун даярдайбыз деп убада берип туруп, бирок аткара албай жатышты. Ошондо акыры уставдын долбоорун мен жаздым. Программанын долбоорун Камиля Кененбаева жазды. Ал кезде ал Кыз-келиндер педагогикалык институтунда доцент болчу. Кийин Акаевдин учурунда ал Акаевдин режимине кызмат кылып обочолонуп кетти, бирок 1993-жылдарга чейин ал демократтардын арасында жигердүү жүргөн саясатчы болчу. Ошол Топчубек Тургуналиев жана башкалар келип катышып жатышты, жыйын орундары алмашып жатты. Райкан Төлөгөнов, Мелис Эшимканов, Эмиль Каптагаев, Ашарчылар ошол кездеги дагы башка көп жигердүү жаштар катышып жүрдү. Ашарчылардан тышкары параллелдүү биз билбеген дагы уюмдар жыйындарды өткөрүп жүргүзүшкөн экен. Алардын арасында мисал үчүн Ошто өзүнчө демократиялык жүрүм болгон экен, ал жакта өзүнчө уюм түзүлгөн. Орустарда башка бизге белгисиз жанагы “Мемориал” деген уюм өзүнчө иштерди алып барып жүргөн экен. Ошолордун бардыгынын башын коштуруп 1990-жылы 25-26-майда КДКнын уюштуруу конференциясы болгон. КДКнын конференциясы кийинки жылы болгон. Бул мен айтып жаткан уюштуру жыйыны. Экөөнү алмаштырып албаш керек. Ошол КДКнын уюштуруу жыйынына беш теңтөрага шайланган. Бул уюм өзүнүн башкармалыгын дагы шайлады, андан тышкары кеңешин шайлады. Уюм күчүндө турган кезде ага атайын азыркы жогорку соттун имараты турган жерде түндүк-чыгыш жагынан кире турган жеринен кеңсе дагы беришкен. Бирок ал кийинки СССР кулагандан кийинки жүрүм болду. КДК уюму көп улуттуу болгонун айтыш керек. Жалаң кыргыздар эмес, демократиячыл маанайдагы башка улуттун өкүлдөрү дагы бар болчу. Мисал үчүн Караколдон отец Владимир деген динаятчы катышты, Наталия Орлова деген даңазалуу укук коргоочу айымыбыз катышты. Башка көптөгөн орус, немис, дунган, уйгур, өзбек улутундагы кишилер дагы катышкан.
Гүлзат Алагөз кызы: Кыргызстандагы демократиялык уюмдар кандай механизм менен иштешкен, бири-бири менен кантип байланышып турушкан, каражат маселелери кандай чечилген? Андан тышкары башка Балтика боюндагы өлкөлөр болобу, Украина, Казакстан же Өзбекстандагы ушундай уюмдар менен чогуу иш алып баруу тажрыйбалары болгонбу?
Тынчтыкбек Чоротегин: Өзгөчө Ош окуялары дароо эле КДК түзүлгөндөн кийин дээрлик бир апта өткөндөн кийин болуп калып жатпайбы. КДК 26-майда бекитилди, 4-июнда он чакты күндүн ичинде эле Ош окуясы болуп жатпайбы. Ошол Ош окуясынын жүрүшүндө дагы КДК Тажикистандын, Өзбекстандын демократтары менен байланышкан. КДК Орусиянын, Балтика боюнун, Украинанын жана Кавказдын демократтары менен тыгыз байланыш жүргүзүп турган. Ал кезде Өзбекстандын дагы демократтары эркинирээк, баш көтөрүп турган болчу. КДК ошол байланыштарды жүргүзүп турганга албетте Жыпар Жекше, Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов, Кадыр Матказиев сыяктуу инсандар өздөрүнүн жакшы жеке салымдарын кошушту. Андан тышкары жер-жерлерде Ленинград, Масквадагү жаштардын топтору дагы байланыш түзгөнгө жакшы жардамдарын беришти. Наталия Орлова дагы бир катар Орусиялык демократтар менен байланышка чыкканга дагы жакшы салымын кошкон. Алардан келген маалыматтар КДКнын жыйынында дайыма айтылып турчу. Кээде мисал үчүн Балтика боюндагы өздөрүнүн запкысын Горбачёв советтик аскерлерди жиберген кадамдаргы барганда КДК чечим кылып жалпы акция өткөргөн. Ал акцияны “Биз силерди колдоп акция өткөрдүк” – деп Балтика боюндагы өлкөлөргө айтканбыз. Ошол сыяктуу байланыштар болгон. Тек гана бир нерсе КПССтин ишмердиги кагаздарда жакшы сакталып калган болсо, КДК дагы кагаздарга жакшы тастыктап, аны чогулткан архив түзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Кеңсеси жок учурда башка, беш төраганын колунда кагаздар кала берген. Ошон үчүн буларды изилдегенде кээде үй-бүлөлүк архивдерди дагы иргеп алууга туура келет. Анан кудай жалгап өздөрүнүн дагы эскерүүлөрү чыгып жатпайбы. Ошолор аркылуу биз көп нерселерди биле алабыз. Көп жыйындарда кандай катышып жүргөн мисал үчүн Жыпар Жекше кантип таанышып калган окуялар, ал жактагылар менен элди кантип элдештирген, жергиликтүү калк менен бир топ жолгушууларды өткөзүшкөн. Ушуларды алар жөн эле жазып жатышкан жок да, алар ошол эл аралык байланыштын ошол көрүнүштөрүн ошол эскерүүлөр аркылуу дагы чагылдырышкан. Бизде кийин мурдагы атайын коммунисттик партиялардын тарыхынын архиви бар болчу, кийин ал коомдук архив болуп калды. Бирок ошол коммунисттик партия кулагандан кийин жана ага чейин дагы партиялык архив коммунист эмес уюмдардан эч нерсе алган жок да. Аларды жерип турду, аларга каршы күрөшүп турду. А түгүл, ошол коммунисттик партиянын институтунун директору Жеңиш Жунусалиев КДК “Өмүр көчү” жүрүшүн уюштуруп, 1916-жылкы көтөрүлүштүн баатырларын жана үркүндүн курмандыктарын эскерген жыйын өткөрүп жатканда Жеңиш Жунусалиев “Бул көтөрүлүш туура эмес болгон, көтөрүлүшкө чыкпаш керек болчу” деген сыяктуу үч макала жазды. Ал макалаларды азыр дагы архивден таба аласыз. Аларды четке кагып биз орусча жана кыргызча макалаларды жаздык. Бул ошо КДКнын иш аракетине, ошол кездеги коммунисттик партиянын институтунун душмандык мамилесин көрсөткөн, а ушундай душмандык мамиле кылган мекеме коммунисттерге пареллел иштеген жанагы аларга каршы айбат кылып иштеп жаткан уюмдардын архивин чогултабы. Эч качан чогултпайт. Ошол жагдайларды дагы кийинки изилдөөчүлөр эске алышы керек. Психологиялык, саясий, идеологиялык айырмачылыктар ошол кездеги бир топ изилдөөчүлөргө дагы архив таанучуларга дагы абдан жолтоо болгон. Бир кызык нерсени айталы. Ошол 1990-жылы 1-майда жанагы көк желек менен демонстрацияга чыктык. Ошону май айынын ичинде “Вечерный Бишкек” гезити демонстрация жөнүндө жазып, көрсөтүп бирок “Жашасын демократия!” деген сөздүн өзүн ошол кездеги фотошоп менен башка сөзгө алмаштырып жарыялашты. Азыр дагы арихивге барып көрсөңүз такыр эле башка сөз. А бирок “Бишкек шамы” деген гезит бар болчу, ал нормалдуу жарыялап чыкты. “Вечерный Бишкек” менен “Бишкек шамынын”өзүнүн эки башка тирешкен багытын байкасак болот. “Бишкек шамы”улутчул, демократиячыл жүрүмдөрдү колдоп жатат Мелис Айдаркулов башкы редактор болчу. А берки “Вечерный Бишкек” Кремлчил саясатты жүргүзгөн. Дагы ушундай окуялар башка учурда дагы байкалды. КДКнын өзүнүн “Майдан” гезити чыкканда ошондо өз көз карашын эркин чагылдарууга мүмкүнчүлүк болгон. КДКнын Майдан гезитинин башкы редактору Токтогулов Аман деген адабият таануучу, сынчы агайыбыз болчу. Кийин ал гезитте көп башка чыгаан демократ журналисттер иштешти, анын орун басары Бакыт Орунбеков деген Масквадан келген жигит кийин Аман Токтогулов агайыбыз каза болду, анын ордуна ошол директор болуп калды. Ушундай окуялар дагы болгон.