
Венера Жуматаева
Изилдөөчү: Саламатсызбы? Биринчи, ошо 1985-90-жылдары сиз өзүңүз ким элеңиз, студент белеңиз ошодон баштасаңыз?
Респондент: Мен Венера Сагындык кызы, Венера Жуматаева 14 жылдан бери Азаттык радиосунда иштейм, учурда радионун Прагадагы жетекчисимин. Негизги Эркин Европа Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчисимин. Журналистикага келишимине 1980- жылдардын жарымынан баштап улуттук аң-сезим, атуулдук ар-намыс ойгонгонду, ошонун баары менин кийинки тагдырыма чоң таасир этти. Анткени 1985-жылы мен турмушка чыктым, жаш болчумун, 20 жашта. Балалуу болдук. Сокулукка дем алыш сайын, оту менен кирип гүлү менен чыгып келиндик кызматымды аткарып жүрдүм. Бирок окуумду улантып аттым. Жолдошум Сокулуктук болчу. Кыргыз Кинодо иштечү. Жашай турган жерибиз жок, жарым жыл сайын, бир жыл сайын батирден батир которуп, Кызыл-Аскерде ошол кезде 90 пайыз үйлөр орус кемпирлердин, орус кишилердин үйлөрү болчу. Ошолордун кичинекей кепедей болгон бөлмөлөрүнө акча төлөп, 45-50 рубль, ал менин жолдошумдун айлыгынын жарымы же 40 пайызы болуп калчу,. Анан ошентип батир которуп, алмаштырып жашап жүрдүк. Балабызды алып келе алчу эмеспиз, балабызды 11 айында чоң ата, чоң энесине Сокулукка таштадым. Кичинекей бала менен дагы батирге алышчу эмес. Өтө чоң көйгөй болчу. Ал кезде батир издеген өтө оор болчу. ЦУМдун артында бир такта бар болчу ошол жерге гана жазылчу, мындай батир ижарага берилет депчи. Бирок аз эле болчу, элдер талап кетчү. Элестетиңиз талап аябай жогору, сунуш жетишпейт. Гезитке эч ким жарыя бербейт ал жылдары, Советтер Союзунда. Мен ошондо бир-эки жолу батир издеп Кызыл Аскердин көчөлөрүн кыдырып чыктым. Көчөмө-көчө кыдырам. Квартиру сдаете? Квартиру сдаете? Есть квартира свободная? деп сурап, анан националам не сдаем деп айтышат, көп эле жолу националам не сдаем деп. Мен өзүм 7 жашыман эле Фрунзеде жашагам. Мукаш Абдраев атындагы мектепте окуп. Пианисткамын, консерваторияда окуп жүргөм. Анан ушунчалык ушундай абалда экенибизди билбептирмин, өзүм кыргыз болуп туруп Кыргызстанда экинчи үчүнчү сорт болуп калганыңа аябай намызданып кечкисин үйгө келип ыйлачумун. Бир-эки жолу ыйладым. Эмнеге ушунчалык бетиме эле айтат националам не сдаем деп бир өзүнчө геттодо жашагандай болупчу. Аябай намыстанып, жиним келип, ызаланып жүрдүм. Анан батирден батирге баары бир Чүйлүк болгон үчүн кичине жеңилирээк болуп. Бирок жолдошум ошондо батирге кезекке туруш үчүн Кыргыз Кинодо батир берилчү экен, ошол жерге кезекке туруш үчүн шаардагы бирөнүн үйүнө каттоого туруш керек экен пропискага, анан өзүнүн жакын тугандары жок, айылынан агасы алыс эле тууган аталаш, уруулаш Асанбайда квартирасы бар экен ошонун үйүнө каттоого туруп, катталып ошолорго канча экенин эсимде жок ай сайын акча төлөп жүрдүк каттоого турган үчүн. Ошол жолдошум батирге кезеке туруш үчүн. Иши кылып ушундай бир аябай бир басмырылган ансыз деле акчабыз аз Советтер Союзунда акча аз айлык берилчүда. Мен окуп жүрсөм, айлыгыбыздын үчтөн бири батирге кетсе, ансыз дагы кыйын абалда жашап жүрөбүз. Бирок ошентип жүрүп эле окуп, иштеп жүрдүк. Анан жаш кезде кыйынчылыктар бат унутулат эмеспи. Мен айла жок баланы багыш үчүн жолдошум тапканы жетишпейт анан университетке сырттан окууга кирип ошол университетке жумушка орноштум. Иштеп жүрдүм. Сессияга курсташтар менен чогуу окуйбуз, барыбыз. Анан ошол жерден бир курсташым дагы заводдо иштечү, Өзгөндүк Козубек Маткасымов деген, ошол мага айтып калды канчанчы жылы 1989-жылы го дейм. Ошондо үчүнчү курс белек, ошондо айтып калды, мен консерваторияны таштап бул жакка окууга келдим. Анан ошондо айтып калды Венера сен дагы жолдошуң экөөң иштейсиңер, ушул Фрунзеде турасыңар мен дагы иштейм заводдо канча жылдан бери анан Кыргызстандын чоңдору айтып атыптыр жаштар жолугуп бир митингке чыккыла. Бизде жаштарда үйүбүз жок, батирлеп жүрсө, жашай турган жери жок, жатаканаларда эптеп тыгылып жүрсө бияктагы Москвадагы чоңдор тигил Өзбекстандан түрктөрдү алып келип бул жака жайгаштыргыла деп жатышат. Ошого нааразы болуп жатабыз, жаштар өзүңөр митингге чыккыла, демонстрацияларга чыккыла деп айтышыптыр, ошол барганы жатабыз эртең. Төртүнчү оорукананын артында чогулуп атабыз деп калды. Мага аябай кызык угулду, ансыз эле ичимде ызам чогулуп жүргөн эле да, анан барса баралы деп жөнөдүк. Жумушка баргандай күнүгө бара баштадык, ошол жаккачы төртүнчү оорукананын артына чогулабыз да барыбыз. Күндөн-күнгө аябай миңдеген жаштар чогулуп баштады. Кыргыздардын чоңдору чынында сөз баштап беришкенби, баштаган эмеспи, айтор кандай сөздөн башталганын билбейм. Балким ошондой сөз болгондур кайсы бир чөйрөдө, анан сыртка чыгып кетип тарагандыр. Бирок студенттердин арасында университеттин ичинде ошондой сөздөр болгон. Анан күндө жумушка баргандай окууга дагы барбайбыз, жумушка дагы барбайбыз, ошол жакта бизге жер бергиле үй салабыз деп күнүгө барабызда. Түштөн кийин чогулабыз. Аябай көп жаштар чогула баштады, анан ошол жерде мага окшоп ичинде ызасы чогулуп жүргөн элдин бары сүйлөй баштады. Ал жерде чогулгандардын баары кыргыз жаштары да, башка улуттар жок. Балким өзбек, дунган, уйгурлар билинбейт да, бирок славян улутундагылар жок. Эстеп көрсөм ошол жерде мындай сөздөр айтылды, мисалы мен тарых факультетинде окуп жүргөм, ошол тарых факультетинде Сапар Абдрахманов деген мугалимибиз бар эле. Чачы ак, эми ошол кезде ойлосом азыркы менден жаш 40 ичинде экен. Бирок чачы аябай ак болчу. Могул чач, өзү келбеттүү киши ыйлап мынтип сүйлөп чогулган жаштардын арасында астына чыгыпчы. Менин үч-төрт балам бар, так саны эсимде жок мен ошол Фрунзеде Шанхай деп аталган жеринде көп жылдан бери батирде турам, мен өзүм ал жерди көргөн эмесмин анан көчөлөр кууш, унаа кире албайт, көмүр түшүргөндө көмүрдү чоңурак көчөгө түшүрүп анан чакалап ташыйбыз, бала бакырам менен канча бир эки километр айтор ушинтип ташыйбыз жыл сайын. Менин улуу балам үйлөнөйүн деп калды,менин улуу балам ушул жерде үйлөнөбү, мен өзүм тарых илимдеринин кадидатымын, канча жылдан бери университетте мугалиммин. Анан ушул жерде бир балам оорулуу болуп калды, үйдүн ичи ным депчи. Ушундай көзүнүн жашын агызып сүйлөдү баарыбыз ыйладык. Мен ыйладым. Башка дагы илимдин доктурлары, кандидаттары кырктын, элүүнүн ичиндегилер чыгып сүйлөп атышты. Мен мына канча жылдан бери илимимди жактап, мугалим болуп же илимдер академияда иштейм же илимий изилдөө институтунда иштейм бул жерде Фрунзеде каттоом жок, айылдагы пропискам, квартирага дагы кезекке тура албайм, балдарым мына үйлөнөйүн деп калды. Менин кызым 10-класстагы мектепке ошол жатаканадан барат ошол Москва көчөсүндө Юрфактын жатаканасы бар болчу, ошол жерден үй-бүлөлүүлөргө бирден бөлмө берчү экен. Ошол жерде жашайм, 15 жыл болду. Балдарым ошол жерден мектепке барды, алды мектепти бүтүп атат. Менин ушул балам чоңойуп, мектепти бүтөйүн деп калаганын көрүп ыйлагым келет деп. Ушундай сөздөрдү кээ бирөлөр чыгып, кээ бир аялдар чыгып канча жылдан бери ушул бирөнүн бир ным кичинекей бир бөлмөсүндө туруп балам тубуркулез болуп калды, кургак учук болуп. Могундай балдарым оорулуу болуп калды деп айтып атышса ыйладык барыбыз. Ушунча жылдан бери ушунча көйгөйлөрдүн баары топтолуп калыптыр, аябай эч ким айтпай, акырын басып басып. Ошол жерде туруп эстесем чын эле улуу балам 1986-жылкы ошондо мен ооруканага жатып калгам, дарыланып боюмда бар кезде. Ошондо мени менен бир бөлмөдө славян улутундагы жаш келинчектер жатты, ошондо алар сүйлөшүп аткан мен тигил Екатеринбургтан көчүп келдим, биз тиги Омсктан келдик деп эки-үчөө сүйлөшүп калат да. Бизге ушундай жарыя берген Фрунзеде ЭВМ заводу ачылат, ачылып атат же завод бар булар чоң инженер деле эмес, мындай жумушчу кесиптегилер да. Ушундай жумушка ушундай жумушчулар керек, инженерлер керек, керек болсо отдел кадровко чейин, ар кандай уюштуруу бөлүмдөрүнө чейин ошол Орусиядан алып келишчү экен, анализдеп көрсөм жумушчуларды, ар кандай слесарь, сантехник, фрезеровщик, иши кылып сүйлөшүп аткандарын эстеп калдым. Анан мен ичимен ойлочумун бул жакта өзүбүзгө тигил каттоого тургузбай кыйнап атса, эмнеге Орусиядан ташып келишет жумушчуларды. Көрсө ушундай болчу экен, Москванын саясаты. Мисалы, менин эжем алгачкы аял инженерлерден, 1983-жылы консервный завод бар болчу, ошондо начальник цеха болуп жүрүп, анан тамеки фабрикасында зам.директор болуп жүрдү. Ошондо 1983 жылы 7-микрорайондон квартира алганда эки эле кыргыз квартира алган ошол үйдөн. Калган 90 пайызы славян улутундагы адамдар. Иши кылып ошол кезде Москванын саясаты ошондой болуптур, Фрунзе, Ош сыяктуу шаарларга славян улутундагы адамдарды алып келип, отурукташтырып, көбөйтүп баарын орусташтырып эми билесиңерда, ошол кезде жүргүзүлгөн сурамжылоолор кийин тарыхчы катары макалаларда жазып жүрдүм. Ошондо Фрунзенин жашоочуларынын 70 пайызына чейин кыргыз эмес славян улутунда, анан Фрунзеде жашаган кыргыздардын 40 пайызына чейин менин биринчи тилим орус тили деп айтчу. Орусташтыруу саясаты аябай катуу жүргөн ал жылдары. Ошонун баарын биз ошондой митингдер, демонстрациялар башталганда гана түшүнүп ойлоно баштадык. Ага чейин бул мындай, мен ооба кечинде үйгө келип ыйлап эмнеге мен ушинтип өзүмдүн өлкөмдө жашап жүруп басырланып атам, мен 7 жашымдан бери Фрунзеде жашайм, жолдошум Чүйлүк , эмнеге бизге каттоого дагы турганга болбойт же болбосо Сокулуктагы каттоосу менен эле Фрунзедеги тиги иштеген жеринен квартирага кезекке турса болбойбу. Тогуз бир тууган, улуусу. Барыбызды кандай бир шаарда жашоого өтө кыйын, же болбосо мүмкүн эмес болгон шарттарга такап койчу экен. Ошентип демонстрацияларга бара бердик, бара бердик анан ошол жерден телевизордон көрүп жүргөн Абсамат Масалиевди көрдүк, ошол кезде Коммунистер партиясынын Борбордук Комитеттин биринчи катчысы, Амангелди Муралиев келди ошол кезде азыркы тил менен айтканда Бишкектин мэри экен, ошол кезде Фрунзенин мэри, ал кезде Фрунзенин аткаруу комитетинин төрагасы деп айтылчу. Ал кезде ал киши кыргызча сүйлөй албайт экен, орусча сүйлөп атты митингтерде. Апас Жумагулов келип атты, Жумабек Асанкулов КГБнын төр агасы, жетекчиси. Мен өзүмдүн агаларымдын достору бар болчу КГБда иштеген, аларды үйлөрүнөн көрүп танып калгам, алар жүрдү, бизди төртүнчү оорукананын артында ээн талаада чогулуп алып эле, топ-топ болуп сүйлөшө беребиз, анан чоң митингдерди өткөрөбүз. Ошондо КГБда иштеген офицерлер дагы жүрүштү аралашыпчы, ким тиги көкүтүп атат, ким уюштургуч болуп атат деп анализдеп жатышты окшойт. Мен ал кезде жашмын 23-24тө анан мен элдин астында чыгып сүйлөгөн жокмун, баягы илимдердин доктору, кандидаттардан, анан заводдордо 15-20 жыл иштеген эжелер, байкелер сүйлөп атса, бизге сөз да тийчү эмес. Менин жолдошум менден улуу болуп көп жыл иштеген үчүн, мен дагы жер алышым керек деп жүрдүм, бирок калгандар ушунча көп жылдан бери үй алганга үмүтү жок, үмүтсүз жашап жүрүптүр. Ошондой демонстрациялардын баарын көрүп аралашып калдык. Анан жүз башы, жүз башы болуп бөлүндүк. Бир айдан ашык барып жүрдүк го дейм. Анан ал жерде жалаң гана жер эмес анан башка дагы социалдык маселелер эмне үчүн Кыргызстанда ушундай саясат жүргүзүлөт, эмнеге биз дүкөндө кезекте турсак бизге “бараны” деп айтат, эмне үчүн бизди тилдешет, эмнеге бизди кордошот деген дагы сөздөр айтылып баштады. Ар кандай мисалдар келтирилип, жөн эле өзүнүн турмуштук окуясын айтып берсе эле ошол жерде жүрөгүм титиреп кетчү. Ошолордун баарын угуп, баягы көрсө кееде могул эле жерде Баха көчөсүндө түрктөр жашап атышат килтейген үйлөрдү салып, ошол жерге эмне үчүн жашай албайбыз десек, кеттик ошол жака дегендер дагы болду да. Кой-кой токтоткула андай жаман иштерге барбайлы деп уюштуруп лидер болуп жүргөндөр ошол кезде көзү өтүп кетти менин өзүмүн атамдын иниси эле Жыпар Жекшеев, Адыл Кожобаев деген тарыхчы, Жумагазы Усупов, дагы башка Эмиль Каптагаев, дагы башка көп көп лидерлер жүрүштү. Ошолор жакшы кармап атышты жаштарды, мындай микрофон алып келип, кой андай жаман иштерге барбагыла, орустарга жаман сөз айтпагыла, биз андай маданиятсыз иштерге барбайлы, биз өзүбүздү маданияттуу алып жүрөлү. Кыргыздар меймандос, айкөл эл деген касиеттерди жоготпойлу деп, ошол жерде, мисалы, уюштургучтар билимдүү жаштар болушту, а бирок масса көпчүлүгү чоң- чоң Ленин завод, Фрунзе завод, завод-фабрикада иштеген жумушчу кесиптеги же болбосо айдоочу болуп иштеген жөнөкөй кара жумушта иштеп жүргөндөр кылкылдаган масса болду да. Алар дагы угуп алып келе беришти. Анан иши кылып канча бир ай, нече ай жүрдүк митингдерге, барып күндө түштөн кийин бир маалда, чогулуп алып үчтөбү, төрттөбү. Анан баягы чоңдор бир күнү келип айтышты биз Москвадагы жетекчиликтин макулдугун алдык, силерге жерлерди бермей болдук. Бардыгыңарга үй салып бере албайбыз ушунча көп масса экен ошон үчүн тизмеңерди түзгүлө дагы, жүз башчыңарды шайлагыла, анан тизмеңерди түзүп документиңерди Ленин районун акимчилигине өткөргүлө, анан ошол жактан жер беребиз, анан иштеп жүргөнуңөрдү далилдеп, документтериңерди чогултсаңар, үй салганга насыя дагы беребиз дешти. Чын эле үй салганга деле акчабыз жок эле да. Ленин районунун акимчилигине бара баштадык күнүгө документтерди толтуруп алып барып беребиз, ошол жердеги журналисттерге сүйлөп беребиз, алар келе башташты, КТРден башка гезиттерден келишет. Анан иши кылып ошентип жүрүп, Кочкордук жигит болчу Кербек деген жүз башчы болду. Бөлүнүп-бөлүнүп, анан баягы чоң жыйын болуп чүчү кулак кармашты. Анан ошол кайсы жүз башы кайсы жердин чүчү кулагын тартып алса ошол жерге бөлүнмөй болдук. Биз Селекция жака түшүп калдык, ага деле наразы болгон жокпуз. Ал кезде троллейбус Институт Земледелияга чейин эле келет да, анан ошол жактан жөө талааны аралап Институт Земледелиенин талаасы болчу экен да эксперименталдык мындай бир эгин, дан айдап ошол жака өстүрүп, илимий изилдөлөрдү жүргүзгөн жерлер болчу экен. Ошол жерлерди бермей болду да бизге. Төртүнчү оорукананын арты болбойт дешти, ал жерге кийин микрорайондор салынмак экен. Анан биз жанагы Институт Земледелиянын талаасынын эң өйдө жагына түшүп калдык, бизден дагы өйдө Селекция жака түшкөндөр болду. Аяка тарыхчылар, кандидаттар көбү ошол жака түшүп калды. Иши кылып ар бир жүз башчысы кайсы жерди сууруп чыкса, ошол жерлер берилмей болду. Анан баягы илгерки “Көчө” деген кино бар го ошондогудай эле болуп, жанагы Кербен келип жакшы дагы биздин жүз башчыбыз Политехникалык Институтту бүтүргөн курулуш инженер экен, ошондой айтор, бир немени түшүнгөн инженердик кесиби бар билимдүү жигиттерди, кыздарды коюшту жүз башы кылып. Анан турмуштук тажрыйбасы бар, ошол жерде жүз киши анын сөзүн уга турган улуураак кичине жаштары. Бизде Кербен өзү жанагы бир билбейм жөнөкөй бир аспаптарды алып келип, шаймандарды алып келип, аркан менен ченешип айтор барыбызга 5 сотоктон жер бөлүп берди. Анан могу менин жерим экен деп билип калдык, сен мага кошуна болуп, мен сага кошуна болуп деп ушинтип. Документтерди Ленин райондук акимчилигине өткөрдүк. Алар бизге чечимин чыгарып берди, документтерди текшерип, канча жылдан бери иштейсиңер минималдык талаптарга жооп бериш керек, ошонун баарын карап туруп, анан жерибизди алдык. Анан насыя алдык. Насыя алыш үчүн дагы толтура документ толтуруш керек экен. Мен университетте иштеп жүргөн элем, университеттин финансы бөлүмүнө баарын өткөрүп, насыя алып, анан үй салып калдык.
Изилдөөчү: Канча насыя берди?
Респондент: Мен 28 000 миң рубль алдым. Мен аябай тобокерчиликкке бардым. Ал кезде насыя дегенди уккан эмеспиз да. Илгери жер титирөө болгондо беришкен насыяны, Түп району жер титирөөнүн очогу болуп, айылда үйлөрдүн бары кыйрап калган. Ошондо Ата-энем насыя алып төлөп жүрүшкөнү эсимде. Бирок мен өзүм биринчи жолу насыя алдым. 28 000 миң рубль түшкө кирбеген акча болчу. Бирок 28 000 миң рублду мынакей деп чоң баштыка салып берип койгон жок, антип берген жок. Банкка барып могул кирпич алдым, цемент алдым анан могуларды алдым деп квитанцияларды алып барып бергенде анан берип турду бөлүп. Ошентип биз дароо Ак-Өргөгө эки кабат үй салдык. Көп кишилер насыя алгандан коркуп албай коюшкан, ал насяыны өмүр бою төлөйм деп. Менин өзүмдүн апам дагы раматылык беш бет кат жазып жибериптир, насыя ала көрбө аны небере-чөбөлөрүң төлөйт депчи, эмне кереги бар деп. А мен насыядан коркпой туруп эле максимум насыя алдым. Биз ошого үйдү дагы салып, ичине эмеректи семеректин барын толтуруп алдык. Болбосо экөөбүздүн ата-энебиз жардам бере турган абалда эмес болчу. Анан ошол насыяны кийин Советтер Союзу кыйрап калганда бизден эч ким доолабайт го Союз жок болуп калбадыбы десек, кийин 5-6 жыл өткөндөн кийин бир кат келиптир Кыргызстандын Сбербанкына 64 сом төлөсөңөр кутуласыңар депчи. 64 сомго ал кезде туфли дагы келбей калды беле ушундай болчу. Төлөп кутулганбыз айтор. Совет өкмөтүнүн акыркы бизге кылган жакшылыгы ошо болду, кыргыз жаштарыначы. Ошол кезде көбү коркуп албай коюшту. Биз коркпой алгандар чоңураак үй салып дароо бүтүрүп алышты. Анан бул “Ашарчылар” болуп калдыкта биз “Ашар” уюму болуп. Ал ошол кезде кошуналарыбыздын баары бир курактагы ашып кетсе эң улуулары эле кырктан ашкан деле аз, көпчүлүгү жыйырманын ичинде, отуздун ичинде баарыбыз “Ашарчыларбыз”. Анан үйлөрдү чогуу салабыз да. Бирөө фундамент куйганы жатат десе, келгиле кезектешип баарыбыз бир күнү фундамент куйбай бөлүшөлү деп, ар кайсы күнгө белгилеп алып жүз башы деген кичине тобубуз барда Кербендин тобу. Ошол анан сүйлөшүп алып ар кайсы жерден келгендер кошуналарыбыз Өзгөн, Нарын, Кочкор, Жумгал, Ысык Көл, Чүй иши кылып ар кайсы жерден, Талас бары тең бар. Эч бөлүнбөйбүз, бөлүнмөй жок. Баарыбыз көтөргөн кичинекей балдар. Тигип алганыбыз чатыр, биз төрт канат боз үй тигип алганбыз. Боз үйдүн ичинде диваныбыз, телевизорубуз бары бар ичинде квартирага окшоп жакшынакай, бирок сырты боз үй. Боз үйдүн эшигин жип менен эле байлап кетебиз жумушка. Ичинде болгон оокат, мүлкүбүз ичинде, кийимибиздин баары ичинде, эч ким тийбейт. Элдер болсо чатыр тигишти, кичинекей бир нерселерди алып келишти иши кылып, ошол жерде жашап атабыз, эч кайгы капа жок. Баарыбыз бактылуубуз. Кичинекей балдарыбызды дагы багып атабыз. Жаңыдан балалуу болуп аткандар бар. Ай сайын, же жума сайын бешик той же дагы бирдеме, ата-энеси кой союп келиптир, ошол жакка барып ашар болот, фундамент куят экен деп келиндер барып тамак жасайбыз чогуу, эркектер чогуу жардамдашат. Опаловка деген бар го фундамент куюш үчүн ошонун баарын бири-бирибизден алабыз. Иши кылып аябай ынтымактуу аябай мындай бир башкача бир жылдар болду. Өзүнчө эле БАМ куруп аткандай, Советтер Союзунда БАМ куруп аткандай. Бирок ар ким алына жараша салды үйдү, ошонусу өкүнүч болуп калды. Институт Земледелия талаасын көчөлөргө бөлгөндө дагы ушул башында жүргөн Жыпар Жекшеев башкалар ал кезде башка дагы толтура 15-20 киши бар болчуда уюштуруп жургөндөрчү. Ошолор улуттук стилде бөлүштүрөбүз деп үстүнөн вертолеттон караганда түндүк жана боз үйдүн ууктары болуп кетет деп башкача пландашып жашого ыңгай болбой калды. Автобус, маршруткалар келе баштаганда өзүбүз дагы издегенде бир аз оорураак, жашоо-турмушка өтө ыңгай эмес экенин кийин түшүндүк. Бирок дароо эле өкмөт бизге көп жакшы жалаң кыргыздын жаштары экенин түшүнүп эми ошол кезде чоң болуп турган Шеримкулов деген келип атты, Апас Жумагулов өздөрү ич ара отурганда деле сүйлөшкөндө айтса керек, жалаң биздин айыл-ападан келген жаштар экен. Канча жылдан бери байкуштар жаман кор болушуптур, кичине жардам берели деп, тез эле дүкөндөр салынды, тез эле мектеп салынды, бала бакча салынды. Анан так ошол Ак-Өргөнүн өйдөрөөк жагында бала бакчага ошол кезде Сорос фондунун жетекчиси Чынара Жакыпова, Чынара эже дагы аябай патриот эмеспи, Сорос фондун макулдатып Бишкекте эки жаңы конушта бала бакчаны тандап алып ошолорго Сорос фонду куратор болду. Анан ошондо биздин бала бакчага Скандинав өлкөлөрүнөн эмерек алып келишти мык колдонулбаган, бир дагы балдардын ден солугуна зыян келтирбеген, лак же бир башка колдонбой турган, аябай экологиялык жактан таза эмеректерди алып келишти. Оюнчуктарды алып келишти толтуруп. Биздин ал кезде оюнчук ала турган шартыбыз жокта 90- жылдары өзүңүз билесизда. Оюнчуктарды китепканадан алгандай болуп ала алчубуз үйгө, алып кетип кайта тапшырып. Тамак ашын дагы Сорос фонду менюсун өздөрү бекитип, ошол биздин баалдар Ак Өргөөдөгү бала бакчада чоңойсо дагы, жанагы табигый ширелерди ичип, балдардын саламаттыгына жалаң пайда келтире турган сонун бир тамак-аштарды ичип жакшы чоңоюшту. Иши кылып аябай улуттук ар-намыс, атуулдук бир аң- сезим аябай фонтандай болуп атып чыккан жылдарды өз көзүм менен көрүп, аралашып калдым. Анан бирок ошол кезде билимдүү адамдар көп болуп аябай, билими мыкты, билими терең адамдар көп болуп, ошол бир жаралган кыймылды мындай хаоско айландырбай жакшы багытка буруп кетишти. Кийин баягы Ашардагы өздөрүнүн жанагы лидер болуп жүргөндөр чогулушат, өздөрүнүн жыйындарын өткөрүшөт. Буларга дагы эмне жардам керек деп талкулашат. Анан бизге керектүу курулуш материалдарынын сата турган атайын өзүнчө ачык талааа чоң дүкөн ачылды. Шаардын ар кайсы жерине барып кыйналбай ошол бир жерден ала баштадык баарын. Квитанцияларын убагында жазып беришет. Банктан барып алабыз керектүү акчаларды дегендей. Иши кылып бизге болгон жеңилдиктерди уюштурп берип жатышты атүгүл жаңы жылда Ашардын жетекчилери болуп жүргөндөр аяз ата, аяз кыз болуп кийинип алышып чоң мүшөккө белектерди салып алышып, үймө-үй кыдырып ошо үй салып аткан баягы каржы алып кыйналып аткан жаштардын балдарына белектерди таратып жүрүштү. Нооруз болгондо баарыбыз чогулуп алып, Ноорузда чоң тай казандарды асып алып Норузду майрамдайбыз. Иши кылып аябай жакшы күндөр өттү ошол жылдары. Менин кызым азыр Америкада жашайт, анан эң бактылуу күндөрүм ошол Ак Өргөдө жашап жүргөн күндөрүм деп айтып калат. Такыр бөлүнчү эмеспиз, баарыбыз бирдей, бала бакыра айылдагыдай болуп үй салынбаган жерлер жатат да чөп өсүп ошол жерде чогулуп алып кечке ойношту. Жакшы күндөр өттү. Ашар кыймылы кийин башка дагы чоң саясий кыймылга аралаша баштады. Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн, кыргыз тилин мамлекеттик тил кылып кабыл алуу, кыргыз тилинин статусу аны жогорулатуу дегендей. Чоңдордон чоң чечимдерди талап кылып. Өзүңөр билесиңер Абсамат Масалиев аябай адамкерчиликтүү, аябай принципиалдуу адам саясатчы катары сүрөттөп жүрүшөт, бирок аябай чечкинсиз адам болчуда.. Мүнөзү табиятынан жоош, момун киши болчу. Баягы Ош окуялары болуп атканда биз ошондо Ашарчылар, студенттер болуп Ала-Тоо аянтында кылкылдап турбадыбы. Ашардын жетекчилери жаңы конуштарда жашаган, ошол жакта үй салып аткан миңдеген жаштарды уюштуруп жүргөндүктөн келе калып эле жаштар могундай Ош окуясы болуп атат, эмне кылабыз ошол жакта туура эмес иштер болуп жатат десе эле баары кеттик, кеттик деп эле кетсе, айланайын килтейген бир дарыя болуп агылып барып атышты да Ала-Тоо аянтына. Студенттер кошулат анан ошондой окуяларга чейин чоң, маанилүү саясий окуяларга чейин. Анан сыналгыдан көрсөтөт да Масалиев менен Ислам Каримов жолугуп сүйлөшүп атканын, ошол жерде дагы Абсамат Масалиев аябай чечкинсиз болуп турганын көрүп, анан Масалиев кетсин биз Кыргызстанга башка лидер шайлайбыз деп, анан Борбор Азияда биринчи болуп ошол чоң тигил өлкөсүндө жетекчисин алмаштырган биринчи өлкө болуп калбадыкпы. Мен кээде айтып калам, силер кийинки эле 2005-2010-жылдары эл толкуп жетекчини алмаштырганбыз деп каласыңар, эң алгачкысы 1990-жылы болгон депчи. Кыргыздар биринчи баштаган андай кыймылды. Казакстан, Өзбекстан баары мурдагы Советтик жетекчилерин президент кылып шайлап. Ошол эле кишилерге жаңы чапан кийгизип коюшту да. Бизде Абсамат Масалиевти кетирип анан легендардуу парламентке басым кылып, коомдук басым болуп. Анан алар президент тандайбыз деп, тетигил десант менен Аскар Акаевди Москвадан алып келишти. Анан ошол эле Ашарчылардын жетекчилери Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеев, Жумагазы Усупов, Ракыя эже бары Ак Үйдүн жанында турушуп калкылдап, ачарчылык жарыялап канча күн ачарчылык жарыялашып. Ошол кезде Ашардын жетекчилери жүрүштү ачарчылыка катышып. Ошентип турушканда анан легендарлуу парламенттин депутаттары чоң басымдын алдында, кой башка лидер алып келбесек булар тынчыбайт деп. Студенттер кылкылдап турушту ошондо жап жаш депутат ошол кезде Өмүрбек Текебаев жүгүрүп чыккан сүйүнчүлөп. Сүйүнчү, сүйүнчү, сүйүнчү Аскар Акаев шайланды деп. Эшикте элдин баары Аскар Акаев шайланды дешип аябай уу-дуу болушуп, ошондойлордун барын көрүп калдык. Кыргызстанда улуттук аң-сезим ойгонуп мындай бир эгемен көз карандысыз коомду түптөө кыймылдарын өз көзүбүз менен көрүп калдык. Ошолорго катышып, кийин журналист болушума чоң салымы болду.
Изилдөөчү: Ошондочу азыр сиз айтып атканыңызга кошумча Москвада окуган студенттер дагы кыймылдарды уюштуруп өздөрүнчө самиздаттарды чыгарып, э, анан гезиттерди чыгарып. Эркин гезиттердин пайда болушу дагы бизден башталат турбайбы э, ошол маселерди көтөрүп чыгып. Анан сиздин байкашыңызча, ошол жылдары өзүңүздүн тажрыйбаңыздан эстеп көрсөңүз, кайсы басылмалар ошол кыймылдарды ачык чагылдырчу эле? Өкмөттүк же эркин деп айырмачылыктар көрүнчүбү же өкмөттүк басылмалар деле чагылдырчубу?
Респондент: Эми албетте, тиги 1989-жылы жанагынтип жер алабыз деп толкуп жүргөндө анда эркин басылманын дагы жыты жок болчу. Мындай эркин жаза алышчу эмес болсо дагы. Ал кезде бар беле эсимде жок “Ленинчил жаш” эле болушу керек. “Вечерний Бишкек” ушулардын бары эле бизди “захватчики” деп эле жазып атышты. Захватчики, захватчики, баскынчылар кыргызча. Келип жерди басып алышты депчи. Телевизордон дагы ушинтип айтып жатышты. Мунун баары мыйзамсыз. Булар тиги тукуруп жүргөндөр правокаторлор. Булардын бары саботаж. Жамандагандын үстүндө болушту 89-90 жылдары. Андан кийин прессадан өзүм такай эле окуп турчумун, азыр так ошол күндөрү захватчики деп көп жазгандарын, бизди жамандаганы эсимде. Анткени өзүмдүн агама дагы тийиштүү болуп, анан туугандар дагы талкуулап калышчу да ,гезитке тигинтип жазды, мунтип жазды деп. Камалат окшойт, кармалат окшойт. Эмнеге кереги бар. Чыкпай эле койсо болмок деп, ушинтип. Чоң энем бар кезде ал кездеги чоң энем баары тең аябай тынчсызданышып. Башка агаларым жакшы кызматта болчу, аларды баарын кызматтардан айдап ийишти, ошонун баарын үй-бүлөбүз жон терибиз менен сездик да ошонун баарын. Жыпар авам кээ бир күнү жашынып жүрдү, артыман аңдып жүрүшөт деп. Ушулардын барын өз башыбыздан кечирдик. Ошол үчүн атмосфера аябай кооптуу болчу эң башында. Мунун баары от менен эле ойноп аткандай болдук да башында. Айтпадымбы жана правокаторлор деле жүрдү арабызда, кийин айтып калышты атайын правокатор болуп келген болуш керек деп. Могул жактагы түрктөрдүн үйлөрүн басып алалы, орустарды кубалайлы деп, ушинтип кыйкыргандар болду да. Кой-кой деп алдырышкан жок. Ошолор правокаторлор болчу деп айтып жүрүштү. Ошентип башаламан болуп кетсе далай киши камалып, анан элдер коркуп барбай ошентип калмак да. Пресса болсо 1990-жылдардын башында Кыргызстанда аябай эле атылып чыкты. Баягы өзүбуз КТРде, баягы эркиндиктин толкуну башталды. Азыркы Байма Сүтөнова эже анан раматылык Мелис Эшимканов, анан толгон токой журналистер баягы талкууларды өткөрүп. Жеке адамдын тагдыры жөнүндө программаларды ача башташты. Ошол эле раматылык жакында эле өтүп кетти Баратбай Аракеев деген агайыбыз улуттук нарк насил, баалулуктарды талкуулап башташты. Анан клуб деген немелерди ачышып, бир студияга алып келип алышып, эркин талкууларды уюштура башташты. Эркиндиктин жели аябай катуу каптады. Анан Асаба кайсы жылдары чыга баштады так эсимде жок, бирок “Асабаны” тим эле киоскилерден издеп, калбай калып, барыбыз бири- бирибизден алып окуп, ушинтип аябай элдик сүймөнчүлүк гезитке айланып кетти бат эле. “Дело Номер” дагы ошол жылдары катуу чыкты, башында аябай издеп жүрүп окуган гезит болуп кетпедиби. Окуялар же болбосо кылмыштуу иштер жөнүндө жазышып. Мындай эркин прессанын деми катуу эле сезилди ошол жылдары.
Изилдөөчү: Ошол кезде азыр сиз Байма Сутенованы айтып кетпедиңизби ал деген ошол кезде эле 86-87 жылы КТРде “Жаштык пресс-бары” деген берүү ачкан экен да, анан ошол жерге бүт “Ашардагы” башка жактагы кыймылдагы жаштарды алып келип талкууларды уюштурчу экен. Сиз дагы ошондой талкууларга катышкан учурларыңыз болуп калдыбы?
Респондент: Жок. Мен катышып калган жокмун. Мен ал кезде агам жүргөн үчүн өтө активистердин арасында катышкан жокмун. Анан өзүм дагы жаш болчумун. Мен ошол 1989-жылы 23 жашта болуп калам. Каалагандар бизден улуулар көп болчу. Уюштуруу иштерине мен көп катышкан жокмун, бирок ошол Ленин акимчилигине, райондук акимчиликке документтерди толтуруп күтүп отурсам бир Акылбек деген Ак-Өргөнүн жетекчиси болуп калды Ак-Өргөнүн уюштуруучусу болупчу. Ошол жетекчибиз дагы келген экен, ошондон раматылык Бүбүкан Досалиева кыргыз радиосунан келдим деп баягы диктофону менен интервью алып атты менин көзүмчө. Анан ошондо Акылбек айтып берип атты, Акылбек байке менден бир топ улуу го, айтып берип атты могундай болуп атат, могундай иштер болду, бөлүштүрүп атабыз, жаштар кудайга шүгүр жер алууга татыктуу, эсимде жок, минималдык үч жыл иштеш кереги жок дегенде Фрунзеде ошол жерде. Ошондой талаптарга жооп бергендердин баарына үй бердик, баланча кишиге жер бердик деп, ошентип айтып берип атты. Пресса аркылуу да ошондо биз 1990-жылы жер алуу жөнүндө чечим чыкса Ленин акимчилиги 1990-жылы эле баягы айтып атпаймынбы азыр нарратив Кыргызстандын Коммунистик жетекчилеринин арасында деле риторика өзгөрүп баягы элдин агымын, жаштардын агымын, жаштардын басымын сезгенден кийин алар түшүндү кокуй артка жол жок деп. Буларга каршы чыгып эле камаласыңар силер, токтоткула бунуңарды. Барып квартираңарга, жатаканаңарга барып жашагыла, мурдагыдай эле жашай бергиле деп айтканга, алар эч бир укугу жок экенин сизишти. Ошол жерде ушунча жаштар ыйлап, буга чейинки топтогон көйгөйүн, арманын баарын айтып отурса, ошол жерде отурган киши чыдай албайт. Алар деле көрдү, кой эми бир нерсе кылыш керек да. Москвадагы жетекчилерине айтышты, антпесе бул жерде чоң бунт болот депчи. Орустардын баарын кубалап чыгат, ушундай маанайда турушат депчи. Славян улутундагыларды кубалап чыгат. Үйлөрүн ээлеп алышат керек болсо депчи. Ошондо анан чегинүүгө барыштыда кой жер берели, болбосо ошонун баарына микрорайон салынмак экен. Жаштар чыдамы жок чыгышты. Насыя алып, насыя албагандар туугандарынан акча алып, колунан келишинче үй салып. Пресса ошондо ошол жетекчилер деле айтты да силер дагы болгонун болгондой эле чагылдыргыла деп. Башында баягы “захватчики”, “захватчики” деп жамандап атышса, бат эле алар деле тональность өзгөрүп, сүйлөгөнү, чагылдырганы өзгөрүп ошол уюштуруучуларга сөз берип ушинте башташты.
Изилдөөчү: Ошол кезде студенттик кыймылдардар аябай күчтүү болгонго. Мисалы, Караколдогу студенттер көтөрүлүп чыкканда, аларды жазалаган экен да. Окууларынан чыгарып салган экен, четтетип. Сиз байкадыңызбы Бишкекте дагы кандай бир жазалоолор болуп аттыбы?
Респондент: Мен тарых факультетинде иштеп ошол жакта окуп жүрдүм. Ошондо эсимде Тынчтык Чороев жөн жүрбөйтда, жөн жүрбөйт, башынан эле ошондой болчу, эмне жетпейт ага деп профессор агайлар жиндери келип сүйлөп атканы эсимде. Окумуштуулар кеңеши чогулуп ылдый жакта чоң конференция жыйын залы бар болчу ошол жерде Тынчтык Чороев тарыхчылардын арасынан анан башкалар. Бирок негизги аралашып жүргөн Тынчтык Чороев болду баягы ачарчылыка катышып Масалиев кетсин депчи. Ошолорду тарых факултетин аябай чочутканда. Студенттерди деле уюштуруп жүргөндөрдү чакырып силер окуудан чыгасыңар, чыгып каласыңар ата-энеңерге чейин жетебиз деп сөздөр болгонун бизге жетип атты. Тынчтык Чороевти бир топ эле кодулашты окшойт окутуучулар ошол кездегичи. Ал жаш мугалим болчу Ташкенттеги аспирантурасын бүтүп келип жаңыдан келген. Ал экөөбүз көп эле сүйлөштүк, анан ошол советтик мектепте билим алып, советтик университетте билим алып, кантип эле бат демократ болуп кеттиңиз десем, ал дагы ошондой экөөбүз ошентип маектешкен учурларыбыз көп болду да. Тушүндүрүп берген ал кезде бизде дагы ошондой ичибизде сүйлөшүп жүрүп, ичибизде катылып айтылбай жүргөн сөздөр көп болчу, ошонун баарын ачык айта баштадык. Коркутуп, үркүтүүлөр көп эле болгон, жумуштан айдаласың, илимге келе албайсың кийин деп, коркунткандар көп эле болгон. Бирок өтө катуу кете алышкан жок Фрунзеде. Анткени агым, басым аябай күчтүү болдуда ушунчалык күчтүү.
Изилдөөчү: Ошол Москвада окуп жүргөндөрдөн интервью алсак айтышат да ал жакта дагы күчтүү чыгышып анан бизге Кыргызстан жетекчилиги келсин. Масалиев ал жака чейин барып. Ал жерде чогулушта турса Масалиев кетсин деп кыйкырышып ошондой нерселер болгон экен. Силерде болбодубу ошондой? Бул жактагы жергиликтүү жаштардын кыймылы анан ошол четте жүргөн жаштардын кыймылы кандай байланыш түзө алдыбы? Анткени аларды алаксатуу үчүн Кыргызстанга келип кыдыртып экскурсия менен кыдыртышкан экен да.
Респондент: Ооба. Ашардын жетекчилери кийин КДКнын жетекчилери болуп калышты, жалпы Кыргызстандык кыймылга айланабыз депчи. Ошондо КДКнын жетекчилери Прибалтикага чейин барышып, Москвага барышып. Ошол жактагы жаштар менен кездешип байланыштарды түзүп жүрүштү. Анан келгенде жыйындарга келип айтып беришип ушинтип атышты. Бирок биздин көчөлөргө чейин, үйлөргө чейин кыдырып келгендер эсимде жок. Айтпадымбы Ак Өргөнүн өйдө жагында алып калганбыз жерди депчи. Ал кезде биздин үйгө чейин жетиш азап болчу да. Автобустар жүрбөйт, керек болсо машинанын жолу жок. Алгачкы жылдары сууну водовоз машиналар ташып келчү. Сууну фляга менен ташып алып анан мен университетте иштечүмүн. Баткак жердин баары, жол жок. Боз үйдө жашайбыз, боз үйдүн ичи сонун уядай болуп диван бар, телевизор бар, муздаткыч бар. Ошол жерден туфлимди кийип, сыртынан чоң көлөч кийип кончу бийигирээк көлөчтөр болот го. Ошону кийип анан Селекцияга чейин көлөч менен барып орус кемпирдин дарбазасынын жанына көлөчтү чечип автобуска отуруп, анан жумушка кетчүмүн. Барыбыз ошентип жүрдүк. Жол жок, свет жок, суу жок ошентип жок дегенде жарым жыл жашадык. Ошонун барына чыдадык. Анткени квартирага акча төлөбөйбүз. Үй салып атабыз. Өзүбүздүн үй болот деген баягы чоң үмүт менен жашап аттык. Аябай ынтымактуу болдук, аябай көңүлдүү болду биздин жашообуз. Баарыбыз бири-бирибизге аябай колдоо көрсөтүп жаттык.
Изилдөөчү: Азыр мындай деген көз караштар бар экен да батыштачы. Асмандан түшкөн бизге эркиндик Кыргызстан өзгөчө Борбордук Азия өлкөлөрүндө асмандан эле түшүп калган. Өзүлөрү аракет кылган эмес деген сыяктуучу. Анан эгерде 1985-90 жылдагы кыймылдарды алсак, баары жер маселеси менен башталганы менен деле булар Ак-Өргөгө барып жерлерди алып- алып эле отуруп калышкан жок да, бүттү маселебиз чечилди деп, туурабы?
Респондент: Саясий талаптарды коюшту чоң-чоң саясий талаптарды. Кыргыз тил мамлекеттик тил болсун, биздин балдар кыргыз тилинде окусун, кыргыз тилинде жогорку билим берилсин, коомдук жыйындар кыргыз тилинде өтсүн. Жеке мен университетти бүтүп аспирантурада калам деп профессор Закир Алиев өзү аспирантурага тапшыр, жөндөмдүүсүң, билимдүүсүң деп айтты. Ошондо проректор бар экен Владимир Манжоусов деген. Ар бир ЖОЖдо илим жана сырткы байланыштар боюнча проректор болуп Москвадан жиберилген киши отурчу да. Профессор Манжосов ошондой киши. Ошого эрчитип барды мени. Манжоусов орусча жакшы сүйлөйсүңбү деди мени, мен кыргыз мектепте окугам Абдраев атындагы мектеп кыргыз тилде окуп. Бирок түштөн кийин бардык сабактар орусча болчу. Мен кыргыз мектепти бүткөм, университетте дагы кыргызча окугам бирок мен орусча жакшы сүйлөйм, жакшы жазам десем, азыр могул жака отуруп биографияңды жаз деди. Ручка менен биографиямды жазып бердим орусча. Окуп туруп сенин орусчаң жакшы экен деп, макул тапшыр деди. Ушундай орусчаң жетиштүү деңгээлде өнүккөн деген батасын алмайынча илимге дагы кириш мүмкүн эмес экен да. Ошонун баарын чоң-чоң талаптарды кое баштады ошондо. Аталыштар өзгөрсүн деп, ошол кезде эле башташкан. Фрунзедеги райондордун аталыштары өзгөрсүн деп ошол бойдон эле өзгөрүлбөй келе жатат азыркыга чейин. Көп-көп чоң талаптарды коюп. Мисалы, тиги кыргыздардын жаштарынын арасынан жогорку жайларга өткөндөргө жеңилдик болсун, алыскы райондорго, областтарга квота берилсин деген талаптар чыгып. Талаптар жыйында чогулганда дагы эмнени талап кылшыбыз керек деген маселелер талкууга коюлган. Чоң-чоң талаптар коюла баштады бирок ошо кезде мисалы, коңшулаш өлкөлөрдө 1986-жылкы Желтксанды айтып калышат казактар бизден башталган депчи. Бирок алар Коммунистик Партиянын Борбордук Комитеттин биринчи катчысы орус улутундагы киши келген үчүн чыккан да баягы ар-намыс ойгонупчу. Эмнеге казакты коюшпайт депчи. Бирок ошону менен басылып калышкан. Бизде 1980-жылдардын экинчи жарымынан баштап, баягы казандын ичинен кайнай берип, мындай эркиндикти жакшы көргөн эл экенибизди ошону менен көргөздүк да, жиреп чыкты, толкун токтотууну мүмкүн болбой калды. Толкундай болуп жиреп чыкты. Ош окуялары болуп кетти. Анда дагы жаңы конуштардан чогулуп алып барабыз биз Ошко, элди токтотобуз, элди коргойбуз деп аянтка барып алып кетпей, тарабай турушпадыбы ошол кезде. Иши кылып бардык окуяларга активдүү аралашышты жаңы конуштагылар. Аябай аң-сезими, атуулдук аң- сезими абдан өнүккөн жаштар эле ошол кезде. Азыр өкүнүчкө карай андай болбой калды. Азыр эми алардын ошол кездеги жаш болгону менен жашым канчага келип калды. Андан улуулар андан улуу болду. Азыр алардын балдары активдүү катмарды түзө турган боду. Ал эми алардын балдары ар кандай болуп калды. Биз 10 жыл Ак-Өргөдө туруп, кийин көчүп кеттик. Бирок кошуналар менен катышып калабыз дагы эле. Ар кандай болуп калды. Жарымы радикалдашып кеткендер көп болуп калды, анан азыркы жаштардын аң-сезими башкача да мындай атуулдук жана улуттук аң — сезим, ар- намыс, кичине ошол 1980-жылдардын экинчи жарымында 1990-жылдардын башындагыдай эмес.
Изилдөөчү: Негизи сиз айттыңыз го кайнап аткан мурда, чын эле мурда кайнап аткан, жанагы маданиятта, кыргыз маданиятында же жазуучулар арасында ачык айтпай, күдүк сөздөр көп жүрчү экен. Тилибизден кыйналдык, өзүбүздүн жерибизде үйүбүз жок деп. Жазуучулардын көбү үйсүз жүргөн турбайбы биздечи. Анан кандай бир маданият ишмерлери менен ошого аралашканын байкадыңызбы?
Респондент: Ооба. Маданият ишмерлери көп эле келип аттышты. Кинонун өкүлдөрү, театрда иштегендер. Мен өзүм Абдраевте окуган үчүн музыканттарды тааныйм. Музыканттар алар үйгө өмүр бою жетпей пенсияга чыкканда жеткендер болду, ошондо дагы жетпей калгандар болгон. Жанагы Чүй проспектисинде Опера жана Балет театрында жатаканасы бар эле. Ошол жерде өзүмдүн жакын досторумдун эжелери, агалары жанагы Асанкан Жумакматовдун оркестринде өмүр бою иштеп, бир бөлмө жатаканада 3-4 баласы менен тургандарды көрдүм да. Балдары ошол жерде чоңойгондорун. Алар такыр керек болсо улуттук оркестрде, мамлекеттик оркестрде ойношуп эң мыкты музыканттар да ошол кезде. Баары эле иши кылып. Эң башкы уюштургучтар, чоң демонстрация, митингтерде сүйлөгөндөр ошол илим, маданият, жогорку окуу жайларда мугалим болуп иштегендер. Интеллигенциянын каймагы болду. Бирок алар баягы бары бир жаштар муунуна кирген үчүн ошол кезде 30-40тын ичинде болгондо Советтер Союзунда жаш адис, жаш акын дешчү эмес беле 50гө барып калса деле. Ошолордун өкүлдөрү, ошолордун мууну болдуда. Ошолор уюштуруп, ошолор сүйлөп элди алдыга үмүт берип турушту. Болбосо масса, кылкылдаган элдин көпчүлүгү, кара жумуштагы. Ал кезде кара жумуштагы иштегендер деле билимдүү болчу билесиңер да. Мектепте жакшы билим алгандар. Керек болсо эл аралык саясатты түшүнгөндөр. Кийин Ак-Өргөдө жашап калып, баарыбыз катышып жүрдүк да жамандык, жакшылыкта. Ошондо абдан билимдүү, абдан таланттуу адамдарды көрдүм көп. Аскер кызматынан биздин кошуналар болду, ар кандай аскер кызматынын офицерлер барыбыз абдан ынтымактуу, билимдүү жакшы катташып жүрдүк.
Изилдөөчү: Негизи ошол кыймылдын башында тургандарчы бийликке умтулган учуру болдубу? Эмне үчүн алар лидер катары бийликке дагы келишкен жок? Же булардын максатында бийликке баруу деген такыр жок беле? Мисалы үчүн, акырындап бир карап көрсөк аягында КДК мындай бир аз пассивдүү болуп калгандай.
Респондент: Ооба. Бийликке аралашты. Бирок ошол бийликке аралашып кеткенде, анан бузулат экен да бийликке умтулуп кеткендечи. Мисалы кээ бир азыр бизде иштеп жүргөн журналисттер менен парламентке барам деп, өкмөткө барам деп анан саясий көз караштар дагы өзгөрүп кетип атпайбы. Анысыңарындай ошол КДКда жүрүшүп, Кыргызстанды демократия өлкөгө айландырабыз деген максат менен жүрө беришсе балким башкача болмок. Мисалы, Жыпар Жекшеев депутат болду. Казат Акматов дагы кызматтарга кетти. Топчубек Тургуналиев дагы бир кызматтарга кетти. Жумагазы Усуп өзүнүн “Ашар” деген уюмун түзүп көпкө чейин бейөкмөт болуп жүрдү окшойт. Ал киши ооруп дагы, коомдук жумуштарга аралашпай калды. Абдан мындай чечен, сөзмөр абдан акылдуу сонун киши, ушу Жумагазы агай дагы, бирок көп аралашкан жок. Булардын баары бир сыйрадан сокку каккы жешти, мындай өзүмдүн агамдан көрдүм да. Кандай бир чоң-чоң нерселерден тар кечүү, тайгак жолдордон өтүштү. Бизге айтканы бар, айтпаганы бар. Караңгы жерге алып барып коркуткан жерлери да болду. Ошолордун баарынан өтүштү. Кийин Чапырашты Базарбаев тиги-булар “Асаба” кыймылы деп чыгышты. Бары эле бийликтин жаман жери ошол бир ар кандай жолдор менен коркутуп, керек болсо ууландырганга чейин алып барып. Бир туугандарын жумуштан айдап, баягы кебез менен мууздап деп коет го. Биздин агаларыбыз ошол кезде Советтер Союзунда эң мыкты Карагандадагы милициянын жогорку мектебинде окуп, билим алып абдан билимдүү УВД, ОВДларда жетекчи болуп жүргөн полковниктер болчу, баары жумуштан айдалды. Жумушсуз калышты. Ошонун баары таасир этет да. Бир туугандары сен үчүн ошентип атабыз да деп айтышат баары бир. Ошентип басымдын ар кандай жолу бар да. Ушул бийликке анча- мынча аралашышты бирок баягы бетке айтып көп эле сүйлөгөндөрү бийликке жакпайт да. Акырын-акырын колдорун бурап, ар кандай жолдор менен. Керек болсо алардын кыймылдарына, кыймылдын ичине ар кандай адамдарды аралаштырышып. Алардын ичинен иритип, анан чогуу сөзгө келе албай лидерлер дагы тарап кетишти кийин. Мен бир кызык нерсени көрүп калдым. Ошол кезде 1980- жылдардын аягында райондук партия жетекчилерине дагы шайлоо болуп калган окшойт ошол жылдары. Жер алабыз деп Ленин райондук акимчилике барып аттык дебедимби, Ош базар жакта. Ошол жака барсам партиянын биринчи секретарлыгынабы, айтор биринчи катчылыгынабы ошондой, айтор шайлоо болуп атыптыр. Ошол биринчи катчылыка Топчубек Тургуналиев дагы жарышып атыптыр. Анан ошол жерде отуруп калып ошолордун сөздөрүн дагы угуп калдым. Анан университетте Комсомолдун жетекчилерин шайлоосу болуп калды бирок Топчубек Тургуналиев бир нече айдан кийин эле демократтардын жыйынында аякта талапкер болуп талашып жүрдү. Иши кылып өздөрүнүн сөзмөр, кыйын лидер сезгендер бардык жерлерге катышып жатышты аралашып. Ошол университетте комсомолдун катчысын шайлайбыз деп ошол жерде жаштар чоң жыйын өткөрүп, ага дагы катышып калдым. Ошондо Алмаз Чукуев беле казак жигит Кыргызстандык. Ошол жигит шайланды. Атандашы болуп азыркы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дагы катышкан. Ошолорду көрүп калдым.
Изилдөөчү: Ошол демократиялык кыймылдар жөнүндө негизи эле. Кыргызстанда демократия жөнүндө сөз болгондо айтышат да эң биринчи Кыргызстанда пайда болгон. Эгемендикти дагы биринчи Борбор Азияда Кыргызстан алып атат. Демократия аралчасы болуп атат дейт да. Бирок ошол эле убакытта дагы экинчи пикир барда арабөк болуп калган демократия депчи. Өнүкпөй калган кандай бир башынан эле баладай болуп чоңойбой калган деген сыяктуучу. Сиз ошол 30 жыл убакыт өткөндөн кийин ошол кездеги демократиялык кыймылдар дегеле Кыргызстан демократиясы жөнүндө эмне айтат элеңиз?
Респондент: Эми азыр мен ошол эки жыл мурун агамдын китебин жаңылатып чыгардым да, жеке өзүм отуруп кичинекей эки китеп убагында шашылыш чыгып калган экен. Анан ошолорду кайра отуруп компьютерлештирип, баарын окуп отуруп, анан кайра өзүм ошол жашоону кайра жашап чыккандай болуп. 80-жылдары экинчи жарымында 90-жылдардын башында кандай бир демократияга умтулуу бир мындай калыс, элдик бийлик орнотобуз Кыргызстанда. Адилет болот, элге адилет карайт, адилеттүү бийлик болот, сөз эркиндиги болот, абийир эркиндиги болот деп, ушунчалык умтулушкандарын карап отуруп эмнеге азыр ошондой эмеспиз деп аябай өкүнүп кетем да. Эмнеге азыркы бир мындай өнүгүп өйдөлөп кеткендин ордуна, тескерисинче ылдыйлап кеттик депчи. Ойлонуп отурсам биздин ошол лидерлерге деле, саясатчыларга деле билим жетпей калыптыр да. Алар советтик билим алышкан да. КПСС тарыхы, мен деле КПСС тарыхы Истмат, Диамат деп, Саясий экономика деп баарын КПСС цензуралап өткөргөн китептерди окуп. Ошолордун профессорлорунан билим алдык да. Чыныгы демократия деген эмне? Аны катип куруш керек? Анын кандай белгилери бар? Ошонун баарын жакшылап окуп үйрөнбөгөн эле муун менен жашап атыптырбыз да дагы эле. Кечээ, мурдагы күнү эле КЛООПту жабуу боюнча жыйын, соттун отурумунда эксперттер айтып атпайбы Секулярдык өлкөдө өкмөттү сындабаш керек деп. Эми ошол эксперттери 30-40 ичиндеги эле эксперттер. Алар ошол конституцияны дагы окуп коюшкан эмес да. Конституцияны окуса деле, ар бир адам өз оюн эркин айтууга, жазууга, билдирүүгө укугу бар, эркин жыйын өткөрүгө укугу бар, эмне экендигин дагы эле түшүнүшпөйт. Алар Советтер Союздун баягы аң сезими менен эле келе жатышат. Өкмөт, партия бизге жакшы жашоо орнотуп берет, биз өкмөт партиянын айтканын угуп эле, баш ийип жашашыбыз керек деген эле. Орустардын телеканалдарын көрүп эле, ошондой жашап жатышат дагы эле. Ушул демократия жөнүндө илим жетишпейт экен. Жалпы эле, биз мисалы, канча жылдан бери Европада жашап атам. Европада элдин жашоосуна күнүмдүк турмушуна демократия канчалык жардам берип атканына, канчалык эл айдан айга, жылдан жылга өзүнүн жашоо турмушун, жашап аткан чөйрөнү, керек болсо жашап аткан үй-бүлөсүн, жашоо турмушун кантип жакшыртууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү алып атканын ошону элге түшүндүрүшүбүз керек экен. Болбосо демократия деген керек болсо, ар кайсы жаман жакшы саясатчылардын оозунда көп айтыла берип клише эле болуп калбадыбы. Жаман болду да. Азыр кээ бир кишилер демократия десе эле, а демократия митингтерди уюштурп эле бийликти кубалап ийип туруп, башка бийлик алып келиш керек деп түшүнүп калышты. Бул туура эмес да.
Изилдөөчү: Ошол кезден бери эле азыркыга чейин эле билим жетишпей.
Респондент: Бизде билим берүү түп тамырынан реформаланган жок да. Баягы эле эски китептер. Менин уулум күлүп калат мен Советтер Союзунда чоңойгом деп. Кайдагы Советтер Союзу десем ой апа Кыргызстан мектептердин баарын жаап, өзүнүн жаңы мектептерин ачты беле. Баягы эле мектептер, баягы эле китептер, баягы эле мугалимдер деп. Ансыңарындай ошол бойдон эле келе жатабыз да.
Изилдөөчү: Ашардын жетекчилери менен сүйлөшүп калганда же КДКдан деле жетекчилери интервью беришкенде айтышыптыр: Биз эмне үчүн КДК тарадык, анткени биз максаттарыбызга жеттик дейт. Кандай бир бийликти алмаштырдык, анан жерлерди элдерге алып бердик дейт да. Ошону менен кандайдыр бир өздөрүнүн максаттарына жеткендей болуп. Башка чоң максат кое албайбы же билимдин жетишпестигиби?
Респондент: Жок. Алардын билим жетишпестиги. Мисалы ошол эле КДКнын жетекчиси болуп жүргөндөр демократияга каршы сөз сүйлөп калышпадыбы. Мунун баары мындай фундаменталдык билимдин жетишсиздиги. Мисалы, ошол эле чет өлкөлөргө Америка же башка батыш элчиликтер алып барат бизидин саясатчыларды, анан баягы мыкты мейманканаларга жаткырып, Ак Үйгө башка жыйындарга алып барып, кайра алып келип коет. Бирок система кандай иштеп жатканын мисалы жөнөкөй мисал. Прагада Мэриянын офиси бир жылда эки жолу ар бир районго баягы чабармандарын жиберип, ошол жакта жашаган эл менен жыйындарды өткөрөт. Бул районду кантип өнүктүрүш керек, кайсыл жерге мектеп салынат, 50 жылдан кийин эмне салынат, 30 жылдан кийин эмне салынат ошого макулсуңарбы, кайсыл жерге дүкөн салыныш керек. Ушунун бары демократиянын жөнөкөй белгилери да. Же болбосо эл салыкты сааттай болуп төлөшөт, анткени өкмөтүнө ишенет. Ошол салыктын эсебинен мыкты жолдор, мыкты ооруканалар, мыкты мектептер салынат. Иши кылып ошонун баарын түшүндүрүп, мындай бир аягына чейин жеткиргенге билбейм, азыр эми жаңы муун балким жакшыраак билим алып жакшыраак, тереңиреек аң сезим менен эгерде саясатчылардын жаңы мууну келсе, балким ошондо оңолбосо, бизде азыркы биздин эле бийликте тургандар алар деле советтик мектепте билим алган да. Азыр деле эмне силер тиги чоңдоруңар тапшырма береби, силерге бийликти жамандагыла деп атпайбы бизге. Жок бизге эч ким тапшырма бербейт. Биз силердин күзгүбүз. Силерди күзгүдө кандай көрсөк, ошондой эле жазып атабыз. Силер өзүңөргө нааразы болгула анда. Кандай иштерди жасап жатасыңар жаңы жыл жаңыргандан бери мына Арстан Алай каза болуп калды, журналисттер камалып атат, анан ошолордун баарын жазабыз да. Анан жассак эле айткандын оозу жаман, жазгандын колу жаман болуп атабызда. Эгерде силер жакшы нерсени жасасаңар биз жакшы деп жазабыз туурабы.
Изилдөөчү: Ошондо сиз кандай бир демократиялык идеяларды алдыга сүрөгөн кайсыл басылмаларды атап кеттиңиз жанагыларды, мурдагы ойлорду жыйынтыксак. Кайсы басылмалар Кыргызстандагы демократиялык кыймылды өнүктүрүүгө чоң салымдарды кошо алышты? Сиз “Асабаны” атап өттүңүз.
Респондент: Ооба. 90-жылдардан баштап “Асаба” албетте. “Асабанын” ар кандай ролдору болду эми ,бирок элдик гезитке айланды. Кээде өтө кыргызбайланчылып кетишти, баягы ушактарды Сайракан деп тиги Ак Үйдүн мышыгы бизге буларды айткысы келбей, силерге айтты деп. Бул дагы интертейменттин элементтерин катуу пайдаланып кетишти. Бирок журналистика олуттуу журналистиканын артка таштап салышты да кийинчерекчи. Ошончолук акылдуу, кыйын, билими күчтүү, дүйнө таанымы терең кыргыз тилдүү журналистерди чогултуп алган Мелистин таланты. Бирок, жанагынтип авантюризмге көбүрөөк болуп кеткен жактары өкүнүч болуп калды. Чоң салым кошту, албеттте. Бир жылдары “Вечерний Бишкек” дагы билесиңер такыр башкача гезит болчу. Рина Приживойт, Александр Ким болуп тургандачы тим эле саясатты чагып атышты. Бир жылдары “Дело Номер” дагы иликтөөлөрүн чыгарып, ачылбай калган кылмыштарды, айтылбай калган чоң сөздөрдү жазып атышты. “Республика” гезити чоң — чоң аналитикалык материалдарды чыгарып атышты. Сандан санга Кыргыз Алтын эмне болуп атат, Кумтөр эмне болуп атат деп мындай баягы легендарлуу парламент, анан кийинки парламантте опозицияда болуп жүргөн саясатчылардын үндөрү, алардын айта турган ойлору. Алар жазган макалалар. Ошол эле раматылык Дооронбек Садырбаев, ошол эле кыйын кыйын саясатчылар башка жака бара албай ошо “Республикага” барып айтып, “Азаттыка” келип айтып. Жазуучуларын жазып, ошолор аркылуу чыгарып атышты да. Чоң роль ойношту абдан чоң роль. Бирок эми азыр 2020-жылдын октябрь айдан тартып окуялар такыр башка нукта кетип баратат. Эми дагы көрөбүз. Бирок ошол мен ойлочумун да мындай Кыргызстанда бир Чынара Жакупова макала жазган “Дело N” чыккан ошол делечи. Менин бир эки макалам “Дело N”ге чыккан. Ошондой гезит болчу да, мындай күчтүү материалдар болсо чыгарып койчу, азыр блог деп айтып атпайбызбы ошол сыяктуу. Адамдын жеке пикири. Мен Исламдашуу боюнча макала жазгам, а Чынара Жакупова болсо Аскар Акаевтин тушунда канча Аскар Акаевти жаман көрөт. Ошол Аксар Акаев жумушка алып, кайра кетирип жаман кылган да катуу стресс кылып Чынара Жакыпованы. Бирок Акаевдин кеч убагында жазды го Акаевдин кийинки соңку жылдарында. 90-жылдардын башында Кыргызстанда ушунча бейөкмөт уюмдар ачылып, ушунчалык эркин пресса ачылып. Элдин баары ушунчалык баягы бизде коңшу өлкөлөрдөн айырмаланып чет өлкөгө чыгыш үчүн уруксат алган система болгон жок да бизде. Биздин эле кесиптештер, журналисттер ушул күнгө чейин ички иштер министрлигине барып, чет өлкөгө чыкканы жатам деп уруксат, мөөр алып, печать алышат да паспортторуна. Бизде андай болгон жок. Аскар Акаевтин бары бир билимдүүлүгү ушундан билинди. Чет өлкөлүктөр ээн келип атышты бизге, визадан кыйналышкан жок. Биздин жаштар каалаган окуйм, иштейм, стажировкага барам дегендер каалагандай чыгып атышты. Толтура каалаган чет өлкөлүктөр келип бизге менчик жогорку окуу жайларын ачып атышты. Ошонун баарын жемишин, үзүрүн биз азыр көрүп атабыз. Бары бир чет өлкөдө жүргөндө мен Кыргызстандык жаштарды көрүп таң калам. Ошол Баткенден, Ат Башыдан, Токтогулданмын деп айтса, анткени алар ошолордун баарын ата- энесинин колунда жок болсо дагы жанагы Манас түрк университетинде дагы башка ВУЗдарда окуп жанагы Кувейт, Ала-Тоо, Ата-Түрк тиги-буларда окушуп азыркы чет өлкөдөгү мыкты компанияларда иштешип, мыкты адис болуп атышат. Ошонун баары бизге жардам берди. Чынара Жакупова жазганда Кыргызстан эли эркиндиктин абасын ушунчалык кенен-кенен дем алып өпкөсүнө толтуруп алышты, эми аны чыгыра албайсыңар депчи. Болду эми эркин дем алып, эркин сүйлөгөнгө көнүп алышты депчи.
Изилдөөчү: Чоң рахмат сизге!