
Жакыпбеков Канымет
— Гүлзада: Сиз ѳзүңүздү кыскача тааныштырып ѳтсѳңүз жана 1985-1991 жылдардын аралыгында эмне менен алектенчиңиз?
— Менин аты жѳнүм Жакыпбеков Канымет Шакиевич мен Ахунбаев атындагы Кара-Кол медициналык колледждин окутучусу, хирургия сабагынан сабак берем. Бул жака келгенимен 40 жылдан ашты 1979 жылдан бери. Сиз айткандай 1985-1991 жылдары ошолкездеги иш, менин пикирим андан мурда калыптанды. Мен Кара-Кол шаарына келип 9-10 классты тиги 1966-жылы. Окуп жүргѳндѳ мен кандай бир кемчиликти ѳткѳрүп жүрдүм, орусча сүйлѳсѳң жакшы билесиң, кыргызча сүйлѳсѳң кемтиксиң. Ушул кемтик философия, кемтик психолгия менен, кийин студент кезимде менин группамда кыйын орус балдар, кыздар бар болчу алар келип бизге чоң болот биз деген жанталашып бир жылда аларга теңелип калдым Оштон келлгендер 3-курстарга теңелишти. Аларды мен эметип жаттымда окугулачы орусчаны билбейт экенбиз. Мен Кара-Колдо окуп тургана орусчаны жакшы билип алдым, силр мына билбей жатасыңар, себеби бизди мектепте орусчаны жакшы окутпайт экен деген тык эткен менин кѳкүрѳгүмдѳ эмгиче ошол сезим бар. Андан кийин келип иштегенден кийин да ушундай маселе болду бул жерде иштеген коллектив муруңку иштеген коллективдерде да он кыргыз иштесе бир орус иштесе ошонун баарын башкарат орус десе баары орусча сүйлѳй беришет, алыс кетсе ѳзүбүзчѳ бытовой тиричилик маселелерине ѳтѳбүз кыргызча, башкы айткандай ѳзүбүздин бир мамлекеттик тил, эне тил деген бир сыймыктануу сезим дайыма басмарланып жатканын байкадым ошон үчүн мен бул жакка келгенден кийин мени башка ишке чегип коюшту, бирок мамлекеттик тил кыргыз тилин ѳнүктүрүү маселесин кѳйгѳйүмдүү деп жүрдү. 1985 жылдан баштап уруксат берилүүдѳн берилүүдѳн баштап баардык тармактар боюнча сѳздүк түзүшүбүз керек, пикир уже пайда болду. Биздин Мырзалиев деген ректор ошол кезде маеселени коюшту Так силер эмне отурасыңар медицинаны которбойсуңарбы ал деген публично телевизордон, гезиттен медицинаны кыргыз тилине которсо болбойт ушундай бир намыска тийген бир сѳз айткан. Эмне үчүн болбойт давай которобуз деп анан 1964-жылы Ахунбаевдин авторлугунун алдында, Тыналиева, Маралиев, Мамбет деген авторлордун алдында сѳздүктѳр чыккан бирок алар кеңири колдонулабай эле аларды эч ким сурабагандан сѳздѳрдүн мааниси болбой калган да, чыкпай калган. Биз ошол сѳздүктѳрдүн баарына таптык бир жерден Токтомамбетов деген мугалим менен эки жылда жакшынакай чоң сѳздүктү түздүк. Кийин коллекция кылып кысткартышты. Спонсор таппайбыз, Канттан табып, тапкан жокпуз болгон акчасын тѳлѳп 14 миң заказ берсек 4 миң эле чыгарып койду. Ошондон баштап биз ѳзүбүзчѳ бир ушул жылдары кандайдыр улуттук кайра жаралуубузбу, жүзүбүздү ачуу мына ушундай менен эметип жүрдүм. Ѳзүм ѳткѳн досум деле билет үйлѳнгѳндѳн кийин квартираларды жүрсѳк. Студент кезимде кайда барсак эле квартиларда үйлѳрдүн ээлери орустар, дунгандар, ѳзбектер, сарттар, квартира издегендер кыргыздар. Мен ошондой 4-5 квртираны алмаштырдым, анан эмне үчүн кыргыздар шаарга келип учетко тура албайт? Бул ушул сыяктуу ой башкаларда да болсо керек Жыпар Жекшеевтерде, ошон үчүн 1989-90-жылдардан баштап жер үй алуунун маселеси пайда болду. Ошого мен кийлигишип баштадым. 90-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы пайда болду. Кара-Кол шаарынан бир топ пикирлештер мен муруңку сүйлѳгѳн Асанбай Султанов, дагы башка жигиттер болду анан Бишкеке барып бир чети ѳзүбүздүн жердешибизге Жыпар Жекшеевге колдоо кѳрсѳтүү экинчи чети кыргыздар жер алыш керек. Бишкекте баары эле квартирада жашайтта, жатакана студенттерге жетишпейт. Мн да жатаканага жетишпей жүрүп араң жеткенмин. Ошол маселени кѳтѳрүп бүт Кыргызстан боюнча ажиотаж болуп, Кыргызстан боюнча эң маанилүү маселе болуп кетти. Анан карап кѳрѳйн эле десемк биздин кыргыз улутта баары социалдык абалда, экономикалык абалда начар. Эмне үчүн уйгур, дунган, сактар мындай жашайт, а биз эмне үчүн мындай жашабайбыз деген табигый адамдык суроолор пайда болду. Ошон үчүн жерди бѳлүштүрүп, Акакевдин сздѳрүнѳ биз баарыбыз демократия десе, Асанбай досум айткандай баары демократия десе байыйт экенбиз баарыбыз, демократига бүт баарыбыз кабыл алынып башыбыз менен киргенбиз, экономикалык абалыбыз жакшырат экен, баарыбыз ѳзүнчѳ үй алат экенбиз, ѳзүбүзчѳ ишкердик кылат экенбиз. Фабрика завод родшид соросторго теңелет экенбиз, кургуяндарга жетеленип. 1992 жылы кожоюн деген кыймыл пайда болду, кыргыздар дүкѳн аласыңарбы, кыргыздар жер аласыңарбы, кыргыздар байыгыңар келеби дп приватташтыруу. Комиссияга биринчи баарыбыз кирип КДКын атынан 4-5, 9 киши болсо 4-5 киши КДКнын ар кайсы уюмдардын атынан жалпы жѳндѳн 5 же 6 кирип алып жаттык да. дүкѳндѳрдүн баарын алабыз иш каналардын баарын алабыз дегенде ээсине алабыз деген кыргыз жигиттерге алып берип жаттык. Кѳпчүлүк аларды иштете албай жатышты, кээ бир бирѳѳнү алдатып жатышты, туугандардын атынан десе кийин туугандар алып буларды нары түртүп коюп жатты. Мына ушундай эиелерге туш келдик, башкы айткандай демократиялык кыймылдын асын максаттарынын куну кетип баштады, баасы кетип баштады. Бизде кѳп адамдар «силердин аркаңардан мындай болду, колхоздор тарады, байлыктар кайда кетти? Эмне үчүн мындай жашат жатабыз?» Ошол эле социалдык тармактардын кызматкерлери врачтар мугалимдер баары тең жашаган майанасаган ѳзүнүн жашоосуна жетпей кѳчѳдѳ басып жемишке сатып калышты. Ушул маселе бизди кѳп ойлорго салды, кѳп кыймылдарды, кѳп ар кандай иштерди баштаганга түрткү болду. Бирок кѳпчүлүгүбүз жаңылып жүрдүк кѳпкѳ чейин, биз жаңылып жүргѳндѳ мурдатан акчасын катып жүргѳн башка улуттун ѳкүлдѳрү, биздин байларыбыз алдыга узарып кетишти, карапайым калк кала берди. Бул экономикалык маселе. Социалдык маселе 90-жылкы ѳзбектердин бизге кылган, 90-жылы Ошто коогалаң болгон каттуу, ѳзбектер ѳзүнчѳ мамлекет болобуз, кыргыздардын баарына теңелип атайын жашынып, даярданып алып, крсактар кыздарды жарып ѳлтүрүшүп. Мына ошону кыргыздарда эйфория болуп бышан бираз сергитти, ѳзүнѳ келтирди, бирдикте бололу, тарыхта кайдан калалы биз деген ѳз тилибизде сүйлѳй албасак, тарыхыбызды айта албасак, бизди сүйлѳсѳк шылдың кылса, давай карап кѳрсѳ оказывается ѳзбектердин, казактардын мамлекеттери кийин байда болгон, а биздика биздин заманга чейин кагаттар бар болгон, тархтын барактарын ачып, ошон үчүн 1916-жылы Үркүндүн 75 жылдыгына жѳѳ жүрүш идеясы пайда болуп, Сокулук районунда башталды жѳѳ жүрүш идеясы, ошол жакка 5-6 Кѳлдүктѳр бардык, ошол жерден масып келдик, ошол кездеги ата-бабалардын ушудай оор кырдаалда ѳтсѳ керек, ошолорду ѳзүбүз сезеличи деп, эч жерден биз тамеки да чекпей, арак да ичпей, тамакты да лчѳп ичип, ар ким бергенди да азгырылбай бүт баарыбыз келдик. Балыкчыга келип баарыбыз үч топко бѳлүндүк. Жыпар Жекшеев баштаган бир топ Күнгѳй менен кетти, Тескей менен Асанбай досум айткан жер үйлѳр боюнча Ашар кыймылдан баштаган толук киши илеп кеткен кийин. Жпар Жекшеев баштаган Тоңдо чоң айыл экен, анан алар Тескей менен кетишти, дагы бир топ Топчубай Тургуналиев менен Нарын кѳздѳй кетишти Торугартка чейин барышты, а бизди болсо Кара-Колго чейин эле уртып берип Кара-Колдон ары барган жокпуз. Башы Кара-Колдо болсо аягы Түптѳ эле болгон. Мекенибизге, бардардын патриоттук духуна сыймыктанабыз тѳбѳсү кѳккѳ жетип ошону болуп жатканы менен баары ишке ашат экен деп дагы экинчи жолу биз ѳзүбүздүн кѳкүрѳгүбүздү каткылап кѳп жерден биз жаңылдык, кѳп жерден биз алдыра бердик, ѳзүбүздүн эле кыргыз элдин жигиттери кызматта турса, кээ бири жакшыларында, жамандарында башкаларына асылганына элдин атайын уюштурган катарына кээде кошулуп алып ошолорду кызматтан алганга чейин биздин да терс таасирибиз тийип калып жатты, аны кийин билип калдык. Жердин баарын бѳлүштүрүп жатты 50 жылга чейин аласың деп гектарлап жер берип жатса биз жыргап жаттык, кѳрсѳ бул элди бираз соротуунун бир ыкмасы экен. Ишканалалардын баарын бѳлүштүрүп, ар кимибиз ѳзүнчѳ бир завод куруп алчыдай сезгенбиз. Мунун баары туура эмес кѳрүнүш экен, бирок кийин билгенден кийин уже артта калып жаттык, мына эми буюрса, ошолордун баарынын кесепети тийди болуш керек, биринчи экинчи президентибиз мекенин кѳрѳ албай чет ѳлкѳдѳ жүрүшѳт канчалаган кишилер жүрүшѳт. Туура эмес кѳп иштерди биз сездик. Биринчи КДКдан 1991-жылы, Асаба партиясы бѳлүнүп кетти. Мен Асаба партиясында Ысык-Кѳл облусунда уюмдун тѳрагасымын ошодон бери. Топчубек Тургуналиев Кыргызстан демократиялык партиясы ѳздѳшүп кетти андан анан Ата-Мекен партиясы Текебаев ѳзүнчѳ бѳлүнүп кетти, азыр 150 партия болуп калды, партия жѳндѳ эч кандай закон жок. Эгер нормальный закон болсо Ѳзбекстанда, Казакстанда ар бир облуста ѳкүлү ѳкүлчүлүгү болсо, баштапкы уюмдары болсо, мүчѳлѳрдүн саны мындай болгон болсо, уруксат берилсе анда жакшы болбойт беле, жок 5-6, азвркы партиялык мыйзам боюнча 10 киши партияны түзѳ алат.
— Гүлзада: Сиздердин демократиялык кыймылга сиз активдүү катышуучу катары максаттарыңыз эмне эле? Сиздин ролуңуз кандай болду?
— Социалдык максаттар болду. Турмуш акыл абалды жакшыртуу, май нанды кѳбѳйтүү, тиричиликтерли жакшыртуу. Чоң максатыбыз ѳзүбүздүн жерибизге ѳзүбүз кожоюн бололу, ѳзүбүзчѳ кыргызча сүйлѳйлү, ѳзүбүздүн бир мекенибиз болсун, ѳзүбүздүн мыкты жигиттер иштесин. Эмне үчүн эптеп-септеп бүткѳн орус киши об.комдун экинчи секретари болот да бүт облусту башкарат, а мыкты жигиттер пресс секретарь сѳзү кыска, башкара албайт, орустун алдында. Ѳзүбүздүн улуттук кадрларды даярдаш керек, улуттук жүзүбүздү ачышыбыз керек, улуттук деңгээлибизди кѳтѳрүш керек деген маселелер болуп жатты. Анын баары билимден башталат, ар бир тармактан топ чыксын, бизди турасын. 1990-жылдары баштап медицина терминологияга киргизишип сѳздүк түзүшүп, жарбам берди бүткүл Кыргызстан боюнча, ойгонушту. Мед академияда ар бир кафердрасынын башы ѳзүнчѳ эле тилчи болуп калды. Биздин директор айтып жатты го азыр демократия болуп баары эле умуш болуп. Бир күнү келсек бизди тигил жакка жумшайт, бир күнү жумушчу болуп кеттик, бир күнү тилчи болуп кеттик деп. Экинчиси тил маселеси. Мурдатан ислам динине чектѳѳ коюп кеткен, кийинки маселени кое берсек дин бул апийим экен. Динди кое берди эле, абдан туура эмес кылган Аскар Акаев кемчиликтердин бири динге эркиндик берип, баардык конфесиялардын баарына уруксат берип коюп, христиан кофесияларын жайнап элдин баарын буза баштады, ислам конфессиядарын буза баштады. Биз башка элдин тилинде сүйлѳп, башка элдин каада-салттарын, башка элдердин кийимдерин кийип. Махат Магандинин айтканынан: «Менин мекеним тегерегинде темир тору менен курчалган жерди болушун каалабайм, бирок менин элим башка элди турап, башка элдин тилинде сүйлѳгѳнү жол бербеймин», — деген. Менин пикирим да ошондой. Биздин пикирлештерибиз баарыбыз, Асанбай досум, баарыбыздын пикирлерибиз ошондой. Биз башка элди туурап, башка элдин салт-санаасын колдонууга жол бербейбиз, биз күрѳшѳбүз акырына чейин. Бирок биз жекече зордук зомбулук менен эмес, тынчылык менен. Махат Магандинин айтуусу бар: «Зомбулуксуз баш ийбегенди каалайм». Зумбулук кылып, бирѳѳнү ѳлтүрүп ар кандай эметкенден биз алыспыз. Биз элдин кѳзүн ачып, билимин кѳтѳрүп, маданиятын кѳтѳрүп. Библияда болгон да. Адегенде сѳз болгон, сѳз Кудай болгон. Биздин кыргыз элдин укмуштай сонун нарк-насилдүү сѳз байлыгыбыз бар, кенчибиз бар, салт-санаабыз бар, санат сѳзүбүз бар, ушулар адмдардын кѳңүлүн ачыш керек. Экинчи жолу 2010-жылкы ѳзбектердин чапкыны эмне деген кырсыктарды алып келди. Оштогу иштеп жүргѳн кѳлдүктѳр качып келишти го, бүт профессорлор качып келди, Акей Шейманов, Мамытов. Биз кайсы жерде жүрсѳк да ѳзүбүздүн мекенибизде жргѳндѳй сезишибиз керек. Эмне үчүн биз Ошко баргандан коркушубуз керек? Эмне үчүн Оштуктар Кѳлгѳ келгенден коркушу керек? Эмне үчүн Оштуктар Кѳлгѳ келсе кѳлдүктѳр буларды кодулап, булар сарттар деп, кодулаш керек? Бардык жерде биз бир кыргыз болуп учтумдай болуп биригип турушубуз керек. Ынтымак жерде ырыс бар ушуга жетишибиз керекпиз. Жѳѳ жрүш башталып аягы 11 августта, жѳѳ жүрүштүн жыйынтыктоо башы жүрүшү Ак-Ѳргѳ конушунан болду кечке чейин басып келип ошол бирок муруңку күнү мага айтышты Асаба балдары: «Сѳздү сүйлѳп бир даяда, сен жакшы сүйлѳйсүң». Эртең деген бизге сѳз бербегиле, силер бирдекени баштайсыңар, баарын жүрѳгүн түшүрѳсүңѳр, орустарды кет деп айтасыңар. Действительно, орустар кетсин, мекенибизди таштасын, биздин сѳзүбүзчѳ сүйлѳсѳ, биздин динибизди кабыл алса жашасын, же болбосо кетсин Россияга деп кыйкырып чыкканбыз. Бүт баары келди, Роза Отунбаева келди, эменин тѳрайымы болду, Азимбек Бекназаров тѳрагабыз болду, кийин алар Атамбаевдин партиясына кирди, социалдык демократиялык партияга кирип кетишти бизди таштап же болбосо Асабанын партиясы дүңгүрѳйгѳн бир мезгили. Түн ортосуна чейин аябай даярданып анан филармониянын алдында жыйынтыктап сѳз сүйлѳдү чет ѳлкѳдѳн катышуучу, элеттен келген катышуучу деп мага сѳз беришити. Аябай жакшы сүйлѳп гещитке чыккан, ал геитти чоготуп коюп, ѳзүмдѳ сакталбай, ал убакытта ѳпкѳм казандай болуп жүрүп кѳп материалдарды жоготуп коюп, чогултуп сүрѳткѳ да түшпѳптүрбүз. Рухту укмуш кѳтѳрдү, биримикти чакырды, улуттук ынтымака бизди аябай чакырды. Адам экенибизди, кыргыз экенибизди тааныты. Жан дүйнѳбүзгѳ урук салды. Жѳѳ жүрүштѳ бизге бийлик тарабынан тосколдук болгон жок, тескерисинче бизди кайсы жерге барсак тосуп алышып, тамак аштарын берип, үйдү даярдап коюшуп, жергиликтүү бизди андай мындай эметип жаткандан бизди коргоп. Ар бир айылында да чала патриоттор бар да ошолордон коргоп жүрдү. Бизди таң калтырганы ошол кезде согушта Үркүндѳгү болгон окуяларды айта албай жүргѳн кыгыздар чыкты. Коркунучтуу окуяларды айтышып, канча бир туугандар кырылып калганбыз, Кытайга барганда жергиликтүү эл уйгурлар, дунгандар бир кичине талканга кыздар сатылган, кѳрбѳгѳндү кѳрүп кыш кирип келгенде шашылыш эч кандай даярдыксыз ашууларды ашып кѳздүн жашын кѳлдѳткѳн 80-90 жаш абышка-кемпирлер ѳлүп. Мурда Үркүн мындай жеңил эле бир нерсени элестетчибиз да, ошондо улуттук Оштогу кыймылда накта элдин кырылганына кѳзүбүз жетип, накта кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн, козодой жазган Сибирь кыргыздардын эренектен кийин биздин кыргыздардын кѳчмѳндүк турмушка ѳткѳнүн, салт-санаабыздын, ыйман, нарк-насибидин жоголгонун кѳчмѳн турмушка ѳтүп кеткенибизди чыныгы башка элдин арасында сиңип баратканыбызды, мамлекетибизди жоготуп баратканыбызды сездик. Ошондо биз силкиндик, ѳзүбүзгѳ келип. Ошондой кишилер ыр эметкен, ошондо ырчылар жанакы билесизби таластык жигит бар эле го жолдош балам ошолордун айткан ырлары, ошолордун баарын угуп, Осмон түрктѳр кандай комузду биздин комузубузду түрктѳр алып жүрдү рухун кѳтѳрүп, ырын угуп, Манасты айтып жатышты чогу жүрдү манасчылар биз менен. Биз ар кайсы жерлерден айылдарда манасчылар келип биздин рухубузду кѳтѳрүп жатты. Ошондо биз куру эл эмес экенбиз, бизде ѳзүнчѳ кѳрѳңгѳ бар экен, бизде деген рух бар экен, нарк-насип бар экен биз ушундай сезип жаттык, бизде чечендик сѳз бар экен, бизде салт-санаабыз бар экен, ошону сезип, таап келип жаттык. Ошо анан келгенжен кийин кѳп эле жерде област ушундай эл толгон, бүт кѳзѳмѳлдүн баарын четтерде укук короо кызматкерлери акырын жашынып турду. Чатак чыгып кетпесин деп, бирок элдердин баары бири-бири менен бир туугандай болуп эч кандай айткан сѳздѳрү угушуп, арак ичип алып салттан тышкаркы жаман жоруктарды баштаган жок. Насип сѳз менен баарын кѳндүрсѳ болот экен да, ошолорду иш чара менен кѳндүрсѳ болот экен да. Ошолордун баарын эметкенден кийин бийлик башы ошол кездеги туура эмес окуяларды биз кеч түшүндүк. Сом кирди, 40 сом зарплата алып калдык. Институтта иштеген доктор науктар жумушун таштап базарга отуруп калышты. Демократияны биз түшүнбѳй эле кѳчѳ демократиясын түшүнүп жүргѳн турбайбызбы. Демократия бул акыл-эстин, терең акылдын мыйзамы, биз ошону акырындап түшүнүп баштадык. Эл кандай окат кылышты үйлѳнүп баштады, эл ѳзүн ѳзү кѳтѳрдү. Мына эми үчүнчү Баркыт революция, мунун баары теңкара кыргыз автономный облусунун 100 жылдыгына ѳкѳрүлгѳн каада-салттар, ар кайсы белгилүү адамдардын, бүгүнкү элеѳткѳн Айдарбековдун, Ишеналы Арабаевдин, Жусуп Абдырахмановун, Касым Тыныстановдун ошолордун туулган күнүнүн же болсо ишмерлигин эметип кѳрсѳм. Ошол кезде билимдүү кишилер жоккызматтан эметип койсо кайра бир жагынан Ташкентке барып кызмат кылып, Москвага барып кызмат кылып, кайра Кыргызстанга жан талашып келип жатат. А биздин деген мындайча айтканда ээ бир кѳпѳкѳн адамдарыбыз эл билеген бийликтерибиз бийлик башындагы адамдар президенттерден баштап качпы жүрүшѳт кайра келгени ою жок убакыт ѳтсѳ бизди керчирээр кайра келебиз деп үмүт кылып жатат, бетбактык менен интервью берип жатат Кыргызстандык ѳнүктүрүү жолун мен ачып берем деп, таап берем деп, тапкандай мурда таппайбы. Ошол кезде Ишеналы Арабаев, Айдарбековдор миң кишиге бир киши болчу, булар деген мамлекетүүлүгүн сактап калды же болсо 1920-1924 жылга чейин кыргыдын улуттуулугу, мамлекеттүүлүгү чактын мизинде турган, биз казак болуп калмакпыз, Казакстандын составында, казакты кыргыз дечи а бизди кара кыргыз дечи мына ушундай болуп турган кезде сактап мамлекеттин башатын орнотуп кетишти биз ошону эми андан ары ѳнүктүрүп, эгемендүү мамлекеттин башында деген баштоочулар элдин арасында жашнакай болуп жүрсѳ жакшы болбойт беле, кыргыз эл баатыры деген наамдарды албайт беле, алар менен кошо табакташ жүргѳн Шеримкулов баары тең баатырлкты алдыбы.
— Гүлзада: Сиздин ошол мезгилдеги 1985-91-жылдагы ошол кыймылдарга активдүү —
— Эсимде калган окуялар биринчиден Кыргызстан демократиялык кыймылынын Кара-Кол шаарыдык уюмунун уюштуруу чогушу болду. Азыр ошол жерде киноеатр болчу, мурду деген татар мечитке баталып калган, анан ал кайра дин адамдардына берип коюп кайра ал жер мечит болуп калды ошол жерде болгон 1991-жылы жазында апрель айында. Эл салт толтура, шаардык тѳрайымы Адырахменова деген бар болчу, шаардын кеңешинин эмеси Күчүкѳв деген бар болчу, паспортун биринчи ыргыткан ошолор, ошолор келип катышып отурду, уруксатпы, сүйлѳгѳнгѳ уруксатпы дешип. Ошондо биз ѳзүнчѳ рахаттанып, ѳзүңдү ѳзүң баалап алып кѳтѳрүү сезимдер пайда болду. Биринчи премьер-министр каза болгондон кийин Исмаил. Исмаил биздин айылдардан чыккан, Кытай жанагы биз турган айыл мындан мурда сүйлѳгѳн Асанбай досум. Ошол киши каза болгондон кийин бизден да коелу деп Жыпар Жекшеев туруп капысынан эле кѳтѳрѳлѳрүм эле. Мен каршы эч нерсе айтып да албадым баары тең давай, давай десе. Ошолдогу шайлоо эсте калыптыр, каражатыбыз жок эч кандай жолдогу машинеге кол кѳтѳрүп коюп барганбыз чогулушка. Бирок ошондогу элибиз кичине экономикадан начар экен, кѳкүрѳгүмѳ кагып ыйлагым келди. Бирок ошол кезде Жумгалбек Асанбаев ѳтүп кетти мен ага аябай сыймыктандым, ал киши менен до да болуп калдым кийин ал киши капысынан ооруунун кесепетинен кѳз жумду ал жерге ал киши президент болгонда биздин Кыргызстан мүмкүн абдан жакшы болмок деп жалпы эл да айтат мен да ошого ишенип калдым. Давай эмне үчүн Жогорку Кеңеште депутатыбыз болбош керек деп анан түптѳгү бир орун бошогондо Жыпар Жекшеевди ошол жактан кѳтѳрдүк. Кѳчѳдѳ асанбай досум да эки колун чѳнтѳгүнѳ салып турса телохранитель деп ойлошуптур да, чѳнтѳгүндѳ гранатасы бар, тапанчасы бар деп. Баарылардын жүрѳктѳрү түшүп качышты келчи эмес да биз жакка. Анан ошондой болуп элдер деген биз сезтенип коркуп, бирок бийлик деген бийлик экен баары тең акшыя берсе алданып кетип калат экен андан чегилип калдык. Кийин экинчи жолу 1995-жылы шайлоо болгондо муруңку легендардык парламент кетти, жаңы шайлоо болгондо биз кадимкидей кичине цивилизациялуу жол менен, маданий жол менен жардам бердик, Жыпар Жекшеев ѳттү. Анан менин кѳңүлүмдѳ калган үчүнчү окуя. Биз кожоюн деген кыймылды уюштурдук, республика боюнча уюшулган «Асаба» партиясынын демилгеси менен. Кыргыздар ѳз жеринде ѳзтѳрү кожоюн болушсун, анан биз шардык кеңешинин алдындагы, мэриянын алдындагы комиссияга баарыбыз 7-8 киши кирип алып кѳптѳгѳн кишилерге дүкѳн алып бердик, иш каналарды алып бердик, мекемелерди алып бердик менчике 50-жыл, 49-жыл мѳѳѳтү менен. Ошондогу кѳрүп жаткан кишилердин кѳзүндѳгү кубанычы, сыймыктануу сезими эсте калыптыр. Кѳп эле чогулуштар болуп жатты, областтык ак үйдүн алдына кѳп жолу келип жаттык. Кийин Акаев кеткенден кийин укмуштай казганактай эл толуп, бийлик алмаштырып, губернаторлорду айдап чыгып эметип жаткан окуялар эсте калды. 2005-жылы, 2010-жылы Бакиев кетип жатканда окуялар. 2010-жылкы Оштогу окуялар жүрѳгүбүздү бычак менен сайгандай болду, ыйладык, чогулуп адып жолдон токтотуп, же болсо Кѳлдѳн эметсе тигил жактан кармалып четинен ѳзбектерди сабап түртүп кирсе эмне болот эле Ѳзбекистан тоже нейтрально турбайт эле. Бирок ошол качып кетип калган ѳзбектер кайра бат эле Отубаева киргизип жибергенине нааразы болдук аябай. Дагы бир ай мурдунан кѳк шилтси агып Кыргызстан кѳзүѳн жаш аккыча кармаш керек болчу.
— Гүлзада: Эми ошол мезгилдги 89-90-жылдагы студенттик кыймылдар жѳндѳ маалыматтарды топтоп жүрѳбүз. Анан Кара-колдогу студенттик кыймыл жѳнүндѳ эмне айта аласыз?
Лидерлер менен чогу иштешип жүргѳнбүз. Мына азыр эле Бракондун Кадырбек деген жигит бар, Мамбетов деген журналист бар мадаиятка эмкег сиңирген ишмер болду ѳзү КТРКнын тѳрагасы болуп иштеген. Ошондой бир топ жигиттер келип биз менен аралашып КДК менен аралашып, партияларга киришип, кѳбүнчѳлѳрү менен саламдашып жашынакай бир бирибизди сыйлашып жүрѳбүз. Ал убакытта окуу жайларда тартип каттуу эле болчу да инерция менен келе жаткан, диркетор эмне десе баарын аткарышчу, тоталитардык бийлик бар болчу, бирок ошол эле тартип болгон жакшы экен тап-такыр андалып эле демократия эмес дермократия болуп кеткен туура эмес экен, ошондой болуп кеткен жерлерин кѳрдүк, таланып кеткен чарбаларды кѳрдүк ичибиз күйдү. Эмгиче ошолор жерди талашып, соттошуп жүрүшѳт, ЭТЗ деген завод бар болчу эмгиче турат, темир-бетон заводу бар Түптѳн келе жатканда Кыдыраке кѳчѳсүндѳ эмчгиче турат иштебей, дагы анча кѳптѳгѳн чоң-чоң заводтор бар, Улан заводунда тарпеда чыгарып Россия жардам берип сактап калышты, азыр Россиянын эмесине кирет арендааг алып иштетип жатышат, бекер эле деп ойлойбуз, аренданы тѳлѳгѳн жери жокко. Ошо темир-бетон, ЭТЗ заводдорун кѳрүп алып ичибиз күйѳт эмне үчүн мындай деп. Бүткүл Союзга даары жасаган Маман айылында Филар деген Всесоюзный Институт лекарственных растений деген бар болчу. 2-3 чарба Маман айылындагы бүт ошо дары чѳптѳрдү, календуланы, мышык тамырды жыйначы, жоюлуп кетти мына, Бишкектеги витамин заводу жоюлуп кетти. Азвр тигилер жердин баарын бѳлүштүрүп алган ѳздѳрү жеке менчик айдашат, терип алып сатышат, мамлекеттик баасы деле арзан же болбосо бизде дары-чѳп деген толтура, экинчи чыгарылышка сѳздүккѳ 200 кыргызча аттарды киргизгем.
— Гүлзада: Ушул кыймылдарга активдүү катышкан 1985-91-жылдары дагы кайсы инсандардан маек алсак болот? Кимдерди сунуштайт элеңиз?
Биздеги Ысык-Кѳл облусунун дарыгерлер провизорлор бирикмесинин тѳрагасы бар Тосмомбетов Алмакул деген больницада биз менен курмандаш досубуз бар. Азыр Ысык-Кѳл облустук оорууканасында врач-анестезиолог болуп иштеп жатат, жашы 75 чыгып калды, кадимкидией дасыккан, каныккан варч ушул кишиден алсаңар болот. Улан Мураталиев, Шаршембиев Бектурган Аксу районунда КДКнын тѳрагасы болуп жүрдү дегендер бар.