Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU
Фото Жекшеев Медет

Жекшеев Медет

Гүлзат Алагөз кызы: Саламатсызбы! Өзүңүздү тааныштырып, 1986-1991-жылдары эмне иш менен алек болчусуз айтып бере аласызбы?

Жекшеев Медет: Саламатчылык! Менин атым Жекшеев Медет Сабырбекович. 1954-жылы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында туулгам. Аскерден кийин темир жолдо иштеп калдым. Темир жолду 1985-жылы Алма-Атада транспорт министрлигинен бүтүрүп келгем. Ошол убакта 1986-жылдары Горбачёв келип «Кайра куруу» башталган. Ошондон баштап “Тил” меселеси жана башка көп маселелер чыга баштады. 

Мен өзүм мектептен орус классты бүтүрүп, орус тилдүү болчумун. Кийин кыргызча гезиттерди окуй баштадым. Темир жол бекетинин жанында гезит саткан киоскто эртең менен кезекке туруп калабыз, ошондо бир жигит “Көпчүлүк эле орусча гезит алып жатат, кыргызча деле гезит албайсыңарбы?!” – деп айтып калды. Анан астыбыздагы бизден улуурак бир киши “Ай, кыргызча гезиттин эмне кереги бар?!” – деп жооп берди. Ошентип ошол жердеги балдар “Айтматовду каралашып, тилибизге дагы тийишип силер кимсиңер” – деп айтыша кетишти. Ошондон баштап биз “Эмне үчүн андай?” деп ойгоно баштадык. Менделе темир жолдо өзүмдүн адистигим менен иштей берсем болмок, бирок ошого кошулушум керек деп ойлоп жүргөм. “Ашар” коому менен Ак-Өргө жактан жер алдым. Жумагазы Чоңаюу, Ракыя Жусупова анан дагы Сапар деген балдар-кыздар менен жүрүп калдым, анан ошолор менен аралашып кеттим. Кварталный болдум, анан комитет түзүлүп ал жакта дагы орун басар болуп иштеп жүрдүм.

Гүлзат Алагөз кызы: Ошол жылдары сизде жер маселесинде көйгөй болдубу?

Жекшеев Медет: Мен 8-классты бүтүп эле “Автодорожный техникумга” өткөм. Техникумду бүтүп, жарым жылдан кийин аскерге кеткем. Аскерден келгенден кийин темир жолдо иштеп калдым. Электрик, электромеханик болуп дагы иштедим. Ошентип жүрүп анан Алма-Атага окууга кетип калдым. Көйгөй бар эле болчу. Биз өзүбүз коомдук жатаканада жашап жүрчүбүз. Институтту бүтүп келгенден кийин кайра эле батир көйгөй болду. Анан жер берип калды, мендейлерге “Жаш адис” деп берчү, бирок мен ага жете алган жокмун. Новосибирсктен бир орус кыз келген экен, ал бир батир алды. Ошону менен кайра куруу башталып, биз дагы жер алып калдык. Жалпы коомдордун баары биригип «Кыргыз Демократиялык Кыймылы» түзүлүп калды. Негизинен ошол убактагы кыргыз жаштарынын көпчүлүгү эле батирден батирге көчүп жүрүшүптүр. Анан жер маселеси ошондон чыкты.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиз Фрунзе шаарына келгенде өзүңүз орус класста окуп, орус тилин үйрөнүп калган үчүн көп байкабай калсаңыз керек, бирок айылдан келген кыргыз тилдүүлөргө “Автобустарда, көчөлөрдө, заводдордо кандайдыр бир куугунтуктоолор болчу. Кыргызча сүйлөгөндөн уялчыбуз” – деп айтып калышат. Сиз ошондой абалды байкадыңызбы?

Жекшеев Медет:  Ооба, ошондой болгон. Мен өзүм орус тилинде окудум, анан көп деле кыйналган жокмун. Ошол маселе көпкө чейин ошондой болду, 2000-жылдарга чейин.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиз кыргызча сүйлөгөндөн уялчу эмес белеңиз?

Жекшеев Медет:  Жок, биз орусча окучубуз, бирок кыргызча үйдөн сүйлөшчүбүз. Менин иним дагы Бишкекте жашап калды. Мен аскерде жүрсөм керек эле, ошондо мага “Медициналык институтка өттүм” деп кат жазып ийиптир. Анан кийин сурасам “Экзамен берип жатканда кыргызча билесиңби деп суроо берди, анан ооба билем деп жооп берсем тиги киши чоочуп кетти” – деп айтып калган.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиз Ашар коомуна кошулуп, анан жаңы конуштардын тарыхын билип калыптырсыз. Жаңы конуштар кандай түзүлдү, Ашар коомунун иштөө механизми кандай эле?

Жекшеев Медет:  Мен участок жер алгандан кийин, 1990-жылдары инфляция боло башталып, талонный системага өтө баштаптыр. Бир жылдан кийин Жумагазы менен жолугуп калдым. Андан мурун Ашар коомунда топторго бөлүнүп башкарган учур болуптур, бирок андан көпчүлүгү дайынын таппай калыптыр. Анткени талонный системада атайын тизме даярдап, эквивалентин кылыш керек болчу.  Ушундай бир башаламан болуп жатыптыр, анан Жумагазы “Ушул жака квартальный болуп бербейсиңби” – деп айтып калды. Бул коомдук жумуш болчу, ошенип мен макул болуп, биргелешип тартипке келтирдик. Жаңы келгендер талон ала албай жүрүшүптүр, талонсуз продукту ала албайт экен да. Ошондой учурлар дагы болгон. Ошентип мен Ашар коому менен чогу иштешип калдым.

Гүлзат Алагөз кызы: Ак-Өргө Бишкектеги эң биринчи жаңы конуштардын бири, Ак-Өргө деген аты дагы кыргызча болуп жатат, көчөлөрүн дагы кыргызча койгонбуз деп айтып калышат. Сиз квартальный катары Ак-Өргө жөнүндө айтып бересизби?

Жекшеев Медет:  Ошол кезде квартальный болуп, көчөлөрдүн аттарын коюш керек, номерлерди коюш керек деп ошонун баарын Ашар коому жасады, мен дагы катыштым. Көчөлөрдүн үстүнөн Жумагазы Чоңаюу, Ракыя Жусупова, мен жана башкалар болуп иштедик. Мен көчөлөрдүн номерлерин жасадым. Анан жасатайын деп мамлекеттик органдарга барсам, бизди өгөй көрүшчү. Картага дагы чийилген болчу. Бир кишиден кандай болот деп сурасам “Түштүктөн түндүккө 1-2-3-… деп кетет, анан чыгыштан батышты көздөй кетет” – деп айтып калды. Ошондой кылып бүт номерлердин баарын мен койгом. 

Гүлзат Алагөз кызы: Сиздин көчөңүздүн аты кандай эле?

Жекшеев Медет:  Кербез көчөсү, өзүм койгом.

Гүлзат Алагөз кызы: Ашар коому Кыргыз Демократиялык Кыймылы расмий түзүлгөндөн кийин ага активдүү катышкан уюмдардын бири болуп калды. Сиз ошол уюмдардын жыйындарына барып катышып турчу белеңиз, жыйындарда эмне жөнүндө сөздөр болчу эле?

Жекшеев Медет:  Ооба катышып жүрдүм. Жыйындарда эң негизги көйгөй тиричилик, суу маселеси, андан кийин тил маселеси болчу. Андан кийинки кадам Ашар коому жергиликтүү өзүн өзү башкаруу түзгөнгө бир топ аракет болду. Бирок ал кийинчерээк болду. Азыркы айыл өкмөтү ошондон башталган. Шаарда болсо андай кылыш оор экен. Ошондой болуп жүрдү, ага чейин чар жайыт болуп жүрчү, мен дагы түшүнчү эмесмин.

Гүлзат Алагөз кызы: Ашар уюмунун ошол учурда сиз тааныган, билген мүчөлөрү көп болчубу?

Жекшеев Медет:  Көп эле болчу. Акырындап отуруп, көбү тиричилик менен ар кайсы жака кетип калышты. Жыйырмага жакын адамдар иштеп калышты. Журналисттер, квартальныйлар бар болчу.

Гүлзат Алагөз кызы: Ашардын кеңселери болуп, кадимкидей эртең менен келип, кечинде кеткен жумушчулары дагы болгон экен. Алар каражатты кайдан алышкан?

Жекшеев Медет:  Негизинен коомчулуктун көбүн иштетишти. Ошол комитет түзүлгөндө төртөбүз иштедик. Анча мынча акча бөлүп берди, бирок кийин ошол акча инфляция болуп баркы жоголуп кетти. Ошентип ар бирибиз өз жолубуз менен кеттик, бирок коомдук иштерге дагы катышып жүрдүк.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиз квартальный катары ошол учурда айлык акы алчу белеңиз?

Жекшеев Медет:  Бир-эки жыл бекер болду. Кийин эки-үч жылдан кийин квартальныйга акча бөлүп беришсе керек.

Гүлзат Алагөз кызы: Ашар уюму үркүндү эскерүү жүрүшүн биринчи жолу уюштурган. Ошол жөнүндө эмнелер эсиңизде?

Жекшеев Медет:  Мен дагы даярдашып анча мынча катыштым. Асаба партиясы дагы биригип алып Асыл-Баш айылынан баштап чыккан. Мени Бишкектен жиберишкен. Мен токстонунчу жылдыкка 2006-жылы Беделге чейин барып келдим.

Гүлзат Алагөз кызы: Сөөк чогултканга катышкансызбы?

Жекшеев:  Ооба. Андан өкмөттүн жардамы менен эки камаз анан дагы бир машине болуп барып келгенбиз. Бир тайпабыз Беделди көздөй кеттик. Экинчи тайпа Ак-Шыйракты көздөй кетишти.

Гүлзат Алагөз кызы: Эскерүү жүрүш учурунда катышуучулардын эскерүүлөрү, лозунгдары эсиңиздеби? 

Жекшеев Медет:  Советтер союзунун убагында бул маселени такыр эскерип айтчу эмес. Анан биз ачыкка чыгардык да. Ошол 1990-жылдардагы коомдук башталыш дагы болгон. Өкмөт колдогон эмес. Ошол кезде эл колдоп, жакшы тозуп алышыптыр.

Гүлзат Алагөз кызы: Бул теманы сиздин айылдаштарыңыз, Чүй өрөөнүндөгү башка айылдар кандай кабыл алышты?

Жекшеев Медет:  Кызыккандын баары эле кабыл алып, эскеришити.

Гүлзат Алагөз кызы: 1990-жылдары сиз Ашар коомуна кошулуп жатканда эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты алабыз деп айтылган сөздөр болгонбу? 

Жекшеев Медет:  Ошондой болгон. Жада калса мен аскерде сержант болуп кол жазмам жакшы болгондугу үчүн мен жазуучу болуп калдым. Ротанын командири мага жумуштарын берчү. Мен болсо ошол жумуштарын жазып конституцияны окуп, анан болгон көйгөй ошол конституцияда “Каждый народ имеет право на самоопределение” деп жазылып турат. Мага ошондо негизи болот болушу керек деген ой кеткен. Мен спортко дагы кызыкчумун, өзгөчө футболго. Анан эмне үчүн Кыргызстан өзүнчө ойной албайт дечүмүн. Кудай буйруп азыр Кыргызстан өзүнүн атынан ойноп жатат. 

Гүлзат Алагөз кызы: Cиз аскерде жүргөндө Афган согушуна туура келип калыптыр, ошол Афган согушун кандай кабыл алдыңыз? 

Жекшеев Медет:  Жок, Афган согушу 1976-жылы болду. Мен 1975-жылы аскерге келдим. Афган согушу жөнүндө айтсам. Азыр карасак басып алган согуш болгон, эми ошол адамдарды душман дешет. Өздөрү эле жерлерди басып алып. Бизде деле 1920-жылдары басмачылар деп өз жери үчүн күрөшкөндөр басмачы, оккупант болуп жатпайбы. Афган согушундагылар болсо интернационалисттер.

Гүлзат Алагөз кызы: 1986-1991-жылдары бүткүл СССР өлкөлөрүндө улут аралык кагылышуулар көп болуптур. Анын ичинде Кыргызстанда дагы Ош окуясы болду. Сиздин эсиңизде калган окуялар, Ош окуясына болгон мамиле кандай болду? 

Жекшеев Медет:  Бул нерселердин баары кайра куруу башталгандан кийин эле башталды да. 1986-жылы биринчи Алма-Атада болду. Мени оюмча Алма-Атада 1986-жылы коммунисттик партиянын төрагасы Кунаевди кызматынан алып туруп, анын ордуна Москвадан Колбин деген адамды алып келген. Анан ошондон кийин элдер нааразы болуп. Анан башка жакта дагы демократиялык процесстер башталып коомдук аң сезим өсө баштады. Балтика боюндагы мамлекеттер таптакыр эле биринчилерден болуп эле каршы чыгышкан. Анан ушундай көрүнүштөр Грузияда, Азербайжанда болду. Өзбекстанда түрктөр менен болду. Балким алар түрктөр менен провакация болгонбу билбейм. Жада калса ал жактагы түрктөрдү Кыргызстанга дагы алып келишиптир деп бул жакта дагы ызычуу болгон. Негизи эркиндикти абдан баалашыбыз керек. Азыр кыргыз тарыхчылар, жаш тарыхчылар кыргыз тарыхын аябай изилдеп жазып жатышпайбы. Анткени кайра куруу башталганда Бишкекте бир дагы кыргыз мектеби жок экен. Анан 1987-жылы бир мектеп салып жатып, анан ошону кыргыз мектеп кылабыз дешти. Бирок ага Москва “Орусча-кыргызча гана болот” деп уруксат бербей койду. Анан кийинчерээк №68 мектеп кыргызча болду. Тил маселеси боюнча Лениндин “Мы пойдем другим путём” деген айтканы дагы бар. Азыр менин түшүнүгүм боюнча булардын баарын орусташтырабыз дегендей болгон. Анткени советтер союзунун саясаты ошондой болуп келген. Айла жок орусча окуш керек болгон, орусча билбесең жакшы жумушка албайт.

Гүлзат Алагөз кызы: Азыр сиздин балдарыңыз, неберелериңиз кыргыз мектепте окуп кыргызча сүйлөшөбү же орусча сүйлөшөбү?

Жекшеев Медет:  Менин уулум кыргыз мектепти бүттү.

Гүлзат Алагөз кызы: 1990-жылдары Кыргызстанда демократияга үндөгөн самиздаттар, гезиттер, журналдар чыгып турган экен. Сиз кайсы бир журналга жазылып окуган кезиңиз эсиңиздеби?

Жекшеев Медет:  Мен көп гезиттерди окудум. Биринчи “Ленинчил жаш, Кыргыз туусу, Кыргыз маданияты, Ала-Тоо” деген бүт эле журналдарды алып окудум. Анан кыргызча аңгемелерди дагы окуй баштадым. Кийин бат эле кыргызча үйрөнүп кеттим, ага чейин жалаң орусча сүйлөп, окуп калганбыз да.  

Гүлзат Алагөз кызы: Дээги эле совет доорунда тарых китептеринде Курманжан датка, Алымбек датка же Байтик баатыр, 18-19-кылымдардагы уруу башчылары жөнүндө такыр эле окутушчу эмес. Мисал үчун сиз Чүйлүксүз да анан Байтик баатыр жөнүндө эл оозунда айтылып жүрчү беле же кийин эле билдиңизби?

Жекшеев Медет:  Эл оозунда айтылып жүрчү. Байтик баатырды кичинекей чагыман эле билчүмүн. Курманжан датка жөнүндө кийинчерээк гезитке чыга баштады. Үркүн темасын буга чейин чала-бучук уккам. Менин чоң апам Ысык-Ата жактан болот. Тоону көздөй мал жандыгы менен качышкан кыргыздар кийин бул жак тараптан келген экен, анан ошол жактагы кыргыздар аларга жардам берген экен. Ошондо чоң апам 16-17 жаштагы кыз экен. Анан ошондо чоң атамды ошол жерге калтырып кеткен экен деп айтып калчу.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиз конституцияны окуп ар бир СССРдеги өлкө өзүнүн эгемендүүлүгүн ала алат деп айтып калбадыңызбы. Ошол эле нерсени университетте сабак берген юрист агай Кубанычбек Нурбеков репрессияга куугунтукка алынган экен. Сиз ушундай нерселерди укканда коркчу эмес белеңиз же Кыргыз Демократиялык Кыймылына, Ашарга кошулганда кандайдыр бир куугунтук болот деп ойлочу белеңиз?

Жекшеев Медет:  Мен корккон жокмун. Күрөшүш керек деп ойлодум. Болуп калышы мүмкүн деп ойлонуп жүрдүм, бирок андай болуп калса мен андай нерсеге барбайт болчумун. Анткени 1920-жылдары кыргыздан интеллегенцияларын эл душманы деп атып салган. Алар эми кыргыз үчүн, кыргыздын мамлекети үчүн күрөшкөн. Анткени алар Лениндин пастулаттарына ишенген. Ар бир өзүнчө мамлекет курганга укугу бар деген сөзгө ишенип алар кыргыз тилин өнүктүрөлү деген.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиз мектепти дагы институтту дагы совет доорунда окуп калдыңыз. Биринчи жолу демократия, көп партиялулуулук дегендерди кайсы жерден окудуңуз, кантип бул темага келип калдыңыз?

Жекшеев Медет:  Гезиттерден окудук, Азаттык деген альтернативдүү радиолорду дагы уга баштадык. Мурун андай жок болчу. Аскерде жүргөндө сержанттык мектепте экзаменде баарын бешке бердим. Анан командирлер “Аскердик окуу жайга экзаменсиз эле окуйсуң” – деп айтып калышты. Анан мага аскер болгон жаккан жок. Аскерде эркиндик жок экен. Мага эркиндик жагат экен. Ойлонуп көрөйүн деп атама дагы кат жазгам. Атам болсо “Өзүң бил” –деген. Мен болсо жок бул меники эмес деп каалаган жокмун. Азыр эркиндикти биринчи орунга коёт экенмин деп ойлоп калам. Ал эми мындай карап көрсөң аскерде кызмат кылган адамдарды ар кандай нерселер менен камсыздап берет да, бирок мага жарандык эле жашоо жагат деп барбай калдым.

Гүлзат Алагөз кызы: Сиздин оюңузча Ашар же ушул сыяктуу демократиялык уюмдардын  биздин эгемендүүлүктү алганыбыздагы орду канчалык?

Жекшеев Медет:  Негизги ролдорду ойноду окшойт, себеби күчтөр түрткүлөп жатты. Анткени ошол убактагы жетекчилер бир гана Москвага барышчу. Абсамат Масалиевди аксакал деп, бир эле президент керек деп турду. Анан элдер, демократиялык күчтөр түрткүлөп анан ошентип кетти. Болбосо кечигип калмакбыз. Болбосо биз эгемендүүлүктү казактардан эртерээк алдык да. Ошон үчүн негизги ролду ойноду.

Гүлзат Алагөз кызы: Биринчи жолу эгемендүүлүк алыптырбыз, советтер союзу кулап калыптыр дегенди укканда кандай сезимдер болду, элдер кандай кабыл алышты?

Жекшеев Медет:  Ал убакта биз сүйүндүк, бирок кандай болот? деген менин өзүмдө ушундай сезимдер болду. Башка өлкөлөр бир-бири менен жакын а биз болсо ким менен жакынбыз? деп ошондой ой кетти. Жада калса картаны дагы карай баштадым. Ошондо мен түштүк жакта анклавдар бар экенин билдим, мурун ага көңүл бурган эмес экенмин. Биздин чегибиздин ичинде Өзбекстандын дагы жери бар экен. Азыркыга чейин эле ошол нерсе көйгөй болуп жатпайбы. Негизинен эл аны анча деле сезген жок, бирок кыйынчылыктар болуп жатты. Бирок биз кул болуп жашагандан көрө, эркин болуп жашаган жакшы да. Менин оюмча биздин мамлекет кандай болсо дагы  өнүгүп жатат. Эркиндиктин негизинде биз өз алдынча өнүгүп жатабыз. Ошондо биз бактылуубуз, башка бирөөнүн алдында кул болуп жашаса бактылуу деле боло албайсың.

Гүлзат Алагөз кызы: Улуу муундун көпчүлүгү ошол 1990-жылды айтканда колхоз тараганда болгон экономикалык кризистер жөнүндө айтышат. Бирок ага чейин деле 1980-жылдардан тартып мамлекетте абдан чоң кризис болду. Сиз 1980-1985-жылдардагы экономикалык кризиске байланыштуу эсиңизде калган окуяларды билесизби?

Жекшеев Медет:  Ал убакта ар биринин кичинекей болсо дагы оокаттары бар болчу. Бирок өзгөчө кризис болгон деп айтыш кыйын, бирок анча-мынча кыйынчылыктар бар болчу. Мен темир жолдо иштеп жүргөндө кыргыздар аз болчу, башка улуттун өкүлдөрү көп болчу. Заводдордо деле ошондой болуп калган. Разаков кыргыздарды заводдорго иштетейин деп аракет кылыптыр. Айылдан элдерди чогултуп келип, мен биринчи катчымын деп заводдорго киргизип салган экен. Ошон үчүн аны кызматынан алып салышса керек. Андай кызматтарга кремильдин айтканын кылган адамдар гана керек экен да. Анткени 1970-жылы биздин жерлерге орус тилдүүлөр абдан эле көп келишкен экен. Алар келери менен жерлерди басып алышып, кийин мыйзамдаштырып алган экен. 

Гүлзат Алагөз кызы: Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Ашар уюмунун тагдыры кандай болду?

Жекшеев Медет:  Эгемендүүлүк алгандан кийин кичине саясий процесстерге катышып жүрдү. Жумагазы өзүн депутаттыка талапкерлигин койду. Мен ошондо темир жолдо кайра иштеп калгам. Жумагазы менен Топчубек Тургуналиев экөө соттолуп дагы кетпедиби. Мындай нерселер саясий күрөштө боло берет экен.

Гүлзат Алагөз кызы: Ашар азыркыга чейин иштейби же иштебейби?

Жекшеев Медет:  Азыр бар, бирок иштегенин көрбөй элемин. Баарыбыз жашыбызга жетип калдык.

Гүлзат Алагөз кызы: Жаңы жаштарды кабыл албайсыздарбы?

Жекшеев Медет:  Жаштар дагы иштешкен анан азыр иштеп жатабы Сапар билет. Себеби, Сапар өзү документтерди карап жүрөт да.

Гүлзат Алагөз кызы: Мен сурабай калган дагы кандай нерселер эсиңизде?

Жекшеев Медет:  Эгемендүүлүк алгандан кийин Акаевди элдин баары жакшы көрүп жүрүштү. Кийин жеке бийликке жеткиси келип конституцияны өзгөртүп, ошол үчүн партиялар күрөшүшпөдүбү.  Андан кийин Бакиев келди. Эл ага ишенди, бирок ал дагы ошенте баштады. Негизи жеке бийлик жаман көрүнүштөргө алып келет экен.

Гүлзат Алагөз кызы: Чоң рахмат!