Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Ашардын алкагындагы лекциялардын сериясын Мукарам Токтогулова ачып берди

28 февраля, 2025 г.

Бүгүн, 28-февраль, «Эсимде» изилдөө аянтчасы Кыргызстандын эгемендик алуу доорун чагылдырган даректүү тасма жаратуу үчүн жарыяланган ашардын алкагында алгачкы лекциясын өткөрдү.

Лекциялардын сериясын филология илимдеринин доктору Мукарам Токтогулова «Каныкейдин Тайторунун чапканы: аялга сын жана сый» аталышындагы лекциясы менен ачып берди.

Лекцияда аялдын бедели анын эркек туугандарына байланганы эпосто кандайча көрсөтүлгөндүгү, аялга кандай чектер коюлгандыгы, бул чектерди талкалаган эрктүү аялдарга кандай мамиле жасалгандыгы, «Эпостон — романга карай өнүгүү» концепциясы кайдан келип чыккандыгы ж.б. тууралуу сөз болду.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы Мукарам Токтогуловага жана лекция өткөрүү үчүн мейкиндик тартуулаган «ololoPlanet» борборуна терең ыраазычылык билдирет!

Опубликовано в разделах: Ачык сабактар, Жаңылыктар, Окуялар