Бүгүн, 15-март, «Эсимде» изилдөө аянтчасы Кыргызстандын эгемендик алуу доорун чагылдырган даректүү тасма жаратуу үчүн жарыяланган ашардын алкагында экинчи лекциясын өткөрдү.





Тарыхчы Гүлзат Алагөз өзүнүн «Эс тутумду изилдөө: тарыхты ким жана кантип баяндайт?» аттуу лекциясында «memory studies» жана «memory activities» түшүнүктөрүн чечмелеп, Кыргызстанда кандай эскерүү тажрыйбалары бар экендиги жана өтмүштүн трагедияларын мамлекет, коом жана жеке адамдар кантип эскерери тууралуу айтып берди.
«Эсимде» изилдөө аянтчасы лекция өткөрүү үчүн мейкиндик тартуулаган «ololoPlanet» борборуна жана Ашарга колдоо көрсөтүп жаткан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!