Бүгүн, 20-март, «Эсимде» изилдөө аянтчасы Кыргызстандын эгемендик алуу доорун чагылдырган даректүү тасма жаратуу үчүн жарыяланган ашардын алкагында үчүнчү лекциясын өткөрдү.









Тарых илимдеринин кандидаты Айида Кубатова «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: 1920-жылдардагы идеялар жана трагедиялар» аттуу лекциясында XX кылымдын баш ченинде Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы алгач агартуучулукка, бара-бара коомду түп тамырынан өзгөртүүгө багытталган коомдук-саясий кыймыл — жадидчилик тууралуу айтып берди.
Сиз да бул тууралуу билгиңиз келсе, Айида Кубатованын «Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916)» китебин, ошондой эле Айида айымдын «Эсимде» телеберүүсүнө берген маегин көптөн-көп сунуштайбыз!
«Эсимде» изилдөө аянтчасы лекция өткөрүү үчүн мейкиндик тартуулаган «ololoPlanet» борборуна жана Ашарга колдоо көрсөтүп жаткан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!