Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Ашардын алкагындагы төртүнчү лекцияны Клара Сооронкулова өттү

29 марта, 2025 г.

Бүгүн, 29-март, «Эсимде» изилдөө аянтчасы Кыргызстандын эгемендик алуу доорун чагылдырган даректүү тасма жаратуу үчүн жарыяланган ашардын алкагында төртүнчү лекциясын өткөрдү.

Юридикалык илимдердин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын мурдагы соту Клара Сооронкулова «Кыргыздардын адат укугу» аттуу лекциясын тартуулады.

📌 Көчмөн коомдордо каада-салттарга жана салттуу институттарга таянган укуктук жөнгө салуу системасы болгон деп айтууга негиз бар. Жалпы кабыл алынган жана жазма түрдө калыптанбаган адат укугу болбосо да, адаттын нормалары коомдогу мамилелерди жөнгө салып, жамаат ичинде милдеттүү деп эсептелген.

📌 Ошондуктан, эгерде адат укугун кеңири мааниде — коом ичинде иштеп келген укуктук каада-салттардын системасы катары түшүнсөк, анда көчмөн коомдордо ал болгон. Ал эми эгер аны так, тар мааниде — мамлекеттик деңгээлде расмий таанылган укуктук адаттардын жыйындысы катары карасак, анда мындай укук салттуу көчмөн коомдордо болгон эмес деп айтууга болот.

«Эсимде» изилдөө аянтчасы лекция өткөрүү үчүн мейкиндик тартуулаган «ololoPlanet» борборуна жана Ашарга колдоо көрсөтүп жаткан ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз!

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Окуялар