Биз соц.тармактардабыз:
  • Тилди тандаңыз:
  • KG
  • EN
  • RU

Кыргызстандагы 1985-1991-жж. коомдук-демократиялык кыймылдар тууралуу изилдөөнүн таанытымы болуп өттү

21 февраля, 2025 г.

Бүгүн, 21-февраль, «Эл үнү — доор чакырыгы: Кыргызстандагы 80-90-жж. коомдук демократиялык кыймылдар» изилдөөсүнүн көргөзмө менен коштолгон презентациясы болуп өттү. Таанытымга келген коноктор жарманкеде китептерибизди сатып алып, Кыргызстандын тарыхындагы эгемендик алдындагы доорду чагылдырган даректүү тасма жаратуу үчүн жарыяланган Ашарга колдоо көрсөтүштү.

Иш-чараны «Эсимде» аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек ачып берип, изилдөөнүн авторлору Мукарам Токтогулова жана Азамат Алагөз алган жыйынтыктары менен бөлүшүштү.

«Кыргызстанга эгемендик «асмандан түшпөптүр», күрөш жүрүптүр, коомдук демократиялык кыймылдардын аркасы менен көптөгөн өзгөрүүлөр киргизилиптир», — деди Азамат Алагөз өз сөзүндө.

Андан соң Гүлзат Алагөз изилдөөнүн жүрүшүндө чогултулган жүзгө жакын маекти, архивдик фото жана видеоматериалдарды камтыган маалымат базасын таанытты. «Жүз үн: Кыргызстандагы демократиялык кыймылдардын тарыхы (1985–1991)» маалымат базасы учурда сайтыбызда жеткиликтүү экендигин жана бул база дагы көптөгөн изилдөөлөргө түрткү, жардам болорун, түбөлүк булак катары каларын билдирди.

🙏🏻 Изилдөөнү жүргүзүүгө көмөктөшкөн бардык катышуучуларга, бүгүн келип колдоо көрсөтүп, ушул изилдөөнүн негизинде тартыла турчу даректүү тасма үчүн жарыяланган ашарды бөлүшүп жаткан санаалаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!

Опубликовано в разделах: Жаңылыктар, Окуялар