Көпчүлүк үчүн 2025-жыл оңой болбосо керек. Ал кыйынчылыктар «Эсимде» тобун да кыйгап өткөн жок. Бирок дал ошол сыноолор бизге көп нерсени үйрөттү. Биз мурдагыдан да бекем болуп, темпти жайлатпай, эң башкысы, өз баалуулуктарыбызга берилген бойдон калдык.
Көнүмүш болгон маселелердин үстүнө жаңылары кошулду. Бирок кыйын учурларда жаңы идея, так максат жана ага жетүүчү жол адамды тескерисинче бекемдээрин түшүндүк.
Келиңиздер, «Эсимденин» дүйнөсүнө кайрадан көз чаптырып, 2025-жыл биз үчүн кандай болгонун бирге эстейли.
*Бул документ компьютерде окууга ылайыкталып жасалды. Албетте, биз аны телефон жана планшеттер үчүн да ыңгайлаштырдык. Бирок эгер тандоо мүмкүнчүлүгүңүз болсо, компьютер аркылуу окууну сунуштайбыз. Ыракмат!
Эгемендигибизге кайрадан көз чаптыруу: изилдөөдөн тасмага чейинки жол

Былтыр биз эң ири изилдөөлөрүбүздүн бирине кириштик. Көптөн бери коомубузда «эгемендик өлкөбүзгө асмандан түшкөн» деген пикир жашап келет. Биз ошол суроонун чын-төгүнүн билүү үчүн комплекстүү терең изилдөө жүргүзүүнү туура көрдүк.
Кыргызстандын мыкты изилдөөчүлөрүнүн башын бириктирип, эскерүүлөрдү чогултуп, видео жана фотоматериалдарды издеп, 1985–1991-жылдарда жарык көргөн гезиттерди жана мемуарларды жыйнай баштадык.
Жыйынтыгында бул изилдөөнүн негизинде ири аналитикалык отчет даярдалып, эгемендик алдындагы доордо жигердүү иш жүргүзгөн адамдардан алынган 100 интервьюну камтыган кеңири маалымат базасы түзүлдү.
Чындап эле эгемендик бизге «асмандан» түшпөптүр. Ал 1985–1991-жылдары улуттук жана жарандык аң-сезимдин акырындап ойгонуп, бекемделишинин натыйжасы болгон экен. Ошол мезгилде адамдар ар түрдүү коомдук кыймылдарга биригип, көз карандысыз маалымат каражаттарын түзүп, Үркүндү эскерүү жүрүшүн өткөрүп, парламенттик реформалар үчүн күрөшүшкөн. Дал ошол кезде эл алгачкы жолу өз маданияты, тили жана жери жөнүндө ачык сүйлөп, массалык түрдө бул тууралуу үн ката баштаган.
Биз коом катары кадыр-баркыбызды билип, аны барктай алышыбыз үчүн биз бул тарыхты ар бир кыргызстандыкка жеткирүүнү маанилүү деп эсептедик. Ошондуктан изилдөөнүн бет ачарында даректүү тасма тартуу үчүн Ашар (каражат топтоо) жарыяладык.





СПОЙЛЕР: бул оңойго турган жок!
Башында каражат топтоону 3 айда жыйынтыктайбыз деп пландаганбыз. Бирок Ашар күтүлгөндөн узакка созулуп, дээрлик 8 айга уланып кетти.
Даректүү тасманы тартуу үчүн жалпы 787 500 сом чогултуу зарыл болчу. Бул максатта МБанкта атайын эсеп ачып, сатууга мерчибизди даярдадык, акылуу лекциялар менен экскурсияларды, воркшопторду өткөрдүк, ар кандай жарманкелерге катыштык, атүгүл поэзия кечесин уюштурдук.
Бул жолдо бизге көптөгөн адамдар колдоо көрсөттү. Тек гана каржылык жардам менен чектелбестен, ар кандай жолдор менен жан тартып коштогон инсандар да арбын болду:
- ololoPlanet лекцияларыбыз үчүн акысыз жай берип турду;
- Ракыя Жусупова и bugu.press сатуу үчүн өз китептерин белек кылышты;
- BirQyzyqJer, AchyqBar, Kölökö жана БАУ бизге жарманкелеринде орун беришти;
- BishkekWalks акылуу экскурсия уюштуруп берди;
- Эмил Насритдинов сатыкка өз эмгектерин сунуштады;
- Нагима Абдрахманова отчеттук инфографикалардын дизайнын жана лекциялардын постерлерин жасап берип жатты.
А силер болсо, Ашар тууралуу маалыматты өз баракчаларыңарга бөлүшүп жаттыңар. Бул колдоо биздин күчүбүзгө күч кошту.
















Ошентип биз 787 500 сомду толугу менен чогултуп, тарыхый жана маданий демилгелерди коомдун өзү ийгиликтүү колдой аларын далилдедик.
Бул саамалыкты колдоп, ишеним арткан ар бириңерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Силерсиз бул иш жүзөгө ашмак эмес ❤️
Учурда биз режиссер Адилет Каржоев менен бирге даректүү тасманы тартуу ишине кириштик. Башында убада кылганыбыздай, колдоо көрсөткөн, бирок жогоруда аттары аталбай калган инсандардын ысымдары тасмабыздын титрлеринде сөзсүз көрсөтүлөт.


Төрт жарым күнгө созулган Үркүндү эскерүү жүрүшү
2026-жылы Үркүн трагедиясына 110 жыл толот. Биз «Тосор коому» менен биргеликте акыркы төрт жылдан бери Үркүндү эскерүү жүрүшүнө үзгүлтүксүз катышып келебиз. Бул иш-чараны биз жылдын эң маанилүү, урунттуу окуяларынын бири деп эсептейбиз. Анткени жүрүш ошол кайгыны тең бөлүшкөн адамдар менен бирге басып өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Бул чыныгы эскерүү демилгеси. Жолдо биз Үркүндүн курмандыктарына багыштап Куран окуйбуз, айрымдар басып баратып ата-бабаларынан уккан Үркүн тууралуу эскерүүлөрүн бөлүшөт, ал эми кээ бири ошол кыйың кезеңди элестетүүгө аракеттенишет. Быйыл эскерүү жүрүшүнө 45 адам катышты: Бишкектен, Оштон, Кара-Кулжадан, атүгүл Казакстандан келгендер болду.
Үркүндү эскерүү жүрүшүн сөз менен толук айтып берүү кыйын. Анын маанайын ошол маалда тартылган төмөндөгү сүрөттөр даанараак жеткирсе керек:






































Бул жүрүш катышуучулардын бири-бирине болгон өз ара камкордугу, кол кабыштыгы, ишеними, биримдиги жана тилектештиги менен эсте каларлык болду.
Ошондой эле ал байыркы кыргыздар узак сапарга чыкканда ала жүргөн күлазык менен өзгөчө эсте калды. Аны «Супара» этно-комплекси атайын жүрүш үчүн даярдап берген.
Ушундайча биз элибиздин совет доорунда унутта калган салттуу тамак-ашынын кайрадан жанданганына күбө болдук.
Жымжырттыкты бузуп: 3 сессия, 20 катышуучу, 4 макала, 2 журнал жана 1 көргөзмө
«Жымжырттыкты бузуп» мектеби — бул өзүбүз, өтмүшүбүз жана дүйнөдөгү бүгүнкү ордубузду түшүнүүгө арналган ачык жана коопсуз мейкиндик.
Бул жерде биз жеке инсан жана коом үчүн маанилүү суроолорду чогуу ойлонобуз, ички күчүбүздү табууга жана алдыга кандай багытта барарыбызды аныктоого аракет кылабыз. Мектеп өзүбүзгө ишенүүгө тоскоол болгон, сырттан таңууланган көз караштардан арылууга түрткү берерин билебиз.
Биз жеке жана жалпы чектерди, абийирди жана ички тынчтыкты кантип сактоо керектигин талкуулайбыз. Ошол эле учурда жөн гана сүйлөшүп койбойбуз: ой жүгүртүү практикалык көндүмдөр жана пайдалуу куралдар менен айкалышат. Катышуучулар өзүн-өзү аныктоо, тилектештик, жеке тарых жана жалпы эс тутум менен иштөө ыкмаларын үйрөнүшөт.
Бул мектеп кадимки сабак формасында өтпөйт. Лекциялар, талкуулар, диалогдор жана тажрыйба бөлүшүү аркылуу чогуу үйрөнөбүз. Бул жерде ар бир катышуучу, эксперт же команда мүчөсү өз тажрыйбасы менен бөлүшө алат. Биз эң баалуу идеялар адамдардын ортосундагы байланыш жана талкуу аркылуу жаралат деп ишенебиз.






«Жымжырттыкты бузуп» мектебинин экинчи сессиясы кыштын алгачкы айында Бишкекке жакын тоолордо өттү. Бул жолугушууда катышуучулар илим жана маданиятта бүгүнкү күндө сакталып келе жаткан колониалдык көз караштарды, дүйнөнү «өнүккөн» жана «артта калган» деп бөлүп түшүндүргөн ааламдашууну, аялдардын изилдөөлөрдөгү тажрыйбасын жана деколониалдык феминизмди талкуулашты. «Манас» эпосундагы гендердик мамилелерге, ошондой эле археология илими кантип колониалдык ой жүгүртүүнүн куралы катары колдонулушу мүмкүн экенине өзгөчө көңүл бурулду.
Талкууларды жана сессияларды Зарина Урмамбетова, Сыйнат Султаналиева, Мукарам Токтогулова, Айганыш Исаева жана башка тажрыйбалуу спикерлер менен изилдөөчүлөр алып барышты.
Программада лекциялар, семинарлар, чыгармачыл сессиялар, катышуучулардын өз презентациялары жана «дүйнөлүк кафе» форматындагы ачык талкуулар орун алды. Сессиянын жыйынтыгында катышуучулар жаңы билимге ээ болуп, өз долбоорлору үчүн идеяларды алып, бири-биринен дем-күч менен тарашты.






Мектептин үчүнчү сессиясы Баткенде өтмөк. Программа толук даярдалып, жергиликтүү спикерлер жана Баткен мамлекеттик университети менен жолугушуулар алдын ала макулдашылган эле. Бирок Бишкек–Баткен каттамы аба ырайынын шартынан улам токтотулуп, пландар өзгөрүүгө аргасыз болду.
Ошого карабастан, сессияны Бишкектин жанында өткөрүү тууралуу жамааттык чечим кабыл алдык. Бул эң туура чечим болуп чыкты. Команда менен катышуучулар кыска убакытта уюша калып, өз алдынча өзгөчө, жандуу программа түзө алышты. Натыйжада бул сессия чыныгы тилектештиктин, чыгармачылыктын жана демилгелүүлүктүн мисалына айланды.
Мектепте биринчи жолу «Дене жана контекст» аттуу теманы талкууладык. Теманы түрдүү тармактын адистери талдашты. Социолог Айганыш Исаева денени коом жана калктын жашоо шарттары менен байланыштырып түшүндүрдү. Нейрофизиолог Султан Өмүрбек уулу темага медицинанын көз карашынан кайрылды. Ал эми кино жана театр режиссеру Шамил Дыканбаев дене кандайча көрсөтүлөрүн, кандайча кабыл алынаарын бөлүштү.
Бул сессия биз өзүбүздү (акылыбызды жана денебизди) канчалык аз угуп, өз башыбыздан өткөн нерселерди көп учурда баалабай турганыбызды көрсөттү. Чынында эле муундардын таасири, салт-санаа, тыюулар, жашаган чөйрө жана айланабыздагы контекст биздин ким экенибизге жана жашообузга түздөн-түз таасир этет экен. Муну түшүнүү үчүн кээде шашпай токтоп, терең дем алып, өзүбүздү угуп көрүү жетиштүү. «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин үчүнчү жана акыркы сессиясында биз дал ушуга көңүл бурдук.
Мектептин жыйынтыгы: «Кутман таң» альманахы

Кутман Таң – бул таңдын жарыгын, жаңы күндүн башталышын билдирген саламдашуу. Жарандык агартуу академиясынын натыйжасында жарыялана турчу жыйнагына ушул аталышты тандап алганбыз. Ал эми 2025-жылкы чыгарылыш Эсимденин «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин алкагында жарык көрдү.
Альманах — жөн гана макалалардын жыйнагы эмес. Ал бүгүнкү күндө ишенимдүү багытыбызды табуу жана келечекте өз ордубузду аныктоо үчүн өтмүшүбүздү кантип аңдап-түшүнүп жатканыбыз тууралуу жамааттык сүйлөшүү.
Быйылкы журнал үч бөлүмдөн турат. Ар бир бөлүм деколониалдык ой жүгүртүүнүн жана эс тутумду сактоонун маанилүү бир аспектисин ачып берет.
«Кутман таң!» альманахын окуңуз

«Аңдоо үчүн теориялар» деп аталган биринчи бөлүм бизди терең ой жүгүртүүгө жетелеген теориялык негиздерге жана өзөктүү түшүнүктөргө сүңгүтөт. Бул бөлүмдө өзүбүздү жаңыча түшүнүүгө жардам берген суроолорго кайрылабыз: колониалдык өтмүш бизди кантип калыптандырды?
Колониалдык парадигмадагы «Субъект жана объект» тууралуу макала — өз позициябызды табууга чакырат. Ал эми «Кыргызчылык деген эмне?» аттуу макала аркылуу де/постколониалдык ой жүгүртүүнүн өнүгүшүн байкайбыз.
Ал эми «Каныкейдин Тайторуну чапканы» макаласы эс тутум, өзүн-өзү аныктоо жана күрөш темаларын ачып, Каныкейдин тарыхына терең саресеп салат.

«Менин тарыхым, биздин эс» деп аталган экинчи бөлүм жеке окуялардын жана эс тутумдун күчүнө арналат. Бул бөлүмдө коомубуз жеке тажрыйбаларды коомдук билимге айландыруу аркылуу өтмүштүн жарааттарын кантип эстеп, кантип айтып жатканын изилденет.
Ошентип, сиз ХХ кылымдын оор учурларын башынан өткөргөн адамдардын конкреттүү үй-бүлөлүк тарыхтары жана тагдырлары аркылуу бизге «эс укугун» берген макалаларды окуйсуз. Бул бөлүмгө Эсимденин «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин эки бүтүрүүчүсү — Байбол Сагынбек уулу жана Автандил Эшмамбеттин эмгектери да кирди.

«Эс тутум тажрыйбалары: сактоо жана өткөрүп берүү» деп аталган үчүнчү бөлүм «Эсимде» аянтчасынын ишмердүүлүгүн, ошондой эле биздин команданын, эсимдечилердин жамааттык рефлексиясы аркылуу пайда болгон демилгелерди чагылдырат.
Бул бөлүмдө сиз эс тутумду сактоонун жана тилектештиктин эки өзгөчө тажрыйбасы менен таанышасыз:
- «Ашар» кампаниясы – Кыргыз Республикасынын эгемендигине түрткү болгон доорду (85–91-жылдар) чагылдырган даректүү тасма тартуу үчүн каражат чогултууну максат кылган демилге.
- Үркүндү эскерүү жөө жүрүшү – 1916-жылдагы тарыхый трагедияга арналган жүрүштүн катышуучуларынын таасирлерин жана ой-пикирлерин окууга мүмкүнчүлүк берет.
Эс тутумубузду чогуу сактап, бири-бирибизге өткөрүп берүү жана аны аңдап-түшүнүүнү жандуу билимге айландыруу үчүн сизди ушундай интеллектуалдык жана эмоционалдык саякатка чакырабыз.
Мектептин жыйынтыгы: Эс тутум, тил жана дене тууралуу зин
Мектептин үчүнчү сессиясында катышуучуларыбыз Айганыш Исаева жана Султан Өмүрбек уулу «Дене жана контекст» темасын көтөрүшкөн. Ошол сессияда жаралган ой-толгоолордун негизинде алар адегенде даректүү тасмага каражат чогултуу үчүн Эсимдеде акылуу лекция уюштурушту. Бул жолугушуу жыл ичиндеги эң көп кызыгуу жараткан иш-чаралардын бири болуп, ага 50дөн ашык адам катышты.
Андан кийин теманы тереңдетип улантуу үчүн алар эс тутум, тил жана дене тууралуу жамааттык зинге тексттерди жана визуалдык иштерди кабыл аларын жарыялашты.
Натыйжада, ар кыл курактагы, ар кайсы өлкөлөрдөн келип түшкөн эмгектердин негизинде Эсимденин эс тутум, тил жана дене тууралуу зини жаралды.




Мектептин жыйынтыгы: Вефадагы «Эсимде бар» көргөзмөсү

Вефа соода борборунун демилгеси менен биз «Эсимде бар» көргөзмөсүн өткөрдүк. Бул жыл ичиндеги эң эсте каларлык жана маанилүү кызматташуулардын бири болду.
Көргөзмөгө «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин бүтүрүүчүлөрү — Саид Рахман жана Зарина Назар, ошондой эле кесиптешибиз Гүлзат Алагөз катышты. Алардын эмгектери мектептин алкагында жана жеке изилдөөлөрдүн негизинде жаралган.
«Эсимде бар» көргөзмөсү өтмүштү кантип эстеп, аны бүгүнкү күндө кандай сезип жатканыбыз тууралуу ой жүгүртүүгө чакырат.
Саид Рахман өзүнүн «Өзөк» аттуу инсталляциясында адамдын өзүн таануу темасына кайрылып, ар бирибиздин ичибизде жашаган «мен» аттуу дүйнөнү изилдейт.
«Эстей турган кездеме» чыгармасында Зарина Назар аялдар тууралуу түз баяндап бербейт. Ал аял өзүн түшүндүрүүгө, башкалардын күтүүсүнө ылайык болууга же «туура» көрүнүүгө тийиш болбогон мейкиндикти түзөт. Ал мейкиндикте сүрөтчү аялдарга сүйлөбөй эле угулууга, идеал болбой эле көрүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Гүлзат Алагөз «Архив 1932» долбоорунда өзү жыйнаган архивдик сүрөттөр менен документтерди жаңы көркөм формада сунуштайт. Материалды кайра карап, аны өзгөртүү аркылуу тарыхый издер бүгүнкү күндө кандайча жаңы сезимдерди жана маанилерди жарата аларын көрсөтөт. «Эсимде бар» сыяктуу көргөзмөлөрдө архив жөн гана маалымат булагы болбой, көрүүчү менен түз сүйлөшкөн жандуу маекке айланат.









«Немономиф» журналынын жетинчи саны чыкты
Эсимденин «Немономиф» журналы темаларды бир гана Кыргызстан же Борбор Азия менен чектебей, кеңири контекстте кароо принцибине негизделген. Бул салыштыруулар, сүрүштүрүүлөр жана башка аймактар менен байланыш аркылуу ишке ашат.
Быйыл журналдын жетинчи саны жарык көрдү. Бул чыгарылышта тарыхый эс тутум жана деколонизация темалары темир жол жана вагон образдары аркылуу ачылды.
Себеби вагондор совет доорундагы репрессияларды, депортацияларды, эвакуацияларды жана сүргүндөрдү «көргөн». Тар жүк вагондорунда «эл душмандары», этностук азчылыктар, туткундар жана башка көптөгөн адамдар ташылган. Ошол эле учурда, темир жол миллиондогон адамдарды согуштан куткарууга да кызмат кылган.
Темир жолдор — эс тутумдун жолдору. Совет мезгилинде темир жол жалпы трагедиянын бир бөлүгүнө айланган. Вагондордун тарыхы — үйүнөн ажырап, белгисиз жактарга кеткен адамдардын тарыхы. Бул өтмүштү унутпай, аны кайра карап чыгууга чакырык.















«Эсимде» изилдөө аянтчасы темир жол темасына байланышкан көптөгөн материалдарды жыйнаган. Алардын арасында 1930-жылдары Кыргызстандан Украинага сүргүнгө айдалып бара жаткан адамдарды саякатчы Элла Майяр тарткан сейрек сүрөттөр да бар.
Бүгүн, өтмүштүн окуялары кайра каралып жаткан мезгилде, темир жол метафорасы өз маанисин жоготкон жок. Ал миграция, зордоп көчүрүү жана акыйкаттыкты калыбына келтирүү тууралуу сүйлөөгө жардам берет.
Бул санда көбүнчө «Эс тутум жолдорундагы кербен. 2024» демилгесинин алкагында жасалган материалдар камтылган. Ал долбоордо Борбор Азиянын изилдөөчүлөрү эс тутум жайларын кыдырып, унутта калган тарых, мобилдүүлүк жана совет доорундагы репрессиялар тууралуу талкуу жүргүзүшкөн.
Авторлор:
- Гүлзат Алагөз
- Эльмира Абылбек
- Жолдош Турдубаев
- Нестор Пилявский
- Бактыгүл Мидинова
- Отабек Нигматов
- Болот Исабеков
- Максуд Аскаров
- Сауле Сулейменова
- Айжаркын Кожобекова
- Эмиль Насридинов
- Вера Андрианова
- Асель Рашидова
- Мадлен Ривз
«Аял тагдырлары» жыйнагы кыргыз тилинде жарык көрдү!

«Эсимде» үчүн эс тутумду сактоодо аялдардын ролу өзгөчө мааниге ээ. Анткени үй-бүлөлүк эскерүүлөр көбүнчө аялдардын баяндары аркылуу муундан муунга өтүп келет.
Германияда коомдун өткөндөгү трагедияларды моюнга алып, тобо кылуу жараяны нацисттик режим маалында зордук-зомбулукка кабылып, азап-тозокту башынан өткөргөн аялдардын өз окуяларын ачык жана чынчыл айтып чыгышы аркылуу мүмкүн болду.
Эсимденин «Чиеш тагдырлар» сериясынын төртүнчү китеби көп жылдар бою аттары айтылбай, үнү көмүскөдө калып келген кыргызстандык аялдарга арналды.
«Чиеш тагдырлар» жыйнагы англис тилинде жарык көрдү

Ошондой эле быйыл биздин эң таанымал китебибиз — «Чиеш тагдырлар» сериясынын биринчи бөлүгү англис тилинде жарык көрдү.
Бул китепте совет доорундагы репрессияларды башынан өткөргөн сегиз адамдын жеке тагдырлары баяндалат. Ал оор мезгилди акын Осип Мандельштам «волкодав кылымы» деп атаган. Бул аныктама ошол доордогу зомбулукту, коркунучту жана адам тагдырларынын талкаланышын так чагылдырат.
Бүгүнкү күндө ал күндөргө күбө болгон адамдар бара-бара көзү өтүп, алар менен кошо эскерүүлөр да жоголуп барат. Коом болсо узак жылдар бою коркуу жана унчукпоонун ичинде жашады. Айрыкча Кыргызстанда архивдер азыркыга чейин толук ачыла элек болгондуктан, репрессиялар тууралуу билим дагы эле жетишсиз бойдон калууда.
Дал ушул себептерден улам биз бул китепти беш жыл мурун жарыкка чыгарганбыз. Убакыт өткөнүнө карабастан, китеп өз актуалдуулугун жоготкон жок: 98mag журналынын версиясы боюнча ал 2025-жылы Борбор Азиядагы эң маанилүү 25 китептин катарына кирди.
Биз Вашингтондогу конференцияда өзүнчө панелдик сессия сунуштадык!








Вашингтондо өткөн 57-ASEEES конференциясында биздин аянтча бир нече борбор азиялык изилдөөчүлөр менен бирге «Турак жай нааразылыктарынан саясий мобилизацияга: советтик доордун акырындагы Борбор Азиядагы элдик активизм» аттуу панелдик сессия сунуштадык.
Сессияда кийинки спикерлер докладдарын баяндады:
- Мукарам Токтогулова (БААУ) «Кыргызстандагы 1985-1991-жж. коомдук-демократиялык кыймылдар»;
- Байтур Токтосунов (Эсимде) «Турак жай теңсиздиги жана мобилдүүлүктүн жоктугу: Советтик Фрунзедеги кыргыз тажрыйбасы» («Жымжырттыкты бузуп» мектебинин жыйынтыктарынын бири);
- Мадлен Ривз (Оксфорд университети) — «Бычактын мизинде: соңку Советтик Кыргызстанда турак жай, нааразылык жана социалисттик адилеттүүлүк»;
- Камила Смагулова (Лейден университети) — «Невада–Семей антиөзөктүк кыймылы: Советтер Союзу глобалдык колониализмдин контекстинде».
Панелди Эсимденин жетекчиси Эльмира Абылбек алып барды.
Эсимде Германияда!
«Эсимде» аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек Германияда өткөн «Blick nach Zentralasien – und zurück» аттуу конференцияда Борбор Азиядагы жарандык активизм (анын ичинде эс тутум активизми) жөнүндө доклад менен сөз сүйлөдү. Бул конференция аймактын өзүн өзү аныктоо жана таанытуу маселелерине арналган.


Эсимде Казакстанда!



Кесиптешибиз Гүлзат Алагөз Эсимденин 1985–1991-жылдардагы Кыргызстандагы коомдук-демократиялык кыймылдар тууралуу изилдөөсүн Назарбаев университетинде өткөн «Борбор Азиянын жаңы транснационалдык/трансимпериялык тарыхына карай» аттуу эл аралык конференциясында баяндады.
Прагада биздин тасма көрсөтүлдү!
Эс тутум таануу ассоциациясынын (Memory Studies Assoc.) IX конференциясында биз «Чалбасы кыргыздары» аттуу даректүү тасмабызды көрсөттүк.
Режиссер Талант Акынбеков тарткан бул тасма 1930-жылдары мүлкүнөн ажыратылып, Украинага сүргүнгө айдалган кыргыз үй-бүлөлөрүнүн тагдырын баяндайт. Ал Эльмира Абылбек менен Гүлзат Алагөз жүргүзгөн архивдик жана талаа изилдөөлөрүнө негизделген.
Тасма көрсөтүүгө дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген эс тутум таануучулар катышты. Көрсөтүүдөн кийин Эльмира Абылбек тасманын жаралуусу жана анын тарыхый контексти тууралуу кеңири түшүндүрмө берип, суроолорго жооп берди.



Воркшоп: Өз үй-бүлөмдүн тарыхын изилдөөгө кантип киришем?





Тогуз жылдан бери «Эсимде» изилдөө аянтчасы Кыргызстандын XX–XXI кылымдардагы «актай барактарын» изилдеп, талдап келет.
Дал ушул тажрыйба Гүлзат Алагөздүн воркшобунун негизин түздү. Воркшоптун катышуучулары өз үй-бүлөсүнүн тарыхын изилдөөгө кантип киришерин, мамлекеттик архивдерге кантип кайрылуу керектигин ж.б. көптөгөн көндүмдөргө үйрөнүштү.
Воркшоп алгач Бишкекте өткөрүлүп, андан кийин Ош облустук көркөм өнөр музейи менен биргеликте Ош шаарында өткөрүлдү.
Эсимде теледе!


Бул жылы медиа-өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен акыркы изилдөөлөрүбүздүн жана жарыялаган материалдарыбыздын жыйынтыктарын кеңири аудиторияга жеткире алдык.
Кызматташуулар: Эсимде x Memorial

Быйыл «Эсимденин» изилдөөчүсү Гүлзат Алагөз Мемориалдын «Тарыхтагы адам: (пост)советтик тажрыйба» программасына Борбор Азиядан куратор катары тандалып алынды. Ал башка өлкөлөрдөн келген кураторлор менен бирге 16–19 жаш курактагы катышуучуларга өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө көмөк көрсөттү.
Программанын жыйынтыгында Кыргызстандан эки катышуучу Мемориалдын жайкы мектебине жолдомо алып, ал жерде өз изилдөөлөрүн кино, көлөкө театры жана анимация сыяктуу көркөм долбоорлорго айландырышты.
Жолдомо алгандардын катарында Эсимденин мектебинин бүтүрүүчүсү жана ыктыярчысы Байбол Сагынбек уулу дагы бар.
Коллаборациялар: Эсимде x Кудук
Ошондой эле биздин кесиптешибиз Гүлзат Алагөз «Кудук» маданий борбору уюштурган Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген маданий ишмерлер үчүн өнөр демилгелерин башкаруу боюнча курска тандалды.
Үч сессиядан турган программанын алкагында ал «Архивдер искусство катары» аттуу долбоорун ишке ашырып, анын алгачкы жыйынтыгы Вефадагы «Эсимде бар» көргөзмөсүндө инсталляция катары орун алды.




Эсимде Ютубду багындырууда!
12 подкаст, 320 000ден ашык көрүү жана дээрлик 2 700 жаңы катталуучу — 2025-жыл подкасттардын жылы болду. Биз студиябызда ар кыл тармактын өкүлдөрү менен маек курдук: антропологдор, саясат таануучулар, философтор, тарыхчылар, ишкерлер, кинорежиссерлор, экологдор жана башка адистер. Биз эс тутум менен эне тилдин байланышын, экология менен тарых кесилишкен учурларын талкуулап, эскерүү жүрүшүнөн алган таасирибизди бөлүштүк, Үркүн темасына терең сүңгүп кирдик.
Бул жолдун башталышы гана. Эң кызыктуу жана маанилүү маектерди өткөрүп жибербөө үчүн каналыбызга сөзсүз жазылыңыз.
Көпчүлүк, айрыкча аймактардагы кыргызстандыктар бизди журналист Миржан Балыбаев алып барган «Эсимде» телеберүүсү аркылуу тааныйт. Телеберүү өз ишин жыйынтыктаганына карабастан, анын 150дөн ашык маанилүү жана өзгөчө чыгарылышы бүгүн да биздин YouTube каналыбызда жеткиликтүү.
«Эсимде Медиа» талыкпай өсүп жатат!


Биздин Instagram бир айда эң аз дегенде 1 миллион көрүүчү топтоп жатат.
Контенттин үстүнөн ырааттуу жана активдүү иштин аркасында «Эсимде Медиа» тобу болгону 11 айдын ичинде катталуучулардын санын 16 700дөн 28 300гө чейин көбөйтө алды.
Эми ушул аралыкта жарыяланган негизги материалдарга кыскача көз чаптырсак:
Кыргызстандагы таанымал адамдардын катышуусу менен Үркүндү эскерүү жумалыгына арналган видеолор көп жаңы катталуучуларды алып келди.










Биз ири изилдөөлөрдү жүргүзүп, алардын жыйынтыгын жеңил тилде баяндап беребиз. Биздин айрым каруселдер:
Мисалы кыска роликтерибиз аркылуу Кыргызстандагы 85-91-жж. тууралуу изилдөөбүздү жарым миллион адам тааныды:
Биз изилдөөлөрүбүздү бөлүшүүдө түрдүү форматтарды колдонуудабыз
Мисалы биздин дизайнер Нагима Абдрахманованын бул сүрөттөрү Эсимденин жыйнагындагы аял тагдарларын баяндап берет.



Албетте, жыл ичинде чыгарган бардык медиа өнүмдөрүбүздү толук көрсөтүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, биз соцтармактардагы ишибизди чагылдырган жалпы статистиканы бөлүшө алабыз.

Ошол эле учурда биздин Facebook баракчабыз айына болжол менен 800 000 көрүү алат, ал эми жазылуучулардын саны 11 айда 12 000ден 15 500гө чейин өстү.

Эсимдечилер 💛
Быйыл биз Эсимдечилердин колдоосун жана тилектештигин өзгөчө терең сездик. Алар ар дайым жаныбызда болуп, биз менен катар туруп, дем берип, жардамын эч аяшкан жок. Мындай санаалаштыктын баалуулугун сөз менен жеткирүү кыйын.
Биз чогуу өсүп, чогуу жол басып, үйрөнүп, жаратып келе жатабыз. Бизди колдоп жүргөн ар бир инсанга чексиз ыраазычылык билдиребиз. Айрыкча жылдар бою жаныбызда болуп, туруктуу түрдө жардамын берип келгендерге өзгөчө рахмат!











Эсимдени жакын арада эмнелер күтүп жатат?

«Жымжырттыкты бузуп» мектебине жаңы кабыл алуу болуп өттү.
Мектептин биринчи сессиясы 2026-жылдын январь айында өтөт.

Эсимде өзүнүн V эл аралык конференциясын жарыялайт!
Посткоммунисттик мейкиндик тууралуу баяндарда 1990-жылдардагы Борбор Азия өлкөлөрү көп учурда «уктап жаткан республикалар» катары сүрөттөлөт.
Бул көз карашка ылайык, Чыгыш Европада жана постсоветтик аймактын айрым жерлеринде эл жигердүү нааразылыкка чыгып, олуттуу өзгөрүүлөрдү талап кылган. Ал эми Борбор Азияда мындай ачык каршылыктар болбогондуктан, көз карандысыздык бул жакка өзүнөн өзү, «асмандан түшкөн» деген түшүнүк калыптанат.
Бирок чындап эле ошондой беле?
Көз карандысыздык бул аймакка белек катары берилди беле? Же болбосо Борбор Азиядагы окуялар жергиликтүү изилдөөчүлөрдүн өздөрү тарабынан жетиштүү деңгээлде сүрөттөлбөй калгандыктан, татаал жана көп катмарлуу процесстер жөнөкөйлөштүрүлүп калдыбы?
Биздин алдыбызда Борбор Азияны жана посткоммунисттик мейкиндикти көз карандысыздыкка алып келген чыныгы кыймылдаткыч күчтөрдү, жашыруун процесстерди жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү кайрадан талдоо милдети турат.
Изилдөөчүлөрдү «көз карандысыздык асмандан түшкөн» деген үстүрт түшүнүккө альтернатива болгон жаңы изилдөөлөрдү жана жаңы көз караштарды бөлүшүүгө чакырабыз.
Эгер сиз конференцияда өз изилдөөңүздү бөлүшкүңүз келсе, 2026-жылдын 31-майына чейин табыштама жөнөтүңүз:
📩 esimdekg@gmail.com
Конференциянын боло турган күнү:
8–10-октябрь, 2026,
Бишкек, Кыргызстан.
2026-жылы көрүшкөнчө! Аман болуңуздар!









