«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы 2024-жылдын экинчи жарымында өтө ургаалдуу иш алып барды: тасма көрсөтүү, кереге кеңеш, таанытым, ачык лекция, көргөзмөлөрдү жана талкууларды уюштурду, подкасттарды жаздырды, телеберүүлөрдү жарыялады, коллаборацияларды түздү, жаңы адамдар жана коомчулуктар менен таанышты, алар менен жемиштүү натыйжаларга жетишти, IV эл аралык конференциясын өткөрдү. Бул жөнөтмө аянтчанын 2024-жылдын сентябрь айынан тартып 2025-жылга чейин жасаган иштерин жыйынтыктоо иретинде жасалды. Алдыда алар тууралуу кененирээк…
«Жымжырттыкты бузуп» мектебинин I сессиясы
2023-жылы «Эсимде» изилдөө аянтчасы жана Жарандык агартуу академиясы эс тутум, өз тааным, оторсуздандыруу, жарандык активизмге багытталган теориялык жана практикалык, дисциплиналар аралык «Жымжырттыкты бузуп» мектебин баштаган. Ысык-Көл, Бишкек жана Баткенде өткөн 3 сессиялуу мектептин жыйынтыгында түрдүү курактагы, түрдүү адистик тармактан, түрдүү аймактардан топтолгон катышуучулар өз изилдөөлөрүн, иш-чараларын, долбоорлорун ишке ашырышты. Соңку эмгектердин бири — адам укуктары боюнча юрист Эльвира Тилек кызынын «Чектердин ортосунда: деколониалдык практикалар тууралуу зин» иши болду.
Зин — бул эркин жана чыгармачыл формат, аны каалагандай түзүп, эч кандай цензурага же чектөөлөргө баш ийбестен жаратууга болот.
Зинди түзүп чыгуу үчүн «Эсимденин» аянтчаларында кыргыз жана орус тилдеринде ачык кабыл алуу жарыяланган. Катышуучуларга деколониалдык практикаларга арналган тексттерди жана көркөм чыгармаларды жөнөтүү сунушталган. Болгону ар бир автордун эмгегине орун жетиши үчүн материалдын көлөмү чакан болуусу шарт эле. Жыйынтыгында, ар кандай тилдерде жана ар кайсы өлкөлөрдөн жети текст келген. Алардын бардыгы эч өзгөртүүсүз, котормосуз зинге киргизилген.
Ал эми «Жымжырттыкты бузуп» мектебинин экинчи топтомуна жыйырмадан ашык катышуучу тандалып алынган. Салтка улай мектептин үч күндүк биринчи сессиясы Ысык-Көл облусунун Күңгөй тарабында өттү. Мектепте биз түрдүү жолдор менен өзүбүздү изилдедик: сүйлөштүк, сүрөт тарттык, оюн ойнодук, талашып-тартыштык, инсталляция жасадык, тасмаларды көрдүк.
Сессиянын биринчи күнү Элери Битикчи менен өз маданиятыбызды, экинчи күнү Гүлзат Алагөз менен өз тарыхыбызды кайрадан аңдап түшүнүүгө аракет жасасак, үчүнчү күнү Мукарам Токтогулова жана Гүлзада Станалиева менен кыргыз адабиятын өзүбүз үчүн кайрадан ачтык.
«Медиадагы кыргыз тилинин экосистемасынын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» изилдөөсүнүн отчету жана анын таанытымы
Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан бери тил маселеси өтө тез ылдамдык менен өзгөрүп, кыргыз тилинин улуттун жана мамлекеттин таянычы катары мартабасы бааланууда жана өсүүдө. Медиадагы тил — «лингвистикалык экосистема» деп аталган татаал чөйрөнүн күзгүсү катары Эсимденин «Кыргыз тилинин медиа экосистемасын өнүктүрүүнүн маселелери жана мүмкүнчүлүктөрү» тууралуу изилдөөсүнө негиз болду.
Бул «Эсимде» изилдөө аянтчасынын тилге байланыштуу экинчи изилдөөсү. Анын «Кыргызстандагы касташуу тили жана бөлүп жарган көрүнүштөр» аналитикалык жыйнагы 2020-жылы жарык көргөн.
2024-жылдын 13-сентябрында изилдөөнүн чакан таанытымы уюштурулуп, ага кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракет жасап жаткан активисттер, бейөкмөт уюмдар, медиа чөйрөсүнүн өкүлдөрү, журналисттер катышты.
«Чиеш тагдырлар: Аялдар» жыйнагы
«Эсимде» изилдөө аянтчасы үчүн эс тутумду сактоодогу аялдардын ролу өзгөчө мааниге ээ. Үй-бүлөлүк тарыхтар көбүнчө аялдар аркылуу сакталып келет. Ал эми Германияда жанына жай берүү, моюнга алуу темасы дал ошол нацисттик режим учурундагы зордук-зомбулук, жарааттар тууралуу аялдардын ачык айтып башташы менен көтөрүлгөн. «Чиеш тагдырлар» китебинин IV чыгарылышы көмүскөдө калып келген кыргызстандык аялдарга арналган.
Китеп кыргыз тилинде 2025-жылдын январь айынын соңунда жарык көрүүгө дайындалууда.
«Кыргызстандагы демократиялык кыймылдар (1985–1991)» изилдөөсү
Бул изилдөө эмне себептен «Эсимде» аянтчасы көз карандысыз Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк алып барып келет деген суроого жооп берет. Ошол кыймылдардын катышуучулары менен биргеликте 1 эскерүү кечеси, 1 кереге кеңеш уюштурулуп, жалпысынан бир жыл бою жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында 100 интервьюну камтыган маалымат базасы жана аналитикалык отчёт иштелип чыкты. Бул изилдөө 2025-жылдын февраль айынын биринчи жарымында жарык көрүүнүн алдында турат.
«Посткоммунисттик Борбор Азия — ой жүгүртүү мейкиндиги» аталышындагы «Эсимде» аянтчасынын IV эл аралык конференциясы
«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасы 17-18-19-октябрь күндөрү өзүнүн IV эл аралык конференциясын өткөрдү. Бул 3 күн биз үчүн өз мейкиндигибизди кантип аныктайбыз, өз таанымыбыз кантип жаралган/жаралып жатат/жаралат, Борбор Азиянын бөлүгү болуу, анын тарыхын мурастоо, келечегин түптөө/таптоо деген эмне, өтмүштүн кайсы көмүскө барактарын ачууга жана кайра карап чыгууга даярбыз ж.б. суроолордун айланасында ой жүгүртүүгө мейкиндик болуп берди.
Конференциянын жыйынтыктары тууралуу кененирээк төмөнкү шилтемелер аркылуу окуй аласыз, ошондой эле толук видеожаздыруулар YouTube каналда жеткиликтүү.
- I панелдин видеожаздыруусун көрүү
- II панелдин видеожаздыруусун көрүү
- III панелдин видеожаздыруусун көрүү
- IV панелдин I бөлүгүнүн видеожаздыруусун көрүү
- IV панелдин II бөлүгүнүн видеожаздыруусун көрүү
- V панелдин видеожаздыруусун көрүү
- VI панелдин I бөлүгүнүн видеожаздыруусун көрүү
- VI панелдин II бөлүгүнүн видеожаздыруусун көрүү
- VII панелдин видеожаздыруусун көрүү
- VIII панелдин видеожаздыруусун көрүү
- IX панелдин видеожаздыруусун көрүү
«Эс тутум жолдорундагы кербен» көргөзмөсү
Жол — Борбор Азия мейкиндигин сезип-таануунун бир көрүнүшү. Азиянын «борборуна» бут коюп жатып, дүйнөгө тийиштигибизди аныктайбыз, ага өзүбүздү жана жерлерибизди ачып беребиз. Башкалар биз аркылуу өтүшөт, «ачышат», саресеп салышат. Алардын көңүл бурганына кубанабыз, анан бул көңүл бизди аныктай баштайт. Бул жолдо биз — анын тургундары — таш балбал өңдүү турабыз, атыбыз жок, үнсүз көз салып турабыз.
Көргөзмө — өз жеринде саякаттаган кербен. Анын катышуучулары: борбор азиялык сүрөтчүлөр, изилдөөчүлөр токтоо кадам жана сезимталдык менен ичиндеги, айланасындагы дүйнөгө ыкылас коюшат. Кербен эс тутумдагы көңдөйлөрдү толтура турчу дүнүйөнү: буюмдарды, окуяларды, адамдарды табат, өзүндө ала жүрөт. Жол өзүбүздүн аттарыбызды, үндөрүбүздү кайтара турчу изденүү, кыймыл сыяктуу туюлат.
Көргөзмөнүн постери: Наталья Андрианова
Сүрөттүн автору: Сауле Сулейменова
«Эсимде» аянтчасынын кызматташуулары тууралуу
«Эсимде» изилдөө аянтчасы өз ишмердүүлүгүндө түрдүү уюмдар, демилгелер менен жигердүү кызматташып келет, алардын арасында жергиликтүү да, чет элдик да уюм-демилгелер бар.
Алсак, «Эсимде» аянтчасы 2024-жылы «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси менен кызматташуу тууралуу меморандум бекитип, бир нече иш-чараларды ийгиликтүү уюштурууга жетишти. Меморандум бекитилгенден кийинки алгачкы иш-чара — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институту жана «Gulag.cz» виртуалдык музейи менен биргеликте Штепан Черноушектин «Талаа жана аяз» тасма көрсөтүүсү болду. Бул тасма 1930—1959-жылдары ССРСтин аймагындагы эң чоң түзөтүү лагерлеринин бири болгон Карлагдын (Караганда түзөтүү лагери) тарыхын, анда камакка алынган чехтердин жана Чехословакиянын жарандарынын тагдырларын изилдейт.
Мындан тышкары Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Магрифа Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту менен сталиндик репрессияга кабылган Жусуп (Усубакун) Кангелди уулунун жаркын элесине арналган «Кайрылбаган каркырам…» кереге кеңешин уюштурду. Ошондой эле университет тарабынан уюштурулган «1916-жыл: Тарыхый эс тутум» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык семинарга катышып, Үркүн окуясын эскерүүдөгү аянтчанын тажрыйбалары менен бөлүштү.
2024-жылдын 5-ноябрында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкерлери иштеп чыккан «Кыргызстандан репрессияланган аялдар (1920–1953–жылдар)» китебинин бет ачарында өзүнүн «Чиеш тагдырлар: Аялдар» китебин таанытты.
Аянтча изилдөөлөрү, тажрыйбалары менен бөлүшүүгө, тарыхый эс тутум темасын изилдөөгө багытталган талкууларды кубаттоого жана аларга катышууга ар дайым ачык.
30-октябрда аянтчанын изилдөөчүсү Гүлзат Алагөз кулакка тартылып, Украинага жапырт көчүрүлгөн кыргыздар тууралуу изилдөөсүнүн негизинде Борбордук Азия университетинде ачык лекция өттү. Мындан тышкары, «Жайдем» социалдык долбоору уюштурган Көчкөн Сактановдун «Маркумдар үнү» китебинин талкуусуна спикер катары катышты.
Бардык болуп өткөн иш-чаралар тууралуу төмөнкү шилтемелер аркылуу кененирээк окуй аласыз:
Кыргыз Республикасында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө утурлай Гүлзат Алагөз «Азаттык» радиосунун «Куугунтук курмандыктары» подкастында «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова менен биргеликте репрессияга кабылган, унутулган же атайын унуткарылган кыргызстандык аялдар тууралуу маек курду.
«Эсимде» изилдөө аянтчасы эскерүү күндөрүн кандай өткөрдү?
«Эсимде» изилдөө аянтчасы, репрессия курмандыктарын, өтмүштүн кейиштүү тагдырларын эскерүү менен, келечекте ошол өңдүү трагедиялар кайталанбашы үчүн адам өмүрүнүн баалуулугун илгерилететет. Кыргыз Республикасында 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү. Бул күндөргө карата аянтча өз кеңсесинде бардыгы үчүн ачык «жыт чыгаруу» эскерүү жөрөлгөсүн жасап, андан соң Бишкек шаарындагы эс тутум жайларына болгон экскурсия уюштурду.
Жыт чыгаруу — кыргыз элинин маркумду эскерүү иретинде жасап келген байыркы жөрөлгөлөрүнүн бири. Адатта ар бир бейшемби же жума, ошондой эле маркумдун туулган же каза болгон күндөрү үйдө боорсок, май токоч бышырылып, багыштап куран окутулат. Эскерүү иш-чарасына келген ар бир катышуучу бул ишке колун тийгизип, бири камыр кесип, бири от жагып, бири дасторкон жайып, репрессия курмандыктарын эскердик.
Ал эми Бишкек шаарынын эс тутум жайларына болгон экскурсия аркылуу биз кийинки суроолорго жооп издедик:
• Биз массалык репрессиянын курмандыктарын, Үркүндү, өтмүштүн кейиштүү окуяларын кантип эскерүүдөбүз?
• Биз ал окуялардан кандай жыйынтык чыгардык/чыгарып жатабыз/чыгарышыбыз керек?
• Коом менен мамлекеттин эс тутумга жасаган мамилеси кандай?
Бул иш-чараны өткөрүүгө «Тосор коому» бирикмеси, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейи жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси көмөктөштү.
«12» көргөзмөсү «Asia Mall» соода борборунда жанданды!
12-ноябрдан 12-декабрга чейин «Asia Mall» соода борборунда жаңы ачылган «Beauty Club» сулуулук мейкиндигинде «Эсимденин» III эл аралык конференциясынын алкагында уюштурулган «Он эки» көргөзмөсү кайрадан жанданды.
«12» көргөзмөсү, тайманбас жана таң калтырган аялдардын өрнөгүнө арналган. Көргөзмөдө, ар кандай көркөм ыкмалар менен (сүрөт, текст, аудио, видео, инсталляция) каармандардын образдары чагылдырылат. Алардын жардамы менен көрүүчүлөр ал аялдарды эстеп, же аларды билип-таанып, шыктанып, же тескерисинче, каарман айымдардын басып өткөн жолу аларга ылайыксыз экенин түшүнүүгө мүмкүн болот. Кандай болгондо дагы, ал аялдар менен таанышуу — аларды эмне шыктандырган деген суроого жооп табууга, жана бул суроону ар бир адам өзүнө дагы берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эсимде сапарда!
Варшава
«Эсимде» изилдөө жана талкуу аянтчасынын жетекчиси Эльмира Абылбек (Ногойбаева) Варшава университетинин «Artes Liberales» факультети тарабынан уюштурулган «Көз карандылыктарды жана суверенитеттерди кайрадан карап чыгуу: Борбор Азиядагы жана анын сыртындагы деколониалдуулук» аталышындагы конференцияда доклад жасады.
Өзүнүн «Эсимде (I Remember): маңкурт ойгонобу?» темасындагы докладында Борбор Азиянын постколониялык мурасы жана анын элинин өз таанымын аныктап келген менталдык жана маданий көз карандылыктардан арылуунун жолдору тууралуу сөз кылды.
Страсбург
Ошондой эле Эльмира айым 6-8-ноябрда Франциянын Страсбург шаарында өткөн Демократия үчүн дүйнөлүк форумда доклад жасады.
Өзүнүн докладында ал эмне үчүн тарыхый чындыкты, өзгөчө массалык репрессиялар тууралуу чындыкты калыбына келтирүү жана сактоо маанилүү экендигин жана бул үчүн «Эсимде» изилдөө аянтчасы кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын айтып берди.
Берлин
Ал эми 25-27-ноябрь күндөрү Берлинде өткөн Германия – Борбор Азия өнөктөштүк форумунда Эльмира Абылбек (Ногойбаева) «Эсимде» изилдөө аянтчасынын ишмердүүлүгүнүн таанытты.
Ошондой эле форумда «Эсимденин» журнал, китеп, изилдөөлөрү жана көргөзмөлөрүнүн постерлерин камтыган атайын бурч уюштурулду.
Астана
«Эсимде» изилдөө аянтчасы 30-31-октябрда Казакстандын Астана шаарында өткөн «Central Asian Think Tanks Forum» иш-чарасына да катышты.
Борбор Азия аналитикалык борборлорунун форуму – бул Борбор Азиядагы изилдөө жана аналитикалык уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган диалогдук аянтча. Форумдун башкы максаты – аймактагы демократиялык баалуулуктарды жайылтуу идеясын бөлүшкөн бейкоммерциялык аналитикалык борборлорунун узак мөөнөттүү өнөктөштүк тармагын түзүү жана бекемдөө экени билдирилди.
«Борбор Азияда адам укуктарын илгерилетүүдөгү аналитикалык борборлордун (think tanks) орду» аттуу темада өткөн форумга «Эсимде» изилдөө аянтчасы, Жарандык агартуу академиясы жана «Полис Азия» аналитикалык борборунун атынан Айдай Алгожоева катышып келди.
Ысык-Көл
Эсимденин изилдөөчүсү Автандил Эшмамбет Ысык-Көл облусунда өткөн II Улуттук музей фестивалында Эсимденин ишмердүүлүгү, «12» долбоору тууралуу айтып берип, «Чиеш тагдырлар: Аялдар» китебин таанытты.
Фестиваль Кыргызстандын жети дубанынын музейлеринин башын бириктирип, тажрыйба, идея жана маалымат алмашууга өбөлгө түзүүчү аянтча катары Борбордук Азия университетинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн директору Алтын Капалованын демилгеси менен Курманжан Датка атындагы көчмөндөр цивилизациялары борборунда өткөрүлгөн.
Эсимде. Медиа
«Эсимде» изилдөө аянтчасы учурда «Instagram», «Facebook», «Threads» жана «Twitter» социалдык тармактарында, «YouTube» жана «TikTok» видео-хостингдеринде бар. Алардын ар биринде күн сайын «Эсимденин» медиаөнүмдөрү, кызыктуу архивдик сүрөттөр жана тарыхый фактылар жарыяланып турат.
«Эсимде. Медиа» тобу тек гана аянтчанын негизги ишмердүүлүгүн чагылдыруу менен чектелбестен, өзүнүн долбоорлорун да ишке ашырууда: «Эсимде. Подкаст», «Эсимде. Обон», «Эсимде. Инсан» ж.б. рубрикаларын илгерилетүүдө.
Аянтчанын социалдык тармактардагы катталуучулары:
- Esimde Instagram — 16.7 миң
- Esimde Facebook — 12.2 миң
- Esimde TikTok — 3.8 миң
- Esimde YouTube — 3.34 миң
- Esimde Threads — 2.9 миң
- Esimde Twitter — 238
«Эсимде» телеберүүсү
НТС телеканалында «Эсимде» телеберүүсүнүн 5-сезону уланууда.
2023-жылдын ноябрь айында башталган 5-сезондун учурда 9 чыгарылышы көрсөтүлдү. Телеберүүнүн коноктору алып баруучу Миржан Балыбаев менен болгон маекте түрдүү темаларды талкуулап, коомду өйүткөн маселелер боюнча пикирлери менен бөлүшүшөт.
Алсак, «Эсимде» изилдөө аянтчасынын «Медиадагы кыргыз тилинин экосистемасынын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу» изилдөөсүнүн авторлору: Мукарам Токтогулова жана Гүлзада Станалиева телеберүүдө изилдөөнүн жыйынтыктарын айтып беришти, ал эми Сүйүн Курманова, Бакыт Орунбек жана Аскер Сакыбаева эгемен Кыргызстандын эркин медиасынын көч башы — «Асаба» гезитинин жаралышы, гезит жамаатынын жасаган иштери, эсте калган окуялары менен бөлүшүштү.
Эсимде. Подкаст
«Унутта калган аял тагдырлары» аудиоподкасттар сериясын улантуудабыз!
Алып баруучу Сабыр Абдумомунов менен өнөктөштүктө иштелип чыккан «Унутта калган аял тагдырлары» аудиоподкасттарынын дагы эки чыгарылышы жарыяланды. Алар манасчы Зууракан Сыдыкова жана белгилүү режиссёр Динара Асанова тууралуу. Бул аудиоподкасттар «Эсимде» аянтчасынын «Чиеш тагдырлар: Аялдар» жыйнагына жана «12» долбооруна кирген унутта калган кыргызстандык аялдардын тагдыры жөнүндө.
Ал аялдар тууралуу жылбаяндар адатта унчукпайт, ал аялдар бүгүн да көп айтылбай келет. Бирок алардын жеке, үй-бүлөлүк, коомдук жашообузга кошкон зор салымы талашсыз. Аудиоподкаст алардын аттарын, алар тууралуу эсти, татыктуу ордун кайтарууга умтулат.
«Ой жүгүртүү мейкиндиги» видеоподкасттар сериясын баштадык!
«Эсимде» аянтчасы өзүнүн «Посткоммунисттик Борбор Азия — ой жүгүртүү мейкиндиги» аталышындагы IV эл аралык конференциясына келген коноктору: изилдөөчүлөр, музей кызматкерлери, активисттер менен видеого маектерди жаздырган. Бул маектер учурда кезеги менен «YouTube», «Spotify», «Apple Podcasts» платформаларында жарыяланууда.
Алсак, учурда Оксфорд университетинин профессору, социалдык антрополог Мадлен Ривз жана Гүлзат Алагөздүн маеги, ошондой эле Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология жана эл аралык өнүгүү факультетинин доценти Руслан Рахимов жана Эльмира Абылбектин маеги көрүүгө жана угууга жеткиликтүү.
Подкасттар үчүн интровидеобузду жаңырттык!
Байкаганыңыздардай, биз «Эсимде. Подкаст» рубрикасы үчүн интровидеону жаңырттык. Башкы каарман — кыз. Өтмүшүнө кылчая карап, келечегине умтулган эрктүү, эркин кыз.
Медиа кызматташуулар
Эркин Кыз Коому — беш жылдан бери ыктыярчылык негизде уюшулган кыздар үчүн билим берүү платформасы. Платформа кыздардын укугун илгерилетип, илим жана билим жаатында мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жеке өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү, кесиптик багыт берүү сыяктуу пайдалуу кеңештери жана маалыматтары менен бөлүшөт.
«Эсимде. Медиа» тобу «Эркин Кыз Коому» менен биргеликте эки темада пост чыгарды: «Жаңыл Мырза: Дастандагы аялдардын абалы менен азыркы коомдогу параллелдер» жана «Деколониалдык ойдун феминисттик агымы».
Үйдө — Кыргызстандагы турмуш жана адамдар тууралуу медиа. «Үйдө» медиасы «Эсимде» аянтчасынын «12» долбоорунун алкагында тартылган манасчы Зууракан Сыдыкова тууралуу видео арттын негизинде рилс-баяндама жасады.
Кыргызстандагы эскерүү күндөрүнө карата «Мемориал» коому «Эсимде» изилдөө аянтчасы менен биргеликте СССР мезгилиндеги репрессиялар кыргыз элинин тагдырына кандай таасир эткенин, азыркы Кыргызстанда бул окуялар кандай эскерилип жатканын, өткөн доордун мамлекеттик кылмыштарын эске салган эстеликтерди жана бүгүнкү күндө уюштурулуп жаткан эскерүү иш-чараларын талдаган чыгарылыш жарыялады.
Үйдө x Эсимде
Мемориал Коому x Эсимде
Айрым маалымат посттору
Айрым кэпшн-видеолор
Кыргызстандагы 1985-1991-жылдардагы демократиялык кыймылдар тууралуу изилдөөсү
«Эсимде. Медиа» Кыргызстандагы 1985-1991-жылдардагы демократиялык кыймылдар тууралуу изилдөөнүн алкагында 100 инсандан алынган видеоинтервьюлардын үзүндүлөрү менен бөлүшүүнү улантууда.
Салам, Эсимдечи! Салам, 2025!
Ошентип жаңы 2025-жыл да кирип келди. Кирип келгенине 15 күн болду. Жамаатыбыз пландарды түзүүдө, максаттарды коюуда. Дагы деле Жаңы жылды тосуудабыз. 2025-жылга: «Байсалдуу, жемиштүү, көп кызыктуу окуяларга, идеяларга жана табылгаларга бай жыл бол!», — деп кол булгалап тосуп жатып, биздин 8 жылдык өмүрүбүздө жолуккан ар бир эсимдечиге ысык салам жолдоп, Жаңы жылы менен куттуктагыбыз келет! Аман-эсен көрүшкөнчө! Бар болгула! Эсимде!